Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-ноябры № 551

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3, 182 жана 220-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 жана 32-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөдө төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнүн тартиби жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы элүү төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасындагы салыктык статусуна (резиденттигине) жазуу жүзүндө тастыктоо берет;".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жобонун 7-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү ченемдерин колдонуу тууралуу салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндө жоопторду берет, ошондой эле жарандардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча аталган эл аралык келишимдерди колдонуу максатында алардын Кыргыз Республикасындагы салыктык статусуна (резиденттигине) тастыктоо берет.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 "Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 4-декабрындагы N 99 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев