Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 29-ноябры № 142

Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандарды мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

2-берене.

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

71-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында.".

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандардын социалдык жактан тейлөөгө болгон укуктарын камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

4-берене.

(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5-берене.

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

"31. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

6-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында адамдардын эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

7-берене.

"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:

"41. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жеке маалыматтар менен иштөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

8-берене.

Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 20-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган