Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 20-октябры № 123

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

1-берене. Жөнгө салуу предмети

1. Ушул Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3. Чек аранын жанындагы, бийик тоолуу, алыскы аймактар жөнүндө мыйзамдарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

I БӨЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ

 1-глава. Жалпы жоболор жана принциптер

 

2-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы аткаруу-тескөө ишинин маселелерин кароо үчүн консультациялык-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аныктоочу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кирет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Президентке жана Министрлер Кабинетине отчет берет.

 

3-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин жалпы принциптери

Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүргүзөт:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштыруу;

4) маселелерди чечүүдө ачыктык жана айкындык;

5) өз ишинин натыйжалары үчүн мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын алдындагы жоопкерчилик;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо.

 

4-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын статистиканын, улуттук коопсуздуктун, прокуратуранын аймактык органдары жана соттор менен өз ара мамилелери

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын статистиканын, улуттук коопсуздуктун, прокуратуранын аймактык органдары жана соттор менен өз ара мамилелери ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга жана алардын негизинде кабыл алынуучу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүргүзүлөт.

 

5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы кетирилген укук бузууларды четтетүү тууралуу сунуштаманы мындай чечимди кабыл алган тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына киргизет, ал бир айлык мөөнөттө каралып, чечим чыгарылууга тийиш. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунуштамасы канааттандырылбаган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бул чечимине сотко даттанат.

 

2-глава. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана ишинин уюштуруучулук негиздери

 

6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын түзүмү жана штаты

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык санынын чеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация юридикалык жактын статусуна ээ жана ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылары менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

 

7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү райондун аймагында:

1) аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция), мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын аткарылышын камсыз кылат;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана райондук кеңештин бекитүүсүнө киргизет, анын аткарылышын уюштурат жана бул программанын аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин алдында отчет берет, ошондой эле тиешелүү райондук кеңешке маалымат берет;

4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

5) жарандардын укуктарынын сакталышын, анын ичинде балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат;

6) бюджеттик-финансылык, баа, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык жана бажылык саясаттын аткарылышын камсыз кылат;

7) монополияга каршы жана атаандаштык боюнча бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

8) социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын, жаштар саясатынын, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу, архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

9) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат;

10) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо боюнча чараларды көрөт;

11) улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;

12) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарыньн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле аларга өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарыньн башчыларынын отчетторун угат;

13) консультациялык-кеңешүүчү органдарды түзөт;

14) эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;

15) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасын жана башка сыйлыктарын уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;

16) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

17) аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат, мыйзамдарда белгиленген компетенциянын алкагында тиешелүү келишимдерди түзөт;

18) укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;

19) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат;

20) этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аймактык шайлоо комиссияларына уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтөт;

22) жер мыйзамдарына ылайык жерлерди бир категориядан башкасына которот;

23) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин бир жетекчилик принцибинде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары - аким) жетектейт.

2. Аким Президенттин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен кеңешүү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасынын негизинде Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Аким акимдин жана анын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде (мындан ары - региондук резерв) турган адамдардын ичинен дайындалат.

Региондук резервге киргизүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби, аны түзүү жана иштөө тартиби Президент тарабынан аныкталат.

Акимдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жылды түзөт.

3. Акимдин кызмат орду саясий кызмат болуп эсептелет. Аким тиешелүү аймакта башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат.

4. Аким аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

 

9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр

1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Төмөнкүдөй адам аким боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) тиешелүү райондо туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматкер катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

3. Аким өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

4. Акимге Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.

5. Аким тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

 

10-берене. Акимдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби

1. Акимдин ыйгарым укуктары Президент тарабынан төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) аймакта социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда;

4) ишеничтен кеткен учурда;

5) өзү тарапкер болуп эсептелген кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди өз убагында көрбөгөн учурда;

6) жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иштер менен алектенген учурда;

7) коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иш жүргүзгөн учурда;

8) мыйзамдарга ылайык декларацияда маалыматтарды бербегенде же болбосо атайылап ишенимдүү эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;

9) чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыргандыгы үчүн;

10) тиешелүү аймакта чыр-чатактарга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды компетенциясынын чегинде өз убагында көрбөгөндүгү үчүн;

11) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

12) сот аны аракетке жөндөмсүз деп тааныган учурда;

13) аны каза болгон деп жарыялоо жөнүндө же дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле каза болгондо;

14) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерге туруктуу жашоого чыгып кеткен учурда;

15) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алган учурда;

16) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албаган учурда.

2. Акимдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу аны ээлеген кызмат ордунан бошотуу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Аким жок болгон мезгилде, анын ичинде ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, анын милдеттерин биринчи орун басары аткарат, ал эми биринчи орун басары жок учурда милдеттерди аткаруу жаңы талапкер дайындалганга чейин Президент тарабынан анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.

 

11-берене. Акимдин ыйгарым укуктары

1. Аким:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин уюштурат жана анын натыйжалары үчүн жооп берет;

2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;

3) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна дайындайт;

4) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизилген учурда, жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызматтан бошотууга милдеттүү;

5) айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын ушул Мыйзамда каралган тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;

7) балдардын укуктарын коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын бекитет;

8) райондук кеңештин төрагасына райондук кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат;

9) жергиликтүү кеңештин төрагасына аймактын чегинде жергиликтүү кеңештин кезексиз жыйындарын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, аларга кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат;

10) жогору турган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерде жана эл аралык мамилелерде тиешелүү аймактын атынан иш алып барат;

11) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

12) ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;

13) ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Аким өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациянын атынан токтомдорду чыгарат.

3. Аким Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Президентке белгиленген тартипте өтүнүч берет.

4. Аким өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүүгө укуктуу.

5. Акимге мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.

 

12-берене. Акимдин биринчи орун басары (орун басары)

1. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) акимдин сунушунун негизинде, Президенттин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен кеңешүү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Акимдин биринчи орун басары (орун басары) региондук резервде турган адамдардын ичинен дайындалат.

2. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

3. Төмөнкүдөй адам акимдин биринчи орун басары (орун басары) боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

4) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтагы кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

4. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат орду саясий кызмат болуп эсептелет.

5. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) аким тарабынан жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

6. Акимдин орун басарларына мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.

 

13-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси мыйзамдарга ылайык аким тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарла жыйындысында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле башка чөйрөлөрдө 3 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

 

3-глава. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин укуктук кепилдиктери жана жоопкерчилиги

 

14-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын актыларын аткаруунун милдеттүүлүгү

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин тиешелүү райондун аймагында жайгашкан бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга милдеттүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

 

15-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мүлкүнө келтирген зыяны үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

 

16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жоопкерчилиги

1. Аким кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу, ошондой эле ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар менен ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген жана анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн ишин башкаруу жана башкарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардын жана бөлүмдөрдүн мамлекеттик кызматчылары өздөрүнүн функциялык милдеттерин бузгандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотуу, алардын мыйзамсыз аракеттеринин айынан жарандар жана юридикалык жактар тарткан зыяндын ордун толтуруу түрүндө жоопкерчилик тартат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ага баш ийген же анын карамагында турган органдардьн жана бөлүмдөрдүн аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан жергиликтүү коомдоштуктардын, юридикалык жактардын жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча, ошондой эле укукка жат аракеттердин натыйжасында келтирилген зыяндьн ордун толтуруу боюнча талаштар сотто чечилет.

 

II БОЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

 

1-глава. Жалпы жоболор жана принциптер

 

17-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

 

18-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин жалпы принциптери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлар аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;

5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;

9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;

10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.

 

19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун формалары

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түздөн-түз катышуусу формасында жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат.

3. Жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышуусу төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:

1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында), курултайларда талкуулоо;

2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;

3) ченем жаратуу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.

 

20-берене. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу

1. Жарандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.

2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарын кошпогондо, тиешелүү аймакта туруктуу жашап турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле укуктарга жана милдеттерге ээ.

 

21-берене. Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары

1. Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат). Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.

Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес санында жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү коомдоштуктун уставы жергиликтүү коомдоштуктун ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин жөнгө салат, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин, анын ичинде бюджеттик процесске жергиликтүү коомдоштуктун катышуусун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин мыйзамдарда жөнгө салынбаган башка маселелерин аныктайт.

Эгерде ушул Мыйзамда уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө киргизилген маселелер уставда жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Жергиликтүү коомдоштуктун уставы жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.

Жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү расмий жарыялангандан кийин Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн уставдын текстин тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлөт.

 

22-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери (ассоциациялар, бирликтер)

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүнү, өз ара жардамдашууну уюштуруу жана социалдык, экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү биргелешип чечүү мамлекеттик органдарда жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүү жана коргоо жана юридикалык, жеке жактар, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты уюштуруу максатында юридикалык жактардын бирикмелерин (коммерциялык эмес уюмдарын) ассоциациялар, бирликтер түрүндө түзүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери өз мүчөлөрүнүн - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого жана талкуулоого катышууга;

2) укуктук, маалыматтык, консультациялык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик концепцияларды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууга катышууга;

4) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө, мамлекеттик органдар менен бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу процессине катышууга;

5) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, башка коомдук бирикмелер менен кызматташтыктын мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын бирикмелери эл аралык союздарга жана жергиликтүү коомдоштуктардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыгууга укуксуз.

 

23-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясат

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууда калкка көмөк көрсөтөт.

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары (бирликтери) менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.

3. Жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдарга жиберилүүчү расмий кайрылуулары аларда коюлган маселелердин маңызы боюнча милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

 

24-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жана алардын жоопкерчилиги

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга же аракеттерди жасоого, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган аракеттерди жасоого укуксуз.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуулар жасалган учурда, Президент Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакта тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүүнүн тартибин жана мындай башкаруунун режимин Президент аныктайт.

3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Министрлер Кабинети анын аткарылышын камсыз кылат жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укукка жат актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыгуучу юридикалык жана жеке жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу сот тартибинде чечилет.

5. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул берененин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракет жасалгандыгынын фактысы аныкталган учурда Президент жергиликтүү кеңешти таркатууга жана кеңештин жаңы курамын шайлоону жарыялоого укуктуу.

6. Жергиликтүү кеңеш ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда Президент тарабынан таркатылышы мүмкүн.

 

2-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелери жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү

 

25-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөөнүн принциптери

Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон башкаруунун төмөн турган деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүү;

2) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу максатында функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулук жана максатка ылайыктуулук;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоо;

4) функцияларды аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушу;

5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды шайкеш келтирүү;

6) ачыктык жана коллегиялуулук;

7) ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так аныктоо.

 

26-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөөнүн жана чечүүнүн тартиби

1. Жергиликтүү маанидеги маселелер ушул Мыйзам менен белгиленет жана ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлүшү жана/же токтотулушу мүмкүн.

2. Мамлекет жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берет.

3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун уставы менен белгиленет.

4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугуна отчет берет.

 

27-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.

23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;

24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү.

 

28-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди өткүрүп берүүнүн тартиби

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кабыл алынат.

 

29-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктарды ишке ашыруу шарттарын керектүү материалдык жана финансылык каражаттар менен мамлекеттик камсыз кылуу тартибин бир убакта белгилөө менен жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоонун башка булактарын мамлекет аныктаган учурларда гана жол берилет.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бериле турган мамлекеттик ыйгарым укуктарды;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырып жаткан учурда мамлекеттик бийлик органдары тарабынан жардам көрсөтүүнүн усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка формаларын;

3) отчеттуулукка талаптарды;

4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда мамлекет тарабынан контролдун механизмин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон мамлекеттик негизги ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

1) калктын ишке орношуусунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;

2) жарандарды эсепке алып каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

3) мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;

4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;

5) мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жүргүзүү;

6) жарандарга алардын ким экенин, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалдарын ырастоочу документтерди жана мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;

7) аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды алгачкы эсепке алууну жүргүзүү, аларды аскердик эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;

8) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) мал чарбачылыгында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык-асыл-тукум иштерин өз учурунда өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун отоо басышына каршы күрөшүү, токойду коргоо тилкелерин жана токой массивдерин коргоо боюнча талаптагыдай чараларды камсыз кылуу;

12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;

13) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

16) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аларды табуу;

17) этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) пробациянын кезектеги милдеттерин чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларын аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;

19) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктар.

 

3-глава. Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруу-укуктук негиздери

 

30-берене. Жергиликтүү кеңештер

1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзамда, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айылдык аймактарда, шаарларда жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү райондук кеңештер.

2. Райондук кеңештер айылдык аймактардын, райондун аймагында жайгашкан шаарлардын кеңештеринин бирдей өкүлчүлүктөрүнөн түзүлөт.

3. Шайланган депутаттар депутаттык фракцияларды жана топторду түзүүгө укуктуу.

4. Депутаттык фракцияларды жана топторду түзүү жана иштөө тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.

31-берене. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы

Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерин кошпогондо, жергиликтүү кеңештердин сандык курамы тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин калкынын санын эске алуу менен төмөнкүчө белгиленет:

1) Бишкек, Ош шаарларынын кеңештери - 45 депутат;

2) шаардык жана айылдык кеңештер (статистикалык маалыматтарга ылайык шайлоо жүргүзүлүп жаткан жылдын 1-январына карата абал боюнча административдик-аймактык бирдиктин калкынын саны боюнча):

6000ге чейин - 11 депутат;

6001ден 20000ге чейин - 21 депутат;

20001ден тартып жана андан ашык - 31 депутат;

3) райондук кеңештер:

100000 чейин - 20дан 30га чейинки депутат;

100001ден 200000ге чейин - 30дан 45ке чейинки депутат;

200001ден тартып жана андан ашык - 45тен 60ка чейинки депутат.

 

32-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

Жергиликтүү кеңештин депутаты жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселе каралып жаткан кеңештин сессияларына же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарына катышууга жана аларда добуш берүүгө тийиш эмес.

 

33-берене. Жергиликтүү кеңештин сессиясы

1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Эгерде ушул жана башка мыйзамда башкасы каралбаса, жергиликтүү кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

 

34-берене. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары

1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

2. Айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү кеңешинин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;

7) тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

9) кеңештин регламентин кабыл алуу;

10) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

11) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;

12) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

13) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

14) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

15) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

16) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

 

35-берене. Райондук кеңештин компетенциясы

1. Райондук кеңештин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) райондук бюджетти бекитүү;

2) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана райондун калкын социалдык коргоо программаларын бекитүү;

3) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана райондун калкын социалдык коргоо программасын аткаруу жөнүндө, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын иши жөнүндө акимдин маалыматын угуу;

4) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

5) жооптуу катчыны дайындоо;

6) кеңештин регламентин кабыл алуу;

7) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;

8) тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

9) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

2. Райондук кеңештердин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп жыйналыш саналат. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү райондук кеңештердин регламенти тарабынан аныкталат.

3. Райондук кеңештердин жыйналышы райондук кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышып отурганда укуктуу болуп эсептелет. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, райондук кеңештер чечимдерди райондук кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

 

36-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.

Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.

2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш аныктайт.

3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.

4. Жергиликтүү кеңештик туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.

5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

7. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.

 

37-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:

1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;

2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;

3) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;

4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;

5) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.

2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.

Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 

38-берене. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу

1. Шаардык кеңештердин ишин Министрлер Кабинети аныктаган типтүү нормативдердин негизинде шаардык кеңештер түзүүчү - аларды аппараттары, айылдык кеңештердин ишин айыл өкмөттөрүнүн аппараттары камсыз кылат. Калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон айылдык кеңештердин ишин айылдык кеңештердин жооптуу катчылары камсыз кылат.

2. Райондук кеңештердин ишин райондук кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.

Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы райондук кеңештердин сессияларын өткөрүүгө уюштуруучулук жактан көмөк көрсөтөт.

3. Шаардык кеңештердин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) шаарларда жана айылдык аймактарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына;

2) райондордо - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга.

 

39-берене. Жергиликтүү кеңештин чечимдери

1. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага - жергиликтүү кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

2. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

Жергиликтүү кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Жергиликтүү кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.

5. Жергиликтүү кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 

40-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.

3. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

5. Калкынын саны 20001 адамдан кем эмес жергиликтүү кеңештин төрагалары илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

6. Калкынын саны 20001 адамдан аз жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок жергиликтүү кеңештин сессиясы иштеген мезгилде 20001 адамдан ашык калкы бар жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.

7. Райондук кеңештин төрагасы өз милдеттерин коомдук башталышта аткарат.

8. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;

2) сессияларга төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

9. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.

 

41-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары

1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын - бир орун басары, ал эми калкынын саны 20001 адамдан көп болсо, эки орун басары болот.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.

2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.

3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.

4. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

 

42-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу

1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.

2. Жергиликтүү кеңештер төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:

1) тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;

2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;

3) кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек аралары өзгөргөн учурда;

4) ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурда.

3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.

4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.

5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.

6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.

 

4-глава. Шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери

 

43-берене. Шаардын мэри, мэриясы

1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп мэр башында турган мэрия эсептелет.

2. Мэриянын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын мэр Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде бекитет.

Мэриянын баш ийүүсүндө ал уюштуруучу жана/же анын карамагына берилүүчү уюмдар, ишканалар жана мекемелер болушу мүмкүн.

 

44-берене. Шаардын мэриясынын чечимдери

1. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) токтом жана буйрук түрүндө мэр чыгарат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар мэр кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Токтомдор ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат. Буйруктар ыкчам, уюштуруучулук жана кадр маселелер боюнча чыгарылат.

3. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.

4. Мэриянын ишин уюштуруу эрежелери, мэриянын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана ишин документтик камсыз кылуу боюнча талаптар архивдик мыйзамдардын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде мэриянын регламентинде белгиленет.

 

45-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы

1. Шаардын мэриясы:

1) шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;

2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;

4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;

8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;

9) шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;

12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;

13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;

14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

46-берене. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 7 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Областтык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 5 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мэрдин кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.

3. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) тиешелүү шаарда туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

6) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

 

47-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

1. Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким тарабынан дайындалат. Бишкек, Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан дайындалат.

Шаарлардын мэрлери шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык резервинде (мындан ары - муниципалдык резерв) турган адамдардын ичинен дайындалат. Муниципалдык резервге киргизүү үчүн конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштешинин тартибин Президент аныктайт.

2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

Мэрдин ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү же акимдин же Президенттин алмашуусу менен байланыштуу эмес.

3. Төмөнкүдөй учурларда райондук маанидеги шаардын мэри - аким тарабынан, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан ээлеген кызматтарынан бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) кабын алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка алардын иши шайкеш келбеген учурда;

11) ишеничти жоготкондо;

12) тараптардын эринен көз каранды эмес жагдайлар боюнча.

4. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт. Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.

 

48-берене. Шаардын мэринин ыйгарым укуктары

1. Шаардын мэри:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын, жергиликтүү кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;

2) мэриянын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кызмат, алардын ишинин натыйжалары үчүн жооп берет;

3) шаардын аймагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жүзөгө ашырат;

4) мэриянын кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу чараларын көрөт;

5) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

6) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт;

7) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат орундарынан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизген учурда жогоруда аталган кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотууга милдеттүү;

8) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;

9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай уюштурулушу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө мэриянын атынан иш алып барат;

11) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча кызматка киришкен күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет;

12) жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт, жарым жылда бир жолу жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө, ал эми райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким менен бирге шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышынын маселеси боюнча шаардык кеңешке отчет берет;

13) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;

14) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;

15) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте Президентке өтүнүч жасайт;

16) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Республикалык жана областтык маанидеги шаарларда шаардын мэрине шаардагы башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен ошол эле учурда акимдер үчүн каралган ыйгарым укуктар берилет.

 

49-берене. Шаардын мэринин орун басары

1. Республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.

2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен дайындалат.

3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде аны алмаштырат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жүктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда аны алмаштырат.

4. Мэрдин биринчи орун басары (орун басары) өзү аткарып жаткан ыйгарым укуктары үчүн мэрдин алдында жооп берет.

 

5-глава. Айылдык аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери

 

50-берене. Айыл өкмөтү

1. Айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп айыл өкмөтү эсептелет.

Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Министрлер Кабинети бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

2. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулар алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

4. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук түрүндө чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

6. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.

7. Айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен ишти уюштуруу жана документациялык камсыз кылуу эрежелери архивдик мыйзамдардын жана документациялык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.

 

51-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

Айыл өкмөтү:

1) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңешке бекитүүгө берүүгө катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле аларды расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;

2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана аны айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

4) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

5) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

6) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүнү жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарба багытындагы объекттерди жана алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;

7) аймакта курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

8) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүргүзөт;

10) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

52-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.

3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;

3) тиешелүү айыл аймагында туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

 

53-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.

3. Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;

9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;

11) ишеним жоголгондо;

12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).

4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

 

54-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары

Айыл өкмөтүнүн башчысы:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;

2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;

3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;

4) айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;

5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;

6) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;

7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

8) мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

9) айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

10) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;

11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

55-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.

4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.

 

56-берене. Айыл башчысы

1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.

3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.

4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

 

6-глава. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

 

57-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн айыл аймагынын, шаардын бир бөлүгүндө өз алдынча уюму түшүнүлөт.

2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи райондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттердин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда ишке ашырылат.

3. Коомдук өз алдынча башкаруунун аймагынын чектери тургундардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ар кандай формалары жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо учурунан тартып өзүнүн статусуна ээ болот.

5. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешине отчет берет.

 

58-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу менен өз ара мамилелери

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелер ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүп берилиши мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

 

59-берене. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун укуктары

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары же өкүлдөрү аркылуу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;

2) аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;

3) жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;

4) жарандардын курултайларынын, жыйындарынын (чогулуштарынын) чечимдеринин аткарылышын уюштурууга.

 

60-берене. Жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдары

1. Аймакты өнүктүрүү жана жамааттык жалпы жашоонун ченемдерин чыңдоо боюнча демилге көрсөтүү максатында жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрү юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле коомдук башталышта жашаган жери боюнча жаштар уюмдарын, аялдар кеңештерин, ардагерлер кеңештерин, аксакалдар сотторун жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын уюштуруу формасы жергиликтүү коомдоштуктун уставында чагылдырылышы мүмкүн.

 

7-глава. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн тикелей эрк билдирүүсүнүн формалары

 

61-берене. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн тикелей эрк билдирүүсүнүн формалары

Коомдоштуктун мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылуучу жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомдоштуктар курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана тикелей эрк билдирүүнүн башка формаларын өткөрө алат.

 

62-берене. Жергиликтүү коомдоштуктун курултайлары

1. Жергиликтүү курултай (жергиликтүү коомдоштуктун курултайы) - тиешелүү аймакта коомдук өнүктүрүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берген коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш.

2. Жергиликтүү курултайдын ишин уюштуруу жана тартиби конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте аныкталат.

 

63-берене. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)

1. Олуттуу мааниге ээ болгон маселелер боюнча жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар алар боюнча сунуштамаларды кабыл алуу менен өткөрүлөт.

2. Жыйындардын (чогулуштардын) сунуштамалары тиешелүү жыйындардан (чогулуштардан) өкүлдөрдүн (делегаттардын) катышуусу менен каралат.

 

8-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери

 

64-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

65-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айрым ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга берүүгө укуктуу.

3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.

 

66-берене. Муниципалдык заказ

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды жайгаштырууга укуктуу.

2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан же мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.

4. Тарифтерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролу сакталган шартта калкка монополиялык кызмат катары көрсөтүлүүчү кызматтарга (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) белгилүү бир ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык ишканаларга, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

5. Муниципалдык заказдын субъекти мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

 

67-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомдоштукка кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла натыйжалуу жана ыкчам камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишим;

2) биргелешкен финансылык макулдашуулар;

3) биргелешкен ишканалар жана башка уюмдар;

4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларда,

3. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

9-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин укуктук кепилдиктери

 

68-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын милдеттүүлүгү

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары өзүнүн ишин ушул аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын (чогулуштарынын), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүгө тийиш эмес.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жарандар аткарууга милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда башка органдардын карамагына берилген маселелерди кароого кабыл алууга укуксуз.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

 

69-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкүнө келтирген зыяны үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында мүлктүк жоопкерчиликти тартат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

 

70-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган, райондук кеңештерди түзүүгө жана ишине тиешелүү болгон жоболорду кошпогондо, ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга шайкеш келтиргенге чейин, алар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат;

2) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланып, иштеп жаткан шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантышат;

3) шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын милдетин аткаруучулар өз ыйгарым укуктарын аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык шаардын жаңы мэри жана айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин уланта беришет.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

2) өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.);

2) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.);

3) "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 220 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1511-ст.);

4) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1519-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 20 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2013-ст.);

6) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 87 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2398-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2760-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 8 жана 9-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2777-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 14-февралындагы № 16 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 109-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 59 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 329-ст.);

12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 143 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 900-ст.);

13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 987-ст.);

14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын 9 жана 10-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 1082-ст.);

15) "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 1-ст.);

16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 10-ст.);

17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 90-ст.);

18) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-майындагы № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 349-ст.);

19) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 675-ст.);

20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 824-ст.);

21) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы № 34 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 114-ст.);

22) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 340-ст.);

23) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 299-ст.);

24) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-майындагы № 56 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 395-ст.);

25) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-майындагы № 58 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 397-ст.);

26) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгашаларын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 946-ст.);

27) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1173-ст.);

28) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 291-ст.);

29) "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 498-ст.);

30) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 27-январындагы № 16 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 1, 16-ст.);

31) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 15-февралындагы № 21 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 2, 79-ст.);

32) "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 198-ст.);

33) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 14-15-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);

34) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 503-ст.);

35) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 118 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 506-ст.);

36) "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 5-январы, № 1).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 6-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган