Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-январы № 26

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө

 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу административдик жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планынын 32-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда электрондук (санарип) форматка которуу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана ашыкчасын жоюу жөнүндө маселелерди карап чыгышсын;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттерин ишке киргизүүнү жана аткарууну камсыз кылышсын;

- отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке 2-тиркемеге ылайык форма беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүшсүн;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин иштеп чыгылышына жана колдонулушуна мониторинг уюштурушсун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жыйынтыктары жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте киргизишсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 302-б буйругу.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Исаков

 

1-тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө
ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартибин белгилейт.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери) иштеп чыгуу төмөнкүлөргө багытталган:

- тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыз кылууга;

- административдик башкаруу жана кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу аракеттерди оптималдаштырууга;

- кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин кызмат көрсөтүүнүн жана ага даярдык көрүүнүн сапаты менен мөөнөтү үчүн жеке жоопкерчиликтерин жогорулатууга.

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти төмөнкүлөрдү аныктаган документ болуп саналат:

- жол-жоболордун, алардын тартибинин, жыйынтыктарынын, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - уюмдун кызмат адамынын жана кызматкеринин милдеттенмелеринин топтомун;

- кызмат көрсөтүү процессинде ички ведомстволук жана ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тартибин жана мөөнөтүн;

- кызмат көрсөтүү процессинде жүргүзүлүүчү жол-жоболорду аткаруунун белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчиликти жана контролдоо формасын.

4. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

административдик акт - мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын бир эле учурда жалпы укуктук жана жеке-аныкталган мүнөзгө, ошондой эле тышкы таасирге ээ болгон жана укуктук кесепеттерге алып келүүчү, тактап айтканда кызмат көрсөтүүнүн өтүнмө ээсинин укуктарын жана милдеттерин белгилөөчү, өзгөртүүчү, токтотуучу документи;

аутсорсинг - мамлекеттик эмес/муниципалдык эмес секторлордон аткаруучуларга кызмат көрсөтүү боюнча бардык же айрым жол-жоболорду өткөрүп берүү;

бэк-офис - кызмат көрсөтүү процесстери ишке ашырылуучу мекеменин түзүмдүк бөлүмү;

фронт-офис - кызмат көрсөтүүгө карата өтүнмөнү кабыл алган жана анын жыйынтыктарын берген мекеменин бөлүмү же анын бөлүгү;

аракет - жол-жобонун жыйынтыктарын алуу үчүн зарыл болгон натыйжасы бар кандайдыр-бир жол-жоболорду ишке ашыруунун алкагындагы аткаруучулардын ишинин түрү;

"бирдиктүү терезе" - өтүнмөнү берүүдөн баштап кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын алууга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды бир жерден көрсөтүү жана уюштуруу ыкмасы;

өтүнмө ээси - фронт-офиске кызмат алуу үчүн кайрылган жеке же юридикалык жак;

ашыкча жол-жобо/аракет - жол-жоболор/аракеттер, аларды жокко чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын сакталышына таасир тийгизбейт;

кызмат көрсөтүү регламентин оптималдаштыруу - кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыскартууга жана/же анын башка параметрлерин жакшыртууга (чыгымдарды, колдонулуучу документтердин санын азайтууга) алып келген кызмат көрсөтүү жол-жоболорун же аракеттерин аткаруунун тартибин, курамын өзгөртүү;

жол-жобо - иш аракеттер жана ырааттуулугу үчүн укуктук негиз болгон, аткаруучуларды, натыйжаларды мүнөздөгөн аракеттердин топтому; укуктук негиздер боюнча жол-жоболор төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- административдик жол-жобо - өтүнмө ээсинин укуктарын белгилөө, өзгөртүү же токтотуу боюнча өтүнмө ээсинин арызынын негизинде жүргүзүлүүчү жана административдик актты берүү менен аяктоочу, башкача айтканда тышкы таасир алуучу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын аракеттери;

- уюштуруучу башкаруу жол-жобосу - ички таасири бар мекеменин регламенти, жобосу жана кызматтык нускама менен жөнгө салынуучу мекеменин кызмат адамынын аракети;

- атайын жол-жобо - атайын документтер (билим берүү стандарттары, медициналык протоколдор, техникалык регламенттер, коопсуздук боюнча нускама ж.б.) менен жөнгө салынуучу мекеменин кызматчыларынын жана адистеринин аракети.

- көмөкчү жол-жоболор - белгиленген ченем менен жөнгө салынуучу жана административдик, атайын жол-жоболорду аткаруу максатында ишке ашырылуучу мекеменин кызматчыларынын жана адистеринин аракети;

ведомстволор аралык аракеттенүү - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдардын ортосундагы маалымат алмашуу, ал маалыматтарды кагазга жазылган же электрондук түрдө колдонуу, ошондой эле электрондук (санариптик) технологиялар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн;

реинжиниринг - мөөнөтү, наркы, сапаты, шарттары жана башка ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүнүн башкы көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жетишүү үчүн жумуш процесстерин жана жол-жоболорду кайрадан долбоорлоо.

Административдик регламентте конкреттүү кызматты көрсөтүүдө колдонулуучу башка терминдер жана түшүнүктөр колдонулушу мүмкүн.

2-глава. Административдик регламенттерди иштеп чыгууну уюштуруу

5. Административдик регламенттердин долбоорун иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарды көрсөтүүчү мекеменин жумушчу комиссиясы (мындан ары - комиссия) ишке ашырат.

6. Комиссиянын курамына кызмат көрсөтүү менен түздөн-түз байланыштагы мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилери жана адистери кирет. Комиссияны мекеменин жетекчисинин орун басарларынын бири жетектейт.

7. Комиссия өзүнүн ишин ушул Жобонун жана мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилүүчү чечим кабыл алуу жол-жоболорун жана башка маселелердин иш тартибин аныктаган комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.

8. Комиссия, кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуудан башка, кошумча төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- мекеменин жетекчисине административдик регламенттердин долбоорун бекитүү үчүн киргизүү;

- административдик регламенттерди ишке киргизүү планын иштеп чыгуу;

- бекитилген административдик регламенттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

- тиешелүү кызматтарды көрсөтүү процесстерин андан ары өркүндөтүү максатында административдик регламенттерди кайра карап чыгуу.

3-глава. Административдик регламенттерди иштеп чыгуу тартиби

9. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды белгилөө менен башталат:

а) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги же Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестриндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары, главалары жана кызмат көрсөтүүнүн номери;

б) кызмат көрсөтүүнүн стандартында келтирилген кызмат көрсөтүүнүн негизги параметрлери:

- кызмат көрсөтүүнүн жалпы узактыгы;

- суралган документтердин тизмеси.

в) кызмат көрсөтүүнүн чыгымдары (өздүк наркы) (эгерде кызмат көрсөтүү акысыз болсо) жана анын наркы (эгерде кызмат көрсөтүүгө акы төлөнсө).

10. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин иштеп чыгуу төмөнкүдөй этаптардан өтөт:

1) "колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү боюнча жол-жоболорду жана аракеттерди сүрөттөө;

2) "колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү боюнча жол-жоболорду жана аракеттерди талдоо жана аларды оптималдаштыруу;

3) административдик регламенттин долбоорун даярдоо;

4) административдик регламенттин долбоорун бекитүүгө көрсөтүү.

11. "Колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү боюнча жол-жоболорду жана аракеттерди сүрөттөө төмөнкүдөй ырааттуулук менен ишке ашырылат.

1) Алгач аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси түзүлөт. Ар бир жол-жобонун мазмунун же багытын чагылдыруучу аталышы болууга тийиш. Мисалы, биринчи жол-жобо "Документтерди кабыл алуу жана каттоо" деп, акыркысы - "Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү" деп аталышы мүмкүн. Төмөнкүдөй таблицаны түзүп алуу сунушталат:

1-таблица

Жол-жобонун аталышы

Эскертүү

1

 

 

2

 

 

3

 

 

Эскертүүдө электрондук форматта, ведомстволор аралык аракеттенүү тартибинде, удаалаш аткарылуучу жол-жоболор белгиленүүгө тийиш.

2) Мындан ары кызмат көрсөтүү боюнча жол-жоболорду аткаруунун логикалык жана технологиялык ырааттуулугун чагылдырган блок-схема түзүлүшү керек.

Фронт-офисте жана бэк-офисте аткарылуучу жол-жоболорду өзүнчө бөлүп көрсөтүү керек. Мындай блок-схеманын шарттуу үлгүсү төмөндө көрсөтүлөт.

 

Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\Toktom\59157f6c-7866-4f22-8e8e-b235a29231e7\document.files\image000.gif

 

3) 1-жол-жобо каралат жана аны аткаруу үчүн зарыл болгон аракеттердин тизмеси аныкталат. Аракеттердин ырааттуулугу ошол жол-жобону аткарууда белгилүү болгон тажрыйбага ылайык түзүлөт.

4) 1-жол-жобонун сүрөттөмөсүн камтыган 2-таблица толтурулат, анда аракеттердин топтому жана ырааттуулугу чагылдырылат, аларды аткаруу ушул жол-жобонун жыйынтыгын алуу үчүн зарыл болуп эсептелет, ошондой эле ушул жол-жобого башка мүнөздөмөлөр келтирилет. 2-таблицанын үлгүсү төмөнкүдөй.

2-таблица

Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы

Аракеттерди жөнгө салуучу документ

Аракеттердин жыйынтыгы

1-жол-жобо (аталышы)

1.1 аракет

 

 

 

 

1.2 аракет

 

 

 

 

1.n аракет

 

 

 

 

Жол-жобонyн жыйынтыгы:

Жол-жобонун узактыгы:

Ушул жол-жобонун тиби:

Кийинки жол-жобонун номери:

Кийинки жол-жобону баштоо үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыктарын берүү ыкмасы:

Ушул жана кийинки таблицаларды толтурууда аракеттерди сүрөттөөгө карата жол-жоболорду баяндоодо төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

а) иш жүзүндө аткарыла турган бардык аракеттерди чагылдыруу;

б) ушул жол-жобого кирген аракеттерге карата бардык графаларды толтуруу:

- 2-графада тигил же бул аракет үчүн жооптуу аткаруучунун кызматынын аталышын көрсөтүү зарыл (мисалы, "жалпы бөлүмдүн адиси", "китепкананын башчысы" ж.б.);

- 3-графада ченемдик белгиленген узактыкка ылайык иш-аракеттин узактыгын көрсөтүү керек (минутасын, саатын, күнүн). Андай болбогон учурда, иш-аракеттин хронометражын көрсөтүү сунушталат;

- 4-графада иш-аракетти түздөн-түз жөнгө салуучу документтерди көрсөтүү зарыл;

- 5-графада аракеттин конкреттүү жыйынтыгы жазылат (мисалы, "каттоо журналына жазуу", "виза коюлду" ж.б.).

5) 1-жол-жобого кирген аракеттерди сүрөттөгөндөн кийин таблицанын тиешелүү саптарында төмөнкүдөй анын мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү керек:

- ушул жол-жобонун акыркы жыйынтыгы (мисалы, "Каттоо журналына жазылуу", "Кызмат көрсөтүүнү алуудан баш тартуу", "Тандалып алынган материалдардын тизмеси" ж.б.);

- ушул жол-жобого кирген бардык аракеттердин узактыгынын суммасы катары жол-жоболордун жалпы узактыгы,;

- ушул Жобонун 4-пунктунда келтирилген типологияга ылайык жол-жоболордун тибин көрсөтүү (эгерде жол-жобо тышкы таасирге байланыштуу болсо административдик жол-жобого таандык болот, эгерде ал ички таасирге багытталган болсо - уюштуруучу башкаруу);

- ушул жол-жобонун жыйынтыгы колдонула турган кийинки жол-жобонун номерин көрсөтүү.

 6) Мындан ары 2-жол-жобо сүрөттөлөт, андан соң 3 ж.б.у.э. мекеменин фронт-офисинде керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү жол-жобосун сүрөттөөгө чейин. Ошону менен ушул Жобонун 11-пунктунун 4 жана 5-пунктчаларында баяндалган аракеттер кайрадан аткарылат.

12. "Колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүүсүнүн бардык өндүрүш жол-жоболорун баяндоо менен таблицалардын маалыматтарын жалпылоо. Бул иштин жыйынтыгын "колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү өндүрүшү жөнүндө маалыматтарды жалпылоо таблицасы түрүндө берүү керек.

3-таблица

Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы

Сандык маалыматтар

Жол-жоболордун саны, бардыгы:

анын ичинде:

- административдик жол-жоболордун;

- уюштуруу-башкаруу жол-жоболорунун;

- көмөкчү жол-жоболордун;

- атайын жол-жоболордун

 

2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минутасы, сааты, күнү)

 

3. Электрондук форматта аткарылган жол-жоболордун саны

 

4. Керектөөчүлөрдөн суралып алынган документтердин саны

 

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу тараптык уюмдардын саны, бардыгы:

анын ичинде:

- ички ведомстволук өз ара аракеттеги;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттеги

 

6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу жактардын саны

 

7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны

 

8. Башка

 

13. "Колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн жалпыланган маалыматтарын талдоо. Алгач кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн узактыгын "колдонулуп жаткан" катары баяндоо учурундагы кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн жалпы узактыгы менен салыштыруу керек (3-таблица).

Бул жерде эки вариант болушу мүмкүн:

1) жол-жоболорду баяндоо таблицалары боюнча кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн узактыгы кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн узактыгынан жогору;

2) жол-жоболорду баяндоо таблицаларына ылайык кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн узактыгы кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн узактыгына тең же андан аз.

Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда жол- жоболорду жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн узактыгын кыскартууга жана/же кызмат көрсөтүүнүн башка параметрлерин жакшыртууга жол-жоболор менен аракеттерди аткаруу курамын жана тартибин өзгөртүү жолу менен "колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн жол-жоболорун жана аракеттерин оптималдаштыруу зарыл.

Узактыгы боюнча кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө мүмкүн болбогон учурда, кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн узактыгын өзгөртүүнү демилгелөө керек.

14. "Колдонулуп жаткан" кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн жол-жоболорун жана аракеттерин оптималдаштыруу. Бул иш маалыматтарды (2-таблица) пайдаланып, жол-жоболорду төмөнкүдөй ырааттуулукта баяндоо менен жүргүзүлөт.

1) 1-жол-жобонун таблицаланган баяндоосу сап боюнча каралат жана ырааттуу түрдө (ар бир аракетке) төмөнкү текшерүүчү суроолор берилет:

- аракетти жоюуга мүмкүнбү, ал ашыкча эмеспи;

- аракетти башка аракетке бириктирүү менен ирилештирүүгө мүмкүнбү;

- бул аракет башка адистер жана кызмат адамдары тарабынан кайталанбайбы;

- аракеттер тиешелүү документтер менен регламенттелгенби;

- башка документтер менен карама-каршылыктар, коллизиялар жана талаштар жокпу;

- аракеттин натыйжасы барбы;

- ушул аракеттин жыйынтыгын ким пайдаланат;

- пайдалануучу документтердин, анын ичинен керектөөчүлөрдөн талап кылынган документтердин санын кыскартууга мүмкүнбү;

- пайдаланылган документтерди электрондук форматка которууга мүмкүнбү;

- билдирүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүчү мекеменин кызматчылары менен болгон байланыштарын кыскартууга же жок кылууга мүмкүнбү.

Суроолордун бул тизмеги толук эмес. Жумушчу комиссияга кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен аны толуктоо сунушталат.

2) Андан ары келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча практикалык чараларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө. Сунушталган чечимдер ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, бирдей маалыматтарды кайталап берүүнү токтотуу үчүн маалыматтардын электрондук базасын түзүү, электрондук документ жүгүртүү аркылуу пайдаланылган документтердин санын кыскартууга болот.

Мисалы, уюмдардын "бирдиктүү терезе" принциптеринде кызмат көрсөтүүлөргө өтүшү же билдирүүлөрдүн бланкаларын маморгандын сайтына жайгаштыруу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн өтүнмө ээлери менен болгон байланышты кыскартууга мүмкүн.

Айрым учурларда бир катар жол-жоболорду аутсорсингге өткөрүп берүү максатка ылайыктуу болушу мүмкүн.

3) Андан кийин жол-жоболордун баяндоосу камтылган тилкелерди (2-таблица) талдоо керек. Мында текшерүүчү суроолор катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- бардык эле аракеттердин аткаруучулары барбы, алардын арасында кызмат адамдары барбы;

- бардык эле аракеттер улантылабы;

- бардык эле аракеттерде аракетти жөнгө салуучу документтер барбы;

- бардык эле аракеттерде пайдаланылган жыйынтыктар барбы.

Суроолордун бул тизмеги толук эмес. Алардын жооптору конструктивдүү жана ыңгайлуу болушу керек. Алсак айрым аракеттердин ченемдик белгиленген узактыгы болбогон учурда, ал хронометраж менен белгилениши мүмкүн. Тигил же бул аракеттин пайдаланылган жыйынтыгынын жоктугу ушул аракеттин ашыкча экендигин көрсөтөт, ал жокко чыгарылышы мүмкүн.

4) Бардык жумуш процесстерин реинжиниринг, аларды санарип (кагазсыз) технологияга өткөрүү жана ведомстволук веб-сайт же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө кызмат көрсөтүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин оптималдаштырууга мамилени түп тамырынан бери өзгөртүү мүмкүн.

15. Ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн текшерүүчү суроолорго берилген жооптордун жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуу. Практикалык жактан ишке ашырылышын эске алуу менен айрым аракеттерге карата чечимдердин түрдүү варианттары каралууда. Мисалы, "өзгөртүүсүз калтыруу", "алып салуу", "ирилештирүү", "электрондук форматка которуу", "аутсорингге өткөрүп берүү" ж.б.у.с.

Ошондой эле аткаруучуларынын курамын, аракеттерди жөнгө салуучу документтердин, аракеттердин узактыгын ж.б. өзгөртүү боюнча чечимдер иштелип жатат жана кабыл алынууда.

16. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн оптималдаштырылган вариантын түзүү. Жол-жоболорду жана кызмат көрсөтүү өндүрүш аракеттерин оптималдаштыруунун жыйынтыктары боюнча ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык кабыл алынган чечимдерден келип чыгуучу жол-жоболорду баяндоону (2-таблица) камтыган таблицадагы өзгөртүүлөрдү чагылдыруучу 4-таблица түзүлөт.

4-таблица

Жол-жоболордун жана аракеттердин аталыштары

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы (минутасы сааты, күнү)

Аракеттин жыйынтыгы

Аракетти жөнгө салуучу документ

1-жол-жобо (аталышы)

1.1-аракет

 

 

 

 

1.2-аракет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.n-аракети

 

 

 

 

1-жол-жобонун жыйынтыгы:

1-жол-жобонун узактыгы:

1-жол-жобонун тиби:

Кийинки жол-жобонун номери:

Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы:

 

2-жол-жобо (аталышы)

2.1-аракет

 

 

 

 

2.2-аракет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.n-аракет

 

 

 

 

2-жол-жобонун жыйынтыгы:

2-жол-жобонун узактыгы:

2-жол-жобонун тиби:

Кийинки жол-жобонун номери:

Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы:

4-таблицада келтирилген жол-жоболордун/аракеттердин курамы жана ырааттуулугу 2-таблицанын маанисинен айырмаланышы же болбосо аны менен окшошушу мүмкүн.

4-таблицанын негизинде каралып жаткан кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн жол-жоболорунун оптималдаштырылган вариантынын блок-схемасы түзүлөт. Ал кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн алгачкы блок-схемасына дал келиши да, же болбосо айырмаланышы да мүмкүн.

17. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн оптималдаштырылган вариантынын ар бир жол-жобосун (алгоритм) аткаруу тартибинин графикалык чагылдыруусу түзүлөт.

Бул ишти аткарууда ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген шарттуу белгилерди пайдалануу сунушталат.

Бир жол-жобонун графикалык чагылдыруусунун мисалы ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген.

18. Жол-жоболорду жана аракеттерди түзөтүү. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн оптималдаштырылган вариантын карап чыгуу жана талкуулоо процессинде тигил же бул жол-жобо же аракетти баяндоого, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышына байланышкан мурда байкалбаган көйгөйлүү маселелер келип чыгышы мүмкүн.

Мындай учурларда көңүл коюу менен изилдеп чыгып, кошумча талдоо жана пайда болгон маселелерди чечүү зарыл. Эгерде мындай маселелерди чечүү жол-жоболорду баяндоочу таблицаларда (2-таблица) чагылдырылган мурда белгиленген аракеттердин жана жол-жоболордун курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу болсо, бул аракеттерди аткаруу зарыл.

19. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн оптималдаштырууга чейинки ("колдонулуп жаткан") жана андан кийинки параметрлерин салыштыруу. 2-таблицанын жана 4-таблицанын негизинде кызмат көрсөтүүнүн оптималдаштырууга чейинки жана андан кийинки негизги параметрлерин салыштыруу таблицасы түзүлөт.

5-таблица

Кызмат көрсөтүүнүн параметрлеринин аталышы

Оптималдаштырууга чейин

Оптималдаштыруудан кийин

1. Жол-жоболордун саны, бардыгы:

 анын ичинде:

- административдик жол-жоболордун;

- уюштуруу-башкаруу жол-жоболорунун;

- көмөкчү жол-жоболордун;

- атайын жол-жоболордун

 

 

2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минутасы, сааты, күнү)

 

 

3. Электрондук форматта аткарылган жол-жоболордун жана аракеттердин саны

 

 

4. Керектөөчүлөрдөн суралып алынган документтердин саны

 

 

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу тараптык уюмдардын саны, бардыгы:

анын ичинде:

- ички ведомстволук өз ара аракеттеги;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттеги

 

 

6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу жактардын саны

 

 

7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны

 

 

8. Башка

 

 

 

4-глава. Административдик регламенттин долбоорун даярдоо

20. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору түзөтүлгөн 4-таблицанын жана анын негизинде түзүлгөн блок-схеманын негизинде түзүлөт.

Административдик регламенттин долбоорунда төмөнкү бөлүмдөр болууга тийиш:

1. Жалпы жоболор.

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги.

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы.

4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөсүн баяндоо.

5. Жол-жоболорду аткаруунун схемасы (алгоритми).

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо.

7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.

8. Корутунду жоболор

Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде берилген.

5-глава. Административдик регламенттерди бекитүүнүн тартиби

21. Административдик регламенттердин долбоорлору тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

22. Административдик регламенттер кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө милдеттүү түрдө кайра каралууга тийиш.

23. Административдик регламенттер зарылдыгына жараша, анын ичинде тиешелүү кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын талаптарынын аткарылышына ички жана коомдук мониторинг (контролду) жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча сунуштардын жана башка себептердин негизинде да кайра каралып чыгышы мүмкүн.

6-глава. Корутунду жоболор

24. Административдик регламенттер, эгерде башка мөөнөттөр каралбаса бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет.

25. Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси жумушчу комиссия менен биргеликте бекитилген административдик регламентти иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды иштеп чыгууга милдеттүү.

26. Тиешелүү кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси түзүмдүк бөлүнүштөр жөнүндө жобого жана кызматкерлер менен адистердин кызматтык нускамаларына административдик регламентти киргизүүдөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.

 

 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобого
1-тиркеме

Жол-жоболорду графикалык сүрөттөө үчүн сунушталган
ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР

Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\Toktom\59157f6c-7866-4f22-8e8e-b235a29231e7\document.files\image001.gif

 

 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобого
2-тиркеме

Жол-жоболорду аткаруу схемасынын (алгоритминин)
ҮЛГҮСҮ

Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\Toktom\59157f6c-7866-4f22-8e8e-b235a29231e7\document.files\image002.gif

 

 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобого
3-тиркеме

 

Форма

Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ

 

 

20___-ж. "___" ___________ № _______ буйругу менен
"Бекитилди"
Мамлекеттик органдын/жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси
_____________________________________________
               кызматы жана аты-жөнү, мөөрү

 

______________________________________________________________________________________________

(кызмат көрсөтүүнүн аталышы, мамлекеттик кызматтын реестриндеги номери жана главанын аталышы)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:

_______________________________________________________________________________________________

(кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу ведомстволук/аймактык же түзүмдүк бөлүмдүн аталышын көрсөтүү).

2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20___-жылдын "___" ___________ №____ токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.

3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:

(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: _______ (күн/саат/мүнөт)

(2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси :

а) _____________________________________________________

б) _____________________________________________________

в) _____________________________________________________

(3) Кызматтын өздүк наркы (эгерде акысыз болсо) же кызмат көрсөтүүнүн наркы (эгер акы төлөнө турган болсо): ____________ сом.

Эгерде өтүнмө ээсинин ар бир кайрылуусу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы ар түрдүү болсо, анда анын орточо наркын көрсөтүү керек.

4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: ______________________________

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:

1-таблица

Жол-жоболордун аталышы

Эскертүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн (тиешелүү блок-схеманы келтирүү зарыл).

4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо

2-таблица

Жол-жобонун жана аракеттин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Аракеттердин узактыгы

Аракеттердин натыйжасы

Аракеттерди жөнгө салуучу документтер

 

 

 

 

 

1-жол-жобо (аталышы)

1.1-аракет

 

 

 

 

1.2-аракет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.n-аракет

 

 

 

 

1-жол-жобонун натыйжасы:

1-жол-жобонун узактыгы:

1-жол-жобонун тиби:

Кийинки жол-жобонун номери:

 

2-жол-жобо (аталышы)

2.1-аракет

 

 

 

 

2.2-аракет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.n-аракет

 

 

 

 

2-жол-жобонун натыйжасы:

2-жол-жобонун мөөнөтү:

2-жол-жобонун тиби:

Кийинки жол-жобонун түрү:

5. 1, 2, 3 ж.б. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)

(Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан толтурулат)

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.

1) Ички контролду жүргүзүүчү ______________________________________________________________________________

(кызмат көрсөтүүчү мекеменин тиешелүү

_________________________________________________________________________________________________________

кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлөт)

2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.

3) Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү _____________________________________________________________________ түзөт.

(текшерүүнүн мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт. Мисалы: дайыма, ай сайын, же башка мөөнөт көрсөтүлөт)

Пландан тышкары текшерүү кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.

7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду

_________________________________________________________________________________________________________

(Кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык бул кызмат көрсөтүүгө жооптуу тиешелүү органдын аталышы көрсөтүлөт)

_______________________ чечими менен түзүлгөн комиссия ишке ашырат.

1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.

2) Маалымкат кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн аралыгында бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.

Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.

Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.

3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль _____________________________________________________________________ жүргүзүлөт.

(мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт, мисалы жылына бир жолудан кем эмес)

7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн

_________________________________________________________________

(мекеменин аты көрсөтүлөт)

кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 9. Кызмат көрсөтүү же анын жарым-жартылайы аутсорсингге жеке жактарга же/жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.

8. Корутунду жоболор

10. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти бул кызматтарды акыркы керектөөчүгө көрсөтүү максатында өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) түзүмдөр менен макулдашылды.

(Эгерде кызмат көрсөтүү процессинде өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылбаса, бул пункт көрсөтүлбөйт).

11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.

9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар

1. _____________________________________________________

(аты-жөнү жана ээлеген кызматы)

2. _____________________________________________________

(аты-жөнү жана ээлеген кызматы)

3. _____________________________________________________

(аты-жөнү жана ээлеген кызматы)

2-тиркеме

Форма

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө
МААЛЫМАТТАР

20____-жылдын "___" ____________ карата

Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы

________________________________________________________________________

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат

көрсөтүүнүн базалык реестрине ылайык мамлекеттик/ муниципалдык кызмат

көрсөтүүнүн аталышы: ____________________________________________________

________________________________________________________________________

Административдик регламент бекитилген дата 20____-ж. "___" __________________

Административдик регламенттин кайра каралган датасы 20___-ж."___" ___________

Кызмат көрсөтүү параметринин аталышы

Мурунку жарым жылдык

Отчёттук жарым жылдык

1. Регламенттин жалпы узактыгы

 

 

2. Жол-жоболордун саны, бардыгы:

 анын ичинде:

- административдик жол-жоболордун;

- уюштуруу-башкаруу жол-жоболорунун;

- көмөкчү жол-жоболордун;

- атайын жол-жоболордун

 

 

3. Аракеттердин саны

 

 

4. Электрондук форматта аткарылган жол-жоболордун жана аракеттердин саны

 

 

5. Керектөөчүлөрдөн суралып алынган документтердин саны

 

 

6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу тараптык уюмдардын саны, бардыгы

анын ичинде:

- ички ведомстволук өз ара аракеттеги;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттеги

 

 

7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу жактардын саны

 

 

8. Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны

 

 

9. Башка

 

 

 

____________________________________________

________________

 

(тескөөчү жетекчинин аты-жөнү жана кызматы)

(колу)

20__-жыл "___" _____________