Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 
2004-жылдын 11-августу № 112
  
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
  
            "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
            жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана
            "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                     өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
  

2004-жылдын 23-июнунда                 Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                      Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
                                              тарабынан кабыл алынган
  1-статья.
  
  "Мамлекеттик  пенсиялык  социалдык  камсыздандыруу  жөнүндө"  Кыргыз
Республикасынын  Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин
Ведомосттору, 1997-ж, № 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
  32-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
  "2.  Пенсионер  өлгөн учурда көмүлгөндөн кийин анын үй-бүлөсүнө  эки
жумадан  кечиктирилбестен  пенсиянын базалык  бөлүгүнөн  он  эселенген
өлчөмүндө көмүү пособиеси төлөнөт.".
  
  2-статья.
  
  "Аскер  кызматчыларын  пенсия  менен камсыз  кылуу  жөнүндө"  Кыргыз
Республикасынын  Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин
Ведомосттору, 1993-ж, № 8,392-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
  61-статьянын бешинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
  "Пенсионер  өлгөн  учурда  көмүлгөндөн кийин  анын  үй-бүлөсүнө  эки
жумадан     кечиктирилбестен    "Мамлекеттик    пенсиялык    социалдык
камсыздандыруу  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамында  каралган
пенсиянын  базалык  бөлүгүнүн он эселенген өлчөмүндө  көмүү  пособиеси
төлөнөт.".
  
  3-статья.
  
  Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
  
  Кыргыз Республикасынын 
       Президенти                                              А.Акаев