Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3069de24-7d67-4a0b-9c20-00dc241279eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1998-жылдын 7-августу № 118


Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2013-жылдын 30-июлундагы № 173
Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы кабыл алынсын.

2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
1998-жылдын 7-августундагы
№ 118 Мыйзамы менен кабыл алынган

 

  

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматынын
Уставы

 

Жалпы Жоболор

 

Биринчи бөлүк. Гарнизондук кызматты уюштуруу жана өтөө

 

1-глава. Гарнизондун кызмат адамдары жана алардын милдеттери

 

2-глава. Гарнизондук наряд

 

3-глава. Гарнизондун аскердик автомобилдик инспекциясы

 

Экинчи бөлүм. Кароол кызматын уюштуруу жана өтөө

 

4-глава. Кароол кызматын уюштуруу жана кароолдорду даярдоо

 

5-глава. Кароол адамдарынын укуктары жана милдеттери

 

6-глава. Кароолдорду бөлүштүрүү жана алмаштыруу

 

7-глава. Кароолдогу ички тартип

 

8-глава. Кароолдорду текшерүү

 

9-глава. Айрым жайгашкан радиотехникалык, башка атайын кичи бөлүктөрдөгү жана аскерлер

                менен аскер жүктөрүн ташуудагы кароол кызматынын өзгөчөлүктөрү

Үчүнчү бөлүк. Аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүү

 

10-глава. Аскер парады

 

11-глава. Аскердик урмат көрсөтүү

 

 

Ушул Устав гарнизондук жана кароол кызматтарынын арналышын, уюштуруу жана өтөө тартибин, гарнизондук кызмат адамдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.

Уставдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана Мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандарга (мындан ары - аскер кызматчылары) жайылтылат.

 (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1. Калктуу пунктта же андан сыртта туруктуу же убактылуу жайгашкан аскердик бөлүктөр гарнизонду түзүшөт.

Эреже катары ири гарнизондун курамына ага жакын калктуу пункттарда жайгашкан бардык аскердик бөлүктөр киргизилет.

2. Ар бир гарнизондо гарнизондук жана кароол кызматы уюштурулат.

Гарнизондук кызмат гарнизондо аскердик тартипти сактоону, күндөлүк турмуш жана аскерлерди даярдоо үчүн зарыл шарттарды, алардын айгай боюнча уюшкандыкта чыгуусун жана аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылууну көздөйт.

Кароол кызматы күжүрмөн желектерди, курал-жарак, аскердик техника, башка материалдык каражаттар сакталган жайларды жана башка аскердик жана мамлекеттик объекттерди ишеничтүү сактоо жана коргоо үчүн, ошондой эле, гауптвахтада жана тартиптик батальондо кармалган адамдарды кайтаруу үчүн арналган.

3. Гарнизондордун тизмеги жана алардын чек аралары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет. Бул чектерге, аскерлер жайгашкан пункттардан тышкары, гарнизондук аскердик бөлүктөргө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылуу үчүн чоң мааниге ээ болгон кээ бир жакын жайгашкан калктуу пункттар жана чөлкөмдөр кириши мүмкүн. Гарнизондун чек аралары гарнизондун бардык жекече курамына жакшы белгилүү болууга тийиш.

4. Гарнизондук жана кароол кызматтарына жетекчилик кылууну гарнизондун чектеринде гарнизондун зардалы ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү бөлөк мамлекеттин аймагында жайгашканда гарнизондук жана кароол кызматтарына жетекчилик, гарнизондордун чек аралары, Кыргыз Республикасы менен аймагында аскердик бөлүктөр жайгашкан мамлекеттин ортосундагы эл аралык макулдашууда бекитилген, Кыргыз Республикасынын аскерлеринин чет өлкөлөрдө болушунун статусу менен жөнгө салынат.

Баш ийген аскерлердеги гарнизондук жана кароол кызматтарынын абалы үчүн жоопкерчилик бардык тикелей зардалдарга да жүктөлөт.

Бардык тикелей зардалдар өздөрүнө баш ийген аскерлердеги гарнизондук жана кароол кызматтарынын абалын дайыма текшерип турууга, ошондой эле, зардалдар жана гарнизондордун аскердик коменданттары менен аскердик тартипти жана гарнизондордогу тартипти ар кандай чаралар менен чыңдоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Аскерлер полигондорго жана лагерлерге жайгашканда аскердик тартипти сактоо, полигондордун объекттерин жана жалпы лагердик объекттерди кайтаруу иш-чаралары ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ылайык жүргүзүлөт.

6. Гарнизондук жана кароол кызматтарын өтөөгө гарнизондун курамына кирген аскердик бөлүктөр тартылат.

Гарнизондо аскердик бөлүктөрдүн гарнизондук жана кароол кызматтарын өтөөсүнүн кезектүүлүгү, алардын курамына жана түрүнө жараша гарнизондун башчысы тарабынан белгиленет.

Кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелери гарнизондо гарнизондук жана кароол кызматтарын өтөөгө, бул максат үчүн окуу планында каралган убакыттын чектеринде тартылышат.

7. Аял-аскер кызматчылары, аскер кызматчыларын көмүүдөгү аскердик сый-урмат көрсөтүүлөргө жана Ата Мекендин эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн уруштарда курман болгон жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарлар коюуга катышуудан жана гарнизондук иш-чараларды камсыздоого катышуудан тышкары, гарнизондук жана кароол кызматтарын өтөөгө тартылышпайт.

8. Ар бир аскер кызматчысы гарнизондук же кароол кызматын өтөгөн адамдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Патрулдардын, аскердик автомобилдик инспекциянын инспекторлорунун же кароолдун курамынын ичинен кимдир-бирөөсү кызмат тартибин бузгандыгын байкаган аскер кызматчысы, бул тууралу аскердик комендантка же кароол боюнча кезметчиге (аскердик бөлүк боюнча кезметчиге, кароол зардалына) дароо кабарлоого жана өзүнүн түздөн-түз зардалына билдирүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

БИРИНЧИ БӨЛҮК.
Гарнизондук кызматты уюштуруу жана өтөө

 

1-глава. Гарнизондун кызмат адамдары жана алардын милдеттери

 

9. Ар бир гарнизондо гарнизондун зардалы, өздүк курам менен иш боюнча анын орун басары, аскердик комендант жана гарнизондун аскердик автомобиль инспекциясынын (ААИ) зардалы дайындалат, бул жөнүндө гарнизондун зардалынын буйругу жарыяланат.

10. Гарнизондун зардалы коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Буйрук алганга чейин командирлердин (зардалдардын) кызматы боюнча улугу, ал эми кызматтары бирдей учурда - аскердик наамы боюнча улугу анын милдеттерин аткарат.

Өзүнүн милдеттерин аткарууга киришкендиги жөнүндө гарнизондун зардалы буйругунда жарыялайт, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жана өзүнүн түздөн-түз зардалына билдирет, ошондой эле бул жөнүндө мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарына жана башкармаларына кабарлайт.

Бишкектеги гарнизондун зардалынын милдеттери коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

11. Штаттык аскердик комендатуралар болбогон гарнизондордо гарнизондун аскердик комендантынын милдеттерин аткаруу үчүн офицер дайындалат, ал эми анын жардамчыларынын милдеттерин аткаруу үчүн - ошол гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн офицерлери жана прапорщиктери дайындалат.

12. Гарнизондордо аскер кызматы боюнча жогору турган тиешелүү кызмат адамдарынын ичинен гарнизондун зардалынын буйругу менен, ушул Уставдын 9-статьясында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, төмөнкүлөр дайындалат:

- гарнизон зардалынын оорук боюнча орун басары;

- гарнизондун байланыш зардалы;

- гарнизондун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо кызматынын зардалы;

- гарнизондун медицина кызматынын зардалы;

- гарнизондун ветеринардык кызматынын зардалы;

- гарнизондун финансы кызматынын улук зардалы;

- гарнизондун өрткө каршы коргоо жана куткаруу иштеринин кызматынын зардалы;

- гарнизондун аскердик оркестринин аскер дирижёру (гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн биринде аскердик оркестр болгондо).

Аскердик шаарчада бир нече аскердик бөлүктөр жайгашканда гарнизондун зардалынын буйругу менен аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин ичинен аскердик шаарчанын улугу шайланат.

Гарнизондук гауптвахтанын зардалы болуп офицер дайындалат. Ал бир эле убакта гарнизондун аскердик комендантынын жардамчысы болуп саналат. Бул кызмат штатта каралбаган жерде гарнизондук гауптвахтанын зардалынын милдетин гарнизондун аскердик комендантынын жардамчыларынын бири (офицер) аткарат.

Гарнизондун бардык кызмат адамдары түздөн-түз гарнизондун зардалына, ал эми гарнизондук гауптвахтанын зардалы жана аскер дирижёру гарнизондун аскер комендантына баш ийет.

13. Гарнизондун аскер комендатурасынын курамына кирген адамдардан бөлөк гарнизондун бардык кызмат адамдары өз милдеттерин эриш-аркак аткарышат.

 (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Гарнизондун зардалы

 

14. Гарнизондун зардалы гарнизондогу аскердик тартипти сактоо; гарнизондук жана кароол кызматтарын уюштуруу жана өтөө; гарнизондун мобилизациялык иш-чараларын аткаруу; аскерлердин күндөлүк турмушу жана даярдыгы үчүн зарыл шарттарды камсыздоо; өрттөн коргонуунун абалы; аскерлерди тартуу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүү үчүн жооп берет. Ал зарыл учурларда гарнизондун өздүк курамын жана аскердик бөлүктөрүнүн транспорттук каражаттарын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга укуктуу.

Гарнизондун зардалы гарнизондук жана кароол кызматтарынын маселелери боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына) баш иет жана гарнизондун курамына кирген аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен кошо гарнизондун бардык аскер кызматчылары үчүн түздөн-түз зардал болуп саналат.

15. Гарнизондун зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондун кызмат адамдарынын ишине күндөлүк жетекчиликти ишке ашырууга;

- квартал сайын гарнизондогу аскердик тартиптин, гарнизондук жана кароол кызматтарынын абалын талдап чыгууга жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен иштин жыйынтыгын чыгарууга; кылмыштардын жана окуялардын алдын алуу, кыраакылыкты жогорулатуу жана аскердик жана мамлекеттик сырларды сактоо боюнча чараларды аныктоого;

- мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана башкармалары менен тыгыз байланышты сактоого жана гарнизондук кызматты, граждандык жана жергиликтүү коргонууну уюштурууга, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак-жай шарттарын жакшыртууга, башка муктаждыктарын жана талаптарын канааттандырууга байланышкан бардык зарыл маселелерди алар менен чечүүгө;

- гарнизондук объекттерди кайтарууну жана коргоону уюштурууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына гарнизондук кароолдордун күндөлүк тартибин бекитип берүүгө жана ага гарнизондун чек аралары жөнүндө сунуштарды билдирип турууга;

- гарнизондук кароолдордун кайтаруусу алдындагы объекттерге киргизүү тартибин белгилөөгө;

- гарнизондук жана ички кароолдордун, гарнизондук патрулдардын жана ААИнин көзөмөлдүк тозотторунун кызмат өтөөсүн, ошондой эле аскер кызматчыларын гарнизондук гауптвахтада кармоонун эрежесин (14-тиркеме) айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө;

- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын) көрсөтмөсү боюнча мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата гарнизондун иш-чараларынын планын иштеп чыгууга жана анын аткарылышын камсыздоого;

- абадан кол салуудан коргонууну жана аскерлерди, жергиликтүү коргонуунун объектилерин жана аскердик шаарчаларды массалык кыргындоочу куралдан сактоону, ошондой эле, гарнизондо өрттөн сактанууну уюштурууга жана аларды абалын көзөмөлдөөгө;

- Гарнизонду өрттөн сактоонун планын, ошондой эле, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда граждандык коргонуу менен өз ара аракетин жана гарнизондун иш-чараларынын планын иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына бекитүүгө берүүгө;

- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын) көрсөтмөсү боюнча гарнизонго келген аскердик бөлүктөрдү, бөлүкчөлөрдү (командаларды) жайгаштырууга;

- гарнизондук аскердик бөлүктөр үчүн окуу-материалдык базанын объекттерин колдонуунун, аскерлерди суу менен жабдуу үчүн ачык көлмөлөрдү пайдалануунун тартибин, адамдар сууга түшүүчү орунду, убакытты жана анын тартибин белгилөөгө, ошондой эле, аларда коопсуздук талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө;

- жалпы гарнизондук маданий-агартуучу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн пландарын, ошондой эле, гарнизондун аскердик бөлүктөрүн маданий-агартуучу мекемелеринин тейлөөсүнүн планын карап чыгууга жана бекитүүгө;

- штаттык эмес юридикалык консультациянын курамын, анын иш убактысын, турган жерин жана иш тартибин аныктоого жана гарнизондун өздүк курамына жарыялоого;

- аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу боюнча чөлкөмдүн (гарнизондун) квартиралык эксплуатациялык бөлүмүнүн ишине, ошондой эле, гарнизондун турак-жай комиссиясынын ишине жетекчилик кылууга; мыйзамдарды жана социалдык адилеттиктин принциптерин жетекчиликке алуу менен гарнизондо турак-жай аянтын бөлүштүрүүнү кароого жана бекитүүгө, мында коомчулуктун пикирин эске алууга жана кеңири айкындуулукту камсыз кылууга;

- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүүгө, аскердик бөлүктөрдүн имараттарды, аскердик шаарчалардын аймагын, жалпы гарнизондук пайдалануудагы курулуштардын күтүлүшүн текшерүүгө, ал эми аларды аскердик бөлүктөр таштап кеткенде кайтарууну уюштурууга;

- ири авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн жана бул учурларда жабыр тарткан калкка жардам берүү үчүн бөлүкчөлөрдү (аскердик бөлүктөрдү) бөлүүгө;

- аскер кызматчыларынын гарнизондо кышкы же жайкы түрдөгү кийимди кийүүгө өтүү убактысын белгилөөгө;

- гарнизондо жылытуу мезгилинин башталышын жана аякталышын жарыялоого;

- гарнизондун аскерлеринин парадын жана аскерлердин катышуусу менен башка иш чараларды өткөрүүгө, зарыл учурларда ардактуу кароолдорду дайындоого, аскердик көрүстөндөрдү, боордоштук мүрзөлөрүн жана аскердик эстеликтерди талаптагыдай күтүү жөнүндө кам көрүүгө;

- ошол гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөбөгөн аскер кызматчыларынын жоруктарына карата администрациялык тергөөнү дайындоого, аларды жоопкерчиликке тартууга, ал эми алар кылмыш жасаган учурда дароо аскердик прокурорго маалымдоого, жазык ишин козгоого жана алгачкы текшерүү ишине жетекчилик кылууга.

Гарнизондун зардалы анын милдеттеринде көрсөтүлгөн пландарды жана нускамаларды иштеп чыгууну, ээлеген кызматы боюнча өзү командир болгон бирикменин (аскердик бөлүктүн) штабынын күчү менен гарнизондун башка аскердик бөлүктөрүнүн командирлерин жана алардын штабдарын тартуу менен ишке ашырат.

16. Гарнизондун зардалы гарнизон жайгашкан жерге келген:

- Кыргыз Республикасынын Президентин;

- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин жана анын орун басарларын;

- генералдарды жана өзүнүн бардык тикелей зардалдарын тосуп алат, баяндама жасайт жана коштоп жүрөт.

Гарнизонго гарнизондук жана кароолдук кызматтардын маселелери боюнча тикелей зардалдардын кызматтык тапшырмаларын аткаруу үчүн офицерлер келген учурда гарнизондун зардалы аскердик наамы боюнча улуулар менен гана учурашат.

17. Гарнизондон убактылуу чыгып кеткен учурда (өргүүгө, узак иш сапарына) гарнизондун зардалы өз милдеттерин аткарууну, өзүнүн штаттык кызматын убактылуу аткаруучу адамга өткөрүп берет, мунун алдында гарнизон боюнча буйрукта жарыялайт жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына) баяндайт.

 

Гарнизондун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары (жардамчысы)

 

18. Гарнизондун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары (жардамчысы) гарнизондогу аскердик тартипти чыңдоо боюнча, социалдык-укуктук, маалыматтык, социалдык-психологиялык камсыздоо боюнча жалпы гарнизондук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле гарнизондун зардалынын көрсөтмөлөрүнө ылайык маданий-эс алуу иштерин уюштуруу үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- аскердик тартиптин абалын жана аскер кызматчыларынын адептик-психологиялык абалын билүүгө, аскердик юстиция органдары менен (аскер соттору жана аскер прокуратурасынын органдары менен) бирге аскердик тартипти, уюшкандыкты жана гарнизондогу тартипти чыңдоо боюнча, укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана гарнизондун зардалына баяндап турууга;

- коомдук-мамлекеттик даярдыкты уюштурууга, аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, бөлүктөрдүн жана гарнизондун зардалына түздөн-түз баш ийген мекемелердин гарнизондун зардалына түздөн-түз баш ийген мекемелердин жумушчуларына жана кызматчыларына саясий жана укуктук маалыматтар берүүнү жүргүзүүгө;

- өздүк курамдын суроо-талаптарын жана маанайын дайыма изилдеп-иликтеп турууга, аскер кызматчыларынын, гарнизондун жумушчуларынын жана кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук жактан корголушун камсыздоого;

- мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана башкармалары, мекемелер, ишканалар, коомдук уюмдар, массалык-маалымат каражаттары менен тыгыз байланыш түзүүгө жана аны үзбөөгө жана алар аркылуу аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык муктаждыктарын канааттандырууга көмөк берүүгө;

- бекитилген план боюнча жалпы гарнизондук маданий-агартуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө;

- гарнизондук маданий жана эс алуу мекемелеринин ишине жетекчилик кылууга, гарнизондун аскердик бөлүктөрүн жергиликтүү жана гарнизондук маданий жана эс алуу мекемелеринин тейлөөсүнүн планын иштеп чыгууга жана гарнизондун зардалынын бекитүүсүнө берүүгө;

- мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, коомдук уюмдар менен бирге калкты, өзгөчө жаштарды баатырдык-патриоттук интернационалдык тарбиялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышууга, курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча иш жүргүзүүгө;

- гарнизондо аскердик жана мамлекеттик сырды сактоого жана өзгөчө күжүрмөн кезметчиликти өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдө жана ички бөлүктөрдө кыраакылыкты жогорулатууга багытталган ишти дайыма жүргүзүп турууга;

- аскер кызматчыларынын саламаттыгын сактоо жөнүндө, гарнизондук аскерлердин тиричилиги жана жайгашуусу жөнүндө, аларды казармалык фонд менен камсыздоо жөнүндө дайыма кам көрүүгө;

- гарнизондук жана ички кароолдордун кызмат өтөөсүн, гарнизондук гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоонун мыйзамдуулугун жана эрежелеринин сакталышын (14-тиркеме), ошондой эле кароолдордун өздүк курамы жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен тарбиялык иштин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө;

- гарнизондун аскерлеринин адептик-психологиялык абалы жана аскердик тартиби жөнүндө, ошондой эле, өткөрүлгөн жалпы гарнизондук иш-чаралары жөнүндө гарнизондун зардалына өз убагында баяндап турууга милдеттүү.

 

Гарнизондун аскердик коменданты

 

19. Гарнизондун аскердик коменданты аскер кызматчыларынын көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда аскердик тартипти сакташы, гарнизондук кароолордун, наряддардын, патрулдардын жана ААИнин контролдоочу тозотторунун кызматты туура жана кыраакылык менен өтөөсү үчүн жооп берет.

Гарнизондун зардалынын чечимдерин аткарууда гарнизондун аскер коменданты гарнизондун зардалынын атынан алардын ичинен эң маанилүүлөрүн ага билдирип туруу менен буйрук берүүгө укуктуу.

20. Гарнизондун аскердик коменданты:

- гарнизондогу кароолдорду жана патрулдоонун күн тартибине ылайык жалпы гарнизондук объекттерди кайтаруу жана коргоо боюнча кароолдук кызматты өтөөнү уюштурууга;

- аскер кызматчыларынын аскердик тартипти, аскердик кийимдин түрүн кийүү жана аскердик саламдашуу эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө; гарнизондогу аскердик тартиптин, кароолдук кызматтын, патрулдук кылуунун абалын такай изилдеп-иликтөөгө жана аларды жакшыртуу, мындай тартип бузууларды пайда кылуучу себептерди жоюу боюнча тыянактарды жана сунуштарды гарнизондун зардалына ай сайын баяндап турууга;

- гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча гарнизондук кароолдордун күн тартибин, ошондой эле гарнизондук наряддын ведомосттун, тозоттордун табелдерин (1, 2 жана 3-тиркемелер), тозоттордун жайгашуусунун схемаларын, кароолдордун зардалдарына, кароолдордун зардалдарынын жардамчыларына (операторлорго) сакчылыктын техникалык каражаттары боюнча нускамаларды, гарнизондук кароол боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына патрулдук кылуунун схемасын жана патрулдарга нускама түзүүгө;

- объектерди техникалык сакчылык каражаттары менен жабдуу, гарнизондук наряддын санын кыскартуу жана алардын кызмат өтөөсүн жакшыртуу боюнча сунуштарды гарнизондун зардалына баяндоого;

- гарнизондун кызмат адамдарынын кароолдорду текшерүүсүнүн графигин түзүүгө жана анын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга;

- гарнизондук нарядга дайындалган кичи бөлүктөрдүн жана адамдардын даярдыгын; гарнизондук кароолдорду бөлүштүрүүнүн өткөрүлүшүн жана гарнизондук кароолдордун, патрулдардын жана ААИнин көзөмөлдүк тозотторунун кызмат өтөөсүн; гарнизондун кезметтик бөлүкчөсүнүн даярдыгын, ошондой эле, тозоттордун жана кароол жайларынын абалын жеке өзү текшерүүгө;

- эсеп-кысап китепчесине белги коюу менен кароолдордогу ок-дарылардын санын жана анын корунун абалын айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө;

- гарнизондун өздүк курамы тарабынан жасалган окуяларды жана аскердик тартипти бузууларды өз убагында айкындоого, алардын эсебин алууга, алар тууралу жана көрүлгөн чаралар тууралу гарнизондун зардалына баяндап турууга, ал эми кылмыштар жана окуялар жөнүндө мындан тышкары аскердик прокурорго кабарлоого; кылмыш жасаган аскер кызматчыларын издөөгө жана кармоого жардам берүүгө;

- гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча мобилизация, өзгөчө кырдаал жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата иш-чаралардын планын; гарнизондун өрттөн коргонуу планын, ошондой эле, гарнизондо айгай жарыяланган, өрт чыккан жана табигый кырсыктар болгон учурларга карата нускамаларды иштеп чыгууга катышууга;

- гарнизондун байланыш зардалы менен бирге гарнизондук кароолдор, патрулдар жана ААИнин көзөмөлдүк тозоттору менен байланыш каражаттарын аныктоого;

- аскердик бөлүктөрдүн оркестрлеринин нарядынын ведомостун карап чыгууга жана аны гарнизондун зардалынын бекитүүсүнө берүүгө;

- нарядга кирердин алдында кароолдор боюнча кезметчилерге, алардын жардамчыларына жана патрулдардын курамына нускамалар берүүгө, кароол боюнча кезметчилерге пароль жазылган каттарды тапшырууга, ал эми патрулдардын зардалдарына зарыл болгон документтерди жана байланыш каражаттарын берүүгө;

- аскер кызматчыларынын арасында гарнизондо тартипти жана иреттүүлүктү сактоого тийиштүү маселелер боюнча ички иштер органдары менен байланышта болууга;

- гарнизондук кароолдордун тозоттук ведомостторун күнүгө карап чыгууга жана белгиленген кемчиликтерди токтоосуз жоюуга;

- аскер кызматчыларын гарнизондук гауптвахтада кармоонун эрежелерин жумасына бир жолудан кем эмес текшерүүгө (14-тиркеме); гауптвахтанын зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мончого жиберүү жөнүндө, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын же соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча камакка алынган шектүүлөрдү, күнөөлүүлөрдү, кармалгандарды суракка же сотко жиберүү жөнүндө, ошондой эле ооруп калгандарды аскердик-медициналык (медициналык) мекемеге (бөлүкчөгө) жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндө буйрук берүү;

- сапта басуу боюнча машыгууларды жана аскердик саламдашууну аткарбагандыгы жана аскердик кийимди кийүү эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган аскер кызматчыларынын уставды окуп үйрөнүшүн уюштурууга;

- гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча аскерлерди суу менен жабдуу үчүн жана сууга түшүү үчүн ачык көлмөлөрдү аскердик бөлүктөрдүн ортосунда бөлүштүрүп берүүгө; сууга түшүүчү жердин жабдылышына, ошондой эле, кезметчи суучулдардын командаларынын жана кезметчи фельдшерлердин (санитардык нускоочулардын) кызматынын уюштурулушуна жана анын өтөлүшүнө көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга;

- гарнизондук аскердик бөлүктөрдүн, айрым кичи бөлүктөрдүн (командалардын), ошондой эле, иш сапарынан же өргүүдөн келген аскер кызматчыларынын (13-тиркеме) эсебин алып турууга жана алардын кызмат кылган жерине өз убагында кетишине көзөмөл жүргүзүүгө;

- кармалган аскер кызматчыларынан алынган курал-жарактардын жана ок-дарылардын эсебин алууга жана аларды сактоону уюштурууга;

- аттестаттарына ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу менен өтүп бараткан бөлүкчөлөрдү (командаларды) жана айрым аскер кызматчыларын, ошондой эле, аскердик жүк тартып бараткан транспортторду узатып бараткан кароолдорду жайгаштырууга;

- гарнизондун аймагында өргүүдө жүрүп ооруп калган аскер кызматчыларына медициналык жардам көрсөтүүгө карата чаралар көрүүгө;

- полигондорго кеткен же гарнизондун курамынан чыккан аскердик шаарчалардын, аскердик бөлүктөрдүн кайтарылышын текшерүүгө;

- мамлекеттик автомобилдик инспекциянын жергиликтүү органдары менен биргелешип колонналардын, ал эми зарыл учурларда аскердик бөлүктөрдүн айрым дөңгөлөктүү жана каз тамандуу машиналарынын кыймылын жөнгө салууну уюштурууга;

- гарнизондун аскерлеринин параддарга даярдыгын көзөмөлдөөгө жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана башкармалары менен макулдаштык боюнча параддарга жана аскерлердин катышуусу менен өтүүчү гарнизондук башка иш-чараларга даярдануу жана аларды өткөрүү убагында тартипти камсыз кылууга;

- гарнизондордун зардалдарынын көрсөтмөлөрү боюнча аскердик бөлүктөрдөн ардактуу кароолдорду дайындоого жана даярдоого, өлгөн аскер кызматчыларынын көмүүнү уюштурууга;

- гарнизондун аймагында болгон аскердик көрүстөндөрдүн, боордоштор мүрзөлөрүнүн жана аскердик эстеликтердин эсебин алууга жана алардын күтүлүшүнө көз салууга.

21. Гарнизондун аскер коменданты өзү жана ага баш ийген кызмат адамдары аркылуу аскер кызматчыларынан кечелерде жана башка коомдук жайларда аскердик тартиптин бекем сакталышын талап кылууга, алардын бир дагы жоругун чара көрүүсүз калтырбоого милдеттүү.

Гарнизондун аскер коменданты аскердик наамы боюнча өзүнөн кичине же тең аскер кызматчылары тарабынан аскердик тартип бузулган учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эскертүү жасоого жана (же) атайын даярдык боюнча машыгууларды жана аскердик кийимди кийүү жана (же) аскердик саламдашууну аткаруу эрежелерин бузган аскер кызматчылары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарын (жалпы аскердик уставдар) үйрөтүүнү уюштурууга;

- гарнизондо болгон аскер кызматчыларына карата тартиптик жоруктар жөнүндө материалдар боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын аткарууну уюштурууга (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына 5-тиркеме);

- одоно тартиптик жоруктарды жасаган аскер кызматчысына карата териштирүү жеке өзү жүргүзгөнгө же дайындоого жана ага берилген тартиптик бийликтин чегинде тартиптик жаза колдонууга же териштирүүнүн материалдарын аскер кызматчысы аскер кызматын өтөгөн аскер бөлүгүнүн командирине чечим кабыл алуу үчүн жиберүүгө.

Кармалган аскер кызматчылары гарнизондун аскер комендатурасынын кармалган аскер кызматчылары үчүн бөлмөлөрдө же болбосо гарнизондук гауптвахтада кармалган аскер кызматчылары үчүн камераларда кармалат. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү 3 сааттан, ал эми аскер кызматчысы кылмыш жасаганына шектенүү боюнча кармалган учурда, бөгөт коюу чараларын тандоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аскер прокуроруна жана кармалган аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн зардалына токтоосуз билдирүү менен - 48 сааттан ашпоого тийиш.

Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү аны аскердик комендатурага (аскердик бөлүккө) жеткирген учурдан тартын эсептелет.

Аскердик наамы боюнча улук аскер кызматчысы аскердик тартипти бузган учурда, гарнизондун аскер коменданты ага кайрылат жана гарнизондун зардалынын атынан аскердик тартипти бузууну токтотууну талап кылат. Кыйла чечкиндүү чараларды көрүү зарыл болгондо, гарнизондун аскер коменданты бул жөнүндө гарнизондун зардалына токтоосуз билдирет жана анын көрсөтмөсү боюнча аракеттенет.

Аскердик тартипти бузууга жол берген аскер кызматчысына карата көрүлгөн бардык чаралар жөнүндө гарнизондун аскер коменданты бул аскер кызматчынын өргүү билетине, иш сапар күбөлүгүнө же жазма буйругунда тиешелүү белгини коюу менен аскер бөлүгүнүн командирине билдирет жана гарнизондун зардалына баяндайт.

22. Гарнизондун аскер коменданты эгерде зарыл болсо, аскердик тартипти бузган аскер кызматчысынан анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтүүнү талап кылат, ал эми алар болбогондо же туура эмес жол-жоболоштурулганда, аскер кызматчысын кармайт жана гарнизондун аскер комендатурасынын кармалган аскер кызматчылары үчүн бөлмөсүнө же болбосо гарнизондук гауптвахтадагы кармалып турган аскер кызматчылары үчүн камерага киргизет.

Эгерде кармалган аскер кызматчысынын инсандыгы анын документтери жоктугунан улам 3 сааттын-ичинде белгилүү болбосо, гарнизондун аскер коменданты бул жөнүндө гарнизондун зардалына токтоосуз билдирет.

23. Кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: гарнизондун аскер комендатурасында - белгиленген форма (аскердик наамы, фамилиясы, аты жана атасынын аты, аскердик бөлүктүн номери, анын почта дареги, баш ийүүсү жана аймактык командачылыктын (Күчтөрдүн) аталышы, ким тарабынан жана эмне үчүн кармалды, кабын алынган буюмдар, документтер жана акчалар, кимге билдирилди жана кандай чаралар көрүлдү) боюнча кармалган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде; гауптвахтада - гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде (14-тиркеме).

24. Гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө же гарнизондук объекттерде өрт чыкканда же табигый кырсык болгондо, ошондой эле, гарнизондук кароолдордо кандайдыр бир окуялар болгондо гарнизондун аскердик коменданты бул тууралу гарнизондун зардалына дароо баяндоого, окуяга болгон жерге келүүгө жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

25. Эгерде өргүүдө же иш сапарында жүргөн аскер кызматчысы оорунун же ага көз карандысыз башка жагдайлардын айынан өзүнүн кызмат кылган жерине келе албаса, гарнизондун аскердик коменданты аскер кызматчысынын кармалып жатышынын себеби жөнүндө аскер кызматчысы келген аскердик бөлүктүн командирине дароо кабарлайт. Аскер кызматчысы ооруп калган учурда гарнизондун аскердик комендантынын тескөөсү менен аны врачтын карап көрүүсү жана стационардык дарылоого жөнөтүлүшү (зарыл учурда) жүргүзүлөт.

Аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрү (атасы, энеси, аялы, балдары, бир туугандары) же аны тарбиялаган башка адамдар өлгөн же катуу ооруга чалдыккан учурда, ошондой эле башка гарнизондон келген аскер кызматчысынын үй-бүлөсү кандайдыр бир кырсыкка учураса гарнизондун аскердик коменданты бул жөнүндө аскер кызматчысы келген бөлүктүн командирине дароо маалымдоо менен өргүүнүн мөөнөтүн жети суткага чейин узартууга укуктуу.

Аскер кызматчысынын кызмат өтөгөн жерге келишинин убактысы жөнүндө, анын кармалышынын мөөнөтү жана себеби жөнүндө гарнизондун аскердик коменданты аскер кызматчысынын документтерине жана эсебин алуу китепчесине (13-тиркеме) белги коет.

26. Гарнизондун аскердик комендантурасынын турган жери гарнизондун бардык аскердик бөлүктөрүнө жакшы белгилүү болууга жана бардык адамдар үчүн эшиги ачык болууга тийиш. Жергиликтүү администрациялык мекемелерде жана коомдук жайларда (театрларда, маданият үйлөрүндө, кино - театрларда, клубдарда, мейманканаларда), шаардык (райондук) телефон тармагынын абоненттеринин маалымат китептеринде гарнизондук аскер комендантурасынын телефондорунун номерлери жана дареги болууга тийиш.

Гарнизондук аскер комендантурасын жайгаштыруу жана жабдуу боюнча көрсөтмөлөр 12-тиркемеде баяндалган.

27. Штаттык транспорт каражаттары жок болсо гарнизондун аскердик комендантурасы гарнизондун зардалы бекиткен планга ылайык аскердик бөлүктөрдүн эсебинен камсыз кылынат.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Гарнизондун аскердик комендантынын жардамчысы

 

28. Гарнизондун аскердик комендантынын жардамчысы гарнизондун аскердик комендантына баш ийет. Ал өз ишин ушул Уставдын 20-статьясына жана гарнизондун аскер комендантынын көрсөтмөлөрүнө ылайык жүзөгө ашырат.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Гарнизондун зардалынын оорук боюнча орун басары

 

29. Гарнизондун зардалынын оорук боюнча орун басары гарнизондун аскердик бөлүктөрүн оорук боюнча камсыз кылуунун гарнизондук иш-чараларын жүргүзүү үчүн, ошондой эле, аларды курчап турган чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды аткарышы үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- аскердик бөлүктөрдөгү наавайканаларды, муздаткычтарды, касапканаларды, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана аскердик соода ишканаларын пайдалануу планын, курчап турган чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды сарамжал пайдалануу боюнча иш-чаралардын планын гарнизондун зардалынын бекитүүсүнө берүүгө жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле, көмөкчү чарбага убактылуу пайдалануу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген жер бөлүктөрүн гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнүн планын бекитүүгө берүүгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрү үчүн материалдык каражаттарды чогуусу менен ташып келүүнү жана алардын күйүүчү майды жана башка материалдык каражаттарды үнөмдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүшүн уюштурууга;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн дарегине келген темир жол вагондорунун жүгүн өз убагында түшүрүүгө, бекеттин аймагынан аскердик жүктөрдү белгиленген мөөнөттө ташып кетүүгө көз салууга, ал эми зарыл болгон учурда иштердин аткарылышын тездетүү боюнча чаралар көрүүгө;

- мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурда гарнизондун иш-чараларынын пландарын жана өрттөн коргоону пландарын иштеп чыгууга катышууга, чарбалык иш-чаралардын тийиштүү пландарын даярдоого жана алардын аткарылышын камсыздоого;

- гарнизондун турак-жай комиссиясынын ишине катышууга, аскердик бөлүктөрдө турак-жай аянтынын эсебин алууга жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөгө, турак-жай фондун пайдалануу боюнча сунуштарды гарнизондун зардалына өз убагында берүүгө жана турак-жай маселелери боюнча келгендерди кабыл алууну жүзөгө ашырууга;

- гарнизондун турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана аскердик соода ишканаларын имарат-жай, эмеректер менен жана ашканалар үчүн өндүрүштүк эмес механикалык жабдуулар менен, ошондой эле, бул жайларды отун, жарык жана суу менен камсыз кылууга; товарларды ташып келүү үчүн зарыл болгон транспорт каражаттарын бөлүп берүүгө;

- аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлөлөрүн эң толук жана сапаттуу тейлөө максатында турмуш-тиричилик жактан тейлөөнүн жана аскердик соода ишканаларынын ишине, аларда товарлардын зарыл ассортименти болушуна көзөмөлдүктү уюштурууга;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүн нан менен камсыз кылуучу гарнизондук жана граждандык наавайканаларда нан бышыруунун сапатын көзөмөлдөөгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн оорук кызматынын офицерлери менен гарнизондун мыкты аскердик бөлүктөрүндө оорук иштеринде тажрыйба алмашуу жана аскердик чарбаны жүргүзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүүгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрү жайгашкан райондун экономикалык абалын, алардын жергиликтүү ресурстарын жакшы пайдалануу максатында изилдеп-иликтөөгө милдеттүү.

 

Гарнизондун байланыш зардалы

 

30. Гарнизондун байланыш зардалы гарнизондогу байланышты уюштуруу жана анын абалы үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондук ички байланышты уюштуруу жана камсыз кылуу планын гарнизондун зардалынын бекитүүсүнө берүүгө жана байланыштын абалын көзөмөлдөөгө;

- мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата байланышты камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга;

- душмандын кол салуу коркунучу жөнүндө жергиликтүү коргонуунун кызмат адамдарына, аскердик объекттерге, аскер кызматчыларына жана гарнизондун аскердик шаарчаларында жашап жаткан алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кабарлоо тутумун уюштурууга жана анын такай даярдыгына көзөмөл жүргүзүүгө;

- транспорт жана коммуникациялар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрү жана мамлекеттик бийликтин башка органдары менен алардын байланыш каражаттарын гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында пайдалануу маселелерин чечүүгө;

- ички гарнизондук жана гарнизондор аралык байланышты камсыздоо үчүн байланыштын жогору турган зардалына зарыл болгон байланыш каражаттарына, эксплуатациялык материалдарга өтүнмөлөр берүүгө;

- биринчи кезекте аскердик камендатураны, гарнизондук кароолдорду, патрулдарды жана ААИнин көзөмөлдүк тозотторун байланыш менен камсыздоого карата чаралар көрүүгө, иштен чыккан байланыш каражаттарын оңдоону дароо уюштурууга;

- байланыш каражаттары боюнча сүйлөшүүлөрдүн эрежелерин сактоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүүгө.

 

Гарнизондун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо
кызматынын зардалы

 

31. Гарнизондун радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо кызматынын зардалы гарнизондун зардалынын көрсөтмөлөрүнө ылайык радиоактивдүү жана уулантуучу заттардан коргоо боюнча гарнизондук иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата гарнизондун радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргонуусунун планын, ошондой эле, душмандын ядролук, химиялык жана биологиялык куралды колдонушунун жана гарнизондук радиациялык жана химиялык жактан коркунучтуу объектеринин аварияларынын (кыйроолорунун) кесепеттерин жоюу боюнча кызматтык иш-чараларын иштеп чыгууга;

- жер үстүндөгү метеорологиялык кырдаалды билүүгө, гарнизондо химиялык камсыздоо маселелери боюнча иш-чараларды уюштурууга жана аларды өткөрүүнү көзөмөлдөөгө.

 

Гарнизондун медициналык кызматынын зардалы

 

32. Гарнизондун медициналык кызматынын зардалы дарылоо-алдын алуу жана жугуштуу ооруларга каршы чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооп берет, ошондой эле, гарнизондо санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы үчүн көзөмөл жүргүзөт.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- жалпы гарнизондогу санитардык-гигиеналык, дарылоочу-профилактикалык жана жугуштуу ооруларга каршы иш-чараларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга;

- гарнизонду массалык кыргындоочу куралдан сактоо жана аны колдонуунун кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды, ошондой эле, гарнизондун бөлүктөрү орун алган чөлкөмдөрдө жайгашкан потенциалдуу коркунучтуу объекттерде авариялар болгон учурлардагы иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;

- өздүк курамдын оору-кеселдерин талдоого алууга жана зарыл иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө сунуштарды гарнизондун зардалына өз убагында баяндоого;

- гарнизондун санитардык-эпидемиялык абалын, аскердик бөлүктөрдүн аймактарын күтүүнү, суунун ичүүгө жана чарбалык максаттарга жарактуулугун, гарнизондук ашканалардын, наавайканалардын, касапканалардын, муздаткычтардын, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана аскердик соода ишканаларынын, гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн өздүк курамы сууга түшүүчү жерлердин санитардык абалын текшерүүгө жана табылган кемчиликтерди жоюу үчүн чаралар көрүүгө;

- гарнизондук кароолдордун жана гауптвахтанын жайларынын санитардык абалын айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө; гарнизондук гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларды медициналык жана дене боюн кароону уюштурууга, ошондой эле зарыл болгондо - алып келинген жана кармалган аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүүгө жана ага муктаждарга медициналык жардам көрсөтүүгө;

- мобилизация жарыяланган жана күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата гарнизонду медициналык жактан камсыз кылуу планын иштеп чыгууга;

- гарнизондун медициналык кызматынын адистери болбогон аскердик бөлүктөрүн, гарнизондо убактылуу турган бөлүкчөлөрдү (командаларды) жана айрым аскер кызматчыларды, ошондой эле, аскердик кызматтан бошонуп, аскердик медициналык мекемелерде бекер медициналык жардам алууга укуктуу болгон граждандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык жактан камсыз кылууну уюштурууга;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн врачтарынын аскердик-дарылоо мекемелеринде дарылоо ишин жүргүзүлүшүн пландаштырууга жана ишке ашырууга жана кезметчиликтерин уюштурууга;

- гарнизондун зардалынын уруксаты менен гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн медициналык кызматынын адистерин гарнизондо дарылоо-профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө тартууга;

- гарнизондун аскердик мекемелерин көзөмөлдөөгө жана гарнизондук аскердик-врачтык жана санитардык-тандоочу комиссиялардын ишине жетекчилик кылууга;

- гарнизондун госпиталдарындагы оорулуулардын абалына көз салууга жана мезгил-мезгили менен оорулууларды карап турууга;

- гарнизондук бейтапкананын (госпиталдын) зардалы менен бирге гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн өздүк курамын медициналык жактан текшерүүнү тереңдетип өткөрүү планын иштеп чыгууга;

- мөөнөттүү аскердик кызматка кезектеги чакырылуучуларды медициналык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышууга;

- саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары менен бирге гарнизондун аскердик бөлүктөрү жайгашкан чөлкөмдөрдүн санитардык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүн граждандык мекемелер жана ишканалар: амбулаториялар, ооруканалар, наавайканалар, касапканалар ж.б. тарабынан тейленишине, ошондой эле, граждандык дарылоо мекемелерине жаткырылган оорулуу аскер кызматчыларынын кандай кармалгандыгына жана аларды өз убагында чыгарууга көз салууга;

- параддарга, аскерлер катышкан башка гарнизондук иш-чараларга ошондой эле, ири апааттардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн тартылган аскердик бөлүктөрдү, медициналык жактан камсыз кылууну уюштурууга;

- гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча өтүп бараткан эшелондордун санитардык абалын текшерүүнү уюштурууга, ошондой эле,

вокзалдардагы аскер кызматчылары үчүн күтүү залдарынын санитардык

абалына мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүүгө;

- гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн медициналык кызматынын иш тажрыйбасын алмашуулары боюнча жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш чараларды өткөрүүгө;

- аскерге милдеттүүлөрдү - медициналык кызматтын адистерин гарнизондо даярдоону көзөмөлдөөгө;

- аскер кызматчыларынын жарадар болушуна же өлүүсүнө алып келген окуялар жөнүндө, аскердик бөлүктөрдөгү жана жергиликтүү калк арасындагы жугуштуу ооруулар жөнүндө жана бул оорууларды токтотуу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө гарнизондун зардалына дароо баяндоого милдеттүү.

 

Гарнизондун ветеринардык кызматынын зардалы

 

33. Гарнизондун ветеринардык кызматынын зардалы өздүк курамды адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруулардан коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн, аскерлерди жаныбарлар жана өсүмдүктөрдөн алынуучу азык-түлүктөр менен камсыздоого ветеринардык көзөмөлдөө, гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө жана ага бекитилип берилген башка аскердик бөлүктөрдө ветеринардык-алдын алуу, эпидемияга каршы жана дарылоочу иш чаралар үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- медициналык кызмат менен бирге гарнизондун өздүк курамын адам жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу оорулардан, ошондой эле, массалык кыргындоочу курал-жарактын таасиринде калган азык-түлүктөрдү пайдалануудан келип чыгышы мүмкүн болгон оорулардан жана жаракаттардан сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууга;

- аскерлерге эт, сүт жана балык азыктарын даярдап берүүчү өнөр-жай ишканаларынын ветеринардык-санитардык абалын көзөмөлдөөгө жана азык-түлүктөрдү кампаларда (базаларда) сактоодо жана ташууда аларды экспертизадан өткөрүүгө;

- зарыл болгон учурда тейленүүчү аскердик бөлүктөрдө ветеринардык-чыңдоо-кароо иш-чараларын өткөрүүнү уюштурууга;

- аскерде пайдаланылган жаныбарларды, ошондой эле, көмөкчү чарбалардын жаныбарларын жана азык-түлүк малдарын ветеринардык тейлөөнү жүзөгө ашырууга; аскердик бөлүктөрдү тейлөөчү жаныбарларды жараксыздыкка чыгарууга жана союуга корутунду берүүгө;

- ветеринардык-профилактикалык, эпизоотияга каршы жана дарылоочу иш-чараларды иштеп чыгууга жана өткөрүүгө жана аскердик бөлүктөрдүн эпизоотиялык абалын текшерип, бул максатта гарнизондун зардалынын уруксаты менен тейленген аскердик бөлүктөрдүн ветеринардык кызматынын адистерин тартууга;

- мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата гарнизонду ветеринардык жактан тейлөөнүн планын, ошондой эле, душмандын массалык кыргындоочу куралды колдонушунун кесепеттерин жоюу боюнча ветеринардык кызматтын иш-чараларын иштеп чыгууга;

- жергиликтүү граждандык ветеринардык органдардын аскердик бөлүктөр жайгашкан чөлкөмдүн ветеринардык-санитардык эпизоотиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуусуна катышууга;

- гарнизондун аскердик-ветеринардык мекемелеринин ишин көзөмөлдөөгө;

- гарнизондун зардалына гарнизондун (тейленүүчү аскердик бөлүктөрдүн) ветеринардык-санитардык абалы жана аны жакшыртуу боюнча зарыл чаралар жөнүндө баяндоого;

- гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча өтүп бараткан аскердик эшелондордун ветеринардык-санитардык абалын текшерүүгө;

- гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн ветеринардык кызматынын адистеринин иш тажрыйбалар алмашуусу боюнча жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

- аскердик бөлүктөргө таандык болгон, граждандык-ветеринардык мекемелердеги дарылоодогу жаныбарлардын тейленишине байкоо жүргүзүүгө;

- аскердик бөлүктөргө жана гарнизондун жергиликтүү калкына таандык болгон малдын арасындагы жугуштуу оорулар жөнүндө, бул ооруларды жоюу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө гарнизондун зардалына дароо баяндоого жана бул жөнүндө тейленип жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлерине маалымдоого.

Ветеринардык кызматтын адистери болбогон гарнизондордо аскердик бөлүктөрдү ветеринардык тейлөө гарнизондун аскерлеринин ветеринардык жактан камсыз кылуу планына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

Гарнизондогу финансы кызматынын улук зардалы

 

34. Гарнизондогу финансы кызматынын улук зардалы аскердик бөлүктөрдү финансылык жактан камсыздоо боюнча гарнизондо иш-чаралар өткөрүү, акчалай акыны (эмгек акыны) өз убагында төлөө жана гарнизондун зардалынын финансы маселелери боюнча көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн акы берүүчү финансылык органдарга финансылык-пландык документтерди жана белгиленген отчеттуулукту өз убагында берүүсүнө көзөмөл жүргүзүүгө;

- банк мекемелери менен макулдашылган, акчалай акыны (эмгек акыны) төлөө үчүн гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн акча алышынын графигин гарнизондун башчысынын бекитүүсүнө берүүгө;

- аскердик бөлүктөрдүн банктардан накталай акчаларды алып келүүдө белгиленген тартипти сакташына көзөмөл жүргүзүүгө;

- гарнизондун финансылык кызматынын тапшыруусу боюнча гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн жекече курамына акчалай акыны (эмгек акыны) төлөөгө карата таратуучу ведомостторду алдын ала текшерүүнү жүргүзүүгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнөн финансылык кызматынын адистери менен финансылык маселелер боюнча буйруктар менен көрсөтмөлөрдү окуп-үйрөнүү боюнча окуу сабактарын гарнизондун зардалы бекиткен планга ылайык өткөрүүгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн ички текшерүү комиссияларына нускамалар берүүгө;

- акчалай каражаттардын сакталышын камсыздоого көзөмөл жүргүзүүгө, гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча гарнизондун аскердик бөлүктөрүндөгү кассаларды капысынан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана иштин натыйжалары жөнүндө ага билдирүүгө;

- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансы кызматынын жогорку турган органынын тапшырмасы боюнча гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн финансы-чарбалык иштеринин айрым маселелери жана ревизиялардын жана текшерүүлөрдүн актылары боюнча сунуштарды аткаруу боюнча текшерүү жүргүзүүгө;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн жекече курамынын арасында финансылык жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө.

 

Гарнизондун өрттөн коргонуу кызматынын жана сактап калуу иштеринин зардалы

 

35. Гарнизондун өрттөн коргонуу кызматынын жана сактап калуу иштеринин зардалы гарнизондо өрттөн коргонууну уюштуруу үчүн жана өрттөн коргонуунун жана сактап калуу иштеринин аскердик командаларынын, штаттык өрттөн коргонуучу топтордун, гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн штаттык жана штаттык эмес өрткө каршы командаларынын (мындан ары «өрткө каршы командалар» деп аталат) дайыма даяр турушу үчүн түздөн-түз жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондун өрттөн коргонуу планын иштеп чыгууга жана аны өрттөн коргонуунун жергиликтүү органдары менен макулдашууга;

- өрттөн коргонуунун абалын жана аскердик бөлүктөрдүн өрттөн коргонуу командаларынын кызмат өтөөсүн көзөмөлдөөгө; гарнизондук объекттердеги жана гарнизондун аскердик бөлүктөрүндөгү өрт өчүрүүчү каражаттарды оңунда күтүүгө көз салууга;

- турак-жай жана кызмат жайларындагы, кампалардагы, парктардагы жана башка объекттердеги өрткө каршы абалдагы кемчиликтерди дароо жоюуга чаралар көрүүгө; жылытуучу жана жарык кылуучу бузук приборлорду, ошондой эле, өрттөн коргонуу жагынан жабдылбаган көрүүчүлөр залдарын жана башка залдарды пайдаланууга тыюу салууга;

- гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн өрттөн коргонуу кызматынын жана сактап калуу иштеринин кызматынын зардалдарына нускамалар берүүгө жана алар менен мезгил-мезгилинде атайын машыгуулар өткөрүүгө;

- гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча гарнизондук аскердик бөлүктөрдү өрткө каршы командаларынын машыгууларын жана гарнизондук кароолдор кайтарган объектилердеги өрттүк машыгуу айгайларын өткөрүүгө;

- жергиликтүү коргоо объектилеринин өрттөн сактоо түзүлүштөрүнүн атайын даярдыктарын уюштурууга жана көзөмөлдөөгө, алардын өрткө каршы буюмдар менен камсыз болуусуна көзөмөлдүктү ишке ашырууга;

- гарнизондогу өрттөн сактоонун абалын текшерүү үчүн гарнизондун зардалынын уруксаты менен аскердик бөлүктөрдүн өрттөн сактануунун жана сактап калуу иштеринин кызматтарынын адистерин тартууга;

- гарнизондо өрт чыкканда аскердик бөлүктөрдүн өрткө каршы командаларын жана жергиликтүү өрткө каршы командаларды чакырууга жана өрт өчүрүүдө алардын ишин жетектөөгө;

- гарнизондо өрт чыккандыгы жөнүндө жана аны өчүрүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө гарнизондун зардалына, ал эми ал жокто гарнизондун аскердик комендантына дароо баяндоого; өрттүн себептерин ошол жерде изилдөөнү жүргүзүүгө;

- гарнизондун өрттөн сактануудагы кемчиликтери жөнүндө жана аларды жоюу боюнча өзүнүн сунуштары жөнүндө гарнизондун зардалына өз убагында билдирип турууга.

 

Гарнизондун аскердик дирижеру

 

36. Гарнизондун аскердик дирижеру бардык гарнизон үчүн жалпы иш-чараларды аскердик бөлүктөрдүн оркестрлеринин тейлөөсү үчүн жана гарнизондук курама оркестрди даярдоо үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондун оркестрлери жок аскер бөлүктөрүн башка аскер бөлүктөрүнүн оркестрлеринин тейлөөсүн уюштурууга жана роталык добулбасчыларды даярдоодо бул бөлүктөрдүн командирлерине жардам көрсөтүүгө;

- гарнизондук кароолдорду жөнөтүүгө жана гарнизондук башка иш чаралар үчүн аскердик бөлүктөрдүн оркестрлеринин нарядынын ведомостторун түзүүгө;

- гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн оркестрлеринин атайын даярдыгына, ошондой эле, кароолдорду жөнөтүүдө техникалык каражаттар менен музыка коюунун сапатына көзөмөл жүргүзүүгө; гарнизондун курама оркестрин саптык жана атайын даярдыктан өткөрүүгө жана аларга жетекчилик кылууга;

- аскердик дирижерлор жана оркестрлердин старшиналары менен өткөрүлгөн методикалык жыйындарга жетекчилик кылууга, гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн өздүк курамы үчүн курама оркестрдин концерттерин өткөрүүгө.

 

Чөлкөмдүн (гарнизондун) квартиралык-эксплуатациялык бөлүгүнүн зардалы

 

37. Чөлкөмдүн (гарнизондун) квартиралык-эксплуатациялык бөлүгүнүн зардалы казармалык турак-жайлык фондду эксплуатациялоону уюштуруу, өз убагында оңдоо жана эсебин алуу үчүн, ошондой эле квартиралык эксплуатациялык бөлүктө катталган аскердик бөлүктөрдү квартиралык жактан камсыздоо үчүн жооп берет. Ал коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын курулуш жана аскерлерди квартираларга жайгаштыруу боюнча түзүмдүк бөлүгүнүн зардалына баш ийет. Казармалык фондду пайдалануу, турак жайларды бөлүштүрүү жана аскерлерди ыңгайлаштыруу маселелери боюнча ал квартиралык-эксплуатациялык бөлүк тейлеген гарнизондордун зардалдарынын көрсөтмөлөрүн аткарат.

38. Чөлкөмдүн (гарнизондун) квартиралык-эксплуатациялык бөлүгүнүн зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- тейлөнүүчү гарнизондордун зардалдарына гарнизондун казармалык-турак жайлык фондун пайдалануу жана жетишпеген фондду бөлүп берүүгө карата мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жергиликтүү органдарына өтүнмөлөр берүү боюнча сунуштарды жана эсеп-кысаптарды баяндоого;

- гарнизондордун зардалдарына гарнизондордогу турак-жайларды бөлүштүрүүнүн планын бекитүүгө берүүгө жана гарнизондорго бекитилип берилген бардык турак-жай аянтынын эсебин жүргүзүүгө;

- аскердик бөлүктөрдүн имараттарды, коммуналдык түзүлүштөрдү, казармалык буюмдарды жана эмеректерди пайдаланышынын тууралыгын текшерип, аларды сактоо жана өз убагында оңдоого карата чаралар көрүүгө;

- гарнизондордун зардалдарына гарнизондордун аскердик шаарчаларынын аймактарын ыңгайлаштыруу, жашылдандыруу, тосуу жана тазалоо боюнча планды иштеп чыгууга жана бекитүүгө берүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө;

- казармалык турак-жай фондун, тиричилик ишканаларын жана аскердик бөлүктөрдүн башкы имараттарын оңдоо боюнча иштерге жетекчилик кылууга жана түздөн-түз аскердик бөлүктөр аткарган оңдоо-курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүүгө;

- аскердик бөлүктөрдү квартира менен жабдууну камсыздоого жана анын аткарылышынын тууралыгын текшерүүгө;

- аскердик бөлүктөрдү электр кубаты, суу, жергиликтүү курулуш материалдары менен камсыздоону уюштурууга жана аларды керектөөнүн тууралыгын көзөмөлдөөгө;

- квартиралык-эксплуатациялык бөлүктүн тейлөөсүндө турган аскердик бөлүктөрдөгү квартиралык-эксплуатациялык кызматтын техникалык маселелери боюнча жетекчиликти жүзөгө ашырууга;

- мобилизация жарыяланган жана аскерлер күжүрмөн даярдыкка келтирилген учурга карата гарнизондордогу квартиралык-эксплуатациялык кызмат боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга;

- курчап турган чөйрөнү коргоо жана гарнизондордогу табигый ресурстарды сарамжал пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгууга жана иш чараларды өткөрүүгө катышууга; гарнизондун жергиликтүү коргонуусунун тосуучу жана атайын курулуштарынын эсебин жүргүзүүгө жана аларды эксплуатациялоонун, сактоонун жана күтүүнүн тууралыгына көзөмөл жүргүзүүгө;

- квартиралык жабдуу боюнча аскердик бөлүктөрдүн материалдык жана акчалай каражаттарга карата өтүнмөлөрүнүн тууралыгын текшерүүгө, өтүнмөлөрдүн жыйындысын түзүүгө жана аларды жогору турган жабдуучу органдарга берүүгө;

- аскердик шаарчалардын, алардагы имараттардын, коммуналдык жабдуулардын, квартиралык жабдуунун бардык түрлөрүн жана квартиралык жабдууга бөлүнгөн акчалай каражаттардын эсебин жүргүзүүгө.

 

Темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскердик коменданты

 

39. Темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскердик коменданты өз участогунун жана станциянын, аэропорттун аймагынын чегинде аскер кызматчыларынын аскер тартибин сактоосу боюнча гарнизондун аскердик комендантынын милдетин аткарат. Бул милдеттерди аткарууда темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскердик коменданты гарнизондун зардалына баш иет жана гарнизондун аскердик коменданты менен өз ара аракетте болот. Ага аскердик эшелондордун, командалардын жана аскердик жүк тарткан транспортту узаткан кароолдордун зардалдары, ошондой эле, темир жол станцияларында жана аэропорттордо дайындалган гарнизондук патрулдар баш иет.

40. Темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскердик коменданты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- станцияга келген жүргүнчүлөр поезддин, аскердик эшелондорду жана кароолдор коштогон аскердик жүк тарткан транспортторду тосуп алууга же бул максат үчүн өз жардамчыларын жиберүүгө;

- аскер кызматчыларынын аскердик тартибинин абалын, аларды материалдык-тиричилик жактан камсыздалышын, ошондой эле, курал-жарактын, аскердик техниканын, материалдык каражаттардын жана башка жүктүн бекемделишин текшерүүгө;

- темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аймагында болгон аскер кызматчыларынын аскер тартибин жана аскердик кийимди кийүү жана аскердик саламдашуу эрежелерин сакташына көзөмөлдүк кылууга;

- аскердик тартипти одоно-орой бузган же кылмыш жасаган аскер кызматчыларын кармоого, ал эми зарыл учурда поезддерден жана аба кемелеринен түшүрүүгө;

- аскер залдарында жана кассалардын жанында тартипти белгилөөгө жана кармоого, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн аскердик билеттерди алышынын кезектүүлүгүн аныктоого;

- жүк алуу үчүн жана аларды жолдо кайтаруу үчүн жөнөтүлгөн же өзүнүн аскердик бөлүгүнө кайтып келе жаткан кароолдорду токтоосуз жөнөтүүгө;

- темир жол станциясында, аэропортто патрулдоо үчүн дайындалган гарнизондук патрулдардын курамына нускама берүүгө жана алардын кызмат өтөөсүн көзөмөлдөөгө;

- жалгыздап же команданын курамында баратып жол которуу пункттарында турган аскер кызматчыларын маданий-тиричилик жактан тейлөөнү жана алардын эс алуусун уюштурууга;

- темир жол участогунда жана станцияда, аэропорттун аймагында жайгашкан гарнизондук кароолдордун, ошондой эле, аскердик жүк тарткан транспортту узатуучу кароолдордун кызмат өтөөсүн текшерүүгө;

- эшелондордун, командалардын кароолдордун зардалдарына ташуунун эрежелери жана коопсуздуктун талаптары боюнча, өзгөчө электрлештирилген темир жол участоктору боюнча өтүүдө нускама берүүгө; өтүп бараткан аскердик эшелондорго жана аскердик жүк тарткан транспорттордо өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;

- вокзалдагы аскер кызматчылары үчүн күтүү залынын жана өтүп бараткан аскердик эшелондордун, кароол турган вагондордун санитардык абалына көз салууга, ошондой эле, жолдо ооруп калган же жабыр тарткан аскер кызматчыларына медициналык жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;

- гарнизондун зардалына бардык болгон окуялар жөнүндө, аскер кызматчыларынын аскердик тартипти бузуулары жөнүндө, ошондой эле, гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн дарегине келген темир жол вагондорунун туруп калышы жөнүндө жана көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө;

- гарнизондун аскердик прокуроруна кылмыштар жана окуялар жөнүндө маалымдоого.

41. Аскер кызматчылары аскер тартибин бузган учурда темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскердик коменданты ушул Уставдын 22-статьясындагы көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алат.

Аскер тартибин бузгандыгы үчүн кармалган аскер кызматчысын зарыл болгон учурда патрул жана транспорт каражатын чакыруу менен гарнизондун аскердик комендатурасына жөнөтөт.

 

Аскердик шаарчанын улугу

 

42. Аскердик шаарчанын улугу аскер кызматчыларынын аскердик шаарчанын аймагында аскердик тартипти жана ирээтти сактоосуна жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- аскердик шаарчада ички тартипти белгилөөгө жана сактоого;

- күзөт уюштурууга, ал эми зарыл учурда аскердик шаарчаны коргоону уюштурууга, жеке өзү жана карамагындагы штабдын офицерлери аркылуу контролдук-өткөрмө пункттарындагы наряддын кызматын көзөмөлдөөгө;

- аскердик бөлүктөргө бекитилип берилген аймактарды күтүүнү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын жана санитардык-гигиеналык иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө.

Аскердик шаарчанын улугунун бул маселелер боюнча көрсөтмөлөрү аскердик шаарчанын аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрдүн командирлеринин бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.

43. Аскердик шаарчанын улугу аскердик шаарчанын чегинде аскер кызматчыларынын жүрүм-турумуна көз салуу үчүн зарыл болгон учурда ички патрулдарды дайындайт, алар гарнизондук патрулдар үчүн баяндалган тартипке ылайык кызмат өтөшөт.

Ички патрулдун зардалы-командири аскердик шаарчанын улугу болгон аскердик бөлүктүн кезметчисине баш иет.

 

Гарнизондук гауптвахтанын зардалы

 

44. Гарнизондук гауптвахтанын зардалы гауптвахтадагы аскер кызматчыларын кармоонун мыйзамдуулугу жана аларды күтүүнүн эрежелеринин сакталышы, гауптвахтада тартипти кармоо, ошондой эле гауптвахтанын мүлкүнүн жана жабдууларынын сакталышы үчүн жооп берет.

Ага гауптвахтанын алдындагы кароол зардалы баш иет.

45. Гарнизондук гауптвахтанын зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- тиешелүү документтердин болуусун жана туура жол-жоболоштурулушун текшерүү менен гауптвахтада кармалууга жаткан аскер кызматчыларын кабыл алууга, ошондой эле мындай аскер кызматчыларынын эсебин алууга жана аларды кармоонун эрежелеринин так аткарылышын камсыз кылууга (14-тиркеме);

- гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо үчүн негиз болуучу документтерди сактоого (тартиптик жорук жөнүндө материалдар боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө протокол, соттун токтому же аныктамасы, өкүмдүн көчүрмөсү) жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын башка документтеринин жана буюмдарынын сакталышын камсыз кылууга;

- кароолдун кызмат өтөө жерине келиши боюнча гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалына нускама берүүгө;

- ишке киришип жаткан кароолдун зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмелерин тапшырууга (14-тиркеме), ушул тизмелерге зарыл өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүүгө;

- жумасына бир жолудан кем эмес гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына эртең мененки кароолорду жана кечки текшерүүлөрдү камералар боюнча жүргүзүүнү текшерүүгө;

- жуунуп-тазалануу, тамактануу, табигый муктаждыктарын аткаруу жана сейилдөө убагында гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эшикке чыгуунун жана кайтаруунун тартибин белгилөөгө;

- кароолдун зардалына гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын бошотуу тууралуу (14-тиркеме); аскер комендантынын жазуу жүзүндөгү буйругу боюнча гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мончого жиберүү жөнүндө;

Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын же соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча кармалган аскер кызматчыларын, ошондой эле соттун токтому же аныктамасы боюнча камакка алынгандарды жана соттолуучуларды суракка же сотко жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмө берүүгө;

- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары менен аскердик даярдык боюнча машыгууларды жана аскердик уставдарды окуп үйрөнүшүн уюштурууга жана өткөрүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен тарбия ишин жүргүзүүгө;

- гауптвахтанын жана кароолдук жайдын санитардык жана өрткө каршы абалына, алардын өз убагында тазаланышына, жарык жана жылуулук берүүгө көз салууга;

- гарнизондун медициналык кызматынын зардалына гауптвахтада кармалып турган ооруп калган аскер кызматчылары жөнүндө билдирүүгө; ооруп калган адамды дарылоо мекемесине жиберүү зарылчылыгы жөнүндө дарыгердин корутундусу болгондо, бул жөнүндө гарнизондун аскер комендантына баяндоого;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары турган камералардын, күзөттүн техникалык каражаттарынын, гауптвахтанын жабдууларынын жана инвентарларынын, кароолдук жайлардын жана тозоттордун оң абалына, ошондой эле алардын өз убагында оңдолуп турушуна көз салууга; гауптвахтанын жабдууларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынан түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кабыл алууга жана баш ийүүчүлүк тартибинде өткөрүп берүүгө;

- гауптвахтанын алдындагы кароолдун кызмат өтөөсүнүн тууралыгын күн сайын текшерүүгө, бул жөнүндө тозоттук ведомостко тиешелүү жазууну калтырууга;

- күн сайын гарнизондун аскер комендантына гауптвахтадагы аскердик тартиптин абалы, бир күндө кабыл алынган аскер кызматчыларынын саны жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын жалпы саны, бош орундардын бар-жогу жөнүндө, ал эми болгон окуялар жөнүндө дароо билдирүүгө;

- аскердик уставдарды, аскердик-окуу адабияттарын сактоого жана эсебин алууга жана аларды гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен окууларды өткөрүү үчүн берүүгө;

- гарнизондун зардалын, анын түздөн-түз зардалдарын, гарнизондун зардалынын орун басарларын жана гарнизондун аскер комендантын, аскерлерге инспекциялоону (текшерүүнү) жүргүзүүгө жетекчилик кылуу) үчүн келген адамдарды жана алардын көрсөтмөсү боюнча - инспектордук (текшерүү) топтун ичиндеги офицерлерди, ошондой эле 14-тиркемеде көрсөтүлгөн учурларда аскер прокурорлорун, алардын орун басарларын жана жардамчыларын тосуп алууга, аларга өзүн тааныштырууга жана гауптвахтанын жайгашы боюнча аларды коштоп жүрүүгө.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2-глава.
Гарнизондук наряд 

Жалпы жоболор

 

46. Гарнизондук наряд аскер кызматчыларынын арасында көчөлөрдө, гарнизондун коомдук жерлеринде аскердик тартипти жана иретти кармоо үчүн, гарнизондук объекттерди кайтаруу жана коргоо үчүн, ошондой эле, аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын айдоочуларынын (механик-айдоочу) жол эрежелерин сакташына жана гарнизондук кызматтын башка милдеттерин аткарышына көзөмөлдүк кылуу үчүн дайындалат.

Гарнизондук наряддын төмөндөгүдөй курамы каралат:

- кароол боюнча кезметчи;

- кароол боюнча кезметчинин жардамчысы;

- бөлүкчөнүн кезметчиси;

- гарнизондук кароол;

- гарнизондук патрулдар;

- ААИнин контролдук тозотторунун инспекторлору жана патрулдары.

47. Гарнизондук наряд нарядга киргенге чейин бир сутка мурда дайындалат. Ал өзү дайындалган аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттары менен камсыз кылынат.

48. Гарнизондук наряд дайындалган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) командирлери өздүк курамды тандоо жана анын кызматты өтөөгө даярдыгы, аны нускама алууга жөнөтүү жана анын бөлүштүрүүчү жерге келиши үчүн, бөлүкчөнүн кезметчисинин дайыма даярдыгы жана дайындалган жерге чакыруу боюнча өз убагында келиши үчүн жооп беришет.

49. Аскердик комендант гарнизондун АИИнин зардалы менен бирге ар бир айга гарнизондук наряддын (2-тиркеме) ведомосттун түзөт, ал гарнизондун зардалы тарабынан бекитилет.

Гарнизондук наряддын ведомостторунан жазылып алынгандар жаңы айдын башталышына чейин 10 сутка мурда кызмат өтөөгө тартылган бардык аскердик бөлүктөргө таратылып берилет.

Гарнизондук наряддын ведомостундагы ар бир өзгөрүш жөнүндө гарнизондун аскердик коменданты аскердик бөлүктөргө өз убагында кабарлайт.

50. Наряддык кызматка кирердин алдында аскердик бөлүктүн штабында кароолдор боюнча кезметчиге жана гарнизондук патрулдардын зардалына көрсөтмөлөр тапшырылат, гарнизондун аскердик коменданты алардын негизинде кароолдор боюнча кезметчиге эски жана жаңы паролдор жазылган каттарды (104-ст.), ал эми патрулдардын зардалына кыймылдын маршруттары, патрулдуктун убагы жана өзгөчө милдеттер көрсөтүлгөн патрулдун зардалынын ырастамасын берет.

51. Кароолдор боюнча кезметчи жана анын жардамчысы, патрулдун жана ААИнин контролдук тозотторунун нарядынын курамы сол төшүндө (сол жеңинде) тийиштүү жазуулары бар төш белгиси (кызыл чүпүрөктөн байламасы) болууга тийиш. ААИнин инспекторунда андан тышкары ААИнин инспекторунун ырастамасы жана жол көрсөткүч таягы болууга тийиш.

 

Кароолдор боюнча кезметчи жана анын жардамчысы

 

52. Гарнизондук кароолдорго тикелей жетекчилик кылуу үчүн гарнизондук аскердик бөлүктөрүнүн офицерлеринин ичинен кызматы боюнча ротанын командиринен төмөн турбаган кароолдор боюнча кезметчи жана кенже офицерлердин ичинен анын жардамчысы дайындалат.

Бир гана гарнизондук кароол болгон гарнизондордо гарнизондун зардалынын буйругу менен кароолдор боюнча кезметчинин милдеттери кароол дайындалган аскердик бөлүктүн кезметчисине жүктөлүшү мүмкүн.

Кезметчи жана анын жардамчысы гарнизондун аскердик комендатурасынын алдында болушат. Алар октолуу эки ок кутусу бар тапанчалар менен куралданышат.

53. Кароолдор боюнча кезметчи гарнизондук кароолдордун кызматты туура өтөшү үчүн жооп берет. Ал гарнизондун зардалына жана аскердик комендантка баш иет.

Кароолдор боюнча кезметчи төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- дайындалган убакта гарнизондун аскердик комендантына келүүгө, кароолдор боюнча кезметчи болуп дайындалгандыгы тууралу көрсөтмөнү көрсөтүүгө, эски жана жаңы паролдор жазылган каттарды жана зарыл көрсөтмөлөр алууга;

- кароолдор боюнча мурдагы кезметчиге келип учурашууга жана ага эски паролду айтууга;

- гарнизондук наряддын ведомосттун, тозоттордун жайгаштырылышынын схемасын, тозоттордун табелдерин, кароолдордун зардалына нускамаларды жана кароолдор боюнча кезметчинин нускамасын окуп үйрөнүүгө;

- гарнизондук кароолдорду жайгаштырууну жүргүзүүгө;

- өзү үчүн бөлүнгөн жайда болууга; кызмат иштери боюнча кеткенде өзү үчүн өзүнүн жардамчысын калтырып, кайда жана канча убакка кете тургандыгын ага айтууга;

- суткасына эки жолудан кем эмес (анын бирөөнү түн ичинде) гарнизондук кароолдордун кызмат өтөөсүн жеке өзү текшерүүгө, мында аскердик машиналардын (башка курал-жарактардын жана аскердик техниканын) турган жерлерин түн ичинде, ал эми жакшы көрүнбөгөн учурларда күндүз да карап чыгууга жана табылган кемчиликтерди токтоосуз жоюу үчүн чаралар көрүүгө;

- аба ырайына жараша тозоттордо туруунун узактыгынын өзгөрүшү жөнүндө көрсөтмөлөр берүүгө;

- гарнизондун зардалын жана анын тикелей зардалдарын, ошондой эле, гарнизондун аскердик комендантын тосуп алууга жана аларга төмөндөгүдөй баяндама жасоого, мисалы: «Жолдош полковник. Мен кезметчилик кылган убакта эч кандай окуялар болгон жок (же мындай, тигиндейлер болду). Кароолдор боюнча кезметчи капитан Ибраимов»;

- кароолдорду текшерүү үчүн келген адамдарды коштоп жүрүүгө, же аларды коштоо үчүн өзүнүн жардамчысын жөнөтүп, алдын ала алардын инсандыгынын ырастамаларын жана кароолдорду текшерүүгө укук берген бир жолку ырастамаларын текшерүүгө (257-ст.);

- гарнизондордун кезметчи бөлүкчөлөрүнүн айгай же чакыруу боюнча аракеттерге даярдыктарын текшерүүгө. Аскердик коменданттын кезметчи жардамчылары штаттар боюнча каралбаган гарнизондордо гарнизондук патрулдардын кызматына жетекчилик кылуу боюнча алардын милдеттери гарнизондун зардалынын буйругу боюнча кароолдор боюнча кезметчиге жүктөлөт.

54. Бөлүштүрүү бүткөндөн кийин кароолдор боюнча кезметчи мурдагы кезметчиден тизмеде көрсөтүлгөн документтерди кабыл алат. Алмашуу жүргүзүлгөндүгү тууралу кароолдордун зардалдарынын баяндоолорунан кийин кароолдор боюнча кезметчилер гарнизондун зардалына, ал эми ал жокто гарнизондун аскердик комендантына кезметчиликти өткөрүп берүү жана кабыл алуу жөнүндө баяндама жасашат, мисалы: «Жолдош полковник. Капитан Оморов кароолдор боюнча кезметчилигин өткөрүп берди». «Жолдош полковник. Капитан Садыков кароолдор боюнча кезметчиликти кабыл алды». Андан кийин жаңы кезметчи кезметти кабыл алууда табылган бардык кемчиликтер тууралу, ал эми эски кезметчи кароолдун кызмат өтөөлөрү, табылган кемчиликтер жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар, ошондой эле эгер алар болсо, өткөн суткалар ичиндеги болгон окуялар тууралу билдирет. Баяндамадан кийин жаңы кезметчи кезметчиликти кабыл алуу жана өткөрүп берүү китепчесин, мына ушундай жазуулары менен гарнизондун аскердик комендантынан карап көрүүгө берет.

55. Гарнизондук кароолдордун биринде окуя болуп өтсө, кароолдор боюнча кезметчи дароо окуя болгон жерге жөнөйт, эгерде зарыл болсо горнизондун зардалынын же аскердик комендантынын уруксаты менен ал кезметчи бөлүкчөнү же анын бөлүгүн, ал эми өрт чыкса андан тышкары өрт командасын чакыртат.

Кароолдордогу окуялар тууралу жана көрүлгөн чаралар тууралу кароолдор боюнча кезметчи гарнизондун аскердик комендантына жана гарнизондун зардалына дароо баяндайт жана кароол дайындалган аскердик бөлүктөрдүн командирлерине кабарлайт.

56. Эгерде кароолдор боюнча кезметчи күтүлбөгөн жерден ооруп калса, ал бул тууралу гарнизондун зардалына (аскердик комендантка) баяндайт жана анын көрсөтмөсү боюнча иш жасайт.

Кароолдун зардалы күтүлбөгөн жерден ооруп калганда кароолдор боюнча кезметчи анын милдеттерин кароолдун зардалынын жардамчысына (бөлүштүргүчкө) жүктөйт же ооруп калганды алмаштыруу үчүн аскердик бөлүктөн кароолдун жаңы зардалын чакырат, аны менен бирге кароолдук жайга келет жана кароолду кабыл алууга жетекчилик кылат. Кароолдун жаңы зардалына кароолдор боюнча кезметчи колдонуудагы паролду айтып берет жана бул иш тууралу гарнизондун аскердик комендантына дароо баяндайт.

57. Кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы кароолдор боюнча кезметчиге баш иет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- дайындалган убакытта нускамалар алуу үчүн гарнизондун аскердик комендантына келүүгө;

- гарнизондук наряддын ведомосттун, тозоттордун жайгашуусунун схемасын, тозоттордун табелдерин, кароолдордун зардалына берүүчү нускамалар жана кароолдор боюнча кезметчинин нускамасын окуп үйрөнүүгө;

- 202-216-ст. талаптарына ылайык кароолдорду бөлүштүрүүнү өткөрүүгө катышууга;

- кароолдор боюнча кезметчинин бөлмөсүндөгү документтерди, мүлктөрдү жана шаймандарды тизме боюнча кабыл алууга;

- кароолдор боюнча кезметчинин буйругу боюнча кароолдордун кызмат өтөөлөрүн текшерүүгө, кемчиликтерди жоюу үчүн чаралар көрүүгө жана бул тууралу кароолдор боюнча кезметчиге баяндоого;

- кароолдор боюнча кезметчи жокто анын милдеттерин аткарууга.

58. Кезметчилик убагында кароолдор боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына гарнизондун зардалы белгилеген убакта бут кийимсиз, жарак-жабдыгын жана кийимин чечпей ар бирине төрт сааттан жатып (уктап) эс алууга уруксат берилет.

59. Ички кароолдорго карата кароолдор боюнча кезметчинин милдеттерин аскердик бөлүк боюнча кезметчи, ал эми кароолдор боюнча жардамчынын милдеттерин - аскердик бөлүк боюнча кезметчинин жардамчысы аткарат.

 

Гарнизондогу кезметчи бөлүкчө

 

60. Гарнизондук кароолдорду күчөтүү же өрт чыккан, табигый кырсыктар жана гарнизондо башка окуялар болгондо тез чакыруу учурларына карата гарнизондун кезметчи бөлүкчөсү гарнизондун зардалы тарабынан дайындалат.

Буйрукта анын курамы, куралдары, ок-дарылар, зарыл мүлк жана транспорт каражаттары менен жабдылышы, кийимдин түрү жана эс алуу тартиби көрсөтүлөт.

Кезметчи бөлүкчөнү чарбалык иштер үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

61. Кезметчи бөлүкчө эреже катары ар бир суткага карата, гарнизондук кароолдор дайындалган аскердик бөлүктөрдөн дайындалат жана гарнизондун зардалына, гарнизондун аскердик комендантына жана кароолдор боюнча кезметчиге баш иет.

Кезметчи бөлүкчөнү чакыруу гарнизондун зардалы, гарнизондун аскердик коменданты тарабынан же алардын уруксаты боюнча кароолдор боюнча кезметчи тарабынан жүргүзүлөт.

Кезметчи бөлүкчөнү чакырууда, ал кайда жана кайсы убакта жана кимдин карамагына келүүгө тийиштиги, ошондой эле, кандай мүлкү, курал-жарактары, канча ок-дарылары боло тургандыгы жана аларды берүүнүн тартиби көрсөтүлөт.

Кезметчи бөлүкчөгө ок-дарылар аскердик бөлүктүн командиринин (штабдын зардалынын) же аскердик бөлүк боюнча кезметчинин буйругу боюнча берилет.

Эгерде зарыл болсо, кезметчи бөлүкчөнү чакыруу менен бир убакта гарнизондун зардалынын буйругу менен жаңы кезметчи бөлүкчө дайындалат.

62. Кезметчи бөлүкчө менен машыгуулар өзүнүн аскердик бөлүгүнө жакын жерде өткөрүлөт. Кезметчи бөлүкчөнүн турган орду жана аны чакыруунун тартиби аскердик бөлүк боюнча кезметчиге жана кароолдор боюнча кезметчиге белгилүү болууга тийиш.

63. Дайындалган жерге келгенден кийин кезметчи бөлүкчө гарнизондун аскердик комендантынын, кароолдор боюнча кезметчинин же ал карамагына өткөн адамдын көрсөтмөсү боюнча аракет кылат.

 

Гарнизондук патрулдар

 

64. Ар бир гарнизондо тартипти сактоо жана аскер кызматчыларынын көчөдө жана башка коомдук жерлерде, темир жол станцияларында, вокзалдарда, аэропорттордо, ошондой эле гарнизонго жакын турган калктуу пункттарда аскердик тартипти сактоолоруна көзөмөлдүк жүргүзүү үчүн гарнизондун зардалынын буйругу менен патрулдук жүргүзүү уюштурулат, ал үчүн гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн курамынан гарнизондук патрулдар дайындалат.

65. Патрулдар бир суткага же күн менен түндүн белгилүү бир убагына гана дайындалышат жана жөө, мотоциклдерде же автомобилдерде жүрүүлөрү мүмкүн.

Бир суткага дайындалган патруль, 4 саат патрулдук жүргүзүүнү аскердик комендатурада эки саат эс алуу менен кезектештирип жүргүзөт.

66. Гарнизондук патрулдар гарнизондун аскердик комендантына, аскердик коменданттын орун басарына жана аскердик коменданттын кезметчи жардамчысына (аскердик коменданттын кезметчи жардамчысы жок жерде кароолдор боюнча кезметчиге) баш ийишет. Темир жол станциялары, аэропорттор тарапта патрулдук кылууга дайындалган гарнизондук патрулдар, андан тышкары темир жол участогунун жана станциянын, аэропорттун аскер комендантына баш ийишет.

67. Патруль патрулдун зардалынан жана эки, үч патрулчудан турат. Патрулга жүктөлгөн милдеттерге жараша патрулдун башчылыгына офицер, прапорщик же сержант (старшина) дайындалышы мүмкүн.

Темир жол станциясы (аэропорт) тарапта кызмат өтөгөн патрулдун зардалына эреже катары офицер дайындалат.

Патрулдар тартиптүү, талаптуу, баскан-турганы тың жана алдуу-күчтүү солдаттардан жана сержанттардан (старшиналардан) жана эреже катары бир бөлүкчөдөн дайындалышат.

68. Патрулдардын жекече курамынын курал-жарактары, алардын кийиминин түрү гарнизондун зардалынын буйругу менен белгиленет.

Мында патрулдардын башчылары - офицерлер жана прапорщиктер эреже катары октуу эки ок кутусу бар тапанча менен, ал эми калган өздүк курам кырдаалдын шартына ылайык куралсыз же куралдуу болушу мүмкүн.

Өзгөчө маанилүү маршруттарда патруль гарнизондун комендатурасы менен байланышта болуу үчүн чөнтөк радиостанциясы менен камсыз кылынат.

69. Патрулдоонун схемасы жана патрулдарга берилүүчү нускама гарнизондун аскердик коменданты тарабынан түзүлөт жана гарнизондук зардалы тарабынан бекитилет.

Патрулдоонун схемасында: патрулдардын жолунун маршруттарынын бир нече түрлөрү, театрлардын, маданият үйлөрүнүн, кинотеатрлардын, клубдардын ж.б. жайгашуулары, массалык сейил куруу жерлери, аскердик комендатура, ошондой эле, милиция бөлүмдөрү менен байланышуу үчүн телефондор турган жерлер көрсөтүлөт.

Патрулдарга берилген нускамада: патрулдардын милдеттери, алардын жолдорунун ар бир маршрутундагы кызматтарынын өзгөчөлүктөрү, гарнизондун комендатурасы, милициянын жакынкы тозоттору менен байланышуу ыкмалары жана баяндама жасоо тартиби көрсөтүлөт.

70. Гарнизондук патрул зардалы патрулдардын кызматты туура өтөөсү үчүн, аскер кызматчыларынын патрулдоо маршруттарында аскердик тартипти сактагандыгы үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- нускама алуу жана зарыл документтерди алуу үчүн гарнизондун аскердик комендантына белгиленген убакта келүүгө;

- патрулдун милдетин билүүгө жана патрулдардын кызмат өтөөсүнө жетекчилик кылууга;

- аскер кызматчыларынын аскердик тартиптин талаптарын аткаруусуна жана аскердик кийим түрүн кийүү эрежелеринин талаптарын сакташына көз салууга;

- аскердик тартипти бузган аскердик наамы боюнча өзүнө тең жана төмөнкүлөргө эскертүү жасоого, зарыл учурларда алардын документтерин текшерүүгө, керек болсо аларды кармоого жана гарнизондун аскердик комендантурасына жөнөтүүгө;

- тартипти орнотууда башчыларга жана аскердик наамы улуктарга көмөк көрсөтүүгө, алардын талабы боюнча аскердик тартипти бузган аскер кызматчыларын гарнизондун аскердик комендатурасына жөнөтүүгө;

- өзүнүн маршрутунда гарнизондун комендатурасы (кароолдор боюнча кезметчи) менен, ошондой эле, милициянын тозоттору менен байланыш үчүн телефондордун жайгашкан жерин билүүгө жана белгиленген убакытта патрулдоонун жүрүшү жөнүндө аскердик комендантка же анын жардамчысына (кароолдор боюнча кезметчиге) баяндоого;

- кармалган жана гарнизондун аскердик комендантурасына жиберилген аскерлердин тизмесин 23-статьяда көрсөтүлгөн форма боюнча жүргүзүүгө, патрулдоонун мөөнөтү бүткөндө тизмени гарнизондун аскердик комендантына берүүгө, патрулдар менен бирге өзүнүн аскердик бөлүгүнө кайтып келүүгө жана аскердик бөлүк боюнча кезметчилерге милдеттин аткарылышы жөнүндө баяндоого.

Аскер кызматчысын мас абалында кармаганда патрулдун зардалы аны гарнизондук аскердик комендатурасына жеткирүү боюнча чара көрөт, мында ал аскер кызматчысынан кандайдыр бир түшүндүрүүлөрдү талап кылбоого тийиш.

71. Патрулчу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кызматты кыраакы өтөөгө, аскер кызматчыларынын жүрүш-турушуна көз салууга жана аскер тартибин жана коомдук тартипти бузуулар байкалганда алар жөнүндө патрулдун зардалына билдирүүгө;

- патрулдун зардалынын буйруктарын так жана тез аткарууга жана анын чечимисиз эч жакка кетпөөгө;

- патрулдун зардалынын уруксатысыз кармалгандардан эч нерсе албоого жана аларга эч нерсе бербөөгө; кармалгандардын өтүнүчтөрү жөнүндө патрулдун зардалына билдирүүгө;

- патрулдоо бүткөндө жана патрулдун зардалынын уруксаты менен аскердик бөлүккө келгенден кийин өзүнүн бөлүкчөсүнө келүүгө жана бөлүкчө боюнча кезметчиге өзүнүн келгендиги тууралу баяндоого.

72. Патрулдун өздүк курамы өздөрүнүн милдеттерин аткарууда аскердик тартипти, кийимдин аскердик түрүн кийүү эрежелерин, аскердик саламдашууну жана аскердик сылыктыкты сактоонун үлгүсү болууга тийиш. Кызматты өтөө убагында аларга бөлөктөр менен сүйлөшүүгө, өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан алаксууга тыюу салынат.

73. Аскер кызматчыларына, аскердик наамы боюнча теңдүүлөргө же кенжелерге кайрылып, патрулдун зардалы анын аскердик наамын, өзүнүн кызматын атайт жана зарыл талаптарды коет, мисалы: «Жолдош сержант. Мен партрулдун зардалы майор Кадыровмун. Сиз кийимдин түрүн кийүү эрежесин бузуптурсуз. Тигини-муну жасаңыз».

74. Эгерде мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы убактылуу бошотууда жүргөндө аскердик кийим түрүн кийүү эрежелерин одоно бузса, аскердик саламдашууну аткарбаса же башкача тартипсиздик көрсөтсө, патрулдун зардалы мындай аскер кызматчысынын убактылуу бош жүрүүсүн токтотууга жана аны патрулдун коштоосу алдында комендатурага жөнөтүүгө же чара көрүү үчүн өзүнүн аскердик бөлүгүнө кайтарууга укуктуу.

Убактылуу бошотуу каттары боюнча башка гарнизондон келген аскер кызматчылары да кармалат жана аскер комендатурасына жөнөтүлөт. Кармоонун убактысы жана себеби жөнүндө патрулдун зардалы аскер кызматчысынын убактылуу бошотуу катына белги коет.

Кармоодо аскер кызматчысы баш ийбесе же каршылык көрсөтсө патрулдун зардалынын өзү же патрулдун курамы менен ага күч колдонууга укуктуу.

Курал-жарак колдонуу эң өзгөчө чара болуп саналат жана ага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставында баяндалгандай учурларда жана тартипте гана жол берилет.

Кармалган аскер кызматчыларынан ок атылбаган жана ок атылуучу курал-жарак жана ок-дарылар, ошондой эле, инсандыгын ырастаган документтер алынып коюлат, аларды патрулдун зардалы гарнизондун аскердик комендантына же анын жардамчысына (кароолдор боюнча кезметчиге) өткөрүп берет.

75. Аскердик наамы боюнча улук аскер кызматчысы аскер тартибин бузган учурда патрулдун зардалы ага тартипти бузууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылат. Мындай өтүнүч аткарылбаганда патрулдун зардалы бул жөнүндө гарнизондун аскердик комендантына же анын жардамчысына (кароолдор кезметчиге) дароо баяндоого жана алардын көрсөтмөсү боюнча аракет кылууга милдеттүү.

76. Аскердик тартипти жана коомдук тартипти бузуу үчүн гарнизондун аскердик комендатурасына алынып келинген аскер кызматчылары аскердик коменданттын жардамчысы (кароолдор боюнча кезметчи) тарабынан кабыл алынат, кармалгандардын эсебин алуу китебине жазылат жана гарнизондун аскердик коменданты алардын жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алганга чейин бир суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу кармалгандардын камерасына жайгаштырылат.

Кармалган аскер кызматчыларын кабыл алуу менен аскердик коменданттын жардамчысы (кароолдор боюнча кезметчи) алардын буюмдарын карап чыгат, курларын, буюмдарын жана камерада алып жүрүүгө болбогон баалуу буюмдарын, ошондой эле, кызматтык документтерин алып коет. Курал-жаракты жана ок-дарыларды, документтерди, буюмдарды жана баалуу буюмдарды алып коюу жөнүндө протокол түзүлөт, ага аскердик коменданттын жардамчысы (кароолдор боюнча кезметчи), кармалганды алып келген адамдар жана кармалгандардын өздөрү кол коюшат.

Гарнизондун аскердик комендатурасына мас абалында алынып келинген аскер кызматчылары протоколго соолукканда кол коюшат.

77. Аскердик кийимдин түрүн кийүү эрежелерин бузгандыгы жана аскердик саламдашууну аткарбагандыгы үчүн кармалган аскер кызматчылары менен аскердик комендатурада күндүзгү убакта сапта жүрүүгө даярдоо жана уставдарды окуп-үйрөнүү боюнча үч саатка чейин созулган машыгуу-үйрөнүүлөр жүргүзүлөт.

78. Убактылуу кармалгандардын камераларында кармалышкан аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахталардын алдындагы кароолдор тарабынан кайтарууга алынат. Эгерде гарнизондук гауптвахта гарнизондун аскердик камендатурасынан кыйла алыста болсо, кармалган аскер кызматчылары ушул Уставдын 196-ст. ылайык кызмат өтөшкөн, атайын бөлүнүп берилген куралдуу патрулдар тарабынан кайтарууга алынышы мүмкүн.

79. Патруль кызмат өтөп бүткөндөн кийин, гарнизондун аскердик комендантынын зарыл белгилери коюлган көрсөтмө аскердик бөлүктүн штабына берүү үчүн патрулдун зардалына кайтарылып берилет.

 

3-глава. Гарнизондун аскердик автомобилдик инспекциясы

 

80. Гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн транспорттук каражаттарынын айдоочуларынын (айдоочу-механиктеринин) гарнизонго жакын жолдордо, калктуу пункттарда жол жүрүү эрежелерин сакташына көзөмөлдүк кылуу үчүн, ошондой эле, автомобиль техникасын пайдалануунун тартибин сактоо үчүн гарнизондун зардалынын буйругу менен курамына: ААИнин зардалы, анын орун басары, ААИнин инспекторлору (улук инспекторлору), кармалган машиналардын гарнизондук топтоо пунктунун зардалы кирген гарнизондун аскердик автомобилдик инспекциясы дайындалат.

Гарнизондук ААИнин зардалына автомобилдик кызматтын гарнизондогу улук зардалы, гарнизондук ААИнин зардалынын орун басарлыгына - аскердик комендатуранын улук автомобилдик инспектору, ошондой эле, башка аскер түрлөрүнүн жана гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн кызматтарынын жол кыймылынын эрежелерин жана автомобилдик техниканын материалдык бөлүктөрүн билген офицерлери жана прапорщиктери дайындалат.

Аскердик комендатуранын штатында улук автомобилдик инспектор кызматы жок болсо ААИнин зардалынын орун басарлыгына ААИнин инспекторлорунун бири дайындалат.

Ири гарнизондордун ААИсинин алдында коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен тизме боюнча гарнизондун ААИсинин аскердик квалификациялык комиссиялары түзүлөт.

81. ААИнин инспекторлору ААИнин кыймылдуу жана кыймылсыз тозотторунда сутка бою же графикте белгиленген убакыт бою кызмат өтөшөт.

ААИнин көзөмөлдүк тозотунун курамына ААИнин инспекторлорунан бөлөк патрулдук жана транспорттук каражат кирет. ААИнин эң маанилүү контролдук тозоттору байланыш каражаттары менен камсыз кылынат.

82. ААИнин контролдук тозотторунун жекече курамынын жана техникалык каражаттарынын наряды ААИнин кыймылсыз контролдук тозотторунун жайгашуу схемасына жана кыймылдуу контролдук тозотторунун маршруттарына ылайык коюлат.

Схемада ААИнин контролдук тозотторунун курамы, жайгашуулары жана кыймыл маршруттары, ААИнин зардалы, гарнизондун аскердик комендатурасы жана аскердик прокуратурасы байланыш телефондорунун орундары, ошондой эле, мамлекеттик автомобилдик инспекциянын (МАИ) жана милициянын бөлүмдөрүнүн тозотторунун жана кичи бөлүмдөрүнүн жайгашуусу көрсөтүлөт.

Схема менен бир эле убакта ААИнин контролдук тозотторунун өздүк курамынын нускамалары иштелип чыгат, аларда ААИнин инспекторунун жана патрулдардын тапшырмалары, милдеттери жана укуктары, алардын ар бир тозотто кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү жана гарнизондун ААИсинин зардалы жана аскердик комендатура, МАИнин жана милициянын бөлүмдөрүнүн аскердик комендатурасы, жакынкы тозоттору жана бөлүкчөлөрү менен байланышуу жолдору баяндалат.

ААИнин кыймылсыз тозотторунун жайгашуусунун жана кыймылдуу контролдук тозотторунун кыймылынын маршруттарынын схемасынын негизинде ар бир айга ААИнин инспекторунун, патрулдук жана транспорттук каражаттардын нарядынын, ААИнин контролдук тозотторундагы кезметчилигинин графиги түзүлөт жана гарнизондук наряддын ведомосттуна кошуу үчүн гарнизондун аскердик комендантына берилет. ААИнин ар бир көзөмөлдүк тозоттору үчүн графикте: өздүк курамдын, транспорт каражаттарынын саны, кызмат өтөө убактысы жана өздүк курам жана транспорт каражаттары дайындалган аскердик бөлүк (бөлүкчө) көрсөтүлөт.

ААИнин кыймылсыз тозотторунун жайгашуусунун жана кыймылдуу көзөмөлдүк тозотторунун кыймылынын маршруттарынын схемасына, ААИнин көзөмөлдүк тозотторунун өздүк курамынын нускамаларына гарнизондун ААИсинин зардалы кол коет, алар гарнизондун аскердик коменданты менен макулдашылат жана гарнизондун зардалы тарабынан бекитилет.

83. Гарнизондун ААИсинин зардалы гарнизондук аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын гарнизонго жакын жолдордогу жана калктуу пункттардагы жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- гарнизондук аскердик бөлүктөрүндө автомобилдик техниканы авариясыз эксплуатациялоо жана пайдалануу тартибин камсыздоо, айдоочулардын (механиктердин) каттамда жол кыймылынын эрежелерин жана аскердик тартипти сактоосун камсыздоо боюнча буйруктардын талаптарынын гарнизондук аскердик бөлүктөрдө аткарылышына, ошондой эле, транспорт каражаттарынын техникалык абалы, жолдомо документтердин болушу жана туура толтурулушуна такай көзөмөлдүк жүргүзүүнү уюштурууга;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорт каражаттарынын ар кандай окуяларды жасашына көмөк берүүчү себептерди жана шарттарды, ошондой эле, айдоочулар (айдоочу-механиктер) арасында тартиптин абалын ай сайын талдоого; талдоонун натыйжаларын гарнизондун зардалына баяндоого;

- гарнизондо транспорт каражаттарынын кырсыктуу окуяларынын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын жана ААИнин ишинин планын иштеп чыгууга жана гарнизондун зардалына бекитүүгө берүүгө жана алардын аткарылышына жетишүүгө;

- гарнизондун зардалы бекиткен план боюнча кимге баш ийгендигине карабай гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн контролдук-техникалык пункттарынын ишин текшерүүгө;

- ААИнин кезметчиликке кирген инспекторлоруна нускамалар берүүгө, аларды көзөмөлдүк тозоттор боюнча бөлүштүрүүгө, алардын кызмат өтөшүнө көзөмөл жүргүзүүгө жана алардан кат түрүндө баяндамаларды кабыл алууга;

- техникалык жактан оң эмес же оңдолбогон транспорт каражаттарын пайдаланууну токтотууга жана аларды аскердик бөлүктөргө жөнөтүүгө, ал эми тормоздук тутуму жана рулдук башкаруусу бузук транспорт каражаттарын - гарнизондук кармалган машиналардын топтоо пунктуна жөнөтүүгө, кармалган транспорт каражаттары жана айдоочулар (айдоочу-механиктер) жөнүндө гарнизондун зардалына өз убагында баяндоого жана гарнизондун аскердик комендантына кабарлоого;

- транспорт каражаттары менен болгон окуялардын, айдоочулардын (айдоочу-механиктердин) жол кыймыл эрежелерин бузууларынын жана убактылуу алынган документтердин эсебин алууну уюштурууга;

- аскердик бөлүктө адамдардын өлүмүнө жана майып болушуна жана башка оор кесепеттерге алып келген транспорт каражаттарынын кырсыктары жөнүндө гарнизондун зардалына дароо баяндоого жана гарнизондун аскердик комендантына, ошондой эле, аскердик прокурорго кабарлоого, алардын себептерин жана жагдайларын окуя өткөн жерде тергөөгө жеке өзү катышууга;

- гарнизондун ААИсинин аскердик квалификациялык комиссиясынын ишин жетектөөгө;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын кыймылы үчүн пайдаланылган жана иш жүзүндө айдалуучу көчөлөрдүн жана жолдордун схемасын МАИнин органдары менен макулдашууга жана гарнизондун зардалына бекитүүгө берүүгө жана схеманы аскердик бөлүктөргө таратууга;

- гарнизондук көзөмөлдүк-техникалык пункттарды түзүү жөнүндө гарнизондун зардалына сунуштар киргизүүгө жана алардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга;

- техникалык жактан жана ремонт жагынан штаттык каражаттары жок аскердик бөлүктөрдө транспорт каражаттарын, өздүк курамды ташуучу транспорт каражаттарын, атайын үн жана жарык чыгаруучу сигналдар менен жабдылган транспорт каражаттарын, айдоочулары армиянын жумушчулары болгон транспорт каражаттарын, ошондой эле, гарнизондук аскердик бөлүктөрдүн бардык жеңил машиналарын техникалык жактан текшерүүнү өткөрүүгө (график боюнча);

- башка гарнизондордун аскердик бөлүктөрүнүн транспорт каражаттарынын айдоочулары (айдоочу-механиктери) жасаган эреже бузуулар жөнүндөгү материалдарды бул бөлүктөрдүн командирлерине же тийиштүү гарнизондун ААИсинин зардалына жөнөтүүгө;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча МАИнин органдары жана аскердик прокуратура менен так өз ара аракетти жүзөгө ашырууга, ААИнин инспекторлорунун гарнизондук патрулдар жана МАИнин жол-патрулдук кызматынын кызматкерлери менен биргелешкен кезметчилигин уюштурууга.

84. Гарнизондун ААИсинин зардалынын орун басары ААИнин көзөмөлдүк тозотторунун курамынын кызмат өтөөсүн уюштурууга жана көзөмөлдөөгө, аскер бөлүктөрүнүн транспорт каражаттарынын кырсыктарынын эсебин алуу үчүн, кармалган транспорт каражаттарынын жана убактылуу алынган документтердин сакталышы үчүн жооп берет. Ал гарнизондун аскердик комендантына, ал эми ААИдеги кызматы боюнча - гарнизондун ААИсинин зардалына баш иет жана аскердик бөлүктөрдүн айдоочуларынын (айдоочу-механиктеринин) жол кыймылы эрежелерин сакташына жана гарнизондогу транспорт каражаттарды пайдаланууга тартиптин кармалышына контролдук жүргүзүү боюнча алардын көрсөтмөлөрүн аткарат.

Гарнизондун ААИсинин зардалынын жардамчысы гарнизондун ААИсинин зардалына баш иет жана анын көрсөтмөлөрүн аткарат.

85. ААИнин инспектору гарнизондун ААИсинин зардалына, анын орун басарына баш иет жана бекитилип берилген участокто (тозотто) аскердик бөлүктөрдүн транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугу жана патрулдардын кызматты туура өтөөсү үчүн жооп берет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- ал белгиленген убакытта нускамалар алуу жана зарыл документтерди окуп үйрөнүү үчүн гарнизондун ААИсинин зардалына келүүгө;

- ААИнин көзөмөлдүк тозотунун милдетин, транспорт каражаттарынын кырсыктары болгон жердеги иштин тартибин билүүгө;

- айдоочулардын (айдоочу-механиктердин), машиналарды башкаруучулардын жол кыймылы эрежелерин жана аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүүгө жана бул эрежелерди бузууга бөгөт коюуга;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын техникалык абалын, жолдомо документтерди жана машинада болгон өздүк курамдын аскердик кийим түрүн кийүү эрежелерин сактоосун текшерүүгө;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын кырсыктуу окуялары жөнүндө алынган кабарларды гарнизондун ААИсинин зардалына дароо билдирүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча аракет кылууга;

- ААИнин көзөмөлдүк тозотунда кызматы бүткөндөн кийин гарнизондун ААИсинин зардалына кат түрүндө баяндама берүүгө, ААИнин көзөмөлдүк тозотунун өздүк курамы менен өзүнүн аскердик бөлүгүнө кайтып келүүгө жана аскердик бөлүк боюнча кезметчиге милдеттин аткарылышы жөнүндө баяндама жасоого.

86. Гарнизондун ААИсинин зардалы, анын орун басары жана ААИнин инспекторлору төмөндөгүлөргө укуктуу:

- зарыл учурларда айдоочуларга (айдоочу-механиктерге) жана аскердик наамы боюнча өздөрүнө теңдерге жана кенжелерге жол кыймылы эрежелерин жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин сактоо жөнүндө эскертүү жасоого, табылган кемчиликтерди жол баракчасына жазууга же зарыл учурда каттамды токтотууга;

- белгиленген тартипте аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын айдоочулары (айдоочу-механиктери), аскер кызматчылары жасаган жол кыймылы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароого, же болбосо мындай эреже бузуулар жөнүндө материалдарды күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн аскердик бөлүктөрдүн тийиштүү командирлерине же мыйзамдарда каралган чараларды көрүү үчүн МАИнин органдарына берүүгө;

- айдоочуларды (айдоочу-механиктерди) же аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарын башкарган жана жол кыймылы эрежелерин бузушкан башка адамдарды үч сааттан ашпаган мөөнөткө администрациялык кармоого;

- мас абалында деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон айдоочуларды (айдоочу-механиктерди) жана башка адамдарды аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарын башкаруудан четтетүүгө жана алардын мастыгынын абалын аныктоо үчүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүүгө жөнөтүүгө, ошондой эле, оорулуу же чарчап-чаалыккан адамдарды транспорт каражаттарын башкаруудан четтетүүгө;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорт каражаттарынын айдоочулары жасаган жол кыймылы эрежелерин бузуулар жөнүндө белгиленген тартипте протоколдор түзүүгө;

- айдоочулардан айдоочунун ырастамасын алып коюуга жана жол эрежелерин бузуу жөнүндөгү протокол менен бирге транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө жаза берүү жөнүндөгү ишти кароо үчүн МАИге өткөрүп берүүгө укуктуу болушат.

87. Көзөмөлдүк тозоттун патрулчусу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кызматты кыраакы өтөөгө, аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын айдоочуларынын (айдоочу-механиктердин) жол кыймылы эрежелерин сактоосуна байкоо жүргүзүүгө жана байкалган эреже бузуулар жөнүндө ААИнин зардалына баяндоого;

- аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын айдоочулары (айдоочу-механиктери) жол кыймылы эрежелерин бузганда, аларды кармоого чаралар көрүүгө, ал эми кармоого мүмкүн болбогондо - транспорт каражатынын маркасын, номердик белгисин (борттук номерин), эреже бузуунун убактысын жана мүнөзүн жазып калууга жана бул жөнүндө ААИнин инспекторуна баяндоого;

- көзөмөлдүк тозотто кызматты өтөп бүткөндөн кийин жана аскердик бөлүккө келгенден кийин ААИнин инспекторунун уруксаты менен өзүнүн бөлүкчөсүнө кайтып келүүгө жана бөлүкчө боюнча кезметчиге өзүнүн келгендиги жөнүндө баяндоого.

88. Транспорт каражаттарын текшерүү үчүн ААИнин инспектору айдоочуга (айдоочу-механикке) жөнгө салуучунун таягы менен токтогонго белги берет жана машинадагы наамы боюнча улук аскер кызматчысына же айдоочуга кайрылат, анын аскердик наамын, өзүнүн аты-жөнүн атап учурашат жана токтоткондугунун себебин айтат, мисалы: «Жолдош сержант. Мен гарнизондун ААИсинин инспектору капитан Чокморовмун. Машина текшерилүүгө тийиш».

Автомобиль техникасын пайдалануунун эрежелерин бузуу же транспорт каражатынын бузуктугу табылса ААИнин инспектору сын-пикирлерин жолдомо баракчага жазат жана аларды жоюуну талап кылат. Эрежени бузуунун мүнөзүнө жараша транспорттук каражат кармалат же аскердик бөлүккө кайтарылат, ошондой эле, каттамды улантышы да мүмкүн.

Транспорт каражатын токтотууда жана кармоодо ААИнин инспектору өзүнүн аракеттери менен машинада болгон өздүк курам, жөө адамдар жана кыймылдын башка катышуучулары үчүн коркунучтуу жагдайды түзбөөгө тийиш.

89. Кармалган транспорт каражаттарын жайгаштыруу үчүн аскердик комендатуранын же гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн биринин алдында гарнизондун зардалынын буйругу менен кармалган машиналарды топтоочу гарнизондук пункт уюштурулат. Бул пункттун зардалы ААИнин инспекторлорунун ичинен дайындалат.

Кармалган машиналардын гарнизондук топтоочу пунктунун зардалы транспорттук каражаттарды кабыл алууну протоколдор боюнча жүргүзөт.

Кармалган машиналарды топтоо пунктунда транспорт каражаттарын кайтаруунун тартиби гарнизондун зардалы тарабынан аныкталат.

Кармалган транспорттук каражаттарды жана документтерди кайтарып берүү гарнизондун ААИсинин зардалынын кат түрүндөгү уруксатынан кийин гана жүргүзүлөт.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ.
Кароол кызматын уюштуруу жана өтөө

 

4-глава.
Кароол кызматын уюштуруу жана кароолдорун даярдоо

 

Жалпы жоболор

 

90. Кароол кызматын өтөө күжүрмөн милдетти аткаруу болуп саналат жана өздүк курамдан ушул Уставдын бардык жоболорун так сактоону, өтө кыраакылыкты, кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү жана демилгелүүлүктү талап кылат.

Кароол кызматынын талаптарын бузган күнөөлүүлөр тартиптик же жазык жоопкерчилигин тартышат.

91. Кароол кызматын өтөө үчүн кароолдор дайындалат.

Күжүрмөн тууларды, аскердик жана мамлекеттик объекттерди кайтаруу жана коргоо боюнча күжүрмөн милдеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле гауптвахтада жана тартиптик батальондо кармалган адамдарды кайтаруу үчүн дайындалган куралдуу бөлүкчө кароол деп аталат.

Кароолдор гарнизондук жана ички кароолдор болушат; алар туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн.

Гарнизондук кароол өзүнүн сакчылык ички бөлүмдөрү жок борбордук баш ийүүдөгү объекттерди, жалпы гарнизондук маанидеги объекттерди, бирикмелердин же бири бирине чукул жайгашкан бир нече аскер бөлүктөрүнүн объекттерин, ошондой эле, гарнизондук гауптвахтада кармалган адамдарды кайтаруу жана коргоо үчүн дайындалат.

Ички кароол бир аскер бөлүгүнүн объекттерин кайтаруу жана коргоо үчүн дайындалат.

Авиациялык бөлүктүн самолеттору (вертолеттору) жана авиациялык бөлүктүн аэродромдогу башка объекттери авиациялык-техникалык бөлүктөн дайындалуучу ички кароол тарабынан кайтарылат жана корголот.

Туруктуу кароолдор кароолдордун иш тартибинде каралат. Убактылуу кароолдор кароолдордун иш тартибине киргизилбейт; алар жүк жүктөөдө (түшүрүүдө) же убактылуу сактоодо, ар кандай транспорт түрлөрү менен ташылуучу аскер жүктөрүн коштоодо аскер мүлкүн кайтаруу жана коргоо үчүн, ошондой эле камактагы аскер кызматчыларын кайтаруу үчүн гарнизондун зардалы же аскердик бөлүктүн командиринин буйругу менен дайындалышат.

92. Гарнизондук кароолдор гарнизондун зардалына, гарнизондун аскердик комендантына, кароолдор боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына баш иет; гарнизондук гауптвахтанын алдындагы кароол андан тышкары гауптвахтанын зардалына баш иет.

Ички кароолдор аскердик бөлүктүн командирине, аскердик бөлүк боюнча кезметчиге жана эгерде аскердик бөлүк боюнча кезметчинин жардамчысы офицер болсо, анын жардамчысына баш ийишет. Аскердик бөлүктүн калган бөлүкчөлөрүнөн өзүнчө бөлөк жайгашкан батальондун (дивизиондун) объекттерин кайтарган ички кароол мындан тышкары бул батальондун (дивизиондун) командирине жана батальон (дивизион) боюнча кароолдун зардалына аскердик наамы тең же андан улук кезметчиге баш иет.

Аскердик бөлүк боюнча кезметчинин прапорщиктерден дайындалган жардамчысына, зардалдары офицерлер эмес кароолдор, ал эми аскер бөлүгү боюнча кезметчинин сержанттардан дайындалган жардамчысына, зардалдары сержанттардан дайындалган кароолдор баш иет.

Кароолдорду бөлүштүрүү учурунда кароол боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчини тосуп алуу үчүн «Какай» командасы берилген учурдан тартып бул адамдардын карамагына өтүшөт, ал эми алардын карамагынан нөөмөт бүткөндөн кийин өзүнүн аскердик бөлүгүнө (бөлүкчөсүнө) жөнөө үчүн кароол зардалы «Алга бас» командасын берген учурдан тартып чыгышат.

93. Кароолдун курамына: кароол зардалы, тозоттордун жана нөөмөттөрдүн саны боюнча кароол сакчылары, бөлүштүргүчтөр, ал эми зарыл учурда кароол зардалынын жардамчысы, күзөттүн техникалык каражаттары боюнча кароол зардалынын жардамчысы (оператор) же оператордун нөөмөтү (эки-үч адам, алардын бири күзөттүн техникалык каражаттары боюнча кароол зардалынын жардамчысы болуп дайындалышы мүмкүн), кароол иттеринин кызматы боюнча кароол зардалынын жардамчысы жана транспорт каражаттарынын айдоочулары дайындалат.

Штабдарды жана башкаруу пункттарын кайтаруу боюнча, ошондой эле, мекемелерди кайтаруу боюнча кароолдорго көзөмөлдүк-өткөрмө тозоттордун кароол сакчылары, ал эми гауптвахтанын алдындагы кароолго - алып чыгуучу жана айдоочу сакчылар дайындалышат.

94. Объекттерди түздөн-түз кайтаруу жана коргоо үчүн кароол курамынан сакчылар коюлат.

Өзүнө тапшырылган тозотту кайтаруу жана коргоо боюнча күжүрмөн милдетти аткарган куралдуу кароол сакчысы сакчы деп аталат.

Сакчыга кайтаруу жана коргоо үчүн тапшырылгандардын бардыгы, ошондой эле, ал өзүнүн милдеттерин аткарган жер же жердин бир бөлүгү тозот деп аталат. Кароол техникалык каражаттардын жардамы менен кайтарган объекттер жана ал каражаттар орнотулган жер участогу да тозотторго кирет.

Объекттерди кайтарууну сакчылар объектини айланта салынган - тышкы жана ички тосмонун ортосунда, эгерде объекттин бир тосмосу болсо, же тосмону бойлой ич жагында патрулдоо, ошондой эле, кароол секисинен байкоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырышат. Айрым объекттерди кыймылсыз сакчылар кайтарышы мүмкүн.

95. Гарнизондун зардалдары, бирикмелердин жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери, аскердик объекттердин зардалдары, ошондой эле, алардын тикелей зардалдары объекттерди кайтаруу жана коргоо үчүн зарыл болгон өздүк курамдын санын дайыма кыскартууга жетишүүгө аракет кылууга милдеттүү.

Ага:

- тозотторду сакчы койбостон техникалык каражаттарды жана кароол иттерин пайдалануу менен кайтарууга өтүү;

- ар кайсы аскердик бөлүктөргө таандык, жакын жайгашкан сактоочу жайларды, кампаларды, парктарды жана жалпы тосмосу бар башка кайтарылуучу объекттерди бир кароолдун кайтаруусуна бириктирүү;

- кыймылсыз сакчылар турган тозотторду кыскартуу жана объекттерди жөө жана транспорт каражаттарында патрулдоо ыкмасы аркылуу кайтарууну уюштуруу менен жетишилет.

96. Объекттерди патрулдоо ыкмасы менен кайтарууну уюштурууда жана кайтарууда сакчыга объекттин тосмосуна жана жердин шарттарына жараша белгилүү бир убакыттын ичинде кайтаруу жана коргоо үчүн күндүзү - эки км. чейин, түнкүсүн - бир км. чейинки участок тилкеси, ал эми кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттердин күндүзү 3 км. чейин, түнкүсүн эки км. чейин жери белгиленип берилет. Жаан-чачындуу күндөрү (калың туман, жаан, кар) объекттерди кайтарууну күчөтүү үчүн кошумча кароол сакчылары же транспорт каражаттарындагы патрулдар дайындалышы мүмкүн. Мындай учурда кошумча кароолдордун кызмат өтөө тартиби жана патрулдоо тартиби гарнизондун зардалы (аскердик бөлүктүн командири) тарабынан аныкталат.

Сакчылар кыймыл маршруттары боюнча объектти ишенимдүү кайтарууну камсыз кылгыдай ылдамдыкта жөө кыдырып, айлана-тегеректи жана тосмолорду кароо үчүн, ошондой эле кызмат өтөө жөнүндө кароолдун зардалына байланыш каражаттары боюнча баяндоо жасоо үчүн бир азга токтолушат.

Күн ачыкта, жер шарты мүмкүндүк берсе, сакчылар кайтарылчу объектиге жана ага чукул жерлерге кароол секисинен байкоо жүргүзө алышат.

97. Сакчыларга жардам көрсөтүү үчүн ар бир кароол жайында уктабаган жана эс алган кароол сакчыларынын нөөмөтүнүн ичинен камылга топтор түзүлөт, алар кароол «мылтык алгыла» деген чакырык боюнча көтөрүлгөндө кароолдун зардалынын, анын жардамчысынын же бөлүштүргүчтүн командачылыгы алдында укук бузулган жерге келишет жана кырдаалга жараша аракет кылышат. Бул топторду укук бузулган жерге тез жеткирүү үчүн кароол зарыл учурда транспорт каражаты, ал эми өзгөчө шарттарда бронетранспортерлор (аскер машиналары) менен камсыздалат.

98. Кароолдун өздүк курамы кароол кийимин кийүүгө, (8-тиркеме), оң жана ченемдүү салгылашка даярдалган, штык-канжары бар автоматтар же штыктары бар карабиндер менен куралданууга тийиш. Көзөмөлдүк-өткөрмө пункттардын сакчылары тапанчалар менен куралданышы мүмкүн. Кароолдун зардалдары жана алардын жардамчылары өздөрүнүн штаттык куралдары менен куралданышат.

Кароол дүрмөттүү октор менен: ар бир автоматка жана тапанчага октолгон эки ок кутусу; ар бир карабинге - ок тизимдеги 30 ок эсебинде камсыздалат.

Андан тышкары гарнизондун зардалынын буйругу (аскердик бөлүктүн командиринин) боюнча кароолдор ар биринин октолуу үч ок кутусу бар пулеметтор жана кароолдун бүткүл курамы ар бирине экиден граната туура келгендей эсепте, гранаталар менен куралданышы, ошондой эле, күжүрмөн техника менен күчөтүлүшү мүмкүн.

Кароолдун тапанчалар менен куралданган адамдардан бөлөк өздүк курамына ок-дарылар кароол шаарчасындагы практикалык көнүгүүлөрдөн кийин берилет.

99. Куралды октоо тозотторго чыгуу алдында, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын анын чегинен тышкары коштоп узатуу үчүн, ошондой эле кароолду текшерген адамдарды коштоо үчүн жүргүзүлөт.

Куралды октоо жана огун чыгаруу кароолдун зардалынын же анын жардамчысынын (бөлүштүргүчтүн) командасы боюнча жана алардын түздөн-түз байкоосу алдында кароол жайынын жанындагы ок түшүргүчтөрү бар, атайын жабдылган жана жарык кылынган жерде, ал эми нөөмөттөр тозотторго машиналарда барганда - кароолдун зардалынын нускамасында көрсөтүлгөн, зарыл учурларда ок түшүргүчтөр менен жабдылган жерлерде жүргүзүлөт. Октоодо жана огун чыгарууда куралдын найы жогору каратылышы (45-60 градустагы бурчтукта) жана айлана-тегеректеги турак-жайлардан жана кайтарылган объекттен башка жакка багытталууга тийиш. Эгерде кароол жайынын жанында жана айланасында турак-жай жана кызматтык имараттар жайгашса, куралды октоо жана огун чыгаруу кароол жайындагы ок түшүргүч менен жабдылган атайын жерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Куралдын огун чыгаруу жана куралды карап чыгуу кароол жайына кайра келгенден кийин дароо же кароолдун зардалынын нускамасында көрсөтүлгөн жерлерде жүргүзүлөт.

Тапанчалар окторду алгандан кийин бөлүкчөдө октолот, ал эми кароол алмашылгандан кийин, кароол бөлүкчөгө келгенден кийин огу чыгарылат.

100. Куралдар куралдын тийиштүү түрү боюнча жетекчиликте көрсөтүлгөн эрежелер боюнча октолот, мында ок дүрмөт кынына жеткирилбейт.

Автомат октуу ок кутусу менен октолот. Октоордун алдында ал каралып чыгат (мында машаа басылат) жана сактагычка коюлат. Тээк тулкусу ок кутусу бекитилгенден кийин артка тартылбайт.

Карабин толук октуу ок кутусу менен октолот. Октолгондон кийин карабиндин тээк акырын жабылат (мында ок дүрмөт кынына жеткирилбейт), сактагычтан чыгарылат, машаасы түшүрүлөт жана карабин сактагычка коюлат.

Тапанча октуу ок кутусу менен октолот, октоодо тээк артка тартылбайт. Октоонун алдында тапанча сактагычка коюлат.

Пулеметтор менен кол гранаталары колдоноор алдында гана дүрмөттөлүшөт.

101. Гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) буйругу боюнча кароол жайында: ар бир автоматка же карабинге 150дөн ок, тапанчага - 16 ок эсебинде дүрмөттүү октордун кору түзүлөт, ал цинктүү металл үкөктө сакталат.

Кол гранаталары өзүнчө металл үкөктө сакталат, мында дүрмөттөрү суу өткөрбөөчү өзгөчө таңгактагы гранаталардан бөлөк сакталат.

Кароолдордун дүрмөттүү окторунун корунун эсеп китепчеси (7-тиркеме), кол гранаталардын жана алардын дүрмөттөрүнүн эсеп китепчеси, ок-дарыларды алуу (салуу) актысы жана толтурулбаган бланктар, ошондой эле, цинктерди ачуу үчүн бычак ошол эле үкөктөрдө сакталат. Үкөктөр кулпуланып, гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын зардалы) тарабынан мөөр басылып жабылат жана кароол жайында болгон кароолдун мүлкүнүн жана шаймандарынын тизмесине киргизилет. Ок-дарылар сакталган үкөктөрдүн ачкычтары жана алынган кептери кароолдун зардалынын сейфинде (кулпулуу столдун үкөкчөсүндө) сакталат. Ачкычтарды бөлөк бирөөлөргө берүүгө тыюу салынат.

Дүрмөттүү октордун кору, гранаталар жана дүрмөттөр сакталган үкөктөрдүн сакталышы үчүн кароол зардалы жекече жооптуу болот.

102. Ок-дарылар корунун бардыгы жана анын абалы айына бир жолудан кем эмес: гарнизондук кароолдордо - гарнизондун аскердик коменданты, ички кароолдордо - аскердик бөлүктүн штабынын зардалы тарабынан текшерилип турат.

Текшерүүнүн натыйжалары ок-дарылардын корунун эсеп китепчесине жана тозоттук ведомостко жазылат.

103. Кароол жайларын жана тозотторду жабдуулар, кайтаруунун техникалык каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыздоо, ошондой эле, кайтарылуучу объекттерди тосмолоо (5, 6-тиркемелер) жана аларды ушул Уставда каралган шаймандар менен камсыздоо аскердик объекттин зардалына (аскердик бөлүктүн командирине) жүктөлөт. Аскердик объекттин зардалына (аскердик бөлүктүн командирине) ошондой эле, кароол жайынын жарыктыгы жана аны отун жана тозоттук кийим менен камсыздоо үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

104. Алмаштыруу үчүн келген кароол ушул максат үчүн дайындалгандыгын чындыгын ырасташы үчүн, ошондой эле, гарнизондун зардалынан же кароолдор боюнча аскердик бөлүк боюнча кезметчиден буйрук менен келген адам, буга тийиштүү зардал тарабынан чындыгында ыйгарым укук алгандыгын ырасташы үчүн пароль (купуя сөз) белгиленет.

Пароль кайсы бир Шаардын атында белгиленет, ал күн сайын ар бир кароол үчүн өзүнчө белгиленет: гарнизондук кароолдор үчүн - гарнизондун аскердик коменданты, ички кароолдор үчүн - аскердик бөлүктүн штабынын зардалы белгилейт.

Паролдор 10 күндөн ашык эмес мурдатан белгиленет жана гарнизондун аскердик комендантында (аскердик бөлүктүн штабынын зардалында) сакталган, сейфте мөөр басылып жабылган папкадагы паролдор китепчесине жазылат.

Айгай жарыяланганда кароолго кирген жаңы кароолдор үчүн паролдор кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиде мөөр басылып жабылган папкада сакталат.

Пароль белгилүү болгон адамдар аны бекем купуя сактоого жана аны сураганда аны жарыя айтпай, кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү, мына ошондон кийин кат дароо жок кылынат.

Пароль жазылган кат жоготулганда же пароль таратылган башка учурларда кароолдор боюнча кезметчи (аскердик бөлүк боюнча) тарабынан анын күч аракети дароо токтотулат, бул тууралу гарнизондун аскердик комендантына (аскердик бөлүктүн штабынын зардалына) баяндалат.

105. Кароолдун кайтаруусундагы сактоочу жайларды (кампаларды, парктарды) ачууга же күжүрмөн машиналар, башка курал-жарактар жана аскер техникасы турган жерлерге киргизүүгө гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын зардалы) кол койгон жана гербдүү мөөр менен ырасталган туруктуу же бир жолку уруксат каттын негизинде уруксат берилет.

Уруксат катында: анын номери жана кароолдун зардалына берилген, кароолдун номери; ачылуучу (жабылуучу) кайтарылган объекттин аталышы; ачуунун (жабуунун) датасы жана убагы; ачуу (жабуу) үчүн келген адамдын аскердик наамы, аты-жөнү көрсөтүлөт.

Тигил же бул сактоочу жайды (кампаларды, парктарды) ачууга укуктуу же коюлган жерлерде турган күжүрмөн машиналарды, башка курал-жаракты жана аскер техникасын кароолдон алууга уруксат берилген адамдардын тизмеси гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) буйругу менен жарыяланат.

Тигил же бул сактоочу жайларды (кампаларды, парктарды) ачууга укуктуу же аларга киргизилчү кызмат адамдарынын чыныгы колдору коюлган уруксат каттардын үлгүлөрү, ошондой эле, мөөрлөрдөн (пломбалардын тактарынан) алынган кептердин гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын зардалы) кол койгон жана гербдүү мөөр менен ырасталган үлгүлөрү кароол жайында болууга тийиш (6-тиркеме).

106. Кампалардын техникалык аймактарына, өрт коркунучу бар жана өзгөчө маанилүү объекттерге киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тийиштүү башкармаларынын зардалдары тарабынан атайын жоболорго (нускамаларга) ылайык белгиленет.

107. Самолеттор коюлган жерлерди жана авиациялык бөлүктүн башка объекттерин ачуу үчүн уруксат каттарга бул бөлүктүн штабынын зардалы кол коет.

Коюлган жерлер ачылгандан кийин жана аларды кароолдун кайтаруусуна өткөргөнгө чейин самолетторду (вертолетторду) кайтаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалы тарабынан аныкталат.

108. Аскердик объекттерди өзгөчө шарттарда кайтаруу жана коргоо боюнча кароол кызматын өтөө тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кошумча аныкталат.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Кайтаруунун техникалык каражаттарын колдонгон кароол кызматы

 

109. Кайтаруунун техникалык каражаттары объекттерди кайтаруунун ишеничтүүлүгүн жогорулатуу жана кароолдун өздүк курамынын санын кыскартуу максатында колдонулат. Алар: табуунун периметрдик каражаттарын, объекти кайтаруу сигналын, алдын алуу жана таасир этүүнүн техникалык каражаттарын, өрт сигналын, сигналдарды кабыл алуу аппараттарын, кайтаруунун техникалык каражаттарын жана сигналдын кабелдик же радио тармагын камтыйт.

Кайтаруунун техникалык каражаттарын колдонуу менен объекттерди кайтаруунун ишеничтүүлүгүнө: кайтаруунун техникалык каражаттарын туура тандап алуу жана аларды инженердик тосмолор менен бирге пайдалануу менен; кайтаруу каражаттарын орнотуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын тымызындыгы; монтаждоонун жогорку сапаты, дайыма тейлөө жана алардын абалына көзөмөлдүк жүргүзүү менен; кайтаруунун техникалык каражаттары иштегенде кароолдун өздүк курамынын кыраакылыгы жана өз убагында аракеттенүүлөрү менен жетишилет.

110. Объекте колдонулган кайтаруунун техникалык каражаттарынын түрү жана саны анын маанилүүлүгүнө жараша аныкталат: биринчи категориядагы объект көрүүнүн периметрдик каражаттарынын эки же андан көп чектери, объекти кайтарууну сигналдаштыруу жана башка каражаттар менен; экинчи категориядагы объект-көрүүнүн периметрдик каражатынын бир чеги жана кайтаруунун объектилик сигналдаштыруусу менен; үчүнчү категориядагы объект-кайтаруунун объектилик сигналдаштыруусу менен жабдылат.

Объекттер өрттүк сигналдаштыруу менен белгиленген ченемдерге жана тизмелерге ылайык жабдылышат.

111. Кайтаруунун техникалык каражаттарын орнотуунун жана аларды тейлөөнүн тартиби алардын тактикалык-техникалык мүнөздөрү жана паспорттору менен аныкталат.

Кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуу аппараттары кароол жайында, кароолдун зардалынын бөлмөсүндө же бул үчүн арналган өзүнчө атайын бөлмөдө - пульттук бөлмөдө орнотулат.

Кайтаруунун техникалык каражаттарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн өзүнчө кубат берүү булагы орнотулат.

Гарнизондо (аскердик бөлүктө) өрттөн коргонуу жана аман алып калуу иштеринин командалары болсо өрт сигналдарын кабыл алуучу аппараттары ошол бөлмөдө жайгаштырылышы мүмкүн.

Кайтаруунун техникалык каражаттарын оң абалында күтүү бул үчүн дайындалган штаттык бөлүкчө аркылуу, ал эми мындай штаттык бөлүкчө жок болсо - аскердик бөлүктүн командири (объекттин зардалы) дайындаган, башында офицер турган эксплуатациялык топ аркылуу жүзөгө ашырылат.

112. Кайтаруунун техникалык каражаты менен жабдылган объекттерди кайтаруу жана коргоо сакчылар коюу жолу, көзөмөлдүк-кайтаруу тобунун кезметчилик ыкмасы же аралаш ыкма менен жүзөгө ашырылат. Көзөмөлдүк-кайтаруу топторунун кезметчилик ыкмасы негизги ыкма болуп саналат. Бардык ыкмаларды колдонууда объекттерди кайтарууну күчөтүү үчүн кароол иттери пайдаланышы мүмкүн (11-тиркеме).

Кайтаруунун техникалык каражаттарын колдонуу жана мындай учурларда сакчылар коюу, ошондой эле, кароол иттерин пайдалануу зарылдыгы жөнүндө чечим, кароолдордун күн тартибин бекитүүгө укуктуу командирлер (зардалдар) тарабынан колдонулат (118-ст.).

113. Адатта сакчылар коюу менен курал-жарак, ок-дарылар сакталган кампалар жана туруктуу байкоону жана күчөтүлгөн кайтарууну талап кылган башка объекттер кайтарылат. Мындай учурларда сакчылар 179-192-ст. көрсөтүлгөндөй кызмат өтөшөт.

Кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарды кабыл алуучу аппараттарын көзөмөлдөөнү кароолдун зардалы же анын жардамчысы (коюучу) жүзөгө ашырат.

114. Көзөмөлдүк-кайтаруу топторунун кезметчилиги оператордун кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуу аппаратына үзгүлтүксүз контролдугун, көзөмөлдүк-кайтаруу топторунун тозотторду мезгил-мезгили менен текшерүүсүн жана кайтаруунун техникалык каражаттары күтүлбөгөн жерден иштегенде алардын аракеттерге дайыма даяр турууларын билдирет.

Текшерүү жүргүзүүдө сыртынан кароо менен тосмонун, көзөмөлдүк-из тилкесинин, сактоочу жайлардын (кампалардын) каалгаларынын (дарбазаларынын), терезелеринин жана дубалдарынын абалы, мөөрлөрдүн (пломбалардын) саны жана тууралыгы, ошондой эле, кайтаруунун техникалык каражатынын иштөөсү текшерилет.

115. Объекттерди кайтаруунун аралаш ыкмасы көзөмөлдүк-кайтаруу топторунун кезметчилик ыкмасы менен бир эле учурда периметрдин айрым бөлүктөрүнө же имараттардын (жайлардын) жанындагы тозотторго сакчылар коюу менен айкалыштырууну билдирет. Мында кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарды кабыл алуучу аппараттарына көзөмөл жүргүзүүнү кароолдун зардалы же анын жардамчысы жүзөгө ашырышы мүмкүн, ал эми көзөмөлдүк-кайтаруу тобунун ордуна кароолдун камылга тобу аракеттениши мүмкүн.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Кароолдор наряды

 

116. Кароолдор наряды кароолдордун күн тартибинин негизинде жүргүзүлөт (1-тиркеме).

Кароолдор ар бир суткада алмаштырылууга тийиш.

Аскердик бөлүк машыгууда болгон мезгилде кароолдордун күн тартибин бекитүүгө укуктуу зардалдардын (118-ст.) буйругу менен башында офицер турган, жети суткага чейин алмаштырылгыс кароол дайындалышы мүмкүн.

117. Гарнизондук кароолдордун күн тартибин гарнизондун аскердик коменданты, ал эми ички кароолдорддукун - аскердик бөлүктүн штабынын зардалы объекттерди кайтарууну жана коргоону уюштуруу боюнча гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөлөрүнүн негизинде, алардын маанилүүлүгүн, кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылышын, тосмосун жана ишеничтүү кайтарууну мүмкүн болушунча сакчылардын аз саны менен камсыз кылууну эске алуу менен түзүшөт. Кароолдордун күн тартибин түзүүдөн мурда кайтаруу объекттеринин жайгашуусунун жана аларды кайтаруунун шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн турган жеринде көрүп чыгуу жүргүзүлүшү керек.

Өзүнүн кайтаруучу бөлүкчөлөрү бар, борбордук баш ийүүдөгү объекттерди коргоо боюнча кароолдордун күн тартибин аскердик объекттин (кампанын, базанын) зардалы түзөт.

118. Гарнизондук кароолдордун күн тартиптери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына, ал эми аскердик бөлүктөрдүн ички кароолдорунун күн тартиптери - бирикменин командирине бекитүүгө берилет.

Өздөрүнүн кайтаруучу бөлүкчөлөрү бар аскердик бөлүктөрдүн ички кароолдорунун күн тартиптери тийиштүү тикелей зардалдардын бекитүүсүнө берилет.

Күн тартибине ар бир кароолдун тозотторунун жайгашуу схемасы тиркелет.

119. Кароолдордун күн тартибин түзүү менен бир эле убакта ар бир кароол үчүн тозоттордун жайгашуусунун схемасы, тозоттордун табелдери (3-тиркеме), кароолдун зардалынын нускамасы түзүлөт; андан тышкары, айгай жарыяланганда алмашылуучу кароолдор үчүн айгай жарыяланган учурга карата документтер, ал эми, курамына кароолдун зардалынын техникалык кайтаруу каражаттары боюнча жардамчысы (оператор) кирген кароолдор үчүн - кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын документтери түзүлөт.

Тозоттордун жайгашуусунун схемасында: тозоттордун жана тыюу салынган зоналардын чек аралары; тыюу салынган чек аралар, тосмонун түрлөрү; кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттер; нөөмөттөрдүн тозотторго баруусунун жана транспорт каражаттарындагы патрулдардын маршруттары; окоптордун, кароол секилеринин, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттардын, кароол иттеринин тозотторунун жайгашуулары; тозотторго алып келген эң коркунучтуу жолдор көрсөтүлөт.

Тозоттордун табелдеринде: ар бир тозоттогу кайтарылчу жана корголуучу нерселер; тозотто кызмат өтөөнүн айкын бир шарттарын эске алуу менен сакчынын өзгөчө милдеттери жана байланыш каражаттары боюнча билдирүүлөрдүн мөөнөттөрү; сакчыга кароол секисинен байкоо жүргүзүүгө уруксат берилген убакыт; сакчынын башка адамдарды жакындатпаган аралыгы; тозотко, коңшу тозотторго кол салынганда жана тозотто өрт чыкканда сакчынын аракеттери; сакчыга кайсы учурларда куралды колдонууга уруксат берилээри көрсөтүлөт. Кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган тозоттор үчүн, ар бир тозоттогу кайтаруунун техникалык каражаттарынын түрү жана маркасы, алардын иштешинин өзгөчөлүктөрү, тозотту көзөмөлдүк-кайтаруу тобу тарабынан текшерүүнүн жана курал колдонуунун тартиби көрсөтүлөт.

Кароолдун зардалынын нускамасында: кароолдун милдети, кароолго тапшырылган объекттерди кайтаруу жана коргоо боюнча кароолдун зардалынын өзгөчө милдеттери жана объекттерди, анын ичинде кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттерди кайтарууга алуудагы жана өткөрүп берүүдөгү кароолдун кызмат адамдарынын аракеттеринин тартиби, аларды көзөмөлдөп-кайтаруучу топтордун текшерүүсүнүн графиги жана тартиби; объекттерди түнкүсүн жана жаан-чачындуу күндөрү кайтарууну күчөтүү чаралары; кайтарылган объекттерге, сакчыларга же кароол жайына кол салынган, кайтаруунун техникалык каражаттары иштегенде жана иштен чыкканда, өрт, табигый кырсыктар болгондо айгай белгиси боюнча кароолдун аракеттери жөнүндө көрсөтмөлөр, ошондой эле, курал-жарактын сакталышынын жана ок-дарылар салынган үкөктөрдү ачуунун тартиби тууралу көрсөтмөлөр баяндалат.

Айгай жарыяланган учурга карата документтер: тозоттордун табелдерин, тозоттордун жайгашуусунун схемасын, кароолдун зардалынын нускамасын, тозоттук ведомосттун бланкын жана паролду камтыйт. Бул документтер кароолго тапшырылган объекттерди, аскерлердин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык планы боюнча аракеттерин эске алуу менен кайтаруу жана коргоо тартибин аныктайт.

Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысынын (оператордун) документтери нускамадан (кайтарылчу объекттерди кайтарууга алуу жана өткөрүп берүү, аппараттарга көзөмөлдүк жүргүзүү жөнүндө, ошондой эле кайтаруунун техникалык каражаттары иштегендеги же токтотулгандагы аракеттердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө көсөтмөлөр); кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган кайтарылчу объекттердин тизмесинен (тозоттун номери, объекттин аталышы, ачуу жана жабуу убактысы); кайтаруунун техникалык каражаттарынын иштөөсүнө контролдуктун журналынан (объекттин аталышы, объекти кайтарууга алуу жана өткөрүп берүү убактысы, орнотулган каражаттардын техникалык абалы, алардын иштөөсүн текшерүүнүн убактысы жана алардын абалынын белгиси, кайтаруунун техникалык каражаттарынын иштөөсүнүн убактысы, орду жана көрүлгөн чаралар) жана объектиде орнотулган кайтаруу тутумун эксплуатациялоо боюнча колдонмодон турат.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн документтер гарнизондун зардалы (аскердик бөлүктүн командири) тарабынан бекитилет.

120. Кароолдордун күн тартибинин негизинде гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын зардалы) аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) ортосунда кароол кызматын өтөөнүн кезектүүлүгүн ар бир айга карата белгилейт, ал гарнизондук (суткалык) наряддын (2-тиркеме) ведомосттунда чагылдырылат жана гарнизондун зардалы (аскердик бөлүктүн командири) тарабынан бекитилет.

Тозоттордун жайгашуусунун схемасынан, тозоттордун табелдеринен, кароолдордун зардалдарынын нускамаларынан жана кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароол зардалынын жардамчысынын (оператордун) документтеринен жазылып алынгандар гарнизондук наряддын ведомостторунан жазылып алынгандар менен бирге гарнизондук наряд кызматына тартылган гарнизондун бардык аскердик бөлүктөрүнө жаңы ай башталаардан 10 күн мурдатадан кечиктирилбей жөнөтүлөт.

Аскердик бөлүктүн штабы жаңы ай башталардан 5-6 сутка мурда кароолдор дайындалган бөлүкчөлөрдүн командирлерине алардын нарядга кирээр күндөрүн жана кароолдордун курамын кабарлайт.

Тозоттордун жайгашуусунун схемасындагы жана тозоттордун табелиндеги өзгөрүү тууралу гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штатынын зардалдыгы) аскердик бөлүктөргө (бөлүкчөлөргө) өз убагында кабарлайт.

Айгай жарыяланган учурга карата документтер кароолдун зардалында гербдүү мөөр басылып жабылган пакетте сакталат. Документтердин экинчи нускалары айгай жарыяланган учурда алмашуу үчүн дайындалган кароолдун зардалына нускамалар берүү үчүн гарнизондун аскердик комендантында (аскердик бөлүктүн штабынын зардалында) болот.

121. Объектте беш жана андан ашык тозоттор болсо кароолдун зардалына офицер же прапорщик, ал эми тозоттор аз болсо - сержант дайындалат.

Өзгөчө маанилүү объектти кайтарган кароолдун зардалдыгына тозоттордун санына карабай офицер же пропорщик дайындалат.

Гарнизондук гауптвахтада кароолдун зардалдыгына офицер дайындалат.

Кароолдун зардалынын жардамчысы прапорщиктерден же сержанттардан дайындалат. Эгерде кароолдун зардалынын жардамчысы дайындалбаса, анын милдеттерин биринчи бөлүштүргүч аткарат.

Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысы (оператор) кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча адистердин же гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) буйругу менен дайындалчу башка аскер кызматчыларынан дайындалат.

Кароол иттеринин кызматы боюнча кароол зардалынын жардамчысы кароол иттеринин улук үйрөтүүчүлөрүнөн дайындалат (11-тиркеме).

122. Кароолдун курамына сержанттардан же ефрейторлордон бөлүштүргүчтөр дайындалат.

Бөлүштүргүчтөрдүн саны тозоттордун санына жана жайгашуусуна жараша, ар бир бөлүштүргүч тозотторго бештен ашпаган сакчы койгондой, ал эми сакчылардын нөөмөтүнүн тозотторго баруусу жана кароол жайына кайра келүүсү бир сааттан ашпагандай эсепте аныкталат.

Кароолго бир нече бөлүштүргүчтөр дайындалса, алар: биринчи бөлүштүргүч, экинчи бөлүштүргүч ж.б. деп аталышат.

Эгерде кароол бир тозотту кайтарса, бөлүштүргүч дайындалбайт, анын милдеттерин кароол зардалы аткарат.

123. Кароол сакчылары солдаттардан дайындалышат. Солдаттардын саны жетпесе мөөнөттүү кызматтын сержанттары кароол сакчылары болуп дайындалышы мүмкүн. Мындай учурда тозоттун (тозоттордун) бардык нөөмөтү, көзөмөлдүк-кайтаруу тобунун бүткүл курамы алардан түзүлөт, ал эми бөлүштүргүч болуп аскердик наамы кароол сакчыларынын аскер наамынан төмөн эмес аскер кызматчысы дайындалат.

Кароол сакчыларынын саны ошол кароол үчүн белгиленген тозоттордун санына жараша аныкталат, мында тозотту сутка бою кайтаруу үчүн сакчылардын үч нөөмөтү, ал эми тозотту түн бою гана кайтаруу үчүн (караңгы киргенден тартып таң атканга чейин же кампаны, сактоочу жайды жапкандан ачканга чейин) сакчылардын эки нөөмөтү дайындалат.

Алып чыгуучулар гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санына жана гауптвахтадагы кармоо жана жалпы пайдаланылуучу орундардын жайгашуусуна жараша 10-15 кишиге бир алып чыгуучу эсебинде дайындалат.

124. Кароолдун курамы, анын ичинде кароолдун зардалы да, нарядка киргенге чейин бир сутка мурда, эреже катары бир бөлүкчөдөн, эң болбоду дегенде - бир аскердик бөлүктөн дайындалышат.

Бардык гарнизондук кароолдор эреже катары бир аскердик бөлүктөн дайындалышат.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Кароолду даярдоо

 

125. Кароолдор дайындалган аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн командирлери кароолдордун өздүк курамын тандоо жана аны кызмат өтөөгө даярдоо үчүн, курал-жарактын жана ок-дарылардын оң абалда болушу үчүн жана кароолдордун жөнөтүүгө өз убагында келиши үчүн жооп берет.

Аскер антын кабыл албаган келгендин, толуктоонун тийиштүү программасын өздөштүрбөгөн, Жазык кодексинде каралган жосундардын белгилерин камтыган жоруктарды жасап, алар боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчыларын, оорулуу жана ошол учурда өзүнүн моралдык-психологиялык абалы боюнча кароол кызматын өтөй албаган башка аскер кызматчыларын кароолго дайындоого тыюу салынат.

126. Гарнизондук же ички кароолдор нарядка кирээрден үч сутка мурда аскердик бөлүктөрдүн штабдарынын зардалдары кароолдор дайындалган бөлүкчөлөрдүн командирлерине тозоттордун жайгашусунун схемасын, тозоттордун табелдерин жана кароолдун зардалынын нускамасын кароолдордун жекече курамы окуп-үйрөнүшү үчүн тапшырууга милдеттүү. Окулуп-үйрөнүлгөндөн кийин көрсөтүлгөн документтер аскердик бөлүктүн штабына кайтарылып берилет.

127. Нарядга кирээрден мурдагы түнү кароолго дайындалган аскер кызматчылары эч кандай кызмат өтөбөөгө же машыгууларга жана ишке тартылбоого тийиш.

Нарядка кире турган күнү күн тартибинде көрсөтүлгөн сааттарда кароолдун жеке курамына кызмат өтөөгө даярдануу үчүн 3 сааттан кем эмес, ал эми кароолго бир суткадан кийин кирүүдө - 4 сааттан кем эмес, анын ичинде эс алуу (уктоо) үчүн 1 сааттан кем эмес убакыт берилет.

128. Ротадан (батареядан) дайындалган кароолдун өздүк курамын даярдоону ротанын командири уюштурат жана аны жеке өзү жүргүзөт; батальондон дайындалган кароолду даярдоону - батальондун (дивизиондун) командири жеке өзү, ал эми аскердик бөлүктөн дайындалган кароолду даярдоону - бөлүктүн командиринин жардамчыларынын бири жүргүзөт.

Кароолдо кызмат өтөөгө даярдоо үч этапта өткөрүлөт:

- биринчиси - нарядка кирээрден эки-үч күн мурда тозоттордун табелине ылайык кароолдун өздүк курамын тандоо жана бөлүштүрүү жүзөгө ашырылат;

- экинчиси - нарядга кирээрден мурдагы күнү күн тартибинде көрсөтүлгөн сааттарда кароолдун өздүк курамы менен уставдардын жоболорун, тозоттордун табелдерин, кайтарылуучу объекттердин макетинде тозоттордогу сакчылардын өзгөчө милдеттерин жана варианттарын тактоо менен окуп-үйрөнүү, ошондой эле, милдеттердин тийиштүү нускаларын жана талаптарын окуп-үйрөнүү өткөрүлөт;

- үчүнчүсү - кароолго кире турган күнү сакчылардын тозоттордогу аракеттерине иш жүзүндө машыгуу өткөрүлөт.

Уставдардын жоболорун жана сакчылардын өзгөчө милдеттерин окуп-үйрөнүү боюнча көнүгүүлөр кароолдорду даярдоо үчүн класста, гарнизондук кароол менен тажрыйбалык көнүгүү - аскердик комендатуранын кароол шаарчасында, ал эми ички кароол менен - аскердик бөлүктүн кароолдук шаарчасында өткөрүлөт (10-тиркеме).

Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысын (операторду) даярдоо гарнизондун аскердик коменданты (аскердик бөлүктүн штабынын зардалы) тарабынан уюштурулган ай сайын өткөрүлчү көнүгүүлөрдө жана кароолду жөнөтүүнүн алдындагы тажрыйбалык көнүгүүлөрдүн жүрүшүндө жүзөгө өтөгөн учурда кароолду даярдоонун биринчи жана экинчи этаптагы иш-чараларын өткөрүү убактысы аскердик бөлүктүн командири тарабынан кароолду даярдоонун сапаты төмөндөбөгөндөй эсеп менен белгиленет.

129. Кароол дайындалган ротанын (батареянын) же батальондун (дивизиондун) командири төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- нарядка кирээрдин алдында тозоттордун табелине ылайык кароолдун жекече курамынын тандалышын жана бөлүнүшүп текшерүүгө;

- кароолду даярдоонун экинчи жана үчүнчү этаптарында көнүгүүлөр өткөрүүгө жана жекече курамдын өзүнүн милдеттерин жана куралды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекем билүүсүнө жана ишенимдүү аткаруусуна жетишүүгө;

- кароолдун өздүк курамын бөлүштүрүүгө жиберээрдин алдында анын курамынын жана ок-дарыларынын абалын, тазалык буюмдарынын болушун, ар бир аскер кызматынын сырткы көрүнүшүн текшерүүгө, ошондой эле, тозоттук ведомостту толтурууга жана ага кол коюуга (4-тиркеме);

- кароолдун бөлүштүрүүгө өз убагында келүүсүн камсыз кылууга;

- ротадан (батареядан) же батальондон (дивизиондон) дайындалган кароолдун кызмат өтөөсүн текшерүүгө;

- кароол алмашкандан кийин кароолдун зардалынын милдеттерди аткаруу жөнүндөгү баяндамасын кабыл алууга, тозоттук ведомостуга жазылган бардык сын-пикирлер менен таанышууга, кийинки күндөн калтырбай кароол дайындалган кичи бөлүктүн бүткүл өздүк курамы менен кызматты териштирүүнү өткөрүүгө жана сын-пикирлер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндөгү белгилөөлөр менен тозоттук ведомостту аскердик бөлүктүн штабына жөнөтүүгө. Бул милдеттер, эгерде кароол аскердик бөлүктөн дайындалса бөлүктүн командиринин орун басарына да тийиштүү болот.

130. Кароолдор бөлүштүрүүгө чыгаардан 15 минут мурда кызмат өтөөгө даяр болууга жана кароолдордун зардалдарынын карамагына кабыл алынууга тийиш. Бул убакка карай кароолдордун зардалдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- курал-жаракты, дүрмөттүү окторду өткөрүп алууга, аларды ведомость боюнча кол койдуруу менен өздүк курамга таратып берүүгө; ок кутуларынын (ок чөнтөктөрүнүн) октолушунун тууралыгын текшерүүгө;

- тозоттук ведомость боюнча кароолдордун эсебин текшерүүгө;

- курал-жаракты карап көрүүгө;

- кийим-кечектин жана шаймандардын оңдугун текшерүүгө;

- кароолдун даяр экендиги жөнүндө ротанын (батареянын) же батальондун (дивизиондун) командирине билдирүүгө.

Кароол шаарчасынан кароолдор ок кутуларын (ок чөнтөктөрүн) баштыктарга салып (тапанчалар менен куралданган аскер кызматчыларынан бөлөктөр) октолбогон курал-жаракчан жөнөшөт.

131. Бардык гарнизондук кароолдорду аскердик бөлүктөрдөн бөлүк боюнча кезметчи жөнөтөт. Кароолдордун жөнөтүлгөндүгү тууралу ал аскердик бөлүктөрүн командирине (штабдын зардалына) жана гарнизондук аскердик комендантына баяндайт.

 

5-глава. Кароол адамдарынын укуктары жана милдеттери

 

Кароол башчысы 

Жалпы милдеттер

 

132. Кароол зардалы кароолго тапшырылган объекттердин кайтарылышы жана корголушу, кароолдун өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы, алардын кызматты туура өтөөсү, кайтаруунун техникалык каражаттарынын, тосмолордун, тозоттордогу жана кароол жайындагы байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттардын, транспорт каражаттарынын, ошондой эле, кароолдук жайдагы курал-жарактын, ок-дарылардын жана тизмеге ылайык башка мүлктүн сакталышы жана оңдугу үчүн жооп берет.

133. Кайтарылган объекттерге, сакчыларга, кароол сакчыларынын нөөмөтүнө (көзөмөлдүк-кайтаруу топторуна) же кароол жайына кол салынган учурда, ошондой эле, гауптвахтадагы аскер кызматчылар арасында тартипсиздикти токтотуу максатында жана алар качан учурда өзү же кароолдун курамы менен курал колдонууга укуктуу болот.

Курал колдонулаардан мурда аны колдонуу ниети жөнүндө эскертүү жасалууга тийиш.

Курал, күжүрмөн жана атайын техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салуунун мизин кайтарууда, курал менен же болбосо транспорттук каражаттарда же жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынан кайтаруудан качканда, көрүү чектелген шарттарда качканда, ошондой эле кароолдун өздүк курамына жана алар тарабынан кайтарылуучу объекттерди басып алууга (күч көрсөтүүнүн) түздөн-түз коркунучу болгон учурда, курал колдонууну кечиктирүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч туудурганда же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.

134. Кароолдун зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кароолдун милдетин, кароолдун зардалынын нускамасын жана кароолдун бардык адамдарынын милдеттерин билүүгө;

- кароолдун жекече курамынан өздөрүнүн милдеттерин жакшы билүүсүн жана так аткаруусун, жогорку кыраакылыкты жана тартиптүүлүктү талап кылууга;

- эски кароолдун зардалынан тизме боюнча документтерди, ок-дарылар салынган үкөктөрдү, андагы мөөрлөрдү жана алардын ачкычтарын, ошондой эле, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарды кабыл алууга;

- эски кароолдун зардалы менен бирге сыртынан кароо менен нускамада көрсөтүлгөн, эң маанилүү кайтарылчу объекттердин абалын, аларга жарык берүүнү, тосмолорунун жана окоптордун оңдугун, ошондой эле, кароол жайынын жана гауптвахтанын абалын жеке өзү текшерүүгө, ал эми бөлүштүргүчтөр же өзүнүн жардамчысы аркылуу;

- кайтарылган калган объекттердин абалын текшерүүгө; тозоттордогу жана кайтарылган объекттердин тосмолорундагы табылган бардык оң эместиктер жөнүндө тозоттук ведомостко жазууга;

- белгиленген убакта нөмөттү тозотторго жөнөтүүгө, мында бөлүштүргүчтөрдүн жана кароол сакчыларынын өздөрүнүн милдеттерин билүүсүн текшерүүгө жана аларга ар бир тозотто кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүгө;

- камылга (көзөмөлдүк-кайтаруу) топторунун дайыма күжүрмөн даярдыгына, транспорт каражаттарынын, байланыш каражаттарынын оңдугуна, кароолдун өздүк курамы тарабынан курал-жарактын жана дүрмөттүү октордун оң абалда күтүлүшүнө, октоо, огун чыгаруу эрежелеринин сакталышына жана мында коопсуздук таламдарынын аткарылышына, ошондой эле, тозотторго кеткен кароолдун бардык адамдары кароол жайына күйгүзүүчү жана тамеки буюмдарын калтырып кетүүсүнө көз салууга;

- кароолдун ички тартибин кармоого (7-глава);

- тозоттон кайтып келген ар бир кезмектен кийин кароолдун өздүк курамын күжүрмөн санактан өткөрүү менен резервдик топко бөлүүгө, өрт өчүрүү кокустугу чыкса нускамада көрсөтүлгөндөй милдетти алардын алдына коюууга;

- суткасына эки жолудан кем эмес (анын бирин түн ичинде) сакчылардын кызмат өтөөсүн, кайтарылган объекттер менен тосмолордун абалын, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарынын оңдугун жеке өзү текшерүүгө, бул жөнүндө тозоттук ведомостко тийиштүү жазууларды жазууга; мына ушундай максатта өзүнүн жардамчысын жана бөлүштүргүчтөрдү мезгил-мезгили менен жөнөтүп турууга;

- сакчы чакырган учурда же андан белгиленген убакта кызмат өтөө тууралу билдирүү келип түшпөсө бөлүштүргүчтү (өзүнүн жардамчысын) жөнөтүүгө же тозотко өзү келүүгө;

- кароолдук жайга, ага кирүүгө укуктуу адамдардан бөлөк эч кимди киргизбөөгө, мында 142, 143-статьялардын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алууга;

- кармалган шектүү адамдардын жана объектиге өткөрүү тартибин бузуу менен кирүүгө аракет кылган адамдардын ким экендигин аныктоого, кыскача суракка алууга, ал эми зарыл болсо карап чыгууга, алар тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге билдирүүгө;

- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин бөлмөсүндөгү, офицерлердин өздүк куралдары сакталган шкафтын кайтаруу сигналынын санкциясыз иштөөсүнүн себебин аныктоого жана зарыл болсо ал жакка жардамчысын (бөлүштүрүүчүнү) жиберүүгө;

- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин же анын жардамчысынын уруксаты менен кароолдун курамындагы ооруп калгандарды аскердик бөлүккө (кичи бөлүккө) же жакынкы дарылоо мекемесине жөнөтүүгө жана кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи аркылуу аларды алмаштырууну талап кылууга; кыш мезгилинде өздүк курамды үшүктөн сактоо боюнча чаралар көрүүгө;

- сакчы курал колдонгон ар бир учурда аны жеринде териштирүүгө жана бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндоого.

135. Эгерде сакчыны алмаштырууда тозотто кандайдыр бир бузулуу айкындалса, кароо зардалы чакыруу боюнча тозотко келет жана бузулуунун мүнөзүн жана себебин аныктап, сакчыга алмашууга буйрук берет. Тозотто айкындалган бузулуу тууралуу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндайт.

136. Кароолдун курамында кимдир-бирөө өз милдеттерин аткарбаганда же башка жорук жасаганда кароолдун зардалы бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндоо менен зарыл чараларды көрөт.

Эгерде жасаган жоругунун мүнөзү боюнча аскер кызматчысына мындан ары кызмат өтөөгө жол берүүгө мүмкүн болбосо, анда ал кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин буйругу боюнча, башка аскер кызматчысы менен алмаштыруу үчүн аскердик бөлүккө (бөлүкчөгө) куралсыз жана ок-дарысыз жөнөтүлөт. Аны кароолдун зардалынын жардамчысы (бөлүштүргүч) же бул максат үчүн аскердик бөлүктөн (бөлүкчөдөн) чакырылган адам коштоп барат. Жорукту териштирүү бөлүкчөдө жүргүзүлөт.

137. Эгерде кароолдун зардалы капысынан ооруп калса, ал бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт жана анын көрсөтмөсү боюнча иш кылат.

Бөлүштүргүчтөрдүн бири капысынан ооруп калса, кароолдун зардалы анын милдеттерин өзүнүн жардамчысына жүктөйт же аларды өзү аткарат жана бул жөнүндө кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт.

138. Кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» төмөнкү учурларда чакырууга милдеттүү:

- кайтарылуучу объекттерге, сакчыларга, кароол сакчыларынын нөөмөтүнө (көзөмөлдүк-кайтаруу тобуна) же кароол жайларына кол салынганда же кол салуунун (күч көрсөтүүнүн) түздөн-түз коркунучу болгондо;

- кайтаруунун техникалык каражаттары санкциясыз иштеп кеткенде (катардан чыкканда);

- качканда (качууну эскерткенде) же гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын арасында тартипсиздик пайда болгондо;

- кайтарылган объектте же кароол жайында өрт чыкканда же аларга коркунуч туудурган табигый кырсык болгондо;

- гарнизондо (аскердик бөлүктө) айгай жарыяланганда;

- кароолду текшерген адамдардын буйругу боюнча (ушул Уставдын 254, 255-статьялары).

Кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрүү үчүн «Кароол - мылтык алгыла» деген команда берет. Ушул команда боюнча кароолдун өздүк курамы ушул Уставдын 248-статьясынын талаптарына ылайык аракет жасайт.

139. Кайтарылган объекттерге, сакчыларга, кароол сменасына жана кароо жайына кол салынганда кароолдун зардалы нускамага ылайык жасайт жана кырдаалга жараша кол салуунун мизин кайтаруу үчүн чаралар көрөт; кол салуу тууралу кароолдор (аскердик бөлүк) боюнча кезметчиге дароо баяндайт.

Зарыл болгон учурда кароолдун зардалы дүрмөттүү октордун, гранаталардын жана милтелердин кору сакталган үкөктү ачат. Кийин үкөктөрдөн ок-дарылар алынгандыгы тууралу акт түзөт.

140. Эгерде кайтарылган объектиге же кароол жайына жакын жерде коомдук тартип бузулса жана анын аркасында кароол тарабынан өзүнүн милдетин аткаруусунун ишеничтүүлүгүнүн төмөндөөсүнө коркунуч түзүлсө, кароолдун зардалы тартипти кароолдун күчү менен калыбына келтирүү үчүн чаралар көрөт жана бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндайт.

141. Кайтарылган объекте же кароол жайында чыккан өрттү өчүрүүнү кароолдун зардалы кароолдун күчү менен уюштурат, ошол эле учурда өрт командасын чакырат, мүлктүү сактоого чаралар көрөт; болгон окуя тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндайт.

Кайтарылган объекттин техникалык аймагында же тышкы жана ички тосмолору бар объектте, ошондой эле ага жакын жерде өрт чыкканда кароолдун зардалы кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт жана анын көрсөтмөсү боюнча аракет кылат.

Эгерде кайтарылган объектиге табигый кырсык коркунучу туулса, кароолдун зардалы кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт жана кайтарылган мүлктү сактап калуу үчүн чаралар көрөт.

Өрт же суу ташкыны өмүрлөрүнө коркунуч туудурган сакчыларга кароолдун зардалы, кайтарылган объектиге алар байкоо жүргүзүүсүн уланта алышкан, коопсуз жерге орун которууга буйрук берет, ал эми коркунуч жоюлганда аларды мурдагы орундарына коет.

142. Кароолдун зардалы кароол жайына кароол баш ийген адамдары (92-ст.) жана алар коштоп жүргөндөрдү , ошондой эле, кароол дайындалган ротанын (батареянын) командирин, анын орун басарларын жана эгер ал аларды тааныса ротанын (батареянын) командиринин бардык тикелей зардалдарын гана токтоосуз киргизет. Бул адамдардын кароол жайына келгендиги тууралу кароолдун зардалы кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт. Кароолдун зардалы башка адамдарды, алардын кароол жайына келгендигинин максатын, келген адамдын инсандыгын документтер боюнча аныктагандан жана анын уруксат каты бардыгын текшергенден кийин гана киргизет.

255-статьяда саналып өткөн зардалдардын тапшыруусу боюнча кароолду текшерүү үчүн келген адамдар, кароол жайына кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин же эгерде кароол ага баш ийсе анын жардамчысынын (аскердик бөлүк боюнча кезметчинин жардамчысынын) коштоосунда гана киргизет.

Ички кароолду текшерүү үчүн келген өзүнүн аскердик бөлүгүнүн офицерлерин кароолдун зардалы кароол жайына инсандык ырастамасы жана кароолду текшерүү укугунун бир жолку ырастамасы боюнча киргизет.

Туура эмес толтурулган документтер менен келген адамдарды кароолдун зардалы кармайт, алар тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт жана анын көрсөтмөсү боюнча аракет жасайт.

Кароолду текшерүү үчүн келген адамдардан бөлөк, кароол жайына ар бир киргизүү тууралу кароолдун зардалы тозоттук ведомостко жазат.

Кароолдор алмашылган убакта кароол жайына жана кайтарылган объекттерге кароолду текшерүү үчүн келген адамдардан бөлөктөр киргизилбейт.

143. Кароолго кароол баш ийген адамдар же алардын тикелей зардалдары, ал эми гарнизондук кароолго өзүнүн аскердик бөлүгүнүн командири келгенде кароолдун зардалы аларга баяндама жасайт: «Жолдош полковник. Кызмат өтөө убагында окуялар болгон жок (же тигил-бул болду). Кароолдун зардалы лейтенант Бектуров». Кароол зардалы билдирүү жасаганда кароол жайындагы уктабай отурган нөөмөт өзгөчө командасыз эле саптагыдай какайып турушат.

Кароол жайына кароолдун зардалы менен бирдей аскердик наамдагы же наамы боюнча андан улук башка адамдар келген учурда кароолдун зардалы келген адамга жакын келет жана учурушат, мисалы: «Жолдош майор. Кароол зардалы лейтенат Оморов», андан кийин 142-статьяда көрсөтүлгөндөй аракет жасайт.

144. Кароол баш ийген зардалдардын атынан бөлөк адамдар аркылуу буйруктар алганда кароолдун зардалы ошол адамдардан паролду суроого милдеттүү. Алынган буйруктун тууралыгы шек туудурган учурда кароолдун зардалы ыңгайлуу деп тапкан кандай жол менен болсун мунун чындыгын аныктоого укуктуу болот.

145. Айгай жарыяланганда кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрөт; бөлүштүргүчтөргө жана кароол сакчыларына милдет тагат (тактайт), тозотторду жана кароол жайын кайтарууну күчөтөт; кайтарылган объекттерди сактоочу жайлардын (кампаларды) зардалдарынын тез ачышын камсыздайт; кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге жүргүзүлгөн иш-чаралар, кароолдун алмашууга даяр экендиги тууралу баяндайт жана андан кийин анын көрсөтмөсү боюнча аракет кылат.

146. Кароолдун зардалына:

- сакчыларды алмаштыруу, алардын кызмат өтөөсүн текшерүү же алардын чакыруусу, ошондой эле, кайтарылган объектинин чөлкөмүндө окуя же табигый кырсык болгон учурдагыдан бөлөктө кароол жайын таштап кетүүгө тыюу салынат; кароол жайынан кеткен учурда ал өзү үчүн жардамчысын, ал эми ал жок болсо - бөлүштүргүчтү же кароол сакчыларынын бирин калтырат;

- телефон боюнча кызматка байланышпаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүнө же буга кароолдун башка адамдарына уруксат берүүгө;

- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин уруксатысыз кароолдун курамынан кимдир-бирөөнү бошотууга;

- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин уруксатысыз сакчыларды алмаштыруунун тозоттук ведомосто каралган тартибин өзгөртүүгө;

- кароол үчүн бөлүнгөн транспорт каражаттарын башка ишке пайдаланууга тыюу салынат.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Аскердик бөлүктүн Күжүрмөн Туусун кайтаруу боюнча кароол
зардалынын өзгөчө милдеттери

 

147. Кароолдун зардалы өзүнүн аскер бөлүгүнүн Күжүрмөн Туусун кайтаруу үчүн жооп берет.

Кароолду алмаштырууда эски кароолдун зардалынан Күжүрмөн Тууну мөөр басылып жабылган капта же мөөр басылып жабылган айнектүү шкафтан жеке өзү алууга, мында каптын (шкафтын) жана мөөрдүн оңдугун текшерүүгө жана андан алынган кепти мөөргө салыштырып, карап чыгууга милдеттүү. Каптын (шкафтын) жана мөөрдүн оңдугуна көзү жетип жана андан алынган кепти мөөргө салыштырып, ал бөлүштүргүчкө жана тозотко туруучу кароол сакчысына Күжүрмөн Тууну кайтарууга кабыл алууга буйрук берет.

148. Күжүрмөн Туу алынып чыккан ар бир учурда, Күжүрмөн Тууну кароолдун зардалы аскердик бөлүктүн штабынын зардалына же анын жардамчысына (орун басарына) гана, алар аскердик бөлүктүн командири кол койгон уруксат катты көрсөткөндөн кийин берет.

Бир нече аскердик бөлүктөрдүн Күжүрмөн туулары чогуу сакталган учурда уруксат катка Күжүрмөн Туусу берилип жаткан аскердик бөлүктүн командири кол коюуга тийиш.

Штабдын зардалы же анын жардамчысы (орун басары) Күжүрмөн Тууну алып, кабын чечет жана кароолдун зардалынын катышуусу алдында байрактын, ордендердин, орден тасмаларынын, жиптердин, чачыктардын, учунун жана сабынын бар экендигин жана алардын абалын тозоттун табелине ылайык текшерет. Мына ошондон кийин кароолдун зардалы тозоттук ведомостуга жазат, мисалы: «баланчанчы жылдын.... айынын түкүнчөсүндө, баланча убактыда аскердик бөлүктүн (шартуу наамы) Күжүрмөн Туусу төмөндөгүдөй ордендери жана ордендик тасмалары менен №-уруксат катка ылайык берилди». Кароолдун зардалы жана Күжүрмөн Тууну кабыл алган офицер бул жазуунун алдына кол коюшат. Кат түрүндөгү уруксатты кароолдун зардалы алып калат.

149. Күжүрмөн Тууну кароолдун кайтаруусуна кайта берүүдө кароолдун зардалы тозоттордун табелине ылайык байрактын, ордендердин, ордендик тасмалардын, жиптердин, чачыктардын, учунун, сабынын бардыгын жана алардын абалын текшерет, туу көтөрүүчүнүн коштоочунун Күжүрмөн Тууну туура ороосуна көз салат. Мына ошондон кийин Күжүрмөн Тууга кабы кийгизилет (Күжүрмөн Туу шкафка коюлат) жана кап (шкаф) гербдүү мөөр басылып бекитилет, кароолдун зардалы мөөрдү өзүндөгү мөөрдүн алынган кебине салыштырат жана бөлүштүргүчкө жана сакчыга Күжүрмөн Тууну кайтарууга кабыл алууга буйрук берет.

Күжүрмөн Туу кайтарууга кабыл алынгандан кийин кароолдун зардалы кандай ордендер жана ордендик тасмалар жана кандай санда кабыл алынгандыгын көрсөтүп, тозоттук ведомостуга жазат; андан кийин кароолдун зардалы жана Күжүрмөн Тууну тапшырган офицер бул жазууга кол коюшат.

Кароол алмашкандан кийин уруксат кат тозоттук ведомосту менен бирге тапшырылат.

Эгерде Күжүрмөн Туу берилгенден кийин сакчы тозоттон алынса, аны тозоттон алуу жөнүндө жана бул тозотко кайта коюу жөнүндө тозоттук ведомостуга жазылып коюлат.

150. Күжүрмөн Туунун жанындагы тозотко коркунуч туулганда (өрт же табигый кырсык) кароолдун зардалы Күжүрмөн Тууну сактоо үчүн жеке өзү чара көрөт жана аны жаңы жерде кайтарууну уюштурат.

 

Кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттерди кайтаруу боюнча кароолдун зардалынын өзгөчө милдеттери

 

151. Кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттерди кайтарган кароолдун зардалы ушул Уставда каралган (132-134-ст.) жалпы милдеттерди аткаруудан тышкары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кайтаруунун техникасын каражаттарынын белгилерин кабыл алуучу аппаратуранын жанында кезмет өтөө графигин түзүүгө жана тозот ведомостуна каттоо иштерин жүргүзүүгө;

- кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысынын сигналдарды кабыл алуучу аппараттардагы кызмат өтөөсүн көзөмөлдөөгө;

- кайтаруунун техникалык каражаттарынын оңдугун графикке ылайык жеке өзү текшерүүгө жана бул максатта кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысын (операторун) жиберүүгө;

- мындай каржаттар менен жабдылган объекттерди кайтарууда жана кароодо кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуучу аппараттарга көзөмөлдүктү сакчылар коюу менен жүзөгө ашырууга.

152. Объектти көзөмөлдөп-кайтаруучу топтордун кезметчилик ыкмасы менен кайтарган кароол алмашылганда жаңы кароолдун зардалы 217 жана 218-статьяларда баяндалгандан тышкары күжүрмөн топту түзөт, объектти өзү кабыл алат жана кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысы (оператор) менен бирге кайтаруунун техникалык каражаттарынын оңдугун текшерет.

Эгерде кароолдун курамына операторлордун нөөмөтү дайындалса, кароолдун зардалы күжүрмөн топ түзөт, документтерди жана кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуучу аппараттарды кабыл алуу үчүн операторду дайындайт, андан кийин башка оператор жана эски кароолдун зардалы менен бирге объекти кайтарууга кабыл алат. Объекти кабыл алуу убагында кайтаруунун техникалык каражаттарынын абалына байланыштуу бардык маселелерди аппаратураны кабыл алган оператор менен чечет.

153. Табуунун объектилик каражаттары менен жабдылган объекти кайтарууга алууда кароолдун зардалы (анын жардамчысы же бөлүштүргүч) объекти кабыл алат жана кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысы (оператор) менен бирге кайтаруу каражаттарынын оңдугун текшерет, андан кийин кайтаруу каражаттары ишке киргизилет, ал эми кароолдун зардалы 159-ст. көрсөтүлгөндөй, бул жөнүндө тозоттук ведомостуга жазат. Объекти ачылгандан жана тозоттук ведомостуга тийиштүү белги коюлгандан кийин табуунун объектилик каражаттары иштетилбей коюшу мүмкүн.

Өрт сигналынын техникалык каражаттары сутка бою иштетилет, бул кароолдор алмашканда жазылып ырасталат.

154. Кайтаруунун техникалык каражаттары санкциясыз иштеген учурда кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрөт, бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге кабарлайт жана көзөмөлдүк-кайтаруучу (камылгалуу) топ менен токтоосуз жөнөйт же кырдаалды айкындоо жана объекти ишеничтүү кайтарууну камсыздоо үчүн зарыл болгон чаралар көрүү үчүн тийиштүү бөлүштүргүчтү жана кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча жардамчыны (операторду) жөнөтөт.

Өрт сигналынын техникалык каражаттары боюнча өрт жөнүндө сигнал алынганда кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрөт жана 141-статьяда көрсөтүлгөндөй аракет кылат.

155. Кайтаруунун техникалык каражаттары иштен чыкканда кароолдун зардалы кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндайт жана кароолдун зардалынын нускамасында баяндалган көрсөтмөлөргө ылайык объекти кайтарууну күчөтөт.

 

Штабдарды, башкаруу пункттарын жана мекемелерди кайтаруу боюнча кароолдун башчысынын өзгөчө милдеттери

 

156. Штабдарды, башкаруу пункттарын жана мекемелерди кайтаруу боюнча кароолдун зардалы ушул Уставда каралган (132-134-ст.) жалпы милдеттерди аткаруудан тышкары:

- өткөрмө тутумун, өткөрмөлөрдүн, инсандыкты ырастама документтердин сүрөттөлүшүн жана колдонулуучу убагын, тозоттор аркылуу аскер кызматчыларын, граждандар персоналын, келип-кеткендерди жана транспорт каражаттарын өткөрүү тартибин билүүгө;

- тартип бузуучу кирип келгенде же тозот аркылуу өткөрмөсүз өтүп кеткенде кароолдорду «мылтык алууга» көтөрүүгө;

- объектиге (объектен) өткөрүү тартибин бузуу менен кирүүгө аракет кылган адамдарды кармоо үчүн чара көрүүгө милдеттүү.

 

Сактоочу жайларга (кампаларга, парктарга) киргизүүдө жана аларды кайтарууга алууда кароолдун башчысынын өзгөчө милдеттери

 

157. Кароолдун зардалы кароолдун кайтаруусунда турган сактоочу жайларга (кампаларга, парктарга) киргизүүдө:

- көрсөтүлгөн уруксат катты кароолдук жайда болгон тийиштүү үлгү менен салыштырууга жана келгендин инсандыгын ырастаган документти текшерүүгө;

- келгендин аты-жөнүн жана кызматын кароол жайында болгон тизме менен салыштырып көрүүгө милдеттүү.

Сактоочу жайды (кампаны, паркты) ачуу жана жабуу үчүн уруксат катты толтуруунун жүрүшүндө бул максат үчүн келген адам кароол жайынын тамбурунда болот жана башка бөлмөлөргө киргизилбейт.

158. Эгерде бардык берилген документтер, ошондой эле, мөөр (пломба бекиткич) туура көрүнсө, кароолдун зардалы бөлүштүргүчкө сактоочу жайды (кампаны, паркты) ачуу үчүн келген адамды киргизүүгө буйрук берет. Көрсөтүлгөн уруксат катты кароолдун зардалы өзүндө калтырат.

Кароол алмашкандан кийин бир жолку уруксат кат тозоттук ведомость менен бирге өткөрүлүп берилет, туруктуу уруксат кат кайтарылуучу объект жабылганда берген адамга кайтарылат.

Сактоочу жайга (кампаларга, парктарга) кирүүгө кароолдун зардалы тозоттордун табелдеринде көрсөтүлгөн талаптарды так сактоо менен уруксат берет. Өрт коркунучу күчтүү сактоочу жайларга (кампаларга, парктарга) киргизүүдө кароолдун зардалы тозоттордун табелинде көрсөтүлгөн бут кийимчен, керосин чырактарсыз, ок атуучу жана атылбоочу куралдарды жана тамеки жана от жагуу буюмдарысыз гана кирүүгө уруксат берет, бул тууралу да тозоттордун табелинде көрсөтүлөт.

Сактоочу жайды (кампаларды, парктарды) кайтарууга алууну кароолдун зардалы жабуу үчүн келген адамда өрт жетону болгондо гана жүзөгө ашырат.

159. Сактоочу жайды (кампаларды, парктарды) ачууда жана жабууда кароолдун зардалы бул тууралу тозоттук ведомостко, мисалы: «Түкүнчөнчү жылдын, баланчанчы айынын түкүнчөсүндөгү, баланча убакытта сактоочу жайы (кампа, парк) № 2-уруксат катка ылайык ачылды (жабылды), кайтаруунун техникалык каражаттары иштетилбеди (иштетилди)»деп жазат жана акча сандыгы сакталган жайды (кампаны, паркты) ачуу (жабуу) үчүн келген адам менен бирге бул жазууга кол коет.

Кайсы бир сактоочу жай (кампа, парк) кароол алмашканга чейин кайтарууга берилбеген учурда, бул тууралу жаңы тозоттук ведомостко да жазылат, ага кароолдордун эски жана жаңы зардалдары кол коюшат, ал эми уруксат кат кароолдун жаңы зардалына берилет.

160. Сактоочу жайды (кампа, парк) бир сааттан ашпаган убакытка ачууда кароолдун зардалы сакчыны тозотто калтырат, ал эми сактоочу жай (кампа, парк) бир сааттан ашыкка ачылганда тозоттордун табелинде болгон көрсөтмөлөргө ылайык аракет кылат.

Сактоочу жай (кампа, парк) ачылган убакта сакчыны андан алып коюу жана аны кайра коюу жөнүндө кароолдун зардалы тозоттук ведомостко тийиштүү түрдө жазат.

161. Кароолдун зардалы төмөндөгүдөй учурларда:

- эгерде уруксат катта көрсөтүлгөн адам белгиленбеген күнү жана саатта келсе же тийиштүү документтерсиз келсе;

- эгерде тизмеде же уруксат катта көрсөтүлгөн адамдын ордуна башка адам келсе;

- эгерде уруксат кат же инсандыкты күбөлөгөн документ туура эмес толтурулса, ошондой эле, мөөр кепке (пломба бекиткич пломбанын көчүрмөсүнө) же уруксат үлгүгө окшобосо сактоочу жайга (кампага, паркка) кирүүгө уруксат бербейт.

Саналып өткөн бардык учурларда кароолдун зардалы келген адамды кармайт, бул тууралу тозоттук ведомостко жазат, кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт жана андан кийин анын көрсөтмөсү боюнча аракет кылат.

162. Кароолдун кайтаруусундагы парктарга же согуштук машиналар (башка курал-жарактар жана аскердик техника) токтотулган жерлерге киргизүү 157-161-ст. ылайык жүргүзүлөт.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Гауптвахтаны кайтарган кароолдун зардалынын өзгөчө милдеттери

 

163. Гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) көрсөтмөсү боюнча тиешелүү документтердин болуусун жана жол-жоболоштурулушунун тууралыгын текшерүү менен гауптвахтада кармалууга тийиш аскер кызматчыларын кабыл алууга, ошондой эле алардын эсебин жүргүзүүгө (14-тиркеме);

- гарнизондун аскер комендантынын (гарнизон боюнча кезметчинин, аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) көрсөтмөсү боюнча кармалган аскер кызматчыларын кайтарууга алууга;

- кароолду өткөрүп алууда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын камералар боюнча гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) кол койгон аты аталган тизме боюнча жеке өзү кабыл алууга;

- ушул Уставдын 164 жана 165-статьяларында көрсөтүлгөн учурлардан кошпогондо, кароолдук жайдан гауптвахтага кетүү алдында өздүк куралды жана ага ок-дарыларды кароол зардалынын бөлмөсүндөгү металл кутуда (сейфте) сактоого;

- кароол алмашууда жана кызмат өтөө убагында дубалдардын, шыптын, полдордун, терезелердин, торлордун бүтүндүгүнө, эшиктердеги илгичтердин жана кулпулардын бекемдигине, кайтаруунун техникалык каражаттарынын оң экендигине көңүл буруу менен камералардын абалын текшерүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары бар камералардагы кайтаруунун техникалык каражаттары санкциясыз иштеп кеткенде алардын иштөө себептерин жеке өзү белгилөөгө;

- камералар боюнча. гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эртең мененки карай чыгууну жана кечки текшерүүнү жүргүзүүгө, ошондой эле аларда тыюу салынган предметтердин бар-жогун текшерүүгө; ооруп калгандар жөнүндө гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) баяндоого;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары үчүн белгиленген күн тартибинин жана аларды кармоо тартибинин так сакталышын көзөмөлдөөгө;

- камералардын ачкычтарын сактоого;

- зарыл учурда алып чыгуучуга уктабаган кароол нөөмөтүнүн жардам берүүсүн дайындоого;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча гана мончого, суракка жана башка иш-чараларга жиберүүгө; гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары кайтып келгенде алардын бар болуусун, ошондой эле тыюу салынган предметтердин бар-жогун текшерүүгө;

- гауптвахтага келген адамдардан аларда болгон жеке куралды жана ага ок-дарыларды убактылуу сактоого кабыл алууга, бул жөнүндө куралдарды жана ок-дарыларды берүү китебине жазууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына тамак-аштын өз убагында жеткирилүүсүнө жана таратылышына көз салууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кабыл алууга жана аларды гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) берүүгө.

164. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын арасында тартипсиздик келип чыккан учурда, алардын качуусунун алдын алуу максатында кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрөт, кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчиге билдирет, аларга эскертүү жана Уставдын талаптарын эске салуу жолу менен тартипсиздикти токтотууга чараларды керет. Эгерде эскертүү натыйжасыз болсо, ал күч жана атайын каражаттарды (ушул Уставдын 14-тиркемесинде баяндалган учурларда жана негизде), ал эми эң оор учурда курал колдонууга укуктуу.

165. Гауптвахтада өрт чыкканда же гауптвахтанын районунда табигый кырсык болгон учурда кароолдун зардалы кароолду «мылтык алууга» көтөрүүгө, дароо өрт өчүрүү командасын чакырууга, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коопсуз жерге чыгарууга жана аларды кайтарууну уюштурууга; соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартыштык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартынган аскер кызматчыларын өрттү өчүрүүгө (табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга) жана мүлктү сактоого тартууга; болгон окуя жөнүндө кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчиге жана гауптвахтанын зардалына билдирүүгө милдеттүү.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Кароолдун зардалынын жардамчысы

 

166. Кароолдун зардалынын жардамчысы кароолдун зардалына баш ийет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кароолдун милдетин, кароолдун зардалынын нускамасын жана кароолдун бардык адамдарынын милдеттерин билүүгө;

- кароол алмашканда кароол жайын жана андагы жабдууларды, шаймандарды жана мүлктү тизме боюнча кабыл алууга;

- кароолдун зардалы жокто ал эс алган убакта анын милдеттерин аткарууга;

- кароолдун зардалынын буйругу боюнча нөөмөттөрдү тозотторго жөнөтүүгө жана сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүүгө;

- кароол жайына кире бериштеги сакчылардын нөөмөттөрүнүн графигин түзүүгө жана аларды алмаштырууну жүргүзүүгө;

- кароолдун өздүк курамы өз убагында тамактанышына; жабдуулардын, шаймандардын жана мүлктөрдүн оң күтүлүшүнө, кароол жайында жана ага чектеш аймактагы тазалыкка жана тартипке, ошондой эле, мешке өз убагында от жагууга жана өз убагында жарык берүүгө көз салууга;

- кароолдун зардалынын буйругу боюнча сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүүчү адамдарды коштоп жүрүүгө.

167. Гауптвахтаны кайтарган кароолдун зардалынын жардамчысы ушул Уставдын 166-статьясында баяндалгандардан тышкары, суткасына төрт жолудан кем эмес (анын ичинен экөө түп ичинде) камералардын абалын, кайтаруунун техникалык каражаттарынын оңдугун, ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары тарабынан алар үчүн белгиленген кармоонун эрежелеринин аткарылышын текшерүүгө милдеттүү (14-тиркеме).

168. Кароолдун зардалы катуу ооруган учурда же курман болгондо кароолдун зардалынын жардамчысы анын милдеттерин аткарууга өтөт жана бул тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт.

 

Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысы (оператор)

 

169. Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысы (оператор) кароолдун зардалына баш иет (оператор андан тышкары кароолдун зардалынын жардамчысына баш иет) жана кайтаруунун техникалык каражаттарынын белгиленген иш режимин камсыз кылуу үчүн, кайтаруунун техникалык каражаттарынын иштеп жатышы жөнүндө маалыматтарды кароолдун зардалына өз убагында маалымдап туруу үчүн, кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттерди кайтарууга туура кабыл алынгандыгы үчүн, кароол жайындагы аппараттардын сакталышы үчүн жооп берет. Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган объекттердин өзгөчөлүктөрүн билүүгө жана бул каражаттардын белгиленген иш режимин камсыз кылууга;

- кароол алмашканда документтерди кабыл алууга, кайтаруунун техникалык каражаттарынын оңдугун, ал эми зарыл болсо алардын иштөөсүн текшерүүгө жана бул тууралу кароолдун зардалына баяндоого;

- кезметчилик убагында кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуучу аппараттарга дайыма көз салууга жана алардын ишин көзөмөлдөө журналын жүргүзүүгө; кайтаруунун техникалык каражаттары иштеп белги берген учурда же алар иштебей калганда кароолдун зардалына дароо баяндоого;

- белгиленген графикке ылайык жана кароолдун зардалынын уруксаты менен көзөмөлдүк-кайтаруу тобунун курамында объекттин периметри боюнча кайтаруунун техникалык каражаттарынын абалын текшерүүгө; объекттерди сакчылар коюп кайтарууда кароолдун зардалынын же тийиштүү бөлүштүргүчтүн коштоосунда текшерүү жүргүзүүгө;

- көзөмөлдөп-кайтаруу тобу кайтып келгенде кароолдун зардалына тозоттордун, кайтаруунун техникалык каражаттарынын абалы жөнүндө, кемчиликтер жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө;

- электр приборлору менен иштөөдө коопсуздук талаптарын сактоого.

170. Кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысынын (оператордун) сигналдарды кабыл алуучу аппараттардын жанындагы кезметчилиги өзүнүн мааниси жана жооптуулугу боюнча сакчынын тозоттогу кызмат өтөөсүнө теңдештирилет, кезметчилигинин убагында ага аппараттарды байкоосуз калтырууга жана кызмат өтөөдөн алаксууга тыюу салынат.

 

Бөлүштүргүч

 

171. Бөлүштүргүч ага баш ийген сакчылардын туура жана кыраакы кызмат өтөөлөрү үчүн, аларды тозоттордо өз убагында алмаштыруу жана коюу үчүн, сакчылардын тозотторду туура өткөрүүсү жана кабыл алуусу үчүн жооп берет. Ал кароолдун зардалына жана анын жардамчысына баш иет жана алардын гана буйруктарын аткарат.

172. Бөлүштүргүч кайтарылчу объектиге, сакчыга, тозотко баратканда же кароол жайына кайта келатканда кароол сакчыларынын нөөмөтүнө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн өзү же нөөмөттүн курамы менен курал колдонууга укуктуу.

173. Бөлүштүргүч төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн тозотторун, алардын жайгашуусун жана чек араларын, аларга барчу жолдорду, кайтаруу жана коргоо (байкоо, атууга алуу, тосмолоо) шарттарын жана ар бир тозоттогу сакчынын өзгөчө милдеттерин билүүгө;

- эски кароолдун бөлүштүргүчүнөн мөөрлөрдүн кептерин (пломбалардын көчүрмөлөрүн), ал эми сакчыларды тозотторго коюуда кайтарууда турган объекттерди да тозоттордун табелине тозотторуна ылайык кабыл алууга жана бул тууралу кароолдун зардалына баяндоого;

- кароол сакчыларын тозотторго жөнөтүүнүн алдында алардын өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле алар кароол жайына тамеки жана от жагуучу буюмдарын калтыргандыктарын текшерүүгө;

- кароол сакчыларын тозотторго жөнөтүүнүн алдында алардын куралды октоолорунун жана тозоттордон кайтып келүүдө окту чыгарууларынын тууралыгына көз салууга (98, 100, 226-ст.);

- ар бир нөөмөт кайтып келгенде кароолдун зардалына нөөмөттү алмаштыруу жүргүзүлгөндүгү, тозоттордун абалы жөнүндө, бардык кемчиликтер жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө баяндоого;

- кароолдун зардалынын уруксаты менен ага баш ийген сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүүгө.

- Гауптвахтаны кайтарган кароолдун бөлүштүрүүчүсү андан тышкары ага баш ийген сакчылардын кайтаруусундагы гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санын билүүгө тийиш.

174. Сакчыларды тозотторго коюуда же аларды алмаштырууда бөлүштүргүч төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- тозоттордун жайгашуусунун схемасында көрсөтүлгөн нөөмөттүн тозотторго барчу жана тозоттордон кайтчу жолун бекем сактоого;

- сакчынын жана тозотко туруучу кароол сакчысынын тозотту өткөрүүнү жана кабыл алууну туура аткаруусуна көз салууга, сакчы жана тозотко туруучу кароол сакчысы менен бирге жарык берүүнүн, тосмолордун, каалгалардын (дарбазалардын) оңдугун, терезелердин, торчолордун жана сактоочу жайлардын (кампалардын, парктардын) дубалдарынын абалын жана кулпулардын, жиптердин, мөөрлөрдүн (пломбалардын) бар-жогун жана абалын жана алардын кептерге (көчүрмөлөргө) окшоштугун же кайтаруудагы согуштук машиналардын (башка куралдардын жана аскердик техниканын) санын, ошондой эле, кайтаруунун техникалык каражаттарынын, байланыш, өрт өчүрүүчү каражаттардын жана тозоттук кийимдердин бар-жогун жана абалын жеке өзү текшерүүгө;

- тозотко туруп жаткан сакчыга эмнеге өзгөчө көңүл буруу керек экендигин, коңшу тозоттор кайда жайгашкандыгын, кайтарылчу объектиге алып келүүчү коркунучтуу жерлерди көрсөтүүгө; тозоттун чек ара жерлерин жана ошол жерде тозоттордун табелдеринде белгиленгендерге ылайык белгиленген, сакчы башка адамдарды тозотко жакындатпаган тыюу салуу чегин көрсөтүүгө; өзүнө, өзү кайтарган объектиге же кошумча тозотко кол салынганда, ошондой эле, өрт чыкканда сакчы эмне кыла тургандыгын билээр-билбесин текшерүүгө;

- сакчынын баяндоонун жана кароол жайы менен байланышуунун тартибин билүүсүн текшерүүгө.

175. Күжүрмөн Туунун жанындагы тозоттогу сакчыны алмаштырууда бөлүштүргүч каптын (шкафтын) оңдугун жана андагы мөөрдүн оңдугун текшерүүгө жана мөөрдү өзүндөгү кепке салыштырып көрүүгө милдеттүү.

Кап (шкаф) же мөөр оң болбой чыкса, бөлүштүргүч кароолдун зардалын чакырат жана бул жөнүндө ага баяндайт.

176. Сактоочу жайды (кампаны, паркты) ачууда бөлүштүргүч тозотко мөөрлөрдүн кептерин (пломбалардын көчүрмөлөрүн) ала келет жана ачуу үчүн келген адам менен бирге сактоочу жайды (кампаны, паркты) карап чыгат.

Эгерде тозоттун табелине ылайык сакчы тозотто калууга тийиш болсо, бөлүштүргүч ага тозоттун табелинде каралган бул мезгилдеги өзгөчө милдеттерин эскертет. Сактоочу жайдын (кампанын, парктын) эшигин ачууну бөлүштүргүч тозоттун табелинде көрсөтүлгөн талаптарды так сактоо менен жүргүзөт.

177. Ачылган сактоочу жайдагы (кампадагы, парктагы) сакчыны алмаштыруу убагында бөлүштүргүч тозотко туруп жаткан сакчыга аны ким ачкандыгын же күжүрмөн машиналар (башка куралдар жана аскердик техника) токтотулчу жерге ким киргендигин көрсөтөт.

Сактоочу жайды (кампаны, паркты) жабууда бөлүштүргүч тозотко мөөрдүн кептерин (пломбалардын көчүрмөлөрүн) ала келүүгө жана сакчынын жана сактоочу жайды (кампаны, паркты) кайтарууга өткөрүп жаткан адамдын катышуусу менен терезелердин, торчолордун, каалгалардын, дубалдардын абалын текшерүүгө; күжүрмөн машиналарды (башка курал-жарактары жана аскердик техниканы) кайтарууга кабыл алууда токтотчу жерлерде алардын санын текшерүүгө, ал эми аларда мөөрлөр (пломбалар) болсо аларды өздөрүндөгү кептер (көчүрмөлөр) менен салыштырып көрүүгө милдеттүү.

178. Кароолдун зардалы жана анын жардамчысы катуу ооруп калган (катуу жарадар болгон) же курман болгон учурда биринчи бөлүштүргүч убактылуу кароолдун зардалынын милдеттерин аткарууга өтөт. Ал болгон окуя тууралу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Сакчы

 

179. Сакчы кол тийгис адам. Сакчынын кол тийгистиги:

- анын укуктары жана жекече кадыр-баркы мыйзам тарабынан өзгөчө корголгондугун;

- анын белгилүү бир адамдарга - кароолдун зардалына, кароолдун зардалынын жардамчысына жана өзүнүн бөлүштүргүчүнө гана баш ийүүсүн;

- анын кызматтык милдетине ылайык, сакчынын талабын бардык адамдардын кыйшаюусуз аткаруусун;

- ушул Уставда көрсөтүлгөн учурларда ага курал колдонуу укугун берүүнү билдирет.

180. Сакчыны алмаштырууга же тозоттон алууга кароолдун зардалы, кароолдун зардалынын жардамчысы жана сакчы баш ийген бөлүштүргүч гана укуктуу.

Кароолдун зардалы, анын жардамчысы жана бөлүштүргүч курман болгон учурда же алар өз милдеттерин аткарууга жарабай калганда сакчыны алуу же алмаштыруу анын ротасынын (батареясынын) же батальонунун (дивизиондун) командиринин катышуусу менен кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи тарабынан жүргүзүлөт.

181. Тозотко туруп жаткан кароол бөлүштүргүчтүн (кароолдун зардалынын же анын жардамчысынын) жана алмашылып жаткан сакчынын катышуусунда тозоттун табелине ылайык кайтарууга алынууга тийиш болгондордун бардыгын өзү карап чыгууга жана алардын бар-жогун жана он экендигин текшерүүгө тийиш.

182. Сакчы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өз тозотун сак кайтарууга жана бекем коргоого;

- кызматты уктабай өтөөгө, эч нерсеге алаксы болбоого, куралды колдон чыгарбоого жана аны эч кимге, анын ичинде өзү баш ийген адамдарга бербөөгө;

- көрсөтүлгөн жол боюнча басып баратып же кароол секичесинде туруп тозотко жакын жерлерди, тосмолорду кунт коюп кароого жана байланыш каражаттары боюнча тозоттук табелде белгиленген мөөнөттөрдө кызмат өтөөнүн жүрүшү тууралу баяндоого;

- өмүрүнө коркунуч туулгандыгына да карабай, алмашылмайын же алынмайын тозотту таштабоого милдеттүү; тозотту өз алдынча таштап кетүү аскердик кылмыш болуп саналат;

- тозотто 100-статьяда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча октолгон курал менен жүрүүгө жана дайыма аракетке даяр болууга;

- тозоттордун табелинде көрсөтүлгөн жана ошол жерде көрсөткүчтөр менен белгиленген тыюу салынган чектен жакын аралыкка, кароолдун зардалынан, кароолдун зардалынын жардамчысынан, өзүнүн бөлүштүргүчүнөн жана алар коштогон адамдардан бөлөк эч кимди жакын келтирбөөгө;

- кароолдун транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттарын жана графигин, ошондой эле, алардын таанымал белгилерин жана сигналдарын билүүгө;

- тозотто болгон өрт өчүрүүчү каражаттарды колдоно билүүгө;

- объекттин (тозоттун) тосмосунун бузулгандыгы байкалганда жана өзүнүн тозотуна жакын жерге же коңшу тозотто тартип бузулганда кароолдун зардалын чакырууга;

- кароол иттеринин үргөнүн угуп, бул тууралу кароолдук жайга дароо кабарлоого.

183. Тозоттогу сакчы штыгы сайылган куралчан (кундагы бүктөлчү автомат менен - штык-бычагысыз; штык-бычак курдагы кында болот): түнкүсүн - туруп атуу абалында: күндүзү - «асынган» абалда же туруп атууга даяр абалда болууга (9-тиркеме); ички тозоттордо жана Күжүрмөн Туу тозотунда жыгач кундактуу куралчан - «асынган» абалда, бүктөмө кундактуу куралчан - «көкүрөгүндө» абалда, карабинчен - буттун жанында кармаган абалда турууга тийиш; октуу ок кутулар (ок чөнтөктөр) салынган баштык жабык болууга тийиш. Тапанчалар курга бекитилген кабында болот.

Өрттү өчүрүүдө же табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда сакчыга куралын «далысына асынган» абалда кармоого уруксат берилет.

184. Сакчыга: уктаганга, отурганга, бир нерсеге жөлөнүүгө, жазууга, окууга, ырдоого, сүйлөшүүгө, тамак жегенге, ичкенге, тамеки тартууга, табигый муктаждыктарды жасоого; кандайдыр бир нерселерди кимден болсун алууга жана кимге болсун берүүгө, окту зарылдыгы жок эле ок кынына октоого тыюу салынат.

Сакчы кароолдун зардалынын, анын жардамчысынын, өзүнүн бөлүштүргүчүнүн жана текшерүү үчүн келген адамдардын гана суроолоруна жооп берүүгө тийиш.

185. Сакчы ага же ал кайтарган объектиге ачык кол салынган учурда эскертүүсүз курал колдонууга милдеттүү.

186. Кароолдун зардалынан, кароолдун зардалынын жардамчысынан, өзүнүн бөлүштүргүчүнөн жана алар коштогон адамдардан бөлөк, тозотко же тыюу салынган чекке жакындаган бардык адамдарды сакчы «токто, артка» же «Токто, оң жактан (сол жактан) өт» деген кыйкырык менен токтотот.

Тозотко же тыюу салынган чекке жакындаган адам бул талапты аткарбаганда эреже бузуучуга «Токто, атам» - деп эскертет жана кароолдун зардалын же бөлүштүргүчтү дароо чакырат. Эгерде эреже бузуучу тозотко же тыюу салынган чекке жакындай берсе, сакчы окту ок кынына салат жана асманга каратып эскертип атат. Эреже бузуучу бул талапты да аткарбаса жана тозотко кирүү (тыюу салынган чектен өтүүгө) аракетин уланта берсе же мындай аракет жасалгандан кийин качса сакчы, ага карата курал колдонот.

187. Тозоттун табелинде көрсөтүлгөн аралыктан тозотко же тыюу салынган чекке жакындагандарды көрүүгө мүмкүн болбогондой шарттарда сакчы аларды «Токто, ким келатат» деп кыйкырып токтотот. Эгерде жооп болбосо, сакчы: «Токто, атам» - деп эскертет жана эреже бузуучуну кармайт. Кармалган эреже бузуучу тууралу сакчы кароол жайына кабарлайт, анын жүрүш-турушуна көз салат жана көңүл бөлүүсүн начарлатпай өзүнө тапшырылган тозотту кайтаруусун улантат.

Эгерде эреже бузуучу тозотко же тыюу салынган чекке жакындоосун уланта берсе, сакчы эскертип асманга атат. Эреже бузуучу бул талапты да аткарбаса жана тозотко кирүүгө (тыюу салынган чектен өтүүгө) аракетин уланта берсе же мындай аракет жасагандан кийин качса, сакчы ага карата курал колдонот.

Сакчынын кыйкырыгына: «Кароолдун зардалы (кароолдун зардалынын жардамчысы, бөлүштүргүчү) келатат» деген жооп угулганда сакчы: «Кароолдун зардалы (кароолдун зардалынын жардамчысы, бөлүштүргүч) келсин, калгандар ордуңарда тургула» деп буйрук кылат, эгер керек болсо сакчы ага жакындаган адам өңүн жарык кылуусун талап кылат. Өзүн атаган адам чынында эле кароолдун зардалы (кароолдун зардалынын жардамчысы, бөлүштүргүч) экендигин көрүп ынанган сакчы бардык келген адамдардын өзүнө келүүсүнө жол берет.

Эгерде өзүн кароолдун зардалымын кароолдун зардалынын жардамчысымын, бөлүштүргүчмүн деп атаган адам белгисиз бирөө болуп чыкса же аны менен болгон адамдар сакчынын ордуңарда тургула деген талабын аткарышпаса, сакчы «Токто, атам» деп кыйкырып эскертет. Эреже бузуучулар бул талаптарды аткарбаганда сакчы аларга карата курал колдонот.

188. Өзүн же кайтарылчу объектти коргоо үчүн бетме-бет кармашуу зарыл болсо, сакчы штык жана кундакты колдонуп тайманбай кармашууга тийиш.

189. Тозотто өрт чыккан учурда сакчы бул тууралу дароо кароол жайына кабарлайт жана объектиге көз салуусун токтотпой, өрт өчүрүү үчүн чаралар көрөт. Кайтарылган объекттин техникалык аймагында же тышкы жана ички тосмолору бар объектте, ошондой эле, тозотко жакын жерде өрт чыкканда ал бул тууралу кароол жайына кабарлап, тозоттогу кызматтын өтөөсүн уланта берет.

190. Капыстан ооруп калганда (жарадар болгондо) сакчы кызмат өтөөсүн улантуу менен бөлүштүргүчтү же кароолдун зардалын чакырат.

191. Эң өзгөчө, кечеңдетүүгө болбогон учурларда же байланыш каражаттары бузук болсо сакчы кароолдун зардалын же бөлүштүргүчтү асманга ок атуу менен чакырат.

192. Сакчы өзү баш ийген зардалдарга, алардын коштоосунда тозотко келген бөлөк зардалдарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Катар уставында баяндалган эрежелер боюнча салам берет. Мында автомат туруп атуу абалынан алдын ала «асынып алынат», карабин болсо - бутка түшүрүлөт.

193. Күжүрмөн Туунун жанындагы тозоттогу сакчы өз милдеттерин жай турган абалында аткарат. Аскер кызматчылары Күжүрмөн Тууга салам берип кайрылганда саптагыдай түздөнүп турат.

Күжүрмөн Тууну кайтарууга кабыл алуу убагында кароол сакчысы каптын (шкафтын) жана андагы мөөрдүн оңдугун текшерүүгө милдеттүү. Күжүрмөн Тууну берүүнү сакчы кароолдун зардалынын өзүнүн гана буйругу боюнча жана анын катышуусу менен аткарат.

Эгерде Күжүрмөн Туунун жанындагы тозотко коркунуч туулса (өрт же табигый кырсык) сакчы Күжүрмөн Тууну коопсуз жерге алып чыгат жана кароолдун зардалын чакырат.

194. Көзөмөлдүк-өткөрмө тозоттун сакчысы 179-185-статьяларда баяндалгандардан бөлөк:

- өткөрмөлөрдүн, инсандыкты ырастоочу документтердин сүрөттөлүшүн жана колдонулуш убактысын, ошондой эле, тозоттордун табелинде баяндалган милдеттерди билүүгө;

- тозот аркылуу өтүүчү бардык адамдарды, тозоттогу үлгүлөргө ылайык келген жекече өткөрмөлөр боюнча гана өткөрүүгө, мында өткөрмөлөрдү милдеттүү түрдө колго алып көрүүгө;

- кандайдыр бир мүлктү алып кетүүдө (алып келүүдө) же ташып чыгууда (ташып кирүүдө) алып өтүүгө же ташып өтүүгө эмне жана кандай санда уруксат берилгендигин материалдык өткөрмө (жол баракчасы) боюнча текшерүүгө; жол баракчалары бар машиналарды гана өткөрүүгө;

- өткөрмө тартибин бузуу менен, ошондой эле, жараксыз өткөрмөлөр (документтер) боюнча объектиге (объекттен) кирүүгө аракет кылган адамдарды кармоого жана кароолдун зардалын чакырууга милдеттүү.

Көзөмөлдүк-өткөрмө тозотунун сакчысына:

- өткөрмөлөрдүн жана алардагы шифрлердин колдонулушу жөнүндө маалымат берүүгө, өткөрмөлөрдү текшерүүгө байланышпаган сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө; бөлөк адамдардын жана кандайдыр-бир нерселердин тозотто болушуна жол берүүгө тыюу салынат.

195. Ачылган сактоо жайындагы (кампадагы, парктагы) же күжүрмөн машиналар (башка курал-жарактар жана аскердик техника) коюлган жерде иш жүргүзүлгөн убакта сакчы тозоттордун табелдеринде көрсөтүлгөн милдеттерди аткарат.

Өрт коркунучу күчтүү сактоо жайындагы (кампадагы) сакчы мындан тышкары:

- кимдин болсун тамеки тартуусуна, от жагуусуна, ок атуусуна, ошондой эле, кайтарылган объекттин жанында анда көрсөтүлгөн аралыктан жакын жерде тозоттордун табелинде каралбаган жарык кылуучу нерселерди пайдаланууга жол бербөөгө;

- сактоочу жайга (кампага) тозоттордун табелинде каралбаган бут кийимчен жана фонарлар менен, ошондой эле, атылбас жана атылчу куралдар менен кирүүгө жол бербөөгө милдеттүү.

196. Ушул Уставдын 179-192-статьяларында баяндалган милдеттерден тышкары, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтарган сакчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- анын кайтаруусунда турган гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын санын билүүгө;

- камералардын эшиктеринин сыртында болууга жана кароочу терезе аркылуу гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылар алар үчүн белгиленген эрежелерди бузбагандарын байкоого, алардын аракеттерине жана жүрүм-турумуна көз салууга, алар тарабынан терезелердин рамаларын, торчолорду, полду жана дубалдарды бузууга жол бербөөгө;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын камераларында түнкүсүн жарык күйүп туруусуна көз салууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларды камералардан чыгарбоого жана кароол зардалынын, кароол зардалынын жардамчысынын же өзүнүн бөлүштүргүчүнүн жеке буйругусуз эч кимди аларга киргизбөөгө;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары менен сүйлөшпөөгө, аларга эч нерсе бербөөгө жана алардан эч нерсе албоого;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын кечеден кандайдыр-бир берүүлөрдү алуусуна, алардын сыртка буюмдарды жана каттарды терезе аркылуу кечеге ыргытуусуна жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын бөтөндөр менен сүйлөшүүлөрүнө жол бербөөгө;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын алып чыгуучуну чакыруу жөнүндө өтүнүчүн кабыл алып, бул тууралуу өзүнүн бөлүштүргүчүнө (кароол зардалына же кароол зардалынын жардамчысына) билдирүүгө;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары анын талаптарын аткарбаганда дароо кароол зардалын, анын жардамчысын же бөлүштүргүчтү чакырууга;

- качып бараткан гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына «Токто, атам» деп кыйкырып эскертүүгө, ал эми бул талап аткарылбаганда аларга курал колдонууга.

Камалгандарды бир пункттан экинчисине ташууда, ошондой эле, аларды гауптвахтанын чектеринен тышкары алып жүргөндө камалгандарды кайтаруу боюнча сакчынын милдеттерин дайындалган айдап жүрүүчү аткарат. Анын өзгөчө милдеттери жана мындай учурларда камалгандарды кайтаруу тартиби 14-тиркемеде баяндалган.

197. Кароол жайына кире бериште турган сакчы кароол жайын кайтарууга жана коргоого, эгер аларды өңүнөн тааныса кароол баш ийген адамдардан жана алар коштогон адамдардан бөлөк эч кимди ага киргизбөөгө милдеттүү. Бул адамдардын келгендиги тууралу сакчы белгиленген сигнал менен кароолдун зардалына кабарлайт жана аларды кароол жайына тоскоолсуз өткөрөт. Кароол жайына жакындап келген калган бардык адамдарды сакчы тозоттун табелинде көрсөтүлгөн аралыкта токтотот жана кароолдун зардалын же анын жардамчысын чакырат.

Тозоттун табелинде көрсөтүлгөн аралыктан кароол жайына жакындап келген адамды жакшы көрүүгө мүмкүн болбогондой учурда сакчы аларды «Токто» деп кыйкырып токтотот жана кароолдун зардалын же анын жардамчысын чакырат.

Кароол жайына жакын жердеги бардык окуялар жөнүндө жана кароолдун өз милдетин аткарышына тоскоолдук кылуучу байкалган бардык нерселер жөнүндө, ошондой эле, тозоттордон келген сигналдар тууралу кароолдун зардалына же анын жардамчысына дароо баяндайт.

198. Ар бир объектти кайтаруунун жана коргоонун шарттарына жараша сакчынын өзгөчө милдеттери тозоттун табелинде көрсөтүлөт.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Транспорт каражатын айдоочу

 

199. Транспорт каражатынын айдоочусу кароолдун өздүк курамын ташууга транспорт каражатынын дайыма даяр тургандыгы үчүн жооп берет жана кароолдун зардалына жана анын жардамчысына баш иет.

Ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- транспорт каражатын дайыма иштөөгө даяр күтүүгө;

- кароолдун зардалынын же анын жардамчысынын буйругу боюнча тозоттордун жайгашуу схемасында көрсөтүлгөн жолдор боюнча кароол сакчыларынын нөөмөтүн жана сакчылардын кызмат өтөөсүн текшерүүчү адамдарды жеткирүүгө;

- тозотторго жөнөөдө жана тозоттордон кайтууда бөлүштүргүчтүн буйруктарын аткарууга.

Айдоочуга транспорт каражатын башкарууну башка адамга, анын ичинде, өзү баш ийген адамга берүүгө тыюу салынат.

 

Алып чыгуучу

 

200. Алып чыгуучу гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын гауптвахтанын чектеринде коштоп жүргөндө аларды кайтаруу үчүн жооп берет. Ал кароол зардалына ана анын жардамчысына баш ийет.

Алып чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кароол зардалынын же анын жардамчысынын буйругу боюнча гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эртең мененки жана кечки жуунуп-тазаланууда, табигый муктаждыктарды жасоодо жана сейилдөөдө, ошондой эле камераларды жана гауптвахтанын жайларын тазалап-иреттөөдө куралын «асынып» кайтарууга;

- гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларынын бөтөн адамдар менен сүйлөшпөөсүнө, ал эми шектүүлөр жана айыпталуучулардын изоляциянын белгиленген талаптарын сактоосуна көз салууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын жүрүм-турумун дайыма байкоого жана алар тарабынан бардык берилүүчү командалардын жана аскердик форма кийимин кийүү эрежелеринин аткарылышын талап кылууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары качууга же кароол адамдарына кол салууга аракет кылганда аларды токтотуу (мизин кайтаруу) үчүн бардык чараларды көрүүгө, анын ичинде бул жөнүндө белгиленген сигнал (же башка мүмкүн болгон ыктар) менен кароолдун зардалына же анын жардамчысына дароо билдирүү менен күч жана атайын каражаттарды колдонууга.

Алып чыгуучу күчүн жана атайын каражаттарды ушул Уставдын 14-тиркемесинде көрсөтүлгөн учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.

201. Алып чыгуучуга гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтарууда алар менен сүйлөшүүгө, алардан бир нерсе алууга жана берүүгө, ошондой эле тамак жегенге, бир нерсе ичүүгө, тамеки чегүүгө, ырдоого, отурууга, табигый муктаждыктарды жасоого жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан башка нерселерге алаксууга тыюу салынат.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коштоо үчүн алып чыгуучу аларды бирден колоннага тизет жана алардан эки-үч кадам артта жана солдо (оңдо) басат. Бардык командаларды алып чыгуучулар берет.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын коштоп жүрүүдө алып чыгуучу гауптвахтанын чектеринде кызматын куралсыз өтөйт, мында ал атайын каражаттарды алса болот.

 (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

6-глава.
Кароолдорду бөлүштүрүү жана алмаштыруу

 

Кароолдорду кароо

 

202. Кароолдорду бөлүштүрүү кароолдордун кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүүнү, алардын 92-статьяда көрсөтүлгөн адамдарга баш ийүүсүнө өтүшүн жана кароолдорго эски кароолдорду алмаштыруу укугун берүүнү билдирет. Кароолдорду бөлүштүрүү 40 мүнөттөн ашпоого тийиш.

203. Гарнизондук кароолдорду бөлүштүрүүнүн орду жана убактысы гарнизондун зардалы, ички кароолдордуку - аскердик бөлүктүн командири тарабынан, бөлүштүрүүчү жерге жана бөлүштүрүүчү жерден кароол жайларына барышынын убагы 1 сааттан ашпагандай белгиленет.

Мында бөлүштүрүүчү жерге же бөлүштүрүүчү жерден кароол жайына барууга 30 мүнөт талап кылынса, гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) буйругу менен кароолго транспорт каражаты берилет.

204. Бөлүштүрүүгө кароолдун бүткүл өздүк курамы жана бөлүштүрүүчү жерге ал башталгандан 10 мүнөт мурда келүүчү оркестр чыгарылат.

Оркестр жок гарнизондордо жана аскердик бөлүктөрдө, ошондой эле, абанын температурасы - 15 градус жана андан төмөн болгондо кароолду бөлүштүрүүгө 1-2 добулбасчы чыгарылат же кароолдорду кароонун музыкасын ойноочу техникалык каражат пайдаланылат.

205. Гарнизондук кароолдорду жөнөтүүнү кароолдор боюнча кезметчи жүргүзөт.

Ички кароолдорду кароо аскердик-бөлүк боюнча кезметчи тарабынан жүргүзүлөт.

Ички кароолдорду бөлүштүрүү туруктуу кароолдор менен бирге өткөрүлөт. Эгерде убактылуу кароолдор туруктуу кароолдорду бөлүштүрүүдөн кийин дайындалса, анда бөлүштүрүү өзүнчө өткөрүлөт.

206. Бөлүштүрүүчү жерге келгенден кийин кароолдун ар бир зардалына кароолдор боюнча кезметчинин жаңы жардамчысына баяндайт, мисалы: «Жолдош лейтенант. № 1 кароол бөлүштүрүүгө толук курамында келди. Кароолдун зардалы лейтенант Качкеев».

207. Кароолдор боюнча кезметчинин жаңы жардамчысы кароолдордун зардалдарынын наамын жана аты-жөнүн жазып алат, кароолдорду номерлеринин ирети менен, автоматтарды «асынган» абалында, карабиндердин кундагын буттун жанына койгон абалда сапка тизет жана кароолдордун өздүк курамына кароолдор боюнча кезметчинин жана өзүнүн аты-жөнүн жарыялайт.

Ар бир кароолдун оң ыптасында кароолдун зардалы, ал эми сол ыптасында анын жардамчысы турат; бөлүштүргүчтөр өздөрүнүн биринчи катарда турган кароол сакчыларынын оң жагында окчунураак турушат. Кароол сакчылары тозоттордун номерлери боюнча оңдон солго карай, нөөмөттөр иретинде биринин артынан бири турушат, алып чыгуучулар - алардын сол жагында окчунураак турушат. Кароолдордун транспорт каражаттары айдоочулары менен алар үчүн бөлүнгөн жерде турушат.

Суткалык нарядды бөлүштүрүүдө ички кароолдордун сол жагында окчунураак жерде калган суткалык наряд Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматтарынын уставында көрсөтүлгөн тартипте тизилишет. Суткалык нарядды бөлүштүрүүдө берилчү командаларда «кароолдор» деген сөз «суткалык наряд» деген сөздөр менен алмаштырылат.

Оркестр (добулбасчылар) кароолдордун оң ыптасында, кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысынан үч кадам жерде турат.

208. Кароолдор боюнча кезметчини тосуп алуу үчүн анын жардамчысы кезметчи сапка 40-50 кадам жакындаганда: «Кароолдор - Түздөнгүлө», «Какай», «Оңго карап (солго - ортого) түздөн» деген командаларды, ал эми кароолдор (кароол) карабиндер менен куралданса, «Кароолдор Түздөнгүлө», «Какай», «Оң жактан (солдон, маңдайдан) тосуп алуу үчүн кароолго көтөргүлө» деп команда берет. «Түздөнгүлө» командасы боюнча аскердик дирижер саптык басык менен оркестрдин сабынын ортосуна чыгат жана алдыңкы катардан эки кадам жерде, бетмаңдайын карап турат. Биринчи команда боюнча кароолдун тапанчалар менен куралданган зардалдары колдорун баш кийимдерине такашат; бардыгы кароол боюнча баштарын кезметчиге бурушат жана аны ээрчий карап турушат. Экинчи команда боюнча, мындан тышкары карабиндер «кароолго көтөргүлө» абалында кармалат.

Оркестр «Тосуп алуу маршын» аткарат (добулбасчылар «жүрүш маршын» кагышат). Кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы колун баш кийимине такап, саптык басык менен кароолдор боюнча кезметчиге келип, андан эки-үч кадам жерде токтоп, баяндама жасайт, мисалы: «Жолдош майор. Кароолдор бөлүштүрүү үчүн тизилди. Кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы лейтенант Осмонов». Баяндама жасап бүткөндөн кийин кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы колун баш кийиминен түшүрбөй, сол (оң) буту менен четке кадам жасап, ошол эле учурда оңго (солго) бурулат жана кароолдор боюнча кезметчини алдыга өткөрүп, андан эки-үч кадам артта жана саптын алды жагынан ээрчий басып өтөт.

Кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы баяндама жасоо үчүн токтогондо, оркестр (добулбасчылар) оюндарын токтотушат, ал эми аскердик дирижер колун баш кийимине такайт.

209. Баяндаманы кабыл алып, кароолдор боюнча кезметчи саптын ортосуна келип токтойт жана кароолдордун өздүк курамы менен учурашат: «Саламатсыздарбы, жолдоштор»; саламга жооп алгандан кийин «Жай тур» командасын берет жана колун баш кийиминен түшүрөт. Кароолдордун зардалдары жана оркестрдин аскердик дирижеру колун баш кийиминен ылдый түшүрөт.

Эгер кароолдор (кароол) карабиндер менен куралданса, кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы «Бутка түшүргүлө» командасын, андан соң «Жай тур» командасын берет.

210. Кароолдор боюнча кезметчинин жардамчысы дайындалбаганда, 206-208-статьяларда баяндалган анын бөлүштүрүүдөгү милдеттерин аскердик наамы улук кароол зардалы, ал эми кароолдордун зардалдары бирдей аскердик наамда болушса биринчи номерлүү кароолдун зардалы аткарат. «Жай тур» командасын бергенден кийин ал өз ордуна келип турат.

211. Кароолдорду текшерүү үчүн кароолдор боюнча кезметчи, керек болсо, катарларды бири биринен бир кадам аралыкка жылдырат жана жардамчысы менен бирге кароолдордун курамын, өздүк курамдын сырткы турпатын, алардын өздөрүнүн милдеттерин билишин, ошондой эле куралдардын оңдугун текшерет жана табылган кемчиликтерди жоюу үчүн көрсөтмөлөр берет.

Кароолдор боюнча кезметчи кароолго келгенде кароолдун зардалы катардан чыгып аны менен учурашат, өздүк курамды текшерүү убагында кароолдор боюнча кезметчини коштоп жүрөт жана кийин уруксат алып, өз ордуна турат.

212. Эгерде кандайдыр бир кароол кызмат өтөөгө даяр болбосо, кароолдор боюнча кезметчи аны ал дайындалган аскердик бөлүккө, кошумча даярдануу же алмаштыруу үчүн кайтарат жана бул тууралу гарнизондун зардалына жана аскердик комендантка дароо баяндайт. Бул кароолду бөлүштүрүүнү кароолдор боюнча кезметчи же анын жардамчысы өзүнчө жүргүзөт.

213. Текшерүү бүткөндөн кийин кароолдор боюнча кезметчи саптын ортосуна чыгат жана кароолдордун алдында аларды карап турат; кезметчинин жардамчысы кароолдор боюнча кезметчиден бир кадам артта же сол жакта окчунураак турат. Кароолдор боюнча кезметчи: «Кароолдор - түздөн», «Какай», «Оркестр жыйынды ойно» (добулбасчылар «Жыйынды как») командаларын берет. «Какай» командасы боюнча кароолдор боюнча кезметчи, анын жардамчысы жана кароолдордун тапанчалар менен куралданган зардалдары колун баш кийимине такашат.

214. «Жыйын» ойнолуп бүткөндөн кийин кароолдор боюнча кезметчи, анын жардамчысы жана кароолдордун зардалдары колдорун баш кийимдеринен түшүрүшөт. Кароолдор боюнча кезметчи: «Кароолдун зардалдары мага келгиле» деп команда берет. Кароолдордун зардалдары саптык басык менен кароолдор боюнча кезметчиге келишип, андан эки-үч кадам жерде кароолдордун номерлери боюнча бир катарга турушат (бир кадам аралыктарда) жана учурашышат, мисалы: «Номер биринчи кароолдун зардалы лейтенант Алимов».

Кароол боюнча кезметчи кароолдун ар бир зардалына анын кызматынын өзгөчөлүктөрүн эскертет жана паролдор жазылган катты тапшырат.

215. Паролдор жазылган каттарды берип жана паролдор туура түшүнүлгөнүнө ынангандан кийин кароолдор боюнча кезметчи «Кароолдордун зардалдары, катарга тургула» деп команда берет. Бул команда боюнча кароолдордун зардалдары саптык өз орундарына турушат; оркестр (добулбасчылар) 10-15 кадам алдыга чыгышат жана оң жакка бурулуп, кароолдорго бет маңдай турушат. Кароолдор боюнча кезметчи: «Оркестр, бөлүштүрүүнү ойно» деп команда берет. Оркестр ойноп жаткан убакта кароолдор боюнча кезметчи, анын жардамчысы жана кароолдордун тапанчалар менен куралданган зардалы колдорун баш кийимине такашат.

Оркестр ойноп бүткөндөн кийин кароолдор боюнча кезметчи: «Кароолдор, оңго», «Алга - бас» деп команда берет. Эгерде кароолдор (кароол) карабиндер менен куралданса «Кароолдор оңго» командасынан кийин «Асынгыла» командасы берилет. «Бас» командасы боюнча кароолдор саптык басык менен кароолдор боюнча кезметчинин жанынан түшөт жана өздөрүнүн кароол жайларына бет алышат; кароолдордун зардалдары өз кароолдорунан эки кадам алдыда барышат; бөлүштүргүчтөр - өз тозотторунун кароол сакчыларынан бир кадам алдыда; кароолдор зардалдарынын жардамчылары өздөрүнүн кароолдорунун артында барышат. Оркестр (сигналчы - (добулбасчылар) өз ордунда калып, «Жүрүш маршын» ойнойт.

Оркестрдин ойноосу (добулбасчылардын добулбас урушу) кароолдор боюнча кезметчинин командасы (сигналы) боюнча токтотулат.

216. Эгерде бөлүштүрүү убагында гарнизондун зардалы, гарнизондун аскердик коменданты (ички кароолдордо - аскердик бөлүктүн командири) же тикелей зардалдар, ошондой эле, гарнизондун аскердик бөлүктөрүн (аскердик бөлүктөрдү) инспекциялоону же текшерүүнү жүргүзүүгө жетекчилик кылган адам келсе, кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи аларды тосуп алуу үчүн: «Кароол - түздөн», «Какай», «Оңго түздөнгүлө (солго, ортого)»командаларын берет, ал эми кароолдор (кароол) карабиндер менен куралданса: «кароолдор - түздөн», «Какай» «Оң жактан (солдон, маңдайдан) тосуп алуу үчүн кароолго көтөргүлө» командаларын берет. Оркестр «тосуп алуу маршын» аткарат (добулбасчылар «Жүрүш маршын» кагышат), кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи колун баш кийимине такап, катардагы басык менен зардалга келип, андан эки-үч кадам жерге келип токтойт жана баяндама жасайт, мисалы: «Жолдош полковник. Кароолдорду (суткалык нарядды) бөлүштүрүү жүргүзүлүп жатат. Кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи майор Алиев».

Кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи билдирүү жасоо үчүн токтогондо, оркестр (добулбасчылар) ойнун токтотот. Башчыдан уруксат алган кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи «Жай тур» же «Бутка түшүр» жана андан кийин «жай тур» командаларын берет жана өз милдеттерин аткаруусун улантат.

Улук зардалды тосуп алуу үчүн бөлүштүрүүгө катышкан жана кароолдордун курамына кирбеген адамдар оркестрдин (добулбасчылардын) оң жагында бир же эки катарга тизилип турушат.

 

Кароолдорду алмаштыруу

 

217. Бөлүштүрүүдөн кийин кароол алмаштырылуучу кароол жайгашкан жерге келет. Кароолдун зардалы аны кайтарылчу объекттин аймагына кире бериштин алдында же кароол жайынын алдында кароолдун зардалынын нускамасында көрсөтүлгөн аралыкка токтотот, алмашылчу кароолдун зардалы менен учурашат жана ага-эски паролду айтат. Мындан кийин ал өз кароолун кароол жайынын алдындагы аянтчада, ага бет маңдай каратып тизет.

218. Эски кароолдун зардалы ага айтылган паролдун тууралыгына ынанып, өз кароолун кароол жайынан алып чыгып, кароол жайында өзүнүн жардамчысын же бөлүштүргүчтөрүн бирин калтырат жана кароолду аянтчада жаңы кароолдун бет маңдайына алты-сегиз кадам жерге тизет. Катарга тизилгенден кийин кароолдордун зардалдары жаңы кароолдун зардалы баштап кезеги менен «Кароол - түздөн», «Какай» командаларын беришет.

Командалар берип, кароолдордун тапанчалар менен куралданган зардалдары, колдорун баш кийимдерине такап, бири бирине эки-үч кадам жерде токтошуп, жаңы кароолдун зардалы баштап, билдирүү жасашат, мисалы: «Жолдош лейтенант. Жаңы кароол алмаштыруу үчүн келди. Кароолдун зардалы лейтенант Каримов»; «Жолдош лейтенант. Эски кароол алмашууга даяр. Кароолдун зардалы лейтенант Касымов», мына ошондон кийин колдорун баш кийимдеринен түшүрүшөт.

Кароолдордун автоматтар же карабиндер менен куралданган зардалдары колдорун баш кийимдерине такашпайт, ал эми «Какай» командасынан кийин автоматты «асынган» абалда, карабинди буттун жанында кармап бири бирин карай басышат.

Баяндамалардан кийин кароолдордун зардалдары «Жай тур» командасын беришет, эгерде кароол жайына кире бериштеги сакчы коюлса, аны алмаштырышат, андан кийин өз кароолдоруна: «Оңго», «Алга бас» деп команда беришет.

Жаңы кароолдун зардалы өз кароолун кароолдук жайга алып кирет, ал эми эски кароолдун зардалы өз кароолун кароолдун зардалынын нускамасында белгиленген жерге (жайга) алып барат, куралды пирамидага коюуга команда берет, өзүнүн ордуна улук аскер кызматчысына наамы улукту калтырат жана өзүнүн бөлүштүргүчтөрү менен бирге кароол жайга кирет.

Абанын температурасы -15 С градус жана андан төмөн болсо, ошондой эле, аба ырайы бузулганда жана саны алтыдан аз адам болгон кароолдордо жаңы кароолдун зардалы эски кароолдун зардалы менен учурашкандан кийин жана ага эски паролду айткандан кийин, өз кароолун алмаштыруу үчүн кароол жайына алып кирет. Кароолдорду алмаштыруу кароол жайында ушул статьяда баяндалган эрежелерди аткарбастан өткөрүлөт.

219. Жаңы кароолдун өздүк курамы жайга кирип, куралын пирамидага (тапанчаларды сейфке) коет, андан кийин эски жана жаңы кароолдордун зардалдары өздөрүнүн бөлүштүргүчтөрүнө мөөрлөрдүн кептерин (пломбалардын көчүрмөлөрүн) тапшырууга жана кабыл алууга, ал эми жардамчыларына кароолдук жайды тапшырууга кабыл алууга буйрук беришет да өткөрүүнүн тууралыгын байкап турушат. Эски кароолдун зардалынын жардамчысына өткөрөт, а жаңы кароолдун зардалынын жардамчысы кароол жайын жана андагы жабдууларды, шаймандарды жана мүлктү тизме боюнча кабыл алат. Кароолдун зардалынын жардамчысы жок кароолдо, кароол жайын, жабдууларды, шаймандарды жана мүлктү кабыл алууну жана тапшырууну кароолдун зардалы жүргүзөт. Эски кароолдун зардалы жаңы кароолдун зардалына кароолдун эски курамына берилген бардык сын-пикирлер жана көрсөтмөлөр жөнүндө кабарлайт.

220. Мөөрлөрдүн кептерин (пломбалардын көчүрмөлөрүн) кабыл алгандан кийин жаңы кароолдун зардалы: «Биринчи нөөмөт - сапка тур» командасын берет. Бул команда боюнча биринчи нөөмөттүн бөлүштүргүчтөрү жана кароол сакчылары, өздөрүнүн куралдарын алып номерлери боюнча оңдон солго карай бир сапка тизилишет. Бөлүштүргүчтөр өздөрүнүн нөөмөттөрүнүн оң ыптасында турушат, аларда мөөрлөрдүн кептери (пломбалардын көчүрмөлөрү), ал эми түнкүсүн чырактары болот.

Эски кароолдун бөлүштүргүчтөрү жаңы кароолдун тийиштүү бөлүштүрүүчүсүнүн жанында жана оң жагында окчунураак турушат.

Жаңы кароолдун зардалы бөлүштүрүүчүлөрдүн жана кароол сакчыларынын өз милдеттерин билишин текшерет, кароол сакчыларына ар бир тозотто кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эскертип, курал колдонуу тартибине өзгөчө көңүл бурат, нөөмөттү кароол жайынан алып чыгат жана аны куралды октоо үчүн аянтчада катарга тизип: «Нөөмөт, оң жактан бир бирден - окто» деп команда берет. Бул команда боюнча оң ыптадагы биринчи аскер кызматчысы бир кадам алдыга чыгып, штыкты бекитет жана куралынын октолгондугун, ал эми кароол зардалы курал туура октолгондугун текшерет (99, 100-ст.). Куралын октоп, аскер кызматчысы баяндайт: «Курал октолду жана сактагычка коюлду», аны өз алдынча «асынат» жана бир кадам артка жылат.

Калган бөлүштүргүчтөр жана кароол сакчылары куралдарын мына ушундай ырааттуулукта кезектеше октошот.

221. Нөөмөт куралын октогондон кийин, жаңы кароолдун зардалы: «Нөөмөт, оңго», «Тозотторго карай алга - бас» деп команда берет. Ар бир бөлүштүргүч «Нөөмөт артыман - бас» деп команда берет жана нөөмөттү тозотторго баштап жөнөйт.

Биринчи нөөмөт кароол жайынан кеткенден кийин кароолдун зардалы (зардалдын жардамчысы) кароолдун калган өздүк курамынан камылгалык күжүрмөн топторду түзөт жана кайтарылчу объектиге же кароол жайына кол салууга сокку берүү учуруна, өрт өчүрүү учурундагы милдеттерди коет.

222. Нөөмөттөр (көзөмөлдүк-кайтаруу топторун) тозотторго бир катарга тизилип барат жана келет. Бөлүштүргүч саптын башында жүрөт. Нөөмөт аскердик бөлүктүн Күжүрмөн Туунун жана эстеликтердин жанындагы тозоттордогу кыймылы саптык басык менен жасалат.

Эски кароолдун бөлүштүргүчү жаңы кароолдун бөлүштүргүчү менен катар жана сол жакта окчунураак жүрөт.

Бардык командалар жаңы кароолдун бөлүштүргүчү тарабынан берилет.

Тозоттору көп кароолдордо, ошондой эле алар бири-биринен же кароол жайынан алыста жайгашса нөөмөттүн тозотторго баруусу транспорт каражаттарында жүргүзүлөт.

223. Жаңы кароолдун биринчи нөөмөтүнүн акыркы кароол тозотко коюлгандан кийин, эски кароолдун бөлүштүргүчү өзүнүн нөөмөттүк кароол сакчыларын кароол жайына алып жөнөп, нөөмөттүн алдында жүрөт. Жаңы кароолдун бөлүштүргүчү эски кароолдун бөлүштүргүчү жанында жана сол жагында окчунураак жүрөт.

224. Бардык командалар эски кароолдун бөлүштүргүчү тарабынан берилет.

Кароол нөөмөттөрү тозотторго баратканда жана тозоттордон келатканда аскердик саламдашууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Саптык уставында баяндалган эрежелери боюнча аткарышат.

225. Кароолду алмаштырууда жаңы кароолдун зардалы эски кароолдун зардалы менен бирге кыдырып чыгуу жолу менен кароолдун зардалынын нускамасында көрсөтүлгөн, эң маанилүү кайтарылчу объектилердин абалын жана алардын жарык кылынышын, тосмолорун жана окопторун, кароол жайынын жана гауптвахтанын абалын текшерет, андан кийин документтерди, ок-дарылар үкөктөрүн, алардагы мөөрлөрдү жана алардын ачкычтарын, кайтарылчу объектилерди ачууга уруксат каттарды, ошондой эле, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарды эски кароолдун зардалынан тизме боюнча кабыл алат.

226. Тозоттордон келгенден кийин 99-статьяда көрсөтүлгөн ырааттуулукта куралдын октору чыгарылат. Адегенде эки кароолдун тең бөлүштүргүчтөрү куралдын окторун чыгарышат, андан кийин эски кароолдун бөлүштүргүчү «Оңдон баштап бир бирден окту чыгар» деп команда берет.

Бул команда боюнча оң канаттагы биринчи кароол сакчысы алдыга бир кадам жасап, бөлүштүргүчтүн байкоосу алдында куралынан окторду чыгарып, октуу ок кутусун (ок чөнтөктү) баштыгына салат жана «Куралдан октор чыгарылды» деп билдирет, тээк тулкусун артка тартып куралды көрсөтөт. Бөлүштүргүч куралды карап көрөт, андан кийин кароол сакчысы тээктин тулкусун алдыңкы абалга коет (тээкти кое берет), машааны басат, куралды сактагычка коюп, штыкты чыгарат (артка жабат), куралын асынат жана артка кадам жасап, өз ордуна турат.

Нөөмөттүн калган кароол сакчылары да кезектешип ушундай эле ырааттуулукта куралдарынан окторду чыгарышат. Андан кийин кароол сакчылары наамы улук аскер кызматчысынын командалыгы алдында эски кароол турган жерге, ал эми бөлүштүргүчтөр кароол жайына жөнөшөт.

227. Эски кароолдун жана жаңы кароолдун бөлүштүргүчтөрү кезектеше өздөрүнүн кароолдорунун зардалдарына баяндама жасашат, мисалы: «Жолдош лейтенант. Алмашуу жүргүзүлдү. Посттор оң абалында өткөрүлдү (кабыл алынды). Биринчи бөлүштүргүч Исмаилов». Билдирүүлөрдү кабыл алып, кароолдордун зардалдары, эскиси баштап, эски кароолдун тозоттук ведомосттуна кол коюшат, мында жаны кароолдун зардалы ага алмашуу убагында байкалган бардык кемчиликтер тууралу сын-пикирлерин жазат.

Эгерде кароолду алмаштырууда, кароолду текшерүүгө келген адам катышса, бөлүштүргүчтөр андан уруксат алып, кароолдордун зардалдарына алмашуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө баяндашат. Бөлүштүргүчтөрдүн билдирүүлөрүн кабыл алгандан кийин жаңы кароолдун зардалы «Какай» деп команда берет, андан кийин кароолдордун зардалдары кезектешип текшерүүчүгө алмашуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө баяндама жасашат.

Алмашуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кароолдордун зардалдары бардык учурларда өздөрүнүн кароолдору боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчисине телефон аркылуу баяндама жасашат же ага билдирүү жасаганы өздөрү келишет.

228. Кароол алмашкандан кийин эски кароолдун зардалы кароолду өзүнүн аскердик бөлүгүнө (бөлүкчөсүнө) алып кетет.

Кароол алмашкандан кийин бөлүкчөгө келгенде кароолдун зардалы кароолдун өздүк курамын катарга тизип жана бөлүкчөнүн командирине милдеттин аткарылгандыгы жөнүндө баяндайт: «Жолдош капитан. Кароол толук курамында келди. Кызмат өтөө учурунда окуялар болгон жок (же тигил же бул окуялар болду). Лейтенант Асанов», андан кийин тозоттук ведомостто белгиленген кароолду текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө баяндайт жана ага башка документтер менен бирге тозоттук ведомостту берет. Мындан кийин кароолдун курамын кароолдун зардалынын жеке өзүнүн байкоосу алдында куралды жана дүрмөттүү окторду өткөрүп берет.

Объекттерди түнкүсүн гана кайтарган кароол сакчылары объектини кайтаруу мөөнөтү бүткөндөн жана кароолдун зардалына ок-дарыларды өткөрүп бергенден кийин, кароолдун зардалы тарабынан кароолдун алмашуусун күтпөй эле, аскердик наамы жогору аскер кызматчысынын командалыгы алдында өзүнүн аскердик бөлүгүнө (бөлүкчөгө) жөнөтүлөт. Бул жөнүндө кароолдун зардалы тозоттук ведомостко жазат жана кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге баяндайт. Бөлүкчөгө келгендиктери тууралу аскердик наамы улук аскер кызматчысы бөлүкчөнүн старшинасына баяндоого жана кароол сакчыларынын куралды өткөрүүсүнө көзөмөлдүк жасоого милдеттүү.

229. Кароолдун алмашылган курамы алмашылган күнү машыгуулардан жана жумуштардан бошотулат; объектти түнкүсүн гана кайтарган кароол сакчылары бөлүкчөлөрүнө келгенден кийин машыгуулардан жана жумуштардан 4 саатка бошотулат.

230. Айгай жарыяланганда кароолдорду алмаштыруу күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык планына ылайык бөлүнүүчү бөлүкчөлөр тарабынан жүргүзүлөт. Бул учурда кароолду бөлүштүрүү жүргүзүлбөйт. Кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин кыскача нускама берүүсүнөн жана эски паролду алгандан кийин кароолду алмаштыруу үчүн кароол жайына келет.

Кароолдорду алмаштыруу белгиленген тартипте кыскартылган мөөнөттө жүргүзүлөт. Тозоттордун саны, кароол адамдарынын өзгөчө милдеттери жана жаңы пароль айгай жарыяланган учурга карата да документтерде белгиленет (119-ст.).

231. Кайтарылуучу объектиден кароолду алуу гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) мөөр басылып ырасталган, кат жүзүндөгү буйругуна ылайык, кайтарылган объекттинин зардалынын катышуусу менен кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи тарабынан жүргүзүлөт. Кароолду алуу жөнүндө кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи, кароолдун зардалы жана кайтарылган объекттин зардалы кол койгон акт түзүлөт. Актыда кайтарылчу объектинин, кароол жайындагы жана тозоттордогу жабдуулар жана шаймандарды өткөрүп берүү тууралу көрсөтүлөт.

Гарнизондук туруктуу кароолду алуу жөнүндө гарнизондун зардалы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына баяндайт; туруктуу ички кароолду алуу жөнүндө аскер бөлүгүнүн командири кароолдун күн тартибин бекиткен зардалга баяндайт.

  (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

Сакчыларды алмаштыруу

 

232. Сакчыларды алмаштыруу 2 сааттан кийин, так же жуп саатта жүргүзүлөт.

Абанын температурасы -20 градус жана андан төмөн болсо, ал эми шамал учурунда мындан азыраак сууктагы тозоттордун, ошондой эле жылытылбаган жайлардагы ички тозоттордун сакчыларын алмаштыруу 1 сааттан кийин жүргүзүлөт. Абанын температурасы +30 градус жана андан жогору болсо (көлөкөдө) сакчыларды алмаштыруу да 1 сааттан кийин жүргүзүлөт. Мындай учурларда сакчыларды 1 сааттан кийин алмаштыруу жөнүндө көрсөтмө кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде сакчыларды алмаштыруу 1 сааттан кийин жүргүзүлсө, кароолдун зардалы тозоттук ведомостко сакчылар баланча сааттан тартып 1 сааттан кийин алмашылгандыгы, ал эми баланчанчы нөөмөт сакчылыкка чыккандан кийин - 2 сааттан кийин алмашылгандыгы тууралу жазып коет.

Кароол жайынын кире беришиндеги сакчыларды алмаштыруу ар бир 30 мүнөттө кароолдун зардалынын жардамчысы же кароолдун зардалы тарабынан жүргүзүлөт.

233. Нөөмөт сакчыга 10-15 кадамдай аралыкта жакындап келгенде жаңы кароолдун бөлүштүргүчү «Нөөмөт - токто» деп команда берет жана кароол сакчысынын бирине тозотко жана ага чукул жерлерге байкоо жүргүзүүгө (нөөмөт машинада келгенде - куралын октоого жана байкоо жүргүзүүгө) буйрук кылат, мисалы «Катардагы Алиев, тозотту жана ага чукул жерлерди убактылуу байкоого ал».

Нөөмөт жакындап келгенде сакчы ага түз бурулуп турат жана өз алдынча автоматты «асынган» абалга, (карабинди - «бутунун жанына») алат. Жаңы кароолдун бөлүштүргүчүнүн командасы боюнча, мисалы: «Катардагы Исмаилов, тозотко карай алга - бас», сакчы какая туруп, оңго бир кадам жасайт, кароол сакчысы сакчыга жакындай келет жана анын ордуна каршы жакты карап турат (карабин бутунун жанында болот).

Эски жана жаңы кароолдордун бөлүштүргүчүнүн сакчынын жана кароол сакчысынын эки жагында, алардан бир-эки кадам жерде, бетме-бет турушат.

Эски кароолдун бөлүштүргүчүнүн: «Сакчы тозотту тапшыр» командасы боюнча сакчы сөз жүзүндө тозотту тапшырат. Мында сакчы менен кароол сакчысы бири бирине баш буруп карашат. Тозотту сөз жүзүндө тапшырууда сакчы тозоттун номерин атап, тозотко туруп жаткан кароол-сакчысына тозоттун табелине ылайык кайтарылууга тийиш болгондордун бардыгын санап берет, ошондой эле, ал кызмат өтөгөн убакытта тозоттун жанында байкагандарын көрсөтүп өтөт.

Тозот сөз жүзүндө тапшырылгандан кийин кароол сакчысы өзүнүн бөлүштүргүчүнүн «Кароол, тозотту кабыл ал» деген командасы боюнча жаңы кароолдун бөлүштүргүчү менен бирге сакчынын жана эски кароолдун бөлүштүргүчүнүн катышуусу алдында кайтарылчу объектини тегерете кыдырып көрүүгө жана жарык берүүнү, тосмолордун, эшиктердин (дарбазалардын) оңдугун, сактоочу жайдын (кампанын) терезелерин, торчолорун жана дубалдарын, кулпулардын, мөөрлөрдүн (көчүрмөлөрдүн) бар-жогун жана алардын кептерге (көчүрмөлөргө) тууралыгын же кайтаруудагы күжүрмөн машиналардын (башка курал-жарактын жана аскер техникасынын) санын, ошондой эле кайтаруучунун техникалык каражаттарынын байланыш, өрт өчүрүүчү каражаттардын жана тозоттук кийимдин бар-жогун жана алардын абалын текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде зарыл болсо, тозотко туруп жаткан кароол сакчысы бөлүштүргүчтүн жардамы менен тозоттук кийимди киет (8-тиркеме).

234. Эгерде тозотту кабыл алууда жана тапшырууда кандайдыр бир бузуктук (тосмонун же мөөрлөрдүн, пломбалардын, кулпулардын, эшиктердин, терезелердин зыян тартышы) же мөөрлөрдүн (пломбалардын) кептери (көчүрмөлөрү) туура келбегендиги, ошондой эле кайтаруудагы аскердик машиналардын (башка курал-жарактын жана аскердик техниканын) санынын тозоттук табелинде көрсөтүлгөнгө туура келбеси айкындалганда, бөлүштүргүч тозотту өткөрүүнү токтотот жана кароолдун зардалын чакырат; тозотторду жаңы кароол кабыл алганда мындай учурларда эски жана жаңы кароолдордун зардалдары чакырылат.

235. Тозотту өткөрүүнү жана кабыл алууну бүтүп, сакчы жана тозотко туруучу кароол сакчысы бөлүштүргүчтү бет алып турушат жана кезектешип баяндама жасашат, мисалы: «Жолдош сержант. Катардагы Алиев № баланчанчы тозотту өткөрдү»; «Жолдош улук сержант. Катардагы Ибраев номер баланчанчы тозотту кабыл алды».

Баяндама жасоодон жана бөлүштүргүчтөн көрсөтмөлөр алгандан кийин сакчы куралды 183-статьяда көрсөткөндөй алат жана тозоттогу өзүнүн милдеттерин аткарууга киришет.

236. Кароол сакчысынын сакчынын абалына (сакчынын кароол сакчысынын абалына) өтүшү анын тозотту кабыл алуу (өткөрүү) жөнүндөгү баяндамасы менен аныкталат.

237. Эски кароолдун бөлүштүргүчүнүн мисалы: «Катардагы Садыков, тозоттон кадамдап бас» - деген командасы боюнча, алмаштырылган кароол сакчысы нөөмөттүн артына турат жана карабинди өз алдынча «асынган» абалга алат, ал эми тозотко жана айлана-тегереке байкоо жүргүзгөн кароол сакчысы катарга турат. Мына ошондон кийин жаңы кароолдун бөлүштүргүчү: «Нөөмөт, артыман кадамдап-бас» деп команда берет жана нөөмөттү кийинки тозотко көздөй алып барат.

238. Ички тозоттордун сакчыларын алмаштырууда бөлүштүргүч нөөмөттү жайдын кире беришине алып келип. «Нөөмөт, токто» деп команда берет, кароол сакчыларынын бири улук аскер кызматчысы катары калтырат жана команда берет: «Катардагы Касымов менен Сыдыков, артыман - бас». Бөлүштүргүч кароол сакчылары менен жайга кирип, 232-234-статьяларга ылайык сакчыларды алмаштырат.

239. Кароол жайынын эки капталында тең тозоттор жайгашса бөлүштүргүч адегенде кароол жайынын бир капталындагы тозоттордогу сакчыларды алмаштырат, андан кийин алмаштырылгандарды кароол жайында калтырып, калган кароол сакчыларын сапка тизет жана аларды тозотторго алып жөнөйт.

240. Жаңы кароолдун экинчи жана андан кийинки нөөмөттөрүн тозотторго жөнөтүү үчүн катарга тизүү жана сакчыларды алмаштыруу, ошондой эле, куралды октоо жана анын огун чыгаруу биринчи нөөмөт үчүн көрсөтүлгөндөй эле жүргүзүлөт.

Нөөмөт тозоттордон кайтып келгенден жана тапанчалардан, бөлөк куралдардан октор чыгарылгандан кийин бөлүштүргүч кароол сакчыларына автоматтарды (карабиндерди) пирамидага (тапанчаларды сейфке) коюуга буйрук берет жана нөөмөттүн алмашкандыгы жөнүндө кароолдун зардалына баяндайт.

241. Жаңы тозотторго сакчыларды коюуну, ошондой эле, жоюлган тозоттордон сакчыларды алууну гарнизондун зардалынын (аскердик бөлүктүн командиринин) мөөр басылып ырасталган кат жүзүндөгү буйругунун негизинде кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин жана кайтаруудагы объекттин зардалынын катышуусу менен кароолдун зардалы жүргүзөт, сакчыларды коюу (алуу) тууралу тозоттук ведомостко жазылат.

 

7-глава.
Кароолдогу ички тартип

 

242. Кароолдун курамынын ичинен эч ким кароол жайын кароолдун зардалынын уруксатысыз калтырып кетүүгө укугу жок.

243. Кароол жайында тынчтык жана тартип сакталууга тийиш. Ыр ырдоого жана музыкалык аспаптарда ойноого тыюу салынат. Радио уктурууну баштагы телефондор аркылуу угууга, окууга, жазууга, шахмат жана дойбу ойноого уруксат берилет. Тамеки тартууга жана бут кийим тазалоого ал үчүн бөлүнүп берилген жерлерде гана уруксат берилет.

Өздүк курамы кароолдо бир-эки суткадан кийин кызмат өтөөчү күзөттүн штаттык бөлүкчөлөрүнөн дайындалуучу кароолдун кароол жайында кароолдун зардалынан нускамалары тарабынан аныкталган мезгилде телевизор коюуга жана кароолдун милдеттерин аткарууга жана эс алып жаткан нөөмөттүн уйкусуна жолтоо болбостон телепрограммаларды көрүүгө уруксат берилет.

244. Автоматтар жана пулеметтор пирамидага ок кутусуз, тээги жагынан тигинен коюлат, карабиндер пирамидага октолбостон машасы түшүрүлүп коюлат. Кароол жайындагы пирамида кулпуланылып бекитилбейт.

Автоматтардын ок толтурулган ок кутулары (карабиндин ок чөнтөктөрү) жана штык-бычак салынган кындар бел курдан алынбайт. Тапанча тагынган кароолдун зардалдары кароол бөлмөсүндө аларды чечпейт.

Пулеметтордун ок кутулары кулпу менен кулпуланган пирамиданын атайын ящигинде сакталып, анын ачкычы кароолдун зардалында болот.

Көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү кароол тозотторунун тапанчалары кулпуланган металл ящикте (сейфте) октолгон бойдон тапанча каптарда сакталып, анын ачкычы кароолдун зардалында болот, ал эми кароолдун зардалы кароол жайынан чыгып кеткенде жана эс алуу мезгилинде кароолдун зардалынын жардамчысына өткөрүлүп берилет. Тапанчалар кароолчуларга тозотко чыгардын алдында атайын баракчалар боюнча берилет.

Пирамидадагы куралдар кароолдун зардалынын жана анын жардамчысынын уруксаты менен гана алынат. Куралдарды тазалоо кароолдун зардалынын же анын жардамчысынын жетекчилиги астында ажыратылбастан жүргүзүлөт.

245. Кароолдун өздүк курамына кароол жайында баш кийимсиз жана шинелсиз (чолок тонсуз, талаалык жылуу күрмөсүз), бирок куралдуу жүрүүгө уруксат берилет. Чечилген шинелдер (чолок тондор, талаалык жылуу күрмөлөр) жана баш кийимдер кийим илгичте илинип турууга тийиш.

246. Кароолдун зардалынан жана анын жардамчысынан тышкары кароолдун өздүк курамына кароол бөлмөгө келгендер менен сүйлөшүүгө тыюу салынат, кароолду текшерүүчү адамдардын суроолоруна гана жооп берүүгө уруксат берилет.

247. Куралдарды чечпестен жана чечинбестен, жаканын топчусун чечип жана бел курду бошотуп, бут кийимсиз жатып алып эс алууга (уктоого) төмөнкүлөргө уруксат берилет:

- кароолдун зардалына - нускамалар тарабынан аныкталуучу күндүзгү (гауптвахтада - түнкү) мезгилде 4 саат;

- кароолдун зардалынын жардамчысына, кароолдун зардалынын күзөттүн техникалык каражаттары боюнча жардамчысына (операторго) - кароолдун зардалынын уруксаты менен ар бирине 4 саат;

- кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысына, бөлүштүргүчтөргө, гауптвахтада камалып жаткандарды алып чыгуучуларга жана транспорт каражаттарынын айдоочуларына - кароолдун зардалынын уруксаты менен милдеттерин аткаруудан бош убакта;

- кароолчулардын нөөмөтүнүн курамына - тозотко турардын алдында, башка нөөмөтчүлөр тозоттон алмашылып кароол бөлмөсүнө кайтып келгенден жана кароолго аскер эсеби жүргүзүлгөндөн кийин;

- объекттерди түн ичинде гана күзөткөн кароолчулардын нөөмөтүнө алар кароол жайына кайтып келгенден кайрадан тозотторго жөнөтүлгөнгө чейин;

- көзөмөл-күзөт кароол тобуна - кароолдун зардалынын уруксаты менен кезектештирип 4 сааттан.

248. Кароолду «мылтыкка» чакырганда кароол бөлмөсүндө болгон кароолдун өздүк курамы, анын ичинде эс алып жаткан нөөмөт да баш кийимин кийип, өз куралын алуу менен кароол жайынын ичинде өз номерлеринин иретинде тизилип турат.

Шинелдер (чолок тондор, талаалык жылуу күрмөлөр) кароолдун зардалынын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча кийилет.

Кароолду кароол жайынан алып чыгуунун бардык учурларында (өрт же табигый кырсык болгон учурдан тышкары) кароол жайына кароолдун зардалынын жардамчысы же бөлүштүргүчтөрдүн бири, ал эми алар жок болгондо кароолдордогу кароолчулардын бири калат.

249. Гарнизондук кароолдордо ошондой эле аскер бөлүгүнүн аймагынан сырткары турган ички кароолдорго тамак-ашты жеткирүү алар дайындалган бөлүкчөлөрдүн командирлери же аскер бөлүгү боюнча кезметчилер тарабынан уюштурулат.

Аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан кароолдун өздүк курамына тамак-аш кароолдун зардалынын буйругу боюнча эс алуудагы нөөмөттүн кароолчусу тарабынан жеткирилет.

250. Кароол жайын жана ага жанаша жаткан аймакты тазалыкта жана тартипте күтүү, ошондой эле мештерди жагуу кароолдун курамына жүктөлөт. Бул милдеттердин кароол тарабынан аткарылышын, ошондой эле жабдуулардын, мүлктөрдүн жана шаймандардын сакталышын көзөмөлдөө кароолдун зардалынын жардамчысына, ал эми кароолдун жардамчысы дайындалбаган кароолдордо кароолдун зардалына жүктөлөт.

251. Күнүмдүк жууп-тазалоодон сырткары гарнизондун аскер коменданты тарабынан белгиленген күндөрдө жумасына бир жолу гарнизондун (аскер бөлүгүнүн) медициналык кызматынын зардалынын буйругу боюнча кароол бөлмөсүн алдын алып дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

252. Жылдын суук мезгилинде кароол жайы суткасына 4 жолудан кем эмес желдетилет. Жылуу мезгилде бөлмөнүн бир тарабындагы терезелер же форточкалар ачык бойдон турат. Кышында кароол жайындагы абанын температурасы +18 градустан төмөн болбоого тийиш. Мештерди жагуу гарнизондун зардалы тарабынан белгиленген убактан кечиктирилбестен токтотулат. Кароолдун курамына тамак-ашты жылытуу үчүн плитаны жана кийимдерди кургатуучу жайдагы мешти жагууга кароолдун зардалы зарылдыгына жараша уруксат берет. Ысык чай дайыма болууга тийиш.

Кароол бөлмөсүнө караңгы киргенден баштап коридорлордо жана дааратканада жарык толук болууга, ал эми эс алып жаткан нөөмөт үчүн бөлмөдө туруктуу жарык болууга тийиш.

Аскер шаарчасынан сырткары турган кароол жайында түнкү мезгилде терезелер ичинен тээкке жабылат.

253. Аскер шаарчасынан сырткары жайгашкан жана өз курамында үч нөөмөттүк бештен кем эмес тозоту бар кароол жайын күзөтүү үчүн кароол жайынын кире беришинде эс алып жаткан нөөмөттүн кароолчуларынын ичинен сакчы коюлат.

Өзгөчө баалуу объекттерди күзөтүүчү жана өз курамында үч нөөмөттүк бештен кем эмес тозоту бар кароолдордо кароол жайын күзөтүү үчүн кошумча кароолчулар дайындалышы мүмкүн.

Кароол жайынын кире беришине сакчы дайындалбаган учурларда кароол жайына кирүүчү каалга байкоочу терезече менен жабдылууга жана такай ичинен бек турууга тийиш.

 

8-глава. Кароолдорду текшерүү

 

254. Кароолдорду өздөрүнө кароолдор баш ийген адамдар (92-ст.), роталардын (батареялардын) командирлери, алардан кароол дайындалган батальондордун (дивизиондордун) командирлери, ошондой эле алардын орун басарлары жана ал командирлердин бардык түздөн-түз зардалдары текшерүүгө милдеттүү.

Темир жол бекет, аба бекети аркылуу өтүүчү аскер жүктөрү бар транспортту коштоп жүрүүчү кароолдорду темир жол участогунун жана бекетинин, аба бекетинин аскер коменданты же анын жардамчысы текшерүүгө милдеттүү.

Кароолдорду, гарнизордорду (аскер бөлүгүн) кызмат адамдары тарабынан текшерүүсү гарнизондун зардалы (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан бекитилген график боюнча жүргүзүлөт.

Текшерүүлөрдүн жарымынан кем эмеси түнкү мезгилде жүргүзүлөт.

255. Кароолдорду төмөнкү адамдар текшерет:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин тапшырмасы боюнча адамдар;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн зардалдарынын тапшырмасы боюнча адамдар, - бул башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) зардалдарынын карамагында болгон объекттерди кайтарган кароолдор;

- бул башкармалардын (бөлүмдөрдүн) зардалынын карамагында болгон объекттерди күзөтүүчү кароолдорду;

- бирикмелердин командирлеринин тапшыруусу боюнча - өздөрүнө баш ийген аскер бөлүктөрү тарабынан дайындалган кароолдорду;

- аскер бөлүгүнүн командиринин тапшыруусу боюнча - баш ийген бөлүмчөлөр тарабынан дайындалуучу ички кароолдорду;

- гарнизондун зардалынын тапшыруусу боюнча - ошол гарнизондун гарнизондук жана ички кароолдорун;

- аскерлерди инспекциялоону (текшерүүнү) өткөрүүгө жетекчилик кылуу үчүн келгендер жана инспектордук (текшерүүчү) топтун ичиндеги офицерлер алардын тапшыруусу боюнча - өздөрү инспекциялоочу (текшерүүчү) аскер бөлүктөрүнүн кароолдорун.

Кароолдорду текшерүү кароол кызматын жакшы билген адамдарга гана тапшырылат. Кароолдорду текшерүү үчүн дайындалган аскер кызматчылары нускоодон өтүүгө тийиш.

256. 255-статьяда көрсөтүлгөн адамдар гарнизондун зардалына (аскер бөлүгүнүн командирине) өздөрү алардын тапшыруусу боюнча кароолдорду текшерүү үчүн дайындалган зардалдардын мөөр менен ырасталган кат жүзүндөгү көрсөтмө каттарын көрсөтүүгө милдеттүү. Ал көрсөтмө каттардын негизинде аларга гарнизондун зардалынын же аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн командиринин) колу коюлуп, герби бар мөөр менен ырасталган кароолдорду текшерүү укугунун бир жолу берилүүчү ырастамасы берилип, ал кароолдор боюнча (аскер бөлүктөрү боюнча) кезметчиге көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн бир жолку ырастама гарнизондун зардалы тарабынан гарнизондук, ошондой эле ички кароолдорду текшерүү үчүн дайындалган адамдарга да, ал эми аскер бөлүгүнүн командири тарабынан ички кароолдорду текшерүү үчүн берилет.

Бир жолу берилүүчү ырастамада ал кимге, дал кайсы кароолдорду текшерүү үчүн берилгендиги жана текшерүү кайсы мезгилдин ичинде жүргүзүлүүгө тийиш экендиги көрсөтүлөт. Ырастаманын мезгили өтүп кеткенден кийин ал текшерүүчү тарабынан гарнизондун аскер комендатурасына (аскер бөлүгүнүн штабына) өткөрүлүп берилет.

Кароолго дайындалган ротанын (батареянын) командирине, ошондой эле анын орун басарларына жана ротанын (батареянын) командиринин түздөн-түз зардалдарынын баарына кароолду текшерүү укугунун ырастамасы берилбейт.

257. 255-статьяда саналып өткөн зардалдардын тапшырмасы боюнча кароолдорду текшерүү үчүн келген адамдардын баары кароол боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчинин же анын жардамчысынын (эгерде кароол ага баш ийбесе, аскер бөлүгү боюнча кезметчинин жардамчысынын) коштоосунда жүрүшөт. Кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчи ал адамдардын өздүк ырастамасын жана кароолду текшерүү укугунун бир жолку ырастамасын текшерет.

Өз аскер бөлүгүнүн офицерлери кароолду аскер бөлүгү боюнча кезметчинин же анын жардамчысынын коштоосуз текшерет.

258. Кароолдо:

- кароолдун аскердик даярдыгы, кароолдун өздүк курамынын милдеттерин билиши жана иш жүзүндө аткара алышы;

- кароолдогу ички тартип, курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоонун эрежесинин сакталышы, белгиленген документтердин толтурулушунун тууралыгы жана тозоттук ведомосттун жүргүзүлүшү;

- кароол жайынын жана тозоттордун жабдууларынын ушул Уставдын талаптарына ылайык келүүсү, күзөттүн техникалык каражаттарынын, байланыш, жарык берүү каражаттарынын бузук эместиги;

- гауптвахтанын жабдууларын жана аларда аскер кызматчыларынын кармалышынын тартиби текшерилет.

259. Сакчылар тарабынан кызмат өтөөнү текшерүүчү адамдарды тозоттор боюнча бир-эки куралданган кароолчу менен кароолдун зардалы же анын жардамчысы коштоп жүрөт.

Сакчылар тарабынан кызмат өтөөнү текшерүү үчүн, ошондой эле тозотко чакыруу болгон учурда кароолдун зардалы же анын жардамчысы (алмаштыруучу) октолгон курал менен куралданган бир-эки кароолчунун коштоосу менен тозотко барат.

260. Сакчылар тарабынан кызмат өтөөнү текшерүүчүлөр (сакчылар баш ийген адамдардан тышкары) аларга сын-пикир айтпайт, байкалган бардык кемчиликтер жөнүндө алар өздөрүн коштоп жүргөн адамдарга көрсөтмө берет. Текшерүүнүн натыйжаларын жана өз көрсөтмөлөрүн текшерүүчүлөр тозоттук ведомостко жазат.

Сакчылар тарабынан кызмат өтөөнү текшерүү учурунда тозотту жана ага жакын жерлерди байкоону күчөтүү үчүн кароолдун зардалы (зардалынын орун басары) өзүн коштоп жүргөн кароолчуну тартат.

Сакчылар тарабынан кызмат өтөөнү тозотко жашыруун жакындоо менен текшерүүгө, кырсыктарга алып келиши мүмкүн болгон жолдор менен сакчылардын курал-жарагын алып коюуга аракет жасоого тыюу салынат.

 

9-глава. Өзүнчө жайгашкан радиотехникалык, башка атайын бөлүкчөлөрдөгү жана аскерлер менен аскер жүктөрүн ташуудагы кароол кызматынын өзгөчөлүктөрү

 

Өзүнчө жайгашкан радиотехникалык жана башка атайын бөлүкчөлөрдөгү кароол кызматын уюштуруунун жана өтөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

261. Өзүнчө жайгашкан радиотехникалык жана башка атайын бөлүкчөлөрдөгү курал-жарактарды, аскер техникасын жана башка материалдык каражаттарды сактоону жана коргоону уюштуруу бөлүкчөлөрдүн командирлерине жүктөлөт жана ошол бөлүкчөлөр тарабынан дайындалуучу штаттык курал-жарактар менен куралданган патрулчулар, коргоонун техникалык каражаттары же бир эле мезгилде коргоонун техникалык каражаттары жана патрулчулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Объекттерди күзөтүүнүн техникалык каражаттары менен жабдууда алардан келген белгилерди кабыл алуучу аппаратура кезметчи нөөмөттүн зардалынын (бөлүкчө боюнча кезметчинин) бөлмөсүндө орнотулат жана анын көз салуусунда болот.

Патрулчулар бөлүкчөлөрдүн патрулчуларынын суткалык курамына кирип, бөлүкчө боюнча командирге, старшинага жана кезметчиге, кезметчи нөөмөттүн зардалына (улук техникке) баш ийет жана аскер бөлүгүнүн командирлери тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык сакчы катары кызмат өтөйт.

262. Бөлүкчө боюнча кезметчиге жана патрулчуларга нускамалар объекттин мүнөзүн жана аны коргоонун шарттарын эске алуу менен бөлүкчөнүн командири тарабынан түзүлөт.

Нускамаларда бөлүкчө боюнча кезметчинин жана патрулчулардын объекттерди күзөтүү жана коргоо боюнча милдеттери баяндалып, патрулга чыгуунун убактысы жана орду, патрулчулардын саны, маршруттардын айрым участокторундагы патрулчулардын өзгөчө милдеттери, күзөтүлүүчү объекттерге кол салынган учурдагы, күзөтүүнүн техникалык каражаттары санкциясыз иштеп кеткенде, өрт чыкканда, табигый кырсык болгондо жана айгай белгиси боюнча алардын аракеттеринин тартиби аныкталып, кайсы учурларда патрулчуларга курал-жарак колдонууга уруксат берилери көрсөтүлөт, күзөтүлүп жаткан курал-жарактарга, аскер техникасына жана башка материалдык каражаттарга, ошондой эле күзөтүлүп жаткан аймакка адамдарды кое берүүнүн тартиби белгиленет.

Бөлүкчө боюнча кезметчинин нускамасына бөлүкчөнүн командири тарабынан бекитилген патрулчулардын жүрүүсүнүн чиймеси, сактоочу жайды ачууга укугу бар же курал-жаракты, аскер техникасын жана башка материалдык баалуулуктарды кабыл алууга жол берилүүчү адамдардын тизмеси, 105-статьяга ылайык толтурулган уруксат каттардын үлгүлөрү жана мөөрлөрдүн (пломбалардын) көчүрмө нускалары тиркелет.

263. Кызмат өтөө үчүн убактысы боюнча патрулчулардын кыймылынын бир өңчөй болушун жокко чыгаруучу патрулчулар тарабынан бир нече чиймелер түзүлөт.

Патрулга чыгуунун чиймелери бөлүкчөлөрдүн командирлери тарабынан бекитилет жана бөлүкчө боюнча кезметчинин жабык ящигинде (шкафында) сакталат. Ар бир чийменин аракетинин убактысы бөлүкчөнүн командири тарабынан аныкталат.

264. Патрулчулар ок менен 98-статьяга ылайык камсыз кылынат. Бардык патрулчулар үчүн ок жабдылган кутулардагы (ок чөнтөктөрдөгү) октор курал-жарактарды сактоо үчүн бөлмөдө орнотулган, кулпу менен бекитилүүчү жана мөөр басылуучу металл ящикте бөлүкчө боюнча кезметчиде сакталат.

Патрулчулардын курал-жарактары алар бөлүкчөдө жүргөндө курал-жарак сактоо үчүн бөлмөдөгү өзүнчө пирамидада сакталат.

265. Патрулчулардын кызмат өтөөгө даярдануусу 125-128-статьяларга ылайык жүргүзүлөт.

266. Патрулчу кызматты патрулчулардын жүрүүсүнүн чиймесинде көрсөтүлгөн маршрут боюнча бөлүкчөнүн жайгашкан ордун айлануу жолу менен өтөйт. Патрулчулардын жүрүшүнүн маршруттарында кызмат өтөөнүн жүрүшүндө бөлүкчө боюнча кезметчиге патрулчу баяндама жасай турган байланыш каражаттары орнотулат.

Күндүзгү мезгилде патрулчулар күзөттү ыңгайлуу жерлерден же байланыш каражаттары менен жабдылган мунаралардан байкоо менен жүзөгө ашыра алат.

267. Патрулчу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- бөлүкчөнүн объекттерин, курал-жарактарын, аскер техникасын жана башка материалдык каражаттарын кыраакы күзөтүүгө жана башка бирөөгө алмаштырылганга же алынып кеткенге чейин коюлган милдетти аткарууну токтотпоого;

- бөлүкчө боюнча кезметчи менен байланышуу үчүн белгиленген белгилерди билүүгө жана объекттин тосмосунан кандайдыр бир бузуктукту байкаганда жана ар кандай тартип бузуулар болгондо аны чакырууга;

- ал үчүн белгиленген кыймылдын графигин жана маршрутун так сактоого;

- кызмат өтөө учурунда 100-статьяда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча куралы болууга жана ар дайым аракеттенүүгө даяр турууга.

Патрулчуга өзү кызмат өтөп жаткан учурда коюлган милдетти аткаруудан алагды болууга (уктоого, отурууга, бир нерсеге жөлөнүп турууга, жазганга, тамак жегенге, ичкенге, ырдаганга, тамеки тартканга, тышкары адамдар менен сүйлөшкөнгө, даарат ушатууга же өз милдеттерин аткаруудан башкача түрдө алагды болууга бирөөдөн бир нерсе алууга жана бирөөгө бир нерсе берүүгө, окту зарылдыгы жок эле ок кутусуна салууга) тыюу салынат.

Патрулчу өзү баш ийген адамдардын жана аны (менен кошо текшерүү үчүн келген адамдардын гана суроолоруна жооп берүүгө тийиш.

268. Патрулчуга же ал күзөткөн объектке кол салынган учурда, ошондой эле күзөтүлүүчү объектин көрсөткүчтөр менен белгиленген чек арасына тышкаркы адамдар жакындаганда патрулчу 185, 188-статьяларда көрсөтүлгөндөй аракеттенет.

269. Патрулчунун кызмат өтөөсүн текшерүү бөлүкчөнүн командири, анын орун басарлары, ал тапшырган адамдар, ошондой эле анын тике зардалдарынын баары тарабынан жүзөгө ашырылат. Андан тышкары текшерүү кезметчи нөөмөттүн зардалы (улук техник), ошондой эле старшина жана бөлүкчө боюнча кезметчи тарабынан жүзөгө ашырылат.

Патрулчулардын кызмат өтөөсүн текшерүүчү адамдарды бош болгон нөөмөттүн бир патрулчусу менен бөлүкчө боюнча кезметчи коштоп жүрөт.

Текшерүүнүн натыйжасы, ошондой эле сактоо жайынын (кампанын) ачылышынын жана жабылышынын убактысы кезметти кабыл алуу жана өткөрүү китебине жазылат.

Бөлүкчө боюнча кезметчи патрулчулар тарабынан кызмат өтөөнү сутка ичинде эки жолудан кем эмес (алардын ичинде түн ичинде бир жолу) 259, 260-статьяларда баяндалган жоболорду жетекчиликке алуу менен текшерүүгө милдеттүү.

270. Патрулчуларды алмаштыруу: нарядды алмаштыруунун учурунда бөлүкчө боюнча мурдагы кезметчинин көзүнчө бөлүкчө боюнча кезметчи тарабынан, (232-235-ст.) кийинки сакчыларды алмаштырууга карата алганда бөлүкчө боюнча кезметчи тарабынан белгиленген чиймеге ылайык, өткөрмө жана жооп берүү боюнча өз алдынча жүргүзүлөт.

271. Кызматты өтөө үчүн кезектеги патрулчуну жөнөтүп жатып, бөлүкчө боюнча кезметчи белгиленген тартипке ылайык ага курал-жарак жана окторду берип, анын көңүлүн курал-жаракты колдонуунун тартибине өзгөчө буруу менен нускоодон өткөрүп, курал-жаракты октоо үчүн аянтчага чыгарат жана анын туура октолгондугун текшерет.

272. Патрулдук кылуу маршрутунан кайтып келгенден кийин бөлүкчө боюнча кезметчини курал-жаракты октоо үчүн аянтчага чакырып, патрулдук кылуунун натыйжалары жөнүндө ага баяндама жасап, анын байкоосу алдында курал-жарактан окту алып, андан кийин курал-жаракты жана ок кутусуна (ок чөнтөгүнө) салынган окторду өткөрүп берет. Курал-жарактарды жана окторду өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу жөнүндө бөлүкчө боюнча кезметчи курал-жарактарды жана ок-жарактарды өткөрүп берүү китебине жазат.

273. Патрулчулардын дем алуусунун тартиби жана орду бөлүкчөнүн командири тарабынан 247-статьяга ылайык жайгашуу шарттарына жараша аныкталат.

 

Аскерлерди ташууда аскер эшелондорунун курал-жарактарын, аскер техникасын жана башка материалдык каражаттарды күзөтүү боюнча кароол кызматын уюштуруунун жана өтөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

274. Темир жол транспортунун аскер эшелондору менен ташылуучу аскерлердин курал-жарактарын, аскер техникасын жана материалдык каражаттарын аларда ташылуучу аскердик бөлүкчөлөр (бөлүктөр) тарабынан дайындалуучу кароол күзөтөт.

Кароолдун курамы аскер эшелонунун курамына жана ташуунун шарттарына жараша аныкталат.

275. Аскер эшелонунун кароолу адамдарды ташуу үчүн жабдылган вагондо же жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун өзүнчө купесинде жайгаштырылат. Ошол эле вагондо Аскердик Туунун жанына тозот коюлат. Аскердик Туу менен бирге акча салынуучу ящик жана жашыруун документтер салынуучу ящик кайтарууда болушу мүмкүн.

Тозоттор менен зым (радио) аркылуу байланышуу уюштурулат.

276. Кароолдун нарядынын ведомосту, тозотторго табель жана нускама кароолдун зардалына аскер бөлүгүнүн штабы тарабынан ар бир аскер эшелонуна өзүнчө иштелип чыгылып, аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет жана ташууга даярданууда аскер эшелонунун зардалына тапшырылат.

277. Кароолду орду-ордуна жайгаштыруунун жана аларды алмаштыруунун тартиби, орду, убактысы аскер эшелонунун зардалы тарабынан аныкталат. Сакчылардын биринчи нөөмөтчүлөрүн коюу, кароолду алмаштыруу жана алып коюу аскер эшелону боюнча кезметчинин же анын орун басарынын көзүнчө жүргүзүлөт.

Сакчыларды алмаштыруу токтоолорго жараша жана мүмкүнчүлүктөр боюнча жайкы мезгилде ар бир 2 сааттан кийин, кышкы мезгилде 1 сааттан кийин жүргүзүлөт.

278. Кароолдун зардалы аскер эшелонунун зардалына, эшелон боюнча кезметчиге жана анын жардамчысына баш иет. Ушул Устав тарабынан каралган жалпы милдеттерди аткаруудан сырткары ал төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- аскер эшелону боюнча кезметчинин көзүнчө күзөтүлүүгө тийиш болгон курал-жарактарды, аскер техникасын жана башка материалдык каражаттарды кабыл алууга (эсеп боюнча), ошондой эле ташылып келе жаткан бөлүкчөлөрдүн командирлеринен же алмашылып жаткан кароолдун зардалынан эшиктердин, люктардын ишенимдүү жабылышын, вагондордун кузовдорунун бузулбагандыгын жана пломбалардын бүтүндүгүн текшерүү менен вагондорду кабыл алууга;

- курал-жарактардын, аскер техникасынын жана башка материалдык каражаттардын бекитилишинин бузук эместигин, таңгактардын санын, ордун, аларды жабуу үчүн таарлардын байланышынын тууралыгын, эшиктердин жана люктардын ишенимдүү жабылышын, ошондой эле пломбалардын бүтүндүгүн текшерүүгө; табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга;

- аскер эшелону боюнча кезметчи тарабынан көрсөтүлгөн поезд токтогондо сакчыларды алмаштырууну жүргүзүүгө; эгерде поезд токтоп турган убакытта сакчыларды алмаштыруу үчүн жетишсиз болсо, анда алмаштырууну поезд кийин токтогонго чейин токтотууга;

- эс алуудагы нөөмөттүн кароолчуларынын курамынын ичинен кошумча сакчыларды бөлүп берүү менен токтогон жерлерде аскер эшелондорун күзөтүүнү күчөтүүгө;

- күзөтүлүп жаткан вагондордо жана тормоз аянттарында, жайларда аларды кое берүү аскер эшелонунун кезметчисинин уруксаты менен жүзөгө ашырылуучу транспорттун тиешелүү кызмат адамдарынан башка эч кимдин поездде болушуна жол бербөөгө;

- бөлүштүргүчтүн же сакчынын көзөмөлү астында күзөтүлүүчү вагондордун жүрүү бөлүгүнүн майланышын кароо жана оңдоо үчүн транспорт кызматкерлерин кое берүүгө;

- өрт чыккан учурда, кыймылдын коопсуздугуна, материалдык каражаттардын сакталышына коркунуч келтирген ар кандай нерселерди (платформадагы техникалардын ордунан жылып кетиши, танктардын капкасынын, артиллериялык тутумдардын найынын бурулуп калышы, таранын бузуктугу ж.б.) байкаганда поездди токтотууга карата токтоосуз чара көрүүгө жана болгон окуя жөнүндө аскер эшелону боюнча кезметчиге баяндама жасоого;

- дайындалган пунктка келгенден кийин аскер эшелону боюнча кезметчинин көз алдында вагондорду темир жолдун өкүлдөрүнө, ал эми күзөтүлүүчү курал-жарактарды, аскер техникасын жана башка материалдык каражаттарды аскер эшелонунун бөлүкчөлөрүнүн командирлерине же өткөрүп алуучуларга өткөрүп берүүгө жана андан ары аскер эшелону боюнча кезметчинин көрсөтмөсүнө жараша аракеттенүүгө.

279. Поезддин кыймылынын учурунда сакчылар күзөтүлүүчү же аларга жакын турган вагондордун тормоз берүүчү аянттарында (тамбурларда) тозотторго табелге ылайык, ал эми тормоз берүүчү аянттар (тамбурлар) жок болгондо атайын тосмосу бар платформада, кароол жайгашкан вагондо же ага эң жакын вагондо жайгаштырылат. Токтоп туруунун учурунда сакчылар күзөтүлүүчү вагондун эки капталынын жанына, андан калса ар бир сакчыга вагондун бир тарабын күзөтүү тапшырылгандай коюлат.

280. 179-192-статьяларда каралган талаптарды аткаруудан сырткары сакчы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- тозотту кабыл алууда платформалардагы жана жарым вагондордогу курал-жарактардын, аскер техникасынын жана башка материалдык каражаттардын бекитүүсүнүн бузулбагандыгын, таңгактардын ордунун санын, бузулбагандыгын, аларды жабуу үчүн таарлардын байланышынын бекемдигин, ошондой эле жабык вагондордун эшиктериндеги пломбалардын бүтүндүгүн сыртынан кароо жолу менен текшерүүгө;

- дайындалган жерге бараткан жолдо жана токтоп турганда күзөтүлүүчү вагондорго көңүл коюп көз салууга;

- өрт чыккан, курал-жарактардын, аскер техникасынын жана башка материалдык каражаттардын кыймылынын коопсуздугуна же сакталышына коркунуч туудурган нерселерди көргөн учурларда стоп-кран аркылуу поездди токтотууга карата чараларды токтоосуз көрүүгө, ал эми андай жок болгон учурда кароолдун зардалына телефон (радио) боюнча билдирүүгө жана кызыл желекчени, ал эми түн ичинде кызыл жарыгы бар фонарды колго алуу менен колду созуп айлантып булгалап же асманга атып токтоо белгисин берүүгө;

- кароолдун зардалынын уруксатысыз күзөтүлүүчү вагондордо, тормоз берүүчү аянттарда, ошондой эле жүктөлүп бараткан машиналардын кабиналарында, кузовдорунда кимдир бирөөлөрдүн жүрүшүнө жол бербөөгө;

- күзөтүлүүчү вагондордун жүрүү бөлүгүн кароо, майлоо жана оңдоо үчүн транспорт кызматкерлерин кароолдун зардалынын же бөлүштүргүчтүн уруксаты менен гана кое берүүгө; иштерди жүргүзүү учурунда аларга көз салууга.

281. Кароолдун зардалы, эреже катары, бөлүштүргүч же кароолчулардын бири менен кезектешип поезд жүрүп бара жаткан мезгилде эс алат.

Кароолчулар кезеги менен кароолдун зардалынын уруксаты менен эс алат.

 

Аскер жүктөрүн ташуудагы күзөтүү боюнча кароол кызматын уюштуруунун жана өтөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

282. Аскер жүктөрү жүктөлгөн транспортту күзөтүү жана коргоо аскер жүктөрүн коштоп жүрүүчү аскер бөлүктөрүнөн жана бөлүкчөлөрүнөн же башка аскердик бөлүктөрдөн дайындалуучу кароолчулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кароол жүктөө (жөнөтүү) пунктунан кароолдун зардалына көрсөтүлгөн пунктка чейин нөөмөтсүз кызмат өтөйт.

283. Ташууда кароолдордун күзөтүүсүнө жаткан аскердик жүктөрдүн тизмеги, ошондой эле кароолдун курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн курамына кирген мамлекеттик органдардын жана Мыйзамда аскер кызматы белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.

284. Кароол жабдылган жабык же атайын коштоо вагонунда жайгаштырылат. Өздүк курамды жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу менен темир жол органдары тарабынан вагондо меш коюлуп берилет.

Кароолдун курал-жарактары жана ок-дарылары ишенимдүү бекиткичтер менен жабдылган жана мөөрлөө үчүн ылайыкташтырылган металл ящикте сакталат. Ящик кароолдун зардалы тарабынан кулпуга бекитилет жана мөөрлөнөт. Ящикте анын өйдөкү бурчунан төмөнкү бурчуна чейин кыйгачынан: «Аскердик» деген жазуу жазылат.

Темир жол участогунун жана бекетинин, аба бекетинин аскер комендантына барар жери бир бекет (аба бекети) болгон бир нече кароолду бир вагонго (аба кемесинин бортуна) жайгаштырууга уруксат берилет.

Поезд жүрүп бара жаткан учурда сакчыларды жайгаштыруу, токтоп турган учурда аскер жүктөрүн күзөтүүнү күчөтүү жана күзөтчүлөрдү алмаштыруу 277-279-статьяларда көрсөтүлгөндөй жүргүзүлөт.

Аба транспорту менен ташылуучу аскер жүктөрүн күзөтүүдө сакчылар учуу учурунда салондордо, аба бекетинде (самолет конуучу жайларда) аба кемесинин жанында жайгаштырылат.

285. Кароолдун зардалы аскер бөлүгүнөн:

- иш сапарынын ырастамасын жана кароолдун өздүк курамынын тизмесин жана ырастаманын аркы бетинде аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы тарабынан кол коюлган жана гербдүү мөөр басылган курал-жарактардын номерин жана бөлүнүп берилген ок-дарылардын санын көрсөтүү менен өзүн кароолдун зардалдыгына дайындоо жөнүндө ырастаманы;

- кароолго курал-жарактарды жана ок-дарыларды, ошондой эле аларды сактоо үчүн металл ящигин;

- нускама жүргүзүү жөнүндө жазуу жазылган тозоттук ведомостту;

- дайындалган жерге барып келүүчү жолго азык-түлүктү же азык-түлүк - жолдук акчаларды, азык-түлүккө аванстык дептерди жана аттестатты (ар бир кароолчуга өзүнчө);

- жолдо мончого жуунуга жана газеталарды сатып алууга акчаны, радиоприемникти;

- тамак-аш даярдоо жана ичүү, ошондой эле ичүүчү сууну сактоо үчүн идиштерди;

- ич кийимдердин кошумча комплектисин (жети суткага бир комплектен эсептеп), тозотто кийүүчү кийимдердин комплектин, кароолдун бүткүл курамына жууркан-төшөктү (жолдо бир суткадан ашык жүргөндө), медициналык аптечканы;

- белги берүүчү кызыл желекчелерди жана кызыл жарыгы бар фонарларды;

- аскер бөлүгүнө кайтарып берүү үчүн аскердик жүк ташуу документтерин жана аскер жүктөрүн күзөтүү жана коштоп жүрүү жөнүндө Жобого ылайык документтер менен жүктөрдү алууга милдеттүү.

286. Жүктү кайра жүктөөдө жана түшүрүүдө атайын билимдерди талап кылуучу жүктөрдү ташууда офицерлердин (прапорщиктердин) ичинен коштоп жүрүүчү дайындалып, анын аскер наамы жана атасынын аты тозоттук ведомостко киргизилет.

Ал жөнөтүлгөн бекеттен дайындалган бекетке чейин кароол менен бир вагондо барат.

287. Кароолду жөнөтүүнүн алдында аскер бөлүгү боюнча кезметчи кароолдун курамын жана алардын камсыз болушун, өз милдеттерин билгендигин, курал-жарактардын жана ок-дарылардын абалын, ар бир кароолчунун сырткы кебетесин текшерет.

Кароолдун даярдыгы жөнүндө аскер бөлүгү боюнча кезметчи штабдын зардалына же аскер бөлүгүнүн командирине баяндама жасайт.

Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы же командири кароолду карап көрүп, анын камсыз болушун текшерип, кароолго нускама берип, анын ичинде жолдо баратканда курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоонун эрежелери жөнүндө, коопсуздуктун талаптарын, өзгөчө электрлештирилген темир жол участокторундагы коопсуздуктун жана өрттөн сактоонун талаптарын аткаруу тууралу нускама берет.

Ал кароолдун жүктү кабыл алчу жайга убагында келишин камсыз кылат, аны үчүн керек учурунда транспорт бөлүп берет.

288. Аскер жүгүн жөнөтүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- жолдо жүктү күзөтүү үчүн келген кароолду тосуп алууга жана жайгаштырууга, өздүк курамды ысык тамак-аш жана медициналык жардам менен, ошондой эле анын курал-жарактарынын жана ок-дарыларынын сакталышын камсыз кылууга;

- кароолду чарбалык иштерге, техниканы киреге жүктөөгө жана бекитүүгө тартпоого;

- кире курамындагы тозотту атайын тосмо менен жабдууга;

- кароолго атайын кароол вагонун берүүдө аны суу, күйүүчү май жана жарык берүүчү каражаттар менен камсыз кылууга;

- темир жол участогунун жана бекетинин, аба бекетинин аскер комендантына транспорттун жөнөөгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоого.

289. Кароолдун зардалы транспорт бара жаткан жолдогу темир жол участокторунун жана бекеттеринин, аба бекеттеринин аскер коменданттарына жана жүктү коштоп бара жаткан офицерге (прапорщикке) баш ийет.

Жалпы жана 278-статьяда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруудан тышкары кароолдун зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- аскер жүгүн жөнөтүүчүгө кароол менен бирге жүктөө башталганга чейин 3 сааттан кечикпестен келүүгө жана өзүнүн кароолдун зардалы болуп дайындалгандыгы жөнүндө ырастаманы ага көрсөтүүгө;

- аскер жүгүн жөнөтүүчүдөн вагондордун (аба кемелеринин салондорунун жана платформалар менен жарым вагондордогу айрым жерлердин жүктүн транспорттук абалга келтирилгендиги жөнүндө белгиси бар) тизмегинин эки нускасын, ошондой эле тозотторго табели, жүктөрдүн касиеттери, аны ташуунун жана өткөрүп берүүнүн шарттары жөнүндө нускамаларды жана көрсөтмөлөрдү алууга;

- кароолдун өздүк курамын жүктү күзөтүүнүн тартиби жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, ошондой эле бара жаткан жолдогу коопсуздук талаптарын аткаруу тууралу нускама берүүгө, аскер транспортунун номерин жана дайындалган пунктун билдирүүгө;

- сакчыларды тозотторго табелге ылайык коюуга жана алардын нөөмөтүнүн тартибин белгилөөгө;

- жүктөрдү ташуунун белгиленген эрежелеринин сакталышына көз салууга;

- темир жол участокторунун жана бекеттеринин, аба бекеттеринин аскер коменданттарына кароолдун бекетке, аба бекетине келгендиги жөнүндө, күзөткө алынган жүктү кабыл алуу жана анын абалы тууралу, болгон окуялар, ташуунун эрежелеринин бузулушу, жолдогу кармалуулар жөнүндө, азык-түлүктөрдү, суюк отундарды, жарык берүү каражаттарын алуунун, өздүк курамды санитардык тазалануудан өткөрүүнү зарылдыгы тууралу, транспорттун пунктка келгендиги жана жүктү кабыл алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө көзмө-көз же телефон (телеграф, радио) боюнча баяндама кылууга;

- кароолдун өздүк курамы тарабынан мамлекеттик мүлктүн уурдалышына жол бербөөгө, ошондой эле тозоттук табелде көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууга;

- киренин курамын кайра түзүүдө күзөтүлүүчү бардык вагондор ага киргизилишине көз салууга;

- транспорт кызматкерлеринен тизме боюнча жана кол койдуруу менен чечилүүчү аскер кийимдерин кабыл алууга, жүк ташуу бүткөндө аларды өткөрүүгө;

- кароолдук вагондо (аба кемесинин бортунда) тартип менен тазалыкты сактоого жана өрт коопсуздугун камсыз кылууга;

- жүктү алуучунун жүктү алуу документтерин текшерүүгө жана ага платформаларда жана жарым вагондордо (аба кемелеринин салондорунда) ташылып келинген жүктөрдү вагондун (аба кемесинин салонунун) жөнөтүүчүсүнүн пломбалары менен жана ордунун санынын тизмеги боюнча, ал эми техниканы эсеби боюнча өткөрүп берүүгө, тизменин жүктү алуучунун колу коюлган, гербдүү мөөр менен ырасталган бир нускасын өзүндө калтырууга;

- жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде бара жатканда, ошондой эле темир жол бекеттеринде (аба бекеттеринде) курал-жарактарды жана ок-дарыларды ишенимдүү күзөтүүнү камсыз кылууга.

290. Өрт чыккан, кыймылдын (учуунун) коопсуздугуна же жүктүн сакталышына коркунуч туудурган кандайдыр бир нерселерди көргөн учурларда кароолдун зардалы өрттү жоюуга же эреже бузууну четтетүүгө карата зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Муну кароолдун жана поезддин бригадасынын (аба кемесинин экипажынын) күчтөрү менен жасоого мүмкүн болбогондо кароолдун зардалы аскер коменданты аркылуу, ал эми ал жок жерлерде бекеттин (аба бекетинин) зардалы аркылуу зарыл болгон жардамды чакырат.

291. Вагон андан ары жүрө албагандай бузуктук келип чыккан учурда кароолдун күзөтү алдында турган бүткүл транспорт оңдоо бүткүчө же жүк оң вагонго кайра жүктөлгөнчө токтоп турат. Аскер транспортунун вагондорун бара жаткан жолдо чиркештирүүдөн алып салууга тыюу салынат. Жүктү башка вагонго кайра жүктөгөн учурда кароолдун зардалы темир жолдун администрациясынан эки нускадагы акт түзүүнү жана аны аскер комендантында же бекеттин зардалында ырастоону талап кылууга милдеттүү. Дайындалган пунктка келгенден кийин кароолдун зардалы жүктү кабыл алуучуга кол койдуруп кайра жүктөлгөн вагондун актысынын экинчи нускасын тапшырат.

292. Кароолдун зардалына күзөттө турган вагондордун тизмегин темир жол участокторунун жана бекеттеринин, аба бекеттеринин аскер коменданттарынан башка кимдир бирөөгө көрсөтүүгө тыюу салынат.

293. Сакчылар орундарына жайгаштырылат жана 279, 280-статьяларга ылайык аскер жүктөрүн күзөтүү боюнча өз милдеттерин аткарат.

294. Кароолдун өздүк курамы 281-статьяда баяндалган көрсөтмөлөргө ылайык эс алат.

295. Аскер бөлүгүнүн командири (жүктү кабыл алуучу) төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кароолду келген учурдан тартып 8 сааттан кечиктирбестен бошотууга, жүктү кабыл алуу жөнүндө кароолдун зардалынын тизмеге кол коюуга жана гербдүү мөөр менен ырастоого;

- курал-жарактардын жана ок-дарылардын сакталышын, кароолдун өздүк курамынын жайгаштырылышын жана эс алуусун, ал эми зарыл болгондо анын санитардык тазалануусун да камсыз кылууга;

- эгерде зарыл болсо кароолду азык-түлүк - жолдук акчалар менен кошумча камсыз кылууга;

- кароолду темир жол бекетине (аба бекетине) жеткирүүгө жана аны өз аскер бөлүгүнө жөнөтүүгө.

296. Кароолдун зардалына (коштоп жүрүүчү офицерге, прапорщикке) транспортту күзөтүү жана анын жүрүшүнүн маселелери боюнча аскер коменданттарына баяндамаларды жана билдирүүлөрдү жасоо үчүн транспорттун байланыш каражаттарынан акысыз пайдалануу укугу берилет. Телеграммаларда кароолдун зардалы (коштоп жүрүүчү офицер, прапорщик) өз фамилиясынын алдында өзүнүн кыскартылган телефон дарегин: «КНБ» («кароолдун зардалы») коюуга милдеттүү.

297. Кароолду алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын буйругу боюнча жүргүзүлөт.

Жаңы кароол келгиче транспортту убактылуу күзөтүүнү уюштуруу анын аймагында транспорт кармалып калган гарнизондун зардалына жүктөлөт.

298. Өз аскер бөлүгүнө кайтып келгенден кийин кароолдун зардалы милдеттин аткарылгандыгы жөнүндө жана кароолдун өздүк курамынын кызмат өтөөсү тууралу аскер бөлүгүнүн штабынын зардалына (командирине) билдирүүгө, кетердин алдында алынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, мүлктөрдү өткөрүүгө жана чыгымдалган акчалай каражаттар, аскердик жана ташуу документтери жана азык-түлүктөр боюнча отчет берүүгө, жүктү коштоп жүрүү боюнча документтерди өткөрүүгө милдеттүү.

299. Автомобиль транспорту менен ташуучу жүктөрдү күзөтүү 289-295-статьяларда баяндалгандарга ылайык жүзөгө ашырылат. Ташуунун шарттарына жана жүктөрдүн маанилүүлүгүнө жараша бир тозотко 10го чейин автомобиль киргизилиши мүмкүн.

Кароолдун зардалы колоннанын зардалына жана транспортту коштоп жүргөн офицерге (прапорщикке), ал эми, эгерде коштоп жүрүүчү дайындалбаса, жүктөрдү ташуу үчүн дайындалган автомобиль бөлүкчөсүнүн командирине баш ийет.

300. Сакчылар жүрүп бара жаткан учурда курамга кирген автомобилдердин кузовдорунда; бири - башкысында, экинчиси - ортоңкусунда, үчүнчүсү - акыркысында жайгашат.

Колонна токтоп калган учурда күзөтчүлөр колоннанын эки тарабында болуу менен күзөтөт.

Жүрүп бара жаткан учурда жана аз убакытка токтогон учурларда сакчылар кызматты бир мезгилде, ал эми узакка созулган токтоолордо нөөмөт боюнча өтөйт.

Сакчы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- ташылып бара жаткан жүктөрдүн сакталышына жана жүрүп бара жатканда айланага көз салууга;

- кароолдун зардалынын уруксатысыз тышкары адамдардын автомобилдерде жүрүшүнө жол бербөөгө;

- зарыл болгон учурларда автомобилдердин айдоочуларына жана кароолдун зардалына белгиленген белгилерди берүүгө;

- колонна токтоп турган учурда күзөтүлүүчү жүктөргө ынтаа коюп көз салууга, аларга тышкары адамдарды жолотпоого, тозотко табелинде көрсөтүлгөн аралыктан жакын жерге тамеки тартууга жана от жагууга уруксат бербөөгө;

- кароолдун зардалынын уруксаты менен автомобилдерди оңдоо үчүн аскер кызматчыларын кое берүүгө.

 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК.
Аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүү

 

10-глава.
 Аскер парады 

 

Жалпы жоболор

 

301. Гарнизондун аскерлеринин параддары мамлекеттик жана аскердик мааниси бар белгилүү окуяларды белгилөө үчүн өзгөчө көрсөтмө боюнча өткөрүлөт.

302. Парадга катышуучу аскерлердин курамы, параддын убактысы жана орду, кийимдин түрү, бөлүктөрдүн өтүшүнүн маршруту, алардын сапка тизилишинин жана басып өтүшүнүн тартиби ар бир учурда гарнизондун зардалынын буйругу тарабынан аныкталат. Буйрукта, эгерде ал каралса, артиллериялык салют (фейерверк) атуунун тартиби жөнүндө да көрсөтмө берилет.

Парадга командалык кылуучу өзгөчө көрсөтмө боюнча дайындалат.

303. Парадга катышуучу аскер кызматчыларынын, бөлүкчөлөрүнүн жана аскер бөлүктөрүнүн аракеттери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Сап уставында баяндалган эрежелер боюнча аткарылат.

304. Парад үчүн сапка тизилүүчү жерге жакын келгенде аскерлерден кийин келе жаткан оркестрлер музыка ойногонду токтотот. Аскер бөлүктөрү (бөлүкчөлөр) сапка тизилүү чиймесине ылайык орундарын ээлейт. Аскер бөлүктөрүнүн (бөлүкчөлөрдүн) командирлери жана алардын орун басарлары өз аскер бөлүгүнүн бөлүкчөсүнүн) оң канатына бир сапка турат.

Ордендер менен сыйланган аскер бөлүктөрүнүн аскердик туулары ордендери жана ордендик тасмалары менен болууга тийиш.

Аскер бөлүктөрүнүн оркестрлери гарнизондун аскер дирижерунун командасы менен парадды кабыл алуучунун маңдайына жана аскерлердин адепки турган абалынан кичине жакыныраак, керней-сурнайчылар кошмо оркестрдин алдына тизилет. Дайындалган добулбасчылар кичинекей добулбастары менен башкы бөлүкчөнүн артынан бир же бир нече сапка тизилет.

305. Автомат кармаган аскер бөлүктөрү (бөлүкчөлөр) парад үчүн аларды «төшкө такаган» абалда, ал эми карабиндер менен куралдангандар «санга такаган» абалда тизилет.

Аскер бөлүктөрүнүн командирлери өздөрүнүн бөлүктөрүнүн келгендиги жана тизилгендиги жөнүндө парадга катышуучу бирикмелердин (аскер бөлүктөрүнүн) командирлеринин ичинен наамы жогоркусуна баяндама жасайт.

306. Аскер бөлүктөрүнүн тизилүү ордун белгилөө үчүн, ошондой эле салтанаттуу басык менен гарнизондун аскер комендантынын карамагына аскерлердин өтүшүнө сызыктарды белгилөө үчүн сызыкта туруучулар бөлүнүп берилет.

Сызыкка туруучуларды аскерлер тизилген жерге коюу аскерлер келген мезгилге карата аяктоого тийиш. Тизилүү үчүн жерди аскер бөлүктөрү ээлегенден кийин сызыкка туруучулар өз бөлүкчөлөрүнүн сабына турат.

307. Парад үчүн тизилүүчү жердеги аскерлер парадды кабыл алуучу келгенге чейин тизилген бөлүктөрдүн алдынан өтүп жатканда аскер бөлүктөрү жана параддын командачысы менен гана учурашат.

Катардан сырткары турган аскер кызматчылары параддын командачысы парадды кабыл алуучуга баяндама жасап жатканда, ошондой эле аскерлер салтанаттуу басык менен өтүп бара жатканда аскердик тууларга сапта басуу абалында туруу менен колун баш кийимине такап урмат көрсөтөт.

 

Аскерлердин параддын командачысын жана парадды
 кабыл алуучуну тосуп алуусу

 

308. Параддын командачысын тосуп алуу үчүн парадга катышып жаткан бирикмелердин (аскердик бөлүктөрдүн) командирлеринин наамы жогоркусу: «ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «ОҢГО (солго, ортого) түздөн»,- деген команда берет жана аскерлердин тизилгендиги жөнүндө баяндама жасайт. Докладды кабыл алып, параддын командачысы: «ЖАЙ ТУР», деген команда берет. Параддын командачысын тосуп алганда кошмо оркестр ойнобойт.

309. Парадды кабыл алуучуну тосуп алуу үчүн параддын командачысы: «ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «ОҢГО (солго, ортого) түздөн»,, ал эми, эгерде карабиндер менен куралданган аскер бөлүктөрү болсо, - «ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «Кароол, оңдон тосуп алуу үчүн, (канаттын сол жагынан)»деген командаларды берет.

Взводдун командирлеринен тартып жана андан жогорку командирлердин баары колдорун баш кийимине такайт. Кошмо оркестр «Тосуп алуу маршын» ойнойт.

310. Параддын командачысы колун баш кийимине такоо менен парадды кабыл алуучуга машина менен келет да, баяндама жасайт, мисалы: «Жолдош генерал-полковник. Баланча гарнизондун аскерлери түкүнчө майрамдын урматына парад үчүн тизилди. Параддын командачысы генерал-лейтенант Ибраимов».

Параддын командачысы баяндама үчүн токтогондо кошмо оркестр ойногонду токтотот. Баяндама бүткөндөн кийин параддын командачысы колун баш кийиминен түшүрбөстөн саптын алдынан жана бир аз артка ээрчүү менен парадды кабыл алуучуну коштоп жүрөт.

Парадды кабыл алуучу баяндаманы кабыл алып, аскерлерди кыдырып чыгат, алар менен саламдашат жана аларды куттуктайт, кошмо оркестр «тосуп алуу маршын» аткарып, аларды кабыл алуучу саламдашуу жана куттуктоо үчүн токтогондо оюнун токтото турат.

Саламдашууга жана куттуктоого аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ылайык жооп берет, мында «ура» созулуп, бирин-бири басып жаңырат.

Парадды кабыл алуучунун көрсөтмөсү боюнча параддын командачысы «ЖАЙ ТУР» деген команданы берет. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери «ЖАЙ ТУР» командасын кайталайт же «Бутка кой», «ЖАЙ ТУР» командаларын берет.

Кошмо оркестрдин керней-сурнайчылары (корнетчилери жана сурнайчылары) «Баарыңар уккула» сигналын ойнойт.

311. «Баарыңар уккула» сигналы ойнолгондон кийин парадды кабыл алуучу сөз сүйлөйт (буйрук окуйт). Сөз бүткөндөн (буйрук окулгандан) кийин аскерлер үч жолу «ура» деп кыйкырышат, кошмо оркестр Мамлекеттик гимнди аткарып, аны менен бирге бир эле мезгилде, эгерде ал каралса, артиллериялык салют (фейерверк) атылат, взводдордун командиринен тартып жана андан жогорку командирлердин баары колдорун баш кийимине такайт, ал эми аскерлер командасы жок эле тизилип басуу абалын ээлейт.

Мамлекеттик гимн аткарылып бүткөндөн кийин керней-сурнайчылар (корнетчилер жана сурнайчылар) «тамам» сигналын ойноп, взводдун командиринен тартып жана андан жогорку командирлердин баары колун баш кийиминен түшүрөт, аскерлер «жай тур» абалын ээлейт.

 

Аскерлердин салтанаттуу басык менен өтүүсүнүн тартиби

 

312. Аскерлер гарнизондун зардалынын буйругунда көрсөтүлгөн тизмекте жана иретте салтанаттуу басыш менен өтөт. Салтанаттуу басыш менен өтүү үчүн параддын командачысы: «КАКАЙ», «Рота боюнча (батальон боюнча), бир сызыкта туруучу (эки сызыкта туруучу) аралыкта, биринчи рота (батальон) түз, калгандары оң-ГО», «Ийинге алып», оңго түздөнүп, кадам менен салтанаттуу басыкка - АЛГА» - деген командаларды берет.

313. «Салтанаттуу маршка карата» деген команда боюнча бөлүкчөлөрдүн командирлери саптан чыгуу менен өз бөлүкчөлөрүнүн маңдайына, ал эми аскер бөлүктөрүнүн (бөлүкчөлөрүнүн) командирлери жана алардын орун басарлары белгиленген аралыкта бөлүкчөлөрдүн (аскер бөлүктөрүнүн) командирлеринин алдына келип турат. Туу көтөрүүчүлөр жана алардын жардамчылары да алдыга чыгуу менен белгиленген аралыкка келип турат.

Дайындалган добулбасчылар алдыга чыгуу менен башкы бирикменин (аскер бөлүгүнүн) командиринен 15-20 кадам алдыга турат.

Аскерлердин өтүү сызыгын белгилөө үчүн дайындалган сызыкка туруучулар салтанаттуу басыш, чуркоо (сапта туруу кадамы) менен бири-биринен 15-20 кадам аралыкта ал сызыкты бойлото өз орундарын ээлейт.

Аскер бөлүгүнүн командиринин «Ийинге ал» командасы боюнча карабин менен куралданган аскер кызматчылары аларды «Ийинге ал» абалына алат (автоматтар «Көөдөнгө така» абалында оң колу менен кундактан жана найдан алуу менен такайт), туу көтөрүүчүлөр аскер тууларын, Аскер Туусунун ылдыйкы учун ийинге асылуучу желек көтөргүчтүн көзчөсүнө салуу менен сабын колдору менен кармап алат. Оркестр жана добулбасчылар ойноого даярданат.

314. Салтанаттуу басык менен өтүү үчүн команданы берип, параддын командачысы башкы бирикменин (аскер бөлүгүнүн) командиринен, добулбасчылардан 30 кадам алдыда жүрөт. Парадды кабыл алуучуга чейин 1-2 сызыкка туруучуга жетпей ал колун баш кийимине такоо менен башын аны көздөй буруп, парадды кабыл алуучунун жанынан өтүп, машинадан түшүү менен парадды кабыл алуучунун оң тарабына жана андан бир аз арткараак турат.

315. Параддын командачысынын «АЛГА» деген командасы боюнча башкы кичи бөлүкчө командачынын жана добулбасчылардын артынан кичине добулбастандын бурулушунун астында сапка тизилүү кадамы менен кыймылды баштайт. Калган бөлүкчөлөр башкы кичи бөлүкчө турган жерге чейин жетип, өз командирлеринин командасы боюнча солго «уй мүйүз бурулуп», түздөнүп, белгиленген аралыкка туруу менен «Түз» деген команда боюнча алдыда бара жаткан бөлүкчөнүн артынан ээрчийт.

Бөлүкчөлөрдүн оң канаттагылары алардан бир кадам ары турган сызыкка туруучулар менен белгиленген сызыкты бойлой басат.

316. Бирикме салтанаттуу жүрүш менен өтүп бара жатканда башкы аскер бөлүгүнүн алдында бара жаткан бөлүкчөсүнүн бет маңдайынын орто жеринин алдынан бөлүктүн командири, андан үч кадам артта анын орун басарлары (бир сапта), орун басарлардан 2 кадам артта Аскер Туусун көтөргөн туу көтөрүүчү жана анын жардамчылары, Аскер Туусунан 4 кадам артта белгиленген аралыкта биринин артынан бири бирикменин аскер бөлүктөрү (бөлүкчөлөрү) өтөт.

317. Башкы бөлүкчө парадды кабыл алуучуга 4-5 сызыкка туруучунун аралыгына жакын келген кезде кошмо оркестр марш ойной баштап, узатасынан кеткен саптын алдында келе жаткан добулбасчылар добулбасты ургулоону токтотот жана көрсөтүлгөн багытта басууну улантат.

318. Парадды кабыл алуучуга 1-2 сызыкка жетпей бирикмелердин, аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн командирлери колун баш кийимине такоо менен баштарын парадды кабыл алуучуну көздөй бурат, сапта бара жаткандардын оң канаттагыларынан башкасынын баары баштарын бир мезгилде ошол жакты көздөй бурат. Өтүп бара жаткан бөлүкчөнүн акыркы туура сабы парадды кабыл алуучунун жанынан өткөндө командирлер колдорун баш кийиминен түшүрөт жана баштарын түз бурат, сапта бара жаткандардын баары бир мезгилде баштарын түз бурат.

Салтанаттуу басык менен өтүп бара жатканда туу көтөрүүчүлөр жана алардын жардамчылары баштарын парад кабыл алуучу тарапка бурбайт.

Парадды кабыл алуучунун жанынан өтүп, бирикмелердин (аскер бөлүктөрүнүн) командирлери саптан чыгуу менен параддын командачысынын оң жагынан 5 кадам окчун турат.

319. Бирикмелердин жана аскер бөлүктөрүнүн машиналарда салтанаттуу басык менен өтүп бара жаткан командирлери автомобилдерде (танктарда же өзү жүрүүчү куралдарда анын жогорку капкасын ачуу менен алардын секисине туруп алып) өз бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн алдында баруу менен парадды кабыл алуучуга 2-3 сызык калганда бир мезгилде баштарын парадды кабыл алуучу жакка буруу менен учурашып колдорун баш кийимине такайт.

Калган танктардын (өзү жүрүүчү куралдардын) жогорку капкалары жабылып турууга тийиш.

Машиналардын ачык кузовундагы аскер кызматчылары парадды кабыл алуучуга 2-3 сызык калганда баштарын буруу менен учурашат.

320. Ар бир бирикме (аскердик бөлүк) парадды кабыл алуучунун жанынан өтүп бара жатып көрсөтүлгөн жерге чейин ошол эле сап менен барып, ал жерден зарыл болгон кайра тизилүүдөн кийин өзүнүн жайгаштырылган жерине кетет.

Акыркы аскер бөлүгү парадды кабыл алуучунун жанынан өткөндөн кийин кошмо оркестр ойногонду токтотуп, оңго бурулуу менен баштапкы абалга барып, ал жерден салтанаттуу кадам шилтеп ойноп баратып өтүшөт.

 

11-глава.
Аскердик урмат көрсөтүү

 

Жалпы жоболор

 

321. Ардак кароолу салтанаттуу заседаниелерге, мамлекеттик эстеликтерди ачууга алынып чыгуучу Аскер Туусуна карата, чет элдик мамлекеттердин өкүлдөрүн тосуп алуу менен жана узатуу үчүн, ошондой эле 329-статьяда көрсөтүлгөн адамдарды көмүүдө аскердик урмат көрсөтүү үчүн дайындалышы мүмкүн.

Адамды көмүүгө дайындалган ардак кароолу айрым учурларда ардак эскортуна айландырылышы мүмкүн.

322. Ардак кароолунун курамына жөө тизилген взводдон ротага чейинки бөлүкчө (же тиешелүү бөлүкчө) жана оркестр дайындалат. Ардактуу кароол офицерлердин ичинен, офицерлерден жана прапорщиктерден же сержанттардан дайындалышы мүмкүн.

Ардак кароолунун зардалы болуп офицер дайындалат. Зарыл болгондо ардак кароолунун курамынан жупташкан сакчылар же туу көтөрүүчүлөр дайындалышы мүмкүн.

323. Ардак кароолу гарнизондун зардалынын, бирикменин командиринин же айрым аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен дайындалат. Буйрукта ардактуу кароолдун курамынын кийимдеринин формасы жана курал-жарагы көрсөтүлөт. Ардак кароолуна ок-дарылар берилбейт.

Чет мамлекеттердин өкүлдөрүн тосуп алуу жана узатуу үчүн ардак кароолу ар бир жолу гарнизондун зардалынын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча дайындалат.

Ардак кароолу гарнизондун зардалына жана гарнизондун аскер комендантына (бирикменин, аскер бөлүгүнүн командирине) баш ийет.

324. Ардак кароолунун сакчыларын жана туу көтөрүүчүлөрүн алмаштыруу 15 мүнөттөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Алмаштыруу үчүн командалар берилбейт жана тозотторду өткөрүп берүү жүргүзүлбөйт.

Ардак кароолунун сакчылары жана туу көтөрүүчүлөрү аскердик учурашууну аткарбайт.

 

Урматына ардак кароолу дайындалган адамдар менен жолугушканда жана эстеликтерди ачканда аскердик урмат көрсөтүү

 

325. Чет мамлекеттердин өкүлдөрүн тосуп алуу жана узатуу үчүн ардак кароолу Аскер Туусу менен кеңейтилген эки сапка тизилет. Туу көтөрүүчү жана жардамчылар кароолдун оң канатынан эки кадам, оркестр Аскер Туусунун оң канатында үч кадам окчун турат.

Тосуп алынып жаткан адам 40-50 кадамга жакындап келгенде карабиндер менен куралданган ардак кароолунун зардалы: «Кароол - ТҮЗДӨН», «Оң жактан (сол жактан, маңдайдан) «тосуу үчүн кароолго», ал эми автомат менен куралданган кароолдун зардалы - «Кароол - ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «ОҢГО - түздөн (солго, ортого)», - деп команда берет.

Бул командалар боюнча ардак кароолу куралын «кароолго» алат же башын тосуп жаткан адам тарапка бурат, оркестр «Тосуп алуу» маршын ойнойт, ардак кароолунун зардалы колун баш кийимине такап, сапта басуу кадамы менен тосуп жаткан адамга басып келет да, ага чейин 1-2 кадам калганда токтойт жана баяндама жасайт, мисалы: «Жолдош (мырза) баланча. Ардак кароолу Сиздин келишиңиздин урматына тизилип турат. Кароолдун зардалы майор Садыков».

Кароолдун зардалы баяндама жасоо үчүн токтогондо оркестр ойноону токтот.

Баяндама жасап бүтүп, кароолдун зардалы колун баш кийиминен түшүрбөстөн сол (оң) буту менен бир эле мезгилде оңго (солго) бурулуу менен окчундап эки кадам жасайт. Оркестр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ойнойт.

Оркестр Мамлекеттик гимнди ойноону аяктагандан кийин кароолдун зардалы тосуп алынуучу адамды кароолдун бет маңдайынан андан 1-2 кадам артта саптын сырт жагынан ээрчүү менен жана колун баш кийиминен түшүрбөстөн коштоп басат.

Учурашкандан жана кароолдун бет маңдайына өткөндөн кийин кароолдун зардалы колун баш кийиминен түшүрүп, карабиндер менен куралдангандар үчүн: «Санга така», деген команда берип, кароолду үч (төрт) узун сапка кайрадан тизет. Андан кийин кароол оркестрдин коштоосу алдында салтанаттуу басык менен тосуп алынган адамдын жанынан өтөт.

326. Эстеликти ачууга ыйгарым укуктуу адамды тосуп алуу жана узатуу 325-статьяда баяндалган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

Эгерде эстеликти ачууга ыйгарым укугу бар адам аскер кызматчысы болсо, анда анын учурашуусуна ардак кароолунун өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызмат уставына ылайык, ал эми калган адамдардын учурашуусуна өзгөчө көрсөтмө боюнча жооп берет.

Эстеликтен чүпөрөк жабууну алып салуунун алдында кароолдун зардалы: «Кароол - КАКАЙ», «ОРТОГО - түздөн», ал эми, эгерде кароол карабин менен куралданган болсо: «Кароол - КАКАЙ», «ОРТОГО, кароолго - түздөн» - деп команда берет, карабиндер менен куралданган ардак кароолу аларды «кароолго» абалына алып, оркестр Мамлекеттик гимнди ойнойт.

Оркестр Мамлекеттик гимнди ойноону аяктагандан кийин кароолдун зардалы «ЖАЙ ТУР» (карабиндер менен куралдангандар үчүн - «Санга така», андан кийин «ЖАЙ ТУР»), - деп команда берет.

Митинг аяктагандан кийин ардак кароолу жана оркестр (эгерде жагдай мүмкүндүк берсе) кароолдун зардалынын командасы боюнча үчтөн (төрттөн) узатасынан сапка кайра тизилүү менен оркестрдин коштоосу алдында эстеликтин жанынан салтанаттуу басыш менен өтөт. Ардак кароолунун сакчылары өзгөчө көрсөтмө боюнча алынат.

327. Гарнизондун командиринин (бирикменин, аскердик бөлүктүн командиринин) буйругу боюнча Аскердик Туу (желектер) алынып чыгылуучу салтанаттуу заседаниеге анын жанына ардак кароолу жана сакчылардын санына жараша 2-3 туу көтөрүүчү дайындалат. Ардак кароолунун сакчылары Аскердик Туунун (желектердин) катарына эки тарабынан турат жана «төшкө такаган» абалда автоматтарды асынып (карабиндер - «санга такалган» абалда) какайып турат.

Аскер Туусун салтанаттуу заседание өткөрүлүүчү жерге коштоп баруу жана аскер бөлүгүнө кайтып келүү үчүн туу взводу дайындалат.

Аскер Туусун алып чыгуу жана алып келүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Сап уставынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

 

Өлүк көмүүдө аскердик урмат көрсөтүү

 

328. Аскер кызматчыларын көмүүдө аскердик урмат көрсөтүү үчүн дайындалуучу аскерлер ардак эскортту түзөт.

329. Ардак эскорту аскер кызматчыларын көмүүдө, ошондой эле окуу же текшерүү жыйындарын өткөрүү учурунда каза болгон аскердик кызматка милдеттүүлөрдү жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген граждан адамдарды көмүүдө дайындалат.

Андан тышкары ардак эскорту аскер кийимин кийип жүрүү укугу менен запаска чыгарылган жана отставкада жүргөн жогорку жана улук офицерлерди, согуштун катышуучуларын, ошондой эле мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген граждандарды көмүүдө дайындалат.

330. Ардак эскорту төмөнкү курамда дайындалат:

- солдаттарды, сержанттарды, прапорщиктерди көмүүдө - отделение, взвод же аларга туура келген бөлүкчө;

- аскер кызматында жүргөн же запаста болгон (отставкадагы) офицерлерди көмгөндө - взвод, рота же аларга туура келген бөлүкчө;

- солдат, сержант, прапорщик деген аскер наамдары бар согуштун катышуучуларын жана жоокер-интернационалчыларды жана кенже офицерлерди көмгөндө аскер бөлүгүнүн уюштуруу-штаттык мүмкүнчүлүктөрүнө жана көмүүчү жерден алыстыгына негизденүү менен ардак эскорту отделениенин курамында дайындалат.

Взводдун курамында жана андан чоң курамда дайындалган ардак эскорту капсыз жана аза күтүү тасмасы тагылган Туу менен болууга тийиш.

331. Ардак эскортунан сырткары адамдарды көмүүгө:

- оркестр;

- табыттын (сөөктүн) жанына ардак кароолу;

- жайга табытты түшүрүү үчүн сержанттын командалыгы астындагы куралданбаган жоокерлер (8-10 адам) дайындалат.

Өлүк салынган табытты (сөөктү) ташуу үчүн автомобиль же курал-жарак лафети бөлүнүп берилет.

Ордендерди жана медалдарды кастарлап алып жүрүү үчүн ар бир орден же медаль үчүн ар бир жаздыкчага бирден адам, андан калса офицерлерди көмгөндө бул үчүн офицерлер, ал эми прапорщиктерди, сержанттарды жана солдаттарды көмгөндө прапорщиктер, сержанттар же солдаттар дайындалат.

Ар бир орден өзүнчө жаздыкчага тагылат. Медалдардын бир нечеси бир жаздыкчага тагылышы мүмкүн.

Табыттын капкагына баш кийим коюлат.

332. Өз аскер бөлүгүн солдатты (сержантты), офицерди (прапорщикти) көмүү үчүн ардак эскорту жана аскер кызматчылары аскер кызматчысы өлгөн бөлүктүн командири тарабынан дайындалат. Маркумдун сөөгүн алып чыгуунун жана көмүүнүн убактысы жана орду жөнүндө гарнизондун аскер комендантына маалымдалат.

Аскер кызматчысы такай кызмат өтөгөн жерден сырткары өлгөн учурда ардак эскорту жана көмүү наряды аскер кызматчысы өлгөн жер боюнча гарнизондун зардалы тарабынан дайындалат.

333. Эгерде өлгөн аскер кызматчысын көмүү башка шаарда же айылда жүргүзүлсө, маркумдун денеси (сөөгү) салынган табыт шаардын четине (темир жол, аба бекетине) чейин ардак эскорту жана оркестр менен коштолот.

Көмүлүүчү жерге чейин жолдо маркумдун денеси (сөөгү) салынган табытты коштоп жүрүү үчүн аскер бөлүгүнүн командиринин же гарнизондун зардалынын (аскер комиссарынын) буйругу менен эки-төрт адам дайындалып, аларга нускама берилүүгө жана аларда өлгөндүгү жөнүндө маалымдама, өлгөндүк жөнүндө ырастама жана справка, каза болуунун жагдайларын баяндоо менен аскер бөлүгүнүн командиринин колу коюлган маркумдун үй-бүлөсүнө жазылган кат, таңылган жана сургуч мөөр менен мөөрлөнгөн өлгөн адамдын өздүк буюмдары, баалуу нерселери жана сыйлыктары болууга тийиш.

Дайындалган жерге жеткенден кийин коштоп жүрүүчүлөр аскер комиссарына өлгөн адамдын документтерин жана буюмдарын акт боюнча өткөрүп берүүгө жана көмүүгө жеке катышууга тийиш.

Өлгөндүгү жөнүндө маалымдама көмүүнүн датасы жана орду коюлуп, аскер комиссары тарабынан гербдүү мөөр менен ырасталган үзүндүсү коштоп жүрүүчүлөр тарабынан кайтып келгенден кийин өздөрүнүн аскер бөлүгүнүн штабына өткөрүлүп берилет.

Маркумдун денеси (сөөгү) салынган табыт көмүү дайындалган жерге келген же транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө жүктөгөн убакыт жөнүндө аскер коменданты же тиешелүү гарнизондун зардалы (аскер комиссары) аскер кызматчысы өлгөн жердеги аскер бөлүгүнүн командири (гарнизордун коменданты, аскер комиссары) тарабынан бир суткадан кечиктирилбестен кабарланууга тийиш.

Маркумдун денеси (сөөгү) салынган табытты көмүүчү жерге чейин коштоп баруу үчүн ардак эскорту жана көмүү наряды 332, 333-статьяларга ылайык дайындалат.

334. Аскер кызматчысынын өлгөндүгү жөнүндө аскер бөлүгүнүн командири ошол эле күнү өлгөн адамдын жакын туугандарына жана өлгөн адамдын үй-бүлөсү жашаган же ал аскерге чакырылган райондук (шаардык) комиссариатка кабарлоого тийиш.

335. Гарнизондун аскер коменданты ардак эскорту жана көмүүгө наряд дайындала турган аскер бөлүгүнүн командирине алар келүүчү убакыт, жер жөнүндө жана кийимдин түрү тууралу алдын ала маалымдайт.

Өлүк көмүүдө прапорщиктер, офицерлер күнүмдүк кийүүчү кийим менен жана гарнизондун аскер комендантынын көрсөтмөсү боюнча сол каруусуна аза күтүү чүпөрөгүн тагынып жүрүүгө тийиш.

336. Маркумдун өлүгү (сөөгү) салынган табыттын жанына ардак кароолун коюунун убактысы гарнизондун зардалы (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан аныкталат.

Кароол өз курамынын ичинен сакчылардын эки жубун коет. Сакчылардын бир жубу маркумдун денеси (сөөгү) салынган табыттын эки жагына анын башынан эки кадам окчун, экинчи жубу - бутунун жанында турат. Сакчылардын ар бир жубу автоматтарды «төшкө такоо» абалында кармоо менен какайган абалда бири-бирин бетме-бет карап турат.

Сакчылардын сол каруусунда аза күтүү чүпөрөгү болууга тийиш.

Табыттын жанындагы сакчылар 324-статьяда көрсөтүлгөндөй алмаштырылат.

Элдер жөнөгөн учурда жана табытты (сөөктү) жайга түшүргөндө сакчылардын нөөмөтү алмашылбайт.

337. Маркумга урмат көрсөтүү үчүн аскер бөлүгүнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен ардактуу сакчылар тургузулушу мүмкүн. Алар курал-жараксыз жана баш кийимсиз аза күтүү чүпөрөктөрүн тагынуу менен ардак кароолунун сакчыларынын сабында алардын сырт тарабында 1-2 кадам окчун турат жана ар бир 3-5 мүнөт сайын бири-бирин алмаштырат.

338. Табыт (сөөк) алынып чыгылуучу жерге келгенден кийин ардак эскорту табыт (сөөк) алынып чыгылууга тийиш болгон жакка карап созулган сапка тизилет. Оркестр эскорттун оң капталында үч кадам аралыкка тизилет.

Ардак эскорту сөөк көмүү учурунда аскердик учурашууну аткарбайт.

339. Табытты (сөөктү) имараттан алып чыгууда алдыда маркумдун сүрөтүн көтөргөн аскер кызматчысы, анын артынан үч-беш кадам аралыкта гүлчамбарларды көтөргөн аскер кызматчылары, алардын артынан ошондой эле аралыкта ордендердин жогорулугунун тартиби боюнча маркумдун ордендери менен медалдарын кастарлап алып жүрүүчү аскер кызматчылары, алардын артынан табыт (сөөк) көтөргөн аскер кызматчылары, маркумду узатып бара жаткан адамдар жана ардак кароолу басат.

Табытты (сөөктү) алып чыгып бара жаткан учурда ардак кароолунун зардалы саптагы өз ордун таштабастан «КАКАЙ» (эгерде эскорт карабиндер менен куралданган болсо - «кароол-го, КАКАЙ»),- деп команда берүү менен колун баш кийимине такайт. Катарда турган бардык аскер кызматчылары баштарын табыт (сөөк) жакка бурат. Оркестр аза күтүү маршын ойнойт.

Катарда турбаган аскер кызматчылары табытты (сөөктү) алып чыгып бара жатканда сапта басуу абалына келүү менен колдорун баш кийимдерине такайт.

340. Аза күтүү жүрүшү 339-статьяда көрсөтүлгөн тартипте жылат. Ардак кароолу маркумду узатып бара жаткан адамдардын артынан басып, андан кийин оркестр жана ардак эскорту аларды ээрчийт.

Аза күтүү жүрүшү жөө бара жатканда оркестр дем алуу менен аза күтүү маршын ойнойт. Автоматчан ардак кароолунун сакчылары «төшкө такаган» абалда кармап, карабинчендер «ийинге такаган» абалда кармап табыттын (сөөктүн) эки тарабы менен басат, табытты (сөөктү) автомобиль менен коштогондо сакчылар отурган абалда карабиндерин эки тизесинин ортосуна кармап, ал эми туруп турган абалда санына такап турат.

341. Айрым учурларда гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча табытты (сөөктү) алып чыгуунун ордунун жанында жана көмүүчү орунга жакын жерде аза күтүү жүрүшү өтө турган жолдун эки тарабы боюнча бир сап же эки сап тизилген жөө аскерлер турушу мүмкүн.

342. Көмүүчү жерге келгенде оркестр ойногонду токтотот. Ардак эскорту жана оркестр көрүстөндү карап орун мүмкүнчүлүк беришинче тизилип турат.

Гүлчамбарларды, ордендерди жана медалдарды кастарлап алып жүргөн аскер кызматчылары, ошондой эле ардак кароолунун сакчылары көрүстөндүн жанынан орун ээлейт.

343. Табытты (сөөктү) көргө түшүрөрдүн алдында аза күтүү митинги ачылат. Аза күтүү митинги аяктагандан кийин оркестр аза күтүү маршын ойнойт. Табытты (сөөктү) көргө түшүргөндө Туу төмөн түшүрүлүп, ардак эскорту табытты (сөөктү) алып чыгып бара жаткандагыдай урмат көрсөтөт.

Ардак эскортунун курамынын ичинен дайындалган бөлүкчө кур дүрмөт менен үч жолу салют берет, андан калса, эгерде рота тизилип турса, бир взвод атат, эгерде взвод же отделение тизилип турса, бөлүкчөнүн баары атат.

Айрым учурларда өзгөчө көрсөтмөлөр боюнча артиллериялык салют берилет.

Салюттун биринчи залпы менен оркестр Мамлекеттик гимнди аткарат. Мамлекеттик гимн аткарылып бүткөндөн кийин, эгерде орун мүмкүндүк берсе, аскерлер оркестрдин коштоосу алдында мүрзөнүн жанынан өтөт. Сакчылар оркестр Мамлекеттик гимнди аткарып бүткөндөн же аскерлер өткөндөн кийин алынат.

344. Каза болгондордун тирүү кезинде же өлгөндөн кийин сыйланган ордендери жана медалдары, ардак наамдары менен төш белгилери, ошондой эле алар менен сыйлануу жөнүндө документтери калтырылат же эстеликке сактоо үчүн алардын үй-бүлөлөрүнө берилет. Андан тышкары каза болгон аскер кызматчыларынын сыйлыктары музейлерге көргөзмөгө коюу жана сактоо үчүн музейлерге берилиши мүмкүн.

Эгерде каза болгон сыйланган адамдын мурасчысы жок болсо, анын сыйлыктары жана сыйлоо жөнүндө документтери жогорку мамлекеттик бийлик органдарына кайтарылып берилет.

345. Улуттук өзгөчөлүктөрдү жана салттарды, ошондой эле динге ынанууларды эске алуу менен өлүк көмүү ырасмын өзгөртүүгө уруксат берилет.

 

Ата-журттун эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн курман болгон жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарларды коюуда аскердик урмат көрсөтүү

 

346. Аскер бөлүктөрүнүн делегациялары Ата-журттун эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн кармаштарда курман болгон жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарларды коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча коет.

347. Мамлекеттик, өкмөттүк жана аскердик делегациялар тарабынан гүлчамбарларды коюуда гарнизондун зардалынын буйругу менен гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн бир же бир нече аскер туулары менен ардак кароолу жана оркестр дайындалат.

Ардак кароолунун кийиминин түрү - сапка тизилгендер үчүн параддык, оркестр үчүн - тизилүү үчүн параддык, ал эми гүлчамбарларды коюуга катышуучу аскер кызматчылары үчүн - параддык-сыртка чыгуучу болот.

348. Эстеликке (мүрзөгө) гүлчамбарларды коюуда ардак кароолунун курамынын ичинен бир-эки жуп сакчы коюлат. Сакчылар сапта басуу абалын ээлеп автоматтарын «төшкө такаган» абалда (карабиндерди «санга такаган» абалда) кармайт. Сакчыларды коюунун жана аларды алуунун убактысы гарнизондун зардалы тарабынан белгиленет.

Ардак кароолу эки катарда эстеликти (көрүстөндү) карап же ага оң канаты менен жакындап турат. Аскер туулары ардак кароолунун оң канатына коюлуп, оркестр аскер тууларынан үч кадам оңго (солго) тизилет.

349. Гүлчамбар көтөргөн делегация белгиленген жерге тизилип ардак кароолун жандап өтүү менен эстеликке (мүрзөгө) карай жыла баштайт. Делегациянын алдында гарнизондун аскер коменданты же ардак кароолунун офицери басат. Андан эки-үч кадам арттагы аралыкта гүлчамбар көтөргөн адамдар (эки адам) жана алардын артынан ошол эле аралыкта үч, беш адамдан узатасынан тизилген делегация барат.

Ардак кароолуна гүлчамбар көтөргөн делегация 40-50 кадам жакындаганда «төшкө такаган» абалындагы автоматтар менен куралданган кароолдун зардалы: «кароол - ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «ОҢГО - түздөн (СОЛГО)», - деп, ал эми карабин менен куралданган кароолдун зардалы: «кароол - ТҮЗДӨН», «КАКАЙ», «Оңдон (солдон) тосуу үчүн, кароолго», - деп команда берет.

Ардак кароолу команданы аткарып, гүлчамбар көтөргөн делегациянын кыймылын башын буруп узатат. Оркестр салтанаттуу аза күтүү - күүлөрүн ойнойт. Аскер туулары алдыга кыңайтылат.

350. Эстеликке (мүрзөгө) жакындап келүү менен делегация гүлчамбарларды коет жана курман болгондорду бир мүнөт тымтырс болуп туруу менен эскерет. Оркестр ойногонду токтотот.

Тымтырс туруу мүнөтү аяктагандан кийин оркестр Мамлекеттик гимнди аткарат. Гимнди аткаруу аяктагандан кийин делегация гүлчамбарларды коюп, эстеликтен (мүрзөдөн) артка жылуу менен өтүп бара жаткан кароолго бетин буруп тизилет, ал эми ардак кароолу кароолдун зардалынын командасы боюнча узатасынан жол жүрүү сабына тизилүү менен оркестрдин коштоосу алдында эстеликтин (мүрзөнүн) жана гүлчамбар койгон адамдардын жанынан салтанаттуу басык менен өтөт.

351. Чет өлкөлүк мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле коргоо министрлери жана расмий аскер делегациялары тарабынан гүлчамбарларды коюуда 346-350-статьяларда баяндалган тартип сакталат. Мында - салтанаттуу аза күтүү күүлөрү делегациянын башчысы менен макулдашуу боюнча гана аткарылат. Тымтырс болуп туруу мүнөтүнөн кийин гүлчамбар коюп жаткан делегациянын мамлекеттик гимни аткарылат. Чет өлкөлүк аскер делегациялары Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрү жана гарнизондун аскер коменданты тарабынан коштолот.

Чет өлкөлүк делегациялар тарабынан жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарларды коюуда ардак кароолу жана оркестр дайындалбайт. Бул учурда эстеликтин (мүрзөнүн) жанына гарнизондун зардалынын же аскер комендантынын буйругу боюнча сакчылардын бир-эки жубу коюлат жана зарыл болгондо аны коюучу жерге гүлчамбарды көтөрүп баруу үчүн эки аскер кызматчысы менен офицер бөлүнүп берилет.

 

20- жана
116-статьяларга карата
1 тиркеме

Жашыруун (толтурулгандан кийин)

 

«Бекитем»
Башкы штабдын зардалы -
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министринин
биринчи орун басары
________________________________
(аскер наамы, колу, фамилиясы)
«____»_______ 19__ ж.

 

_________________________________ гарнизонунун

(калк жашаган пункттун аты)

 

Кароолдорунун расписаниеси

 

Кароолдордун аталышы

Күзөтүлүүчү объекттердин аталышы

Кароолдордун курамы

Сакчылардын үч нөмөөтү менен

 

Сакчылардын эки нөмөөтү менен

Күзөттүн техникалык каражаттарын колдонуу менен (сакчыларсыз)

Баары

Кароол иттери үчүн

1

2

3

4

5

6

7

 

 

 

 

 

 

 

 

Кароолдордун курамы

Эскертүү

Кароолдун зардалы

Кароолдун зардалынын орун басары

Сакчыларды ордуна коюучулар

Кароолчулар

Жана башкалар

Баардык адамдар

8

9

10

11

12

13

14

 

 

 

 

 

 

 

 

Гарнизондун зардалы

__________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Гарнизондун аскер коменданты

__________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: 8-графада ким кароолдун зардалы болуп дайындалгандыгы жазылат (офицер, прапорщик, сержант, старшина), мисалы: 1 оф., 1 п., 1 ст.

 

 

20- жана 120-статьяларга карата
2 тиркеме
Жашыруун (толтурулгандан кийин)

 

Бекитем
Гарнизондун зардалы
(аскер бөлүгүнүн командири)
________________________________
(аскер наамы, колу, фамилиясы)

«____»_______ 19__ ж.

 

«____»_______ 19__ ж.

 

______________________________ нарядынын ___________________________

гарнизонунун (аскер бөлүгүнүн) гарнизондук (суткалык)

 

Ведомосту

 

Аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр)

Нарядга турган кездеги наряддын курамы

Кароолдор боюнча кезметчи

Кезметчи бөлүмчө

Кароолдор

Патрулдар

ААИнин инспекторлору

Контролдук тозооттордун патрулчулары

№ 1

№ 2

№ 1

№ 2

1

2

3

4

5

6

7

8

9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарядга турган кездеги наряддын курамы

ж.б.

Эскертүү

ААИ үчүн транспорт каражаттары

Парк боюнча кезметчи жана эшик сакчы

КӨП боюнча кезметчи жана анын жардамчылары

Ашкана боюнча кезметчи жана жумушчулар

10

11

12

13

14

15

 

 

 

 

 

 

 

Гарнизондун аскер коменданты

(Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы)

__________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: 1. 6, 7, 8-графаларда патрулдун курамы, патрулдун зардалдыгына дайындалган аскер кызматчыларынын категориясы, жана кызмат өтөөнүн убактысы көрсөтүлүшү мүмкүн.

2. 8-графада ААИнин инспекторлугуна дайындалган аскер кызматчыларынын категориясы көрсөтүлөт.

3. 9, 10, 11-графаларга кызмат өтөөнүн убактысы көрсөтүлөт.

 

20- жана 119-статьяларга карата
3 тиркеме

 

Бекитем
Гарнизондун зардалы
(аскер бөлүгүнүн командири)
____________________________________
(аскер наамы, колу, фамилиясы)

«___»__________ 19__ ж.

 

________________________ № ___ Кароолунун тозотторуна табель

(гарнизондук, ички)

 

Кароолдун курамы (тозоттордун саны)

Бөлүштүргүчтөрдүн жана алардын тозотторунун номерлери

Тозоттордун номерлери жана эмне сакталып тургандыгы

Сакчылардын өзгөчө милдеттери

1

2

3

4

 

Гарнизондун аскер коменданты

(Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы)

_____________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: 1. 1-графада кароолдун бүткүл курамы саналып өтөт, мисалы: кароолдун зардалы офицер (прапорщик, сержант, старшина) - 1, кароолдун зардалынын жардамчысы - 2, бөлүштүргүчтөр - 3, гауптвахтада камалып жаткандарды алып чыгуучулар - 2, айдоочулар - 2 ж.б., андан кийин сакчылардын үч жана эки нөөмөтү менен тозоттордун, күзөтүүнүн техникалык каражаттарын колдонгон тозоттордун (сакчыларсыз) саны жана кароол иттеринин тозотторунун саны көрсөтүлөт.

2. 3-графада тозоттогу объекттердин аталыштары саналып өтүп жана алар кандай мөөр менен мөөрлөнгөндүгү жана ар бир объектте канча мөөр (пломб) бар экендиги көрсөтүлөт. Эгерде Аскердик Туунун жанында тозот бар болсо, анда Аскердик Тууга кандай ордендер жана ордендик тасмалар бекитилгендиги жана алардын саны аталат.

3. 4-графада ар бир тозотту кайтаруу жана коргоо шарттарына карата алганда сакчылардын өзгөчө милдеттери, кайсы учурда сакчыга курал колдонууга уруксат берилери жана кароолдун зардалы менен байланышуунун тартиби көрсөтүлөт.

 

 

129-статьяга карата
4-тиркеме

 

(тозоттук ведомосттун 1-бети)

 

______________________________

(баланча жылдын айы, күнүнө)

 

______________________ № ___ Кароолунун

(гарнизондук, ички)

 

Тозоттук ведомосту

 

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________

 

Бул бетте төмөнкүлөр жайгаштырылат:

1. Кароол жайына, кайтаруучу объекттерге кое берүү жөнүндө жазуулар жана кароолдун зардалы менен сактоочу жайларды ачууга кое берилүүчү адамдардын колдору.

2. Кароолду алмаштыруу жөнүндө кароолдун мурдагы жана жаңы зардалынын колдору жана мында табылган кемчиликтер жөнүндө жазуулар.

3. Кароол тарабынан кызмат өтөөдөгү сын-пикирлер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ротанын (батареянын) командиринин жазуусу.

 

(тозоттук ведомосттун 2 жана 3-беттери)

 

__________________________________________________________________________________________________ № ____ кароолунун

(бөлүкчө, аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы)

 

Тозоттордун расписаниеси

 

Кароолдун зардалы ____________________________________________________________________________________________________

(аскер наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты)

 

Кароолдун зардалынын жардамчылары ___________________________________________________________________________________

(аскер наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты)

 

Тозоттордун номерлери

Бөлүштүргүчтөрдүн номерлери, аскер наамдары, фамилиялары жана инициалдары

Сакчылардын аскер наамдары, фамилиялары жана инициалдары

1-нөөмөт

2-нөөмөт

3-нөөмөт

1

2

3

4

5

 

Гауптвахтада камалып жаткандарды алып чыгуучулар:

_________________________________________________________________________________________________________ Айдоочулар:

_____________________________________________________________________________ Айдоочулардын тозотко турушунун убактысы:

үч жолку нөөмөттүү ___________________________________________________________________________________________________

эки жолку нөөмөттүү __________________________________________________________________________________________________

Ротанын (батареянын) командири _______________________________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: 1. Эгерде сакчылар 1 сааттан кийин алмаштырылса, анда нөөмөттүн убактысы жана ал нөөмөттөрдү койгон киши көрсөтүлөт.

2. Нөөмөттүн өздүк курамында кандайдыр бир өзгөрүү болгон учурда тиешелүү графаларга жазылат.

3. Экинчи графага төмөнкүлөр кошумча жазылат: кароолдун курамына күзөтүүнүн техникалык каражаттары боюнча операторлор бөлүнүп берилгенде - алардын аскер наамдары, фамилиялары жана инициалдары, ал эми кароол иттеринин тозоттору болгондо - ит ээрчитүүчүлөрдүн аскер наамдары, фамилиялары жана аты, атасынын аттары.

4. Кароолго транспорт каражаттары бөлүнүп берилгенде алардын маркалары жана номерлери, ошондой эле айдоочулардын аскер наамдары, фамилиялары жана аты, атасынын аттары гауптвахтада камалып жаткандарды алып чыгуучулардын алдына жазылат.

 

(тозоттук ведомосттун 4-бети)

 

Бул бетте төмөнкүлөр жөнүндө жазылат:

1. Кароолду текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө.

2. Сактоочу жайларды жабууда (ачууда) сакчыларды коюунун (алуунун) убактысы жөнүндө.

3. Кароолдо болгон окуялар жөнүндө.

4. Соттоло тургандар жана соттолгондор менен жолугушуу үчүн кое берүү жөнүндө.

5. Тозотторго кароол иттеринин чыгышы жана аларды тозоттордон алуу жөнүндө.

6. Күзөтүүнүн техникалык каражаттарынын, күзөтүлүүчү объекттердин табылган бузуктуктары жөнүндө жана аларды четтетүүнүн убактысы тууралу.

______________________________________________________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________________________________________________

 

Эскертүү: 1. Тозоттук ведомосттогу жазуулардын баары сыя (паста) менен даана жана оңдоолору жок жазылат.

2. Жаңы алмаштырылган кароолдун тозоттук ведомостторун аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы кароо жана чечим кабыл алуу үчүн күн сайын бөлүктүн командирине берип турат. Андан кийин гарнизондук кароолдун тозоттук ведомостторун аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы аларда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү үчүн кандай чаралар көрүлгөндүгүн көрсөтүү менен гарнизондун аскер комендантына 2 суткадан кийин кечиктирбестен берет.

3. Кароолдордун тозоттук ведомосттору үстүдөгү жылдан кийинки жылдын ичинде аскер комендатурасында (аскер бөлүгүнүн штабында) сакталат.

 

103-статьяга карата
5-тиркеме

 

ОБЪЕКТТЕРДИ ТОСУУ ЖАНА ТОЗОТТОРДУ ЖАБДУУ

 

1. Күзөтүлүүчү объекттер жайгашкан аймак тосмо (жыгач, зым ж.б.) менен тосулууга тийиш.

Борбордук баш ийүүдөгү объекттер жана башка маанилүү объекттер (жарылгыч заттар, ок-дарылар, күйүүчү майлар ж.б. туруучу кампалар) жайгашкан аймактын бийиктиги 2 метрден кем эмес токулган зымдар тартылган ички жана сырткы тосмосу аралыктары 15 сантиметрден болууга тийиш. Ички жана тышкы тосмолордун ортосундагы аралык жергиликтүү шарттарга жараша аныкталат жана 10 м жана андан ашык болушу мүмкүн. Тосмолордун ортосунда сакчылардын кыймылы үчүн чыйыр (жол) жана тосмонун сырт жагына кошулуп турган кеңдиги 5 метрден кем эмес контролдук-из калтыруучу тилке жабдылат.

Күзөтүлүүчү объектке жакын жаткан жерлерге көз салуунун ыңгайлуулугу үчүн тосмолордун ортосунда (сырткы тосмону бойлото) байланыш каражаттары, белги берүү, прожекторлор жана чагылгандан коргоочу жабдуулар менен жабдылган көз салуучу мунаралар жайгаштырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалынын (гарнизондун зардалынын) чечими боюнча өзгөчө маанилүү объекттерде курал-жарактарды жана көз салуу приборлорун орнотуу менен атайын инженердик курулмалар, же ок өтпөөчү тосмолору бар көз салуучу мунаралар жайгаштырылышы мүмкүн.

Күзөтүлүүчү объекттер бар аймактарга жакын жайгашкан жерлерде зарыл болгондо күндүз жана түн ичинде жакшы көрүнүп туруучу, мисалы: «Басып (айдап) өтүүгө тыюу салынат, жабык», - деген жазуусу бар көрсөткүчтөр орнотулат. Айланып өтүү жебе менен көрсөтүлөт. Бул көрсөткүчтөр сутканын белгилүү мезгилине гана орнотулат.

2. Аскер бөлүгүнүн аймагынан сырткары жайгашкан аймактын тегерегине жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча мыйзамдарга ылайык тыюу салуу зоналары жана чөлкөмдөрү аныкталат. Аталган объект турган аймактагы тыюу салуу зонасынын (чөлкөмүнүн) чек арасы кыргыз жана орус тилдериндеги жазуулары бар айлана-чөйрөдөн жакшы көрүнүп туруучу көрсөткүчтөр менен белгиленүүгө тийиш, мисалы: «Тыюу салуу зонасы (чөлкөмү), басып өтүүгө (жүрүүгө) тыюу салынат (жабык)». Тыюу салуу зонасынын (чөлкөмүнүн) чек араларын белгилөө жөнүндө гарнизондун зардалы (аскер бөлүгүнүн командири, күзөтүлүүчү объекттин зардалы) жакын турган калктуу пункттардын калкына жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары аркылуу өз убагында кабарлоого тийиш. Тыюу салуу зоналарынын (чөлкөмдөрүнүн) чек арасында жалпы колдонуудагы пайдаланылуучу жолдор, турак жайлар жана кызматтык курулмалар, иштетилүүчү талаалар ж.б. болбоого тийиш.

3. Жергиликтүү шарттарга жараша тозоттун аймагында мүмкүн болушунча чоң байкоо жана атуу мейкиндиги (50 метрден кем эмес) болууга тийиш, ошондуктан тозоттун айланасындагы аймак бадалдардан тазаланууга, дарактар суюлтулуп, төмөнкү бутактары 2,5 метр бийиктикте кыйылып, чөптөр чабылып, артыкбаш буюмдар алынууга тийиш. Бөтөн адамдарга тозотко жакын келүүгө тыюу салынган аралыкты аныктоочу тыюу салуучу чек ара сакчыларга күндүз, түн ичинде жана айлана начар көрүнгөн шарттарда көрүнүп туруучу көрсөткүчтөр менен белгиленет.

Бир нече тозот бар объекттердин аймагында ар бир тозоттун чек арасы көрсөткүчтөр, мисалы: «№ 2 тозоттун чек арасы» деген көрсөткүчтөр менен белгиленет.

4. Аскер шаарчаларынан сырткары турган өтө маанилүү объекттерди жана кароол жайын коргоо үчүн тозотко (кароол жайына) жакын жайгашкан жерлер андан туруп ата алгандай жана мүмкүн болушунча кошуна тозоттор менен ок атышуу байланышы камсыз кылынгандай эсеп менен окоптор казылат жана түзүлөт. Окоп кароол жайы менен байланышуу каражаты (белги берүү) менен жабдылат.

5. Түнкү мезгилде тозотко жана кайтарылуучу объектке жакын жерлер жарык кылынууга тийиш.

Жарык сакчы тозотко турганда же тозоттун аймагында ары-бери жүргөндө дайыма көлөкөдө болгондой орнотулууга тийиш.

6. Тозот сакчыга жок дегенде экиден кем эмес жерден, ал эми объектти патрулдук кылуу ыкмасы менен кайтарганда ар бири 250 метр кыймылдан кийин кароолдун зардалын, анын жардамчысын же бөлүштүргүчтү токтоосуз чакырып алууну камсыз кылгандай байланыш каражаттары менен жабдылат.

7. Ички, өзгөчө Аскердик Туунун жанындагы тозоттун 0,7-1 метр бийиктиктеги тосмосу жана жарыгы болууга тийиш. Текшерүүчү-өткөрүүчү пунктта сакчыны жана капыстан кол салуудан сактоону камсыз кылуучу тосмо болууга тийиш.

8. Ар бир сырткы (зарыл учурларда ички) тозоттордо күзөтүлүп жаткан кампанын, сактоочу жайдын ж.б. түздөн-түз жанында өрт өчүрүүчү каражаттар, кум салынган ящиктер, суу куюлган челектер, чакалар жана шаймандар (күрөктөр, балталар, ломдор, илмек бакандар) болууга тийиш.

9. Тышкы тозоттордо тозоттук кийимдерди сактоо үчүн атайын жабдылган тозоттук саябан, ички тозотто шинель үчүн шкаф же кийим илгич турууга тийиш.

Тозоттук саябан кайтарылып жаткан объектке окшош өңгө же айлана-чөйрөнүн түсүнө окшош сырдалат.

10. Объекттерди кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдуу боюнча көрсөтмөлөр «Күзөтүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен кароол кызматын өтөө» бөлүмүндө баяндалган.

 

103- жана 105-статьяларга карата
6-тиркеме

 

КАРООЛ ЖАЙЫНЫН ЖАБДЫЛЫШЫ

 

1. Кароол жайы:

- кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмөдөн;

- кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмө менен каалга аркылуу байланышкан кароолдун зардалынын жана анын жардамчысынын бөлмөсүнөн;

- кароолдун өздүк курамы үчүн бөлмө менен жалпы каалга менен бириктирилген кароолдун эс алып жаткан нөөмөтчүлөрү үчүн бөлмөдөн турат.

Андан тышкары кароол жайында тамак-ашты жылытуу үчүн жабдылган ашкана, жуунуу, тамеки тартуу, курал-жаракты жана бут кийимди тазалоо үчүн орундар (бөлмөлөр), кийим кургатуучу жай, турмуш-тиричилик бурчу, даараткана, отун үчүн кампа болууга тийиш. Аз сандагы кароол үчүн кароол жайынын ашканасы жок болушу мүмкүн. Бул учурда идиш-аяктарды, азык-түлүктөрдү сактоо үчүн жана тамак-ашты жылытуу үчүн орун жабдылат.

Объекттеринин көпчүлүгү күзөтүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылган кароолдун кароол жайында күзөтүүнүн техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын орун басары (оператору) үчүн пульт бөлмөсү болууга тийиш. Мында күзөтүүнүн техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуучу аппаратуранын пульту кароолдун зардалынын бөлмөсүнөн көрүнүп тургандай болууга тийиш.

2. Кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмөдө:

- Аскердик анттын тексти бар плакат;

- тозотторго табель;

- уставдар;

- газеталар жана журналдар;

- кароол кызматын өтөөнүн эрежелери тартылган;

- ошондой эле алар кароол кызматын өтөп жатканда кароолдун өздүк курамы тарабынан жасалган эрдиктер тартылган жана баяндалган сүрөттөр жана плакаттар;

- нөөмөттү күтүп жаткан кароолчулардын үчтөн экисине радиостанцияны угуу үчүн башка кийме телефондор;

- шахмат жана дойбу;

- саат;

- бөлүштүргүчтөрдүн санына жараша фонарлар;

- ички жана сырткы термометрлер;

- кароолдун бүткүл курамы үчүн медициналык аптечка жана жеке таңуучу пакет;

- кароолдун курамынын жеке буюмдары жана жуунуп-тазалануучу буюмдары үчүн шкаф;

- курал-жарак үчүн пирамида, кароолдун зардалынын бөлмөсүнө кошо чыгаруу менен жарык-үн сигналдары бар жабдуулар;

- кароолго чыгууну күтүп жаткан нөөмөтчүлөр үчүн стол жана орундуктар;

- кароолдун бүткүл курамына эсептелген сырт кийим үчүн кийим илгич жана тозотто туруучу кийимдин экинчи комплекти;

- акыр-чикир салгычтар болууга тийиш.

Шкафты жана кийим илгичти кароол жайынын жайгашуусуна жараша башка бөлмөлөрдө (коридордо) жайгаштырууга уруксат берилет.

Кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмөдө андан тышкары телевизор коюулушу мүмкүн.

3. Кароолдун зардалынын бөлмөсүндө:

- кароолдун зардалы тарабынан кабыл алынуучу документтердин тизмеси;

- кароол жайында болгон жабдуулардын, шаймандардын жана мүлктөрдүн тизмеси;

- тозоттордун жайгашуусунун чиймеси, тозотторго табель;

- кароолдун зардалына нускама;

- айгай жарыяланган учурга документтер салынган пакет;

- аларга кол коюуга акысы бар адамдардын саны боюнча жана алардын колу коюлган уруксат каттын үлгүлөрү;

- кароолду текшерүү укугуна бир жолу берилүүчү ырастаманын үлгүсү;

- атайын ящиктерде туруучу мөөрлөрдүн кебинин (пломбалардын кебинин) үлгүлөрү - бөлүштүргүчтөрдүн саны боюнча;

- сактоочу жайларды ачууга укугу бар же кароолдон токтоп туруучу жайда болгон аскердик машиналарды (башка курал-жарактарды жана аскердик техникаларды) кабыл алууга кое берилиши мүмкүн болгон кызмат адамдарынын тизмеси; тизмеде демейде алардын аскердик наамдары жана кызматтары, фамилиясы, аты, атасынын аты, өздүк күбөлүгүнүн (паспортунун) номери, кайсы объектти ачууга (жабууга) кое берилгендиги, объекттин кандай мөөр (пломба) менен мөөрлөнөрлүгү жана анын ачылышынын (жабылышынын) убактысы көрсөтүлөт;

- гауптвахтанын номерлеринин ачкычтары;

- уставдар;

- кароолдор боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчилер менен байланышуу үчүн түз телефон жана тозоттор менен байланышуу каражаттары;

- кулпулуу жана алардын ачкычтары бар металл ящиктердеги ок-дарылардын кору;

- эки нөөмөттүк тозоттордун ок-дарыларын сактоо үчүн темир ящиги (сейф);

- текшерүүчү-өткөрүүчү тозоттордун кароолчуларынын тапанчалары үчүн темир ящиги (сейф);

- жазуу прибору,

- суу куюу үчүн графин жана стакандар;

- кулпу менен жабылуучу ящиги бар стол жана эки орундук;

- кийим илгич;

- аккумулятордук фонарь;

- жарым-жартылай жумшак кушетка болууга тийиш.

4. Эс алып жаткан нөөмөттүн бөлмөсүндө кароолчулардын бир нөөмөттү жана эс алууга тийиш болгон кароолдун башка адамдарынын бир мезгилде эс алуусуна эсептелген башында кабы (жабуусу) бар жарым-жартылай жумшак серелер болууга тийиш (247-ст.).

5. Ашканада:

- кароолдун курамынын үчтөн экисине эсептелген столдор жана орундуктар;

- идиш-аяктар жана азык-түлүктөр үчүн шкаф;

- бүткүл өздүк курамга жеткирүү жана тамак ичүү үчүн идиш-аяктар менен ашкана приборлорунун комплекти;

- кулпу менен кулпуланган жана агуучу түтүк менен жабдылган ичүүчү суу куюучу асылма бак же суу түтүк тармагынан агуучу суу;

- тамак-ашты жылытуу үчүн электр же газ плитасы;

- сууну кайнатуу үчүн электр кайнаткыч же чайнек;

- идиш-аякты жууш үчүн раковина болууга тийиш.

6. Пульт бөлмөсүндө:

- кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын орун басарынын (оператордун) документтери (119-ст.);

- объектте орнотулган күзөтүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу боюнча жетекчилик каты;

- стол жана орундуктар;

- жазуу прибору болууга тийиш.

7. Курал-жаракты жана бут кийимди сактоо, тазалоо үчүн орундарда (бөлмөлөрдө) курал-жарактарды тазалоо үчүн стол, чүпөрөктөр үчүн темир ящиги, орундуктар, суу толтурулган урналар, бут кийим тазалоо үчүн буюмдар болууга тийиш.

8. Кароолдун белгиленген бардык документтери, ошондой эле плакаттар менен сүрөттөр алкакта же планшеттерде болууга тийиш.

9. Ар бир бөлмөдө мүлктөрдүн жана шаймандардын тизмеси дубалга илинип коюлат.

10. Кароол жайы бөлмөлөрдүн саны боюнча электр (резервдик) жарык берүү, ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттар, өрт өчүргүчтөр, кум толтурулган ящиктер, суу куюлган челектер, чакалар жана шаймандар (күрөктөр, балталар, ломдор, илмек бакандар) менен камсыз кылынат.

Кароол жайы аскер шаарчасынан тышкары жайгашканда терезелер ичинен жабылуучу терезе капкактары менен жабдылат.

11. Кароол бөлмөгө кире бериш жерде кайтарылуучу объекттерди ачуу (жабуу) үчүн келген адамдардын кароол жайына киришин жокко чыгаруучу тамбур менен жабдылат.

12. Кароол жайына жакын жаткан аймактын бийиктиги 2 метрден кем эмес тосмосу болууга тийиш. Кароол жайына кире бериште бут кийимди тазалоо үчүн ыңгайлаштырылган нерселер (жыгач же темир торлор же темир скобалар), болууга тийиш, кароол жайына жакын жерге акыр-чикир үчүн жабылуучу капкагы бар темир челек орнотулат.

13. Күйүүчү отундун зарыл болгон запасы, жарык берүү каражаттары (шамдар, чырактар, фонарлар) жана шыпырып тазалоо үчүн шаймандар кампада сакталат.

14. Кароол жайынын алдында кароолду тизүү үчүн жана ок кармоочу курал-жарактарды октоо үчүн аянтча, аларга сутканын караңгы мезгилинде жакшы жарык берилип, ошондой эле курал-жаракты сактоо үчүн пирамидасы бар алмаштырылуучу кароолдун өздүк курамы жайгашышы үчүн орун (жай) жабдылат. Транспорт каражаттары бар кароолдор үчүн транспорт токтоочу жайлар жасалат.

 

 

101-статьяга карата
7-тиркеме

 

_______________________________

(аскер бөлүгү)

 

№ ___ Кароолунун окторунун запасын эске алуу китеби

 

Октордун келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын датасы

Октордун саны

октордун алынышы жана толтурулушу жөнүндө документтин аталышы жана номери

Октордун абалын текшерүү

автоматтарга жана карабиндерге

тапанчалардын

текшерүүнүн датасы жана октордун саны жана абалы жөнүндө текшерүүчүнүн белгилегендери

табылган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө белги

 

 

 

 

 

 

 

... турат

... алынды

 

Гарнизондун аскер коменданты

(Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) _________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

│             │                 │                   │                │                 │                  │

│             │                 │                   │                │                 │                  │

│             │                 │                   │                │                 │                  │

 

... турат

... толукталды

 

Гарнизондун аскер коменданты

(Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) __________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

│             │                 │                   │                │                 │                  │

│             │                 │                   │                │                 │                  │

│             │                 │                   │                │                 │                  │

 

... турат

 

Гарнизондун аскер коменданты

(Аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) __________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: 1. Окторду алып коюу (толуктоо) жөнүндө актыга гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн) штабынын зардалы, ок-дарылар ага жазылган аскер бөлүгүнүн ракеталык-артиллериялык куралдануу кызматынын зардалы, кароолдор боюнча (аскер бөлүгүн боюнча) кезметчи жана кароолдун зардалы кол коет.

2. Гранаталардын жана жардыргычтардын эсеби болжол менен алганда ушундай эле түрдө алынат. Тиешелүү графаларда зарыл болгон аталыштар көрсөтүлөт.

 

233- жана 298-статьяларга карата
8-тиркеме

 

КАРООЛДУК КИЙИМ

 

1. Кароолдук кийим шинелден (чолок тондон, жылуу талаа күрмөсүнөн), таза жана бүтүн күнүмдүк (талаа) кийиминин комплектинен, бут кийимден, баш кийимден, курдан жана ок кутусу үчүн сумкадан турат.

Аскердик бөлүктүн Аскер Туусунун жанындагы тозоттогу кароолчулар параддык кийимчен болушу мүмкүн.

Тозоттук кийим катары кышкы мезгил үчүн тон жана кийиз өтүк, жайкы мезгил үчүн баш чүмбөттүү плащ же таар жана атайын суу өтпөөчү бут кийим колдонулат. Тондон сырткары тозоттук кийим ар бир тозотко эки комплекттен болуп, алардын бири кароол жайында, экинчиси тозотто болот. Андан сырткары кароол жайында кароолдун зардалы, анын жардамчылары, сакчыларды жайгаштыруучу жана гауптвахтада камалып жаткандарды алып чыгуу үчүн плащтар же таар кементайлар жана атайын суу өтпөөчү бут кийимдер болууга тийиш.

Өзгөчө учурларда гарнизондун зардалынын көрсөтмөсү боюнча сакчылар кызматты ок өткөрбөөчү чыптамаларды жана болот баш кийимдерди кийип өтөшү мүмкүн.

2. Кароолдор бөлүштүрүлүүчү жерге шинелчен (чолок тончон, жылуу талаа күрмөчөн) келүүгө тийиш. Ысык мезгилде аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалынын) көрсөтмөсү боюнча кароолдор бөлүштүрүлүүчү жерге шинелсиз (чолок тонсуз, жылуу талаалык күрмөлөрсүз) келиши мүмкүн.

Шинелди (чолок тонду, атайын жылуу күрмөнү) кийип жүрүүнүн тартиби бөлүштүрүү убагында кароол боюнча (аскер бөлүгү боюнча) кезметчи, ал эми бөлүштүрүүдөн кийин кароолдун зардалы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Жайкы мезгилде суук шамал уруп жана жаан жаап турганда нөөмөттөр тозотторго шинелчен (жылуу талаалык күрмөлөрдү) жөнөтүлөт. Абанын температурасы көлөкөдө +15 градустан жогору болгондо, нөөмөттөргө шинелдерди (жылуу таар кементайчан талаа күрмөлөрдү) кароол жайындагы кийим илгичтерге калтырууга уруксат берилет.

4. Аба ырайы бузулуп турганда нөөмөттөр тозотторго плащчан (таар кементайчан) жана суу өтпөөчү бут кийимчен жөнөтүлөт.

Сакчылар тозотто плащтарды (таар кементайларды) зарылдыгына жараша чечет (кийет).

5. Тозотко кийүүчү ичик тозотто туруу мезгилинде гана кийилет жана чечилет.

Кийиз өтүктөр кароол жайында кийилет.

Тондорду жана кийиз өтүктөрдү температура -5 градустан төмөн болгондо жана суук шамал уруп турганда кийүүгө уруксат берилет.

Тон шинелдин (жылуу талаалык күрмөнүн) сыртынан кийилет.

Чечилген тондор жана плащтар (таар кементайлар) тозоттук чатырчанын алдына же көз салуучу мунарага илинет.

Плащтар (таар кементайлар) жана кийиз өтүктөр тозоттон кайтып келгенден кийин чечилет жана кургатылат.

Ок өтпөөчү чыптамалар жана болот баш кийимдер тозотко жөнөөрдүн алдында кароол жайында кийилет жана тозоттон кайтып келгенден кийин чечилет.

6. Жылытылуучу жайлардын ичиндеги сакчылар температура +18 градустан кем эмес болгондо дайыма шинелсиз (чолок тонсуз, жылуу талаалык күрмөсүз) жүрүүгө тийиш.

 

183-статьяга карата
9-тиркеме

 

ТОЗОТТО ТУРГАН САКЧЫНЫН КУРАЛЫНЫН АБАЛЫ

 

(Сүрөт). Тик туруп атуу үчүн даярдануудагы сакчынын автоматынын абалы;

(Сүрөт). Боону колдонуу менен тик туруп атуу үчүн даярдануудагы сакчынын автоматынын абалы;

(Сүрөт). Тик туруп атуу үчүн даярдануудагы сакчынын карабининин абалы;

(Сүрөт). Таар кементай кийип турганда сакчынын куралынын абалы.

 

Эскертүү: 1. Кыймылдап жүргөндө сакчы куралды сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй кармайт.

2. Автоматчан сакчыга оң же сол колун бир мезгилде ылдый түшүрүүгө, ал эми карабинчен сакчыга сол колу менен куралдын машасынын алдынан кармоого тыюу салынат.

3. «Боого асынган», «төшкө такаган» же «санга такаган» абалдарда курал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Сап уставында көрсөтүлгөн эрежелер боюнча кармалат.

 

128-статьяга карата
10-тиркеме

 

КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ ӨЗДҮК КУРАМДЫ ДАЯРДОО ҮЧҮН
 КАРООЛ ШААРЧАСЫН ЖАБДУУ

 

Окуп-үйрөнүүчү жерлер

 

А - кароолду теориялык жактан даярдоо үчүн класс; Б - машыгуу жана куралды октоо жана огун алуу үчүн орун; В - тозотту, нөөмөттү, сакчыны кабыл алуу жана өткөрүү орду; Г - өрт чыкканда сакчы аракеттенүүчү орун; Д - жагдайлардын ар кандай шарттарында тозоттогу сакчы аракеттениши үчүн орун; Е - кол менен кармашуунун ыкмаларын үйрөнүү үчүн орун; Ж - Аскер Туусунун жанындагы сакчынын аракеттери үчүн орун; З - аскер жүктөрү (мындай кароолдорду бөлүп берген аскер бөлүктөрү үчүн) жүктөлгөн транспортту кайтаруу үчүн кароолду даярдоонун орду.

 

Жабдуулар

 

1 - жарык берүүчү плафон; 2 - плакаттар (үйрөнүлүп жаткан окуу маселелери) үчүн такта; 3 - өрт өчүргүчтөр; 4 - байланыш каражаттары; 5 тыюу салынуучу чек аралардын (бөтөн адамдардын андан жакын келишине тыюу салынган аралыктардын) көрсөткүчтөрү; 6 - кайтаруунун техникалык каражаттары жана сакчы менен транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн чыйыры (жолу) бар тозоттордун периметрлеринин элементтери; 7 - тозоттук чатырча; 8 - башкаруу пульту; 9 - кол менен кармашуу ыкмаларын үйрөнүү үчүн орун; 10 - кароолду тизүү үчүн аянтча; 11 - плакат (тозотто турган сакчынын куралынын абалы жана аны колдонуунун тартиби); 12 - сакчы үчүн тосмо; 13 - плакат (кароолдун адамдарынын милдеттери жана аскердик жүктөр жүктөлгөн транспортту кайтаруудагы коопсуздук талаптары); 14 кароолдун өздүк курамы менен сабак өткөрүүнүн планы; 15 - акча ящиги; 16 - ок кутуларын жабдуу үчүн орун; 17 - бут кийимди тазалоо үчүн орун.

 

121-статьяга карата
11-тиркеме

 

ОБЪЕКТТЕРДИ КАРООЛ ИТТЕРИН ПАЙДАЛАНУУ
МЕНЕН КАЙТАРУУ

 

Жалпы жоболор

 

1. Объектти кайтарууну күчөтүү үчүн колдонулуучу кароол иттери негизинен түн ичинде жана айлана начар көрүнүп турганда (жаан, туман ж.б.) пайдаланылат.

2. Кароолду бөлүштүрүүгө кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы гана келет.

3. Иттердин тозотто болушунун узактыгы суткасына 12 сааттан ашпоого, ал эми температура -20 градус жана андан төмөн болгондо 6 саатка чейин кыскартылууга тийиш, бул жөнүндө кароолдун зардалы кароол иттеринин нарядынын журналына жана тозоттук ведомостко жазып коет.

4. Объектти кайтарууну күчөтүү үчүн ит алынып чыккан жердин атайын жабдылган участогу кароол ити үчүн тозот деп аталат.

Кароол иттеринин тозоттору объектке жакын өтө кооптуу жерлерде белгиленип, тышкы тосмонун (тозоттун) алдына 80 метрге чейин алыстыкта же тышкы тосмо менен кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылган биринчи чекке иттин алдындагы жерди атуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен белгиленет.

5. Кароолдун зардалынын кароол иштеринин кызматы боюнча жардамчысы (ит жетелөөчү) иттерди тозотко кароолдун зардалынын буйругу боюнча коет. Тозотко иттерди коюуну кароолдун зардалынын жардамчысынын же жооптуу бөлүштүргүчтүн коштоосу менен жүргүзөт. Ар бир ит жетелөөчү сөзсүз мурунтук кийгизилген экиден ашпаган итти жетелейт.

Тозоттун жабдууларынын бузук эместигине ынангандан кийин ит жетелөөчү иттин мойнуна чынжырды бекитүү менен анын мурунтугун жана жетелөөчү боосун чечет.

Тозотторго иттерди коюп бүткөндөн кийин кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы бул жөнүндө кароолдун зардалына баяндама жасайт.

6. Сакчыдан белги алуу же иттин үргөнүн угаары менен кароолдун зардалы жагдайды билүү үчүн өзүнүн кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысын, ошол тозоттун ит жетелөөчүсүн жана тиешелүү бөлүштүргүчтү токтоосуз жиберет.

7. Таң атканда же айлана жакшыраак көрүнүп калгандан кийин (жаандан, тумандан, кардан кийин) иттер кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы тарабынан кароолдун зардалынын жардамчысы же жооптуу бөлүштүргүчтүн коштоосу менен тозоттордон алынат жана ит жетелөөчү тарабынан өздөрү такай жайгашкан жерге алынып барылат. Кароол иттерин тозоттордон алуу же тозоттордон алмаштыруу жөнүндө кароолдун зардалы өзүнүн кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысына көрсөтмө берет.

8. Тозоттогу иттердин жана тозоттордун абалын текшерүү кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы (ит жетелөөчү) тарабынан контролдоочу-кайтаруучу топтун курамында же кароолдун зардалынын жардамчысынын (тиешелүү бөлүштүргүчтүн) коштоосу менен жүзөгө ашырылат.

9. Кароол иттерин багуунун жана даярдоонун тартиби, ошондой эле кароол иттеринин тозотторун жабдуу боюнча көрсөтмөлөр жана тозоттогу кароол иттеринин ишин текшерүүнүн тартиби атайын жетекчиликке алынуучу катта баяндалат.

 

Кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы
боюнча жардамчысы

 

10. Кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы кароол иттерин улук жетелөөчүлөрдүн ичинен дайындалат. Ал кароолдун зардалына баш иет жана иттерди тозотторго өз убагында коюу үчүн жана кароол иттерин жетелөөчүлөрдүн кызмат өтөөсү үчүн жооп берет.

11. Кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кароол иттеринин тозотторунун жайгашуусун так билүүгө жана иттерди тозотторго коюуга жетекчилик кылууга;

- тозотторго кароол иттери менен ит жетелөөчүлөрдү жөнөтүүнүн алдында ит жетелөөчүлөрдүн өз милдеттерин билишин жана иттердин жабдылышынын тууралыгын текшерүүгө;

- иттер тозоттордо турганда алардын абалын бир жолудан кем эмес текшерүүгө;

- кароол иттеринин нарядынын журналын жазууга (тозоттун номери, иттин аты, ит жетелөөчүнүн фамилиясы жана инициалдары, итти тозотко койгон убакыт, текшерген убакыт жана иттин ишинин натыйжалары, аба ырайынын абалы, итти тозоттон алуунун убактысы).

 

Кароол иттерин жетелөөчү

 

12. Кароол иттерин жетелөөчү кароол иттеринин тозотторунун бузулбаган абалда болушу үчүн жооп берет. Ал кароолдун зардалына жана анын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысына баш ийет.

13. Кароол иттерин жетелөөчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысынын уруксатысыз өзүнүн кичи бөлүгүнөн эч жакка кетпөөгө;

- кароол иттеринин тозотторунун жайгашышын жана алардын тозоттордогу абалын билүүгө;

- өзүнүн кезметиндеги кароол иттерин жана алардын тозоттордогу абалын билүүгө;

- кароолдун зардалынын кароол иттеринин кызматы боюнча жардамчысынын буйругу боюнча кароол иттеринин тозоттордогу абалын, ошондой эле тозоттордун абалын текшерүүгө;

- тозоттордогу табылган оң эместиктерди (тростун же чынжырдын үзүлүшү, иттин чаташып калышы) токтоосуз четтетүүгө карата чараларды көрүүгө.

 

26-статьяга карата
12-тиркеме

 

ГАРНИЗОНДУН АСКЕР КОМЕНДАТУРАСЫНЫН ЖАЙГАШТЫРЫЛЫШЫ
 ЖАНА ЖАБДЫЛЫШЫ

 

1. Гарнизондун аскер комендатурасынын жайгашышы үчүн өзүнчө имарат же өзүнчө жай, ошондой эле аскер кийимин кийип жүрүүнүн эрежелерин бузгандык же аскердик учурашууну аткарбагандык үчүн кармалган аскер кызматчылары менен сапта басуу даярдыгын өткөрүү үчүн атайын орун бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Бөлүнүп берилген имараттын (жайдын) жалпы аянты Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын мекемелерин жайгаштыруу үчүн белгиленген ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

2. Гарнизондун аскер комендатурасы үчүн имаратта (жайда) кароолдор боюнча кезметчи жана анын жардамчысы үчүн, патрулчулар үчүн, гарнизонго келүүчү аскер кызматчыларын каттоо үчүн бөлмөлөр, аскер кызматчыларын, солдаттарды жана сержанттарды (старшиналарды) убактылуу кармоо үчүн өзүнчө, прапорщиктерди жана офицерлерди кармоо үчүн өзүнчө камералар, ошондой эле тиричилик жактан тейлөө бөлмөсү болууга тийиш.

Аскер комендатурасы менен биргелешип гарнизондун аскердик автомобиль инспекциясы жайгаштырылышы мүмкүн. Ал үчүн ААИнин зардалынын жана анын орун басарынын (ААИнин улук инспекторунун), кезметчи инспектордун бөлмөлөрү, ошондой эле гарнизондун ААИсинин аскердик квалификациялык комиссиясынын заседаниелеринин бөлмөсү, ААИнин нарядын даярдоочу жана нускамадан өткөрүүчү жана айдоочулардын жол кыймылынын эрежелеринин билүүсүн текшерүүчү класстар жабдылат.

Аскер комендатурасынын жанында патрулдардын жана ААИнин транспорт каражаттарын токтотуу үчүн орун жабдылат.

3. Кароолдор боюнча кезметчинин жана анын жардамчысынын бөлмөсүндө:

- кароолдор боюнча кезметчиге нускама;

- гарнизондун аскер бөлүктөрү, ички иштер органдарынын жайгашуусу, патрулга чыгуунун маршруттары, ААИнин текшерүү тозотторундагы жана шаардын көпчүлүк жүрүүчү негизги жерлери көрсөтүлгөн чиймеси;

- кезметти кабыл алуу жана өткөрүп берүү китеби;

- шаардын телефондорунун номерлери бар маалымат алуучу китеп;

- гарнизондун кароолдорунун тозотторунун жайгашуусунун чиймеси;

- гарнизондун кароолдорунун тозотторуна табелдер;

- гарнизондук кароолдордун зардалдарына нускамалар;

- кароолду текшерүү укугуна ырастамалардын үлгүлөрү;

- уставдар;

- документтерди сактоо үчүн металл ящиги;

- гарнизонго келүүчүлөрдүн кароолдор (командалар) жана гарнизондук патрулдардын курал-жарагын жана ок-дарыларын сактоо үчүн сейф же метал сейфи;

- радиостанцияларды сактоо үчүн шкаф (текче);

- жазуу прибору менен кеңсе столу;

- жумушчу дептери;

- үч-төрт орундук;

- жарым-жартылай жумшак кушетка;

- саат;

- сырткы термометр;

- сырт кийимдер үчүн шкаф же кийим илгич;

- суу үчүн графин жана стакандар;

- гарнизондун зардалы, гарнизондун аскер коменданты, шаардын кароол, өрт өчүргүч бөлүктөрү жана гарнизондун аскер бөлүктөрүнүн командирлери менен байланышуу үчүн телефон, ошондой эле патрулдар жана ААИнин текшерүү тозоттору менен байланышуу үчүн радиостанция;

- жарык берүүнүн резервдик булактары болууга тийиш.

4. Патрулчулар үчүн бөлмөдө:

- патрулга чыгуунун маршруттарынын чиймеси;

- аскер кызматчыларынын кийимдери тартылган плакаттар (сүрөттөр);

- стол;

- патрулчулардын саны боюнча орундуктар;

- серелер;

- сырт кийим үчүн шкаф же кийим илгич;

- суу куюу үчүн графин жана стакандар;

- газеталар жана журналдар болууга тийиш.

Патрулдар курал алып жүрүүчү гарнизондордо патрулчулар үчүн бөлмөдө курал-жарактарды сактоо үчүн пирамида жана аларды тазалоо үчүн стол да коюлат.

5. Убактылуу кармалган аскер кызматчылары үчүн камераларга жатуучу тактайлар орнотулууга жана терезелеринде темир торлор болууга тийиш.

6. Гарнизондун аскер комендатурасынын жайларын чарбалык камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби гарнизондун зардалы тарабынан аныкталат.

 

20- жана 26-статьяларга карата
13-тиркеме

 

ГАРНИЗОНДУН ИШ САПАРЫНДА ЖАНА ӨРГҮҮДӨ ЖҮРГӨН АСКЕР
 КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ЖАНА АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮН ЭСЕПКЕ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

1. Иш сапарынан же өргүүсүнөн ордуна келгенден кийин ар бир аскер кызматчысы гарнизондун аскер комендатурасына (ал жок жерде - эң жакын жайгашкан аскер комиссариатына) эсепке турууга, ал эми кызмат өтөгөн жерге кетерде эсептен чыгууга милдеттүү.

Аскер кызматчысы жүргөн жер аскер гарнизондун аскер комендатурасынан же аскер комиссариатынан 10 чакырымдан алыс болгондо аскер кызматчысы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эсепке тура (эсептен чыга) алат.

Аскер бөлүгүнө иш сапарына жиберилген аскер кызматчылары эсепке ошол бөлүктө турат.

Эсепке турууда жана эсептен чыгууда иш сапарынын ырастамасына же өргүү билетине тиешелүү белги коюлат. Келгендиги жөнүндө белги келген кийинки күндөн кечиктирилбестен, ал эми кеткендиги жөнүндө белги кетердин алдында же кеткен күнү коюлууга тийиш.

2. Генералдар жана полковниктер өздөрүнүн келгендиги жана кеткендиги жөнүндө гарнизондун аскер комендантына же аскер комиссарына телефон боюнча же кат жүзүндө билдирет, ал эми иш сапарынын ырастамасын же өргүү билетин ага келген жана кеткен датаны белгилетүү үчүн чабаган менен жибере алат.

Офицерлерге, прапорщиктерге, мөөнөттөн ашык кызматтын аскер кызматчыларына, аскер кызматындагы аялдарга гарнизондун аскер комендатурасына (аскер комиссариатына) граждандык кийим менен келүүгө уруксат берилет.

3. Иш сапарында же өргүүдө жүргөн убакта бардык аскер кызматчылары өргүү билетин же иш сапарынын ырастамасын өзү менен алып жүрүүгө жана аларды зардалдардын жана наамы жогоркулардын талаптары боюнча көрсөтүүгө милдеттүү. Дареги алмашылган, өргүүнүн же иш сапарынын мөөнөтүн узартууга уруксат алган, ооруп калган учурда же башка себептер боюнча өз убагында кетүүсү кармалып жаткан аскер кызматчылары бул жөнүндө токтоосуз гарнизондун аскер комендатурасына, аскер комиссариатына же мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (эсепке алууга турган жердеги) токтоосуз кабарлоого тийиш.

4. Өргүүгө же иш сапарына келген аскер кызматчыларын эсепке алуу үчүн гарнизондун аскер комендатурасында (аскер комиссариатында) аскер кызматчыларын эсепке алуунун төмөнкү тариздеги китеби жазылат.

5. Мобилизация жарыяланганда өргүүдө жүргөн (оорусу боюнча өргүүдө жүргөндөрдөн башка) же иш сапарында жүргөн аскер кызматчыларынын баары эсептен чыгууга жана токтоосуз өзгөчө тескемелерди күтпөстөн кызмат өтөгөн жерине жөнөөгө милдеттүү. Эгерде мурда жайгашкан жеринде аскер бөлүгү жок болуп калса, аскер кызматчылары эң жакын турган аскер комендантына же аскер комиссариатына келүүгө милдеттүү. Оорусу боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчылары кайрадан күбөлөндүрүү үчүн аскер комиссариатына келүүгө, ал эми ден соолугу боюнча келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондо дарылоочу врачтын справкасын тиркөө менен бул жөнүндө кат жүзүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

 

ИШ САПАРЫНДА ЖАНА ӨРГҮҮДӨ ЖҮРГӨН АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫН
ЭСЕПКЕ АЛУУ КИТЕБИ

 

катар №

аскер наамы

фамилиясы, аты, атасынын аты

аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы

гарнизонго келген максаты

иш сапарынын баракчасынын же өргүү билетинин номери жана датасы

 

өргүүдө (иш сапарында) туруктуу жашаган жеринин дареги

өз аскер бөлүгүнө качан кетүүгө тийиш экендиги

кармалып калуусунун себеби жана канча мөөнөткө кармалары жөнүндө белги

эсепке алуудан чыгуунун белгиси

 

 

«_____»____________________

     (жыл, күн, ай)

 

6. Гарнизондун аскер бөлүктөрүн (өзүнчө бөлүкчөлөрдүн, командаларын) эсепке алуу гарнизондун аскер коменданты тарабынан белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

Аскер бөлүктөрүн (бөлүкчөлөрдү, командаларды) башка гарнизондун чегине же ага коңшу пункттарга жиберген командирлер (зардалдар) ошол гарнизондун зардалына алардын келиши жөнүндө кабарлап коюуга милдеттүү.

Аскер бөлүгүнүн командири (бөлүкчөнүн, команданын зардалы) көрсөтүлгөн пункттагы бөлүккө (бөлүкчөгө, командага) келгенден кийин бул жөнүндө гарнизондун зардалына (аскер комендантына) баяндама жасоого жана келген күнү аны гарнизондун аскер комендатурасына эсепке коюуга милдеттүү.

 

14-тиркеме КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 173  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20, 23, 45, 163, 167, 196-статьяларга карата
14-тиркеме

 

Гауптвахталар жөнүндө 

Жалпы жоболор

 

1. Ушул тиркеменин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда изоляция шарттарында кармоо үчүн атайын жабдылган жай гауптвахта деп аталат. Гауптвахта гарнизондук же аскердик болушу мүмкүн.

2. Гарнизондук гауптвахтада төмөнкү аскер кызматчылары кармалат:

- соттун. токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөткө соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүнө кармоо түрүндөгү жазага тартылгандар; ,

- кылмыш жасаганга күнөөлүүлөр (эгерде ушул тиркеменин тиешелүү пункттарында башкача каралбаса, мындан ары «күнөөлүүлөр» деген түшүнүк «соттолуучулар» жана «соттолгондор» деген түшүнүктөрдү камтыйт); кылмыш жасаганга шектүүлөр же камакка алынгандар соттун чечими боюнча кармалган мезгилден

же камакка алынгандан тартып - 48 сааттан ашпаган убакытка; сот тарабынан шектүүгө же күнөөлүүгө карата камакка алуу түрүндө чараларды тандоо жөнүндө чечим кабыл алуу кийинкиге жылдырылган учурда, гауптвахтада аскер кызматчылары ушундай чечимди сот кабын алган мезгилден тартып 72 сааттан ашпаган убакытка кармалышы мүмкүн; качан камакка алынган аскер кызматчыларын тергөө изоляторуна жеткирүү жердин алыстыгына же тиешелүү каттам жолдорунун жоктугуна байланыштуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, алар гауптвахтада 30 суткага чейин кармалышы мүмкүн. Соттолгон аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахтада жаза өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кармалышат;

- кармалган аскер кызматчылары.

3. Гарнизондук гауптвахтада жетиштүү бош орундар жок болгондо гарнизондун зардалынын (бирикменин командиринин) буйругу менен аскердик гауптвахта түзүлөт жана кылмыш жасаганга шектүүлөр жана күнөөлүүлөр, соттолгондор үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар жана гарнизондук гауптвахта үчүн баяндалгандарга карата алганда кармалган солдаттар жана сержанттар (старшиналар) үчүн гана жабдылат.

4. Гарнизондук (аскердик) гауптвахтадан бир кыйла алыс жайгашкан аскердик бөлүктөрдө гарнизондун зардалынын (бирикменин командиринин) буйругу менен кармалган аскер кызматчыларын кармоо үчүн изоляцияланган бөлмөлөр жабдылышы мүмкүн. Алардын жабдылышына талаптар кармалган аскер кызматчылары үчүн дайындалган гауптвахтанын камераларына болгон талаптардай эле болот. Көрсөтүлгөн бөлмөлөрдө кармалган аскер кызматчылары болгондо алар дайыма аскер бөлүгүнүн кезметчисинин, анын жардамчысынын же аскердик бөлүктүн суткалык нарядынын курамынан бөлүнгөн аскер кызматчысынын көзөмөлүндө болушу керек.

5. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо кыйноолордон, зордуктан жана башка ырайымсыз же адамдык ар-намысты кемсинтүү менен аларга мамиле кылуудан коргоо кепилдиктерин сактоого негизделет.

Мында төмөнкүлөр камсыз кылынышы керек:

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кайтаруу жана аларды көзөмөлдөө;

- шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү изоляциялоону камсыз кылуу;

- кылмышка шектүүлөр жана күнөөлүүлөр үчүн гауптвахтада ички тартиптик эрежелери жана соттолгон аскер кызматчыларынын жазаны өтөө эрежелери менен регламенттелген, соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн ушул Уставда белгиленген тартиптин сакталышы (мындан ары - аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо эрежелери);

- гауптвахтада укуктук тартип жана мыйзамдуулук, изоляция шарттарында кармалып турган аскер кызматчыларынын, ошондой эле кароолдун кызмат адамдарынын жана гауптвахтага келген башка адамдардын коопсуздугу;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын мыйзамдарды жана аскердик уставдарды сактоого, аскердик милдетти жана аскер кызматчынын башка милдеттерин ак ниет аткарууга тарбиялоо;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.

6. Изоляцияда болгон аскер кызматчылары жалпы же жалгыз камераларда кулпу менен бекитилип, дайыма кайтарылып турат. Аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү азага тартылган аскер кызматчылары кылмышка шектүүлөрдөн жана күнөөлүүлөрдөн, соттолгондордон, өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчыларынан, ошондой эле кармалган аскер кызматчыларынан өзүнчө кармалат. Төмөнкүлөр өзүнчө кармалат:

- сержанттар (старшиналар) солдаттардан;

- контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан;

- прапорщиктер сержанттардан (старшиналардан) ана солдаттардан;

- офицерлер аскер кызматчыларынын калган курамдарынан.

7. Гауптвахтада режимди камсыз кылуу жана ички тартипти аткаруу гауптвахтанын зардалына жана гауптвахтанын алдындагы кароолдун өздүк курамына жүктөлөт (мындан ары - гауптвахтада кызмат өтөөчү аскер кызматчылары).

Гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоону камсыз кылуучу гауптвахтанын зардалынын, кароолдун зардалынын жана гауптвахтанын алдындагы кароолдун башка кызмат адамдарынын милдеттери ушул Уставда аныкталат.

8. Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында аскер прокурорлору, тергөөчүлөр же алгачкы териштирүү органдарынын кызмат адамдары жазык иштерин иликтөөдө гарнизондук гауптвахтага аскер комендантына кабарлоо менен инсандыгын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү (кызматтык күбөлүктү) көрсөтүү боюнча гауптвахтанын зардалы (гарнизондун кезметчиси), ал эми аскердик гауптвахтага - аскердик бөлүктүн штабынын зардалына кабарлоо менен аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кирүүгө уруксат берилет. Коргоочу гауптвахтага адвокаттын күбөлүгүн жана ордерди көрсөтүү менен ошол эле тартипте кирет. Кармалган аскер кызматчылары үчүн камераларга аталаган адамдар ушундай тартипти сактоо менен киргизилет.

 

Гауптвахтага аскер кызматчыларын жиберүү жана аларды коштоо (айдоо)

 

9. Аскер кызматчысы соттун токтому угузулган учурдан тартып соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылды деп эсептелет (жазаны өтөө мөөнөтү гауптвахтага коштоо үчүн аны кайтарууга кабыл алган учурдан тартып, ал эми өз алдынча бара жатканда - гауптвахтанын зардалы же аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынган учурдан тартып эсептелет); соттук териштирүүгө чейин кармалган убактысы жана гауптвахтада кармоо убактысы жаза өткөрүү мөөнөтүнө эсептелет. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү ушул Уставдын 21-статьясына ылайык эсептелет.

Алдын ала тергөө мезгилинде кылмышка шектүүнү жана күнөөлүүнү камакка алуу мөөнөтү прокурор кылмыш ишин сотко жибергенге чейин аларды камакка алган учурдан тартып эсептелет.

10. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазаны дайындоо жөнүндөгү гарнизондук аскер сотунун судьясынын токтому гарнизондук аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) тарабынан токтом чыгарылгандан кийин дароо аткарылат. Сотко чейин аларга карата камакка алуу түрүндөгү чара кабын алынган аскер кызматчылары соттун өкүмү (токтому) чыккандан кийин сот залынан гарнизондук гауптвахтага жиберилет.

11. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган же кармалган аскер кызматчылары гауптвахтага төмөнкүдөй жиберилет: мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн солдаттар, - коштоочу менен бирден колоннада үч кишиден ашпаган топ менен; мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн сержанттар (старшиналар), аскердик наамы боюнча тең же улук сержанттардын (старшиналардын) ичинен коштоочу менен солдаттардан өзүнчө; контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары, - аскердик наамы боюнча тең же улук, контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын коштоосунда, Коштоочу коюлган тапшырманы куралы жок аткарат. Ал коштоп бара жаткандардан эки-үч кадам аралыкта жана солдо (оңдо) басат.

Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган же кармалган аскер кызматчылары жана аларды коштоочулар гауптвахтага транспорттук каражаты менен бара алышат.

12. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык аларга камакка алуу түрүндөгү чара көрүлгөн учурда, гауптвахтага айдоочунун алдында жиберилет.

Айдалуучу аскер кызматчылары аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан гауптвахтага жөө же транспорттук каражатта, ал эми бул аймактан чектеринен сыртта жайгашкан гауптвахтага транспорттук каражатта жиберилет. Транспорттук каражат төмөнкүдөй атайын жабдылышы керек: айдалуучу аскер кызматчылары үчүн кулпу менен бекитилүүчү атайын жай жана айдоочуларды жайгаштыруу үчүн орундар болушу керек.

Айдоочунун курамы, куралдануусу жана айдоочулардын өзгөчө милдеттери гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) тарабынан ар бир учурда өзүнчө аныкталат.

13. Айдоочу бир же бир нече айдоочулардан турушу мүмкүн, акыркы учурда алардын бири айдоочунун улугу болуп дайындалат.

Айдоочу айдалуучу аскер кызматчылары гауптвахтанын чектеринен тышкары (дарылоо мекемесине, мончого ж.б.) жүргөндө аларды кайтаруу үчүн жооп берет.

Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:

- айдалуучу аскер кызматчыларынын жүрүм-турумун дайыма байкоого жана берилген бардык командалардын, ошондой эле аскер формасын кийүү эрежелеринин алар тарабынан аткарылышын талап кылууга;

- айдалуучу жерге алардын өз убагында келүүсүн камсыз кылууга;

- айдалуучу аскер кызматчыларынын бетон адамдар менен сүйлөшпөөсүнө көз салууга;

- ушул тиркеменин 40-43-пункттарында каралган негизде жана учурларда күчтү жана атайын каражаттарды, ал эми куралды - ушул Уставдын 196-статьясынын талаптарына ылайын колдонууга;

- айдалуучу аскер кызматчыларынын жүрүм-туруму жөнүндө айдоо аяктагандан кийин гауптвахтанын алдындагы кароолдун зардалына (айдоо дайындаган адамга) билдирүүгө.

Айдоочуга айдалуучу аскер кызматчысы менен сүйлөшүүгө, алардан бир нерсе алууга жана берүүгө, ошондой эле тамак жегенге, ичкенге, тамеки тартканга, ырдаганга, отурганга (эгерде бул анын өзгөчө милдеттери болбосо), табигый муктаждыктарын жасоого жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан башка нерсеге алаксууга тыюу салынат.

Айдоочунун куралы «асынган» абалда болууга тийиш. Курал ушул Уставдын 100-статьясында баяндалган эрежелер боюнча октолот.

14. Гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн штабынын зардалы) гауптвахтага коштоочу менен (айдоочу) ушул тиркеменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жиберет.

 

Аскер кызматчыларын гауптвахтага кабыл алуунун негизи жана тартиби жана аларды эсепке алуу

 

15. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кабыл алуу жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төмөнкү документтер негиз болуп саналат: соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн - тартиптик камакка алууну колдонуу жөнүндө гарнизондук аскер сотунун судьясынын токтомунун (өкүмдү аткаруу жөнүндө соттун чечиминин) көчүрмөсү; аскер соту тарабынан соттолгондор үчүн - өкүмдүн көчүрмөсү; кармалган аскер кызматчылары үчүн - камакка алуу жөнүндө тергөөчүнүн (алгачкы териштирүү органынын) токтомунун же соттун чечиминин же тартип бузуу жөнүндө материалдар боюнча өңдүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө протоколдун көчүрмөсү.

Көрсөтүлгөн документтерден тышкары коштоочу (айдоочу) тарабынан төмөнкүлөр берилет:

а) кызматтык мүнөздөмө жана медициналык китеп;

б) аскер кызматчынын инсандыгын күбөлөндүрүүнү документ;

в) бөлүктүн командири жана гауптвахтага кабыл алуучу аскер кызматчысы кол койгон акчанын суммасы, баалуулуктар жана уруксат берилүүчү жана гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелерине ылайык гауптвахтада керектүү башка буюмдар кирүүчү жеке буюмдарынын тизмеси (эки нускада);

г) аскер кызматчысынын азык-түлүк алуу аттестаты.

16. Гарнизондук гауптвахтага гауптвахтада кармалууга тийиш аскер кызматчылары гауптвахтанын зардалы, ал эми ал жок учурда кароолдун зардалы, аскердик гауптвахтага аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынат.

Гауптвахтага күнү-түнү кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган аскер кызматчылары, ошондой эле кармалган аскер кызматчылары кабыл алынат. Мында ушул тиркеменин 15-пунктунун «а» - «г» пунктчаларында саналган документтер берилбесе болот (же болбосо камакка алынган (кармалган) учурдан тартып 48 сааттын ичинде берилет).

Аскер кызматчыларын кабыл алууда гауптвахтанын зардалы (кароол зардалы, аскер бөлүгү боюнча кезметчи) төмөнкүлөргө милдеттүү:

- аларда ушул тиркеменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жана гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелерине ылайык болууга тийиш буюмдардын болуусун текшерүүгө;

- аскер кызматчыларын жеке өзү текшерүүгө, аларда болгон буюмдарды карап чыгууга, сактоо үчүн камерада алып жүрүүгө болбогон курларды, буюмдарды жана баалуулуктарды алууга;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмеге жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын каттоо китебинин тиешелүү бөлүмүнө зарыл маалыматтарды жазууга;

- гауптвахтада белгиленген кун тартибин, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын тиешелүү курамынын укуктарын жана милдеттерин (жүрүм-турум эрежелерин) кол койдуруу менен тааныштырууга;

- аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо, аларды гауптвахтага кабыл алууга тиешелүү эрежелеринин башка талаптарын аткарууга.

Гарнизондук гауптвахтага аскер кызматчысын кабыл алууга мүмкүн болбогондо гауптвахтанын зардалы (кароолдун зардалы) бул жөнүндө гарнизондун аскер комендантына баяндайт. Аскердик гауптвахтага аскер кызматчысын кабын алууга мүмкүн болбогондо аскер бөлүгү боюнча кезметчи бул жөнүндө аскер бөлүгүнүн командирине баяндайт. Коштоочуга (айдоочуга) гауптвахтанын зардалы (кароолдун зардалы) же аскер бөлүгү боюнча кезметчи кабыл алуудан баш тартуусунун себептери баяндалган катты тапшырат. Аскер кызматчыны кабыл алууга тоскоол болгон себептер четтетилгенден кийин ал токтоосуз гауптвахтага жеткирилиши керек.

17. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмелери гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) тарабынан кол коюлат жана төмөнкү форма боюнча аскер кызматчыларынын тиешелүү курамы боюнча (ушул тиркеменин 2-пункту) өзүнчө жүргүзүлөт:

 

Гаупвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталган тизмеси

 

Катар

Аскер наамы

Фамилиясы, аты, атасынын аты

кайсы камерада кармалат

Датасы жана убактысы

Бошотуу жөнүндө гаупвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин тил каты)

гауптвахтага кабыл алынды

гаупвахтадан бошотулду

 

 

 

 

 

 

 

 

Гауптвахтанын зардалы (Аскер бөлүгү- боюнча кезметчи)

____________________________________________________________________________________

                                           (аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Эскертүү: гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын кабыл алгандан кийин кароолго киришкен зардал тизмеге төмөнкү жазууну жазат: «Ушул тизме боюнча гауптвахтада кармалуучу аскер кызматчыларды (санын көрсөтөт) кабыл алдым», убактысын, күнүн көрсөтөт жана кол коёт. Алмашуучу кароолдун зардалы да ушул жазууга кол коёт.

18. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби төмөнкү форма боюнча аскер кызматчыларынын тиешелүү категориялары боюнча (ушул тиркеменин 2-пункту) жүргүзүлөт:

 

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китеби

 

1. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары

 

Катар №

Аскер кызматы

Аскер наамы

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы

Кайсы сот тарабынан жана эмне үчүн тартиптик камакка алынды

Кабыл алынган буюмдар, документтер жана акчалар

Датасы жана убактысы

Медициналык кароодон өтүүнүн жана мончодо жуунунун убактысы жөнүндө белги

Бошотуу жөнүндө белги

Кетерде буюмдарды, документтерди жана акчаларды алгандыгы жөнүндө тил кат

Камакка алуу мөөнөтүнөн эсептелип башталышы

гауптвахтага кабыл алуу

Камактан бошотуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Аскер соту тарабынан соттолгон, ошондой эле кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары

 

Катар №

Аскер кызматы

Аскер наамы

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Туулган күнү

аскерге чакыруу күнү (контракт)

аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы

Кайсы сот тарабынан жана эмне үчүн (кылмыштын курамы жана КРЖК беренеси) жана канча мөөнөткө камакка алынды

Кабыл алынган буюмдар, документ

тер жана акчалар

Датасы жана убактысы

Үй бүлөлүк абалы жана үй-бүлөсүнүн жашаган жери

Бошотуу жана кайда жиберил

гендиги жөнүндө жазуу

Аскер бөлүгүнө келгендиги жөнүндө жазуу (аскер бөлүгүнүн командирине кабарлаган күн жана №)

Камакка алуу жөнүндө токтомдун көчүрмө

сүн алуу

Камакка алуу мөөнө

түнөн эсептелип башта

лышы

Камактан бошотуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Кармалган аскер кызматчылары

 

Катар №

Аскер кызматы

Аскер наамы

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Аскер бөлүгүнүн шарттуу аталышы

Аскер бөлүгүнүн почта дареги

баш ийүүсү жана аймактык командачылыктын (Күчтөрдүн) аталышы

Ким тарабынан жана эмне үчүн кармалды

Кабыл алынган документтер жана акчалар

Датасы жана убактысы

Бошотуу жөнүндө гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) белги

Кармаган мөөнөттүн башталышы

гауптвахтага кабыл алуу

бошотуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

19. Алынган жана кабыл алынган буюмдардын, нерселерин, документтердин жана акчалардын суммасынын тизмесин гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахта кабыл алынуучунун катышуусу менен гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине жазат жана ага аларды кабыл алуу жөнүндө тил кат берип, андан кийин аны ушул тиркеменин 15-пунктунда саналган документтер менен камерага жайгаштыруу үчүн кароолдун зардалына жиберет.

20. Кароолдун башчысы аскер кызматчыны кабыл алгандан кийин гауптвахтага аны кабыл алгандыгы үчүн негиз болгон документке кол коёт жана документти гауптвахтанын зардалына (аскердик бөлүк боюнча кезметчиге) кайра берет.

Эгерде гарнизондук гауптвахтага аскер кызматчынын кароолдун зардалы кабыл алса, ал аскер кызматчысына андан кабыл алган буюмдар үчүн тил кат берет. Гауптвахтага кабыл алуу үчүн негиз болгон документти жана буюмдарды алардын тизмеси менен кароолдун зардалы гауптвахтанын зардалына берет.

21. Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) аскер кызматчысын гауптвахтага кабыл алуу үчүн негиз болгон документти өзүнө алып калат жана коштоочуга (айдоочуга) гауптвахтада кармоо үчүн аскер кызматчысын кабыл алууга тил каттын формасын берет.

Гауптвахтада кармоо үчүн аскер кызматчысын кабыл алууга тил каттын формасы

 

___________________________________________________________________________

(аскер кызматчынын аскер наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты, бөлүкчөсү, аскер бөлүгү)

_______________ баштап ________________ чейинки ____________________ мөөнөткө

(соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары үчүн гана толтурулат)

_________________________________________________ камерасында кармалуу менен

                  (камерамын аталышы)

___________________________________________________________________________

 

гауптвахтага кабыл алынды

 

Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи)

___________________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

Тил каттын арткы бетинде төмөнкүлөр белгиленет:

 

Аскер кызматчысын да буюмдар толук (мындай буюмдар жок же ашыкча).

Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи)

___________________________________________________________________________

(аскер наамы, колу, фамилиясы)

 

Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо

 

22. Соттолгон аскер кызматчылары тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аткарат, укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланышат, Улуту, расасы, тили, диний ишеними, мурдагы эмгектери жана башка жагдайлар боюнча дискриминациялоого же болбосо артыкчылыктарды берүүгө жол берилбейт.

23. Гарнизондогу гауптвахтанын күн тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскердик гауптвахтада - аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.

Күн тартибинде төмөнкүлөр каралышы керек; түнкү уктоо (сегиз сааттан кем эмес), эртең мененки жана кечки жуунуп-тазалануу, таңкы кароо, аскердик даярдык боюнча машыгуулар, бут кийимди тазалоо жана тамак ичүү алдында колду жуу, тамак ичүү (күнүнө үч жолу), аскер кызматчыларынын жеке керектөөлөрү, күн сайын сейилдөө (бир сааттан кем эмес), аскер кызматчыларынын бар экендигин текшерүү, радио берүүлөрдү угуу үчүн убакыт.

Гауптвахтадагы күн тартиби, ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат кароолдун зардалынын бөлмөсүндө, кароолдун өздүк курамы үчүн жалпы бөлмөдө болушу жана гауптвахтанын ар бир бөлүмүнүн дубалында илинип туруш керек.

24. Эртең мененки кароо жана кечки текшерүү атын атоо тизмелери боюнча кароолдун зардалы тарабынан камералар боюнча жүргүзүлөт.

Гауптвахтадагы соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын күн сайын 8 сааттан тизилип басуу даярдыгы жана аскердик уставдарды үйрөнүү боюнча сабактар өткөрүлөт. Сабактар гарнизондун аскер комендантынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөлөрүнө ылайык гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) тарабынан уюштурулат. Сабактар болуп жатканда аларга курлары берилет.

Жалгыз камалуучу камераларда кармалып турган аскер кызматчылары сабактарга тартылбайт.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына кундуз уктоого жана жатууга тыюу салынат.

25. Күн тартибинде белгиленген убакытта гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары сейилдөөгө алын чыгуучулардын коштоосунда чыгарылат. Сейилдөөнүн узактыгы күн тартибин, аба ырайын, гауптвахтада кармазплп турган аскер кызматчыларынын санын жана башка жагдайларды эске алуу менен белгиленет.

Солдаттар сержанттардан (старшиналардан) өзүнчө чыгарылат. Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларынан өзүнчө чыгарылат. Прапорщиктер калган аскер кызматчыларынан өзүнчө чыгарылат.

Соттолгон аскер кызматчылары күн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары эртең мененки жана кечки жуунуп-тазалануу үчүн камералардан алып чыгуучулардын коштоосу менен; жалпы камерадагылар - камералар боюнча, ал эми жалгыз камерадагылар - кезектүүлүк тартибинде бирден чыгарылат.

Табигый муктаждыктарын жасоо үчүн аскер кызматчылары бирден же 5 кишиге чейин топтор менен алып чыгуучулардын коштоосунда чыгарылат.

Алын чыгуучуну чакыруу байланыш каражаттары аркылуу жүргүзүлөт.

26. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларын гауптвахтанын чектерине алып чыгууда аларга курлары берилбейт.

Гауптвахтадан тышкары (дарылоо мекемесине, мончого ж.б.) жүрүү аскер кызматчылары форма боюнча кийинүүсү тийиш.

Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүнө кармоо түрүндөгү жазага тартылган солдаттар, сержанттар (старшиналар) аскер бөлүгүнүн аймагы боюнча гауптвахтадан тышкары жүрүү үчүн айдоочунун командасы алдында 10 кишиден ашпаган топ болуп катар менен жиберилет, мында контракт боюнча аскер кызматын өтөгөндөр мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөрдөн өзүнчө, ал эми солдаттар сержанттардан (старшиналардан) өзүнчө жиберилет. Прапорщиктер аларды гарнизондун зардалына же гарнизондун аскер комендантына чакырууда, ошондой эле дарылоо мекемесине же мончого барууда эреже катары кароолдун зардалынын же болбосо анын жардамчысынын коштоосунда барат.

Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары ташуу үчүн гарнизондун аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн штаб зардалынын) тескемеси менен атайын жабдылган транспорт каражаты бөлүнөт.

Айдоочулар эреже катары кароолдун курамынан бөлүнөт. Муну жасоо мүмкүн болбогондо гарнизондун аскер комендантынын (аскер бөлүгүнүн штаб зардалынын) тескемеси менен кошумча наряд дайындалат.

27. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары төмөнкүлөргө укуктуу:

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан өзүнүн укуктары жана милдеттери, кармоо эрежелери, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү тартиби жөнүндө маалыматтарды алууга;

- гауптвахтанын зардалына жеке кирүү жөнүндө сунуш менен кайрылууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул тиркемеде тизмеги жана саны аныкталуучу буюмдарды жана нерселерди колдонууга;

- белгиленген убакытта гезиттерди жана журналдарды окууга, радио берүүлөрдү угууга.

Мындан тышкары аларга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

- гауптвахтада кармалуу убагында жеке коопсуздугу;

- тиешелүү категориялар үчүн белгиленген ченемдер боюнча материалдык-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;

- түнкү убакта 8 сааттык уйку;

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан сылык мамиле;

- узактыгы бир сааттан кем эмес күн сайын сейилдөө.

28. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- гауптвахтадагы ички тартиптин жана күн тартибинин белгиленген эрежелерин сактоого;

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын (гауптвахтанын зардалынын жана кароолдун кызмат адамдарынын) мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болбоого;

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана башка адамдардын кадыр-баркын басынтуучу аракеттерди жасабоого;

- өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле гауптвахтадагы башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген атайлап жасаган аракеттерди жасабоого;

- санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого;

- гауптвахтанын мүлкүнө аярлык менен мамиле кылууга;

- гауптвахтанын зардалы тарабынан белгилеген кезектүүлүк тартибинде гауптвахтанын камераларын жана башка кызматтык жайларды тазалоого;

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары камерага киргенде алардын командасы же камера боюнча улуктун командасы боюнча турууга жана көрсөтүлгөн жерге тизилүүгө;

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын талабы боюнча өзүнүн аскер кызматын, аскер наамын жана фамилиясын атоого;

- алып чыгуучунун коштоосунда гауптвахтада жүргөндө колун артында кармоого;

- сырт келбети тыкан болууга;

- тынчтыкты сактоого.

29. Жалпы камераларда соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларынын ичинен камералардагы тазалыкка жана тартипке жооп берүүгө камералар боюнча улуктар гауптвахтанын зардалы тарабынан дайындалат.

Камера боюнча улук төмөнкүлөргө милдеттүү:

- камерага гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчылары киргенде камерада болгон адамдардын саны жөнүндө билдирүүгө;

- камерадагы аскер кызматчыларын эртең мененки кароо, аскер кызматчыларын кароол алмашкан убакта атынан чакырып түгөлдөө жана кечки текшерүү үчүн тизүүгө;

- камералардагы жабдуулардын жана башка мүлктүн сакталышына көз салууга;

- камерадагы тазалыктын сакталышына көз салууга.

30.Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат;

- спирт ичимдиктерин жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшогондорду сактоого жана колдонууга;

- камералардан бир нерселерди ыргытууга, терезенин текчесине чыгууга, терезенин ачылган көзүнөн башын чыгарууга, камера эшигинин кароочу терезесин жабууга;

- бөтөн адамдар менен сүйлөшүүгө, ызы-чуу болууга, ырдоого, музыкалык аспаптарда ойноого, камералардагы тартипти бузууга, келүүчүлөр менен жолугууга, кимдир бирөөдөн бир нерсе алууга;

- өзү жасап алган электроприборлорду колдонууга;

- камералардын жабдууларын бузууга, камералардын дубалдарына жана мүлккө кандайдыр бир жазууларды жазууга, ошондой эле дубалдарга жана эмеректерге фото сүрөттөрдү, сүрөттөрдү, гезиттерден жана журналдардан кесиндилерди чаптоого.

Тамеки чегүүгө өзүнчө жерлерде гана уруксат берилет.

31. Гауптвахтада ички тартиптин эрежелерин аткарбаган же аскердик тартиптин бузулуусуна жол берген аскер кызматчыларына карата тартиптик жаза гарнизондун аскер коменданты (гарнизондук гауптвахтада) же аскер бөлүгүнүн командири (аскердик гауптвахтада) тарабынан колдонулат. Ушул адамдардын жана гауптвахтанын зардалынын (аскер бөлүгү боюнча кезметчинин) буйругу боюнча мындай аскер кызматчылары мындан тышкары, жалгыз камераларга которулушу мүмкүн. Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) мындай учурда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине тиешелүү белгини коёт.

Аскер кызматчысына соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө кошумча жазаны колдонуу үчүн териштирүү материалдары гарнизондук аскер сотуна жиберилет. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазанын үзгүлтүксүз мөөнөтү мындай учурда 45 суткадан ашпоосу керек.

32. Аскер кызматчылары камерада болуу менен ич кийими (мезгил боюнча), таза жана оңдолгон күнүмдүк (талаа) форма кийими жана бут кийими болушу керек.

Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына камераларда жуунуп-тазалануу жана сакал алуучу буюмдардын, кийим жана бут кийим тазалоо үчүн буюмдардын, жүз аарчылардын, жакалардын, мончо жана жеке колдонууга башка майда нерселердин, дептерлердин, жазуу буюмдарынын жана сүрөт альбомдорунун болуусуна уруксат берилет.

Калган бардык кийимдер жана жеке буюмдар гауптвахтада белгиленген тартипте сакталат.

33. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленген күндөрү жана сааттарында жумасына бир жолу мончого түшүүлөрү керек; бул аскер кызматчыларын ич кийим жана төшөнчүлөр, ошондой эле самын менен камсыз кылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкташат. Ошол эле күндөрү аларга медициналык кароо жүргүзүлөт.

Дарылоо мекемелерине жиберилген гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары айыккандан кийин өзүнүн аскер бөлүгүнө келишет. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазаны андан ары өтөө жөнүндө чечим соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны дайындаган сот тарабынан кабыл алынат.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын чачы дайыма тыкан алынган жана сакал-муруту кырылган болушу керек. Чач алуу жана сакал кыруу тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.

34. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары жалпы аскердик тамак-аш ченеми боюнча азык-түлүккө аттестат боюнча тамактанууга кошуп эсептелет.

Эгерде гауптвахтада тамак-аш жасалбаса, анда аны гауптвахтага жеткирүүнүн тартиби гарнизондун аскер коменданты (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан белгиленет.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары тамакты камераларда же гауптвахтанын алдындагы ашканада (тамактануу үчүн бөлмөлөрдө) ичишет. Ашканада тамак ар кандай убакта берилет: прапорщиктер үчүн өзгөчө, контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн сержанттар (старшиналар) үчүн өзүнчө контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн солдаттар үчүн өзүнчө, мөөнөттүү аскер кызматтык өтөгөн сержанттар (старшиналар) үчүн өзүнчө, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жоокерлер үчүн өзүнчө. Жалгыз камераларда кармалып турган аскер кызматчылары тамакты камераларында алышат.

35. Гауптвахтадагы камераларды, дааратканаларды кун сайын жана жалпы (жумасына бир жолу) тазалоо, ошондой эле полдорду жуу (сүртүү) жана мештерди жагуу кароол зардалынын жардамчысынын көз салуусу алдында анда кармалып турган аскер кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт.

Камералар аскер кызматчылары эс алууда жана жумушта жүргөндө күн сайын желдетилет.

Гауптвахтанын жайларын жана дааратканаларды дизенфекциялоо жумасына бир жолу жүргүзүлөт. Караңгы кирээри менен камералар, коридорлор жана дааратканалар жарык кылынышы керек. Уктоо убагында камераларда жарык күйүп туруусу керек.

Кышында камералардагы температура +18°С дан төмөн эмес болууга тийиш.

36. Гауптвахтада аскер уставдарынын, аскердик жана окуу адабияттары жетиштүү санда болуусу зарыл. Гауптвахта жаңы гезиттер менен камсыз кылынууга тийиш. Адабияттарды жана гезиттерди берүү кароолдун зардалы тарабынан жүргүзүлөт.

 

Аскер соту тарабынан соттолгон, соттолуучу, шектүү жана күнөөлүү
аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо

 

37. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары, ошондой эле соттолгондор үчүн гауптвахтада ички тартиптин эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

38. Кылмышка шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчылары жана соттолгондор гауптвахтадан тышкары жүрүүдө айдоочу менен кайтарылат. Айдоочуну бөлүп берүүнүн тартиби жана айдоочулардын милдеттери ушул тиркеменин 12-13-пункттарында баяндалган.

 

Күчтү жана атайын каражаттарды колдонуу

 

39. Кароолдун кызмат адамдары тарабынан гауптвахтсща кармалып турган аскер кызматчыларына карата күчтү жана атайын каражаттарды (резина таяктарды, кишендерди) колдонууга ушул тиркеменин 40-43-пункттарында каралган негизде жана учурларда жол берилет, мында атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде гана колдонулушу мүмкүн.

Кароолдун кызмат адамдары тарабынан теменде каралган эрежелерди бузуу менен күчтөрдү жана атайын каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алын келет.

40. Эгерде күч колдонулбаган ыкмалар укук бузуулардын токтотулушун же мыйзамдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылбаса, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысына карата күч колдонуу алар тарабынан жасалуучу укук бузууларга бөгөт коюу же гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына анын каршы аракеттерин басуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Гауптвахтада кармалып турганган аскер кызматчысына Анын кол салуусунун мизин кайтаруунун өтө зарылдыгын кошпогондо, муштум, бут, баш менен урууга тыюу салынат.

41. Резина таяктары төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана башка адамдарына кол салуусунун мизин кайтарууда;

- массалык башаламандыктарга же гауптвахтада кармоонун белгиленген режимин топтошуп бузууларга бөгөт коюуда;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын же айдоо жана жазаларды аткаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген укукка сыйбаган аракеттерине бөгөт коюуда;

- барымтага алынгандарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулуштарды жана транспорт каражаттарын бошотууда;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын гауптвахтадан же айдоодон качуу аракетине бөгөт коюуда;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын айлана-чөйрөдөгүлөргө зыян келтирүү аракетине бөгөт коюуда.

Резина таяк менен башка, моюнга, ичке жана жыныс органдарына урууга тыюу салынат. Резина таяктарын колдонуу гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларына минималдуу зыян келтирүү менен чектелиши керек.

42. Кишендер кароолдун зардалына сакталат жана анын тескемеси боюна төмөнкү учурларда колдонулат:

- гауптвахтада кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын укукка сыйбаган аракеттерине бөгөт коюуда;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын качуу аракетине бөгөт коюуда;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын өзүнө зыян келтирүү аракеттерине бөгөт коюуда.

Кишендерди колдонууда гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын колдору артында болушу керек.

Кишендер кароолдун зардалынын көрсөтмөсү боюнча тамак ичүү, табигый муктаждыктарын жасоо убагында, жашоо үчүн коркунуч пайда болгондо (өрт чыкканда, суу каптаганда ж.б.), ошондой эле гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысы кокустан ооруп калган учурда чечилет. Кан айлануунун бузулушунан качуу үчүн аларды белгилеп туруу ар бир 2 сааттан сейрек эмес текшерилип турат. Кишендер жок болгондо кароолдун кызмат адамдары байлоонун колдон жасалган каражаттарын колдонууга укуктуу.

43. Күчтөрдү, резина таяктарын, кишендерди же байлоонун кол менен жасалган каражаттарын колдонуунун бардык учурларында күч (резина таягы, кишендер) колдонулган адамдын денесин карап чыгуу жөнүндө медициналык маалымкатты тиркөө менен акт түзүлөт.

 

Бекитемин
Гауптвахтанын зардалы
(Аскер бөлүгү боюнча кезметчи)
_______________________________
(аскердик наамы, колу, фамилиясы)
«__»_____________________ 201__-ж.

 

Күчтү (резина таягын, кишендерди) колдонуу жөнүндө
Актынын формасы

 

«____» _________________ 201_____ж. ____________ с __________________ мин.

___________________________________________________________________________

(Күчтүү резина таягын, кишендерди колдонгон адамдын аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты)

_______________________________________________________________ гауптвахтада

(коштоп бара жатканда, карап чыгууда ж.б.)

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставына ылайык гауптвахтада

кармалып турган төмөнкү аскер кызматчыга карата күч (резина таягы, кишендер) колдонулду

___________________________________________________________________________

(фамилиясы, атасынын аты)

___________________________________________________________________________

(күчтү, атайын каражаттарды колдонуунун түрү)

___________________________________________________________________________

(колдонуунун конкреттүү себептери жана жагдайлары)

_____________________________________________ байланыштуу күч (резина таягы, кишендер) колдонулду

___________________________________________________________________________

(натыйжасы жана кесепеттери)

Кишендер 201____ж. _____-_________________ _______ с ____________ мин чечилди

 

Күбөлөр; ______________________________________________________

(аскердик наамы, колу, фамилиясы)

______________________________________________________________

(аскердик наамы, колу, фамилиясы)

Кароолдун зардалы ________________________________________________

(аскердик наамы, колу, фамилиясы)

«_____»_____________ 201______-ж.

 

Эскертүү:. актыга күч (резина таягы, кишендер) колдонулган адамдардын денесин

карап чыгуу жөнүндө медициналык маалымкат тиркелет. Акт гауптвахтанын зардалында (аскер бөлүгүнүн штабында) сакталат.

 

Аскер кызматчыларын гауптвахтадан бошотуу

 

44. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахтадан гауптвахтанын зардалы, аскердик гауптвахтадан - аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан бошотулат.

Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары жаза мөөнөтүнүн акыркы күнүн биринчи жарымында аныкталган мөөнөткө бошотулат. Жаза мөөнөтүн ай менен эсептөөдө ал акыркы айдын тиешелүү күнүндө, эгерде бул айда тиешелүү күн болбосо - ошол айдын акыркы күнүндө бошотулат.

45. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылган аскер кызматчыларына жаза мөөнөтү бүткөндө же соттун токтому (өкүмү) жокко чыгарылганынын натыйжасында гарнизондун (аскер бөлүгүнүн) кызмат адамдары тарабынан алардын укуктары түшүндүрүлөт жана андан кийин алар өзүнүн аскер бөлүгүнө андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилет.

46. Шектүүлөр жана күнөөлүүлөр гарнизондук гауптвахтанын зардалы тарабынан алгачкы текшерүү жүргүзгөн адамдын, тергөөчүнүн, аскер прокурорунун же соттун токтомунун негизинде кийин аскер комендантына билдирүү менен бошотулат. Эгерде шектүүгө камакка алуу түрүндө чараны колдонуу же болбосо камакта кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтому кармаган учурдан тартып 48 сааттын ичинде келип түшпөсө, анда шектүү адам дароо бошотулат, бул жөнүндө гауптвахтанын зардалы алгачкы текшерүү органына, жазык иши өндүрүштө болгон тергөөчүгө жана аскер прокуроруна кабарлайт. Андан тышкары аскер прокурорунун талабы боюнча гауптвахтада мыйзамсыз кармалып жаткан аскер кызматчылары бошотулат.

Гауптвахтанын зардалы шектүүнү же күнөөлүүнү камакта кармоонун мөөнөтү бүткөнгө чейин 24 сааттан кечиктирбестен бул жөнүндө жазык иши өндүрүштө болгон органга же адамга, ошондой эле аскер прокуроруна кабарлайт.

47. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысынын жаза өтөө мөөнөтү бүтөөр алдында гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) кароолдун зардалына бошотуу жөнүндө катты жиберет, ага өкүлдү жиберүү үчүн аскер бөлүгүнүн (бөлүкчөнүн) командирине аны бошотуу убактысы жөнүндө билдирет.

Кароолдун зардалы бошотуу жөнүндө катты алып, гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысыга катта көрсөтүлгөн мөөнөттө бошотот жана аны гауптвахтанын зардалына (аскер бөлүгү боюнча кезметчиге) жиберет.

Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахтага аскер кызматчысын кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган документке керектүү жазууну жазат.

Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчысын бошотуу жөнүндө каттын формасы:

 

Кароолдун зардалы __________________________________________________________

                       (аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты)

________________________________________________________________ бошотулсун (аскердик наамы, фамилиясы, аты, атасынын аты , убактысы, күнү, айы)

 

Негизи: ___________________________________________________________________

 

Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи)

___________________________________________________________________________

(аскердик наамы, колу, фамилиясы)

«____»________________ 201___-ж.

 

Гауптвахтанын зардалы (аскер бөлүгү боюнча кезметчи) гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебинде жана гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын аты аталуучу тизмесине аскер кызматчысын бошотуунун убактысы жөнүндө жазат жана ага гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларын эсепке алуу китебине тил кат жаздыруу менен өздүк буюмдарын, акчаларын жана документтерин берет. Аскер кызматчысына буюмдарды, акчаларды жана документтерди алгандыгы жөнүндө мурда берген тил кат жок кылынат.

Бошотуу жөнүндө тил каттарды кароолдун зардалы тозоттук ведомость менен бирге баш ийүү тартибинде берет.

48. Cоттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчыларына бошонууда гауптвахтадан бошонуу жөнүндө маалымкат, анын инсандыгын ырастоочу документ, азык-түлүк аттестаты, чапталган конверттеги медициналык китеби берилет. Кызматтык карточка жана мүнөздөмө аскер бөлүгүнө почта аркылуу жиберилет.

Ордендер, медалдар, теш белгилери жана алардын документтери, акчалар жана баалуулуктар, ошондой эле башка өздүк буюмдар бошотулган адамга өздүк буюмдардын тизмесинде жана таратуу ведомостуна кол койдуруу менен берилет. Өздүк буюмдардын тизмеси жана таратуу ведомосту гауптвахтада бир жыл сакталат.

49. Шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчыларын гауптвахтадан бошотууда гауптвахтанын зардалы аларды бошотуу убактысы жана негизи жөнүндө гарнизондун аскер коменданты кол койгон маалымкатты аларга берет.

50. Контракт боюнча аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчылары аскер бөлүгүнө өз алдынча, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн катардагы жана сержанттык курамдагы аскер кызматчылары аскер бөлүгүнүн коштоочулары менен жиберилет. Аскер кызматчысынын аскер бөлүгүнө келгени жөнүндө анын командири гарнизон боюнча кезметчиге белгиленген тартипте дароо билдире

 

Гауптвахтаны жабдуу

 

51. Гауптвахтада кармалаган аскер кызматчыларына санитардык-гигиеналык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттары түзүлөт. Терезелери жана тиешелүү вентиляциясы жок жердин алдында, жер төлө жайларында, ар кандай сыйымдуулуктарда, чуңкурларда жана башка жерлерде гауптвахталарды (анын ичинде талаа шарттарында) жабдууга чечкиндүү тыюу салынат.

52. Горнизондук гауптвахтада төмөнкүлөр болуусу тийиш:

- солдаттарды, сержанттарды (старшиналарды) кармоо үчүн жалпы бөлүм;

- прапорщиктерди кармоо үчүн бөлүм.

Гауптвахтаны кароол менен бир жайда жайгаштырууда камалгандарды кароол жайы аркылуу алып өтүү болтурбоого тийиш.

53. Гауптвахтанын жалпы бөлүмүндө төмөнкүлөр болуусу тийиш:

- соттолгон солдаттар, сержанттар (старшиналар) үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар үчүн жалпы камералар;

- жалгыз камералар;

- шектүү жана күнөөлүү солдаттар, сержанттар (старшиналар) үчүн жалпы жана жалгыз камералар;

- аларга карата өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчылар үчүн жалпы камералар;

- кармалгандар үчүн камералар.

54. Прапорщиктерди кармоо үчүн гауптвахтанын бөлүмүндө төмөнкүлөр болуусу тийиш:

- соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага тартылгандар үчүн жалпы камералар;

- шектүүлөр жана күнөөлүүлөр үчүн жалпы жана жалгыз камералар;

- аскер соту тарабынан соттолгон, аларга карата өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек аскер кызматчылары үчүн жалпы камералар;

- кармалгандар үчүн камералар.

Прапорщиктерди кармоо үчүн бөлүмдө шектүү (күнөөлүүлөрдү) офицерлерди кармоо үчүн өзүнчө камералардын болушуна уруксат берилет.

55. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчылары жеке пайдалануу үчүн жата турган орун, төшөнчү буюмдары: матрас, жаздык, жууркан, шейшептер (эки шейшеп жана жаздык кап); сүлгүр; ашкана идиш-аяктары (кесе, кружка, кашык); китептер, гезиттер жана журналдар; стол үстүндөгү оюндар (шашки, шахмат, домино: жалпы камерага бир топтомдон); жазуу буюмдары менен камсыз кылынуусу тийиш. Камераларда камерадагы адамдардын санына жараша керебеттер, столдор, отургучтар, өздүк кийимдер үчүн тумбочкалар, жуунуп-тазалануу жана сакал алуу буюмдары (эки кишиге бирөө), фонтанчиктер менен жабдылган иче турган суусу менен бактар, сырткы кийим үчүн кийим илгичтер, дубалга тагылуучу күзгү, электр приборлорун кошуу үчүн розетка, жалпы мамлекеттик программаны угуу үчүн радио, алып чыгуучуну (сакчыны) чакыруу үчүн кнопка, күндүзгү жана түнкү жарык берүү үчүн чырактар, таштанды үчүн урна, түкүргүч, камераны тазалоо үчүн инвентарлар болуусу керек. Кармалган аскер кызматчылар үчүн камералар такталар (тапчандар), отургучтар жана түкүргүчтөр менен жабдылат.

Мүмкүнчүлүккө жараша камералар вентиляциялык жабдуу, телевизорлор, муздаткычтар, санитардык түйүндөр жана суу түтүктөрү менен жуунучу жай менен камсыз кылынат. Камерада суу жылытуучу приборлор же ысык суу түтүгү жок болгондо кир жуу жана гигиеналык максаттар үчүн ысык суу жана ичүүгө кайнак суу күн сайын белгиленген убакта керектөөлөрдү эске алуу менен берилип турат.

Гауптвахтанын камераларына жана кызматтык жайларына сыртынан номер коюлат. Номерлер 50 миллиметр бийиктикте, 100 миллиметр диаметр айланасында ак түстөгү сандар менен жасалат жана табличканын үстүндө жайгаштырылат. Белгиленген формадагы 250x100 миллиметр өлчөмүндөгү табличкалар полдон четки кырына чейин 1700 миллиметр аралыгында жайгаштырылат. Камерадагы аскер кызматчыларынын фамилияларын жазуу үчүн эшиктин он жагында ушундай эле бийиктикте 100x150 миллиметр өлчөмүндөгү ак түстөгү пластик табличкалар бекитилет.

Камералар гауптвахтада карматып турган бир аскер кызматчысына 4 кв. метр аянтынан (абанын көлөмү 12 куб. метр) кем эмес эсепте жабдылат.

56. Андан тышкары гарнизондук гауптвахта төмөнкүлөр менен жабдылат:

- өзүнчө бөлмөлөр менен: аскер кызматчыларын кабыл алуу үчүн; шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү суракка алуу үчүн; шектүүлөр жана күнөөлүүлөр менен жолугушуу үчүн; аскер кызматчыларына медициналык кароо өткөрүү жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн;

- иштөө жана гауптвахтанын штаттык курамын жайгаштыруу үчүн бөлмөлөр менен;

- кароол жайы менен;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына тамак жылытуу же жасоо үчүн керектүү көмөкчү жайлары бар ашкана (бөлмө) менен;

- тамактануу үчүн (ар бир бөлүмдө) ашкана же бөлмө менен;

- гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларынын буюмдарын сактоо үчүн койгучтар (кийим илгичтер) менен жабдылган кампа менен;

- жууну үчүн (ар бир бөлүмдө) бөлмө менен;

- ички жана сырткы дааратканалар менен (ар бир бөлүмдө).

57. Гауптвахтанын зардалынын бөлмөсүндө стол, үч-төрт орундук (отургуч), кушетка, кийим илгич, ошондой эле гауптвахтада кармалаган аскер кызматчыларынан сактоого кабыл алынган документтер, акчалар жана баалуу буюмдар үчүн полго же дубалга бекитилген күйбөөчү шкаф же темир ящик болуусу керек.

58. Камераларда жана жалпы пайдаланылуучу жерлердеги эшиктер жана терезелер кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылат. Бул жайлардагы терезелерде андан тышкары, темир торлор болуусу керек, зарыл болгондо ички тарабынан темир торчолор менен тартылган болуусу керек. Камералардын эшиктеринде карап туруучу терезелер орнотулат. Ачкычтар кароолдун зардалында жана гауптвахтанын зардалында (аскер бөлүгү боюнча кезметчиде) сакталат.

Гауптвахтанын бөлүмдөрүндө жана жанаша жайгашкан аймагында, сейилдөө үчүн короону кошуп алганда качууларды жана башка кылмыштарды, гауптвахтада аскер кызматчыларын кармоо эрежелеринин бузуулардын алдын алуу үчүн көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун аудио көрүүчү, электрондук жана башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Гауптвахтада кармалып турган аскер кызматчыларына көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун көрсөтүлгөн каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө кабарландырылат.

59. Гауптвахтанын коридорлорунда алып чыгуучулар (сакчылар) үчүн кароолдун зардалы менен байланышуу түйүнү (сигнализация) жабдылат.

60. Ар бир гауптвахтада анда кармалып турган аскер кызматчыларынын сейилдөөсү жана тизилүү даярдыгы боюнча машыгуулары үчүн 2,5 метрден кем эмес бийиктиктеги бекем дубалдар менен тосулган короо (короолор) болуусу керек. Сейилдөө үчүн короолордун саны жана алардын тосмолору гауптвахтада кармалып турган бардык аскер кызматчыларына күндүзгү убакта сейилдөөнү камсыз кылуу зарылчылыгын, ошондой эле өзүнчө кармоонун талаптарынын аткарылуусун эске алуу менен аныкталат.

Короонун аймагы изоляцияланып жана кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылышы керек.

61. Гауптвахтаны тосуу жана тозотторду жабдуу ушул Уставдын 5-тиркемесине карата жүзөгө ашырылат.