Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 20

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө

 

Мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо формасында шайкештикти баалоо жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

2. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо түрүндө шайкештикке баалоо жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмегине киргизилген продукцияга карата Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин жогоруда аталган Тизмекте көрсөтүлгөн продукциянын шайкештиги шайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталышы мүмкүн, эгерде бул шайкештикти баалоо формасында каралса.

Шайкештик жөнүндө декларация белгиленген талаптарга продукциянын шайкештигин тастыктаган документтердин негизинде арыз берүүчү тарабынан алынат.

3. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациялар аккредитациялоо тармагы декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар же аккредиттелген органдар тарабынан каттала тургандыгы белгиленсин.

4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларациялар аккредиттөө тармагы декларациялануучу продукцияга жайылтылган Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар же аккредиттелген органдар тарабынан катталаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды жана Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү аныкталсын.

6. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Ыйгарым укуктуу орган, продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:

1) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды Жобого ылайык каттасын;

2) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестрин жүргүзсүн;

3) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестриндеги маалыматтарды жана арыз берүүчүлөр тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматта техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ай сайын берсин.

8. Ыйгарым укуктуу орган, Евразия экономикалык бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:

1) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы № 41 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо, токтото туруу, кайра баштоо жана токтотуу тартибине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоону ишке ашырышсын;

2) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 127 чечими менен бекитилген Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин интегрирленген маалымат системасынын каражаттарын пайдалануу менен Евразия экономикалык бирлигинин Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды киргизишсин.

9. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар декларациялануучу продукциянын коопсуздуктун милдеттүү талаптарына шайкештигине көзөмөлдү камсыз кылышсын.

10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 13-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды

12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев