Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

            КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
                    2017-жылдын 1-июлунан тартып
                            КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

                   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

         Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине

             озгортуулор жана толуктоолор киргизуу жонундо

 

    2004-жылдын 10-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                        Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

                                        тарабынан кабыл алынган

 

     1-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз  Рес-

публикасынын   Жогорку   Кењешинин  Жарчысы,  2000-ж.,  N  3,  158-ст.)

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

     1. 1-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык  иштер  боюнча  сот

ишин  жүргүзүү  тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы,  ушул Ко-

декс,  "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  жана  жергиликтүү  соттору

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алыну-

учу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат.

     2.2-статьяда:

     2 жана 3-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "(2) Апелляциялык  даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзам-

дуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан

областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап.

     (3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) -  жарандык,

администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жа-

на биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актылары-

на  карата  апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган об-

ласттык жана аларга тењештирилген соттор.";

     3-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толуктал-

сын:

     "(3-1) Жарандык  иштер  (ушул  Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык

сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын  бузулган  же

талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын кор-

гоо боюнча иштер,  анын ичинде администрациялык жана  экономикалык  иш-

тер.";

     5-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-пункттар ме-

нен толукталсын:

     "(5-1) Кассациялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттордун мый-

замдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабы-

нан областтык соттун сот коллегиясына берилүүчү даттануусу же талабы;

     (5-2) Кассациялык инстанция - биринчи инстанциядагы соттордун мый-

замдуу күчүнө кирген сот актыларына  карата  кассациялык  даттанууларды

жана талаптарды карай турган областтык соттун сот коллегиясы";

     6-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толуктал-

сын:

     "(6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына

карата  ишке  катышкан  жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку

сотунун сот коллегияларына жана президиумуна  берилүүчү  даттануусу  же

талабы";

     7-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "(7) Көзөмөл  инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары

жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот

актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиу-

му жана соттук коллегиялары";

     8-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толуктал-

сын:

     "(8-1) Областтык  сот - областтык жана аларга тењештирилген соттор

(Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту).";

     10-пункттагы "каршы пикири" деген сөз "даттануусу" деген сөз менен

алмаштырылсын;

     12-пункттан кийин  төмөндөгүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толук-

талсын:

     "(12-1) Райондук  сот  - райондук жана аларга тењештирилген соттор

(эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе,  шаардагы райондук сот, ша-

ардык сот, гарнизондордун аскер соту, областтардын жана Бишкек шаарынын

экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту).";

     14-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "(14) Сот - жарандык иштер боюнча кандай гана болбосун сот, судья,

сот  коллегиясынын  же  администрациялык жана экономикалык иштер боюнча

сот коллегиясынын соттук курамы, биринчи инстанция боюнча, апелляциялык

тартипте,  кассациялык тартипте,  сот көзөмөлү тартибинде жарандык ишти

карай турган президиум.";

     3. 3-статьянын  1-пункту  "менчигинин  формасына карабастан" деген

сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын"  де-

ген  сөздөр  менен толукталсын,;  "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийинки

"мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын.

     4. 6-статья  төмөндөгүдөй  мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-

сын:

     "Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасы-

нын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.".

     5. 8-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "8-статья. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана

                коллегиалдуу кароо

 

     1. Эгерде  мыйзамда  башкача каралбаса,  райондук соттордо биринчи

инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт.

     2. Жарандык  иштер областтык соттун сот коллегиясында апелляциялык

жана кассациялык тартипте үч судьядан  турган  соттук  курам  тарабынан

коллегиалдуу түрдө каралат.

     3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун да жарандык, администраци-

ялык  жана  экономикалык  иштерди  көзөмөл тартибинде кароо үч судьядан

турган сот коллегиясы жана президиум тарабынан каралат. Жарандык, адми-

нистрациялык жана экономикалык иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку со-

тунун президиуму тарабынан анын кеминде жети мүчөсүнүн курамында  кара-

лат.".

     6.12-статьяда:

     2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

     "Жабык сот жыйналышын кино-фото сүрөткө  тартууга,  көрмө  тасмага

тартып  алууга,  радиодон жана теледен түз алып көрсөтүүгө,  үндү жазып

алууга соттун уруксаты менен гана жол берилет.";

     3-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү ",  анын ичинде чечимди жарыялоого"

деген сөздөр алып салынсын;

     4-пункт төмөндөгүдөй  мазмундагы  экинчи сүйлөм менен толукталсын.

"Бул аныктамада жабык сот жыйналышына катышып  жаткан  адамдардын  ишти

кароодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн жо-

опкерчилиги   жөнүндө   сот    тарабынан    эскертилгендиги    тууралуу

көрсөтүлөт.";

     5-пункттагы "мыйзамдуу" деген сөз алып салынсын;

     7-пунктта "Ушул  статьянын  3-пунктунда  каралгандан  башка" деген

сөздөр алып салынсын.

     7. 14-статьяда:

     1-пункт "чечим," деген сөздөн кийин "буйрук," деген сөз менен  то-

лукталсын;

     3-пунктта "жүйөлүү себепсиз" деген сөздөр алып салынсын;

     4-пункт "талашылып  жаткан  укуктарын" деген сөздөрдөн кийин "жана

мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын.

     8. 15-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "15-статья. Соттун курамы

 

     1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса,  ушул Кодекстин 8-статьясына

ылайык  биринчи  инстанциядагы  иштерди судьялар өздөрү жекече карашат.

Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.

     2. Областтык соттордогу жарандык, администрациялык жана экономика-

лык иштер апелляциялык жана кассациялык тартипте жарандык иштер  боюнча

же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч

судьясынын курамында каралат.

     3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тар-

тибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же

администрациялык  жана  экономикалык  иштер боюнча сот коллегиясынын үч

судьясынан турган соттук курамы же Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-

нун президиуму тарабынан кеминде жети мүчөсү болгон учурда каралат.

     4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан  пайдала-

нышат".

     9. 17-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы "мыйзамдуу" деген сөз

алып салынсын.

     10. 18-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "18-статья. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна

                 жол берилбестиги

 

     1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого  катышкан  судья  ушул

эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт.

     2. Жањыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан караган учурлар-

ды кошпогондо,  биринчи же апелляциялык, кассациялык инстанцияда карал-

ган ишке катышкан судья ушул эле иш ушундай эле инстанцияда  кайра  ка-

ралганда катыша албайт.

     3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган учурларды  кошпо-

гондо,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун президиумунда жарандык

иштерди кароого катышуучу судьялар Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-

нун сот коллегияларынын соттук курамдарындагы иштерди кароого катышууга

укуктуу.".

     11. 19-статьяда:

     статьянын аталышы "Эксперттен," деген сөздүн алдына "Прокурордон,"

деген сөз менен толукталсын;

     статья төмөндөгүдөй мазундагы 3-пункт менен толукталсын:

     "3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1 жана  3-пунктчала-

рында  көрсөтүлгөн  баш  тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат.

Мында бул ишти прокурор катары мурдагы  кароого  прокурордун  катышканы

баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.".

     12. 20-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Ушул  Кодекстин 17,  18 жана 19-статьяларында көрсөтүлгөн жаг-

дайлар болгон учурда судья өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү.

     Ушул Кодекстин   17-статьясында  жана  19-статьясынын  1-пунктунда

көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда прокурор, эксперт, адис, котормочу,

сот отурумунун катчысы өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү.

     Ишке катышкан башка жактар да ушундай эле негиздер боюнча баш тар-

туу билдириши мүмкүн.".

     13. 21-статьяда:

     5-пункт "Эксперттен," деген сөздүн алдына "Прокурордон," деген сөз

менен толукталсын;

     6-пунктта "ишке  катышып  жаткан  жактардын  бирине," деген сөздөр

"прокурорго" деген сөз менен алмаштырылсын;

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

     "7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун

натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат.".

     14. 23-статьянын 2-пунктунда:

     2 жана 3-пунктчалардагы "арбитраждык соттордун компетенциясына ти-

йиштүү ишкер жарандардын ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу  келип  чыккан

талаш-тартыштарынан" деген сөздөр алып салынсын;

     төмөндөгүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:

     "9) юридикалык  жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жа-

рандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чык-

кан экономикалык талаштар боюнча иштерди.

     Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте

каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат."

     15. 25-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "25-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын

                 ведомствого караштуулугу

 

     1. Бири жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери  боюнча  ка-

ралган,  башкалары  -  экономикалык  иштер  боюнча  жарандык  сот  ишин

жүргүзүүнүн эрежелери боюнча каралган бири-бири менен өзара байланышкан

бир нече талаптарды бириктирүүдө бардык талаптар,  эгерде аларды ажыра-

тып бөлүү мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин VI бөлүмүндө каралган экономи-

калык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине ыла-

йык каралууга тийиш.

     2. Эгерде  биринчи  инстанциядагы  сотто ишти кароодо ушул иш ушул

Кодекстин VI бөлүмүнүн эрежелери менен каралууга тийиш  экендиги  анык-

талса,  анда  сот  ишти  экономикалык  иштер  боюнча  жарандык  сот иши

жүргүзүү тартибинде кароо жөнүндө аныктама чыгарат.".

     16. 26-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "26-статья. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү

 

     1. Гарнизондун аскер сотунда жана райондор аралык сотто  каралууга

тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сот-

то, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш.

     2. Гарнизондун аскер сотунда Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына

ылайык  аскер  кызматчынын статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана

(же) талашылып жаткан укуктарын,  эркиндиктерин жана  мыйзам  тарабынан

корголуучу таламдарын коргоо жөнүндө, ошондой эле жыйын өтүү мезгилинде

аскерге ммлдеттүүлөрдү аскердик башкаруу органдарынын,  аскердик кызмат

адамдарынын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аракеттеринен

(аракетсиздигинен) коргоо боюнча жарандык иштер каралат.

     3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт.

     - Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  сотунун  компетенциясына

гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кыз-

мат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридика-

лык жактардын укуктарын,  эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан  коргоого

алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;

     - прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектел-

беген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык

жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актылар-

ды талашуу жөнүндөгү;

     - мамлекеттик бийлик органдарынын,  жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органынын,  алардын  кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын

ченемдик эмес актыларын,  чечимдерин жана аракеттерин  (аракетсиздигин)

талашуулары жөнүндөгү;

     - соттордун токтомдорунан  бөлөк  администрациялык  укук  бузуулар

жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын

жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү;

     - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жак-

ты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече  ишкер  статусуна

ээ  болгон  жарандардын,  мамлекеттик бийлик органдарынын,  жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда  процесстик  мыйзамга  ылайык

жарандык,  администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелери-

нен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча;

     - банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

     - администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү  иштерден,  жарандардын

жана  шайлоо  процесстерине  катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо

укуктарын коргоо жөнүндө иштерден,  коомдук  бирикмелердин  жана  диний

уюмдардын  жана  алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин

(аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актылары-

на  каттоо  китебиндеги  жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү

иштерден,  нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга ка-

рата  арыздар  боюнча  иштерден  бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иш-

тер.".

     17. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 27-1-статья менен толукталсын:

     "27-1-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече

                   талаптардын сотко караштуулугу

 

     1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон,  ал эми башкалары -

райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары

бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш.

     2. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөгү иштерди кошпогондо, эгерде

иш райондук сотто териштирилгенде ал райондор аралык сотко караштуу бо-

луп калса,  анда иш ушул Кодекстин 33-статьясынын 1-пунктунун эрежелери

боюнча каралат.

     3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти  кароонун  жүрүшүндө

доогер  өзүнүн  талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот

(кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө,  иш сотко караштуулугу  боюнча  адми-

нистрациялык  жана  экономикалык  иштер  боюнча  райондор  аралык сотко

жөнөтүлөт.".

     18. 29-статьяда:

     1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Жашаган жери,  жүргөн жери белгисиз болгон же Кыргыз Республи-

касында жашаган жери жок болгон жоопкерге карата доолор Кыргыз  Респуб-

ликасындагы анын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча же акыркы белгилүү бол-

гон жашаган жери, же жүргөн жери боюнча коюлушу мүмкүн.".

     19. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:

     "32-1-статья. Талаштарды бейтарап соттун чечишине өткөрүп берүү

 

     Сотко таандык талаш тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Респуб-

ликасынын  мыйзамдарында каралган учурларда чечим кабыл алынганга чейин

биринчи инстанциядагы сот тарабынан бейтарап соттун  кароосуна  өткөрүп

берилиши мүмкүн.".

     20. 33-статьяда:

     Статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-

сын:

     "1) жашаган  жери  же  жүргөн жери мурда белгисиз болгон жоопкерге

ишти анын жашаган жери же жүргөн  жери  боюнча  сотко  өткөрүп  берүүнү

өтүнсө, анда ушул өтүнмө сот тарабынан канааттандырылат.".

     21. 36-статья "Жарандык" деген сөздөн кийин "процесстик" деген сөз

менен толукталсын.

     22. 38-статьянын 4-пунктунда "коммуналдык түзүлүштөр" деген сөздөр

"жергиликтүү жамааттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     23. 42-статьяда "иштин мањызы боюнча каралуусу башталганга  чейин"

деген  сөздөр  "иш  боюнча чечим чыгарылганга чейин" деген сөздөр менен

алмаштырылсын.

     24. 43-статьянын 1-пунктундагы биринчи сүйлөмдүн кыргызча варианты

туура берилген.

     25. 45-статьяда:

     1-пунктта "доо" деген сөз "арыз" деген сөз менен алмаштырылсын;

     2-пункттун биринчи  жана  экинчи  сүйлөмдөрүндө  "доо"  деген  сөз

"арыз" деген сөз менен алмаштырылсын;

     3-пункттун биринчи  сүйлөмүндө "Доо койгон" деген сөздөр "Арыз ме-

нен кайрылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

     үчүнчү сүйлөм  "келбесе,"  деген  сөздөн кийин "же башка жактардын

укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса," деген сөздөр мекен толук-

талсын;

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

     "4. Прокурор үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү, мам-

лекеттик бийлик органдарынын,  жергиликтүү өзалдынча  башкаруунун  жана

кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу

жөнүндөгү,  мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштер-

де,  ошондой  эле  башка  учурларда  өзүнө  жүктөлгөн ыйгарым укуктарды

жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убак-

тысы  жөнүндө  кабардар  болгон  прокурордун  келбей калышы ишти териш-

тирүүгө жолтоо болуп саналбайт.".

     26. 53-статьянын    аталышындагы    жана    текстиндеги   тиешелүү

жөндөмөдөгү "коммуналдык түзүлүштөрдүн"  деген  сөздөр  тиешелүү  түрдө

"жергиликтүү жамааттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын".

     27. 55-статьянын 1-пункту "органдардын" деген сөздөн  кийин  "жана

жергиликтүү  өзалдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толук-

талсын.

     28. 57-статьяда:

     1-пункт "Өкүлдүн ыйгарым укуктары" деген сөздөр ", өкүлдүн мыйзам-

дан тышкаркы ыйгарым укуктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

     2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү

документ менен тастыкталат.".

     29. 58-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2. Өкүлдүн мыйзамдан тышкаркы укуктары, доо арызына же доо арызы-

на  каршы пикирге,  доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызга кол коюу,  ишти

бейтарап сотко өткөрүп берүүгө,  иштин болгон жагдайы боюнча макулдашуу

түзүүгө,  жањы  ачылган  жагдайлар  боюнча  сот  актыларын  кайра кароо

жөнүндөгү арызга кол коюу укугу,  ошондой эле өкүлдүн  ишти  аксакалдар

сотуна  өткөрүп  берүү укугу,  доо талаптарынан толук же жарым-жартылай

баш  тартууга,  доону  таанууга,   доонун   жүйөсүн   жана   негиздерин

өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жак-

ка өткөрүп берүүгө (кайра ишенип берүүгө), сот актысына карата даттану-

уга, аткаруу документин өндүрүп алуу үчүн берүүгө, сот аркылуу бөлүнгөн

мүлктү же акчаны алууга карата укуктары өкүлү болуп жаткан жак  тарабы-

нан берилген ишеним катта атайын айтылууга тийиш.".

     30. 63-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

     "3. Ишке катышып жаткан жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тара-

бынан иштин материалдарына тиркелет.".

     31. 75-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

     "4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартип-

те мыйзамдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

     Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасынын эларалык ке-

лишимдеринде  каралган  учурларда мыйзамдаштыруусуз эле мыйзамда белги-

ленген тартипте сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.".

     32. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 94-1-статья менен толукталсын:

     "94-1-статья. Комплекстүү экспертиза

 

     1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле  учурда  билимдин  ар

кандай тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагын-

да ар кандай илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөө жүргүзүүнү  та-

лап кылса,  анда сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комп-

лекстүү экспертиза бир нече эксперттерге тапшырылат.

     2. Комплекстүү  экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай

изилдөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай  жыйынтыкка  кел-

гендиги   көрсөтүлүүгө   тийиш.  Ар  бир  эксперт  корутундунун  өзүнүн

изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы жыйынтыкка кол коет. Эксперт-

тердин арасында пикир келишпестиктер болгон учурда изилдөөлөрдүн натый-

жалары  ушул  Кодекстин  94-статьясынын  3-пунктунун  эрежелери  боюнча

жол-жоболоштурулат.".

     33. 98-статьяда:

     1-пункт "апелляциялык"  деген  сөздөн кийин ",  кассациялык" деген

сөз менен толукталсын;

     2-пункттун 6-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "6) апелляциялык,  кассациялык даттануулардан жана көзөмөл  тарти-

биндеги даттануулардан, ошондой эле экономикалык иштер боюнча даттануу-

лардан сот ишин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө,  доону  кароосуз  калтыруу

жөнүндөгү жана соттук айып акы салуу жөнүндөгү аныктамаларга карата;";

     2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 7,  8 жана 9-пунктчалар менен  то-

лукталсын:

     "7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан;

     8) бейтарап соттун,  эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык

бейтарап (арбитраждык) соттун,  чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап сот-

тун  чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү

арыздардан;

     9) бейтарап соттун,  эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык

бейтарап (арбитраждык) соттун,  чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап сот-

тун,  жарашуу макулдашуусунун жана аткаруу баракчасын берүүдөн баш тар-

туу жөнүндөгү чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын  берүү

жөнүндө  соттун  аныктамасына апелляциялык,  кассациялык даттануулардан

жана көзөмөл тартибиндеги даттануулардан.".

     34. 100-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен

толукталсын:

     "11) өндүрүп алуу талашсыз (акцептсиз) тартипте жүргүзүлүүчү атка-

руу баракчасынын же башка документтин тиешелүү эмес түрдө аткарылганды-

гын таануу жөнүндө доолордо - талашылып жаткан суммадан келип чыгуу ме-

нен;

     12) келишим  түзүп  жатканда,  өзгөрткөндө  же бузган учурда келип

чыккан талаштар боюнча,  ошондой эле мыйзамга ылайык бүтүмдү анык  эмес

деп таануу жөнүндөгү талаштар боюнча доолордо.".

     35. 102-статьянын 3-пункту "төлөөдөн" деген сөздөн кийин "толук же

жарым-жартылай" деген сөздөр менен толукталсын.

     36. 104-статья 1-пункту төмөндөгүдөй  мазмундагы  6-пунктча  менен

толукталсын:

     "6) сот актысын кайра кароо жана  даттанылып  жаткан  сот  актысын

жокко чыгаруу жөнүндөгү даттануу канаатандырылганда".

     37. 109-статьясы 2-пунктунда "апелляциялык" деген сөздөн кийин  ",

кассациялык" деген сөз менен толукталсын;

     38. 122-статьяда:

     2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин

жүргүзүү тартибиндеги  иштерди  кошпогондо,  өтүп   кеткен   процесстик

мөөнөттү  калыбына  келтирүү жөнүндөгү арыз биринчи инстанциядагы сотко

берилет жана соттун отурумунда каралат.".

     5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "5. Ушул  Кодекстин 344-статьясында каралган даттанууну же талапты

киргизүү мөөнөтү,  эгерде даттануу же талапта белгиленген мөөнөттү сак-

тоо  менен берилип,  бирок ал боюнча иш маани-мазмуну боюнча каралбаган

болсо, калыбына келтирилиши мүмкүн.".

     39. 134-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "134-статья. Доо арызын кабыл алуу

 

     Сот арыз түшкөн учурдан баштап жети күндүк мөөнөттө, ал эми психи-

атриялык  стационарга мажбурлап жаткыруу менен байланышкан иштер боюнча

арыз түшкөндөн кийинки  күндөн  кечиктирбестен  сот  ишине  кабыл  алуу

жөнүндөгү маселени кароого милдеттүү. Доо арызын кабыл алуу жөнүндө сот

аныктама чыгарат. Ушул Кодекс менен арызды сот ишине кабыл алуунун баш-

ка мөөнөттөрү да каралышы мүмкүн.".

     40. 135-статьянын 1-пунктунда:

     2-пунктча "соттун"  деген  сөздөн  кийин",  бейтарап соттун" деген

сөздөр менен толукталсын;

     пункт төмөндөгүдөй мазмундага 3-пунктча менен толукталсын:

     "3) эгерде тараптардын ортосунда  талаш-тартышты  бейтарап  соттун

кароосуна  берүү  жөнүндө макулдашуу түзүлгөн болсо,  мындай макулдашуу

жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурлар-

ды кошпогондо.".

     41. 136-статьянын 1-пунктунун 6-пунктчасында "соттун" деген сөздөн

кийин ", бейтарап соттун" деген сөздөр менен толукталсын.

     42. 137-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-

лукталсын:

     "Бул статьянын талаптары администрациялык жана экономикалык  иштер

боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүгө жайылтылбайт.".

     43. 141-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй  мазмундагы

сүйлөм менен толукталсын:  "Акча каражаттарын камакка алуу доо суммасы-

нын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат.".

     44. 155-статьяда:

     2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

     "Жаранды психиатриялык  стационарга  мажбурлап  жаткыруу жөнүндөгү

иштер иш козголгон күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот  тара-

бынан каралат жана чечилет.".

     3-пункттагы "Мыйзамдарда" деген сөз "Ушул Кодексте жана мыйзамдар-

да" деген сөз менен алмаштырылсын.

     45. 174-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

     "6. Ыктыярдуу түрдө аткарылбаган жарашуу макулдашуусу таламдаш та-

раптын арызы боюнча сот тарабынан берилген аткаруу  баракчасынын  неги-

зинде мажбурлап аткартылат.".

     46. 193-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй маэмундагы абзац менен то-

лукталсын:

     "Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюн-

ча сөз сүйлөгөн прокурор соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт.".

     47. 201-статьянын 6-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "6. Доо   жоопкер  тарабынан  таанылган  учурда  соттун  чечиминин

жүйөлөштүрүү бөлүгүндө доонун таанылгандыгы жана анын сот тарабынан ка-

был алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

     Доо мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп  жиберилишинин

себептери  жүйөсүз  экендигине  байланыштуу доодон баш тартылган учурда

соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө сот тарабынан  аныкталган  ушул

жагдай жөнүндө гана көрсөтүлөт.

     Никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими киришүү жана  резо-

люциялык бөлүктөрдөн гана турушу мүмкүн.".

     48. 202-статьяда "банктагы" деген сөздөн кийин "(ал бар болгондо)"

деген сөздөр менен толукталсын.

     49. 203-статьянын 3-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү "жүйөлүү  себеп-

терсиз" деген сөздөр алып салынсын.

     50. 205-статьяда:

     аталышы "чыгаруу" деген сөздөн кийин "жана жарыялоо" деген сөз ме-

нен толукталсын.

     2-пунктта: биринчи  сүйлөм "Жүйөлүү чечим" деген сөздөн мурда "Жа-

зуу жүэүндөгү" деген сөздөр,  "соттун" деген сөздөн кийин "чечими жазуу

жүзүндө  түзүлүшү  жана"  деген сөздөр;  экинчи сүйлөм "өкүлдөрү" деген

сөздөн кийин "акыркы (жазуу жүзүндөгү)" деген сөздөр менен толукталсын.

     51. 212-статьяда "жөнүндөгү" деген сөздөн кийин "ушул Кодекс жана"

деген сөздөр менен толукталсын;  "Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында

каралган  дароо  аткаруу учурларынан тышкары," деген сөздөр алып салын-

сын.

     52. 213-статья алып салынсын.

     53. 214-статьяда "дароо аткаруу керек болбогон" деген сөздөр  алып

салынсын.

     54. 215-статьяда "сот отурумуна келбеген," деген сөздөр  алып  са-

лынсын.

     55. 221-статьяда:

     2-пунктча "сотсуз"  деген  сөздөн  кийин  "же сотко чейинки" деген

сөздөр менен толукталсын;

     6-пунктча төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "6) эгерде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле

предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча аксакалдар соту чечим чы-

гарса;";

     7-пунктча "жаран"  деген сөздөн кийин "жекече ишкер" деген сөз ме-

нен толукталсын";

     статья төмөндөгүдөй  мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толук-

талсын:

     "10) ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле пред-

мет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча бейтарап сот чечим чыгарса;

     11) эгерде  биринчи  инстанциядагы сот тарабынан чечим кабыл алын-

ганга чейин тараптар талашты бейтарап сотуна берүү  жөнүндө  макулдашуу

түзүшсө.".

     56. 223-статьянын 4-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "4) эгерде  ушул  же  башка соттун бейтарап соттун сот ишинде ошол

эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана

ошол эле негиздер боюнча мурда козголгон иши бар болсо;".

     57. 234-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-

лукталсын:

     "Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык  иштер

боюнча  жарандык  сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайыл-

тылбайт.".

     58. 246-статьяда:

     2-пункт "иши жөнүндө" деген сөздөн кийин "ушул Кодексте жана"  де-

ген сөздөр менен толукталсын;

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

     "3. Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иш-

тер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге  жа-

йылтылбайт.".

     59. 270-статьянын 1-пунктунун 5-пунктчасында "коммуналдык  менчик"

деген сөздөр "муниципалдык менчик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     60. 34-главанын аталышындагы жана бүткүл текстиндеги  "коммуналдык

менчик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "муниципалдык менчик", "муни-

ципалдык мүлк" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     61. III бөлүмдүн аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "III бөлүм.  Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кир-

ген жана кирбеген актыларын кайра кароо боюнча сот иши".

     62. 315-статьяда:

     1-пунктта "апелляциялык тартипте" деген сөздөрдөн кийин "областтык

соттун сот коллегиясына" деген сөздөр менен толукталсын;

     2-пунктта "доосу" деген сөз "арыздары" деген сөз менен алмаштырыл-

сын.

     63. 318-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "318-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты карай турган

                  соттор

 

     Райондук соттордун  чечимдери апелляциялык тартипте областтык сот-

тордун сот коллегияларына даттанылышы мүмкүн.".

     64. 321-статьянын 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетиши;".

     65. 327-статьяда:

     1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Апелляциялык  даттануу  же  прокурордун талабы иш келип түшкөн

учурда соттун төрагасы же анын орунбасары сот коллегиясынын соттук  ку-

рамын  түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны

аныктайт.  Соттун төрагасы зарыл болгон учурда  бир  сот  коллегиясынын

судьясын башка сот коллегиясынын курамындагы ишти кароого тарта алат.".

     3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "3. Сот  отурумунун  дайындалгандыгы  жөнүндө областтык соттун сот

коллегиясынын соттук курамы тарабынан аныктама чыгарылат, анда ишке ка-

тышуучу кабардар кылынууга тийиш болгон жактар, ошондой эле соттун оту-

румуна чакырыла турган адамдар көрсөтүлөт.".

     66. 328-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен то-

лукталсын:

     "Ишке катышуучу жана ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу ка-

барландырылбаган адамдардын кимдирбирөөсү соттун отурумуна келбей  кал-

ган учурда сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Ишке катышкан жана

ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу тиешелүү түрдө кабарландырыл-

ган адамдардын келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болбойт.".

     67. 329-статьянын 3,  4, 5-пункттары төмөндөгүдөй редакцияда баян-

далсын:

     "3. Ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн угуп,  сот далилдерди

иликтөөгө  өтөт.  Далилдерди  иликтөө биринчи инстанциядагы соттор үчүн

белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

     4. Апелляциялык  инстанциядагы сот зарыл болгон учурда иште болгон

далилдерди жарыя кылат, ошондой эле жањы берилген далилдерди иликтейт.

     5. Тараптар  кошумча күбөлөрдү чакыртуу жана суракка алуу жөнүндө,

биринчи инстанциядагы сот тарабынан изилдөөдөн баш тартылган башка  да-

лилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.".

     68. 331-статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "331-статья. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы

                  областтык соттун сот коллегиясынын ыйгарым укуктары";

     4-пунктча алып салынсын.

     69. 334-статья алып салынсын.

     70. 335-статьяда:

     1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Сот коллегиясынын  чечими  же  аныктамасы кењешүү бөлмөсүндө ачык

добуш берүү менен кабыл алат.  Судьялардын добуш берүүдө калыс  болууга

же  катышпай  калууга  укугу  жок.  Соттун отурумунда төрагалык кылуучу

акыркы болуп добуш берет.".

     2-пункт төмөндөгүдөй редакдияда баяндалсын:

     "2. Апелляциялык  инстанциядагы  соттун  актылары  ушул  Кодекстин

205-статьясында каралган тартипте чыгарылат жана жарыя кылынган учурдан

тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок көзөмөл тартибинде жарандык же ад-

министрациялык  жана  экономикалык  иштер боюнча Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун сот коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

     Ушул Кодекстин  348-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда мы-

йзамдуу күчүнө кирген акт апелляциялык тартипте көзөмөл иретинде Кыргыз

Республикасынын  Жогорку  сотунун  президиуму  тарабынан кайра каралышы

мүмкүн.".

     71. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 39-1-глава менен толукталсын:

                              "39-1-Глава

            Соттун чечимин кассациялык тартите кайра кароо

 

     337-1-статья. Кассациялык даттануу укугу

 

     1. Райондук  соттордун  мыйзамдуу  күчүнө кирген актыларына карата

ишке катышкан тараптар жана башка адамдар областтык соттун  кассациялык

инстанциясына кассациялык даттануу бериши мүмкүн.

     2. Прокурордун билдирүүсү боюнча козголгон жана прокурордун  каты-

шуусу менен каралган иштер боюнча,  ошондой эле сот тарабынан мамлекет-

тик же коомдук таламдарды бузган чечим кабыл алынган учурда прокурор иш

боюнча талап чыгарууга укуктуу.

     3. Ишке катышууга тартылбаган,  бирок алардын укуктары менен  мил-

деттерине  карата сот чечим кабыл алган адамдар да кассациялык даттануу

берүүгө укуктуу.

 

     337-2-статья. Кассациялык даттануу же талап берүү тартиби жана

                   мөөнөтү

 

     1. Кассациялык даттануу же талап чечим чыгарган сот аркылуу  бери-

лет.

     2. Кассациялык даттануу же талап сот актысы мыйзамдуу күчүнө  кир-

ген күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.

 

     337-3-статья. Кассациялык даттануунун же талаптын мазмуну

 

     1. Кассациялык даттануу же талап төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

     1) даттануу же талап жөнөтүп жаткан соттун аталышы;

     2) даттануу же талап берип жаткан жактын аталышы,  анын жашаган же

турган жери;

     3) даттанылып жаткан чечим;

     4) даттануунун же талаптын жүйөлөрү;

     5) даттануу же талап берип жаткан жактын өтүнүчү;

     6) даттанууга же талапка тиркелген документтердин тизмеги.

     Даттануу берип жаткан жактын же талап берип жаткан прокурордун ра-

йондук сотто иликтөөнүн предмети болбогон жањы  далилдерди  келтиришине

жол берилбейт.

     2. Кассациялык даттанууга же талапка даттануу же талап берип  жат-

кан жак кол коет.  Өкүл тарабынан берилген даттанууга, эгерде иште анын

мындай  ыйгарым  укуктары  жок   болсо,   өкүлдүн   ыйгарым   укуктарын

күбөлөндүргөн ишеним кат же башка документ тиркелүүгө тийиш.

     3. Кассациялык даттануу же талап жана аларга тиркелген документтер

ишке катышкан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөрү менен берилет.

     4. Даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тирке-

лет.

 

     337-4-статья. Даттанууну же талапты карай турган соттор

 

     Райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген  чечимдери  кассациялык

тартипте областтык соттун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же адми-

нистрациялык жана экономикалык иштер боюнча  сот  коллегиясы  тарабынан

каралышы мүмкүн.

 

     337-5-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун ишти кароо мөөнөтү

 

     Кассациялык инстанция  даттануу  же талап боюнча келип түшкөн ишти

ал сотко келип түшкөн күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен  кароого

тийиш.

 

     337-6-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу

 

     Кассациялык даттануу  же  талап төмөндөгүдөй учурларда даттануу же

талап берген жакка кайра кайтарылат:

     1) кыймылсыз  калтырылган  даттануудагы же талаптагы кемчиликтерди

ондоо жөнүндөгү көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбаганда;

     2) даттануу  мөөнөтү өтүп кеткен учурда,  эгерде даттанууда же та-

лапта өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу өтүнүч  камтылба-

са.  Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып алты айдан ашпа-

ган мөөнөткө сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу;

     3) эгерде  даттануу  же  талап даттануу же талап берүүгө укугу жок

адам тарабынан берилсе;

     4) даттануу же талап берген жактын арызы боюнча.

 

     337-7-статья. Судьянын кассациялык даттануу же талап алгандан

                   кийинки аракеттери

 

     1. Ушул  Кодексте  белгиленген  мөөнөттө   жана   ушул   Кодекстин

337-3-статьясынын тиешелүү талаптарына ылайык берилген кассациялык дат-

танууну же талапты алгандан кийин судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:

     1) ишке  катышуучу  жактарга даттануунун же талаптын жана ага тир-

келген жазуу жүзүндөгү материалдардын көчүрмөлөрүн жиберүүгө;

     2) ишке  катышуучу  жактарга иштин кассациялык инстанциядагы сотко

жнберилген күнүн көрсөтүү менен ишке катышуучу тараптар берилген датта-

нууга  же  талапка  өздөрүнүн  каршы  пикирин  бере алгыдай кылып кабар

берүүгө. Бул мөөнөт 10 жумуш күнүнөн ашык болушу мүмкүн эмес;

     3) каршы  пикирлерди алып келүү мөөнөтү аяктагандан кийин ишти об-

ласттык соттун кассациялык инстанциясына жиберүүгө.

     2. Ишке катышуучу адамдар соттогу иштин материалдары жана берилген

даттануулар жана талаптар менен таанышып чыгууга жана  өздөрүнүн  каршы

пикирлерин берүүгө укуктуу.

 

     337-8-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун отурумун дайындоо

 

     1. Кассациялык  даттануу  же  прокурордун  талабы  менен  иш келип

түшкөндө соттун төрагасы же анын орунбасары  сот  коллегиясынын  соттук

курамын  түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судь-

яны аныктайт.  Соттун төрагасы зарылчылык болгон учурда ишти кароо үчүн

бир сот коллегиясынын судьяларын башка сот коллегиясынын курамына тарта

алат.

     2. Кассациялык  тартипте кароого карата ишти дайындоо менен байла-

нышкан маселелерди чечкен учурда төрагалык кылуучу ушул Кодексте белги-

ленген  биринчи  инстанциядагы  сот ишин жүргүзүүнүн жалпы принциптерин

жетекчиликке алат.

     3. Областтык   соттун  сот  коллегиясынын  сот  отурумун  дайындоо

жөнүндө аныктама чыгарылат,  анда ишке катыша турган,  кабар  берилүүчү

жак көрсөтүлөт.

 

     337-9-статья. Ишке катышуучу адамдарга кабар кылуу

 

     1. Кассациялык инстанциядагы ишти кароого катышуучу адамдарга ишти

кароонун убактысы жана орду жөнүндө областтык сот  тарабынан  ушул  Ко-

декстин 11-главасында белгиленген эрежелерге ылайык кабар кылынат.

     2. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө  кабар-

дар болгон ишти кароого катышуучу адамдардын соттун отурумуна келбеген-

диги ишти териштирүүгө жолтоо болбойт.

 

     337-10-статья. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу

 

     Кассациялык инстанция кассациялык даттануу же талап чечилгенге че-

йин соттун чечимдерин аткарууну токтото турууга укуктуу.

 

     337-11-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кароонун тартиби

 

     1. Кассациялык даттанууну же талапты караган учурда ушул Кодекстин

III бөлүмүндө баяндалган эрежелер ушул главада каралган алып  салуулары

жана толуктоолору менен колдонулат.

     2. Кассациялык даттануу же талап боюнча иш областтык соттун жаран-

дык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан же администрациялык жана эко-

номикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан  сот  коллегиясынын  үч

сотунун курамында каралат.

     3. Кассациялык инстанциядагы соттук териштирүү баяндамачы-судьянын

иштин жагдайын жана чечимдин мазмунун, ошондой эле аларга карата касса-

циялык даттанууларды,  талаптарды жана алар боюнча каршы пикирлерди ба-

яндоосу менен башталат.

     4. Баяндамачы-судьянын баяндамасынан кийин сот тараптардын  датта-

нууда же талапта келтирилген жүйөлөрүн, ошондой эле жүйөлөргө каршы пи-

кирлердин жүйөлөрүн негиздеген сөздөрүн угат.

     Кассациялык инстанциядагы сот зарылчылык болгон учурда иштеги бол-

гон далилдерди айтат, эгерде жањыдан берилген далилдер тараптардын бири

тарабынан биринчи инстанциядагы сотко берилиши мүмкүн деп эсептеле тур-

ган болсо, аларга да иликтөө жүргүзөт.

     5. Соттун отурумунда соттун катчысы тарабынан жыйналыштын протоко-

лу жазылат.  Протоколго соттун отурумунда төрагалык кылуучу жана  катчы

кол коюшат.

 

     337-12-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра алуу

 

     1. Кассациялык  даттанууну  же  талапты берген адам ишти караганга

чейин аны кайра алууга укуктуу.

     2. Прокурор  тарабынан коюлган талап да жогору турган прокурор та-

рабынан чакыртып алынышы мүмкүн.

     3. Даттануунун  же  талаптын кайра алынышы жөнүндө ишке катышуучу-

ларга билдирилет.

 

     337-13-статья. Ишти кароонун чектери

 

     1. Ишти караган учурда кассациялык  инстанция  иштеги  материалдар

боюнча кассациялык даттануунун жана талаптын чектеринде укук ченемдери-

нин туура колдонулушун текшерет.

     2. Мыйзамдуулуктун таламдарында сот даттануунун,  талаптын чегинен

тышкары чыга алат.

 

     337-14-статья. Кассациялык инстанциянын ыйгарым укуктары

 

     Кассациялык инстанция ишти карап чыгып,  өзүнүн токтому же аныкта-

масы менен төмөндөгүлөргө укуктуу:

     1) райондук соттун актысын күчүндө даттанууну же  талапты  канаат-

тандыруусуз калтырууга;

     2) райондук соттун актысын толугу менен же анын бир бөлүгүн бузуу-

га жана ишти жањы соттук карап чыгууга жөнөтүүгө;

     3) райондук соттун актысын толугу менен же анын бир бөлүгүн бузуу-

га жана доо арызын кароосуз калтырууга же иш өндүрүшүн токтотууга;

     4) ишти жањы  карап  чыгууга  бербестен  райондук  соттун  чечимин

өзгөртүүгө;

     5) райондук соттун актын бузууга жана ишти жањы кароого бербестен,

жањы чечим чыгарууга.

 

     337-15-статья. Кассациялык инстанциянын соттук актыларды бузушуна

                    же өзгөртүшүнө карата негиздер

 

     1. Кассациялык   инстанциянын   соттук   актыларды   бузушуна   же

өэгөртүшүнө карата негиздер болуп укук ченемдерин олуттуу бузуу же туу-

ра эмес колдонуу,  сот актыларынын негизсиздиги, ошондой эле эгерде сот

актысын кайра карап чыгуу үчүн башка негиздер жок болсо, ал негизденген

мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз  Республика-

сынын Конституциясына ылайык келбейт деп табышы саналат.

     2. Сот актысы сот ишин жүргүзүүнүн токтотулушу же  ушул  Кодекстин

221  жана 223-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз

калтыруу менен бузулууга тийиш.

     3. Сот  актысы  формалдуу  ой  жүгүртүүлөр  боюнча бузулушу мүмкүн

эмес.

 

     337-16-статья. Кассациялык инстанциянын токтому же аныктамасы

 

     1. Даттанууну же талапты карап чыгуунун натыйжалары боюнча  касса-

циялык инстанция токтом же аныктама чыгарат,  ал кењешүү бөлмөсүндө сот

коллегиясынын сотторунун көпчүлүк добушу менен кабыл  алынат.  Судьялар

добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Соттук оту-

румда төрагалык кылуучу эњ акырында добуш берет.

     2. Областтык соттун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын же ад-

министрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын  токто-

мунда же аныктамасында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     1) токтомду же аныктаманы кабыл алган соттун  аталышы;  токтом  же

аныктама кабыл алынган күн жана орду;  токтомду же аныктаманы кабыл ал-

ган соттун курамы; ал боюнча токтом же аныктама чыгарылган иш;

     2) даттануу  же  талап  берген  адам,  ишти карап чыгууга катышкан

адамдар;

     3) биринчи  инстанциядагы ишти караган соттун аталышы,  сот актысы

чыгарылган күн, ишти караган соттун курамы;

     4) иш боюнча мурда чыгарылган сот актысынын мазмунунун кыскача ба-

яндамасы;

     5) берилген даттанууга же талапка каршы пикирлер;

     6) областтык соттун кассациялык инстанциясына катышкан  адамдардын

түшүндүрүүлөрү;

     7) жүйөлөр боюнча кассациялык инстанция ишке катышкан адамдар  та-

янган  мыйзамдарды жана дагы башка ченемдик укуктук актыларды колдонбо-

гон, ошондой эле токтомду же аныктаманы кабыл алган учурда сот коллеги-

ясы жетекчиликке алган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук акты-

лар;

     8) сот  актысын  бузганда же өзгөрткөн учурда - сот коллегиясы ра-

йондук соттун тыянактарына макул болбогон жүйөлөр;

     9) даттанууну же талапты карап чыгуунун натыйжалары боюнча тыянак-

тар;

     10) эгерде иш жањыдан карап чыгууга берилсе, тараптар жана сот ат-

карууга тийиш болгон аракеттер;

     11) сот чыгымдарын тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү көрсөтүү.

     3. Кассациялык инстанциянын токтомуна жана аныктамасына  төрагалык

кылган адам жана ишти карап чыгууга катышкан сот коллегиясынын судьяла-

ры кол коюшат.

     4. Кассациялык  инстанциянын токтому жана аныктамасы ыкчам даярда-

лат жана жарыя кылынат. Өзгөчө татаал иштер боюнча өзгөчө учурларда га-

на  жүйөсү  көрсөтүлгөн  токтомду же аныктаманы түзүү беш күнгө чейинки

мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок ишти кароого катышкан бар-

дык  судьялар  кол  койгон токтомдун же аныктаманын резолюциялык бөлүгү

ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.

     5. Ишти караган учурда өзгөчө пикирде калган кассациялык инстанци-

янын судьясы аны жазуу жүзүндө баяндайт.

     Кассациялык инстанциянын  судьясынын  өзгөчө пикири сот отурумунда

жарыя кылынбайт, бирок ишке тиркелет.

 

     337-17-статья. Кассациялык инстанциянын токтомунун же

                    аныктамасынын мыйзамдуу күчүнө кириши

 

     1. Кассациялык  инстанциянын  токтому же аныктамасы жарыя кылынган

учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет,  бирок көзөмөл тартибинде Кыргыз

Республикасынын  Жогорку сотунун жарандык же администрациялык жана эко-

номикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

     Ушул Кодекстин 348-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда кас-

сациялык инстанциянын мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдору менен  аныкта-

малары көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан

кайра каралышы мүмкүн.

     2. Кассациялык  инстанциянын токтомунда же аныктамасында камтылган

көрсөтөлөрдү ишти кайрадан карап чыккан сот аткарууга милдеттүү.

 

     337-18-статья. Кассациялык инстанциялык соттун жекече аныктамасы

 

     Ишти кассациялык тартипте караган сот  ушул  Кодекстин  227-стать-

ясында каралган учурларда жекече аныктама чыгарууга укуктуу.".

     72. 343-статьянын 2-пунктунда "доосу" деген сөз  "арыздары"  деген

сөз менен алмаштырылсын.

     73. 344-статьяда "үч  жылдын"  деген  сөздөр  "бир  жылдын"  деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

     74. 345-статьясынын 1-пунктундагы 4-пунктча төмөндөгүдөй редакция-

да баяндалсын:

     "4) ишти биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанцияларда караган

соттордун аталышын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мазму-

нун;".

     75. 346-статьянын 2-пункту алып салынсын.

 

     76. 348-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "348-статья. Ишти даттануулар жана талаптар боюнча көзөмөл

                  тартибинде караган сот

 

     1. Биринчи,  апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттор

жарандык иштер боюнча чыгарган,  мыйзамдуу күчүнө кирген актыларга дат-

тануулар  жана талаптар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку со-

тунун жарандык иштер боюнча сот  коллегиясы  же  администрациялык  жана

экономикалык  иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан же Кыргыз Республи-

касынын Жогорку сотунун президиуму тарабынан каралат.

     2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунун ведомство-

суна караштуу иштерди кошпогондо,  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-

нун  жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана эко-

номикалык иштер боюнча сот коллегиясы апелляциялык же кассациялык  тар-

типте областтык соттун сот коллегиялары тарабынан каралган иштер боюнча

мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануулар жана талаптар боюнча

жарандык иштерди карайт.

     3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  президиуму  мамлекеттик

бийликтин   жогорку   органдарынын   ченемдик  эмес  актыларын  талашуу

жөнүндөгү администрациялык иштер,  ошондой эле жарандык жана экономика-

лык  иштер  боюнча арыз берген учурда эњ аз айлык акынын 50 мињден ашык

бааланган доо жагындагы мыйзамдуу күчүнө кирген даттануулар жана талап-

тар боюнча жарандык иштерди карайт.

     4. Эгерде райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине  проку-

рордун көзөмөлдүк даттануусу же талабы областтык сот тарабынан каралба-

са,  андан даттануу же талап областтык соттун кассациялык инстанциясына

кароо үчүн жиберилүүгө тийиш.",

     77. 349-статья алып салынсын.

     78. 350-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "350-статья. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  сот коллегиясынын соттук

курамы  жана  Кыргыз   Республикасынын   Жогорку   сотунун   президиуму

көзөмөлдүк  даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимин аткарууну

токтото турууга укуктуу.".

     79. 351-статьяда:

     2, 3- жана 4-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "2. Көзөмөл тартибиндеги даттануусу  же  талабы  бар  иштер  келип

түшкөн  учурда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын

орунбасары сот коллегиясынын соттук курамын түзөт жана иш боюнча  төра-

галык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт.

     Зарылчылык болгон учурда Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун

Төрагасы  бир сот коллегиясынын судьяларын башка соттук коллегиянын ку-

рамындагы ишти кароого тарта алат.

     3. Ишти  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму караган

учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын тапшыру-

усу  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунун мүчөсү

же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьясы  иши  боюнча

баяндама жасайт. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму

караган учурда сот отурумуна  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун

Төрагасы төрагалык кылат.  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төра-

гасынын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттери сот коллегия-

ларынын төрагаларынын же президиумдун мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.

     4. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  сот  коллегиясынын

соттук  курамы  караган  учурда соттун отурумуна Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун төрагасы төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку  сотунун Төрагасынын тапшыруусу боюнча төрагалыык кылуучунун милдет-

тери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын төрага-

ларынын  бирине  же  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун судьясына

жүктөлөт. Жарандык ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык

иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер

боюнча сот коллегиясы караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку со-

тунун  Төрагасы,  же сот коллегиясынын төрагасы,  же алардын тапшыруусу

боюнча баяндамачы-судья иш боюнча баяндама жасайт.".

     төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

     "7. Ишке катышуучу, ишти кароо убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү

түрдө  кабар кылынган адамдардын соттун отурумуна келбей коюшу ишти те-

риштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.".

     80. 353 жана 354-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "353-статъя. Көзөмөл тартибинде даттанууларды жана талаптарды

                  кароо мөөнөтү

 

     Көзөмөл тартибиндеги даттануу же талап иш менен бирдикте сотко ке-

лип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө каралууга тийиш.

 

     354-статья. Ишти кароонун чектери

 

     Ишти көзөмөл тартибинде караган учурда Кыргыз Республикасынын  Жо-

горку соту биринчи,  апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттор

иште болгон материалдар боюнча укуктун ченемдерин даттануунун же талап-

тын жүйөлөрүнүн чектеринде туура колдонгондугун текшерет.

     2. Мыйзамдуулуктун таламында Кыргыз Республикасынын  Жогорку  соту

даттануунун, талаптын чегинен чыга алат.".

     81. 356-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "356-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот

                  коллегияларынын ыйгарым укуктары

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  сот  коллегиялары   ишти

көзөмөл тартибинде карап чыгып, төмөндөгүлөргө укуктуу:

     1) биринчи,  апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот актысын

күчүндө, ал эми даттанууну же талапты канааттандыруусуз калтырууга;

     2) иш боюнча мурда чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калты-

рууга;

     3) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун чечи-

мин өзгөртүүгө;

     4) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун акты-

сын толугу менен же бир бөлүгүн бузууга жана арызды кароосуз калтырууга

же иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотууга;

     5) биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттун че-

чимин бузууга жана эгерде иш боюнча далилдерди чогултуу же кошумча тек-

шерүү  талап  кылынбаса,  иштин  жагдайы сот тарабынан толук жана туура

аныкталса, бирок материалдык укук ченемдерин колдонууда ката кетирилсе,

жањы чечим чыгарууга:

     6) биринчи,  апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сот акты-

ларын  бузууга жана иштин маани-мазмуну боюнча соттордун чечимдери бол-

босо,  ошондой эле ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары  жана

милдеттери  тууралуу  сот чечим кабыл алган болсо,  ишти тиешелүү сотко

өткөрүп берүүгө.".

     82. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 356-1-статья менен толукталсын:

     "356-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

                    Президиумунун ыйгарым укуктары

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  президиуму  ишти көзөмөл

тартибинде карап чыгып, төмөндөгүлөргө укуктуу:

     1) биринчи  же  апелляциялык инстанциядагы соттун актысын күчүндө,

ал эми даттанууну же талапты канааттандыруусуз калтырууга;

     2) иш боюнча мурда чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калты-

рууга;

     3) биринчи   апелляциялык   же  кассациялык  инстанциянын  чечимин

өзгөртүүгө;

     4) биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысын толугу ме-

нен же анын бир бөлүгүн бузууга жана арызды кароосуз калтырууга  же  иш

боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотууга;

     5) биринчи же апелляциялык жана кассациялык  инстанциядагы  соттун

чечимин  бузууга  жана  эгерде иш боюнча далилдерди чогултуу же кошумча

текшерүү талап кылынбаса,  иштин жагдайы сот тарабынан толук жана туура

аныкталса,  бирок материалдык укук ченемдерине колдонууда ката кетирил-

се, жањы чечим чыгарууга.

     6) биринчи,  апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сот акты-

ларын бузууга жана иштин маани-мазмуну боюнча соттордун чечимдери  бол-

босо,  ошондой  эле ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана

милдеттери тууралуу сот чечим кабыл алган болсо,  ишти  тиешелүү  сотко

жањыдан кароого өткөрүп берүүгө.".

     83. 358-статьяда:

     статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "358-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары";

     1-пунктта:

     - биринчи  абзацынын  биринчи  сүйлөмү "токтом" деген сөздөн кийин

"же аныктама" деген сөздөр менен толукталсын;

     - экинчи  абзацынын  биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баян-

далсын:  "Эгерде Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  токтомун  же

аныктамасын анын жалпы курамынын көпчүлүгү жактап добуш берсе, ал кабыл

алынды деп эсептелинет.";

     2-пункттун 3  жана 8-пунктчалары "апелляциялык" деген сөздөн кийин

"жана кассациялык" деген сөздөр менен толукталсын;

     3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна жана  аныкта-

масына төрагалык кылуучу жана сот коллегиясындагы ишти кароого катышкан

судьялар кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму-

нун токтомуна жана аныктамасына төрагалык кылуучу жана баяндамачы-судья

кол коюшат.".

     84. 359-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "359-статья. Көзөмөл инстанциясындагы соттун токтомунун мыйзамдуу

                  күчүнө кириши

 

     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын сот-

тук курамдарынын же президиумунун токтому кабыл алынгандан кийин  дароо

күчүнө кирет,  акыркы чечим болуп саналат, ага даттанылбайт жана Кыргыз

Республикасынын аткаруу иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген  тартипте

аткарылат.

     2. Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  токтомунда  камтылган

көрсөтмөлөр ишти кайра караган сот үчүн милдеттүү болуп саналат.".

     85. 362-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "362-статья. Жањыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын

                  кайра караган соттор

 

     1. Биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциясында-

гы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары жањыдан пайда болгон жаг-

дайлар боюнча ал актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

     2. Соттун  чечимин  өзгөрткөн  же жана чечим чыгарган көзөмөл инс-

танцнясынын соттук актыларын жањыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кай-

ра кароону чечимде өзгөрткөн же жањы чечим чыгарган сот жүргүзөт.".

     86. 370-статьяда:

     1-пунктунда "жоопкер  уюм"  деген  сөздөр "жоопкер-юридикалык жак"

деген сөздөр менен алмаштырылсын;

     2-пункт төмөндөгүдөй  мазмундагы 9,  10-пунктчалар менен толуктал-

сын:

     "9) ар-намысты,  абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндөгү иш

боюнча доочу Кыргыз Республикасында жашаса же жүрсө;

     10) талаш  Кыргыз  Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу ка-

газдарды жүгүртүү менен байланышкан мамилелерден улам келип чыкса.".

     87. 371-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

     "5) патенттерди  каттоо  же  берүү,  товардык  белгиге,  өнөр  жай

үлгүсүнө, пайдалуу моделге күбөлүктөрдү каттоо же берүү же болбосо Кыр-

гыз  Республикасында  каттоону  же  патентти же күбөлүктү берүүнү талап

кылган интеллектуалдык иштин натыйжаларына башка укуктарды каттоо менен

байланышкан.".

     88. 379-статья  төмөндөгүдөй  мазмундагы экинчи бөлүк менен толук-

талсын:

     "Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко бе-

рилген  учурда   мамлекеттик   же   расмий   тилдеги   тиешелүү   түрдө

күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш.".

     89. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 380-1-статья менен толукталсын:

     "380-1-статья. Чет өлкөлүк укукту колдонуу

 

     1. Чет өлкөлүк укук колдонулган учурда сот тиешелүү чет мамлекетте

ушул ченемдердин чечмеленишине жана колдонулушунун практикасына  ылайык

алардын бар экендигин жана мазмунун белгилейт.

     2. Чет өлкөлүк укуктун ченемдеринин бар экендигинин жана  мазмунун

белгилөө  максатында сот тараптын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча

көмөк көрсөтүүнү же түшүндүрүүнү суранып  Кыргыз  Республикасындагы  же

чет өлкөдөгү компетенттүү органдарга жана уюмдарга белгиленген тартипте

кайрылып же адистерди тарта алат.

     3. Эгерде бардык көрүлгөн чараларга карабастан,  чет өлкөлүк укук-

тун ченемдеринин бар экендиги же мазмуну белгиленбесе,  сот Кыргыз Рес-

публикасынын тиешелүү укуктун ченемдерин колдонот.".

     90. Кодекс төмөндөгүдөй редакциядагы VI бөлүм менен толукталсын:

                               VI бөлүм

                ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ЖАРАНДЫК СОТ

                    ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

     382-статья. Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

 

     Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү ушул бөлүмдө белгилен-

ген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот ишин жүргүзүүнүн  жалпы  эрежелери

боюнча соттор тарабынан жүзөгө ашырылат.

     Экономикалык иштер болуп ишкерликтен жана дагы башка  экономикалык

иштен келип чыккан иштер саналат,  анын тараптары болуп юридикалык жак-

тар жана/же ушул ишти юридикалык жакты түзбөстөн  жүзөгө  ашырган  жана

мыйзамда  белгиленген тартипте жеке ишкердин статусуна ээ болгон жаран-

дар (мындан ары - жеке ишкерлер) саналат, алар өздөрүнүн бузулган укук-

тарын же талашып жаткан укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн

ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

 

     383-статья. Экономикалык иштердин атайын караштуулугу

 

     1. Соттор экономикалык иштер боюнча сот  иши  жүргүзүү  тартибинде

юридикалык  жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы төмөндөгүдөй

талаштарды карайт:

     1) келишим  боюнча пикир келишпестиктерди,  анын түзүлүшү же пикир

келишпестиктерди соттун чечүүсүнө берүүнү тараптар макулдашат;

     2) шарттарды өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүндө;

     3) милдеттенмелерди аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо жөнүндө;

     4) келишимдерди жарактуу деп табуу жөнүндө;

     5) келишимдерди жараксыз деп табуу жөнүндө;

     6) менчик укугун таануу жөнүндө;

     7) менчик ээси же дагы башка мыйзамдуу ээлик кылуучу бөтөн мыйзам-

сыз ээлик кылуудан мүлктү талап кылышы жөнүндө;

     8) мүлктөн пайдалануу жагындагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө;

     9) менчик  ээсинин  же дагы башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун ээлик

кылуудан ажыратуу менен байланышпаган укуктарынын бузулушу жөнүндө;

     10) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

     11) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

     12) мыйзамдарга  жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кел-

беген жана юридикалык жактардын жана жеке  ишкерлердин  укуктарын  жана

мыйзамдуу таламдарын бузган мамлекеттик органдардын,  жергиликтүү өзал-

дынча башкаруу органдарынын, дагы башка органдардын ченемге жат укуктук

актыларын  (толугу  менен  же  анын  бир  бөлүгүн)  жараксыз  деп табуу

жөнүндө, буга юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мамлекеттик кат-

тоо,  кайра  каттоо,  каттоону алып салуу,  аларды каттоодон баш тартуу

жөнүндө талаштар кирбейт;

     13) мамлекеттик органдар,  жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-

ры, контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырган дагы башка органдар юриди-

калык жактардан жана жеке ишкерлерден милдеттүү төлөмдөрдү, жыйымдарды,

айып акыларды  жана  дагы  башка  финансы  санкцияларын  өндүрүп  алышы

жөнүндө;

     14) контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырган органдар эсептен  чы-

гарган  же  алып  койгон  акча  каражаттарын  бюджеттен  кайра кайтаруу

жөнүндө;

     15) мамлекеттик  органдын,  жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы-

нын,  юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкерлигине тиешеси  бар  дагы

башка органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө;

     16) юридикалык жактын же жеке  ишкердин  ишкердик  беделин  коргоо

жөнүндө.

     Ишкерлик менен байланышкан дагы башка иштер  да  мыйзам  тарабынан

экономикалык иштерге киргизиши мүмкүн.

 

     384-статья. Экономикалык иштердин сотко караштуулугу

 

     1. Экономикалык  иштер  биринчи инстанцияда райондор аралык соттор

тарабынан каралат.

     2. Райондор аралык соттор тараптары юридикалык жактар,  юридикалык

жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенишкен жарандар болуп  саналышкан-

дардын  экономика чөйрөсүндө болуучу мүлктүк эмес жана мүлктүк талашта-

рын, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иштерди карайт.

 

     385-статья. Банкроттук жөнүндө иштердин сотко караштуулугу

 

     Юридикалык жактын же жеке ишкердин  же  болбосо  финансы-кредиттик

мекеменин  банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иштерди карызкор юриди-

калык жак же карызкор ишкер турган жер боюнча  райондор  аралык  соттор

ушул  бөлүмдө жана банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр

менен жарандык сот иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча карайт.

 

     386-статья. Доо арызынын түрү жана мазмуну

 

     1. Доо арызы сотко машинкага басылган текст  менен  жазуу  жүзүндө

берилет  жана  ага  юридикалык  жактын жетекчиси же буга атайын ыйгарым

укук берилген башка адам,  жеке ишкер же анын өкүлү кол коет. Доо арызы

мөөр  менен  күбөлөндүрүлөт.  Жеке  ишкерде мөөрдүн жоктугу доону кабыл

алуудан баш тартуу, доо арызын кайра кайтаруу же кароосуэ калтыруу үчүн

негиз болуп саналбайт.

     2. Ушул Кодекстин 132-статьясында каралган жоболордон тышкары  доо

арызында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     1) тараптардын почта даректери жана алардын банк реквизиттери;

     2) өндүрүп алынуучу же талашка түшкөн сумманын эсеби;

     3) мыйзамдарга жана дагы башка ченемдик укуктук  актыларга  таянуу

менен доочунун талаптары,  ал эми бир нече жоопкерге доо коюлган учурда

алардын ар бирине талап;

     4) ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде каралган

учурда жоопкер менен талашты сотко чейин  жөнгө  салуу  үчүн  чараларды

көрүү жөнүндө маалыматтар.

     3. Доочу доо койгон учурда ишке катышкан башка жактарга доо арызы-

нын  жана  ага тиркелүүчү,  аларда жок болгон документтердин көчүрмөсүн

тапшыруу жөнүндөгү билдирүү менен тапшырык кат аркылуу жөнөтөт.

 

     387-статья. Доо арызына тиркелүүчү документтер

 

     Доо арызына төмөндөгүлөр тиркелет:

     1) доо арызынын жана ага тиркелген, ишке катышып жаткан башка жак-

тарда жок болгон документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышып жаткан  башка

жактарга  тапшыргандыгы  жөнүндө кабарлама же жөнөткөндүгүн тастыктаган

башка документтер;

     2) белгиленген    тартипте   жана   өлчөмдө   мамлекеттик   алымды

төлөгөндүгүн же мамлекеттик алымды төлөө  боюнча  жењилдиктерди  алууга

укукту тастыктаган түп нуска документ же мамлекеттик алымды төлөө боюн-

ча мөөнөттү кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч;

     3) доочу өзүнүн талаптарын негиздеген кырдаалдарды тастыктаган до-

кументтер;

     4) юридикалык  жак  же  жеке  ишкер  катары  мамлекеттик каттоодон

өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

     5) ишеним каты же доо арызына кол коюуга ыйгарым укуктарды тастык-

таган дагы башка документтер;

     6) эгерде  бул  ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же кели-

шимде каралган болсо,  доочу сотко чейинки тартипти сактагандыгын  тас-

тыктаган документтер;

     7) эгерде келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө талап билдирилген бол-

со, келишимдин долбоору;

     8) эгерде актыны жараксыз деп табуу жөнүндө талап билдирилген бол-

со, талашка түшкөн актынын көчүрмөсү.

 

     388-статья. Доо арызын кабыл алуу

 

     1. Доо  арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө маселени доо

арызы сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө  судья  жеке

өзү чечет.

     2. Судья доо арызын кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарат, аны менен

иш сот ишин жүргүзүүгө кабыл алынат.

     3. Аныктамада ишти соттун отурумунда  териштирүүгө  дайындоо,  аны

өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө көрсөтүлөт.

     4. Доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу  жөнүндө  аныктаманын

көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен ишке каты-

шуучу жактарга жөнөтүлөт.

     5. Доо  арызын  сот  ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө аныктамага

даттанылбайт.

 

     389-статья. Доо арызын кайра кайтаруу

 

     1. Судья доо арызын жана ага тиркелген документтерди ушул  Кодекс-

тин   136-статьясында   көрсөтүлгөн   негиздер   боюнча,   ошондой  эле

төмөндөгүдөй учурларда кайра кайтарат:

     1) эгерде  доо арыэынын ушул бөлүмдүн 386-387-статьяларында белги-

ленген формасы жана мазмуну сакталбаса;

     2) эгерде  доо  арызына кол коюлбаса же кол коюуга укуксуз адам же

кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

     3) эгерде   доо   арызынын  көчүрмөлөрү  ишке  катышуучу  жактарга

жөнөтүлгөндүгүнүн жана тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;

     4) эгерде белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик алым жана

башка сот чыгымдары төлөнгөндүгүн тастыктаган түп нуска документтер бе-

рилбесе, ошондой эле мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калты-

руу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган,  бул жөнүндө өтүнүч жок  болгон  же

өтүнүч четке кагылган учурларда;

     5) эгерде бир доо арызына бир же бир нече жоопкерге бир  нече  та-

лаптар бириктирилгенде, бул талаптар бири-бири менен байланышпаганда;

     6) эгерде мыйзамга, дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишим-

ге  ылайык  карыз банк же башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш

болгон учурда аны жоопкерден алуу үчүн банкка же башка кредиттик  меке-

меге кайрылгандыгынын далилдери берилбесе;

     7) эгерде доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө  анык-

тама чыкканга чейин доочудан доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө арыз ке-

лип түшсө.

     2. Доо  арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат,  ага

даттанылышы мүмкүн.

     Доо арызын  кайра  кайтаруу  жөнүндө  аныктама бузулган учурда бул

арыз сотко алгачкы жолу кайрылган күнү берилди деп эсептелинет.

     Доо арызын кайра кайтаруу аны кайра кайтарууга негиз болгон жагда-

айларды жойгондон кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте кайра  кай-

рылууга тоскоолдук кылбайт.

     3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган доо арызын  кайра  кайтаруу

үчүн негиздер доо арызын кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

 

     390-статья. Арызды кароосуз калтыруу

 

     1. Сот арызды ушул Кодекстин 223-224-статьяларында көрсөтүлгөн не-

гиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кароосуз калтырат:

     1) эгерде мыйзамга дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишимге

ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш

болгон  учурда доочу аны жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кре-

диттик мекемеге кайрылбаган болсо;

     2) эгерде  ушул  категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде

каралган учурда доочу жоопкер менен талашты  сотко  чейин  жөнгө  салуу

үчүн  чара  көрбөсө  жана  мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаган

болсо;

     3) эгерде  ишти  угуунун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө

кабар кылынган доочу же анын өкүлү соттун  отурумуна  келбесе  же  ишти

анын катышуусуз кароо тууралуу билдирбесе.

     2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама  чыгарат,  ага

даттанылышы мүмкүн.

     Соттун аныктамасында  соттук  чыгымдарды   тараптардын   ортосунда

бөлүштүрүү  жөнүндө,  мамлекеттик  алымды толук же жарым-жартылай кайра

кайтаруу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.

 

     391-статья. Иш боюнча сот ишин жүргүзүү учурунда даректин өзгөрүшү

 

     Ишке катышып жаткан жактар иш боюнча сот иши жүрүп  жаткан  учурда

өзүнүн дареги өзгөргөндүгү тууралуу сотко билдирүүгө милдеттүү.  Мындай

билдирүү жок болгон учурда процесстик документтер сотко белгилүү болгон

акыркы  дарек боюнча жөнөтүлөт жана адресат мындан ары бул даректе тур-

багандыгына карабастан жеткирилди деп эсептелинет.

 

     392-статья. Соттун кабарламасы

 

     1. Экономикалык ишке катышып жаткан жактар жана  процесстин  башка

катышуучулары  соттун отурумунун же өзүнчө процесстик аракетти жүргүзүү

убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот тарабынан соттук  актынын

көчүрмөсүн  почта аркылуу тапшырык-катты жөнөтүү жолу менен кабарланды-

рылат, мында ал адресатка тапшырылгандыгы маалымдалат.

     Кечиктирүүгө болбой  турган учурларда сот ишке катышып жаткан жак-

тарды жана процесстин башка катышуучуларын  телефонограмма,  телеграмма

менен,  факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же башка бай-

ланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлап  же  чакырта  алат.  Мында

сотто кала турган жана ишке тиркелген тексттин көчүрмөсүндө бул текстти

берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны өткөрүп берген күнү жана

убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат ор-

ду көрсөтүлөт.

     Эгерде соттук   актынын   көчүрмөсү   адресатка  же  анын  өкүлүнө

түздөн-түз сотто же ал турган жерде  тапшырылса,  мындай  тапшыруу  кол

койдуруу менен жүрүгүзүлөт.

     2. Ал боюнча процесстин катышуучулары кабарландырыла же  чакыртыла

турган соттук акт төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

     1) соттун аталышын жана дарегин;

     2) соттун  отурумунун  же  өзүнчө  процесстик аракетти жүргүзүүнүн

убактысын жана ордун;

     3) кабарландырылуучу же сотко чакыртылуучу жактын аталышын;

     4) кабарландырууга же  чакыртууга  негиз  болгон  иштин  аталышын,

ошондой эле кандай жак катары чакыртылып жаткандыгынын көрсөтүүсүн;

     5) кабарландырылып же чакыртылып жаткан жак кандай аракеттерди жа-

на  кандай  мөөнөткө  карата  жасоого  укуктуу же милдеттүү экендигинин

көрсөтүүсү.

     3. Кабарларды  сот  ишке  катышып  жаткан жак көрсөткөн дарекке же

юридикалык жак турган жерге же жеке ишкер жашаган жерге жиберет. Эгерде

мыйзамга ылайык уюмдаштыруу документтеринде башкасы белгиленбесе,  юри-

дикалык жактын турган жери ал мамлекеттик  каттоодон  өткөн  жер  менен

аныкталат.

     4. Эгерде адресат соттук актынын көчүрмөсүн кабыл алуудан, алуудан

баш тартса, аны жеткирип же тапшырып жаткан адам сотко кайра кайтарылу-

уга тийиш  болгон  тапшыруу  жөнүндө  маалымдамага  же  соттук  актынын

көчүрмөсүнө  баш тартылгандыгы жөнүндө жазып коюу жолу менен аны белги-

лейт.

     5. Эгерде  бул Кодексте же Кыргыз Республикасынын эларалык келиши-

минде башкасы каралбаса,  чет өлкөлүк жактарга сот ушул главада  белги-

ленген эрежелер боюнча кабарлайт.

     6. Сот соттук актылардын көчүрмөлөрүн  жөнөткөндүгүн  жана  аларды

адресат  алгандыгын  тастыктаган  документтер ушул статьяда белгиленген

тартипте (тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү,  тилкат, дагы башка документ-

тер) иштин материалдарына тиркелет.

 

     393-статья. Тиешелүү түрдө кабарлоо

 

     1. Эгерде соттун отуруму,  өзүнчө процесстик аракетти өткөрүү баш-

талганга чейин сот адресат өзүнө жиберилген соттук  актынын  көчүрмөсүн

алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо,  ишке катышуучу жактар жана про-

цесстин башка катышуучулары тиешелүү түрдө кабарландырылды деп  эсепте-

линет.

     2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин дагы  башка  катышуучулары

да тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет, эгерде:

     1) адресат соттук актынын көчүрмөсүн алуудан баш тартса  жана  бул

баш тартуу жазуу жүзүндө белгиленген болсо;

     2) почта кабарламасына карабастан, адресат сот белгиленген тартип-

те  жөнөткөн  соттук актынын көчүрмөсүн алуу үчүн келбесе,  бул жөнүндө

байланыш органы сотко маалымдаган болсо;

     3) юридикалык жак турган, сотко белгилүү болгон акыркы жерине, же-

ке  ишкер  жашаган  жерге  сот  жөнөткөн   соттук   актынын   көчүрмөсү

көрсөтүлгөн  даректе адресат жок болгондугуна байланыштуу тапшырылбаган

болсо, бул тууралуу байланыш органы сотко маалымдаган болсо, ишке каты-

шып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары сот тарабынан ти-

ешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет.

 

     394-статья. Ишти кароо мөөнөтү

 

     Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, экономикалык талаш боюнча иш

доо  арызын  сот  ишин  жүргүзүүгө  кабыл  алуу жөнүндө аныктама чыккан

күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө  каралууга  жана  чечим  кабыл

алынууга тийиш.

 

     395-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу. Соттун отурумундагы

                 танапис

 

     1. Ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде ишке каты-

шуучу  жакка  карата  сотто  ал соттук териштирүүнүн убактысы жана орду

жөнүндө тиешелүү түрдө  кабарландырылгандыгы  жөнүндө  маалыматтар  жок

болсо, мындай жак соттун отурумуна келбеген учурда сот ишти кароону ки-

йинкиге калтырат.

     2. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу ишти маани-мазмуну боюн-

ча кароо үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт;

     3. Соттук  териштирүүнү үч күндөн ашык мөөнөткө кийинкиге калтыруу

жөнүндө сот аныктама чыгарат,  ал аркылуу ишке  катышкан  адамдар  жањы

соттук отурумдун убактысы жана орду жөнүндө маалымдалат.  Соттун отуру-

муна келген жактар жањы отурум жөнүндө түздөн-түз соттун отуруму соттун

отурумунун протоколуна кол койдуруу менен маалымдалат. Ишти карап чыгу-

уну кийинкиге калтыруу жөнүндөгү аныктамага даттанылбайт.

     4. Сот  ишке катышып жаткан жактын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демил-

геси боюнча соттун отурумунда танапис жарыялай алат.

     5. Соттун отурумундагы танапис үч күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяла-

нышы мүмкүн.  Процесстин катышуучулары тыныгуудан  кийин  ишти  угуунун

убактысы  жана  орду жөнүндө соттун отурумунун протоколуна кол койдуруу

менен маалымдалат.

     6. Танапистен  кийин  соттун отуруму улантылат бул тууралуу төрага

соттун отурумунда жарыялайт.  Танаписке  чейин  иликтенген  далилдерди,

анын  ичинде ишке катышып жаткан жактардын өкүлдөрү алмашкан учурда да-

лилдерди кайра кароо жүргүзүлбөйт.

     7. Ишке  катышып  жаткан  жана  танапис жарыяланганга чейин соттун

отурумунун залында олтурган адамдар соттун отурумунун убактысы жана ор-

ду  жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет жана танапис

аяктагандан кийин соттун отурумуна алардын келбей калышы аны улантууга-

жолтоо болуп саналбайт.

 

     396-статья. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо

 

     1. Райондор аралык соттор кабыл алган,  мыйзамдуу күчүнө кире злек

экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо  ушул  Кодекстин

III  бөлүмүнө ылайык областтык соттордун администрациялык жана экономи-

калык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

     Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген эконо-

микалык иштер боюнча соттун чечимин  кайра  кароо  ушул  Кодекстин  III

бөлүмүнө ылайык кассациялык сот ишин жүргүзүү тартибинде областтык сот-

тордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча  сот  коллегиясы

тарабынан жүзөгө ашырылат.

     Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу  ишке  катышкан

адамдар тарабынан биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу

областтык соттун администрациялык жана экономикалык  иштер  боюнча  сот

коллегиясына берилет. Сот актын кабыл алган сот даттанууну ал сотко ке-

лип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө  иш  менен  бирге  тиешелүү

инстанцияга жөнөтөт.

     2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларын көзөмөл тар-

тибинде кайра кароо ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюн-

ча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана  эконо-

микалык иштер боюнча сот коллегиясы же президиуму тарабынан жүзөгө ашы-

рылат.

     Көзөмөл тартибиндеги даттануулар ишке катышып жаткан адамдар тара-

бынан соттук актыны кабыл алган сот аркылуу экономикалык иш боюнча дат-

танылып  жаткан  соттук  акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир

жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

     Соттук актыны кабыл алган сот көзөмөл тартибинде даттанууну иш ме-

нен бирге ал келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз  Рес-

публикасынын Жогорку Сотуна жөнөтүүгө милдеттүү.

 

     397-статья. Апелляциялык даттанууну кайра кайтаруу

 

     Апелляциялык даттануу  областтык соттун администрациялык жана эко-

номикалык  иштер  боюнча  сот  коллегиясы  тарабынан   ушул   Кодекстин

321-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кайра кайтарылат.

     Апеляциялык даттануу ошондой эле темөндөгүдөй учурларда кайра кай-

тарылууга тийиш:

     1) эгерде даттануу чечим,  аныктама чыгарган сотко кайрылбай туруп

берилсе;

     2) эгерде даттанууга анын көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан жактарга

жиберилгендигинин далилдери тиркелбесе;

     3) эгерде  мамлекеттик  алым  белгиленген  тартипте  жана  өлчөмдө

төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер даттанууга тиркелбесе.

 

     398-статья. Кассациялык даттанууну кайра кайтаруу

 

     1. Кассациялык даттануу областтык жана ага тењештирилген соттордун

администрациялык жана экономикалык иштер боюнча (сот курамы) сот колле-

гиясы тарабынан төмөндөгүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат:

     1) эгерде арызга кол коюлбаса же аг кол  коюуга  укуктуу  адам  же

кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

     2) эгерде даттанууга анын,  ошондой эле ага тиркелген документтер-

дин  көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан адамдарга жөнөтүлгөндүгүнүн далил-

дери тиркелбесе;

     3) эгерде арыз белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өтүп

кеткен мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч камтылбаса;

     4) эгерде  мамлекеттик  алым  белгиленген  тартипте  жана  өлчөмдө

төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер  даттанууга  тиркелбесе,  ошондой

эле  мамлекеттик  алымды төлөө мөөнөтүн кнйинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү

мыйзамда каралган, бул жөнүндө өтүнүч болбогон же өтүнүч четке кагылган

учурларда;

     5) эгерде даттануу чечимди, аныктаманы, токтомду кабыл алган сотко

көрсөтүлбөй туруп жөнөтүлсө;

     6) эгерде  даттануу  материалдык  укуктук ченемдерин же процесстик

укуктун ченемдерин  бузуу  же  туура  эмес  колдонуу  эмнеде  экендигин

көрсөтүүнү камтышбаса;

     7) эгерде даттанууну берген адамдан  аны  кайра  кайтаруу  жөнүндө

арыз келип түшсө.

     2. Даттанууну кайта кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетил-

генден  кийин  арыз берген адам соттун чечимин,  аныктамасын,  токтомун

кайра карап чыгуу жөнүндө арыз менен сотко  ушул  Кодексте  белгиленген

мөөнөттүн чектеринде жалпы тартипте кайра кайрылууга укуктуу.

 

     399-статья. Көэөмөл тартибиндеги даттанууну кайра кайтаруу

 

     1. Көзөмөл  тартибиндеги  даттануу  Кыргыз Республикасынын Жогорку

сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот  коллегиясы

же президиуму тарабынан төмөндөгүдөй негиздер боюнча кайра кайтарылат:

     1) эгерде даттанууга кол коюлбаса же ага кол коюуга  укуксуз  адам

же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

     2) эгерде даттанууга анын,  ошондой эле ага тиркелген документтер-

дин  көчүрмөлөрү ишке катышып жаткан адамдарга жөнөтүлгөндүгүнүн далил-

дери тиркелбесе;

     3) эгерде  даттануу белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана

өтүп кеткен мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү  камтыба-

са;

     4) эгерде  мамлекеттик  алым  белгиленген  тартипте  жана  өлчөмдө

төлөнгөндүгүн  тастыктаган  документтер  даттанууга тиркелбесе,  ал эми

мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү  мый-

замда каралган болсо, бул тууралуу өтүнүч болгон же өтүнүч четке кагыл-

ган учурларда;

     5) эгерде даттануу чечимди, аныктаманы, токтомду кабыл алган сотко

кайрылбай туруп жөнөтүлсө;

     6) эгерде даттануу материалдык укук ченемдерин же болбосо процесс-

тик укуктун ченемдерин бузуу же туура эмес  колдонуу  эмнеде  экендигин

көрсөтүүнү камтыбаса;

     7) эгерде даттанууну берген адамдан  аны  кайра  кайтаруу  жөнүњдө

арыз келип түшсө.

     2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 2, 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн

жагдайлар  четтетилгенден  кийин  даттануу  берген адам соттун чечимин,

аныктамасын,  токтомун кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен сотко ушул

Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде жалпы тартипте кайра кайрылу-

уга укуктуу.

 

     400-статья. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

 

     1. Экономикалык талаштын тарабынын арызы боюнча областтык  же  ага

тењештирилген  соттун  администрациялык  жана экономикалык иштер боюнча

сот коллегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун эко-

номикалык иштер боюнча сот коллегиясы же президиуму ушул Кодекс же Кыр-

гыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен белгиленген  процесстик

мөөнөттүн  өткөрүп жиберилишинин жүйөлүү себебин таануу менен өтүп кет-

кен процесстик мөөнөттү калыбына келтирет.

     2. Өтүп  кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө тиешелүү соттук

инстанциянын  чечиминде,  аныктамасында   же   токтомунда   көрсөтүлөт.

Мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.

     3. Областтык жана ага тењештирилген соттордун администрациялык жа-

на  экономикалык  иштер боюнча сот коллегиясынын өтүп кеткен процесстик

мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндөгү аныктамасына  датта-

нылышы мүмкүн.".

     91. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы VII бөлүм менен толукталсын:

                               VII бөлүм

               СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА ДАГЫ БАШКА ОРГАНДАРДЫН

              АКТЫЛАРЫН АТКАРУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ

 

                               45-Глава

                             Жалпы жоболор

 

     401-статья. Сот актыларын жана дагы башка органдардын

                 актыларын аткаруу тартиби

 

     1. Сот актылары жана дагы  башка  органдардын  актылары  мыйзамдуу

күчүнө  киргенден  кийин аткарылат,  буга ушул Кодекс жана аткаруу ишин

жөнгө салган башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте ошол замат  ат-

карыла турган учурлар кирбейт.

     2. Эгерде ушул Кодексте жана  аткаруу  иши  жөнүндөгү  мыйзамдарда

башкасы каралбаса,  сот актыларын жана дагы башка органдардын актыларын

мажбурлап  аткартуу   сот   берген   аткаруу   баракчасынын   негизинде

жүргүзүлөт.

 

     402-статья. Аткаруу баракчасын берүү

 

     1. Аткаруу  баракчасы биринчи инстанциядагы ишти караган сот тара-

бынан берилет. Дагы башка органдын актысын аткартууга аткаруу баракчасы

ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет.

     2. Аткаруу үчүн сот буйругун берүү ушул Кодекстин  255-статьясында

каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

     3. Аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү  бо-

юнча  түздөн-түз  сот тарабынан аткаруу үчүн жөнөтүлөт.  Акча каражатын

бюджеттин кирешесине өндүрүп алууга аткаруу баракчасы сот тарабынан ка-

рызкордун турган жери боюнча салык органына, дагы башка ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органга жиберилет.

     4. Эгерде  ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе,  ар бир сот акты же

дагы башка органдын актысы боюнча бир аткаруу баракчасы берилет.

     5. Эгерде сот актысы же дагы башка органдын актысы бир нече доочу-

лардын пайдасына же бир нече жоопкерге каршы кабыл  алынган  болсо,  же

аткаруу ар башка жерлерде жүргүзүлүүгө тийиш болсо, сот өндүрүп алуучу-

нун өтүнүчү боюнча бир нече аткаруу баракчаларын берет,  мында  алардын

ар бирине аны аткаруу орду же ошол аткаруу баракчасы боюнча аткарылууга

тийиш болгон сот актысынын бөлүгү көрсөтүлөт.

     6. Өндүрүп алуучулардын өтүнүчү боюнча тилектеш жоопкерлерден акча

суммасын өндүрүп алуу жөнүндө соттук актынын, дагы башка органдын акты-

сынын  же  соттун  өкүмүнүн негизинде сот тилектеш жоопкерлердин санына

жараша бир нече аткаруу баракчаларын берет,  мында алардын  ар  биринен

өндүрүлө турган жалпы сумма, бардык жоопкерлердин аталыштары жана алар-

дын тилектеш жоопкерчилиги көрсөтүлөт.

 

     403-статья. Сот аткаруу баракчасынын же сот буйругунун көчүрмөсүн

                 бериши

 

     Аткаруу баракчасынын  же  сот буйругунун (аткаруу документтеринин)

түп нускасы жоголгон учурда аткаруу баракчасын же сот  буйругун  берген

сот аткаруу документинин көчүрмөсүн бере алат.  Көчүрмөнү берүү жөнүндө

арыз соттун отурумунда каралат. Ишке катышкан жактар отурумдун убактысы

жана  орду  жөнүндө  кабардар  кылынат,  бирок  алардын  келбей  калышы

көчүрмөнү берүү жөнүндөгү маселени чечүүгө жолтоо болуп саналбайт.

     Көчүрмө берүү  жөнүндөгү  соттун  аныктамасына  даттануу  берилиши

мүмкүн.

 

     404-статья. Аткаруу документин жоготкондугу үчүн жоопкерчилик

 

     Аткаруу документин жоготкондугу үчүн күнөөлүү болгон кызмат  адамы

Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жоопкерчиликке тартылышы

мүмкүн.

 

     405-статья. Аткаруу баракчасынын мазмуну

 

     1. Аткаруу баракчасында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     1) аткаруу баракчасын берген соттун аталышы; соттун аткаруу барак-

часын беришине негиз болгон чечимди кабыл алган соттун  же  дагы  башка

органдын аталышы жана жайгашкан жери;

     2) аткаруу баракчасы берилген иш жана анын номери;

     3) аткарылууга тийиш болгон сот акты же дагы башка органдын актысы

кабыл алынган күн;

     4) өндүрүп  алуучу юридикалык жактын жана карызкор-юридикалык жак-

тын аталышы, алардыв турган орду, юридикалык дареги жана банк реквизит-

тери;  өндүрүп  алуучу  -  жарандын жана карызкор - жарандын фамилиясы,

аты-жөнү,  алардын жашаган жери; карызкор - жарандын туулган күнү, орду

жана иштеген жери; жеке ишкер катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күн

жана орду;

     5) сот  актысынын  же  дагы  башка органдын актысынын резолюциялык

бөлүгү;

     6) сот актысынын же дагы башка органдын актысынын мыйзамдуу күчүнө

кирген күнү;

     7) аткаруу  баракчасы  берилген күн жана аны аткарууну талап кылуу

мөөнөтү.  Эгерде аткаруу баракчасы берилгенге чейин сот  тарабынан  сот

актысын  аткаруу  мөөнөтүн  кийинкиге  калтыруу  же бөлүп-бөлүп аткаруу

мүмкүнчүлүгү берилген болсо,  аткаруу баракчасына аткаруу  баракчасынын

колдонуу мөөнөтү кайсы учурдан тартып баштала тургандыгы көрсөтүлөт.

     2. Аткаруу баракчасына судья кол коет жана  соттун  гербдүү  мөөрү

менен күбөлөндүрүлөт.

     3. Сот буйругун мазмуну ушул Кодекстин 252-статьясы менен  аныкта-

лат.

 

     406-статья. Аткаруу баракчасын аткарууга берүү мөөнөттөрү

 

     1. Аткаруу  баракчасын  аткарууга  төмөндөгүдөй мөөнөттөр берилиши

мүмкүн:

     1) сот  актысы же дагы башка органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кир-

ген күндөн тартып же ошол замат аткарыла турган сот актысы кабыл  алын-

ган  күндөн  кийинки  күндөн  баштап же сот актысын аткарууну кийинкиге

калтыруу же бөлүп-бөлүп аткаруу учурунда  белгиленген  мөөнөт  аяктаган

күндөн тартып үч жылдын ичинде;

     2) ушул Кодекстин 407-статьясына ылайык аткаруу баракчасын аткару-

уга  берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктама

чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде.

     2. Эгерде сот актысын аткаруу токтото турулган болсо,  аны аткаруу

токтотула турган убакыт аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн  белги-

ленген мөөнөткө кошулбайт.

     3. Аткаруу баракчасы аны аткаруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу

өндүрүп  алуучуга кайра кайтарылган учурда аткаруу баракчасын аткарууга

берүү үчүн жањы мөөнөт ал кайтарылган күндөн баштап эсептелинет.

 

     407-статья. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүндөгү

                 тыныгуу жана аны калыбына келтирүү

 

     1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса,  аткаруу документтерин атка-

рууга берүү мөөнөтү аны аткарууга берүү менен,  ошондой эле карызкордун

сот  актысын же дагы башка органдын актысын жарым-жартылай аткарышы ме-

нен токтотула турат.

     2. Эгерде мыйзам менен башкасы белгиленбесе, сот тарабынан тааныл-

ган жүйөлүү  себептер  боюнча  аткаруу  документтерин  аткарууга  берүү

мөөнөтүн  өткөрүп  жиберген  өндүрүп алуучуга өткөрүп жиберилген мөөнөт

калыбына келтирилиши мүмкүн.

     3. Өткөрүп  жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз атка-

руу документтерин берген сотко берилет жана ушул  Кодекстин  122-стать-

ясында каралган тартипте каралат.  Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү

соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

 

     408-статья. Аткарылууга тийиш болгон сот актысын же дагы башка

                 органдын актысын түшүндүрүү

 

     Аткарылууга тийиш  болгон сот актысында же дагы башка органдын ак-

тысында камтылган талап түшүнүксүэ болгон учурда  соттук  аткаруучу  ал

актыны  кабыл алган соттон же дагы башка органдан аткаруу документтерин

берүүгө негиз  болгон  сот  актысын  же  дагы  башка  органдын  актысын

түшүндүрүп берүү жөнүндө өтүнүгө укуктуу.

     Сот актысын түшүндүрүү  ушул  Кодекстин  208-статьясында  каралган

эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

 

     409-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу милдети

 

     Судья төмөндүгөдөй  учурларда  аткаруу  ишин  токтото турууга мил-

деттүү:

     карызкор өлгөн  учурда,  аны өлдү деп жарыялаганда же дайынсыз жок

болду деп таанылганда,  эгерде сот аныктаган укуктук мамилелер укук му-

растоого жол берсе,  ошондой эле карызкор болуп саналган юридикалык жак

кайра уюшулган же айы жоюу мыйзамда белгиленген  тартипте  чечим  кабыл

алынган  же  карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иш боюнча

сот тарабынан иш козголгон учурда;

     карызкор аракетке   жөндөмдүүлүгүн  жоготкондо  же  анын  аракетке

жөндөмдүүлүгү чектелгенде;

     жоопкер Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн ара-

кеттерге катышкан бөлүктөрүндө,  дагы башка  аскерлеринде  же  аскердик

түзүлүштөрүндө   болгон   учурда  же  Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу

Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө,  дагы башка  ас-

керлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө болгон жоопкердин өтүнүчү боюнча;

     аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу талабы коюлган мүлктү ка-

макка алуудан бошотуу жөнүндө (тизмеден чыгаруу) доо коюлганда;

     эгерде талашууга мыйзамда жол берилсе,  карызкордун аткаруу  доку-

менттерин сот тартибинде талашууга;

     администрациялык укук  бузуулар  жөнүндөгү  ишти  кароого  ыйгарым

укуктуу  органдардын  же кызмат адамдарынын аракеттерине сотко даттануу

берилген учурда;

     мыйзамда сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарууну ток-

тото туруу укугу берилген судья аныктама чыгарганда.

 

     410-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу укугу

 

     Судья төмөндөгүдөй учурларда аткаруу ишин токтото турушу мүмкүн:

     өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча;

     чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын  Куралдуу  Күчтөрүндө,  дагы

башка  аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта болгон

же кандайдыр бир мамлекеттик милдеттерди аткарууга тартылган  карызкор-

дун өтүнүчү боюнча;

     карызкор узакка созулган кызматтык ишсапарда же Кыргыз Республика-

сынын чегинен тышкары жерде болгондо;

     карызкор стационардык дарылоо мекемесинде болгондо  же  карызкордо

тиешелүү медициналык корутунду болгондо;

     карызкор, анын мүлкү издөөдө болгондо же карызкордон тартып  алын-

ган бала издөөдө болгондо;

     соттук аткаруучу аткаруу документин берген сотко же дагы башка ор-

ганга  ал кабыл алган аткарылууга тийиш болгон соттук актыны түшүндүрүп

берүү жөнүндө арыз менен кайрылганда;

     соттук аткаруучунун аракетине же аткаруу аракеттерин жасоодон анын

баш тарткандыгына,  ошондой эле соттук аткаруучуну четтетүүдөн баш тар-

тууга даттануу берилгенде.

 

     411-статья. Аткаруу ишин кайра баштоо

 

     Аткаруу иши өндүрүп алуучунун, соттук аткаруучунун арызы боюнча же

соттун демилгеси менен аны токтото турууну пайда кылган жагдай жоюлган-

дан кийин сот тарабынан кайра башталат.

     Аткаруу ишин кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарылат.

 

     412-статья. Аткаруу ишин токтотуу

 

     1. Аткаруу иши сот тарабынан темөндөгүдөй учурларда токтотулат.

     1) өндүрүп  алуучу өндүрүп алуудан же карызкордон алып коюлган бу-

юмдарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө сот актысын же дагы баш-

ка  органдын актысын аткаруу учурунда ал буюмдарды алуудан баш тарткан-

да;

     2) өндүрүп алуучу жана карызкор жарашуу макулдашуусун түзгөндө жа-

на аны сот бекиткенде;

     3) өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран өлгөндөн же аны

өлдү деп жарыялагандан же сот актысын же дагы башка органдын актысы ме-

нен анын дайынсыз жоголгондугу таанылгандан кийин талап же милдеттенме-

лер өлгөн адамдын же өлдү деп жарыяланган адамдын укук  мурастоочусуна,

болбосо  дайынсыз  жок  болгон  адамдын  мүлкүнүн башкаруучуларга өтүшү

мүмкүн болбогондо;

     4) жоюлуп жаткан юуидикалык жактын мүлкү өндүрүп алуучунун талабын

канааттандырганга жетпесе же ал жок болсо;

     5) карызкор  мыйзам  тартибинде банкрот (кудуретсиз) деп жарыялан-

ганда;

     6) өндүрүп  алуунун  мындай  түрү  үчүн  мыйзам  менен белгиленген

мөөнөттүн эскириши аяктаганда;

     7) аткаруу документин берүүгө негиз болгон сот актысы же башка ор-

гандын актысы бузулганда.

     2. Өндүрүп  алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда же өндүрүп алуучу

менен карызкордун ортосунда жарашуу макулдашуусу  түзүлгөндө  ушул  Ко-

декстин 174-статьясында каралган эрежелер колдонулат.

     3. Аткаруу ишин токтотуу үчүн негиз болгон учурда аткаруу докумен-

ти  тиешелүү белгилери менен соттук аткаруучу тарабынан сотко же ал до-

кументти берген мамлекеттик же башка органга кайтарылат. Соттук аткару-

учу тарабынан дайындалган бардык аткаруу чаралары алып салынат.

     Токтотулган аткаруу иши кайрадан козголушу мүмкүн эмес.

 

     413-статья. Аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу тартиби

 

     1. Аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу жөнүндө маселени сот ат-

карылуучу жери боюнча карайт.  Бул тууралуу өндүрүп алуучуга, карызкор-

го,  сот аткаруучусуна билдирилет,  бирок алардын келбегендиги  аталган

маселелерди чечүүгө жолтоо болбойт.

     2. Аткаруу ишивн токтото туруу же токтотуу тууралуу арызды  кароо-

нун жыйынтыгы боюнча аныктама чыгарылат, ал өндүрүп алуучуга, карызкор-

го,  ошондой эле бул аткаруу документи колунда болгон сот аткаруучусуна

жиберилет.

     3. Соттун аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу тууралуу  аныкта-

масына даттануу берилиши мүмкүн.

 

     414-статья. Сот аткаруучусунун чечимдерине жана аракеттерине

                 (аракетсиздигине) даттануу

 

     Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда  ушул  Ко-

декстин  27-главасында белгиленген эрежелерге ылайык сот аткаруучусунун

чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) даттанылышы мүмкүн.

 

     415-статья. Сот актысын же дагы башка органдын актысын

                 аткарган учурда башка адамдардын укуктарын коргоо

 

     1. Мүлктү камакка алууда сот аткаруучусу тарабынан бул мүлк карыз-

корго же башка адамдарга таандык экенине карабастан камакка алууну  бу-

зуу үчүн шексиз түрдө негиз болгудай кылып мыйзамдын бузулушуна жол бе-

рилген учурда камакка алууну бузуу жөнүндөгү карызкордун же башка адам-

дардын арыздары ушул Кодекстин 27-главасында белгиленген тартипте кара-

лат.  Мындай арыздар камакка алынган  мүлк  сатылганга  чейин  берилиши

мүмкүн.

     2. Мүлктүн таандуулугуна байланыштуу аны өндүрүп алууга  байланыш-

кан укук тууралуу адамдар тарабынан билдирилген талаш сот тарабынан доо

(мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндө доолор) ишинин тартибинде кара-

лат.

     Мүлктү камакка алуудан бошотуу  жөнүндөгү  доолор  менчик  ээлери,

ошондой эле карызкорго таандык болбогон мүлктүн менчик ээлери тарабынан

коюлушу мүмкүн.

     Мүлктү камакка  алуудан  бошотуу  жөнүндөгү доолор карызкорго жана

төлөтүүчүгө карата коюлат.  Эгерде мүлктү камакка алуу мүлктү конфиска-

циялоого байланыштуу салынса, айыпталуучу жак жана тиешелүү финансы ор-

ганы жоопкер катары тартылат. Эгерде камакка алынган мүлк сатылып жибе-

рилсе, анда доо мүлк өткөрүп берилген адамдарга да коюлат.

     Сатылып кеткен мүлктү кайра кайтаруу жөнүндөгү доо канааттандырыл-

ган учурда мүлктү сатып алуучунун,  төлөтүүчүнүн жана карызкордун орто-

сундагы талаш сот тарабынан доо тартибинде каралат.

     3. Сот  таламдаш  тараптардын  арызына  карабастан  ушул статьянын

1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды  белгилеп,  мүлккө  карата  камакка

алууну бузууга же мүлктүн бир бөлүгүн тизмеден чыгарууга милдеттүү.

     4. Соттун камакка алууну бузуу жөнүндөгү аныктамасына жекече  дат-

тануу берилиши мүмкүн.

 

     416-статья. Сот актысын аткаруунун бурулушу

 

     1. Аткарылган сот актысы өзгөртүлгөн же бузулган жана доодон толук

же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө жањы сот актысы кабыл алынган,  же

болбосо  иш боюнча сот өндүрүшү токтотулган же доо кароосуз калтырылган

учурда сот актысын аткаруунун бурулушу колдонулат.  Сот актысын аткаруу

бурулган  учурда  бузулган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы

боюнча доогердин пайдасына төлөтүлгөндүн бардыгы жоопкерге кайтарылат.

     2. Эгерде аткарылбаган сот актысы өзгөртүлгөн же бузулган жана до-

одон толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө жањы сот  актысы  кабыл

алынганда,  же  болбосо иш боюнча сот иши токтотулганда же доо кароосуз

калтырылганда сот бузулган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы

боюнча  төлөтүүнү  толук  же жарым-жартылай токтотуу тууралуу акт кабыл

алат.

     3. Юридикалык  жактын,  жарандын  арызы боюнча сот төлөтүлгөн акча

каражаттарын, мүлктү же анын наркын кайтаруу жөнүндө аткаруу баракчасын

берет. Арызга мурда кабыл алынган сот актысынын аткарылгандыгын тастык-

таган документ тиркелет.

 

     417-статья. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан сот актысын

                 аткарууну буруу тартиби

 

     1. Иш жањыдан кайра кароо үчүн берилген сот өз демилгеси менен сот

актысын аткарууну буруу жөнүндөгү маселени кароого  жана  ишти  жањыдан

чечүү же соттун жањы аныктамасы аркылуу чечүүгө милдеттүү.

     2. Эгерде ишти кайрадан караган сот сот  актысын  аткарууну  буруу

жөнүндө маселени чечпесе,  анда жоопкер бул сотко сот актысын аткарууну

буруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.  Арыз сот отурумунда каралат.  Ишке

катышкан  адамдарга  сот  отурумунун өткөрүлө турган жери жана убактысы

жөнүндө кабар кылынат, бирок алардын келбегендиги сот актысын аткарууну

буруу жөнүндө арызды кароого жолтоо болбойт.

     3. Сот актысын аткарууну буруу жөнүндөгү соттун аныктамасына  дат-

тануу берилиши мүмкүн.

 

     418-статья. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы же көзөмөл

                 тартибиндеги соттор тарабынан сот актысын аткарууну

                 буруу тартиби

 

     1. Ишти  апелляциялык,  кассациялык тартипте же көзөмөл тартибинде

караган сот,  эгерде ал өзүнүн актысы менен талашты биротоло чечсе,  же

иш боюнча өндүрүштү токтотсо, же арызды кароосуз калтырса, анда сот ак-

тысын аткарууну буруу тууралуу маселени чечүүгө же ишти чечүү үчүн  би-

ринчи инстанциядагы сотко берүүгө милдеттүү.

     2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну бу-

руу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, анда жоопкер биринчи инстанци-

ядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу.

     3. Апелляциялык  инстанциядагы  сотто алимент төлөтүү жөнүндөгү иш

боюнча соттун чечими бузулган учурда сот актысын аткарууну бурууга сот-

тун  бузулган  актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга

же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана жол берилет.

     Кассациялык тартипте, көзөмөл тартибинде эмгек мамилелеринен келип

чыккан талаптар боюнча акча каражаттарын  төлөтүү  жөнүндөгү;  илимдин,

адабияттын жана искусствонун чыгармаларына, аткарууга, ачылыштарга, ой-

лоп табууларга,  пайдалуу тариздерге,  өнөр жай үлгүлөрүнө карата укук-

тарды  пайдалануу  үчүн  сыйакыларды  төлөтүү  жөнүндөгү,  алименттерди

төлөтүү жөнүндөгү, мертинүүдөн же ден соолуктун дагы башка бузулушунан,

же  баккан  адамынын каза болушунан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу

жөнүндөгү иштер боюнча сот актысы бузулган учурда сот актысын аткарууну

бурууга бузулган  сот актысы доогер тарабынан билдирилген жалган маалы-

маттарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда  гана  жол

берилет.

 

     419-статья. Банк же дагы башка кредит уюмдары жана башка адамдар

                 тарабынан сот актысын же дагы башка органдын актысын

                 аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

     1. Карызкордон  акча  каражаттарын төлөтүү жөнүндөгү сот актысы же

башка органдын актысы бул карызкорду тейлеген банктагы  же  дагы  башка

кредит уюмундагы   анын   эсеп-кысабында   накталай  акча  болгон  жана

төлөтүүчү же сот аткаруучусу тарабынан аткаруу баракчасы  аткаруу  үчүн

аларга  берилген учурда аткарылбагандыгы үчүн сот тарабынан Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө сот  айыбы

салынышы мүмкүн.

     2. Аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн  аракеттерди  аткаруу  милдети

жүктөлгөн адамдардын ал аракеттерди жасабагандыгы үчүн аткаруу баракча-

сын берген сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-

ген тартипте жана өлчөмдө сот айыбы салынышы мүмкүн.

     3. Сот айыбын төлөө сот актысын аткаруу милдетинен бошотпойт.

     4. Сот  айыбын салуу жөнүндөгү маселе төлөтүүчүнүн же сот аткаруу-

чусунун арызы боюнча сот тарабынан ушул Кодекстин  9-главасында  белги-

ленген тартипте каралат.

 

                               46-Глава

                   Бейтарап соттун чечимин мажбурлап

                 аткартуунун аткаруу баракчысын берүү

                       боюнча иштердин өндүрүшү

 

     420-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүү

 

     1. Ушул главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын  айма-

гында  бейтарап соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди мажбурлап ат-

картуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү  арыздарды  сотто  кароодо

колдонулат.

     2. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү маселелер таламдаш тараптын арызы боюнча райондук

же аларга тењештирилген соттордо каралат.

     3. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүү жөнүндөгү арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып  үч  жылдын

ичинде берилиши мүмкүн.

     4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын берүү жөнүндөгү арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча,  же

карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, анда бейтарап териш-

тирүүнүн  тарабы  болгон  карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча сотко

берилет.

 

     421-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

                 баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну

 

     1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет  жана  анын  пайдасына

чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

     2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

     2) чечим  кабыл  алган  бейтарап соттун аталышы жана курамы,  анын

жайгашкан жери;

     3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же

жайгашкан жери;

     4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган күн жана жер;

     5) арыз менен кайрылган тараптын  бейтарап  соттун  чечимин  алган

күн;

     6) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткарту-

унун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

     Арызда телефондордун,  факстардын номерлери,  электрондук почтанын

дареги жана дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

     3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

     1) чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бейтарап сот-

тун чечиминин түп нускасы же чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин но-

тариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

     2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндөгү макулдашуунун

(бейтарап макулдашуусу) түп нускасы же болбосо  макулдашуунун  нотариус

тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

     3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.

     4. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүү жөнүндөгү бул Кодекстин ушул статьясында жана 421-статьясында

белгиленген талаптарды бузуу менен берилген арыз бул Кодекстин 136 жана

137-статьяларында белгиленген эрежелерге ылайык кыймылсыз калтырылат же

аны берген кишиге кайтарып берилет.

 

     422-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

                 баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун тартиби

 

     1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын  берүү  жөнүндөгү  арызды  судья жеке өзү ушул Кодексте белгиленген

эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама  чыгаруу

мөөнөтүн камтуу менен,  арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпа-

ган мөөнөттө карайт.

     2. Ишти  соттук териштирүүгө даярдоодо судья бейтарап соттон атка-

руу баракчасы суралып жаткан иш боюнча материалдардын,  анан дагы  ушул

Кодекстин 423-статьясында саналган аткаруу баракчасын берүүдөн баш тар-

туу үчүн негиз болуп  эсептелген  материалдардын  гана  тиешелүү  түрдө

күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сурап ала алат.

     3. Бейтарап териштирүүнүн тараптарына соттук отурумдун боло турган

убактысы жана жери тууралуу билдирилет. Соттук отурумдун болор убактысы

жана жери тууралуу тиешелүү түрдө  кабар  кылынган  аталган  адамдардын

келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.

     4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды караган учурда  компе-

тенттүү сот  бейтарап соттун чечимин маани-мазмуну боюнча кайра кароого

укуксуз.

 

     423-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

                 баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери

 

     1. Сот  бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу ба-

ракчасын берүүдөн ушул статьяда каралган учурларда гана баш тартат.

     2. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүү жөнүндөгү арызды караганда сот  төмөндөгү  учурларда  аткаруу

баракчасын берүүдөн баш тартууга укуктуу:

     1) эгерде тараптардын бири талашты бейтарап  сотко  берүү  жөнүндө

макулдашуу  түзүлгөн учурда тараптардын бири аракетке жөндөмсүз экенди-

гин сотто далилдесе;

     2) эгерде  тараптардын  бирине арбитрдин же бейтарап териштирүүнүн

дайындалгандыгы тиешелүү түрдө кабар кылынбаса;

     3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүүнүн жол-жо-

босу тараптардын макулдашуусуна же колдонуудагы эрежелерге ылайык  кел-

бесе;

     4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда  бел-

гиленбеген  же  анын  шарттарына  ылайык келбеген талаштар боюнча кабыл

алынса же макулдашуунун чегинен тышкары маселелер боюнча  көрсөтмөлөрдү

камтыса.   Эгерде  бейтарап  макулдашууда  камтылган  маселелер  боюнча

көрсөтмөлөрдү мындай макулдашуу менен камтылбагандардан ажыратып  бөлүү

мүмкүн  болсо,  анда бейтарап соттун чечиминин бейтарап макулдашуусунда

камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрү бар  бөлүгү  аткарылышы  мүмкүн

жана бул бөлүктү аткаруу боюнча аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу-

га болбойт;

     5) эгерде  тарап бейтарап макулдашуусу жараксыз деп негиздүү түрдө

билдирсе, ал эми бейтарап соту талашты кароого кабыл алып жана талаштын

маани-мазмуну боюнча чечим чыгарса;

     6) эгерде сот талаштын объектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

боюнча  бейтарап  териштирүүнүн  предмети  болушу мүмкүн эмес экендигин

аныктаса.

 

     424-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

                 баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы

 

     1. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу барак-

часын  берүү  же  бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу

баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

     2. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга  ти-

йиш:

     1) бейтарап соттун аталышы жана курамы жөнүндөгү;

     2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндөгү;

     3) бейтарап соттун чечими жөнүндө,  арыз  берүүчү  берүүнү  өтүнүп

жаткан мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасы жөнүндөгү;

     4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү көрсөтмө.

     3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш  тартуу  ушул  Кодекстин

423-статьясынын 2-пунктунун 2,  3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн не-

гиздер боюнча кабыл алынса,  анда аткаруу баракчасын берүүдөн баш тарт-

кан   чечим  чыгарган  бейтарап  соту  бейтарап  териштирүүнү  кайрадан

өткөрүүгө милдеттүү.

     4. Бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракча-

сын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү  соттун  аныктамасына  ушул  Кодексте

белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.

 

                               47-Глава

                 Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап

                 аткартуунун аткаруу баракчасын берүү

                    жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш

 

     425-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүү

 

     1. Ушул  главада белгиленген эрежелер Кыргыз Республикасынын айма-

гында аксакалдар соттору тарабынан кабыл алынган  чечимдерди  мажбурлап

аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздарды сотто караган-

да колдонулат.

     2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү маселе чечим анын пайдасына карата чыгарылган та-

раптардын арызы  боюнча райондук жана аларга тењештирилген соттордо ка-

ралат.

     3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арыз кабыл алынган чечимдин аткаруу мөөнөтү  аяк-

тагандан кийин бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

     Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу  баракча-

сын  берүү  жөнүндөгү  арыз,  эгерде  ал  ушул статья менен белгиленген

мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана аны кайра калыбына келтирүү жөнүндө

өтүнүчтү камтыбаса, кайра кайтарылууга тийиш.

     4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын  берүү  жөнүндөгү  арыз аксакалдар соту жайгашкан аймактагы сотко

берилет.

 

     426-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана

                 мазмуну

 

     1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет  жана  анын  пайдасына

чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

     2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

     1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

     2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы,  анын

жайгашкан жери;

     3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы,  алар-

дын жашаган жери;

     4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган күн жана жери;

     5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.

     3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

     1) аксакалдар сотунун  чечиминин  тиешелүү  түрдө  күбөлөндүрүлгөн

көчүрмөсү;

     2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбай калышын тастыктаган до-

кументтер;

     3) асакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракча-

сын   дагы   башка   тарапка   берүү   жөнүндө   арыздын   көчүрмөсүнүн

жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган тапшыруу жөнүндөгү кабарлама же дагы  башка

документ;

     4) ишенимкат же арызга кол коюуга ыйгарым укукту тастыктаган  дагы

башка документ.

     4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын  берүү  жөнүндө ушул статьяда каралган талаптарды бузуу менен бе-

рилген арыз аны берген кишиге кароосуз кайтарып берилет.

 

     427-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароо

                 тартиби

 

     1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын  берүү  жөнүндөгү  арызды  судья жеке өзү арызды сот алган күндөн

тартып бир айлык мөөнөттө карайт.

     2. Аксакалдар сотунун териштирүүсүнүн тараптарына сот соттук  оту-

румдун боло турган убактысы жана жери тууралуу билдирет. Соттук отурум-

дун боло турган убактысы жана жери тууралуу тиешелүү түрдө кабар кылын-

ган аталган адамдардын келбегендиги ишти кароого жолтоо болбойт.

 

     428-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери

 

     Сот аксакалдар  сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы

мыйзамдарына ылайык келбеген учурда мажбурлап аткартуунун  аткаруу  ба-

ракчасын берүүдөн баш тартат.

 

     429-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун

                 аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун

                 аныктамасы

 

     1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу  ба-

ракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

     2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын  берүү  жөнүндөгү  аныктамада  төмөндөгү  маалыматтар  камтылууга

тийиш:

     1) аксакалдар сотунун аталышы жана курамы жөнүндө;

     2) аксакалдар   сотун   дагы  териштирүүнүн  тараптарынын  аталышы

жөнүндө;

     3) арыз  берүүчү  мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүнү

өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө;

     4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.

     3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу барак-

часын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына  ушул  Кодексте

белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.

 

                              48-Глава

          Эларалык соттордун, чет өлкөлүк соттордун, эларалык

       бейтарап соттордун (арбитраждардын), чет өлкөлүк бейтарап

      соттордун  (арбитраждардын) чечимдерин таануу жана аткаруу

                     тууралуу иштер боюнча өндүрүш

 

     430-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу

 

     1. Чет өлкөлүк соттордун чечимдери, анын ичинде жарашуу макулдашу-

уларын  бекитүү жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасында ушул Кодекстин

статьясына ылайык таанылат жана аткарылат.

     2. Чет өлкөлүк соттордун чечимдери деп жарандык иштер боюнча, анын

ичинде экономикалык талаштар жана ишкердикти,  дагы башка  экономикалык

иштерди  жүзөгө  ашырууга байланыштуу иштер боюнча чечимдер,  кылмыштан

улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу бөлүгү боюнча өкүмдөрдү түшүнүү

керек.

     3. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу маселелери

Кыргыз  Республикасында  чет  өлкөлүк сотто каралган талаштагы тараптын

арызы боюнча чечилет.

 

     431-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндө

                 арыз

 

     Чет өлкөлүк  соттун  чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндөгү арыз ка-

рызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча, же болбосо карызкордун жашаган

же  жүргөн  жери белгисиз болсо,  анда карызкордун мүлкү жайгашкан жери

боюнча райондук же ага тењештирилген сотко берилет.

 

     432-статья.  Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

                  аткартуу жөнүндөгү арыздын мазмуну

 

     1. Чет  өлкөлүк  соттун  чечимин  таануу  жана  мажбурлап аткартуу

жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана ага төлөтүп  алуучу  же  анын

өкүлү кол коюуга тийиш.

     2. Арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

     1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

     2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

     3) төлөтүп алуучунун,  анын өкүлүнүн аталышы. эгерде арыз өкүл та-

рабынан берилсе, анда алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү;

     4) карызкордун  аталышы,  анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же

карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү;

     5) төлөтүп алуучунун чечимди мажбурлап аткарууну таануу жана чечүү

тууралуу же кайсы  учурдан  баштап  аткаруу  талап  кылына  тургандыгын

көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчү;

     6) тиркелген документтердин тизмеси.

     Чет өлкөлүк   соттун   чечимин   таануу  жана  мажбурлап  аткартуу

жөнүндөгү  арызда   төлөтүп   алуучунун,   карызкордун   жана   алардын

өкүлдөрүнүн телефондорунун,  факстарынын номерлери,  электрондук почта-

сынын дареги жана дагы башка  маалыматтар  көрсөтүлүшү  мүмкүн,  эгерде

алар ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо.

     3. Чет өлкөлүк  соттун  чечимин  таануу  жана  мажбурлап  аткартуу

жөнүндөгү  арызга Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде белгилен-

ген документтер,  ал эми эгерде эларалык бул  келишимде  ал  каралбаса,

арызга төмөндөгүдөй документтер тиркелет:

     1) төлөтүп алуучу  таанууну  жана  аткартууну  өтүнүп  жаткан  чет

өлкөлүк соттун чечими же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

     2) эгерде  бул  чечимдин  текстинин  өзүндө   көрсөтүлбөсө,   анда

чет өлкөлүк  соттун  чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин тастыктаган

расмий документ;

     3) төлөтүп  алуучу  таанууну  жана  аткартууну  өтүнүп  жаткан чет

өлкөлүк сотто иштин териштириле тургандыгы жөнүндө карызкорго  өз  уба-

гында  жана тиешелүү түрдө кабарландырылганын тастыктаган жана тиешелүү

түрдө күбөлөндүрүлгөн документ;

     4) эгерде  чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарыл-

ган болсо,  анда чечимдин толук же жарым-жартылай аткарылгандыгы туура-

луу документ;

     5) сотко берилген арызга кол койгон кишинин ыйгарым укуктарын тие-

шелүү түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка до-

кумент;

     6) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткартуу жөнүндөгү арыз-

дын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин тастыктаган документ;

     7) тараптардын сотто каралуучу келишимднк иштер боюнча макулдашуу-

сун тастыктаган документ;

     8) ушул пункттун 1-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин ти-

ешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик тилдеги же расмий тилдеги  ко-

тормолору.

     4. Чет өлкөлүк  соттун  чечимин  таануу  жана  мажбурлап  аткартуу

жөнүндөгү  арызга  бейтарап  соттун чечимин мажбурлап аткартууга карата

аткаруу баракчасын берүү тууралуу арызды  сотко  берген  учурда  Кыргыз

Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө мамле-

кеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ да тиркелет.

 

     433-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

                 аткартуу жөнүндөгү арызды кароо тартиби

 

     1. Эгерде  Кыргыз  Республикасынын эларалык келишимдеринде башкасы

каралбаса,  чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана  мажбурлап  аткартуу

жөнүндөгү  арызды судья жеке өзү ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрү

менен ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча арыз келип  түшкөн  күндөн

тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

     2. Сот ишке катышуучу жактарга соттук отурумдун болор убактысы жа-

на жери тууралуу маалымдайт.  Тиешелүү түрдө маалымдалган аталган адам-

дардын келбегендиги кароого жолтоо болбойт.

     3. Ишти  караган учурда соттук отурумга сот чет өлкөлүк соттун че-

чимин таануу жана мажбурлап аткартуу үчүн ушул Кодекстин 436-статьясын-

да каралган негиздер бар же жок экендигин аныктайт.

     4. Ишти караган учурда сот чет өлкөлүк соттун чечимин маани-мазму-

ну боюнча кайра кароого укуксуз.

     5. Эгерде мажбурлап аткартуу жөнүндөгү маселени чечкен учурда сот-

то күмөн саноолор пайда болсо,  анда ал чет өлкөлүк соттун чечимин маж-

бурлап аткартуу тууралуу арыз менен кайрылып жаткан адамдан  түшүндүрмө

берүүнү өтүнүүгө,  ошондой эле карызкордон арыздын маани-мазмуну боюнча

сураштырууга жана зарыл болгон учурда чечим  кабыл  алган  чет  өлкөлүк

соттон түшүндүрмө суратууга укуктуу.

 

     434-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап

                 аткартуудан баш тартуунун негиздери

 

     1. Сот төмөндөгүдөй учурларда чет өлкөлүк  соттун  чечимин  толугу

менен  же  бир бөлүгүн таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартат,

эгерде;

     1) аймагында  кабыл  алынган мамлекеттин мыйзамы боюнча чечим мый-

замдуу күчүнө кире элек же аткарылбоого тийиш болсо;

     2) чечим  өзүнө  каршы  кабыл алынган тарап ишти кароонун убактысы

жана жери жөнүндө өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылбаса  же

дагы башка себептерден улам сотко өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;

     3) ишти кароо Кыргыз Республикасынын эларалык келишимине  же  мый-

замга  ылайык Кыргыз Республикасындагы соттун компетенциясына гана тие-

шелүү болсо;

     4) ошол  эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча ошол зле тарап-

тардын ортосундагы талаш жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Респуб-

ликасынын сотунун чечими болгон учурда;

     5) Кыргыз Республикасындагы соттун кароосунда ошол эле тараптардын

ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиз-

дер боюнча чет өлкөлүк сотто иш козголгонго чейин козголгон  иш  болгон

учурда;

     6) чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу мөөнөтү өтүп кет-

кен жана бул мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилбеген учурда;

     7) чет өлкөлүк соттун чечимин аткартуу Кыргыз Республикасынын эге-

мендигине  эыян келтирсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна корку-

нуч туудурса.

 

     435-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап

                 аткартуу жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы

 

     1. Карыэкордун  түшүндүрмөсүн  угуп жана берилген далилдерди карап

чыгып,  сот ушул Кодекстин 21-главасын да белгиленген  эрежелер  боюнча

чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу жөнүндө анык-

тама чыгарат.

     2. Чет өлкөлүк   соттун  чечимин  таануу  жана  мажбурлап  аткартуу

жөнүндөгү аныктамада төмөвдөгүлөр камтылууга;

     1) чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан же-

ри;

     2) төлөтүп алуучунун жана карызкордун аталышы;

     3) төлөтүп  алуучу  чечимди  таанууну  жана  мажбурлап  аткартууну

өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими тууралуу маалыматтар;

     4) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана  мажбурлап  аткартуу  же

чет  өлкөлүк  соттун  чечимин  таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш

тартуу жөнүндө көрсөтмө.

     3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан

баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тар-

типте даттанылышы мүмкүн.

 

     436-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу

 

     1. Чет  өлкөлүк соттун чечимин мажбурлал аткартуу чет өлкөлүк сот-

тун чечимин таануу жана мажбурлап аткартуу  жөнүндө  аныктама  чыгарган

сот  тарабынан берилүүчү аткаруу баракчасынын негизинде,  ушул Кодексте

жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

     2. Чет  өлкөлүк  соттун  чечими  ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн

тартып үч жылдан ашпаган мөөнөттө мажбурлап аткартууга берилиши мүмкүн.

Аталган  мөөнөт  өтүп  кеткен учурда ал төлөтүп алуучунун өтүнүчү менен

ушул Кодекстин 10-главасында каралган эрежелер боюнча калыбына келтири-

лиши мүмкүн.

 

     437-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу

 

     1. Чет  өлкөлүк  соттордун мажбурлап аткартууну талап кылбаган че-

чимдери,  эгерде таламдаш жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө,

андан ары эч кандай иш жүргүзүүсүз эле таанылат.

     2. Таламдаш жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага тењешти-

рилген  сотко  келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир

айдын ичинде бул чечимде таануу жагынан өэүнүн  каршы  пикирин  билдире

алат.

     3. Таламдаш тараптын чет өлкөлүк  соттун  чечимин  таануу  жагынан

каршы  пикири  бул адамга каршы пикирди кароо убактысын жана жерин бил-

дирүү менен соттук отурумда каралат.  Ишти  кароо  убактысы  жана  жери

жөнүндө  тиешелүү түрдө кабарландырылган таламдаш жактын жүйөлүү себеп-

сиз келбей калышы каршы пикирди кароого жолтоо болбойт.

     4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагынан каршы пикирди сот ка-

рагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал мыйзамдуу күчүнө кирген-

ден кийин тараптарга жиберилет.  Соттун аныктамасына ушул Кодексте бел-

гиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

 

     438-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан баш тартуу

 

     Чет өлкөлүк соттун мажбурлап аткартууга тийиш болбогон чечимин та-

ануудан  баш  тартууга  ушул Кодекстин 434-статьясынын 1-пунктунун 1-5,

7-пунктчаларында белгиленген негиздер болгон учурда жол берилет.

 

     439-статья. Аткарууну талап кылбаган чет өлкөлүк соттордун

                 чечимдерин таануу

 

     Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк соттордун мүнөзү боюнча аткару-

уну талап кылбаган чечимдери ушул  Кодекстин  381-статьясында  каралган

учурларда таанылат.

 

     440-статья. Эларалык соттордун, эларалык арбитраждардын чечимдерин

                 таануу жана аткаруу

 

     Ушул Кодекстин 431-438-статьяларынын эрежелери эларалык соттордун,

эларалык арбитраждардын чечимдерине карата колдонулат.

 

     441-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),

                 эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын)

                 чечимдерин таануу жана аткаруу

 

     1. Ушул  Кодекстин 422,  434,  436-438-статьяларынын эрежелери чет

өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),  эларалык бейтарап соттор-

дун (арбитраждардын) чечимдерине карата да колдонулат.

     2. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун, эларалык бейтарап соттордун че-

чимин  таануу же аткаруу жөнүндө өтүнүп жаткан тарап чет өлкөлүк бейта-

рап соттун,  эларалык бейтарап соттун  тиешелүү  түрдө  күбөлөндүрүлгөн

анык чечимин же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой

эле   анык   арбитраждык   макулдашууну   же   анын   тиешелүү    түрдө

күбөлөндүрүлгөн  көчүрмөсүн берүүгө тийиш.  Эгерде арбитраждык чечим же

бейтарап макулдашуу чет тилде баяндалган болсо,  анда тарап  бул  доку-

менттердин мамлекеттик же расмий тилге которулган күбөлөндүрүлгөн текс-

тин берүүгө тийиш.

 

     442-статья. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),

                 эларалык бейтарап соттордун (арбитраждардын)

                 чечимдерин таануудан жана аткартуудан баш тартуу

 

     1. Чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын),  эларалык бей-

тарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин таануудан жана аткартуудан,

өзүнө карата каршы багытталган тараптын өтүнүчү боюнча,  баш  тартылышы

мүмкүн, эгерде ал тарап таануу жана аткартуу өтүнүч кылынып жаткан ком-

петенттүү сотко төмөндөгүлөр тууралуу далилди берсе:

     1) бейтарап  макулдашуунун  тараптары  өздөрүнө карата колдонулган

мыйзам боюнча кандайдыр бвр дењгээлде аракетке жөндөмсүз болсо  же  бул

макулдашуу ылайык келген мыйзам боюнча, ал эми мындай көрсөтмө жок бол-

гон учурда - чечим чыгарылган өлкөнүн мыйзамы боюнча бул макулдашуу жа-

раксыз болсо;

     2) өзүнө каршы чечим чыгарылган тарапка арбитрди дайындоо  жөнүндө

же  арбитраждык  териштирүү жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылбаса же

болбосо дагы башка себептер менен өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;

     3) чечим  арбитраждык  макулдашууда  каралбаган же анын шарттарына

ылайык келбеген талаш боюнча чыгарылса, же болбосо арбитраждык макулда-

шуунун чегинен тышкары чыккан маселелер боюнча токтомду камтыса. Эгерде

арбитраждык соттун чечиминде арбитраждык макулдашуу менен камтылган ма-

селелер  боюнча  токтомдорду  мындай макулдашуу менен камтылбагандардан

ажыратып бөлүүгө мүмкүн болсо,  анда сот арбитраждык  соттун  чечиминин

арбитраждык  макулдашууда  камтылган  маселелер  боюнча  токтому кирген

бөлүгүнө карата гана аткаруу баракчасын бере алат;

     4) арбитраждык  соттун  курамы  же арбитраждык процесс тараптардын

макулдашуусуна ылайык келбесе же мындай жок болгон учурда арбитраж бол-

гон өлкөнүн мыйзамына ылайык келбесе;

     5) чечим тараптар үчүн али акыркы чечим боло элек болсо же  бузул-

са, же анын аткарылышы ал чечим чыгарылган өлкөнүн же чечим колдонулган

өлкөнүн соту тарабынан токтотула турган болсо.

     2. Арбитраждык чечимди таануудан жана аткартуудан Кыргыз Республи-

касынын соту төмөндөгүлөрдү аныктаган учурда да баш тартышылы мүмкүн:

     1) талаштын  объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча арб-

итраждык териштирүүнүн предмети боло албаса;

     2) бул  чечимди  таануу жана аткартуу Кыргыз Республикасында жалпы

элдик тартипке карама-каршы келсе.".

 

     2-статья.

 

     Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр  күчүн жогот-

ту деп табылсын:

     - Кыргыз  Республикасынын  Арбитраждык  процесстик кодекси (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 5,71-ст.);

     - "Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексин колдону-

уга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  (Кыргыз  Республ-

икасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 5,72-ст.);

     - "Кыргыз   Республикасынын   Арбитраждык   процесстик   кодексине

өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы  (Кыргыз  Республикасынын   Жогорку   Кењешинин   Ведомосттору,

1997-ж., N 12,577-ст.);

     - "Кыргыз   Республикасынын   Арбитраждык   процесстик   кодексине

өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы  (Кыргыз  Республикасынын   Жогорку   Кењешинин   Ведомосттору,

1997-ж., N 12,578-ст.);

     - "Кыргыз   Республикасынын   Арбитраждык   процесстик   кодексине

өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы  (Кыргыз  Республикасынын   Жогорку   Кењешинин   Ведомосттору,

2000-ж., N 72,367-ст.).

     2. Ушул Мыйзам күчүнө  кирген  күндөн  тартып  төмөндөгүлөр  белг-

иленсин:

     1) Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодексине  ылайык

бул  Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттор тарабынан карала турган бардык

экономикалык иштер ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен Кыргыз Рес-

публикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык каралат.

     2) жарандык,  анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин  келип

түшкөн  жана райондук жана аларга тењештирилген соттор,  областтык жана

аларга тењештирилген соттор жана Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  соту

тарабынан  каралбаган экономикалык иштер бул Мыйзам күчүнө киргенге че-

йин колдонулуп келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана алардын

жоболорунда  белгиленген  тартипте жана мөөнөттөрдө өндүрүшү аякталууга

тийиш;

     3) ушул Мыйзам күчүнө кире злекте чыгарылган биринчи инстанциядагы

соттордун күчүнө кире жана даттаныла элек жарандык,  анын ичинде эконо-

микалык  иштер  боюнча  сот  актылары ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин

колдонулуп келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана алардын жо-

болорунда белги мөөнөттөрдө областтык жана аларга тењештирилген соттор-

го даттанылат жана аларда каралат;

     4) ушул Мыйзам күчүнө кире электе чыгарылган, күчүнө кирген жаран-

дык, анын ичинде экономикалык иштер боюнча райондук жана аларга тењешт-

ирилген соттордун сот актылары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте,  би-

рок ушул Мыйзам күчүнө кире электе колдонулган  Кыргыз  Республикасынын

мыйзамдарында  жана алардын жоболорунда белгиленген мөөнөттөрдө област-

тык тењештирилген сотторго даттанылат; мында бул сот актылары областтык

жана  аларга тењештирилген соттордо ушул Мыйзамга ылайык каралат (кайра

каралат);

     5) ушул Мыйзам күчүнө кире электе чыгарылган, күчүнө кирген жаран-

дык, анын ичинде экономикалык иштер боюнча областтык жана аларга тењеш-

тирилген соттордун сот актылары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, би-

рок бул Мыйзам күчүнө кире злекте  колдонулган  Кыргыз  Республикасынын

мыйзамдарында  жана  алардын жоболорунда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз

Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат, мында ушул сот актылары Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку сотунда ушул Мыйзамга ылайык каралат (кайра

каралат).

 

     3-статья.

 

     Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Кыргыз Республикасы-

нын Жарандык процесстик Кодексинин  356-статьясынын 2-пунктун жана Кыр-

гыз Республикасынын Арбитраждык процесстик  кодексинин  158-статьясынын

2-пунктун  конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын 83-статьясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндөгү 2004-жылдын

12-майындагы жана 2004-жылдын 14-майындагы чечимдерине ылайык сот акты-

ларын бузуу жана аларды бузууга байланышкан  маселелерди  чечүү  Кыргыз

Республикасынын  Конституциясынын  82-статьясынын 4-пунктунда жана ушул

Мыйзамда белгиленген ченемдерге ылайык, биринчи инстанциядагы сотто ка-

ралган  жана алар боюнча чечимдер кабыл алынган иштерди кошпогондо,  ал

күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде каралат.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев