Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 22-октябры № 1

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө

2020-жылдын 22-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы № 9-р чечими

1-берене.

Өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемилогиялык жана алар менен байланышкан экономикалык кырдаалды турукташтыруу, элдин шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу максатында жана коомдун кыйла кеңири катмарларынын пикирлерин эске алуунун зарылчылыгына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган конституциялык реформа өткөрүү менен байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушу токтотула турсун.

2-берене.

2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жараксыз дел таанылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешннин депутаттарын кайра шайлоо же болбосо жаңы шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат.

3-берене.

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин коллонулат.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-октябрындагы № 89 (3161) жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конститукиялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдеттерин аткаруучу

 

С.Н. Жапаров