|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Салык органдарына патентти кагаз
жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн
ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөргө ыктыярдуу, милдеттүү патентти жана милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иштин чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта (электрондук патент) документ түрүндө берүү тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор жана ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
1. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайты (мындан ары - ЫУСО веб-сайты) - маалыматтарды жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде электрондук патентти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук порталы;
QR-коду - мобилдик түзүлүштөр менен таануу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалыматты камтыган матрицалык код (кош өлчөмдүү штрих код);
перифериялык түзүлүштөр - банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка түзүлүштөр.
электрондук патент - ЫУСО веб-сайты аркылуу алынган жана иштин белгилүү бир түрүн ишке ашырууга салык төлөөчүнүн укугун жана иштин ушул түрү боюнча салыктарды төлөгөндүгүн күбөлөндүрүүчү, ошондой эле патентти колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кирешелерди алууну ырастаган электрондук документ.
2. Патентти кагаз жүзүндө берүү
2. Патентти биринчи жолу алууда салык төлөөчү ишкердик жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына колу коюлган арызын берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөт (юридикалык жактардан тышкары);
- жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү, түп нускасын көрсөтүү менен (паспорт).
Жалданма кызматкерлер болгон учурда, алар үчүн киреше салыгы төлөнгөн кызматкерлердин аты-жөнүн, алардын идентификациялык номерин, паспорт берилген датаны жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен, ишкердин колу коюлган кызматкерлердин тизмеси тиркелет (2 нускада).
Юридикалык жактын арызына жетекчинин же анын орун басарынын колу коюлууга жана милдеттүү түрдө мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-беренесине ылайык патент салык төлөөчүгө төмөнкүлөр болгон учурда анын салыктык өкүлү аркылуу берилиши мүмкүн:
- салык төлөөчү менен салыктык өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;
- салык төлөөчү салыктык өкүлгө берген ишеним кат.
3. Аймактык салык органы арыз келип түшкөн күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө аны карайт жана салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу патентти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Салык органы тарабынан патентти берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда баш тартуунун себебин негиздөө менен жүргүзүлөт:
- патенттик негизде ишке ашырылуучу иштин түрлөрүнүн бекитилген тизмегине иштин түрү шайкеш келбесе;
- жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН жок болсо (жалданма кызматкердин ИСН тышкары);
- арызда юридикалык жактын жетекчисинин же анын орун басарынын колу жана мөөрү жок болсо;
- салыктын суммасы толук төлөнбөсө (белгиленген мөөнөткө иштин ар бир өзүнчө түрү үчүн);
- арызда анык эмес жана бурмаланган маалыматтар көрсөтүлсө;
-товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен тышкары;
- ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоо чеги ашып кетсе.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык ишти жүргүзө баштаганга чейин төлөнөт.
5. Патентти тариздөөдө салык органынын кызмат адамы патенттин бланкынын бардык графаларын жана патенттин дүмүрчөгүн так толтурууга, патентке сүрөттү чаптоого милдеттүү.
Салык органынын кызмат адамы тарабынан ыктыярдуу патентти жана жалданма кызматкерге патент берүүдө милдеттүү түрдө анын аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлат жана салык органынын тийиштүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Милдеттүү патентке салык органынын аймактык жетекчиси же анын орун басарлары аты-жөнүн жазып, колун коёт жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
6. Патент берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органынын кызмат адамы тарабынан салык органынын автоматташтырылган маалымат системасынын тийиштүү модулу аркылуу чыгарылат.
Оң чечим кабыл алынса, автоматташтырылган система патентке серия жана номер ыйгарат. Андан соң аймактык салык органынын кызматкери патентти кагаз жүзүндө берет.
Патенттин дүмүрчөгү патент берүүчү салык органдарында коюлган металл сейфте сакталат.
7. Патент төмөнкүдөй учурларда жарактуу болуп саналат:
- патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө жана иштин түрлөрүнө салык органынын жетекчисинин (салык инспекторунун) мөөрү жана коюлган колу болсо;
- атына (аталышына) патент берилген салык төлөөчү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишин кошпогондо, патент алынган райондун (шаардын) аймагында;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин көрсөткөндө (юридикалык жактардан тышкары).
8. Кагаз жүзүндө берилген патент жоголгон учурда салык органы дубликатын берет. Бул учурда калган салык мезгилине салык төлөөчүгө "жоголгон патенттин ордуна" деген белги коюлган жаңы патент берилет.
3. Патентти электрондук форматта алуу
9. Электрондук патент алуу үчүн салык төлөөчү:
- жашаган жери жана/же ишкердик жүргүзгөн жери боюнча салык органында салыктык же эсептик каттоого ээ болуусу зарыл;
- катталган жери боюнча аймактык салык органында алынган жөнөкөй электрондук кол тамгага (логин), же ЫУСОнун веб-сайты аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасына (мындан ары - ЫУСО АМС) кирүү үчүн күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамгага (ID-карта) ээ болуусу зарыл;
- иштин түрүнө жараша ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө методу менен салыктын суммасын төлөйт.
10. Салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан накталай жана накталай эмес түрдө банк мекемелери, перифериялык түзүлүштөр, POS-терминал, электрондук капчык, интернет жана/же мобилдик банкинг аркылуу төлөнөт.
Салык төлөөчүнүн салыктын суммасын төлөгөндүгү ЫУСО АМСта текшерилет. Салык төлөөчү салыктын суммасынын төлөнгөндүгүн ЫУСО веб-сайтынын "Салыкты төлөө боюнча чекти издөө" бөлүмүндө текшере алат.
11. Электрондук патент алуу үчүн ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгага ээ болгон салык төлөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ЫУСО АМСта электрондук патентти алууга арызды толтурат:
- патенттин түрүн («Ыктыярдуу патент», «Милдеттүү патент», «Милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент», «Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент»);
- иштеген жери боюнча аймактык салык органынын аталышын;
- иштин түрүн;
- ишти жүргүзүү дарегин;
- объекттин аталышын;
- патентти колдонуу мөөнөтүн.
Идентификациялык салык номерин, жеке ишкердин аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын, жеке ишкердин жашаган жерин (юридикалык жактар үчүн - юридикалык дарегин) ЫУСО АМС автоматтык түрдө түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Иштин түрүнө, патентти колдонуу мөөнөтүнө жана жеке көрсөткүчтөрүнө жараша патент боюнча салыктын суммасы автоматтык түрдө түзүлөт.
Төлөмдү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү төлөө формасын (накталай же накталай эмес) тандайт жана төлөйт.
13. ЫУСО АМС салыктын суммасы төлөнгөндүгүн жана арыз туура толтурулгандыгын ырастаса, ЫУСО АМС тийиштүү электрондук патентти түзөт.
Салыктын суммасынын төлөнгөндүгү ырасталбаса жана/же арыздын бардык графаларынын көрсөткүчтөрү толук толтурулбаса, электрондук патент түзүлбөйт. Мында, салык төлөөчү арызына ондоолорду киргизе алат.
14. ЫУСО АМС электрондук патентке автоматтык түрдө уникалдуу номерди жана QR-кодду ыйгарат.
15. Электрондук патентти алуу фактысын ырастоо максатында салык төлөөчү электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн басып чыгарып, зарыл болгон учурда салык төлөөчүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк менен бирге көрсөтүүгө тийиш.
16. Электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тийиштүү тиркемеге ээ болгон мобилдик түзүлүш (Android) аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн (QR-кодду сканерлөө жолу менен текшерүүгө болот.
17. Электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү айрылып же жоголуп кеткен учурда салык төлөөчү ЫУСО веб-сайты аркылуу кайрадан чыгара алат.
18. Электрондук патент төмөнкүдөй учурларда жарактуу деп эсептелет:
- эки тараптуу кайталангыс номери, (QR-коду жана ЫУСО АМСте тиешелүү маалымат болсо;
- электрондук патентте аты (аталышы) жазылган салык төлөөчү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү шаар аралык ташуу боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишин кошпогондо, электрондук патентти алган салык төлөөчү иштеген райондун (шаардын) аймагында.
19. Соода жүргүзүү точкасынын же кызматтарды көрсөтүүнүн ар бирине салык төлөөчү тарабынан өзүнчө салык төлөнөт.
20. Патенттин түрүнө жараша салык төлөөчү төмөнкүдөй суммаларды төлөйт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген салыктын базалык суммасынын чегинде ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген ставкалар боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ставкалар боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 348-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир айда 7 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө иштеген жалданган кызматкердин айлык акысынан киреше салыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеден улам эсептелген, милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө иштеген жалданган кызматкердин айлык акысынан киреше салыгы.
21. Салык төлөөчүгө ишкердиктин ар бир түрүнө салык органы тарабынан өзүнчө патент берилет. Патентти электрондук форматта алууда салык төлөөчү патентти ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө тариздеши керек.
Ыктыярдуу патенттер катары менен келүүчү 15, 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Милдеттүү патенттер катары менен келүүчү 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин айлык акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патентти сатып алууга укуктуу.
Жалданма кызматкерге патент жумуш берүүчүдө жарактуу милдеттүү же ыктыярдуу патент болсо жана ушул патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө гана берилет.
Катары менен келүүчү каалаган сандагы календардык күнгө ыктыярдуу патенттер ушул Тартипте аныкталган тартипте берилет.
Салыктын суммасы 90 күнгө патент сатып алууда 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда 10 пайызга төмөндөтүлөт.
Салык төлөөчү бир соода түйүнүндө ыктыярдуу патенттин ставкалары боюнча ар кандай чоңдуктагы товарлардын түрлөрүн саткан учурда ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык товардын максималдуу ставкасы белгиленген бир түрүнө гана патенттин ставкасы боюнча ал сатып жаткан товарлардын бардык көрсөтүлгөн түрлөрүнө бир жолу алынат. Ошол эле учурда салык төлөөчүгө берилген патентте ал сатып жаткан товарлардын бардык белгиленген түрлөрү көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.
23. Иштин айрым түрлөрүн ишке ашырууга берилүүчү патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензияларды жана аны жүргүзүүгө укук берген башка атайын уруксаттарды алмаштырбайт.
24. Салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн ишти аткарса, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерин кошпогондо, товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, салык органы патентти жокко чыгарууга укуктуу.
Салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогору кылып койсо, ыктыярдуу патент жокко чыгарылат.
Патентти жокко чыгарууда салык органы үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу салык төлөөчүгө кабарлоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Патентти сатып алууда салык төлөөчү төлөгөн салыктын суммасы белгиленет жана кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы патентти сатып алгандан кийин кайтарылбайт.
26. Патент берилген гана аймакта (район, райондорго бөлбөстөн шаар же Бишкек шаары) жарактуу болуп саналат. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
27. Кагаз жүзүндөгү патенттин бланкы тыкыр отчёттуулуктагы документ болуп саналат. Патент Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аралыгында сакталууга тийиш.
28. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү республиканын аймагы же эл аралык багытта ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү же электрондук форматтагы ыктыярдуу патентти катталган жана ишти жүргүзгөн жерине карабастан, каалаган аймактык салык органында сатып алууга укуктуу.
29. Ишти патентсиз жүргүзсө же ушул Тартиптин пункттарын бузса, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
30. Ишти патентсиз жүргүзүү ишти каттоосуз жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат.