Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 1-августу № 167

Эмгекти коргоо жөнүндө

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149,
2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула КР 2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I Глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды камтуучу эмгек процессинин жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жака ден соолугун сактоо боюнча чаралардын тутуму;

эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир берүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессиндеги факторлордун жыйындысы;

зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкердин оорууга дуушар болушуна же эмгекке жарамдуулугунун төмөндөшүнө таасир берүүчү өндүрүштүк фактор;

коркунучтуу өндүрүштүк фактор - кызматкерди жаракатка же күтүүсүздөн ден соолугунун кескин начарлашына, өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштүк фактор;

коопсуз эмгек шарттары - иштеп жаткандарга зыяндуу же коркунучтуу таасири жок болбосо таасир этүү деңгээли белгиленген ченемдек ашпаган эмгек шарттары;

жумуш оруну - иштөөчүлөрдүн эмгек процессинде туруктуу же убактылуу орду;

кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге зыяндуу же коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасирин болтурбоо же азайтуу, ошондой эле булгануудан коргоо үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттар;

кызматкердин жекече коргонуу каражаттары - кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисинин сыртын жагымсыз факторлордун таасиринен коргоого багытталган каражаттар;

кесиптик оору - кызматкердин өз эмгектик (кызматтык) милдеттүүлүктөрүн аткаруусуна байланыштуу зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору;

кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги жагымсыз факторлордун кесепеттеринин натыйжасында ден соолукка зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн өлчөмү;

эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо - айкын жумуш орунундагы эмгек процессинде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү же иштеген кызматкерлерге зыяндуу жана оор эмгек шарттары үчүн жеңилдиктер менен компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессинин бардык факторлорунун эсебин алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму;

өндүрүштүк иш - керектүү эмгек куралдарын пайдалануу менен адамдардын өзүнө өндүрүштү жана ар түрдүү чийки заттарды кайра иштетүүнү, курулушту, ар кандай кызмат көрсөтүүнү камтыган ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн жасаган адамдардын иш-аракеттеринин жыйындысы;

өндүрүштүк жаракат - кызматкердин, анын өндүрүштук ишине байланыштуу ордуна, убактысына жана кызматкердин катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты.

(он бешинчи абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(он алтынчы абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;

өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине бөгөт коюучу же аны азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын системасы;

атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого арналган жекече коргоо каражаты, кийим, баш кийим, мээлей, бөлөк предметтер.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам жумуш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ортосунда эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун талаптарына туура келүүчү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.

(КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү

Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Ушул Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө караштуу:

- иш берүүчүлөргө;

- иш берүүчүлөр менен эмгектик мамиледе турган кызматкерлерге;

- өздөрүнүн жеке эмгектик катышы аркылуу биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерге катышкан кооперативдин мүчөлөрүнө;

- өндүрүштүк практиканы өтөп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарга тартылышкан кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын студенттерине, кесиптик башталгыч жана орто билим берүү уюмдарынын жана жалпы орто, жалпы негизги билим берүүчү уюмдардын окуучуларына;

- бул уюмдардын кызматкери болуп саналбаган, майыптыктан кийин уюмга окууга же эмгектик реабилитациялоо максатында жиберилген адамдарга;

- коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн уюштурулуучу эмгек ишмердигинин башка түрүнүн катышуучуларына;

- уюмга иштөө үчүн жиберилген аскер кызматчыларына;

- соттун өкүмү боюнча жазасын уюмдарда иштеп өтөп жүргөн жарандарга;

- толугу менен же жарым-жартылай чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканаларда иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына.

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат.

(Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары

Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоодо, технологиялык процесстерди иштеп чыгууда, өндүрүштү жана эмгекти уюштурууда камсыз кылынат.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- иш берүүчүнүн өндүрүштүк иштеринин натыйжасына жараша кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо артыкчылыгын камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуунун жана коргоонун республикалык жана аймактык максаттуу программаларын кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу;

- эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

- өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик уулануу жана оору-сыркоолорду териштирүү;

- кызматкерлерди өндүрүштүк кырсыктан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандыруунун негизинде, өндүрүштөгү кырсыктан жана кесиптик оорулардан жапа чеккен кызматкерлердин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- өндүрүштүн учурдагы техникалык деңгээли жана эмгекти уюштуруу менен четтетүүгө болбогон оор, татаал жана зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары үчүн компенсацияларды белгилөө;

- эмгекти коргоо жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо;

- эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча ата-мекендик жана чет мамлекеттик алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;

- мамлекеттин эмгекти коргоо иш-чараларын каржылоого катышуусу;

- эмгекти коргоо боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик ооруга чалдыгуулар тууралу жана алардын материалдык кесепеттери жөнүндө мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту уюштуруу;

- эмгекти коргоонун бирдиктүү маалымат тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу;

- эмгекти коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтык;

- коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, коопсуз технологияларды жана техниканы иштеп чыгууга жана киргизүүгө, кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүүгө дем берүүчү майнаптуу салык саясатын жүргүзүү;

- кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары, ошондой эле санитардык-тиричилик жайлар жана курулуштар, дарылоо-профилактикалык каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу тартибин белгилөө.

Эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөр бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтеринин, алардын бирикмелеринин жана эмгекти коргоо маселелери боюнча кызматкерлер ыйгарым укук берген дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын макулдашылган иш-аракеттери менен камсыз кылынат.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдарынын тутуму

Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана контролдук-көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

52-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;

- өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын абалын жана себептерин талдоого катышуу, аларды алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- кызматкерлердин эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутууга көмөк көрсөтүү.

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына белгиленген тартипте көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

- балдар эмгегинин пайдаланылышына белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу;

- табылган тартип бузуулардын жагдайларын, себептерин талдоо, аларды четтетүү жана эмгекти коргоо чөйрөсүндө жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча контроль жүргүзүү;

- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан өнөр жай коопсуздугу жана энергетикалык коопсуздук жаатындагы билимдеринин маселелери боюнча кооптуу өндүрүш объекттеринин, энергия менен камсыз кылуучу уюмдардын жетекчилеринин жана персоналынын билимдерин текшерүү.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Глава
 Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттардагы кызматкерлердин эмгекке болгон укугу жана укук кепилдиктери

 

6-статья. Кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттардагы эмгекке болгон укугу

Ар бир кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

- эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жумуш орунга;

- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга;

- жумуш орунундагы эмгекти коргоо жана анын шарттары жөнүндө, ден соолукка зыян келүү тобокелдигинин орун алгандыгы тууралу, ошондой эле зыяндуу жана коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргонуу жайлары жөнүндө иш берүүчүдөн, тиешелүү мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан такталган маалымат алууга;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо талаптарына ылайык жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен камсыз болууга;

- мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда, мындай коркунуч четтетилгенге чейин жумушта иштөөдөн баш тартууга;

- эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарына ылайык келбегендиктин кесепетинен жумуш орду жоюлган учурда, иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кесиптик даярдыктан кайра өтүүгө;

- өзүнүн жумуш ордундагы эмгектин шарттарын жана корголушун текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талап берүүгө;

- эмгекти коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иш берүүчүгө, иш берүүчүлөр бирикмелерине, ошондой эле кесиптик бирликтерге, алардын бирикмелерине жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына кайрылууга;

- жеке катышууга же өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу, анын жумуш ордунда коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга байланышкан маселелерди кароого, жана ал чалдыккан өндүрүштүк кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүгө катышууга;

- медициналык сунуштоолорго ылайык көрсөтүлгөн медициналык кароодон, жумуш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталуу менен, кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;

- эгерде ал эмгек шарттары оор жумуштарда жана эмгектин зыяндуу же кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштесе, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктук кепилдиктери

Мамлекет эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жана өндүрүштүк санитария шарттарында кызматкерлердин эмгекке болгон укугун коргоого кепилдик берет.

Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Эмгекти коргоо талаптары кызматкердин күнөөсү боюнча эмес бузулушунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш токтотулган убакытка анын иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат.

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болуудан улам, ал жумуш аткаруудан баш тартса, бул коркунуч четтетилгенге чейин иш берүүчү кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча башка иш берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч четтетилгенге чейинки токтоп туруу убактысына иш берүүчү тарабынан акы төлөнүп берилет.

Кызматкер жекече же жамааттык коргонуу каражаттары (ченемдерге ылайык) менен камсыз болбогон учурда, иш берүүчү кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз жана ушул себептерге байланыштуу токтоп калуу убактысы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Кызматкер, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун болбосо эмгек келишиминде каралбаган эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу иштерди аткаруунун кесепетинен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда иш аткаруудан баш тартса, бул учурда аны дисциплинардык жоопкерчиликке тартууга, болбосо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга алып келбейт.

Эмгек милдеттерин аткаруу мезгилинде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын-алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жагын уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандык үчүн иш берүүчү менен кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Оор жумуштарды жана эмгек шарттары зыяндуу же коркунучтуу жумуштарды аткарууну чектөө

Оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу же коркунучтуу жумуштарда аялдар менен жашы он сегизге жетпеген адамдардын, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу аталган жумуштарда иштөөгө мүмкүн болбогон адамдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

Аялдар менен жашы он сегизге жетпеген адамдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынуучу оор жумуштардын жана эмгек шарттары зыяндуу же коркунучтуу жумуштардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

III Глава
 Эмгекти коргоону камсыз кылуу

 

9-статья. Эмгекти коргоо кызматы

Кызматкерлеринин саны 50дөн ашкан өндүрүштүк иш жүргүзүүчү ар бир уюмда эмгекти коргоону жана өндүрүштүк санитария талаптарын сактоону, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт же бул жаатында тиешелүү даярдыгы же иш тажрыйбасы бар эмгекти коргоо адисинин кызматы киргизилет.

50 жана андан кем кызматкерлери бар уюмдарда эмгекти коргоо кызматын түзүү же эмгекти коргоо боюнча адистин кызматын киргизүү, бул уюмдун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен иш берүүчү тарабынан кабыл алынат.

Уюмда эмгекти коргоо кызматы (эмгекти коргоо боюнча адис) жок болгон учурда, иш берүүчү адистер же эмгекти коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзө алат.

Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иштегендердин санына, өндүрүштүн коркунучтуулугуна, зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобо жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Жумуш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары

Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча эрежелерди же нормаларды иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан маалыматтарды, анын ичинде өзүнүн уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алууга;

- өндүрүштүк кооптуулуктун мүмкүн болуучу булактары катары технологиялык жабдууларды орнотууда, чийкизаттарды жана материалдарды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрдү, териштирүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүшүнө;

- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, уюмда, ишканада эмгекти коргоого тиешелүү маселелерди карап жатканда эмгек шарттарына, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата даттанууларды кароого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдар өткөрүүчү кеңешмелерге катышууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

- эмгекти коргоону башкарууда, окутуп-үйрөтүүдө жана уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга.

(КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери

Уюмда коопсуз эмгек шарттарын жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттер иш берүүчүгө жүктөлөт.

Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

- имараттарды, курулуштарды, жабдууларды технологиялык процесстерди ишке ашырууда, ошондой эле өндүрүштө колдонулуучу чийки заттар менен материалдардын пайдаланууда кызматкерлердин коопсуздугун;

- кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдалануусун;

- ар бир жумуш орунунда эмгекти коргоо талаптарына ылайык эмгек шарттарын;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режимин;

- зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттарында, ошондой эле бөтөнчө температуралык шарттарда аткарылуучу же булганууга байланышкан жумуштарда иштешкен кызматкерлерге белгиленген ченемдерге ылайык атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жекече коргонуу каражаттарын, сүт жана башкаларга тете тамак-аш азыктарын, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга жана берүүгө;

- иш аткаруунун коопсуз усулдарын жана окутууга, эмгекти коргоо боюнча нусколоого, кызматкерлерди жумуш орундарында стажировкалоого жана алардын эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдери боюнча билимин текшерүүгө;

- белгиленген тартипте окуудан, нускоодон, стажировкадан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтпөгөн, ошондой эле талап кылынуучу жекече коргонуу каражаттарын пайдаланбаган адамдарды ишке киргизбөөгө;

- жумуш орундарындагы эмгек шарттарынын абалына, ошондой эле кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонуусуна контролдукту уюштурууга;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын, кийин уюмда эмгекти коргоо боюнча иштерди сертификациялоо менен аттестация жүргүзүүгө;

- кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө алдын-ала (ишке кирерде) жана мезгил-мезгили менен (иш процессинин жүрүшүндө) медициналык кароодон (текшерүүдөн), медициналык сунуштоолорго ылайык кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөрүүгө, алардын өтүнүчү боюнча жумуш ордун (кызматын) жана орточо эмгек акысын, аталган медициналык кароодон өтүү учурунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сактоого;

- кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өтмөйүнчө, ошондой эле медицикалык каршы көрсөтмөсү болгон учурда, алардын эмгек милдеттерин аткарууга киргизбөөгө;

- кызматкерлерге, жумуш орундагы эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, ден соолугуна келүүчү коркунучтуу зыяндар, жана аларга тиешелүү компенсациялар жана жекече коргонуу каражаттары жөнүндө маалымат берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүгө;

- кырсыктуу жагдайларды болтурбоо, мындай жагдайлар болгон учурларда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүү чараларын көрүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгилеген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүүгө;

- эмгекти коргоо талаптарына ылайык кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана дарылоо-профилактикалык жагынан тейлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгек шарттарын жана корголушун текшерүүлөрдү жүргүзүү, өндүрүштө болгон кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын жазма буйруктарын аткарууга жана коомдук контролдоо органдарынын сунуштоолорун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кароого;

- кызматкерлерди өндүрүштөгү кырсыктардан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандырууга;

- кызматкерлерди эмгекти коргоо талаптары менен тааныштырууга;

- мамлекеттик статистика органдарына шарттардын абалы, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк жаракаттар жөнүндө бекитилген мамлекеттик статистикалык отчет берүүгө.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Кызматкердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттери

Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;

- иш берүүчү тарабынан белгиленген Эмгектик ички тартип эрежелерин сактоого;

- жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;

- иштерди аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын окуп-үйрөнүүгө, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орунунда стажировкадан жана эмгекти коргоо эрежелери жана ченемдери боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө;

- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кандай гана кырдаал болбосун, өндүрүштө болуп өткөн ар бир кырсык жөнүндө, же өзүнүн ден соолугунун начарлашы тууралу, анын ичинде кесиптик оорунун курч мүнөздөгү белгилеринин пайда болушу жөнүндө түздөн-түз өзүнүн же жогоруда турган жетекчисине ошол замат билдирүүгө;

- алдын-ала (ишке кирерде) же мезгилдүү (иштин жүрүшүндө) медициналык кароолордон (текшерүүлөрдөн) милдеттүү түрдө өтүүгө.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши

Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат.

Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк обьекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт.

Өндүрүштө зыяндуу же коркунучтуу заттарды, материалдарды, продукцияларды, товарларды колдонууга жана тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Иш берүүчү жаңы, мурда уюмда пайдаланылбаган зыяндуу же коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү.

Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Кызматкерлерди жекече коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу

Зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттарында, ошондой эле өзгөчө температуралык режимде же булганууга байланыштуу шарттарда аткарылуучу жумуштарда иштешкен кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бекитилген ченемдерге ылайык сертификацияланган жекече коргонуу каражаттары, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттар берилет.

Кызматкерлердин жекече коргонуу каражаттарын сатып алуу, сактоо, жууп-тазалоо, оңдоо, дезинфекциялоо жана зыянсыздандыруу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

15-статья. Эмгекти коргоо боюнча окутуп-үйрөтүү жана кесиптик даярдык

Уюмдун бардык кызматкерлери, анын ичинде жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталтан тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

Бардык жумушка кирүүчү жактар, ошондой эле башка ишке которулуучу адамдар үчүн, иш берүүчү (же анын ыйгарым укуктуу өкүлү) эмгекти коргоо боюнча нускалоо жүргүзүүгө, иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктарын жана жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүүлөрдү окутуп-үйрөтүүнү уюштурууга милдеттүү.

Иш берүүчү, эмгекти коргоо мыйзамдарына ылайык кесиптик тандоо талап кылынган эмгек шарттары зыяндуу жана коркунучтуу ишке кирүүчүлөр үчүн, жумуш орунунда иштин коопсуз усулдары менен ыктарын окутуп-үйрөтүүнү, стажировкадан өтүүнү жана экзамен тапшырууну, ал эми эмгек процессинин жүрүшүндө - эмгекти коргоо боюнча мезгил-мезгили менен окутуп-үйрөтүүнү жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүнү камсыз кылат.

Мамлекет, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү жана башталгыч, орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт.

Мамлекет орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча адистердин кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

16-статья. Эмгекти коргоо жана шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды каржылоо

Эмгекти коргоо жана шарттарын жакшыртуу иш-чараларын каржылоо, республикалык жана аймактык эмгекти коргоо жана шарттарын жакшыртуунун максаттуу программаларынын алкагында, республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттен тышкаркы булактардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте, ошондой эле уюмдар менен жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Уюмдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте эмгекти коргоо фондулары түзүлөт.

Кызматкер эмгекти коргоо жана шарттарын жакшыртуу иш-чараларын каржылоо чыгашаларын көтөрбөйт.

IV Глава
Эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль

 

17-статья. Мамлекеттик көзөмөл жана контроль

Эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрүн жана белгиленген үлгүдөгү текшерүү жүргүзүүгө жолдомосу менен бардык укуктук-уюштуруу формаларындагы, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарды инспекция жүргүзүү максатында тоскоолдуксуз кирүүгө;

- уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, аткаруу бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдүн көзөмөлдөө жана контролдоо иштерин аткарууга зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суратууга жана кайтарымсыз алууга;

- пайдаланылуучу жана иштетилүүчү материалдар менен заттардын үлгүлөрүн анализ үчүн алып коюуга;

- белгиленген тартипте өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө;

- уюмдардын жетекчилерине жана башка кызмат адамдарына эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү тууралу, көрсөтүлгөн бузууларга күнөөлүүлөр тартип жоопкерчилигине тартуу же аларды белгиленген тартипте кызматтан четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;

- кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзгөн эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу байкалганда, мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенге чейин, уюмдардын, айрым өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана жабдуулардын ишин убактылуу токтотууга;

- белгиленген тартипте иш аткаруунун коопсуз усулдары менен ыктары окуп-үйрөтүүдөн, эмгекти коргоо боюнча нускоодон, жумуш орундарында стажировкадан өтпөгөн адамдарды иштен четтетүүгө;

- ылайыктуулук сертификаты болбогон же эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттарын өндүрүштө пайдаланууга жана өндүрүүгө тыюу салууга;

- эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;

- сотто эмгекти коргоо мыйзамдарын бузуу жана өндүрүштө кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо боюнча эксперт катары чыгууга.

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналышат.

Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мыйзамга каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Эмгек шарттарын мамлекеттик экспертизалоо

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

19-статья. Эмгекти коргоого коомдук контроль

Эмгекти коргоо жаатындагы кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун коомдук контролу, бул максаттарда техникалык эмгек инспекцияларын түзүүгө, ошондой эле кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарын жана кызматкерлердин ыйгарым укуктуу башка өкүлчүлүктүү органдарын шайлоого укуктуу кесиптик бирликтер жана кызматкерлердин дагы башка өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кесиптик бирликтердин аларга караштуу тиешелүү органдары жана кызматкерлердин дагы башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдары төмөнкү укуктарга ээ:

- иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга;

- эмгек шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга;

- өндүрүштөгү кырсыктарды же кесиптик ооруларды териштирүүгө катышууга;

- эмгекти коргоо жана анын шарттары, ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик оорулар жөнүндө уюмдун жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан маалымат алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда ишти токтотуп туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- иш берүүчүлөргө эмгекти коргоо талаптарынын бузулушун четтетүү жөнүндө кароого милдеттүү болгон сунуштамаларды берүүгө;

- эмгек шарттарын жана аны коргоону, иш берүүчүлөрдүн жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттеринин аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

- өндүрүш объектилерин жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууга берүү сыноолорунда жана кабыл алуу боюнча көз карандысыз эксперт катары комиссиянын ишине катышууга;

- эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актыларга караштуу долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте макулдашууга;

- тиешелүү органдарга эмгекти коргоо талаптарын бузган, өндүрүштөгү кырсыктарды жаап-жашырган күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талаптар менен кайрылууга;

- эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган милдеттерди бузууга, ошондой эле эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланышкан эмгек талаш-тартыштарын кароого катышууга.

Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары жана башка ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органдарынын кызматкерлердин кесиптик бирикмелерине кирген уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун четтетүү жөнүндө кызмат адамдары тарабынан каралууга милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

(КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 127, 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V Глава
 Эмгекти коргоо талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

20-статья. Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келбеген продукция чыгаргандыгы жана жөнөткөндүгү үчүн уюмдардын жоопкерчилиги

Эмгекти коргоо талаптарына жооп бербеген продукция чыгарган, жөнөткөн уюмдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык керектөөчүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтурушат.

(КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Эмгекти коргоонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бузууга, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда, эмгек келишимдеринде каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттенмелерин аткарбоого күнөөлүү болгон же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн иш-аракетине тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазыктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Эмгекти коргоо талаптарын бузгандыктын натыйжасында уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин убактылуу токтотуу

Эгерде уюмдардын же алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши, жабдууларды пайдалануу, эмгекти коргоо талаптарын бузуу менен кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү аркылуу ишке ашырылып жаткан учурларда, аталган иштер, бул бузуулар четтетилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын жазма көрсөтмөсүнө ылайык токтотулуп турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимдер администрациялык (сотко чейинки) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат.

Администрациялык же сот тартибинде даттануу, чечим кабыл алынганга чейин берилген жолдомокатынын аткарылышын токтото албайт.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмүнүн ишин токтотуу

Эмгек шарттарынын мамлекеттик экспертизасынын корутундусу болгондо, эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштоосу боюнча соттун чечими менен уюм жоюлушу же болбосо уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулушу мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI Глава
 Корутунду жоболор

 

24-статья. Айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж. № 4/1,152-ст.);

- "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 4/1,153-ст.);

- "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 4, 196-ст.).

25-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

26-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев