|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 216
Айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштеткен Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо) тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 65-пункт менен толукталсын:
"
|
65 |
"БЕКПР" ЖЧК |
Чүй облусу |
10.51.1 |
0403200010154 |
Суюк сүт жана каймак чыгаруу |
|
|
|
|
10.51.9 |
|
Сырларды жана башка сүт жана уютулган сүт азыктарын өндүрүү |
".
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
|
Премьер-министри |
|
С.Исаков |