Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 6-декабры № 568

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ушул токтом күчүнө киргенге чейин Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрине киргизилген адамдар жөнүндө маалыматтар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде аталган Реестрде камтылат;

- ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эсепке албастан аякталат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 714 "Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:

"14-1. Эгерде ушул Тартиптин 14-пунктунда башкасы каралбаса, ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматын токтоткон адамдар жөнүндө маалыматтар кызматчыларды ээлеген кызмат орундарынан терс негиздер боюнча бошотуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып 3 жылдын ичинде Реестрде камтылат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 13-пунктундагы "үч жумадан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси түзгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү комиссиясы (мындан ары - комиссия), же ушул мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүм (эгерде бар болсо) тарабынан жүргүзүлөт.";

- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кызыкчылыктардын кагылышуусуна же жеке кызыкчылыгы болгонуна шектенгенде органдардын аймактык (ведомстволук) бөлүмдөрүнүн кызматчыларына карата кызматтык териштирүүнү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын борбордук аппараты жүргүзүшү мүмкүн";

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Комиссия чогултулуп жаткан материалдардын аныктыгын, толуктугун жана калыстыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүүнү камсыз кылат";

- 30-пунктунун биринчи абзацындагы "(кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүмдүн кызматкерлери)" деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (өзгөртүү расмий тилиндеги текстке гана киргизилет);

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 10-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- конкурстук комиссиянын төрагасы - мамлекеттик органдын статс-катчысы же статс-катчынын милдетин аткаруучу (аппарат жетекчиси). Зарыл болгон учурда, эгерде статс-катчынын (аппарат жетекчинин) орду бош болуп калса, же статс-катчы (аппарат жетекчиси) кызматтык иш сапарда болгондо, ден соолугу боюнча жумушка келбей калса (тийиштүү документтер менен далилденсе), өргүүдө болсо (эмгек өргүү, кош бойлуулук жана төрөт, бала багуу боюнча, эмгек акы сакталбаган) же ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо, административдик мамлекеттик бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - мамлекеттик органдын мамлекеттик жарандык кызматчысы убактылуу дайындалат.";

- 11-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- төрага - шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси (жооптуу катчысы), республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы. Зарыл болгон учурда, эгерде шаардын мэриясынын аппарат жетекчисинин, шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин (жооптуу катчысынын), республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын аппарат жетекчисинин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат орундары бош болуп калса, же аталган кызмат орундарын ээлеген адамдар иш сапарда болгондо, ден соолугу боюнча жумушка келбей калса (тийиштүү документтер менен далилденсе), ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо же өргүүдө болсо (эмгек өргүү, кош бойлуулук жана төрөт, бала багуу боюнча, эмгек акы сакталбаган), бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчысы дайындалат.";

- 13-пунктундагы:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- аңгемелешүү этабы үчүн суроолорду аныктайт;";

бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 17-пунктундагы:

биринчи абзацы "ал туурасында" деген сөздөрдөн кийин "эки жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси (жооптуу катчысы), мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматты өз учурунда бербегендиги үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат.";

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам конкурс өткөрүү жөнүндө тийиштүү акт чыккандан кийин бул тууралуу эки жумуш күндүн ичинде, конкурс өткөрүү жөнүндө акттын түп нускасын кийин жөнөтүү менен, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында маалыматты жайгаштыруу жолу менен же электрондук почта (зарыл болгондо байланыштын башка каражаттары) боюнча ички кадрлар резервинде турган адамдарга электрондук почта же факсимилдик байланыш менен бул актыны таратуу аркылуу белгиленген мөөнөттө кабарлайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.";

- 22 жана 23-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 21-пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөрдү алгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты веб-сайтта жайгаштыруу жана электрондук почта боюнча таратуу жолу менен Улуттук кадрлар резервине киргизилген адамдарга кабарлайт.

Ички жана Улуттук кадрлар резервдеринде турган жана конкурска катышууну каалаган адамдар конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат алгандан кийин беш жумуш күндүн ичинде конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арызды жана ушул Жобонун 34-пунктунда каралган документтерди беришет.

23. Ички кадрлар резервинде турган адамдар үчүн конкурс предметтик тесттер боюнча тестирлөө этабынан башталат.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар үчүн:

- башкы административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс предметтик тесттер боюнча тестирлөө этабынан башталат.

- жогорку административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс аңгемелешүү этабынан башталат.";

- 24-пунктунун биринчи абзацындагы "20 жумуш күнүнөн" деген сөздөр "документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 25 жумуш күнүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 27-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Эгерде мөөнөт мамлекеттик органына/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына байланышпаган жагдайлар боюнча бузулса, анда ушул Жободо белгиленген конкурстук жол-жоболорду өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы мөөнөтүн бузуу болуп саналбайт.";

- 41-пунктунун экинчи абзацындагы "практикалык тапшырмаларды аткарууга жиберилет, ал тестирлөө этабынан кийин конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлөт." деген сөздөр "аңгемелешүү этабына киргизилет." деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 42 жана 43-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 44-пункттагы "практикалык тапшырма аткарылгандан кийин" деген сөздөр "талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүүдөн мурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"48. Аңгемелешүү өткөрүлгөн күнү талапкерлер эссе даярдашат. Эссе түзүүгө 30 мүнөт бөлүнөт.

Эссенин темалары (үчтөн бешке чейин):

- персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан аныкталат жана аңгемелешүү өткөрүүгө чейин бир күн мурда талапкерлерге жарыяланат;

- бош кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерге ылайык келиши керек.

Талапкерлердин бири (алфавит боюнча тизмеде биринчи турган) кокустан тандоо ыкмасы менен эссенин темасын тандап алат.

Талапкерлер тарабынан эссе жазуунун жол-жобосун уюштуруу милдети персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.

Аңгемелешүүдө конкурстук комиссия талапкерлердин кесиптик билимдерин, билгичтигин жана көндүмдөрүн текшерүүнүн жыйынтыгына таянат.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө конкурстук комиссия талапкерлерди 20 баллдык шкала менен төмөнкү параметрлер боюнча баалайт:

- эссе;

- инсандык сапаттар;

- лидерлик сапаттар;

- кесиптик сапаттар;

- мотивация;

- логика;

- ой-пикирин ачык баяндоо жөндөмү.

Конкурстук комиссия аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча талапкердин баллынын суммасын параметрлердин санына бөлүү жолу менен талапкерге баа коёт.";

- 49-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен административдик кызмат орундарынын жогорку тобунун административдик мамлекеттик же муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерди комиссия бош кызмат орунга дайындоого сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.";

- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"59. Эгерде ачык конкурс өткөрүүнүн натыйжасында талапкерлер керектүү босоголук маанисине жетпей калса, же мындан аркы катышуудан же дайындоодон баш тарткан учурда, же болбосо конкурсту өткөрүүнүн жүрүшүндө конкурстук тандоонун жол-жоболорун бузуу фактылары аныкталган учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алат.";

- 60-пунктундагы ", практикалык тапшырмаларды аткарууда" деген сөздөр алып салынсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарда:

- 7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат оруну боюнча иш милдеттерине шайкеш келиши керек.";

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштерин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоо милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдарда мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн сунуштама Баалоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде киргизилет, бирок эң жогорку баа алган адамдардын санынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.";

- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Улуттук резервде турган адамдар кызмат орундарынын башкы тобунун административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катыша алышат.

Жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Улуттук резервде турган адамдар кызмат орундарынын башкы жана жогорку тобунун административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катыша алышат.";

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:

- 10-пунктунда:

", практикалык тапшырмаларды аткарууда" деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдын бошотуу жөнүндө чечим менен таанышкан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен тапшырылган жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси арыз алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул адамды ички кадрлар резервине киргизүү жөнүндө тийиштүү акт чыгарат. Сунуш кылынган кызмат ордунан кызматкер баш тарткан же ал кызмат орду жок болгон учурда, ушул кызмат ордун мурда ээлеген кызматчыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча ушул кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу жумуштан бошотулуп жаткан (бошотулган) адамдар үчүн да ушул өңдүү жол-жобо колдонулат.";

- 17-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 22-пунктундагы "жана бош кызмат орунуна коюлган квалификациялык талаптарга туура келген" деген сөздөр алып салынсын;

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жободо:

- 9-пунктунун үчүнчү абзацындагы "5 жана 6-тиркемелерине" деген сөздөр жана цифралар "5-тиркемесине" деген сөзгө жана цифрага алмаштырылсын;

- 13-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

"10) өтүнмө ушул Жобонун 3-тиркемесинде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда өтүнмөнү ушул Жободо белгиленген тартипте кайрадан жиберүү үчүн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарат;";

- 16-пунктунда:

2-пунктчанын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Тестирлөө өткөрүү боюнча өтүнмөгө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча тестирлөөгө катышуучулардын тизмеси тиркелет;";

4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмесин, ошондой эле ченемдик укуктук актыларынын тизмесине ылайык болжолдуу суроолордун тизмесин өзүнүн веб-сайтына жайгаштырышат;";

- 24-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Муну менен бирге белгилүү бош кызмат ордуна бардык талапкерлер тестирлөөдөн бир жерде өтүшү керек.";

- 27-пунктундагы:

биринчи абзацтагы "онлайн режиминде" деген сөздөр "тестирлөө аяктагандан кийин эки жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- ушул Жобонун 3-тиркемесинде:

"бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөргөнгө байланыштуу," деген сөздөрдөн кийин "____ кызмат ордун ээлөөгө (бош кызмат орундун жалпы саны көрсөтүлөт)" деген сөздөр менен толукталсын;

", түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана кызмат орундары көрсөтүлөт, протоколдордун көчүрмөсү" деген сөздөр "(ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- ушул Жобонун 6-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;

7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартибинде:

- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Эгерде өздүк иши мамлекеттик органда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сакталып турган жаран кайрадан кызматка кирсе, анда анын өздүк иши мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий суроо-талабы боюнча (ээлей турган кызмат орду боюнча) өткөрүп берилет.

Өздүк ишин өткөрүп берген мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бул маалыматты кызматчылардын өздүк иштерин эсепке алуу журналына киргизет.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Аңгемелешүүдөн өтүүдөн мурда резервде турган адам полиграфта тестирлөөдөн өтүү жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте полиграфта тестирлөөдөн өтөт.";

- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде мөөнөт объективдүү себептер боюнча бузулса (кворумдун жоктугу, техникалык жагдайлар), анда ушул Жобо тарабынан белгиленген конкурстук жол-жоболорду өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы эреже бузуу болуп саналбайт.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун преамбуласы "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктунун төртүнчү абзацы "мамлекеттик жарандык кызматчылардын" деген сөздөргө чейин "административдик кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Ушул токтомдун 2-пунктунда, 3-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 4-пунктунда каралган ченемдер, анын ичинде ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жайылтылат";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жободо:

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-мартынан кечиктирбестен жылдык баалоонун натыйжалары боюнча отчет берет.";

- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31. Жылдык баалоонун натыйжалары эки кварталдык баалоо болгон шартта жылдык баа берилген органда 6 айдан ашык үзгүлтүксүз иштеп жаткан кызматчыларга карата колдонулат.";

- 37-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"37. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы тарабынан өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин баалоо ушул Жободо белгиленген жол-жоболорду сактабастан, баалардын "мыкты", "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес" деген түрлөрүн колдонуу менен тийиштүү органдын жетекчиси (жогору турган кызмат адамы) тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.";

- үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарында," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратында," деген сөздөр менен толукталсын;

- 50-пунктунун экинчи абзацындагы "Штаттык саны 30 адамдан ашпаган" деген сөздөр "Штаттык саны 30 кызматчыдан ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 52-54-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52. Кызматчы "Үлгүлүү" бааны алганда, баалоо боюнча комиссия:

- кызматчыны конкурс өткөрбөстөн, ушул органдагы кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунушту, анын квалификациялык талаптарга шайкеш келүү шартында киргизет;

- эмгек акы төлөө торчосундагы эки кийинки кадамга (коэффициентке) өтүүнү аныктайт;

- класстык ченди же кезексиз класстык ченди (атайын наамды) ыйгарууга сунуштайт;

- ички кадрлар резервине киргизүүгө сунуштайт;

- органдын жетекчисине аны андан ары Улуттук кадрлар резервине киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

Мотивациянын кошумча түрлөрү катары баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- квалификациясын жогорулатууга кызматчыны Кыргыз Республикасынан сырткары жиберүү үчүн сунуштоого;

- мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

53. Кызматчы "мыкты" деген бааны алганда, баалоо боюнча комиссия:

- эмгек акы төлөө торчосундагы кийинки кадамды (коэффициентти) аныктайт;

- ички кадрлар резервине киргизүүгө сунуштайт;

- класстык ченди (атайын наамды) ыйгарууга сунуштайт.

Мотивациянын кошумча түрлөрү катары баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- квалификациясын жогорулатууга кызматчыны Кыргыз Республикасынан сырткары жиберүү үчүн сунуштоого;

- мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

54. Кызматчы "жакшы" деген бааны алганда, баалоо боюнча комиссия:

- эмгек акы төлөө торчосундагы кийинки кадамды (коэффициентти) аныктайт;

- класстык ченди (атайын наамды) ыйгарууга сунуштайт.

Мотивациянын кошумча түрлөрү катары баалоо боюнча комиссия мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө же квалификациясын жогорулатууга кызматчыны Кыргыз Республикасынан сырткары жиберүү үчүн сунуштоого укуктуу.";

- 59-пунктунун экинчи абзацы "оруну бош болуп калса" деген сөздөрдөн кийин "же статс-катчы (аппарат жетекчиси) иш сапарда болгондо, ден соолугу боюнча жумушка келбесе (тийиштүү документтер менен далилденсе), ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо же өргүүдө болсо (эмгек өргүү, кош бойлуулук жана төрөт, бала багуу боюнча, эмгек акы сакталбаган)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 60-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- комиссиянын төрагасы - аппарат жетекчи (жооптуу катчы). Эгерде аппарат жетекчинин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат орундары бош болуп калса, же аталган кызмат орундарын ээлеген адамдар иш сапарда болгондо, ден соолугу боюнча жумушка келбесе (тийиштүү документтер менен далилденсе), ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген болсо, өргүүдө болсо (эмгек өргүү, кош бойлуулук жана төрөт, бала багуу боюнча, эмгек акы сакталбаган), комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири дайындалат.";

- 70-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Жылдык баалоону кайрадан кароо жөнүндө чечимди кабыл алууда апелляциялык комиссия ушул Жобонун 52-55-пункттарында каралган тийиштүү чечимдерди кабыл алат.";

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин аталышындагы "натыйжалары жөнүндө отчеттун" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин 16-пунктундагы "формага окшош" деген сөздөр алып салынсын.