Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 24-августу № 143

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишин уюштуруу тартибин, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын, адистештирилген прокуратура органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоонун негизги чараларын, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт.

2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы

1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп саналат.

Прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага төмөндөгүлөр жүктөлөт:

1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сакташын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.

2. Прокуратура органдары "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укуктук негиздери

1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.

2. Прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн эмес.

4-берене. Прокуратуранын ишинин принциптери

1. Прокуратуранын иши төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулук;

2) ачыктык жана айкындык;

3) прокурордун көз карандысыздыгы жана анын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик;

4) прокурордун талаптарын аткаруунун милдеттүүлүгү;

5) бир башкаруучулук жана төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго баш ийүүсү.

2. Прокуратура органдары:

1) мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын камсыз кылат;

2) мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик сырларды жана мыйзам менен атайын корголуучу купуяларды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келбегендей өлчөмдө аракеттерди айкын жүргүзөт;

3) ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз түрдө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге так ылайык келгендей түрдө жүзөгө ашырат;

4) мыйзам бузууларга бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана бул бузууларга жол берген жактарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт;

5) прокуратура төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго жана Башкы прокурорго баш ийүүсү менен, прокуратура органдарынын жана мекемелеринин бирдиктүү борборлоштурулган системасын түзөт.

3. Прокурорлордун баш ийүүчүлүгүнө төмөндөгүлөр камтылат:

1) жогору турган прокурорлордун уюштуруу маселелери жана ишмердик боюнча көрсөтмөлөрүнүн төмөн турган прокурорлор үчүн милдеттүүлүгү;

2) төмөн турган прокурорлордун өз кызматтык милдеттерин аткаргандыгына жогору турган прокурорлордун алдындагы жоопкерчилиги;

3) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына карата даттанууларды чечүүсү;

4) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун актыларынын колдонулушун токтотуусу, аларды кайра чакыртып алуусу же өзгөртүүсү.

5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

1. Прокуратура органдарынын ишмердигине кийлигишүүгө тыюу салынат.

Прокурорго же прокуратура органдарынын тергөөчүсүнө алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу же аларга мыйзамсыз чечим кабыл алдыруу максатында кайсы формада болбосун таасир кылуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде тийиштүү учурлар жана тартип мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле алар менен таанышып чыгуу үчүн кимдир-бирөөлөргө берүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар бүткөрүлгөнгө чейин ушул прокурордун же тергөөчүнүн уруксатысыз жарыя кылууга эч ким укуктуу эмес.

6-берене. Прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн талаптарынын жана прокурордук чара көрүү актыларынын милдеттүүлүгүнүн кепилдиктери

1. Прокурордун жана тергөөчүнүн мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте койгон талаптары (сурамдар, тапшырмалар, көрсөтмөлөр) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

2. Талап кылынган маалыматтар прокуратура органдарына мыйзамда белгиленген формада жана тартипте берилет.

3. Прокуратура органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында прокурорлор ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын орун-жайларына тоскоолсуз кирүүгө, алардын жетекчилеринин текшерүүнүн маселелери боюнча токтоосуз кабыл алуусунда болууга, документтерди жана материалдарды карап чыгууга, иштин материалдары түздөн-түз сот өндүрүшүндө турган учурларды кошпогондо, соттук иштер менен таанышууга жана аларды берүүнү соттон талап кылууга укуктуу.

4. Кызмат адамдары жана жарандар прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча түшүндүрмө жана көрсөтмө берүү үчүн алар белгилеген убакытта келүүгө милдеттүү.

5. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмө берүү үчүн прокуратура органдарына жүйөлүү себептерсиз келбеген же келүүдөн баш тарткан учурда, прокурор бул адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал укук коргоо органдары тарабынан 24 сааттын ичинде аткарылат.

6. Прокурордун же тергөөчүнүн прокурордук чара көрүү актыларын, мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, тиешелүү түрдө аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

7-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү

1. Прокуратура органдарында, алардын ыйгарым укуктарына ылайык, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өз укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлөнгөн болууга тийиш. Эгерде кайрылууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

3. Кайрылууну чечимдери же болбосо аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

4. Анонимдик кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.

8-берене. Прокурордун аракеттерин жана прокурордук чара көрүү актыларын даттануу

1. Прокурордун аракеттери жана прокурордук чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүү актыларына жана талаптарына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.

2. Сот же болбосо жогору турган прокурор аракетти же прокурордук чара көрүү актыларын даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин аларды аткарууну токтотуп турушу мүмкүн.

3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өз демилгеси менен, төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын кайра чакыртып алышы мүмкүн.

9-берене. Прокурорлордун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу

1. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Областтын, шаардын, райондун прокурору, аларга теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга укуктуу.

3. Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актылары соттордо, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жана аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдарда каралганда катышууга укуктуу.

2-глава. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы жана уюштурулушу

10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасы

1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын системасын төмөндөгүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);

2) Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасы (мындан ары - аскер прокуратурасы);

3) областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары;

4) райондук (шаардык) жана аларга теңдештирилген адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кире турган мекемелер түзүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокуратура өзүнүн оперативдүү башкаруусунда социалдык-тиричиликтик жана чарбалык арналыштагы объекттерге ээ болот.

4. Республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча чечилүүчү учурларды кошпогондо, прокуратура органдарын жана мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, алардын статусун жана компетенциясын аныктоо мыйзамдарда белгиленген тартипте, Башкы прокурордун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Прокуратура органдары өзүнүн символдоруна - желегине жана эмблемасына ээ. Алардын сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби Башкы прокурор тарабынан белгиленет.

11-берене. Башкы прокуратура

1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Башкы прокурор башчылык кылат.

2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

Башкы прокурордун орун басарлары прокуратура органдарынын системасына кирген тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси болуп бир эле убакта дайындалышы мүмкүн.

3. Башкы прокуратуранын түзүмүн Башкы прокурор аныктайт.

Башкы прокуратура юридикалык жактын статусуна ээ.

4. Башкы прокуратуранын аппаратынын ишин уюштурууну Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси Башкы прокурор аныктаган ыйгарым укуктарынын чегинде камсыз кылат.

5. Башкы прокуратура:

1) прокуратура органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча алардын аракеттеринин макулдашылышын жана координацияланышын камсыз кылат;

2) мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө практикасын, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалын, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарды алмашуу системасына интеграцияланган маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды пайдалануу менен талдайт;

3) прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;

4) мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишин контролдойт;

5) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенет;

6) кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо маселелерине артыкчылык берүү менен, отчеттуулук жана ишти баалоо системасын өркүндөтөт, ошондой эле жарандык коомдун институттары менен кызматташуунун ар кандай формаларын белгилейт;

7) кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана жүргүзөт;

8) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө прокуратура органдарынын атынан чыгат.

6. Башкы прокуратурада прокуратура органдарын уюштурууга жана алардын ишине байланышкан маселелерди кароо үчүн илимий-методикалык кеңеш түзүлүшү мүмкүн. Илимий-методикалык кеңеш жөнүндө жобону жана анын курамын Башкы прокурор бекитет.

12-берене. Башкы прокурордун ыйгарым укуктары жана укуктары

1. Башкы прокурор прокуратуранын бүткүл ыйгарым укуктарына толук түрдө ээ болуу менен:

1) прокуратура системасын жетектейт жана анын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

2) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштурат;

3) эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктук жардам жана кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коёт;

4) кылмыш жасады деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши айыптоо койгон учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар же жок экени жөнүндө корутунду берет;

5) прокуратура системасынын ишин уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу жана прокурорлорду, прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүн жана башка кызматкерлерин социалдык жана материалдык камсыз кылуу чараларын ишке ашыруунун тартибин кароочу, прокуратура органдарынын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди чыгарат;

6) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын бөлүштүрөт;

7) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убагынын жана эс алуусунун режимин аныктайт;

8) укуктук статистика жана эсепке алуулар маселелери боюнча укуктук статистиканын бардык субъекттери үчүн милдеттүү укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алат.

Айрым ыйгарым укуктар Башкы прокурордун орун басарларына өткөрүлүп бериши мүмкүн.

2. Башкы прокурор кызматкерлерди жумушка кабыл алат, кызмат орунга дайындайт, кызмат орундан бошотот, прокуратура органдарынан бошотот.

Башкы прокурор областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна, райондордун (шаарлардын) прокурорлоруна жана аларга теңдештирилген прокурорлорго прокуратура органдарынын кызматкерлерин кызмат орунга дайындоо жана кызмат орундан бошотуу, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу.

3. Башкы прокурор:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте прокуратура органдарынын кызматкерлерине класстык чендерди, аскердик наамдарды жана атайын класстык чендерди ыйгарат;

2) ведомстволук сыйлыктарды түзөт жана алар менен сыйлайт;

3) жогорку атайын класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгарууга талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштайт;

4) прокуратура органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт.

4. Башкы прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга;

2) ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп таануу, жокко чыгаруу же кабыл алуу жөнүндө сунуштарды норма жаратуучу органдарга киргизүүгө;

3) жарандык, экономикалык, жазыктык жана административдик иштердеги сот практикасынын маселелери боюнча сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кароосуна киргизүүгө жана аларды талкуулоого катышууга.

5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

6. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте жазыктык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

13-берене. Башкы прокурордун отчету

Башкы прокурор жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

14-берене. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары

1. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларын тийиштүү прокурорлор башкарат, алардын орун басарлары болот.

2. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмү жана прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталат. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары юридикалык жактын статусуна ээ. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары жөнүндө жоболор Башкы прокурордун укуктук актылары менен бекитилет.

15-берене. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун ыйгарым укуктары

Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору:

1) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) тийиштүү прокуратуранын ишин жетектейт; Башкы прокурор белгилеген тартипте кызматкерлерди кызмат орунга дайындайт жана кызмат орундан бошотот.

3) өзүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) өздөрүнүн аппараттарынын жана баш ийген прокуратуралардын штаттык тизимине алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча киргизүүгө укуктуу;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

16-берене. Райондордун (шаарлардын) прокуратуралары жана аларга теңдештирилген прокуратуралар

1. Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана аларга теңдештирилген адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскердик прокуратураларын тийиштүү прокурорлор жетектейт.

2. Райондордун (шаарлардын) прокуратураларынын жана аларга теңдештирилген прокуратуралардын түзүмү Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

17-берене. Райондордун (шаарлардын) прокурорлорунун жана аларга теңдештирилген прокурорлордун ыйгарым укуктары

Райондордун (шаарлардын) прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор (адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору, гарнизондордун аскердик прокурорлору):

1) тийиштүү прокуратуралардын ишин жетектейт;

2) жогору турган прокурорлорго өздөрүнүн аппараттарынын штаттык санын өзгөртүү жөнүндө, кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө сунуштарды киргизет;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

18-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар

1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокуратурада, аскердик прокуратурада, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларында түзүлүүчү кеңеш берүүчү орган.

2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.

3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамын Башкы прокурор бекитет.

4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамын тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор бекитет.

5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен тескемелеринин аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун жана прокуратура органдарынын уюштурулушунун жана иштөөсүнүн башка маселелерин угат.

6. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана башка укуктук актылары менен ишке ашырылат.

8. Коллегиялардын иштөө тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлор бекиткен регламент менен аныкталат.

19-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, областтардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга теңдештирилген прокурорлордуку - 5 жыл.

2. Областтардын, шаарлардын, райондордун прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор бир административдик-аймактык региондо өзүнүн кызмат ордун бир мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

3. Прокурорлор ээлеп турган кызмат ордунан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө чейин ушул Мыйзамдын 89-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн.

3-глава. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актылары

20-берене. Прокуратуранын укуктук актыларынын системасы

1. Прокуратура органдарынын укуктук актыларынын системасын ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.

2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүдөй прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом, көрсөтмө, сотко арыз, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштама.

3. Прокурордук чара көрүү актылары (каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарга же аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына киргизилет.

4. Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана ал каралганга чейин, аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

5. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптары бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.

6. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө сурамды, жазыктык жоопкерчиликке тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды берүү жөнүндө сурамды, адам жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөсү тууралуу өтүнүчтү жана башка актыларды колдонот.

7. Прокуратура органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар, эрежелер саналат.

21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү

1. Прокурор жогорураак юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга каршы келген ченемдик укуктук актыга же укуктук актыга карата каршылыгын аны жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо жокко чыгаруу үчүн бул актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына билдирет.

2. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Кароонун натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну дароо четтетүүнү, жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган жагдайларда прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.

Каршылык билдирилген актынын колдонулушу каршылык билдирүүнү кароо мезгилинде токтотулуп турат.

3. Каршылык билдирүү коллегиялык органда каралганда аны кароодо катышууга укуктуу, каршылык билдирген прокурорго жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет. Прокурор сотко кайрылган учурда анын катышуусу милдеттүү.

22-берене. Прокурордун сунуштамасы

1. Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама жол берилген бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга жана (же) кызмат адамына киргизилет.

2. Сунуштама келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде ал каралышы керек жана күнөөлүү адамдарды тартиптик жазага тартуу менен, ченемдик укуктук актылардын жол берилген бузууларын, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

Кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилиши керек.

3. Сунуштама коллегиялык органда каралганда прокурорго ал катышууга укуктуу жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет.

23-берене. Прокурордун талап кылуусу

1. Прокурор ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап кылууну бузуулар көрүнөө мүнөзгө ээ болгон жана, эгерде алар дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда киргизет.

2. Талап кылуу ченемдик укуктук актыны бузууга жол берген органга же кызмат адамына же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган, ченемдик укуктук актыны бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга же кызмат адамына жөнөтүлөт.

3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.

4. Талап кылуу 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга жатат. Анын аткарылышы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.

24-берене. Прокурордун токтому

Прокурор ченемдик укуктук актынын айкындалган бузууларынын мүнөзүнө жараша, тартиптик укук бузуу тууралуу өндүрүштү козгоо жөнүндө токтом чыгарат. Токтом аны кароого ыйгарым укуктуу орган же кызмат адамы тарабынан токтом алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө каралууга жатат.

25-берене. Ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү

1. Укук бузуулардын алдын алуу максатында жана даярдалып жаткан укукка каршы жосундар жөнүндө маалыматтар бар болгондо прокурор кызмат адамдарына ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жөнөтөт.

2. Ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн талаптар ал алынган учурдан тартып токтоосуз аткарылууга жатат.

26-берене. Сот органдарына арыз

1. Прокурор жактардын же жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо муну талап кылса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.

2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор, эгерде жак өзү сотко жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, жаш курагы жана башка себептер боюнча) кайрыла албаса, кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча гана бериши мүмкүн. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан бериши мүмкүн.

3. Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда прокурор органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө, ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилген доолор боюнча прокурордун арызына мамлекеттик алым салынбайт.

27-берене. Прокурордун көрсөтмөсү

Прокурор өзүнүн көзөмөлдүк ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү төмөндөгүлөргө берүүгө укуктуу:

1) изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга;

2) жазаны жана сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларына, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына аларда турган адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө;

3) мыйзамда каралган башка учурларда.

28-берене. Соттук актыларга карата сунуштама

Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде, процесстик мыйзамдарда каралган тартипте, мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга карата сунуштаманы сотко киргизет.

29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткартуу чаралары

1. Прокурордук чара көрүү актыларын ыктыярдуу түрдө аткарбаган учурда, прокурор мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну карагандан тышкары, прокурордун талаптарын мажбурлап аткаруу жөнүндө токтомду чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар прокурордун тийиштүү токтомун алган учурдан тартып кечиктирбей аткаруу чараларын көрүүгө милдеттүү.

30-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын жарыялоо

Өзүнүн ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине жана чечимине карата прокурордук чара көрүү актыларын жарыялай алат.

4-глава. Прокурордук көзөмөл

§ 1. Аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусуна көзөмөл

31-берене. Көзөмөл предмети

1. Көзөмөл предмети болуп аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын сакталуусу, мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусу саналат.

2. Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө прокуратура органдары башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана ведомстволук көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарды алмаштырбайт.

32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү менен, төмөндөгүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде, кызматтык ырастамасын көрсөтүү менен аймакка жана жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө, чыгарылган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтерди жана материалдарды карап чыгууга;

2) жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; келип чыккан маселелерди чечмелөө үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирүүгө;

3) мыйзамдарды бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн кызмат адамдарын жана башка адамдарды чакырууга.

2. Мыйзам бузуу фактысы аныкталган учурда прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга каршы келген укуктук актыларга, ченемдик укуктук актыларга каршылык билдирүүгө, ошондой эле, аларды жараксыз же конституциялык эмес деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

2) ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү тууралуу сунуштамаларды жана талап кылууларды киргизүүгө; ченемдик укуктук актыларды бузууларга жол бербөө жөнүндө эскертүүгө;

3) жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга;

4) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө;

5) тартиптик укук бузуу тууралуу өндүрүштү козгоого; мыйзам бузган жактарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууга.

3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген органдардын кызмат адамдары прокурордук чара көрүү актысында каралган көрсөтмөлөрдү, талаптарды жана талап кылууларды аткарууга токтоосуз киришүүгө милдеттүү.

§ 2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл

33-берене. Көзөмөл предмети

Көзөмөл предмети болуп изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусу, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга укук берилген органдардын жана кызмат адамдарынын актыларынын жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугу саналат.

34-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары

1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткаруусун көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишиндеги мыйзамдуулукка көзөмөл жүзөгө ашыруу менен, прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) сутканын кайсы убагында болбосун алгачкы текшерүү органдарына барууга, алардын орун-жайларын, аларда турган объекттерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

2) кыскартылган жана өндүрүштө турган изин суутпай издөө иштерин, жазык иштерин, материалдарды, эсепке алуу-каттоо документтерин, ведомстволук ченемдик актыларды жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, тергөө менен жашыруун негизде кызматташып жаткан же кызматташкан купуя жардамчылардын жана штаттык жашыруун кызматкерлердин өздүгү жөнүндө маалыматтардан тышкары изин суутпай издөө ишинин жүрүшү жана натыйжалары тууралуу башка зарыл маалыматтарды алардын мыйзамдуулугу жагында иликтөөгө;

3) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды жана арыздарды кароого, мыйзам бузуулар айкындалган учурда прокурордук чара көрүү актыларын киргизүүгө;

4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына жазык иштерин жана ыкчам-кызматтык документтер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарылууга милдеттүү жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

5) кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармап туруу жайларынын администрацияларына бул жайларда жайгашкан адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө

§ 3. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл

35-берене. Көзөмөл предмети

Прокурор тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын актыларынын жана ишмердигинин мыйзамдуулугуна, жасалган кылмыштар, жоруктар жана териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн мыйзамдарда белгиленген тартибинин сакталуусуна көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

36-берене. Тергөөчүнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары

1. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу менен, прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) сутканын кайсы убагында болбосун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына барууга, алардын орун-жайларын, аларда турган объекттерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

2) тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынан жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди, документтерди, материалдарды жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө, изин суутпай издөө иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтарды текшерүү үчүн алууга;

3) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо, чечүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүүгө;

4) эгерде тергөөнүн жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларынын жана башка жарандардын укуктарын бузууларга, тергөөнүн жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамсыз ыкмаларына жол берилсе, күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселени коюуга;

5) зарыл болгондо тергөө бөлүмдөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын жетекчилеринен аларга баш ийген органдарда мыйзам бузууларды четтетүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, жазыктык укук бузуулардын толук ачылуусун камсыз кылууну талап кылууга;

6) бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган адамдарды камакта кармоонун мыйзамдарда белгиленген тартибинин жана шарттарынын сакталуусун текшерүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарууга.

2. Прокурордун өз компетенциясынын чегиндеги көрсөтмөлөрү тергөөнү жана жоруктар жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жак үчүн милдеттүү.

§ 4. Жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөл

37-берене. Көзөмөл предмети

Көзөмөл предмети болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) кармалгандарды, камакка алынгандарды кармап туруучу жерлерде алардын, жазык-аткаруу системасынын, улуттук коопсуздуктун органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун кармалып туруусунун, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарды кармап туруунун мыйзамдуулугу;

2) жазык-аткаруу системасынын, улуттук коопсуздуктун органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынган адамдардын кармалып туруусунун, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарды кармап туруунун тартибине жана шарттарына карата мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталуусу;

3) эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруунун мыйзамдуулугу;

4) жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруунун мыйзамдуулугу.

38-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөөдө прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, кайсы болбосун убакта жазык-аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдарга жана мекемелерге, аткаруу өндүрүшүнүн органдарына барууга;

2) кармалган, соттолгон жана камакка алынган адамдарга же жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдарга суроо берүүгө;

3) ушул адамдардын кармалышына, камакка алынышына, соттолушуна же мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулушуна негиз болгон документтер менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

4) аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга;

5) жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларына, аларда жайгашкан адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө; кармалгандардын, камакка алынгандардын, соттолгондордун жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар колдонулган адамдардын укуктарын камсыз кылган шарттарды түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө; жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, улуттук коопсуздуктун, аткаруу өндүрүшүнүн, саламаттык сактоонун органдарынын администрацияларынын буйруктарынын, тескемелеринин, токтомдорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүгө; кызмат адамдарынан жана кызматкерлерден түшүндүрмө талап кылууга; прокурордук чара көрүү актыларын колдонууга;

6) камакка алынган, соттолгон адамдарга мыйзам бузуу менен салынган тартиптик жазаларды жокко чыгарууга; аларды өзүнүн токтому менен айыптык изолятордон, камера тибиндеги орун-жайдан, карцерден, тартиптик изолятордон дароо бошотууга;

7) тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;

8) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө.

2. Прокурор жазаларды жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу мекемелерде мыйзамсыз негизде кармалып турган же болбосо мыйзамды бузуу менен кармалган, камакка алынган же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылган ар бир адамды өз токтому менен дароо бошотууга милдеттүү.

5-глава. Сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү жана мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу

39-берене. Сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү жана мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу

1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында каралган учурларда сотто ишти кароого катышат.

2. Жазыктык куугунтуктоону сотто жүзөгө ашыруу менен, прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Соттолуучунун күнөөсүн сотто далилдөө милдеттүүлүгү мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.

3. Эгерде жарандардын укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо талап кылса, прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык арыз менен сотко кайрылууга же процесстин кайсы болбосун стадиясында ишке катышууга укуктуу.

4. Иштерди соттук кароого катышуучу прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарын менен аныкталат.

40-берене. Прокурордун соттук актыларга карата сунуштамаларды киргизүүсү

1. Соттук актыларды негизсиз же мыйзам талаптарына ылайыксыз деп табуу менен, прокурор процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.

2. Соттук актыларга карата сунуштаманы ал сотто каралганга чейин сунуштаманы киргизген прокурор же жогору турган прокурор кайра чакыртып алуусу мүмкүн.

3. Жекече айыптоо ишин кошпогондо, прокурор соттук териштирүүгө катышпаганына карабастан, өз компетенциясынын чегинде соттон соттук актылар мыйзамдуу күчүнө кирген кайсы болбосун ишти же иштердин категориясын талап кылууга укуктуу.

4. Прокурор сураган иштерди сот сурам алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берет.

6-глава. Адамдардын айрым категорияларына карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти козгоо. Аскер кызматчысы статусу бар адамдарды жазыктык куугунтуктоо

41-берене. Кызмат адамдарына карата жазыктык ишти жана (же) жорук жөнүндө ишти козгоо

Прокурор тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык козгойт.

42-берене. Аскер кызматчысы статусу бар адамдарды жазыктык куугунтуктоо

1. Прокурор аскер кызматчысы статусу бар адамдарга карата жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырат.

2. Аскер кызматчысы статусу бар адам жасаган укук бузуу фактысы жөнүндө билдирүүнү текшерүү прокуратура органдарынын компетенциясы болуп саналат.

Жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда прокурор жана аскердик прокуратуранын тергөөчүсү жасалган укук бузуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизет жана аскер кызматчысы статусу бар адамга карата сотко чейинки өндүрүштү баштайт, ал эми прокурор Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашырат.

7-глава. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби

§ 1. Чет мамлекеттердин компетенттүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү

43-берене. Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл

1. Прокуратура органдары укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди колдонууга көзөмөл жүргүзөт.

2. Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;

2) жазыктык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу;

3) жазыктык куугунтуктоону жүргүзүү тууралуу;

4) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн берүү тууралуу;

5) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик алып өтүү тууралуу.

44-берене. Прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу боюнча ыйгарым укуктары

Башкы прокуратура өз компетенциясынын чегинде эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндө:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы келишимдерди өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

2) эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, чет мамлекеттердин прокуратура органдары жана башка компетенттүү органдары менен укуктук жардам жана кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзөт жана кол коёт;

3) прокуратура органдарынын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын органдарынын ишине катышат;

4) кызматташуучу чет мамлекеттердин аймактарында кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;

5) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын катышуусу менен, адамдарды өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттер өндүрүшү, соттолгондорду берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтөт;

6) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын адамдарды өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттер өндүрүшү, соттолгондорду берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө сурамдарын, өтүнүчтөрүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жөнөтөт;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

§ 2. Мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл

45-берене. Укуктук статистиканы жана эсепке алууларды жүргүзүү

1. Прокуратура укуктук статистика жана эсепке алуулар чөйрөсүндө, ошондой эле кылмыш жөнүндө арыз (билдирүү) катталган учурдан тартып соттун чечими (өкүмү) аткарылганга чейин жазык процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Прокуратура мамлекеттик укуктук статистиканы түзөт жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын отчеттуулукту түзүүсүнүн жана берүүсүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен кылмыштуулуктун абалын талдайт жана божомолдойт.

3. Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри - сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процесстик аракеттер, жазык иштеринин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтар киргизилүүчү маалыматтык электрондук база.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Башкы прокуратура Бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу болуп саналат.

Бузуулардын бирдиктүү реестри - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар, колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук натыйжалар жөнүндө маалыматтар киргизилүүчү маалыматтык электрондук база.

Бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

5. Прокуратура жеке жана юридикалык жактарды маалыматтык-сурап билүү жагынан тейлөөнү жүзөгө ашырат.

46-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

Укуктук статистика чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүүдө прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) укуктук статистика субъекттери берүүчү укуктук статистикалык маалыматтардын бүтүндүгүнө, объективдүүлүгүнө, аныктыгына жана жетиштүүлүгүнө контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;

2) укуктук статистиканын субъекттеринен баштапкы эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин толуктугун жана аныктыгын, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталуучу мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга;

3) укуктук статистика субъекттеринен жана башка мамлекеттик органдардан укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча статистикалык жана талдоочулук маалыматтарды; статистикалык маалыматтарды жыйноо жана эсепке алууну жүргүзүү үчүн укуктук мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту, баштапкы эсепке алуунун документтерин жана формаларын акы төлөбөстөн алууга;

4) көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда укуктук статистиканын субъекттеринин жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, жазыктык иштерди, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү талап кылууга, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде жерине баруу менен жүргүзүүгө;

5) укуктук статистика субъекттерине сутканын кайсы болбосун убагында барууга, алардын орун-жайларын жана аларда жайгашкан объекттерди карап чыгууга, баштапкы эсепке алуунун документтери жана формалары менен таанышууга, аларда болгон тийиштүү электрондук маалыматтык системаларга тоскоолдуксуз кирүүгө;

6) зарыл учурларда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын натыйжалары боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле күнөөлүү кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

47-берене. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердик

1. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердик төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу максатында терс көрүнүштөрдү айкындоо;

2) укук мамилелеринин ар кайсы чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту бузуу фактылары жөнүндө сандык жана сапаттык маалыматтарды тастыктоо;

3) терс укуктук көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

4) мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалын мүнөздөөчү маалыматтарды, анын ичинде региондор боюнча маалыматтарды иликтөө жана кайра иштеп чыгуу.

Ар бир негиз боюнча маалыматтык-талдоочулук ишмердикти жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы жана алардын тизмеги Башкы прокурор тарабынан, көзөмөлдөө ишинин алкагында аныкталат.

2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердик Башкы талдоочулук иштин прокурор бекиткен пландарына ылайык прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердикти пландан тышкары жүргүзүү үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

1) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын тапшырмасы;

2) мамлекеттик органдардын негиздүү сурамдары Башкы прокурордун же анын орун басарларынын макулдугу менен.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтык-талдоочулук ишмердик укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасынан, ээси көрсөтүлбөстөн, жеке жактардын конкреттүү жекече маалыматтары ачылбастан алынган маалыматтарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Жеке жактардын жекече маалыматтарын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердик Башкы прокурордун ар бир учур үчүн өзүнчө кабыл алынуучу буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

5. Маалыматтык-талдоочулук ишмердикти жүргүзүүдө укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасындагы электрондук маалыматтык ресурстарга жетүү жана аларды иштеп чыгуу корголуучу камтымаларда сакталуучу электрондук санариптик кол коюмдарды пайдалануу менен, өзүнчө орун-жайларда, сертификатталган компьютерлерде прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-талдоочулук ишмердикти жүргүзүүнүн тартиби, негиздери жана мындай ишмердикти жүзөгө ашырууга укуктуу прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын тизмеги (категориялары) Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

7. Маалыматтык-талдоочулук ишмердик, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү ишмердик жекече мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына так ылайыктуулукта жүзөгө ашырылат.

§ 3. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктары

48-берене. Текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда, прокуратура мамлекеттик органдар жүргүзүүчү текшерүүлөрдү каттоону жүзөгө ашырат.

Мыйзамдуу жана негиздүү текшерүүлөр катталууга жатат.

49-берене. Норма жаратууда прокуратуранын катышуусу

1. Башкы прокуратура ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп таануу же кабыл алуу жөнүндө сунуштарды мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ болгон органдарга киргизүүгө укуктуу.

2. Башкы прокуратура колдонуудагы мыйзамдарды ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктук жана коррупцияга каршы экспертизалоону жүргүзөт.

50-берене. Координациялык иш

1. Башкы прокурор жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ишти координациялайт.

2. Прокурорлордун координациялык ишин уюштуруунун жана Координациялык Кеңешменин курамын түзүүнүн тартиби жана формасы Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

51-берене. Прокуратуранын басылмалары

Башкы прокуратура атайын басылмаларды чыгарат.

8-глава. Прокуратура органдарында кызмат өтөө. §§Прокуратура органдарынын кадрлары

§ 1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө

52-берене. Прокуратура органдарына кызмат өтөөгө кирүү

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Прокуратура органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кызмат ордунда милдеттерди аткаруучу мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

2. Прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирүү конкурстан өтүү аркылуу жана конкурстан тышкары жүргүзүлөт.

3. Прокуратура органдарына алгачкы жолу кызмат өтөөгө кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык керектөөнүн бар экени, конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана конкурстун натыйжалары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо аркылуу камсыз кылынат.

Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

4. Ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келгенде, прокуратура органдарына конкурстан тышкары кызматка өтөөгө кирүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) мурда прокуратура органдарынын кызматкерлери болгон, кадыр-баркын кетирбөөчү негиздер боюнча бошотулган адамдар;

2) укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын жогорку юридикалык билими бар жана юриспруденция адистиги боюнча мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар кызматкерлери;

3) ыйгарым укуктарын токтоткон судьялар.

5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы же жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан сунушталган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө (жумушка) алууга укуктуу.

6. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн жаш курактык чеги төмөнкүдөй:

1) Башкы прокурордун орун басарын - аскер прокурорун кошпогондо, Башкы прокурор жана анын орун басарлары үчүн - 65 жаш;

2) аскер прокуратурасынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн кошпогондо, прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн - 63 жаш.

7. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин жумушка кирүү жана кызмат өтөө тартиби, кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар, класстык чен ыйгаруу тартиби, ошондой эле социалдык кепилдиктер мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

53-берене. Прокурорлор жана прокуратура органдарынын кызматкерлери

Ушул Мыйзамдагы төмөнкүдөй терминдер түмөндөгүлөрдү билдирет:

1) прокурор - Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - аскер прокурору, анын орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси жана Башкы прокурордун жардамчылары, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүктөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, райондордун (шаарлардын) прокурорлору, аларга теңдештирилген прокурорлор жана алардын орун басарлары, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун тийиштүү ыйгарым укуктар берилген улук жардамчылары жана жардамчылары;

2) прокуратура органдарынын кызматкерлери - прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү;

3) прокуратура органдарынын башка кызматкерлери - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеп турган прокуратура органдарынын кызматкерлери.

54-берене. Прокурор жана тергөөчү болуп дайындалуучу адамдарга коюлуучу талаптар

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик аккредитациясы бар милдеттүү программа боюнча жогорку юридикалык билимге ээ болгон, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жарактуу жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары прокурор жана тергөөчү боло алат.

2. Башка жогорку билимге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүктөрүнүн кызматкерлери боло алат.

3. Башкы прокурордун кызмат ордуна 35 жаштан кем эмес курактагы, жогорку юридикалык билимге ээ болгон жана юридикалык кесип боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

4. Башкы прокурордун орун басарынын, аскер прокурорунун кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

5. Башкы прокуратуранын аппарат жетекчисинин, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

6. Райондун, шаардын прокурорунун жана ага теңдештирилген прокурорлордун кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

7. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

8. Республиканын прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы адамдар Башкы прокурор тарабынан дайындалышы мүмкүн.

55-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар

1. Прокурорлорго жана прокуратура органдарындагы тергөөчүлөргө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) билим берүү, илимий, эксперттик жана башка чыгармачылык ишмердикти кошпогондо, башка акы төлөнүүчү ишмердик менен алектенүүгө;

2) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында турууга;

3) Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан түзүмдүк бөлүктөрүнүн башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоочулук кеңештеринин, башка органдарынын курамына кирүүгө;

4) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүүчү комиссиялардын жана башка шайланма органдардын, ошондой эле кеңеш берүүчү органдардын мүчөсү болууга;

5) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, диний уюмдардын мүчөсү болууга, аларга кандайдыр бир колдоо көрсөтүүгө же алардын ишине катышууга;

6) өзүнө жакын тууган адамдардын тикелей карамагында же контролунда болууга байланышкан кызматта турууга;

7) кызматына байланышкан, өзүнө ыйгарым укуктар берилбеген милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убадаларды берүүгө;

8) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын жеке кызыкчылыгын тикелей козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

9) баалуу кагаздарды, акцияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы үлүштөрдү сатып алууга;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталбаган банктарда банктык эсептерди ачууга;

11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылган иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;

12) жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга мыйзамга ылайык киргизилген, кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткарууга байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга;

13) референдум жана шайлоо өнөктүгү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт менен алектенүүгө;

14) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш сапарларга чыгууга;

15) өзүнүн жеке максаттары үчүн жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн кызмат орундук ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу пайдаланууга; алардан сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөмдөрдү) жана белектерди алууга;

16) өзүнүн кызматтык милдеттеринде каралбаган кайсы болбосун көмөктү өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүгө;

17) өкүлчүлүктүү органдардын депутаты болууга;

18) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;

19) кызматтык иштин материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга;

20) алкоголдук, баңгилик, психотроптук, токсикоманиялык мас абалына алып келүүчү заттарды (алардын аналогдорун) колдонгондугуна карата медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартууга же качууга.

2. Прокуратура органдарынын кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарды (акцияларды, уставдык капиталда катышуунун үлүшү, облигациялар, пайлар) жана пайдалануудан киреше алып келе турган башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилине ишенимдик башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдү сактабоо фактысынын тастыкталышы прокурорлорго жана тергөөчүлөргө карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Адамдын прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынышы жана бул кызматта болушу мүмкүн эмес, эгерде ал:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же башка мамлекеттин жарандыгын алса;

2) анын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун тастыктаган жашап туруу укугун же башка документти алса;

3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде эсепке алууда турса, соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылса;

4) белгилүү бир мөөнөттүн ичинде мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан соттун чечими менен ажыратылса;

5) кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн соттолсо, ошондой эле соттуулугу жоюлгандыгына же алынгандыгына карабастан соттуулугу бар болсо же мурда болсо, же болбосо реабилитациялабай турган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө тергөө органынын же соттун жокко чыгарылбаган токтому бар болгон учурда;

6) мурда жазыктык жоопкерчилигине тартылса, бирок кийин ага карата жазык иштери (кылмыш окуясы болбогондуктан, жосунда кылмыштын курамы болбогондуктан, жазыктык мыйзамга ылайык зыян келтирген жосун укук ченемдүү болгондуктан кыскартылган иштерден башка) тергөө органдары же сот тарабынан кыскартылса;

7) кынтыксыздык талаптарын бузгандыгына байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулса;

8) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп мыйзамдарда белгиленген тартипте таанылса же болбосо өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолсо;

9) медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла турган оорусу бар болсо;

10) эгерде адам талапкер болуп жаткан кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланууга байланышса, мындай маалыматтарга жетимдүүлүктү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;

11) мурда прокуратура органдарынан жана мамлекеттик кызматтан кадыр-баркын кетирүүчү негиздер боюнча бошотулса;

12) тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталуучу атайын текшерүүдөн өтпөй калса.

5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөбөгөн же болбосо запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өтпөгөн же үй-бүлөлүк абалынан жана ден соолугунун абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызмат өтөбөгөн эркек жынысындагы жарандарга прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жол берилбейт.

6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөөнү токтоткондон кийин (адвокаттык ишмердикти жүзөгө ашыруу учурларын кошпогондо) бир жыл ичинде төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) өзүнүн мурда иштеген жерине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча үчүнчү жактардын кызыкчылыгында кайрылууга;

2) өзү кызмат өтөгөн мезгилде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке жана юридикалык жактардын атынан аракеттенүүгө, анткени бул ушул жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылыктарды бериши мүмкүн.

56-берене. Прокуратура органдарына кызмат өтөөгө кабыл алуудагы сыноо мөөнөтү

1. Прокуратура органдарына биринчи жолу кызмат өтөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга алардын жумушту аткарууга жарактуулугун текшерүү максатында 3 айлык сыноо мөөнөтү Башкы прокурор аныктаган тартипте белгилениши мүмкүн.

2. Сыноо мөөнөтү учурунда дайындалган адамдар прокуратура органдарында ээлей турган кызмат орундарына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктарды пайдаланат.

Сыноо мөөнөтү прокуратура органдарында кызмат өтөө стажына эсептелет.

3. Дайындалган адамды жекече окутууну, анын жеке жана иштиктүүлүк сапаттарын иликтөөнү уюштуруу жана аны жекече окутуунун натыйжаларын баалоонун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

§ 2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы

57-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу. Негизги укуктары жана милдеттери

1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы (статусу) ушул Мыйзам менен аныкталат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген, мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.

3. Кызматкердин статусу анын керт башына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку талаптарды белгилөөнү карайт.

4. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарга;

2) ээлей турган кызмат орду боюнча анын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу кызмат орундук милдеттер (кызмат орундук нускама) жана башка документтер менен, кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун баалоонун критерийлери, кызматтык ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана алга жылуу шарттары менен таанышууга;

3) ушул Мыйзамга ылайык эс алууга;

4) акчалай каражатка (эмгек акыга);

5) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

6) эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка купуяларды түзүүчү маалыматтарды пайдаланууга байланышса, мындай маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;

7) өзүнүн жекече маалыматтарынын корголушуна;

8) кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат өтөө стажын, квалификациясынын жана кесиптик билиминин деңгээлин эске алуу менен кызмат боюнча жогорулатууга;

9) кесиптик деңгээлин жана иштиктүүлүк квалификациясын жогорулатууга, кошумча кесиптик билим алууга;

10) анын рапорту боюнча кызматтык текшерүү (териштирүү) жүргүзүүгө;

11) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык прокуратура органдарында кызмат өтөөгө байланышкан талаштарды чечүү үчүн баш ийүүчүлүк тартипте жогору турган кызмат адамдарына же жогору турган органдарга кайрылууга;

12) анын өмүрүн жана ден соолугун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү мамлекеттик коргоого;

13) прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен талаптагыдай уюштуруу-техникалык жана санитардык-гигиеналык шарттарга;

14) курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык куралды жана (же) атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;

15) прокуратура органынын жетекчисинин кызмат өтөө маселелери боюнча чечимин жогору турган жетекчиге же болбосо сот тартибинде даттанууга.

5. Прокуратура органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ болот.

6. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;

2) өз кызматтык (функциялык) милдеттерин жана өзүнүн укуктарын, кызматтык милдеттерин аныктоочу башка документтердин жоболорун аткарууга, тикелей жетекчилеринин (башчыларынын) буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, ошондой эле тикелей жетекчинин (башчынын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келүүсү билинип турган буйругун же болбосо тескемесин алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга;

3) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми зарыл болгондо, түздөн-түз жетекчисине кабарлоо менен, тикелей жетекчисине кайрылууга;

4) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

5) ички кызматтык тартипти сактоого, окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздыктын башталышы жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн болтурбоочу башка жагдайлар тууралуу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;

6) кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин кармоого;

7) мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна жана ден соолугуна тиешеси бар же алардын ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды жайылтпоого;

8) мамлекеттик мүлктү, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн ага берилген мүлктү сактоого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу (жашай туруу укугун алуу) жөнүндө арыз бергендиги тууралуу арыз берген күнү түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө же чет мамлекеттин жарандыгын (жашай туруу укугун) алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан күнү же чет мамлекеттин жарандыгын алган күнү түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;

12) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле этикалык нормаларды сактоого;

13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканы тууралуу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө жана мындай кагылышууну четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;

14) коррупциялык же башка укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайсы бир адамдардын ага кайрылган ар бир учуру тууралуу түздөн-түз жетекчисине кабарлоого.

7. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ушул Мыйзамда каралган башка милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн.

8. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

58-берене. Кызматтык ырастама жана мөөр

1. Башкы прокурорго, анын орун басарларына белгиленген үлгүдөгү ырастама Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү кызматтык ырастама Башкы прокурор, аскердик прокурор, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору тарабынан, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын кызматкерлерине кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык берилет.

3. Кызматтык ырастама прокуратура органдарынын кызматкеринин керт башын, анын атайын класстык ченин же аскердик наамын, кызмат ордун ырастоочу документ болуп эсептелет.

Прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык ырастамасы анын кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастайт.

4. Башкы прокуратуранын, ага баш ийген прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, казыналык органдарында тийиштүү эсептери болот.

59-берене. Формалык кийим

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери акысыз формалык кийим менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана нормалар боюнча камсыз кылынат.

Формалык кийимдин сыпатталышы, айырмалоо белгилери жана кийип жүрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин ар-намысына шек келтирген кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн бошотулган же соттун өкүмү боюнча атайын класстык ченинен же аскердик наамынан (класстык ченинен) ажыратылган адамдарды кошпогондо, пенсияга чыгуусуна байланыштуу прокуратура органдарынан бошотулган адамдар формалык кийимди кийип жүрүүгө укуктуу.

§ 3. Прокуратура opгандарында кызмат өтөөнүн тартиби

60-берене. Прокурордун анты

1. Прокуратура органдарында кызмат ордуна биринчи жолу дайындалып жаткан адамдар Башкы прокурор белгилеген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) антын берет.

Прокурордун (тергөөчүнүн) анты

"Мен, ________________________________________________________________________________,

                                  (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы)

өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдеттерин алуу менен, өзүмдү мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларын сактоого, алардан бир аз да четтөөгө жол бербөөгө;

- ким жасагандыгына карабастан бардык мыйзам бузууларга каршы аёосуз күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн жогорку натыйжасына жетүүгө;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын активдүү коргоого;

- жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана кылдат мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө объективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;

- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сырды бекем сактоого;

- өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга, кыргыз прокуратурасынын мыкты салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу ант берем.

Антты бузуу прокуратура органдарында андан ары иштөө менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.".

2. Прокуратура органынын ант берген кызматкери тексттин алдына кол коёт жана ант берген күндүн датасын жазат. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.

61-берене. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылыштыруу

1. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылыштыруу прокуратура органдарындагы жогору турган, теңдеш же төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерин жогору турган кызмат ордуна дайындоо жогору турган кызмат ордуна жылдыруу үчүн кадрлардын резервинен, ошондой эле Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясынын же коллегиясынын сунуштамасы боюнча жүргүзүлөт.

3. Эгерде кызмат орду үчүн жогорураак атайын класстык чен каралса, ал эми каралган атайын класстык чендер тең болгондо - жогорураак кызмат орундук маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат орду жогору турган болуп саналат.

4. Прокуратура органдарынын кызматкерин теңдеш кызмат ордуна жылыштыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) ротация тартибинде;

2) дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

3) жеке же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча;

4) кызматкер ээлеп турган кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;

5) кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;

6) окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүчүлүгүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында.

5. Эгерде кызмат орду үчүн бирдей атайын класстык чен жана кызматтык маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат орду теңдеш болуп саналат.

6. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

2) берген арызынын негизинде жеке өтүнүчү боюнча;

3) кызматкер ээлеп турган кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;

4) тартиптик жаза колдонуу тартибинде;

5) теңдеш кызмат орду болбогондо, кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;

6) теңдеш кызмат орду болбогондо, окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;

7) кызматкер өзү ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбегендигине байланыштуу (жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасынын негизинде);

8) мыйзамдарга ылайык, жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүчүлүгүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында.

7. Эгерде кызмат орду үчүн төмөнүрөөк атайын класстык чен каралса, ал эми каралган атайын класстык чендер бирдей болгондо - төмөнүрөөк кызмат орундук маяна каралса, прокуратура органдарындагы кызмат орду төмөн турган болуп саналат.

8. Ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1, 3, 5-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылыштыруу аны теңдеш кызмат ордуна которууга мүмкүн болбогон учурда жана анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

62-берене. Кызматкерди ротациялоо

1. Прокуратура органдарында кадрлык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык өсүш үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү жана коррупциянын тобокелдигин азайтуу максатында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.

2. Багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары же болбосо майыптыгы бар башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кызматкер жалгыз баласы болгон, аны менен дайыма бирге жашаган, эмгекке жараксыз, карыган ата-энеси болгон кызматкерлер башка жерге көчүүгө байланышкан ротациялоого жатпайт.

3. Кызматкерди анын ден соолугунун абалына каршы келе турган кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

4. Милдеттүү түрдө ротациялоого жатуучу кызмат орундарынын тизмеги, ротациялоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

63-берене. Кызматкерди которуу

1. Прокуратура органдарынын кызматкерин башка мамлекеттик органга жана мамлекеттик органдан прокуратура органдарына которуу мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүнө кирүү жана кызмат өтөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келүүсүн эске алуу менен, мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкерди башка мамлекеттик органга которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып ошол органга аны жумушка орноштуруу, кызматкерлерге каралган социалдык кепилдиктерди сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.

64-берене. Убактылуу ордун ээлөө

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине, алардын макулдугу менен, аны өзү ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруудан бир убакта бошотуу менен же ансыз эле, бош эмес кызмат орду боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.

2. Бош эмес кызмат орду боюнча убактылуу ордун ээлөөгө, бул кызмат ордун ээлеп турган кызматкер убактылуу болбогон мезгилде жол берилет.

3. Убактылуу ордун ээлөө мезгилинде милдеттерди аткаруучу прокуратура органдарынын кызматкерлерине айкалыштырган жумуш боюнча кызматтык маянанын 30 пайызынан кем эмес кошумча акы төлөнөт.

65-берене. Прокуратура opгандарынын кызматкерлерин аттестациялоо

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо алардын ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык өсүш келечегин белгилөө үчүн өткөрүлөт.

2. Баштапкы аттестациялоо прокуратура органдарына жумушка кабыл алынгандан кийин бир жылдан кийин жүргүзүлөт.

3. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин кезектеги аттестациялоо беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Төмөндөгүлөр кезектеги аттестацияланууга жатпайт:

1) иштеген жылдары 20 жыл жана андан жогору болгон кызматкер;

2) боюнда бар аял - кызматкер;

3) боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкер. Аталган адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациядан өтөт.

4. Өргүүдө, иш сапарда жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан тартып бир айдан кийин аттестациядан өтүүгө тийиш.

5. Кезексиз аттестациялоолорду өткөрүүгө жол берилбейт.

6. Кызматкерлерди аттестациялоону жогорку аттестациялык-конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) жүргүзөт, анын курамын Башкы прокурор бекитет.

7. Комиссиянын жыйналышы анын курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси бар болгондо өткөрүлөт.

8. Комиссиянын чечимдери жана сунуштамалары ачык добуш берүү аркылуу, комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

9. Кызматкерди аттестациялоонун натыйжалары боюнча комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;

2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна жылдыруу үчүн кадрлардын резервине киргизүү сунушталат;

3) кайталап аттестациялоого жатат;

4) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга жатат;

5) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.

10. Кайталап аттестациялоо мурунку аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өткөрүлөт. Комиссия кайталап аттестациялоодон өткөрүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;

2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.

11. Аттестацияны өткөрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

66-берене. Прокуратура органдарынын кадрлар резерви

1. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана жылыштыруу максатында прокуратура органдарынын төмөнкүдөй кадрлар резервдери түзүлөт:

1) жогору турган кызмат ордуна жылдыруу үчүн кадрлар резерви;

2) прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви.

2. Жогору турган кызмат орунга жылдыруу үчүн кадрлар резерви прокуратура органдарынын жогорку башкаруучулук жана инсандык дараметке, жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болгон, стратегиялык, чыгармачыл ой жүгүртө алган жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткара билген бир кыйла квалификациялуу, компетенттүү, демилгелүү кызматкерлеринен түзүлөт.

3. Прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви белгиленген тартипте конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн адамдардан түзүлөт.

4. Прокуратура органдарынын кадрлар резервдерин түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн тартибин Башкы прокурор аныктайт.

67-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши

1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши кызматкер жөнүндө маалыматтарды, анын прокуратура органдарында кызмат өтөөсү, квалификациясын жогорулатуусу, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтарды камтуучу негизги документ болуп эсептелет.

Кызматкердин өздүк ишин прокуратура органдарынын кадр башкармалыгы тариздейт жана жүргүзөт.

2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

3. Кызматкер өздүк ишиндеги бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн кошууга укуктуу.

4. Кызматкер прокуратура органдарынан башка мамлекеттик органга которулганда, анын өздүк иши жаңы кызмат өтөгөн жерине өткөрүлүп берилет.

5. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

68-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендери жана аскердик наамдары

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ээлеп турган кызмат ордун, атайын класстык ченде жана аскердик наамда, класстык ченде болуу мөөнөтүн эске алуу менен, ушул Мыйзамга, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын класстык чендер жана аскердик наамдар ыйгарылат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ээлеп турган кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектеги атайын класстык чендер жана аскердик наамдар ыйгарылат:

Атайын класстык чен

Кызмат орду

Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурор

Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурордун биринчи орун басары

Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурордун орун басарлары, Бишкек шаарынын прокурору, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлору

Юстициянын генерал-майору

Кыргыз Республикасынын аскер прокурору - Башкы прокурордун орун басары

Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси

Ош шаарынын прокурору, областтардын прокурорлору, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары, адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору;

Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары,

Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси;

Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлору, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору

Юстициянын полковниги

Аскер прокурорунун орун басары, гарнизондордун аскер прокурорлору

Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси

Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун улук жардамчылары;

Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары;

Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары;

Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары;

шаарлардын, райондордун прокурорлору, Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору

Юстициянын подполковниги

Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, аскер прокуратурасынын прокурор-криминалисти, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарлары

Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси

Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарлары, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, улук прокурорлору жана прокурорлору

Юстициянын майору

Аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;

гарнизондордун аскер прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү

1, 2, 3-класстагы юрист, кенже юрист

Шаарлардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары

Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты

Гарнизондордун аскер прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары

3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) кенже юрист - 1 жыл;

2) 3-класстагы юрист - 2 жыл;

3) 2-класстагы юрист - 3 жыл;

4) 1-класстагы юрист - 4 жыл;

5) юстициянын 3-класстагы кеңешчиси - 5 жыл;

6) юстициянын 2-класстагы Кеңешчиси - 6 жыл.

4. Жогорку атайын класстык чен - "Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" Башкы прокурордун кызмат ордун ээлеп турган адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсү каралган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеп келген адамдарга - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

Штаттык категорияларын атайын класстык чен менен ээлөө каралган прокуратура органдарындагы кызмат орундарына атайын класстык чени же класстык чени бар адамдар дайындалган учурда, дайындоо менен бир эле убакта аларга атайын класстык ченге же класстык ченге туура келүүчү атайын класстык чен ыйгарылат.

Атайын класстык чени же класстык чени бар адамдарга кезектеги атайын класстык ченди ыйгарууда атайын класстык ченде болуу мөөнөтү атайын класстык ченди же класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет.

5. Кезектеги атайын класстык чен же аскердик наам тартиптик жаза колдонулган мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле кадрлар тескемесинде турган кызматкерлерге ыйгарылбайт.

6. Юстициянын 3. 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин, юстициянын генерал-майору аскердик наамын ыйгарууну Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын 3, 2, 1-класстардагы кеңешчисинин, 3, 2, 1-класстардагы юристтин, кенже юристтин атайын класстык чендерин, ошондой эле юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги аскердик наамдарын ыйгарууну Башкы прокурор жүргүзөт.

7. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн аскердик наамдары прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендерине теңдеш келет.

Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр (полковникти кошо алганда) аскердик кызматтан бошогондо жана прокуратуранын аймактык, адистештирилген органдарына же Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнө кызмат өтөөгө киргенде аларга аскердик наамына туура келген атайын класстык чендер ыйгарылат.

Атайын класстык чени бар прокурорлорду (юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда) аскердик кызматка аныктаганда аларга "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тийиштүү аскердик наамдар ыйгарылат.

8. Эгерде акыркы атайын класстык ченде же аскердик наамда болуунун мөөнөтү кезектеги атайын класстык ченди же аскердик наамды ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн жарымынан кем эмесин түзсө, кезектеги атайын класстык чен же аскердик наам ушул Мыйзамдын 81-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарында иштеген убагында бир жолу гана, сыйлоо тартибинде, мөөнөтүнөн мурда ыйгарылат.

Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин жана жогорку аскердик наамдарды кошпогондо, прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн, прокуратура органдарында иштеген убагында ээлеп турган кызмат орду боюнча тийиштүү болгон атайын класстык ченден жана аскердик наамдан жогору (бирок бир атайын класстык ченден же аскердик наамдан жогору эмес) болгон атайын класстык чен же аскердик наам бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.

§ 4. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысы жана эс алуу убактысы

69-берене. Кызмат убактысы жана эс алуу убактысы

1. Кызмат убактысы - прокуратура органдарынын ички кызматтык тартип эрежелерине, кызмат орундук регламентке (кызмат орундук нускамага) ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарууга тийиш болгон убакыт.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кызмат убактысынын нормалык узактыгы жумасына 40 сааттан, ал эми бийик тоо шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда кызмат өтөөчү аял кызматкерлер үчүн жумасына 36 сааттан ашпоосу керек. Кызматкерлер үчүн беш күндүк иш жумасы белгиленет.

3. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Башкы прокурордун укуктук актылары менен же ал ыйгарым укук берген адамдар тарабынан нормаланбаган жумушчу күн белгилениши мүмкүн.

4. Жумуш эмес майрам күндөрдүн алдында жумуш күнүнүн узактыгы бир саатка кыскартылат.

Дем алыш күн жана жумуш эмес майрам күн дал келгенде дем алыш күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте которулат.

5. Эс алуу убактысы - прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакыт.

Кызматкерлер үчүн эс алуу убактысынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: кызматтык күндүн ичиндеги тыныгуу, дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле өргүүлөр.

6. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысынын жана эс алуу убактысынын режими Башкы прокурор бекиткен прокуратура органдарынын ички тартип эрежелери менен белгиленет.

7. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тараптардын макулдашуусу боюнча, башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен же акчалай формада - экилтик эсептөө өлчөмүнөн кем эмес түрдө компенсацияланат.

70-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өргүүлөрү

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине өргүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү берилет:

1) кезектеги эмгектик өргүү;

2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү;

3) бала багуу боюнча өргүү;

4) акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүү;

5) оорусу боюнча өргүү;

6) окуу өргүүсү.

2. Өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Кезектеги эмгектик өргүүнү эсептөөдө өргүү убактысына туура келген жумуш эмес майрам күндөр өргүүнүн календардык күндөрүнө киргизилбейт жана төлөнбөйт.

71-берене. Ар жылдык кезектеги эмгектик өргүү

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акча каражатын төлөп берүү менен, узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык кезектеги эмгектик өргүү берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте эсептеле турган мамлекеттик кызматта иштеген жылдары 5, 10, 15 жана 20 жыл болгондо прокурорлорго жана тергөөчүлөргө ар жылдык төлөнүүчү өргүү тийиштүү түрдө 2, 5, 10 жана 15 календардык күнгө көбөйтүлөт.

3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана кызмат өтөп жаткан прокуратура органдарынын кызматкерлерине ар жылдык төлөнүүчү өргүү мыйзамдарда белгиленген нормалар боюнча берилет.

4. Кезектеги эмгектик өргүүсү берилүүчү жумуш жылы болуп узактыгы боюнча календардык жылга тең болгон, бирок ар бир кызматкерге ал жумушка кабыл алынган күндөн тартып эсептелүүчү убакыттын аралыгы эсептелет.

5. Ар жылдык төлөнүүчү өргүүгө укук берген жумуш жылына төмөндөгүлөр киргизилет:

1) факт жүзүндөгү жумуш убактысы;

2) кызматкер факт жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ага иштеген жери (кызмат орду), анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убакыт;

3) жумушка кайра калыбына келтирүүдөгү аргасыз иштебей жүргөн убакыт.

6. Кезектеги эмгектик өргүүгө укук берген жумуш жылына төмөндөгүлөр киргизилбейт:

1) кош бойлуу жана төрөгөндүгү боюнча, бала багуу боюнча, анын ичинде бала асырап алуу боюнча өргүү убактысы;

2) окуу өргүүсүнүн убактысы;

3) оору боюнча өргүү убактысы;

4) акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган өргүү убактысы;

5) кадрлардын карамагында жүрүү убактысы;

6) ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кызматкерди кызматтан четтетүү убактысы.

7. Кезектеги эмгектик өргүү ар жылы берилиши керек. Биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдаланууга кызматкердин укугу үзгүлтүксүз 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин келип чыгат.

Кызмат өтөгөнүнө 11 ай болгонго чейинки өргүү аялдарга - кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы (балдарды) асырап алгандарга берилиши керек.

Экинчи жана андан кийинки жумуш жылдары үчүн кезектеги эмгектик өргүү ар жылдык төлөнүүчү өргүүнү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык, жумуш жылынын кайсы болбосун убактысында берилиши мүмкүн.

8. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги эмгектик өргүү эки бөлүккө бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбошу керек. Өргүүнү эки бөлүккө бөлүүдө өргүүлүк төлөм катары берилүүчү акча каражаты өргүүнүн биринчи бөлүгүн тариздөөдө толук көлөмдө берилет. Өргүүнүн экинчи бөлүгү прокуратура органынын жетекчисинин буйругунун негизинде пайдаланылат.

9. Ар жылдык эмгек өргүүдө жүргөн кызматкер мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн. Кызматкерди өргүүдөн чакыртып алууга анын макулдугу менен гана уруксат берилет жана эмгектик өргүү берүүгө укугу бар жетекчинин буйругу менен таризделет. Өргүүнүн пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ушул жумуш жылынын ичинде анын тандоосу боюнча ага ыңгайлуу убакта берилиши керек же кийинки жылдын кезектеги өргүүсүнө кошулушу мүмкүн.

10. Кызматкерди кызмат боюнча жылыштырганда же которгондо бул жылыштырууга чейин кезектеги эмгек өргүүсүн ал пайдаланбаган болсо, ага өргүү ушул жылда, жаңы жумуш орду боюнча берилет.

11. Кызматкер жумуштан бошогондо, ал пайдаланбаган бардык өргүүлөр үчүн акчалай компенсация төлөнөт.

12. Пайдаланылбаган өргүүлөр кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча андан кийин жумуштан бошотуу менен берилиши мүмкүн (күнөөлүү аракеттери үчүн бошотулгандан башка учурларда). Мында жумуштан бошогон күн деп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.

72-берене. Кезектеги эмгектик өргүүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө тартиби

1. Кезектеги эмгектик өргүүнүн жумуш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу узактыгы бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчүмүн жумуш жылындагы иштеген айлардын санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.

Өргүү күндөрүнүн иштеген убакыттын үлүшүнө пропорциялуу жалпы узактыгында 0,5ке барабар жана андан көп ондук үлүштөр 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен аздары эсептөөдөн чыгарылат.

2. Жумуш жылында иштеген толук айларды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) жумуш жылына киргизилүүчү күндөр эсептеп чыгылат;

2) алынган сумма бир жылдагы жумушчу күндөрдүн орточо айлык санына бөлүнөт;

3) 13 жана андан ашык жумушчу күндү түзүүчү калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумушчу күндөн аз калдык күндөр эсептөөдөн чыгарылат.

73-берене. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү

1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө медициналык корутундунун негизинде боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча өргүү берилет, өргүүдө жүргөн убакыт үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө жөлөкпул төлөнөт.

2. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү суммалык түрдө эсептелет жана төрөгөнгө чейин факт жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толук берилет.

Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн күндөрүнүн саны төрөгөнгө чейинки 70 календардык күндү жана төрөгөндөн кийинки 56 күндү (татаалдашкан төрөт же 2 жана андан көп бала төрөлгөн учурларда - 70 күндү) түзөт.

3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын өтүнүчү боюнча акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталбастан, үч жашка толо элек баланы багуу боюнча өргүү берилет. Алардын каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.

4. Бала багуу боюнча өргүү прокуратура органдарында иштеген жылдарга эсептелет.

5. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге жумуш орду сакталат.

6. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөндө, ушул жылда кызмат кылган убактысына пропорциялуу түрдө, узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес кезектеги ар жылдык өргүү берилиши мүмкүн.

74-берене. Акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү

1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкердин жана прокуратура органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

Жетекчи кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:

бала төрөлүү, никени каттоо, кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгынын оор абалы же өлүмү, кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары учураган табигый кырсык учурларында - 5 календардык күнгө чейин;

ушул Мыйзамда же жамааттык келишимде каралган башка учурларда.

Кызматкер акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде ага жумуш орду (кызмат орду) сакталат.

Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.

2. Эмгек акысы сакталбаган өргүү кезектеги ар жылдык өргүүгө эсептелбейт.

75-берене. Оорусу боюнча өргүү

1. Кызматкерге акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган, оорусу боюнча өргүү дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.

2. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүрүү убактысы, дарыланууда жүрүүнүн узагыраак мөөнөттөрүн талап кылган учурлардан тышкары, 4 айдан ашпоосу керек.

Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарыланууда жүрүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн дарыгердик комиссия тарабынан күбөлөндүрүлүүгө жатат.

3. Кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жараатына байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык күбөлөндүрүүгө дарылануу аяктагандан кийин же оорунун натыйжасы аныкталганда жөнөтүлөт.

76-берене. Кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү

1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, мамлекеттик аккредитациясы бар, жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарына прокуратура органдары тарабынан окууга жиберилген, бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге прокуратура органдары орточо эмгек акысын сактоо менен кошумча өргүүнү төмөндөгүлөр үчүн берет:

1) биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн 40 календардык күндөн, кийинки курстарда тийиштүү түрдө 50 календардык күндөн;

2) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана жактоо, жыйынтыктоочу мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай;

3) жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай.

2. Прокуратура органдары эмгек акысы сакталбаган өргүүнү төмөндөгүлөргө берет:

1) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна катыштырылган кызматкерлерге - 15 календардык күн;

2) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын алдындагы даярдоо бөлүмүнүн угуучулары болуп калган кызматкерлерге бүтүрүүчү сынактарды тапшыруу үчүн -15 календардык күн;

3) жогорку кесиптик билим берүүчү, окутуунун күндүзгү формасындагы билим берүү уюмдарында окууну жумуш менен айкалыштырып окуган студенти болуп калган кызматкерлерге зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - окуу жылында 15 календардык күн;

4) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоого, жактоого жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай;

5) мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай.

3. Окууну жумуш менен айкалыштырган кызматкер бир эле убакта эки билим берүү уюмунда окуганда кепилдиктер жана компенсациялар билим берүү уюмдарынын бири боюнча гана берилет (кызматкердин тандоосу боюнча).

77-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу прокуратура органдарынын кызматкерин кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу

1. Кызматкердин эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу аны кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу кызматкердин кызмат өтөгөн жери, жашаган жери же ал жайгашкан башка жер боюнча саламаттык сактоо уюмдары берген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкер ооруп калган учурда, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине эмгекке жарамсыздык баракчасы таризделген датаны билдирүү менен, ооруп калгандыгы тууралуу кабарлоого милдеттүү.

3. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу 12 айдын ичинде үзгүлтүксүз 4 айдан ашык же 12 айдын ичинде жалпысынан 5 айдан ашык кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулса, ал прокуратура органдарында андан ары кызмат өтөөгө анын жарактуулугу жөнүндө же болбосо дарылоону улантуу тууралуу маселени чечүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) жөнөтүлөт.

4. Кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган мертинүүгө же ден соолугунун башка бузулушуна (ооруп калгандыгына) байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мертинүү алган же ден соолугу бузулган (ооруп калган) кызматкер медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) дарылануу аяктагандан кийин же мертинүүнүн же ден соолугуна келтирилген башка залалдын (оорунун) натыйжасы аныкталгандыгына жараша жөнөтүлөт.

§ 5. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана кызматтык териштирүүнү жүргүзүү

78-берене. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусу

Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

79-берене. Кызматтык териштирүү

1. Кызматтык териштирүү тийиштүү прокуратура органынын жетекчиси тарабынан, кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этикасын бузган учурда дайындалат. Кызматтык териштирүү кызматкердин талабы боюнча да дайындалат.

2. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби, кызматтык териштирүүнүн натыйжалары менен таанышуунун жана аларды даттануунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

80-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтетүү

1. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык, ээлеп турган кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечимди тергөө судьясы же сот чыгарган учурда прокуратура органдарынын кызматкери ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтетилет.

2. Прокуратура органынын тийиштүү жетекчисинин же Башкы прокурордун буйругунун негизинде кызматкер ээлеп турган кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда убактылуу четтетилиши мүмкүн:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чараны колдонбостон кызматкерге кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама берилгенде - жазыктык куугунтуктоо реабилитациялоочу негиздер боюнча кыскартылганга же актоо өкүмү чыгарылганга чейин;

2) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - кызматтык териштирүү аяктаганга чейин;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда - ал жөнгө салынганга чейин.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кызматкерди ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтеткен учурларда анын акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталат.

4. Кызматкерди жазыктык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

§ 6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата сый көрсөтүү, тартиптик таасир кылуу чараларын колдонуу, аларды жазыктык жоопкерчиликке тартуу

81-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүү

1. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүүнүн төмөнкүдөй турлөрү колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) акчалай сыйлык берүү;

3) баалуу белек менен сыйлоо;

4) Ардак грамота менен сыйлоо;

5) атайын класстык ченди же аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;

6) төш белгилер жана медалдар менен сыйлоо.

2. Прокуратура органдарынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамын ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокурор ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону, алардын сыпаттамасын бекитет жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүү үчүн ведомстволук сыйлыктарды колдонот.

Башкы прокурор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган сый көрсөтүү түрлөрүн белгилеши жана колдонушу мүмкүн.

Башкы прокурор прокуратура органдарынын кызматкери болуп саналбаган, мыйзамдуулукту чыңдоого жана прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн адамдарга карата сый көрсөтүүнү колдоно алат.

4. Сый көрсөтүүнү колдонуу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

82-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы жана прокуратура органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасагандыгы, кесиптик этиканы бузгандыгы, буга тете эле ушул Мыйзамда белгиленген, прокуратура органдарында кызматкердин кызматта болуусуна байланышкан чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн прокуратура органдарынын жетекчилери аларга төмөнкүдөй тартиптик жазаларды берүүгө укуктуу:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызматына толук эмес ылайык келүүсү тууралуу эскертүү;

5) атайын класстык ченин же аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү;

6) кызматынан төмөндөтүү;

7) прокуратура органдарынан бошотуу.

2. Тартиптик жазалар жорук аныкталгандан кийин түздөн-түз, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматкер ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган ар бир учур үчүн бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.

3. Тартиптик жаза жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен колдонулат. Жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле башка жагдайларды прокуратура органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия аныктайт, анын ишинин натыйжасы болуп прокуратура органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү саналат.

4. Тартиптик жазаны колдонгонго чейин кызматкерден жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмөнү берүүдөн баш тартуу же качуу акт менен таризделет, ал катталууга тийиш жана жазаны колдонуу үчүн тоскоол боло албайт.

5. Жогору турган прокурор прокуратура органынын төмөн турган жетекчиси колдонгон тартиптик жазаны жокко чыгарууга же анын түрүн өзгөртүүгө укуктуу.

6. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, кол койдуруп алуу менен кызматкерге жарыяланат, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жүргөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөт токтотуп турулат жана анын жумушка чыгышына жараша калыбына келтирилет.

Кызматкер буйруктун көчүрмөсүн алууда кол коюудан же буйрук менен таанышуу үчүн келүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкер акт түзүлгөн күндөн тартып кабарланды деп эсептелет.

7. Тартиптик жаза прокуратура органынын кызматкери ооруган убакта же өргүүдө жүргөн мезгилде колдонулушу мүмкүн эмес.

Кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыкта болгон мезгилде жана өргүүдө жүргөн мезгилде, эгерде жорук ал ооруган же өргүүдө жүргөн мезгилде жасалбаса гана, тартиптик жаза ал жумушка чыккандан кийин колдонулат.

8. Тартиптик жаза колдонулган күндөн тартып бир жыл ичинде кызматкер жаңы тартиптик жазага тартылбаса, тартиптик жаза алып салынган болуп эсептелет.

Эгерде кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткарууда тартиптүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтсө, жаза бир жыл аяктаганга чейин Башкы прокурор же аны колдонгон прокурор же жогору турган прокурор тарабынан, ошондой эле сыйлоо түрүндө алып салынышы мүмкүн.

Тартиптик жазаны колдонуу мөөнөтү ичинде кызматкерлерге карата сый көрсөтүү чаралары жана аларга атайын класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгаруу колдонулбайт.

9. Тартиптик жазаны колдонуу маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечимине макул болбогон учурда, кызматкер аны жогору турган прокурорго жана (же) сотко даттанууга укуктуу.

83-берене. Прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу тартиби

Прокурорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнө карата жазыктык иш жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгаруу укугу прокуратура органдарынын айрыкча компетенциясына кирет.

84-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоо чаралары

1. Кылмыш үстүндө кармалган учурларды кошпогондо, прокурор же тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аларды кармоого, айдап келүүгө, алып келүүгө, жекече карап чыгууга, ошондой эле алардын буюмдарын жана алар пайдаланган транспортту карап чыгууга жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы мамлекеттин коргоосунда турат жана кызмат өтөө башталган күндөн тартып аяктаганга чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга алынат.

3. Ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, прокуратура органдарынын кызматкери өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда зыяндын ордун толтуртууга укуктуу.

4. Эгерде прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен өлүмгө же майыптыкка учураса, ал кызматтан бошогондон кийин бир жылдын ичинде камсыздандырылган болуп эсептелет.

5. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары прокуратура органдарынын сунуштамасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берет:

1) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысы эсебиндеги 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде, бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

а) I топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысы эсебинде 10 жылдык эмгек акысы;

б) II топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысы эсебинде 8 жылдык эмгек акысы;

в) III топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысы эсебинде 5 жылдык эмгек акысы.

Кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) натыйжасында майыптык алган кызматкерге анын эмгек акысынын жана майыптыгы боюнча дайындалган пенсиясынын айырмасы түрүндө, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү эсепке албастан ай сайын компенсация төлөнөт.

6. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон кийин бир жыл өткөнгө чейин кызматкерди медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) мекемесинде кайра күбөлөндүрүүдө анын майыптык тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жаңыдан белгиленген майыптык тобу боюнча алгачкы камсыздандыруу учуру болгон күндөгү акчалай камсыздоонун санынын жана мурунку майыптык тобу боюнча бериле турган акчалай камсыздоонун санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.

7. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге майыптык белгиленсе, андан кийин кызматкер өлсө, ушул эле мезгилге камсыздандыруу суммасынын көлөмү өлүм учуру боюнча алгачкы камсыздандыруу учуру болгон күндөгү бериле турган акчалай камсыздоонун санынын жана майыптыгы боюнча бериле турган акчалай камсыздоонун санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйтүлөт.

8. Камсыздандыруу суммаларын төлөө үчүн негиз болуп белгиленген тартипте берилген төмөндөгүлөр саналат:

1) майыптык алган учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптык тобунун белгилениши;

2) жарадар болуу, контузия, травма, мертинүү алуунун жагдайлары жөнүндө акт;

3) оорусу тууралуу күбөлүк;

4) курман болгон (өлгөн) учурда - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; мураска укук тууралуу күбөлүк;

5) камсыздандыруу суммасын алууга укугу бар жактын камсыздандыруу суммасын төлөп берүүгө арызы;

6) кызматкер мертинүү алган же өлгөн факт боюнча жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн корутундусу;

7) камсыздандыруу учуру келген күндөгү кызматкердин акчалай камсыздоосу тууралуу маалымкат.

9. Кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткаруу убагында травма, мертинүү алган, бирок алар анын андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаган учурда да камсыздандыруу суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:

1) оор мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 20 эселенген өлчөмү;

2) анча оор эмес мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 15 эселенген өлчөмү;

3) жеңил мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 10 эселенген өлчөмү.

Ушул бөлүктүн камсыздандыруу суммалары прокуратура органдарынын сметалык эсебинен төлөнөт.

10. Камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт, эгерде камсыздандыруу учуру:

1) Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин күнөөлүү, коомдук кооптуу жана жазалануучу деп таанылган жосун жасоосунун натыйжасында келип чыкса;

2) кызматкердин укукка каршы жосун жасоосунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн натыйжасында келип чыкса жана бул кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталса;

3) кызматтык милдеттерди аткарууда башкача каралбаганда кызматында түздөн-түз болуусуна байланышпаган учурларда келип чыкса жана бул кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталса;

4) кызматкердин алкоголду, баңги же ууландыруучу заттарды колдонгондугуна түздөн-түз себептик байланышта турса жана бул Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте тастыкталса;

5) кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсүнүн же өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн натыйжасы болуп саналса жана бул Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарында каралган тартипте тастыкталса.

11. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учурун ырастаган документтердин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде төлөнөт.

12. Мертинүүнүн (жарадар болуу, травма, контузия) же оорунун оордук даражасын аныктоону тиешелүү медициналык мекемелер жүзөгө ашырат.

13. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланышкан талаштар жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

14. Прокурорго жана тергөөчүгө таандык болгон мүлктү алардын кызматтык ишине байланышта талкалоо же бузуу аркылуу келтирилген зыяндын орду ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө толтурулууга жатат. Мында зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген төлөмдүн суммасын мамлекет кызматкерге зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдардан өндүрүп алышы мүмкүн.

85-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыз кылуу

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасында кызматтык маянадан жана үстөк төлөмдөрдөн туруучу акчалай камсыз кылуу (акчалай каражат) каралат. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине иштөөгө дем берүүнү, демилге көрсөтүүнү, эмгектин натыйжасына кызыкдарлыкты камсыз кылган жекече үстөк төлөмдөр, ошондой эле атайын класстык чени же аскердик наамы жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдары үчүн үстөк төлөмдөр белгиленет.

Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы - акчалай камсыз кылуу төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

2. Прокуратура органдарынын турак жайы жок кызматкерлери прокуратура органдарынын балансында турган турак жайлар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар убактылуу пайдаланууга берүүчү башка турак жай менен камсыз кылынат.

3. Прокуратура органдарынын өлгөн (курман болгон) прокурорунун же тергөөчүсүнүн үй-бүлө мүчөлөрү прокурордун же тергөөчүнүн кызмат өтөө жана жашап туруу мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай бербестен, прокуратура органдарынын балансында турган турак жайдан чыгарылууга жатпайт.

4. Турак жайы жок жана жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды кошумча жалдоо же жалдоо келишими боюнча пайдаланган прокуратура органдарынын кызматкерине прокуратура органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө компенсация төлөнөт.

5. Прокуратура органдарынын кызматкеринин балдарына анын үй-бүлөсү жашаган жер боюнча, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орундар кезексиз тартипте берилет.

86-берене. Иштеген жылдары

1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин иштеген жылдары пенсияны, иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөк төлөмдү дайындоо, компенсациянын ар кандай түрлөрүн төлөө, ар жылдык өргүүнүн узактыгын аныктоо, башка социалдык кепилдиктерди, сыйлыктарды жана сый көрсөтүүлөрдү берүү максатында эсептеп чыгарылат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдарын эсептеп чыгуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

87-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыз кылуу

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, нормаларга жана тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу Башкы прокуратурага жүктөлөт.

3. Пенсияга чыгуусуна байланыштуу кызматтан бошогон прокуратура органдарынын кызматкерлерине айлык акчалай камсыздоосунун 20 маянасы өлчөмүндөгү бир жолку иштен кетүү жөлөкпулу төлөнөт.

§ 7. Прокуратура органдарындагы кадрдык иш

88-берене. Кадрдык иш. Прокуратypa органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары

1. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды пландуу негизде даярдоо;

2) кызматкерлердин кесиптик жана кызматтык өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

3) аттестация өткөрүү жолу менен кызматкерлердин кызматтык ишинин натыйжаларын баалоо;

4) кадрлар резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу;

5) прокуратура органдарына кызматка кабыл алууда жана аны өтөөдө заманбап кадрдык технологияларды колдонуу.

Прокуратура органдарында кадрдык ишти уюштуруу Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Прокуратура органдары үчүн кадрларды даярдоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган адамдарды өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө, көндүмдөргө жана компетенцияга ээ кылуу максатында кесиптик даярдоо программалары боюнча даярдоо;

2) кызматтык иштин жаңы түрүн жүзөгө ашыруу жана жаңы квалификацияны алуу үчүн зарыл болгон компетенцияга ээ кылуу максатында кайра даярдоо программалары боюнча кызматкерлерди кайра даярдоо;

3) кызматтык ишин жүзөгө ашыруу жана (же) ээлеген кызмат орду боюнча ээ болгон квалификациясынын алкагында кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн зарыл болгон, өзүндө бар компетенцияны өркүндөтүү жана (же) жаңы компетенцияны алуу максатында квалификацияны жогорулатуу.

3. Кесиптик деңгээлин жакшыртуу максатында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өз квалификациясын жогорулатуусу, алардын кошумча билим алуусу аларды жогору турган кызмат орунга жылдыруу үчүн кадрлардын резервине киргизүүгө артыкчылыктуу негиз болуп саналат.

4. Прокуратура органдарынын кызматкери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынан чегинен сырткары кошумча кесиптик билим алышы мүмкүн.

5. Прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды даярдоону уюштуруунун, алардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

§ 8. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

89-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө кызматкерди прокуратура органдарынан бошоткон учурда токтотулат.

2. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) кызматкерди өз каалоосу боюнча бошотуу;

2) кызматкерди прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча бошотуу;

3) кызматкерди тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча бошотуу;

4) прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтан кетүүсү.

90-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин өз каалоосу боюнча бошотуу

1. Кызмат өтөөнү токтотуу кызматкердин өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде, анын ичинде ал аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн пенсияга укук берүүчү жаш куракка жеткенде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кызматкер жазуу жүзүндөгү арызга прокуратура органдарынан бошотуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кеч эмес башталат.

3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда бошотуу датасы көрсөтүлбөсө, прокуратура органдарынын кызматкери арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин прокуратура органдарынан бошотулат.

4. Эгерде прокуратура органы бошотуу жөнүндө буйрук чыгара элек болсо, кызматкер арызында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда прокуратура органдарынын кызматкери жумушту токтотууга укуктуу, ал эми прокуратура органы бошотулган кызматкерге кызмат өтөөнүн акыркы күнүндө эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.

91-берене. Кызматкерди прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча бошотуу

Кызматкер прокуратура органынын демилгеси боюнча прокуратура органынын жетекчиси тарабынан төмөнкүдөй учурларда прокуратура органдарынан бошотулушу мүмкүн:

1) ушул Мыйзамдын 55-беренесинде каралган, кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда;

2) прокуратура органдарынын түзүмү кайра уюшулганда;

3) ээлеп турган кызмат орду кыскартылганда;

4) ишенимди жоготконго байланыштуу төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо:

а) кызмат абалын жеке пайдачыл кызыкчылыктарында пайдалануу;

б) тараптардын бири өзү болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү жана (же) жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабоо;

в) этика комиссиясынын сунушу боюнча, прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этика талаптарын бир нече жолу жана (же) одоно бузуу, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бузуу;

г) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бир нече жолу бербөө же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү;

д) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашыруу;

е) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү;

ж) ишкерлик иштин же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштин кайсы болбосун түрү менен алектенүү;

з) динге карата бул же тигил мамилени үгүттөө үчүн, ошондой эле террордук, экстремисттик иштин жана мыйзамсыз диний иштин кызыкчылыктарын козгоочу маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу;

и) саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзүү, аларга мүчө болуу, катышуу же саясий партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын саясий максаттарды көздөгөн кызмат адамдарына кайсы болбосун формада көмөк көрсөтүү;

к) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылуучу башка аракеттерди уюштуруу же аларга катышуу;

л) илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук ишке байланышкан жумуштарды кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумуштарды айкалыштырып иштөө;

м) кызматтык пайдалануу үчүн жеткиликтүүлүктү чектөө грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке жактарга берүү;

н) прокуратура органдарынын кызматкерине ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна байланыштуу белгилүү болгон, мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгаруу;

5) аттестациянын натыйжалары менен ырасталган, квалификациясынын жетишсиздигинен улам кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде;

6) эгерде аткаруучу кызматтык милдеттери мамлекеттик сырга уруксат берүүнү талап кылса, бирок аны башка орунга которууга мүмкүнчүлүк болбосо; мамлекеттик сырларга уруксат берүү токтотулганда;

7) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротация тартибинде которуудан баш тартканда;

8) кадрдын карамагында турган кызматкер эки ирет сунушталган бош кызмат орундарынан (анын ичинде төмөн турган кызмат орундарынан) баш тартканда;

9) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

10) прокуратура органдарында кызматта болуунун жаш курактык чегине жеткенде;

11) жумушка келбей койгондо (жумуш күнүнүн ичинде жүйөлүү себептерсиз 3 сааттан ашык убакыт бою жумуш ордунда болбогондо);

12) жумушка алкоголдук, баңгизаттык же башка мас абалда келгенде;

13) эгерде документтер же маалыматтар кызматка кабыл алуудан баш тартууга негиз болушу мүмкүн болсо, прокуратура органдарына кызматка кабыл алууда кызматкер жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде.

92-берене. Тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө тараптардын эркине көз каранды эмес төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулушу мүмкүн:

1) прокуратура органынын жоюлушу;

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерине кызмат өтөөсүн улантууну четке кагуучу жазанын дайындалышы;

3) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы;

4) прокуратура органдарынын кызматкеринин өлүмү, ошондой эле сот тарабынан аны өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган прокуратура органдарынын кызматкерине, бош орун бар болгондо башка теңдеш же төмөн турган кызмат орду сунушталат. Бош орун болбогондо же прокуратура органдарынын кызматкери кызмат ордунан баш тартканда, кызматкер анын макулдугу боюнча кадрлардын карамагына киргизилет.

93-берене. Прокурордун кызматтан кетүүсү

1 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу прокурордун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде анын кызмат боюнча милдеттерди аткаруусун токтотуу кызматтан кетүү болуп саналат.

2. Кызматтан кетүү үчүн негиз болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) пенсияга чыгуусу;

2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принциптүү макул болбоосу, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;

3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болуучу ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).

94-берене. Кызматкерди прокуратура органдарынын кадрларынын карамагына киргизүү

1. Прокуратура органдарынын кызматкерин кадрлардын карамагына киргизүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) прокуратура органынын түзүмүн кайра уюштурууга, бөлүктү жоюуга, штаттык санды же кызмат ордун кыскартууга байланыштуу, бош кызмат орду болбогондо кызматкер ээлеп турган кызмат ордунан бошотулганда;

2) эгерде бошотуу мурда бул кызматты ээлеген кызматкерди калыбына келтирүүгө байланыштуу болсо, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;

3) эгерде бошотуу окуулук өргүүдө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери жумушка чыккандыгына байланыштуу болсо, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;

4) кызматкерди андан ары кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жиберүүгө байланыштуу кызмат ордунан бошоткондо;

5) аскердик прокуратура органдарында аскердик кызмат өтөөнү кошпогондо, кызматкер аскердик кызмат өтөгөндө;

6) кызматкерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери болуп саналган жубайы менен бирдикте боло турган өлкөгө көчүп кеткендигине жана жашагандыгына байланыштуу ал Кыргыз Республикасына кайра кайтып келгенден кийин мурунку иштеген жеринде ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирүүгө чейин ээлеген кызмат ордунан бошотууда.

Ээлеген кызмат ордунан бошотуу прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотууну түшүндүрбөйт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-6-пункттарында каралган учурлардан тышкары, кызматкерлер кадрлардын карамагына төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет.

3. Кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же качкан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкердин катталган жери же факт жүзүндө жашаган жери боюнча кабарлама жөнөтүлөт.

Кызматкерди кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө тааныштыруу, бир эле убакта бош кызмат орундары болбогон учурда аны прокуратура органдарынан алдыда мүмкүн болуучу бошотуу жөнүндө эскертүү болуп саналат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда, адамдын кадрлардын карамагында жүргөн мезгилине кызматкерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө акчалай камсыздоо төлөнөт.

Кадрлардын карамагында жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда прокуратура органдарына жумушка тартылышы мүмкүн.

5. Жумуш берүүчү кадрлардын карамагында жүргөн кызматкерге төрт айдан ашпаган мөөнөттө ага экиден кем эмес бош кызмат орундарын (анын ичинде төмөн турган кызмат орундарын) сунуш кылууга милдеттүү.

Кызматкер сунушталган бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда, ал прокуратура органдарынан бошотулууга жатат.

6. Адамдын кадрлардын карамагында жүргөн мезгили анын иштеген жылдарына (кызмат өтөө стажына) эсептелет.

9-глава. Кыргыз Республикасынын аскердик прокуратурасынын opгандарынын ишин уюштуруунун жана камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу

95-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу

1. Аскердик прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет жана ага Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна гана баш иет.

2. Аскердик прокуратура борбордук аппараттан жана гарнизондордун аскердик прокуратураларынан турат.

3. Аскердик прокуратуранын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штаттарын аныктоону Башкы прокурор жүзөгө ашырат.

4. Аскердик прокуратуранын борбордук аппаратында аскердик прокурордун (төрага), анын орун басарларынын (кызмат орду боюнча), башка прокурорлордун курамындагы коллегия түзүлөт. Коллегиянын жеке курамын Кыргыз Республикасынын аскердик прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.

96-берене. Аскер прокурорунун жана аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары

1. Аскер прокурорунун орун басарлары болот.

2. Аскер прокурору:

1) аскердик прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) аскердик прокуратуранын жана гарнизондордун аскердик прокуратураларынын ишин жетектейт; Башкы прокурор аныктаган тартипте кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

3) ага баш ийген кызматкерлердин аткаруусуна милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизет;

5) мыйзамдарда жана алардын негизинде кабыл алынган Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамда аныкталган өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болот жана аларды командачылыкка жана аскердик башкаруу органдарына көз карандысыз жүзөгө ашырат.

4. Аскер прокурорлору төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) аскердик мекемелер жана алардын кызмат адамдары, аскер кызматчылары, жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

2) аскердик башкаруу органдарынан, командирлерден (башчылардан) жана Кыргыз Республикасынын аскердик мекемелеринин башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; аларга баш ийдирилген аскердик мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, кызматтардын жана кызмат адамдарынын ишине мыйзам бузуулар жөнүндө болгон маалыматтарга байланыштуу текшерүүлөрдү жана ревизияларды жүргүзүүнү, көзөмөл жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди айкындоо үчүн адистерди бөлүүнү талап кылуу;

3) аскердик башкаруу органдарынын коллегияларынын жыйналыштарына, кызматтык кеңешмелерине катышуу;

4) аскер кызматчыларын жана башка жарандарды жеке кабыл алуу;

5) ведомстводон тышкаркы ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындоо;

6) кызматтык ырастаманы көрсөтүү менен, аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана орун-жайларына аларда белгиленген режимге карабастан тоскоолдуксуз кирүү, алардын документтерине жана материалдарына жетимдүүлүк алуу;

7) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартиптик бөлүктөрдө жана аларды кармап туруунун башка жайларында кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүү, аларда мыйзамсыз кармалып турган адамдарды дароо бошотуу;

8) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, кармалган жана камакка алынган адамдар кармалып туруучу башка жайларда турган адамдарды кайтарууну, кармап турууну жана күзөттөөнү камсыз кылууну тийиштүү түрдө аскердик бөлүктөрдөн, аскер коменданттарынан, күзөттөө боюнча кароолдордон. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынан жана мекемелеринен талап кылуу;

9) аскер кызматчылары статусу бар адамдарды жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашыруу.

97-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары

1. Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр болуп ден соолук абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, аскер кызматына кирген, аскердик наамы же атайын класстык чени бар жана ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. Аскер прокуратурасынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык санына кирет.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчылары статусуна ээ болот, ушул Мыйзамга жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат өтөйт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болот.

3. Аскер прокуратурасынын органдарындагы аскердик кызматка прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү аныктоону Башкы прокурор жүргүзөт.

4. Аскер прокуратурасынын жогорку офицердик курамындагы адамдарды запаска (отставкага) бошотууну Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

Башка аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү запаска бошотууну аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.

5. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундары жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскердик кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.

6. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык сыйланат жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүү укугуна жогору турган аскер прокурорлору жана Башкы прокурор гана ээ.

98-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларын материалдык жана социалдык камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларына карата аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктерди, пенсиялык, медициналык жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.

2. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык акчалай каражат менен камсыз кылынат.

3. Аскердик прокуратурасынын органдарынын өз турак жайы жок аскер кызматчылары ушул Мыйзамда каралган тартипте турак жайлар менен, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн аныкталган шарттарга карата нормалар боюнча берилүүчү башка турак жайлар менен камсыз кылынат.

99-берене. Аскердик прокуратурасынын органдарын финансылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарын финансылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, аларга кызматтык жайларды, транспортту, байланыш каражаттарын жана камсыз кылуунун жана акчалай каражаттын башка түрлөрүн бөлүп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматтык жайларын кайтаруу баш ийүүсүндө ушул аскердик бөлүктөр турган ведомстволордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча аскердик бөлүктөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

100-берене. Адистешкен прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу

1. Адистешкен прокуратуралар прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет, аларды адистешкен прокуратуралардын прокурорлору жетектейт. Адистешкен прокуратуралардын прокурорлору Башкы прокурорго баш иет.

2. Адистешкен прокуратуралар экстерриториялык принцип боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иш алып барат.

3. Адистешкен прокуратуралардын түзүмү, ишинин багыттары жана адистештирилген прокуратуралардын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

4. Адистешкен прокуратуралардын прокурорлорун кызмат ордуна Башкы прокурор дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

5. Адистешкен прокуратуранын прокурорунун орун басарлары болот.

6. Адистешкен прокуратуранын прокурору:

1) адистешкен прокуратурага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) адистешкен прокуратуранын ишин жетектейт; адистешкен прокуратура органынын кызматкерлерин Башкы прокурор аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

3) ага баш ийген кызматкерлердин аткаруусуна милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде адистештирилген прокуратуранын штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизет;

5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

10-глава. Прокуратура органдарын уюштуруунун жана ишинин башка маселелери жана ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

101-берене. Прокуратура органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

1. Прокуратура органдарын финансылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Башкы прокурор же болбосо анын орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышат.

3. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте республикалык бюджетке төмөнкүдөй учурларда келип түшкөн сумманын 30 пайызын алат:

1) жазыктык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө;

2) прокурордук чара көрүү актылары боюнча;

3) прокуратура органдарынын ишинин натыйжалары боюнча, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштар жөнүндө жазык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин негизинде.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар прокуратура органдарын тийиштүү кызматтык жайлар менен камсыз кылат.

102-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана өткөөл жоболор

1. Ушул Мыйзам, ушул берененин 2-бөлүгүндө күчүнө кирүүсүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 70 (3142) жарыяланды

2. Ушул Мыйзамдын 84-беренесинин 9-бөлүгүнүн, 85-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 87-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 94-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсиялык камсыз кылуу бөлүгүндө колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пенсияга чыккан бардык прокурорлорго жана тергөөчүлөргө да жайылтылат.

4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302 Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 10, 966-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 2, 1901-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 182 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 939-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 2-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 818-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 201 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1036-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 171-ст.).

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ага каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

6. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков

 

 

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган