ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу № 382
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
Жер мамилелери, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдү каттоо жана жер, кыймылсыз мүлк рыногун талдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдарын бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси, 1-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы кызматкерлердин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы кызматкерлердин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен.
3. Төмөнкүлөр өзгөртүлүп аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы, 2 жана 3-тиркемелерге ылайык;
- Агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Кадастр" мамлекеттик мекемеси) жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы, 4 жана 5-тиркемелерге ылайык;
- Агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын уставы жана башкаруу схемасы, 7 жана 8-тиркемелерге ылайык.
5. Агенттиктин жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин борбордук аппараттары Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44 дареги боюнча жайгашкан имаратта, Агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү жана Агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы - мурда ээлеген имараттарында жана жайларында жайгаша тургандыгы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынан 7 штаттык бирдик, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынан 1 штаттык бирдик тиешелүү эмгек акы төлөө фонду менен Агенттикке өткөрүп берилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
12-сабындагы "376", "122" жана "254" деген цифралар тиешелүү түрдө "140", "121" жана "19" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"
19-1 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик |
266 |
|
анын ичинде: |
|
|
- борбордук аппарат |
38 |
|
- ведомстволук бөлүмдөр |
228 |
";
- 23-сабындагы "1142", "90" жана "1052" деген цифралар тиешелүү түрдө "1112", "83" жана "1029" деген цифралар менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 12-сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
24 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-сап менен толукталсын:
"
19-1 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик |
41 |
|
анын ичинде: |
|
|
- борбордук аппарат |
7 |
|
- ведомстволук бөлүмдөр |
34 |
";
- 23-сабындагы "527", "20" жана "507" деген цифралар тиешелүү түрдө "520", "18" жана "502" деген цифралар менен алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик;".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:
1) 1-пунктундагы "жердин күрдүүлүгү," деген сөздөр алып салынсын;
2) 6-пунктунда:
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-пунктунда:
- 1-пунктчасында:
он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сууга жана өсүмдүк үлгүлөрүнө анализ жасайт;";
- 2-пунктчасынын он биринчи-он жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктчасында:
сегизинчи абзацындагы "жер ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзөт жана" деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма биринчи абзацындагы "кыртышка азык заттардын жана гумустун канча экендигине мамлекеттик мониторинг жүргүзөт," деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктчасында:
онунчу, он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кыртышка, сууга жана өсүмдүк үлгүлөрүнө анализ жасайт;";
- 5-пунктчасынын он бешинчи, он жетинчи-жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 8-пунктунда:
- он биринчи абзацындагы ", жерге жайгаштыруу институттары" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
8-пунктунун "д" пунктчасында:
- жетинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- он сегизинчи абзацындагы ", геодезия жана картография" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун бешинчи абзацындагы "жана кыймылсыз" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун төртүнчү абзацындагы "жана кыймылсыз" деген сөздөр алып салынсын.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
1) 1-пунктундагы ", ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктар" деген сөздөр алып салынсын;
2) 6-пунктунда:
- "а" пунктчасынын алтынчы абзацындагы "жана кыймылсыз мүлктү каттоонун жана мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн" деген сөздөр "мүлктү каттоонун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "а" пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 11-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
1) 1-пунктундагы ", кыймылсыз мүлккө укуктарды" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-пунктунда:
- "а" пунктчасында:
жетинчи абзацындагы "жана кыймылсыз мүлктү каттоо системасын уюштуруу, мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү" деген сөздөр "мүлктү каттоо системасын уюштуруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он бешинчи абзацындагы ", ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды" деген сөздөр алып салынсын;
- "б" пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "в" пунктчасынын экинчи абзацындагы ", ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды" деген сөздөр алып салынсын;
- "г" пунктчасынын алтынчы-тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- "д" пунктчасынын төртүнчү, жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 12-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
1) 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органына (мындан ары - Департаменттин жергиликтүү органы)" деген сөздөр "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына (мындан ары - "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктундагы "Департаменттин жергиликтүү органы" деген сөздөр "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 11-13, 17-пункттарындагы "Департаменттин жергиликтүү органы" деген сөздөр "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 19-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде экспертиза өткөрөт. Келип түшкөн материалдар жана жерге жайгаштыруу иши ушул Жобонун нормаларына ылайык келсе, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин тийиштүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Аныкталган бузуулар жоюлгандан кийин, жерге жайгаштыруу иши менен тийиштүү материалдар ушул Жободо белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан кайрадан киргизилиши мүмкүн.";
20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
34-пунктундагы "Департаменттин жергиликтүү органына" деген сөздөр "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
35-пунктундагы "Департаменттин жергиликтүү органы" деген сөздөр "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинде:
20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдардын негизинде, алар ушул Убактылуу тартиптин талаптарына шайкеш келген учурда жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдар ушул Убактылуу тартиптин талаптарына шайкеш келбеген учурда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жетишпеген материалдарды сурап алат.";
21-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Агенттиктин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин 2019-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде каржыласын;
- 2019-2021-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө Агенттиктин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды эске алсын.
20. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук (шаардык) башкармалыктар жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 275 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча райондук (шаардык) башкармалар жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун жетинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
21. Агенттик:
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) белгиленген тартипте жүргүзсүн.
22. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
23. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
М. Абылгазиев |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо
органдарынын
ТИЗМЕСИ
№ |
Мекеменин толук аталышы |
Юридикалык дареги |
Бишкек ш. | ||
1 |
Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720017 г. Бишкек, |
Чүй облусу | ||
2 |
Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722140 Чүй облусу, |
3 |
Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722160 Чүй облусу, |
4 |
Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724800 Чүй облусу, |
5 |
Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722030 Чүй облусу, |
6 |
Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724500 Чүй облусу, |
7 |
Токмок-Чүй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724900 Чүй облусу, |
8 |
Панфилов райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724700 Чүй облусу, |
9 |
Москва райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724600 Чүй облусу, |
Талас облусу | ||
10 |
Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724200 Талас облусу, |
11 |
Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
724100 Талас облусу, |
12 |
Манас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
72400 Талас облусу, |
13 |
Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
723900 Талас облусу,
|
14 |
Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720038 Талас облусу,
|
Ысык-Көл облусу | ||
15 |
Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722100 Ысык-Көл облусу,
Тел.: (03943) 4-27-53 |
16 |
Балыкчы шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
721900 Ысык-Көл облусу,
|
17 |
Каракол-Аксуу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722360 Ысык-Көл облусу,
Тел.: (03922) 3-12-92 |
18 |
Түп райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722400 Ысык-Көл облусу, |
19 |
Тоң райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722300 Ысык-Көл облусу, |
20 |
Жети-Өгүз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722000 Ысык-Көл
облусу, |
Нарын облусу | ||
21 |
Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722600 Нарын облусу, Тел.: (03522) 5-10-34, 5-24-07 |
22 |
Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
722640 Нарын облусу, Тел.: (03537) 9-21-48 |
23 |
Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722530 Нарын облусу, |
24 |
Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722500 Нарын облусу, |
25 |
Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722620 Нарын облусу, Тел.: (3534) 2-41-43, 23-1-05 |
Баткен облусу | ||
26 |
Баткенское райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720100 Баткен облусу, |
27 |
Кызыл-Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720300 Баткен облусу,
|
28 |
Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720000 Баткен облусу, |
29 |
Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720200 Баткен облусу,
|
Ош облусу | ||
30 |
Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
714009 Ош ш., |
31 |
Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715500 Ош облусу, |
32 |
Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
713100 Ош облусу, |
33 |
Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715330 Ош облусу, |
34 |
Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715300 Ош облусу, |
35 |
Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
Ош облусу, Чон-Алай району,
|
36 |
Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
714940 Ош облусу, Өзгөн району,
|
37 |
Кара-Кулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
723200 Ош облусу, Тел.: (03239) 5-06-54 |
Жалал-Абад облусу | ||
38 |
Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715600 Жалал-Абад
облусу, |
39 |
Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715620 Жалал-Абад облусу,
|
40 |
Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715656 Жалал-Абад облусу,
Тел.: (3722) 7-62-06 |
41 |
Майлуу-Суу шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
721100 Жалал-Абад облусу,
|
42 |
Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720800 Жалал-Абад облусу,
|
43 |
Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715400 Жалал-Абад облусу,
|
44 |
Таш-Көмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
721400 Жалал-Абад облусу,
|
45 |
Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
720600 Жалал-Абад облусу,
|
46 |
Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715720 Жалал-Абад облусу,
|
47 |
Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
715434 Жалал-Абад облусу,
|
48 |
Тогуз-Торо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы |
722660 Жалал-Абад облусу,
|
49 |
Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүм |
721700 Жалал-Абад облусу,
|
|
|
3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СХЕМАСЫ
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр"
мамлекеттик мекемесинин башкаруу
СХЕМАСЫ
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы
"Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту"
мамлекеттик ишканасынын башкаруу
СХЕМАСЫ