ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автоунаа каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номер белгилерин сатууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:
- Жобонун "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы" деген тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 5-пунктундагы "1-5" деген цифралар "1-4" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "1-4" жана "5" деген цифралар тиешелүү түрдө "1-3" жана "4" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы "6-8" деген цифралар "5-7" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунда:
биринчи абзацындагы "1-5" деген цифралар "1-4" деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "6-8" деген цифралар "5-7" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
С.Исаков |
|
|
"Автоунаа каражаттары үчүн
мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин
сатуу жөнүндө жобонун |
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик
каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин
ТИЗМЕГИ ЖАНА
НАРКЫ
№ |
Цифралардын айкалышы |
Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы (даярдоо жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды эсепке албастан, сом менен) |
1 |
001, 777, 888, 999 |
Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 50000 |
2 |
111, 222, 333, 444, 555, 666 |
Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 30000 |
3 |
007, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900 |
Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 20000 |
4 |
002, 003, 004, 005, 006, 008, 009, 010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 460, 470, 570 |
Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 10000 |
5 |
015, 055, 077, 088, 101, 110, 202, 211, 221, 250, 330, 350, 505, 550, 707, 740, 750, 770, 808, 880, 909, 990 |
4500 |
6 |
011, 012, 013, 014, 016, 017, 018, 019, 022, 033, 044, 066, 099, 102, 103, 220, 303, 312, 404, 440, 606, 660 |
3000 |
7 |
121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 450, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 787, 797, 767, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989 |
1500 |
Эскертүү: Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.".