Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4f080a33-987e-4b37-b529-0e5b2ac71f7c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 2-апрели № 54

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2010-жылдын 19-январындагы № 8,
2011-жылдын 6-октябрындагы № 165, 2013-жылдын 25-февралындагы № 33,
2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин бардык чөйрөлөрүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө иштейт.

Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет.

Мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдин иштеши жана конституциялык статусун колдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана каржылайт.

3-статья.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасындагы улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелет.

2-глава
Жарандардын тил тандоо укуктары жана бул укуктарды ишке ашыруу кепилдиктери

 

4-статья.

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт.

Кыргыз Республикасы республикада жашап жаткан башка улуттардын тилдеринин эркин өнүгүү принцибин колдонот.

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья.

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана башка уюм, мекемелерге мамлекеттик же расмий тилде кайрылышат.

6-статья.

Балдарга мамлекеттик тилди жана эне тилин үйрөтүү ата-энелердин парзы жана ал мамлекет тарабынан колдоого алынат.

3-глава
Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу

 

7-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка уюм, мекемелердин иши мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде да жүргүзүлөт.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

8-статья.

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө - мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн айта жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары үчүн окшош талаптар белгилениши мүмкүн.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

(КР 2011-жылдын 6-октябрындагы №165, 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья.

Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

10-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья.

Кыргыз Республикасында расмий мамлекеттик коомдук-саясий иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде өткөрүлөт жана синхрондук котормо менен камсыз кылынат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья.

(КР 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13-статья.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жарандарга расмий документтерди мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда - расмий тилде да беришет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

4-глава
Иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу

 

14-статья.

Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат, башка тилдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья.

Кыргыз Республикасынын ишкана, уюм, мекемелеринде илимий-техникалык жана долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат.

16-статья.

Кыргыз Республикасынын ишкана, мекеме, уюмдарындагы эсеп-отчет жана финансы документтери мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

17-статья.

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылат.

5-глава
Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө Мамлекеттик тилди колдонуу

 

18-статья.

Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында, кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат.

Окутуу расмий же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки мекемелерде, жалпы орто билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окутуунун бардык учурунда мамлекеттик тилди окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу расмий жана башка тилдерде жүргүзүлгөн кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көлөмдө жүзөгө ашырылат.

Жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) мамлекеттик тил боюнча жазуу жүзүндө класстан - класска көчүрүү, бүтүрүү, ал эми кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет.

19-статья.

Кыргыз Республикасында илимий эмгектердин тилин эркин тандап алуу мүмкүндүгү берилет; илимдин бардык тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды жарыялоо жана илимий жетишкендиктерди ар тараптан колдоо үчүн кеңири шарттар түзүлөт жана мамлекет тарабынан колдоого алынат.

Окумуштуулук даража алуу үчүн илимий эмгекти коргоо мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат.

20-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил маданият, искусство, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндө негизги тил болуп саналат.

Мамлекеттик тилде иштөөчү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, басмалар, басма сөз органдары) кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоого милдеттүү. Менчигинин түрүнө карабастан, телерадиокомпаниялар өздөрүнүн берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барат.

6-глава
Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүндө, куралдуу күчтөрдө, нотариат органдарынын ишинде, жарандык абалдын актыларын жазууда колдонуу

 

21-статья.

Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик же расмий тилди билишпеген жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучулары мамлекеттин эсебинен тиешелүү которуу менен камсыз болууга тийиш.

Мамлекеттик же расмий тилди билишпеген жарандык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен тиешелүү которууну камсыз кылууга тийиш.

22-статья.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында, Ички аскерлерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы бардык аскердик түзүлүштөрдө милдеттүү түрдө мамлекеттик тил иштетилет.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

23-статья.

Жарандык абалдын актыларын жазууну нотариат жагынан жол-жоболоштуруу мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурларда - расмий тилде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик тилде жазылган жарандык абалдын актысы түпнуска болуп саналат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

7-глава
Мамлекеттик тилди аталыштарда, ысымдарда жана маалыматтарда пайдалануу

 

24-статья.

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин жана объектилеринин (көчөлөрдүн, аянттардын жана башкалардын) аталыштары, географиялык аттар мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулат.

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жайлардын аталыштары милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболоштурулат.

25-статья.

Кыргыз Республикасында инсандыкты ырастаган документтердеги адамдардын жеке аттарын жана фамилияларын жазуу жарандардын өз эркин ачык билдирүүсүнүн негизинде улуттук салттарды сактоо менен расмий тилде кайталанып, мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат.

Инсандыкты ырастаган документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

26-статья.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер менен уюмдардын расмий мөөрлөрү жана бланктары мамлекеттик тилде жазылат жана расмий болбосо бөлөк тилдерде кайталанып жазылат.

27-статья.

Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин - расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш.

28-статья.

Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кагаздары мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде толтурулат. Республиканын чегинен тышкары дарекке жөнөтүлгөн кат-кабарлар расмий тилде же тиешелүү чет тилдерде көрсөтүлөт.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими

 

29-статья.

Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдерде берилет.

Товарлар жөнүндө чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту жана башкалар) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.

Товардык белгилерди коюуда фирма тарабынан бекитилген аталыштар башка тилдерге которулбастан сакталат.

(КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-1-глава
Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу

 

(Глава КР 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-1-статья.

Эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде ишке ашырылат.

Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик тил, зарыл учурларда - расмий тил, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тили же эл аралык уюмдардын жумушчу тили колдонулат.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-глава
Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо

 

30-статья.

Мамлекеттик тилди пайдалануунун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз адабий тилинин колдонуудагы ченемдери сакталат.

Алфавит жана орфография эрежелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

31-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди маалымат-байланыш технология чөйрөсүндө пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилде иш жүргүзүүчү программалык, техникалык жабдуу жана жазма техника менен камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.

32-статья.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.

33-статья.

Ушул Мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

34-статья.

Эларалык укуктун принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы республиканын чегинен тышкары жерлерде жашап турган кыргыздардын эне тилинин сакталышына, өсүп-өнүгүшүнө жана үйрөтүлүшүнө камкордук кылат.

35-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

36-статья.

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., № 17, 141-ст.);

- "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законун ишке киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1989-ж., № 17, 142-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Акаев