Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 23-майы № 250

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654, 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632, 26 ноября 2020 года № 579 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:

- IX главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"IX глава Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар";

- 9.1-пунктунда:

биринчи абзацындагы "консулдук жыйымдарынын тарифине ылайык консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын тарифине ылайык каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 9.3-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Консулдук жыйымдарды жана чыныгы чыгымдардын ордун толтурууга байланышкан жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "жыйымды" деген сөз "каражаттарды" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 9.4-пунктундагы "консулдук жыйымдар иретинде жана чыныгы чыгымдардын ордун толтурууга байланыштуу алган акча каражаттары" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9.5-пунктунда:

биринчи абзацындагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"а)" пунктчасындагы "Консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14.2-пунктундагы "консулдук иш-аракеттер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн консулдук жыйымдар катары өткөн жылда алынган акча каражаттарынын суммасы, консулдук иш-аракеттерди жүргүзүүдө чыныгы чыгымдардын ордун толтуруу үчүн келип түшкөн каражаттар, ошондой эле" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн өткөн жылда алынган каражаттардын суммасы жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. (Утратил силу в соответствии с постановлением Правительства КР от 26 ноября 2020 года № 579)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы ", консулдук жыйымдарды жана факты жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды алуу маселесин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларга ылайык консулдук жыйымдар жана факты жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды алуу маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Консулдук уставында:

- 11-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-глава. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар";

- 41-пунктунда:

биринчи абзацындагы "консулдук акы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 42-пунктундагы "Консулдук акылар" деген сөздөр "Каражаттар" деген сөз менен, ал эми "Консулдук акылар тарифине ылайык алынат" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын тарифине ылайык алынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 43-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Консулдук акылардын" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын жаранынын негизделген жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, эгерде катта көрсөтүлгөн себептер жүйөлүү болсо (оору, материалдык оор абал, кырсык ж.б.), анда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилери жана ТИМдин консулдук кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасын азайтууга же төлөөдөн толук бошотууга укуктуу.";

- 44-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 45-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"а)" пунктчасындагы "консулдук акыларды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"б)" пунктчасындагы "консулдук акылардан" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"и) дипломатиялык жана кызматтык визаларды тариздөөдө, буга ушундай визаларга карата эки жак үчүн бирдей болгон шарттарда каражат алынбоочу учурлар кирбейт;".

6. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө";

- 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары, 2-тиркемеге ылайык.";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жөнүндө жободо:

- аталышындагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүктөрү (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөлөрдөгү мекемелер) тарабынан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактарына консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар алынат.";

- 2-пунктундагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси жок болсо, аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, ошол өлкөдөгү башка чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан алынат. Бул учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар ошол мекемелерде колдонулган ставкалар боюнча алынат.";

- 5-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Кыргыз Республикасынын аймагында - ТИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде - жетекчи жана бухгалтер консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын туура алынышына контроль жүргүзүшөт, банктын алыш-бериш эсебине каражаттардын өз убагында жана толук түшүүсү жана алардын смета боюнча пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат.";

- 11-пунктундагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-1-пунктундагы "консулдук жыйымдардан" деген сөздөр "каражаттарды төлөөдөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар консулдук иш-аракеттерди аткарууга чейин алынат. Каражаттарды төлөөнү азайтуу, аны төлөөдөн бошотуу менен байланышкан айрым учурлар ушул Жобонун 19-пункту менен жөнгө салынат.";

- 14-пунктундагы "Консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пунктундагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-пунктундагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Чет өлкөлүк жарандардан жана юридикалык жактардан консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды алууда өз аралык принцибин сактоо максатында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Кыргыз Республикасынын жарандарынан ушул сыяктуу консулдук иш-аракеттер үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларын эске алуу менен түзөтүлүшү мүмкүн.

Консулдук кызматтарды көрсөтүүдө каражаттардын өлчөмүн аныктоонун жана аларды алуунун айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.";

- 18-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-1-пунктундагы "консулдук жыйымдардан" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-пунктундагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 21-пунктундагы "Консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 22-пунктундагы "Консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-пунктундагы "Консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Консулдук жыйымдар" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пунктчасындагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктчасындагы "консулдук жыйымдардан" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-пунктчасындагы "алардан өз ара түшүнүшүү шарттарында консулдук жыйымдар алынган" деген сөздөр "өз ара түшүнүшүү шарттарында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар алынбаган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдардын ставкасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары";

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.";

- 3-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктундагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "каражаттардын" деген сөз менен алмаштырылсын;

- таблицада:

үчүнчү тилкесиндеги "Консулдук жыйымдардын ставкасы, сом менен" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы, сом менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү тилкесиндеги "Консулдук жыйымдардын ставкасы, АКШ долл. менен" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы, АКШ долл. менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:

- 10-пунктундагы "консулдук жыйымдар төлөнгөн жана иш жүзүндөгү чыгымдар кайтарылган" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 26-пунктунда:

биринчи абзацындагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 33-пунктундагы "консулдук жыйымдарды жана жүзөгө ашырылган нотариалдык иш-аракеттер үчүн кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарды жабууга карата жыйымдарды" деген сөздөр "нотариалдык иш-аракеттер үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 38-пунктундагы "консулдук жыйымдар жана иш жүзүндө кеткен чыгымдар" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 39-пунктунун он алтынчы абзацындагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 89-пунктундагы "консулдук жыйым жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн" деген сөздөр алып салынсын;

- 104-пунктунун экинчи абзацындагы "консулдук жыйым" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 168-пунктундагы "консулдук жыйым жана факт жүзүндөгү жыйым" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 178-пунктундагы "консулдук жыйымдар жана факт жүзүндөгү жыйымдар" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 191-пунктундагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 194-пунктундагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 202-пунктунун жетинчи абзацындагы "консулдук жыйымдын же" деген сөздөр алып салынсын, "факт жүзүндөгү жыйымдын" деген сөздөр "каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

- III бөлүмүнүн 19-32-главаларынын бүткүл тексти боюнча "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" деген сөздөр "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- III бөлүмүнүн 19-главасынын 13-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын өлчөмдөрү жана мамлекеттик алымдын өлчөмү монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларынын тарифтери тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат";

- III бөлүмүнүн 20-32-главаларынын 13-пункттарынын экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын өлчөмдөрү жана мамлекеттик алымдын өлчөмү монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларынын тарифтери тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат".

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамада:

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Визаларды тариздөө жана визалык колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте каражаттар алынат.";

- 34-пунктунда:

төртүнчү абзацындагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "каражаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацындагы "жыйымдарды" деген сөз "каражаттарды" деген сөз менен алмаштырылсын;

тогузунчу абзацындагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 36-пунктундагы "консулдук жыйымдар" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 58-пунктунда:

бешинчи абзацындагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацындагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 61-пунктунун 3-пунктчасындагы "консулдук жыйымдарды" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 62-пунктунун төртүнчү абзацындагы "консулдук жыйындардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 69-пунктунун бешинчи абзацындагы "консулдук жыйымдардын" деген сөздөр "консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев