Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 19-октябры № 488

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 "Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибинде:

- аталган Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- аталган Тартиптин 4-тиркемесинин 3-пункту "атайы врачтык комиссиянын бүтүмү" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми соттолгондо психикалык бузулуулардын белгилери аныкталган учурда - соттук-психиатриялык эксперттик комиссиянын бүтүмү" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "түзөтүү мекемелерине" деген сөздөр "коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбулада:

"түзөтүү мекемелери" деген сөздөр "коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"23" деген цифралар "43" деген цифралар менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктундагы "түзөтүү мекемелерине" деген сөздөр "коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген адамдар түзөтүү мекемелерине атайын уруксатсыз кире алат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү түзөтүү мекемелерине атайын уруксат боюнча ушул Жобонун 3-9-пункттарында аныкталган тартипте киришет.";

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Соттолгондорду киного, сүрөткө жана видеого тартууга, алардан интервью алууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын аудио-видео каражаттарын пайдалануу менен, мекеменин администрациясынын жана соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.

Түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылган объекттерди киного, сүрөткө жана видеого тартуу аталган мекемелердин администрациясынын уруксаты менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында аталган адамдар тарабынан түзөтүү мекемелерине киного, сүрөткө жана видеого тартуу жабдыктарын алып өтүү жана аларды колдонуу атайын уруксатсыз жүргүзүлөт.

Түзөтүү мекемелеринин администрациясы аларга кирген адамдардын коопсуздугун камсыз кылат.".

3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган, бекитилген каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

1-тиркеме

"1-тиркеме

Соттолгондорду жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылууга негиз болгон оорулардын
ТИЗМЕСИ

Соттолгондорду жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылууга негиз болгон оор оорулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

1) кургак учуктун төмөнкү түрлөрү жана формалары:

- ички органдардын амилоидозу менен оордошкон омурткалардын, жоон сөөктөрдүн жана муундардын кургак учугу, заара чыгаруучу жолдордун мүнөздүү процесстери жана терминалдык стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен оордошкон, эмгекке жарамдуулугун толук жана туруктуу жоготуу менен коштолгон бөйрөктүн эки тараптуу көңдөйлүү кургак учугу;

- дарылоонун начар жыйынтыгы менен көп жана кеңири тараган дарыга туруктуу жана III даражадагы өпкө-жүрөктүн кемчилдиги менен коштолгон кургак учук.

2) шишиктердин төмөнкү түрлөрү:

- Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясы боюнча 4-клиникалык топтогу бардык залалдуу шишиктердин IV стадиясы.

Клиникалык диагноз гистологиялык же цитологиялык изилдөө менен ырасталат; биопсия алуу мүмкүндүгү болбогон учурда клиникалык-лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт жана саламаттык сактоо системасынын уюмунун адисинин кеңеши алынат;

- лимфопролиферативдүү оорулар (күчөп кеткен стадиялары);

- миелопролиферативдүү оорулар (күчөп кеткен стадиялары);

- курч лейкоз (бардык формалары);

- оор жана өтө оор даражадагы апластикалык аз кандуулук;

- IV даражадагы оордошкон, сөөк-муун системасынын айкын жабыркашы менен коштолгон оор даражадагы гемофилия.

Клиникалык диагноз миелограмманын, трепанобиопсиянын жана иммунофенотиптөөнүн маалыматтары боюнча саламаттык сактоо уюмунун гематологунун корутундусунун негизинде ырасталат;

- дарылоодон натыйжа болбогон учурда кыймыл, сезүү жана вегетативдик-трофикалык функцияларынын бузулушу көрүнүп турган, тез өсүп бараткан көздүн жана анын кошумча аппаратынын, мээнин, жүлүндүн, баш сөөк-мээ нервдеринин залалдуу шишиги;

3) эндокриндик системанын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

- органдардын жабыркашына таасир берген 1 жана 2-типтеги кант диабети (бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминилдык стадиясындагы макроангиопатия, ретинопатия, полинейропатия, нефроангиосклероз, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен, жүрөктүн ишемиялык ооруларынын оор формалары (IV функционалдык класстагы стенокардия, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, Fontain классификациясы боюнча IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча IV стадиядагы буттун артериясынын ичкериши);

- кескин оордошкон Иценко-Кушинг синдрому: жиликтердин же омуртканын патологиялык сынышы; булчуңдардын атрофиясы; IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен кардиомиопатия; эки же андан көп бут-колдун кыймылынын туруктуу жана терең бузулуусу менен коштолгон мээдеги кан айлануунун бузулушу;

- кахексия стадиясындагы гипофизардык жетишсиздик (Симмондс оорусу);

- IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен, тиретоксиялык жүрөк менен оордошкон диффузиялык уулуу богок (оор өткөн түрү);

4) оорулууга өзүнүн кыймыл-аракеттеринин анык мүнөзүн жана коомдук коркунучун сезүүгө же аларды башкарууга мүмкүндүк бербеген, туруктуу оор же улам күчөп туруучу ооруксунткан көрүнүштөр менен коштолгон (өнөкөт психоз жана кем акылдык) өнөкөт жана создуккан психикалык бузулуулар;

5) нерв системасынын жана сезүү органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

- мээнин инсульту жана инфаркты, мээнин очогунун жабыркашы туруктуу ачык байкалган цереброваскулярдык оорулар (геми-, параплегиялар; терең геми-, парапарездер; мейкиндикте жана убакытта багыттын бузулушу, акинеттик-ригиддик синдром);

- функциянын туруктуу бузулушу менен коштолгон жүлүндүн инфаркты (сезгичтиктин кеңири жайылган бузулуулары, жамбаш органдарынын функцияларынын бузулуулары менен коштолгон шал оорусу);

- аныкталган диагноздо алгачкы (жаракатсыз) субарахноидалдык жана мээ ичине кан куюлуулар;

- кыймылдын кыйла билинген жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон баш сөөк-мээ жаракаттары;

- кыймылдын кыйла билинген жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон жүлүндүн жаракаттары;

- четки нерв системасынын (кыймылдын кыйла билинген жана кескин көрүнгөн бузулуулары менен коштолгон ийин чатышынын, бел-куймулчак чатышынын, жамбаш сөөк нервинин) жаракаттары;

- кыймыл-аракеттин одоно бузулуусу менен коштолгон мээнин спастикалык шал оорусу;

- функциянын терең туруктуу бузулушу болгон мээнин жана жүлүндүн органикалык жабыркашы жана процесстин ылдамдашы менен коштолгон борбордук нерв системасынын инфекциялык демиелинизациялоочу оорулары (оор шал оорулары, кеңири тараган сезгичтиктин бузулушу, жамбаш органдарынын функцияларынын бузулушу, трофикалык бузулуу менен коштолгон терең кесип алуулар; ачык байкалган акинеттик-ригиддик синдром);

- оордуктун II-III даражадагы түрдүү клиникалык типтеринин күчөп бараткан булчуң дистрофиялары;

- энцефалит, миелит жана энцефаломиелит;

- мээнин жана омуртканын ички абсцесси жана гранулема;

- нейросифилис;

 - энөө склероз;

- диффуздук склероз;

- сиригобульбия;

- гепатоцеребралдык дистрофия (гепатолентикулярдык дегенерация; Вильсон-Коновалов оорусу);

- амиотрофикалык каптал склерозу;

 - миастения;

- тез-тез кармаган тонико-клиникалык талма, талма абалы, экинчи ирет кармаган оорлошкон парциалдык талма;

 - эки көздүн азиздиги;

6) кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

- IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен жүрөк оорулары;

- ички органдардын органикалык өзгөрүүлөрү менен коштолгон хирургиялык дарылоого болбой турган конструктивдик жүрөк кабынын сезгениши;

- кардиомегалия жана IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги бар жүрөктүн кийин пайда болгон же тубаса кемтиги;

- Ill-IV функционалдык класстардагы жүрөк кемчилдиги менен кардиомиопатия (реструктивдик, дилятациялык, гипертрофиялык кептелме);

- жүрөктүн ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формалары;

- жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: IV функционалдык класстагы туруктуу жүрөк мыкчылуусу, инфарктан кийинки атерсклеротикалык кардиосклероз, анын ичинде өнөкөт аневризма, III-IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формасы менен коштолгон коронардык ангиопластика жана коронардык туташтыруу;

- курч коронардык синдром, туруксуз стенокардия, Принцметал стенокардиясы, Q-толкунсуз жана Q-толкундуу миокард инфаркты (абал жакшыргандан кийин карап текшерип көрүү);

- бута органдарынын жабыркоо белгилери менен III даражадагы гипертониялык оорулар: жүрөктүн - III-IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен сол карынчасынын гипертрофиясы; бөйрөктүн - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы; мээнин - инсульту;

- негизги кан тамырлардын жабыркашы менен коштолгон тамырлардын оорусу (гангреналык-некротика стадиясындагы экиден кем эмес кол-бут учтары);

- кан тамыр хирургунун кеңешинен кийин бүтөлгөн эндартерииттин оорлошкон формасы (Fontain классификациясы боюнча III-IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча III-IV стадиядагы);

- кан тамыр хирургунун кеңешинен кийин бүтөлгөн атеросклероздун оорлошкон формасы (Fontain классификациясы боюнча III-IV стадиядагы же А.В.Покровскийдин классификациясы боюнча III-IV стадиядагы);

- Рейно оорусунун (синдрому) оор жана күчөгөн формалары (кол-бут гангренасы);

- жайылган сепсис менен оордошкон, күпчөк стадиясындагы эки буттун лимфостазасы;

7) дем алуу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

- IV стадиядагы өпкөнүн өнөкөт кептелме дарты (диффуздук пневмосклероз, өпкөнүн эмфиземасы менен коштолгон өпкөнүн өнөкөт кептелме дарты), анын ичинде декомпенсация стадиясындагы өнөкөт өпкөлүк жүрөк, III даражадагы дем алуу кемчилдиги, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен;

- дарылоого рефрактердүү оор колко муунтмасы;

- колконун кеңейген дарты (оор формалары - жылына 5тен ашык кабылдап туруусу, суткасына күнүмкү какырык 200 мл ашык бөлүнүп чыгуусу, оорлошкон формалары - III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон пневмофиброз жана компенсацияланган өпкөлүк жүрөк);

- өпкөнүн абсцесси (хирургиялык дарылоодон кийинки күбөлөндүрүү);

- өпкө кабынын эмпиемасы (хирургиялык дарылоодон кийинки күбөлөндүрүү);

- III даражадагы дем алуу кемчилдиги жана компенсацияланган стадиядагы өпкөлүк жүрөк (IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги) менен оорлошкон түрдүү этиологиядагы пневмокониоз;

- III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон идиопатикалык фиброздоочу альвеолит;

 - саркодиоз: күчөп кеткен учурда терапияга рефрактердүү оор өтүшү өпкө жагынан - III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен өпкөнүн кайталанбас фиброзу; жүрөк жагынан - жүрөктүн ыргагынын жана өткөргүчтүгүнүн бузулушунун жашоого коркунуч туудурган формалары, IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги менен өпкөлүк жүрөк; бөйрөк жагынан - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы; функционалдык жөндөмдөрдүн олуттуу жана анык бузулушу менен коштолгон башка органдардын жана системалардын катуу жабыркашы (нерв системасы, тамак сиңирүү системасы, көрүү органдары, сөөк-муун системасы, лимфа түйүндөрү);

- III даражадагы дем алуу кемчилдиги менен коштолгон алгачкы эмфизема;

8) тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

- кахексия стадиясындагы сиңирүүнүн (мальабсорбция синдрому) анык бузулуу синдрому менен ичеги, уйку безинин жана ашказан оорулары;

- гиперспленизм, порталдуу гипертензия, III-IV даражадагы боор клеткаларынын кемчилдиги менен коштолгон декомпенсация стадиясындагы ("Чайлд-пью" боюнча оорлошуу классы) түрдүү этиологиядагы боордун циррозу;

9) терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен бөйрөк оорулары;

10) туруктуу түрдө жайылган процесс жана терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен же III стадиядагы кан айлануу кемчилдиги, же борбордук нерв системасынын туруктуу ачык жабыркашы (геми-, параплегиялар; геми-, парапарездер), же дисфагия, дизартрия менен туурасынан кеткен булчуңдардын жалпы жабыркашы менен коштолгон учурдагы сөөк-булчуң системасынын жана туташтыруучу ткандын ооруларынын төмөнкү түрлөрү:

- IV функционалдык класстагы муун кызыл жүгүрүгү;

- геморрагиялык васкулит: бөйрөктүн жабыркашы - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы;

- IV функционалдык класстагы сенектентүүчү спондилоартрит (Бехтерев оорусу);

- системалуу канчоо: бөйрөктүн жабыркашы - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы, борбордук нерв системасынын жабыркашы - ишемиялык инсульт (күчөгөн стадиясы), геморрагиялык инсульт (күчөгөн стадиясы), психомотордук бузулуу; туурасынан кеткен миелит; өпкөнүн жабыркашы - III даражадагы өпкө кемчилдиги; оор гемотологиялык бузулуулар. Катастрофиялык антифосфолипиддик синдром менен системалуу канчоо;

- дерматомиозит: дисфагия, дизартрия жана активдүү дарылоонун фонунда өзүн-өзү тейлөөнү жоготуу менен коштолгон туурасынан кеткен булчуңдардын жалпы жабыркашы; өпкөнүн жабыркашы - III даражадагы өпкө кемчилдиги;

- түйүндүү периартериит: бөйрөктүн жабыркашы - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы;

- системалуу склеродермия: өпкөнүн жабыркашы - III даражадагы өпкө кемчилдиги; бөйрөктүн жабыркашы - өнөкөт бөйрөк кемчилдигинин терминалдык стадиясы; жүрөктүн жабыркашы - IV функционалдык класстагы жүрөк кемчилдиги, ыргактын оордошкон бузулуусу;

11) подагра: IV функционалдык класстагы тофус формасы, бөйрөк жабыркаган учурда - өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин терминалдык стадиясы;

12) анатомиялык дефект: колдун же буттун жогорку ампутациясы, ошондой эле бир колдун жана бир буттун жогорку ампутацияларынын айкалышы (аталган жаза өтөө мезгилиндеги оорудан же жаракаттын натыйжасында).".