Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 16-июлу № 324

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин "3-этап" жана "4-этап" деген главалары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев