Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-июну № 78
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралу
2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья."Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., N5, 269-ст.)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын биринчи бөлүгү "издөө," деген сөздөн кийин ", казып
алуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9-статьянын жетинчи абзацы алып салынсын.
3. 10-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" - жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун экологиялык эксперти-
заларын уюштуруу;".
4. 12-статьянын 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Көмүр казып алуучу уюмдарда жана ишканаларда тоо-кен (жардыруу)
иктерине жетекчилик кылуу укугуна документтери бар адамдар гана тоо-кен
(жардыруу) иштеринин жетекчилери болуп дайындалышы мүмкүн.".
5. 14-статьянын 2-пунктунда "жана бекитилүүгө" деген сөздөр алып
салынсын.
6. 15-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер казынасын пайдалануу
боюнча иш укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык берилет.";
3-пункт алып салынсын.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев