ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 565
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишин жөнгө салган, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашкан запастарын эсепке алуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, маалыматтык коопсуздукка жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу тартибинде:
5-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:
үчүнчү абзацындагы "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
|
М. Абылгазиев |