Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып
алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\038f3368-69f3-4630-bf4c-bdb3c5754a7a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 13-августу № 117

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө

(КР 2007-жылдын 4-июнундагы № 77, 2008-жылдын 7-июлундагы № 139, 2008-жылдын 21-июлундагы № 163,
2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2009-жылдын 26-январындагы № 26, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2,
2011-жылдын 14-июлундагы № 100, 2012-жылдын 14-майындагы № 53, 2013-жылдын 19-июлундагы № 152,
2014-жылдын 18-февралындагы № 30,
2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун максаттарын, милдеттерин, принциптерин функциясын ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

 

I Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги аныктамалар

 

Мамлекеттик аудит - аудит боюнча мамлекеттик бийлик органынын мамлекеттик ресурстарды (финансылык, материалдык ж.б.) башкаруу боюнча ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугу, финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн тууралыгы финансылык тартип бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет.

Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү, ошондой эле аудит жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү.

Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натыйжалуулук аудити.

Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам талаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы отчеттуулугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо.

Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө салган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү.

Натыйжалуулук аудити - аудит объектинин ишинин үнөмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо.

Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын көз карандысыз функциясы.

Ички аудит - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жана тууралыгына, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоону, баалоону жана мониторингди өзүнө камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу көз карандысыз жана калыс функция.

Алдын ала изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;

Эсептөө палатасынын мүчөсү - Эсептөө палатасынын аудитору - ушул Мыйзамда белгиленген Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун;

Бюджеттен тышкаркы каражаттар - 1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге киргизилбеген жана белгилүү бир максат боюнча пайдаланылган мамлекеттик акча каражаттары, 2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнбөгөн, башка булактардын эсебинен түзүлгөн мекемелер менен уюмдардын карамагында турган каражат.

Атайын каражаттар - бюджеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен бөлүнгөн каражаттардан тышкары алынган каражаттар. Продукция сатып өткөрүүдөн, иш аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн же башка иш жасоодон бюджеттик мекемелер алган кирешелер атайын каражаттар болуп саналат.

Каражаттарды максатсыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды багытынан башкага пайдалануу.

Каражаттарды натыйжасыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды сарамжалсыз, үнөмсүз жана натыйжасыз пайдалануу.

Операциялык иш - ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин акчалай түшүү булагы болуп саналган анын иши;

Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана алардын кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен байланыштуу болгон милдеттүү тартип;

Мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү - жеке жана менчиктин башка түрүндөгү ишканалар менен уюмдардагы мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын 51 пайызды жана андан ашыкты түзүшү.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамдар

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) ыйгарым укуктары, уюштурулушу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө тиешелүү маселе "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын ченемдерин колдонот. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эларалык келишимдерде жана макулдашууларда, ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган өзүнүн ички иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген Эсептөө палатасынын Регламентин кабыл алууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 26-январындагы № 26, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусу

 

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эсептөө палатасы мамлекеттик аудиттин көзкаранды эмес жогору турган органы болуп саналат.

Эсептөө палатасы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар, аталышы жана өздүк символикасы көрсөтүлгөн мөөргө ээ.

Эсептөө палатасынын туруктуу турган жери Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп саналат.

Эсептөө палатасы аймактык бөлүмдөрүнө ээ. Аймактык бөлүмдөрдүн уюштурулушу жана иши Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат.

Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты

 

Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин натыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджетти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу болуп саналат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары колдонулуучу чөйрөсү

 

Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулат. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мамлекеттик уюмдардын аудити жана аудиттин натыйжалуулугу гана өзгөчөлүктү түзөт.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин мамлекеттик аудитору болуп саналат.

Эсептөө палатасынын ыйгарым укугу мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын чоң үлүшү бар менчиктин жеке жана башка түрүндөгү ишканаларга жана уюмдарга жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинин же Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттин катышуусунун үлүшү 10 пайыз жана андан ашыкты түзгөн ишканалардын жана уюмдардын натыйжалуулугунун аудитин жүргүзө алат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Эсептөө палатасынын ишин уюштуруунун принциптери

 

Эсептөө палатасы өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын үстөмдүгүнүн;

2) мыйзамдуулуктун так сакталышынын;

3) мамлекеттин таламдарын, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун;

4) объективдүүлүктүн, аныктыктын жана чынчылдыктын;

5) инсандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келбеген өлчөмдө жана жашыруундуулук режимин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон башка маалыматтарды эске алуу менен ачыктыктын жана айкындуулуктун;

6) купуялуулуктун;

7) финансылык, функционалдык жана уюштуруучулуктун көзкарандысыздыгынын;

8) кесиптик компетенттүүлүктүн жана тийиштүү тыкандуулуктун;

9) коллегиалдуулуктун;

10) кесиптик стандарттарды жолдоонун;

11) кесиптик этиканы жана мамлекеттик кызматчылардын этикасын бекем сактоонун.

 

7-статья. Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү

 

Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине аудит;

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоң үлүшү бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;

5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын, аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын абалына жана аны тескөөгө аудит;

7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;

8) козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

9) республикалык бюджеттин, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана макулдашууларын, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бюджеттеринин маселесин козгогон мамлекеттик программаларды жана башка документтерди талдоо жана аларга корутунду берүүнү;

10) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштоолорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү;

11) республикалык, жергиликтүү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттерин аткаруу боюнча отчетторду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү ошондой эле тийиштүү маалыматтарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жиберүүнү;

12) республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнү;

13) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын кайрылууларына консультацияларды жана сунуштоолорду берүү, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иштерди жүзөгө ашырууну.

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;

15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө аларга аудит;

16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизүү.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

 

1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчеттуулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча аудит жүргүзүүгө жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка отчетторду берүүгө;

3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;

4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;

5) Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маалыматтарды белгиленген мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгерде алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, которушса, пайдаланышса же мамлекеттик менчикти пайдаланышса, же болбосо аны башкарышса ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген салыктык, бажылык жана башка жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону берүүгө тийиш;

6) акчанын өз учурунда келип түшүүлөрүнө, мыйзамдуу бекитилген көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду ишке ашырууга, четтеп кетүүлөрдү жана тартип бузууларды аныктоого, аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:

1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;

2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине администрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II Глава
Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу жана пландаштыруу

 

9-статья. Эсептөө палатасынын курамы жана түзүмү

 

Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын тогуз аудиторунан, алардын курамынан дайындалган Эсептөө палатасынын төрагасынан, аппаратынан жана анын аймактык бөлүмчөлөрүнөн түзүлөт.

Эсептөө палатасынын түзүмү, мамлекеттик кызматчыларынын чектелген штаттык саны жана штаттык ырааттамасы Эсептөө палатасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдугу менен Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2, 2011-жылдын 14-июлундагы № 100, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Эсептөө палатасынын кызматкерлери

 

Кызматкерлердин аппараты Эсептөө палатасынын адистеринен жана башка штаттык кызматкерлерден түзүлөт.

Кызматкерлердин борбордук аппаратына жетекчиликти Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси жүзөгө ашырат.

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнө жетекчиликти Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчиси жүзөгө ашырат.

Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги ушул Мыйзам, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, КР Эмгек жөнүндө мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

 

11-статья. Эсептөө палатасынын ишин пландаштыруу

 

Эсептөө палатасы өз ишин стратегиялык, жылдык жана утурумдук пландардын негизинде жүргүзөт, алар Эсептөө палатасынын ишинин бардык багыттарын эске алуу менен мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу зарылчылыгынан улам түзүлөт.

Эсептөө палатасынын мүчөлөрү тарабынан жетектелүүчү аудитти жүзөгө ашыруу боюнча иш план аудиттелүүчү объектинин адистешүү багыттарын эсепке алып, ар жылкы милдеттүү ротациялоо шарты менен түзүлөт.

Эсептөө палатасынын иш планына Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын профилдик Комитетинин тапшырмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талаптары киргизилет. Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн иш планы Эсептөө палатасынын Кеңешинде бекитилет.

Эсептөө палатасынын бекитилген иш планына зарыл болгондо, Эсептөө палатасынын Кеңешинде кабыл алынган, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

Пландан тышкаркы контролдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптарынын негизинде жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Эсептөө палатасынын Кеңеши жана анын ыйгарым укуктары

 

Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын төрагасынан жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунан турган Эсептөө палатасынын Кеңеши эсептелет.

Эсептөө палатасынын Кеңеши зарылчылыгына жараша Эсептөө палатасынын төрагасы же Эсептөө палатасынын аудиторлорунун үчтөн биринин талабы боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы эгерде ага Эсептөө палатасынын курамынын жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп саналат.

Эсептөө палатасынын Кеңешинин чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана ага Эсептөө палатасынын Кеңешине төрагалык кылуучу кол коет.

Эсептөө палатасынын Кеңеши төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) стратегиялык, жылдык жана утурумдук иш пландарды карайт жана бекитет;

2) бекитилген иш планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

3) аудиторлордун, топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун угат;

4) аудит жана аудиттин натыйжалуулугу жөнүндө, анын ичинде Эсептөө палатасынын финансылык иши тууралуу отчетторду бекитет;

5) Эсептөө палатасынын Регламентин, Эсептөө палатасынын ишинин ички маселелерин жөнгө салган жоболорду жана нускоолорду бекитет;

6) аудит жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүүнүн усулдарын бекитет;

7) этикалык кодексин бекитет;

8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;

9) Эсептөө палатасынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;

10) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;

11) отчеттук мезгил үчүн Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө бекитет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберет;

12) Эсептөө палатасынын аудиторлорун жана кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын токтото туруу тууралу же ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени козгоо тууралу сунуштарды киргизет.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

13-статья. Жазууларды жүргүзүү жана документтерди сактоо

 

Эсептөө палатасы корутундулардын, отчеттордун жана башка документтердин купуялыгынын сакталып туруусун камсыз кылуу аркылуу алардын түпнускасын сактоого милдеттүү.

Бул документтерди сактоонун мөөнөтү жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эсептөө палатасы тарабынан аныкталат.

 

14-статья. Окутуу жана кесиптик билим берүү

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрларды окутуу жана кесибин жогорулатуу боюнча окуу борборлорун түзө алат.

Эсептөө палатасынын кызматкерлери республикалык бюджеттин жана гранттардын эсебинен квалификациясын жогорулатуу маселеси боюнча окутуудан такай өтүп турууга милдеттүү, атап айтканда, жаңы технологияларды, мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү иликтөөгө ж.д.у.с.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Эсептөө палатасынын эларалык мамилелери

 

Эсептөө палатасы чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана алардын мамлекеттик аудит маселесин жүргүзгөн эларалык бирикмелери менен эларалык мамилелерди орнотууга жана колдоого, алар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.

Эсептөө палатасы зарыл болгондо, башка өлкөлөрдүн аудит институттары жана укук коргоо органдары менен кызматташып, маалыматтарды берет же бөлүшө алат.

 

III Глава
Эсептөө палатасынын төрагасынын, аудиторунун жана кызматкерлеринин укуктук статусу

 

16-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар

 

Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.

(КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык 2-бөлүк күчүн жоготту).

(КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык 3-бөлүк күчүн жоготту).

Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, саясий партиянын мүчөсү (болбосо партиядагы мүчөлүгү токтотула туруусу керек) боло албайт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары ишкердик жана башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзө албайт.

Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы менен жакын туугандык мамиледе болбоого тийиш.

(КР 2007-жылдын 4-июнундагы № 77, 2008-жылдын 21-июлундагы № 163, 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2,  2012-жылдын 14-майындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктары

 

Эсептөө палатасынын төрагасы:

1) (КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

2) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө палатасынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;

3) Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчисин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана Эсептөө палатасынын башка кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;

4) аудит жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүү үчүн топтун жетекчисин дайындайт;

5) Эсептөө палатасынын бардык кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

6) Эсептөө палатасынын Кеңешине төрагалык кылат жана анын чечимине кол коет;

7) үч айдан ашпаган мөөнөткө өзүнүн ыйгарым укуктарын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бирине жүктөйт;

8) Эсептөө палатасынын Кеңеши менен кийин макулдашуу боюнча пландан тышкары аудит жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүү жөнүндө маселени чечет;

9) текшерүүдө табылбаган тартип бузуулар жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер аныкталганда кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени чечет;

10) кызматтык текшерүүнүн натыйжасы боюнча Эсептөө палатасынын аудиторлоруна жана кызматкерлерине карата тартип ишин козгойт;

11) (КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

12) аудитти жана натыйжалуулук аудитин өткөрүү мөөнөттөрүн узартат аудиттердин жыйынтыктары боюнча айрым отчетторду карап чыгуу чечимин кабыл алат;

13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясына жана анын комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат;

14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана чет өлкөлөрдө Эсептөө палатасынан өкүл болот;

15) тышкы адистер менен келишимдерди түзөт;

16) чарбалык жана башка келишимдерди түзөт;

17) жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт.

Эсептөө палатасынын төрагасы өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарга да ээ болушу мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын милдеттери жана жоопкерчилиги

 

1. Эсептөө палатасынын төрагасы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Эсептөө палатасынын ишине жалпы жетекчилик кылууга, анын ишин уюштурууга жана контролдук кылууга;

2) Эсептөө палатасынын Кеңешинин ишин уюштурууга жана жетекчилик кылууга;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ар жылдык отчетту жана башка отчетторду берүүгө;

4) Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турууга;

2. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн;

2) мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгаруу үчүн;

3) бийлигинен кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарынан ашып кетүү үчүн;

4) кызматтык милдеттерин аткарбай коюу үчүн;

5) Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу үчүн;

6) этикалык кодексинин эрежелерин бузуу үчүн.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жана токтотуу

 

1. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктары төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотула турат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жок болду деп таанылганда;

2) кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;

3) ден соолугунун абалы боюнча узак мезгил бою өз милдеттерин аткара албаганда;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысынын кызмат ордуна талапкер катары катталганда.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун санкциясы менен жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңешин кабарлоо аркылуу гана Эсептөө палатасынын төрагасы жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

3. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктары токтотула турганда, ал камакка алынгандан башка учурларда, Эсептөө палатасынын төрагасына акы төлөө, ал эми ал дайынсыз жок болду деп таанылганда, анын үй-бүлөсүнө анын эмгек акысын төлөп берүү токтотулбайт же анын өлчөмү кемитилбейт, ошондой эле Эсептөө палатасынын төрагасын материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн деңгээли азайтылбайт.

4. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтото туруу же кайра баштоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

5. Эсептөө палатасынын төрагасы ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:

1) Эсептөө палатасынын төрагасынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы, аткарган иши тууралу отчетунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жазган иштен бошонуусунун себебинин негиздемесин тиркөө менен;

2) анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги тууралу же аракетке жөндөмсүз деп таанылгандагы жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) ден соолугунун абалы же башка жүйөлүү себептер боюнча Эсептөө палатасынын төрагасынын милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;

5) Эсептөө палатасынын төрагасына карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) Эсептөө палатасынын төрагасына карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) Эсептөө палатасынын төрагасы өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган башка ишке өткөндө.

6. Эсептөө палатасынын төрагасы ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.

7. Эсептөө палатасынын төрагасына карата соттун айыптоо өкүмү алып салынган учурда, ал ага таандык эмгек акысын төлөп берүү менен мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө тийиш, ал эми ал шайланган мөөнөт өтүп кеткен болсо, Эсептөө палатасынын төрагасына ага тиешелүү эмгек акысы төлөнүп берилет.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 163, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптар

 

Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; ушул Мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот.

Эсептөө палатасынын аудиторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, саясий партиянын мүчөсү (же партияга мүчөлүгү токтотула турушу керек) боло албайт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары ишкердик жана башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзө албайт.

Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен жакын туугандык мамиледе болбоого тийиш.

(КР 2008-жылдын 7-июлундагы № 139, 2008-жылдын 15-октябрындагы №  213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

21-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары

 

Эсептөө палатасынын аудитору өзүнүн иш милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдарга, аскердик бөлүктөргө жана бөлүмдөргө жана башка уюмдарга тоскоолсуз кирүүгө;

2) чарбалык жана финансылык ишти чагылдырган баштапкы документтерге, эсептөө регистрлерине, баланстарга жана эсептерге, статистикалык

материалдарга, сметаларга, келишимдерге, буйруктарга, тескемелерге жана башка укуктук актыларына, ошол иш боюнча кат-кабарларга жана иш жүргүзүү документтерине, анын ичинде жашыруун документтерге, ошондой эле финансы контролун жүзөгө ашыруучу органдардын текшерген материалдарына чексиз ээ болууга;

3) текшерилип жаткан ишкананын, мекеменин жана уюмдун жетекчилеринен жана башка адамдарынан, ошондой эле текшерүү жүргүзгөн адамдардан зарыл болгон учурда, текшерүү менен байланышкан маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү жана маалымкаттарды алууга;

4) укук бузуу бар экендигине олуттуу шек саноо айкындалган учурда Эсептөө палатасынын Төрагасынын тескемесинин негизинде кийин Эсептөө палатасынын Кеңешине кабарлоо менен документтердин түпнускасы, файлдар, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат. Мында аудит объектине алып коюлган маалыматтардын жана жабдуулардын тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөсү ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн;

5) Эсептөө палатасынын Кеңешинде чечилүүчү маселелери боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө;

6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин материалдарын кабыл алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;

7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюуга өзгөчө укугу бар;

8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы №  213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун милдеттери жана жоопкерчилиги

 

Аудитор өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын ченемдерин, КР мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.

Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жекече жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;

2) аудиттин натыйжалары жана аудиттин натыйжалуулугунун аныктыгы үчүн;

3) мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен корголуучу сырды ачыкка чыгаруу үчүн;

4) кызматтык милдеттерин аткарбай коюу үчүн;

5) бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашырып жиберүү үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу үчүн;

7) этикалык кодексин аткарбай коюу үчүн.

Эсептөө палатасынын аудиторунун иш-аракетинде же аракетсиздигинде кылмыш белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Эсептөө палатасынын аудиторунун укукка сыйбаган аракетинен улам келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде толтурулат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы №  213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарын токтото туруу жана токтотуу

 

1. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотула турат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жок болду деп таанылганда;

2) жазык жоопкерчилигине тартылганда;

3) ден соолугунун абалы боюнча узак мезгил бою өз милдеттерин аткара албаганда;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына, жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчысынын кызмат ордуна талапкер катары катталганда.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун санкциясы менен жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңешин кабарлоо аркылуу аудиторду кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот.

3. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары токтотула турганда, ал камакка алынгандан башка учурларда, Эсептөө палатасынын аудиторуна акы төлөө, ал эми ал дайынсыз жок болду деп таанылганда, анын үй-бүлөсүнө анын эмгек акысын төлөп берүү токтотулбайт же анын өлчөмү, ошондой эле Эсептөө палатасынын аудиторун материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн деңгээли азайтылбайт.

4. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарын токтотуу же жаңылатуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эсептөө палатасынын аудитору ыйгарым укуктуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:

1) Эсептөө палатасынын аудиторунун мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине иштен бошонуусунун себебинин негиздемесин жана аткарган иши тууралу отчетун тиркөө менен;

2) анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги же аракетке жөндөмсүз деп таанылгандагы жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) Эсептөө палатасынын аудиторунун милдеттерин аткарууга ден соолугунун абалы же башка жүйөлүү себептер боюнча жөндөмсүз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;

5) Эсептөө палатасынын аудиторуна карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) Эсептөө палатасынын аудиторуна карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) Эсептөө палатасынын аудитору өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган башка ишке өткөндө;

9) ушул Мыйзамдыи 22-статьясынын талаптары бузулганда

6. Эсептөө палатасынын аудитору ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.

7. Эсептөө палатасынын аудиторуна карата соттун айыптоо өкүмү алып салынган учурда, ага таандык эмгек акысын төлөп берүү менен мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө тийиш, ал эми ал шайланган мөөнөт өтүп кеткен болсо, Эсептөө палатасынын аудиторуна ага тиешелүү эмгек акысы төлөнүп берилет.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 163, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

24-статья. Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүмүнүн жетекчиси

 

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль экономика финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат.

2. Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаты боло албайт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары ишкердик кылып жана башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзө албайт.

3. Аппараттын жетекчиси аппараттын ишине жетекчиликти ишке ашырат

жана анын ишин уюштурат, Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмаларын аткарат.

4. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси:

1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана анын ишин уюштурат;

2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасынын Кеңешине сунуш кылат;

3) аймактык бөлүмдүн жыйналышын алып барат жана анын чечимине кол коет;

4) өз компетенциясынын чегинде аймактык бөлүмдүн кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйрук жана тескемелерди чыгарат;

5) аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн аудиттер жөнүндө отчетторго кол коет;

6) аудит өткөрүү мөөнөтүн 21 күндөн ашпаган мөөнөткө узартат. Кийинки узартуу Эсептөө палатасынын төрагасынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

7) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо боюнча сунуш киргизет;

8) бюджеттик укукту өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;

9) аймактык бөлүмдүн тейлөөчү кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;

10) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартип ишин козгойт.

5. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчилик кылууга, анын ишин уюштурууга жана контролдоого;

2) аймактык бөлүмдүн жыйналышынын ишин уюштурууга жана анын ишине жетекчилик кылууга;

3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн компетенциясынын алкагында даярдалган аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду Эсептөө палатасына берүүгө;

4) аймактык бөлүмдүн иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасына маалымат берүүгө;

5) Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып айрым аудиттер боюнча отчеттордун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кеңешинин карап чыгуусуна киргизүүгө;

6) ушул Мыйзамдын ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Эсептөө палатасынын кызматкерлер

 

1. Мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын кызматкери боло алат.

Эсептөө палатасынын кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жана аудит жүргүзүүгө укугу бар документи болгондо гана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик органдарга, аскердик бөлүктөргө жана бөлүмдөргө жана башка уюмдарга тоскоолсуз кирүүгө;

2) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, аудит жүргүзүү маселеси боюнча, кампаларга, сактоочу жайларга, өндүрүштүк имараттарга жана башка бөлмөлөргө кирүүгө;

3) чарбалык жана финансы ишин чагылдырган баштапкы документтерге, эсептөө регистрлерине, баланстарга жана эсептерге, статистикалык материалдарга, сметаларга, келишимдерге, буйруктарга, тескемелерге жана башка укуктук актыларына, ошол иш боюнча кат-кабарларга жана иш жүргүзүү документтерине, анын ичинде жашыруун документтерге, ошондой эле салык жана бажы органдары текшерген материалдарга чексиз ээ болууга;

4) текшерилип жаткан ишкананын, мекеменин жана уюмдун жетекчилеринен жана башка адамдарынан, ошондой эле мурда текшерүү жүргүзгөн адамдардан зарыл болгон учурда, бул жолку текшерүү менен байланышкан маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү жана маалымкаттарды алууга;

5) укук бузуу бар экендигине олуттуу шек саноо айкындалган учурда Эсептөө палатасынын төрагасынын, аппаратынын жетекчисинин жана Эсептөө палатасынын инспекциясынын жетекчисинин тескемесинин негизинде, кийин Эсептөө палатасынын төрагасына маалымдоо менен документтердин түпнускасы, файлдар, анын ичинде компьютерлер убактылуу алып коюлат. Мында аудит объектине алып коюлган маалыматтардын жана жабдуулардын тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөсү ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн;

6) аудитти жүргүзүүгө отчетко кол коюу укугу менен аны жүргүзүү үчүн топтун жетекчиси болуп дайындалууга.

Эсептөө палатасынын кызматкери, эгерде төмөндөгүлөр орун алса аудитти же натыйжалуулук аудитин жүргүзүүгө укугу жок:

1) аудит объектисинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкеринин жакын тууганы болсо;

2) аудит объектисине таандык болгон жеке мүлктүк кызыкчылыктарга ээ болсо;

3) аудитке алынып жаткан мезгил аралыгында аудит объектисинин кызматкери болгон учурда.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Эсептөө палатасынын тышкы адистери

 

Эсептөө палатасы өз ишин жүзөгө ашырууда толук же жарым-жартылай аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында жана башка багыттарда 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар тышкы адистердин (Эсептөө палатасынын кызматкерлери эмес) кызматынан пайдалана алат.

Тышкы адистер менен келишимди Эсептөө палатасынын төрагасы Эсептөө палатасынын атынан түзөт.

Тышкы адистердин кызмат көрсөтүүсүнө акыны Эсептөө палатасы республикалык бюджеттен Эсептөө палатасын каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен төлөйт.

Эсептөө палатасы өзүнүн кайсы болбосун ыйгарым укуктарын же иш милдеттерин тышкы адистерге аларга ишенип берилген иш милдеттерди аткаруу үчүн алардын жеке жоопкерчилигине өткөрүп берүүгө укуктуу.

Тышкы адистер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө Мыйзамды сактоого милдеттүү.

Эсептөө палатасы менен тышкы адистердин биргелешип аракеттенүүсүнүн ички маселелери Эсептөө палатасы тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

27-статья. Эсептөө палатасынын көзкарандысыздыгынын кепилдиктери

 

Эсептөө палатасынын көзкарандысыздыгы төмөнкүдөй камсыз кылынат:

1) өз ишин Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашыргандыгы менен;

2) Эсептөө палатасынын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай гана формада болбосун, ким тараптан болбосун жоопкерчилик коркунучу менен таасир этүүнүн жол берилбестиги. Эсептөө палатасынын ишине таасир этүүгө укукка сыйбаган түрдө аракет кылган адамдар Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартуусу менен;

3) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн талаптагыдай шарттардын түзүлүшү менен;

4) Эсептөө палатасынын төрагасынын жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунун кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруунун жана токтотуунун тартибин белгилөө менен;

5) Эсептөө палатасынын ишин өз убагында жана талаптагыдай каржылоо менен.

 

28-статья. Этикалык кодекси

 

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматкерлери этикалык кодексин сактоого милдеттүү, ал кызматтык ыйгарым укуктарын жана иш милдеттерин жүзөгө ашырып жаткандагы жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин жөнгө салат.

Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында ант беришет:

"Мен,..... Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (аудитору) кызматына киришүү менен Кыргыз Республикасына ак ниет иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ниет, так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул берген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчилик тартам.". Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эсептөө палатасынын Кеңешинде ант беришет.

Эсептөө палатасынын төрагасынын, аудиторлорунун жана кызматкерлеринин этикалык кодексинин эрежелерин аткарбай коюшу, ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-статья. Эсептөө палатасынын аудит объекттеринин укуктары жана милдеттери

 

1. Аудит объектисинин кызмат адамы:

1) Эсептөө палатасынын аудиторлорун жана кызматкерлерин, эгерде бар болсо, жумуш орду менен камсыз кылат;

2) аудитти жана аудиттин натыйжалуулугун жүзөгө ашыруу үчүн Эсептөө палатасынын аудиторлорун жана кызматкерлерин бардык суратылган зарыл маалымат менен камсыз кылат жана анын ишенимдүүлүгү, объективдүүлүгү жана толук болушу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;

3) Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана кызматкерлеринин иш аракеттерине кийлигишпейт, адаштырбайт, аудитти жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт жана анын масштабын чектебейт;

4) Эсептөө палатасынын аудиторлорун жана кызматкерлерин алар иштеп жаткан аудиттин объектинен эң аз ажыратуу менен жумуш убактысында документтерди аудиттештиргенге жана өздөштүрүүгө жол берет;

5) республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын алышы, которушу же пайдаланышы, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланышы жана аны башкарышы менен байланышкан кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө өз учурунда отчет берет.

2. Аудит объектисинин кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аудитти жана аудиттин натыйжалуулугун өткөрүү убактысын жана узактыгын, алардын натыйжасын, тыянактарды жана сунуштарды (эгерде булар бар болсо) билүүгө;

2) тиешелүү документти көрсөтпөгөн Эсептөө палатасынын аудиторлоруна жана кызматкерлерине аудитти жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүүгө жол бербөөгө;

3) аудиттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү толук негиздемени алууга. Эгерде кызмат адамы аудитти узартуу негизсиз деп эсептесе, анда сотко кайрылууга;

4) Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин жана аудиторлорунун укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында тарткан чыгымдардын ордун толтуртуп алууга;

5) Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматкерлери тарабынан укукка сыйбаган иш аракеттер болгон учурда, укук коргоо органдарына билдирүүгө.

3. Аудиттин бардык объекттери Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча ага жүктөлгөн иш милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө милдеттүү.

4. Аудит объекттеринин кызмат адамдары Эсептөө палатасынын талабы боюнча зарыл маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартышы же өз учурунда берүүдөн качышы, ошондой эле жалган маалыматты бериши жана укукка ылайык берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартышы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

30-статья. Укукка сыйбаган аракеттер үчүн компенсация

 

Ушул Мыйзамды же эрежелерди, нускоолорду же стандарттарды бузуу менен аракеттенген Эсептөө палатасынын төрагасы, аудитору же Эсептөө палатасынын кызматкери тарабынан аудит объектисинин кызмат адамына же кызматкерине залал келтирилсе, компенсация төлөтүү үчүн сотко кайрыла алат.

Компенсацияны төлөө залал келтирүүгө себепкер болгон адамдын эсебинен жүргүзүлөт.

 

IV Глава
Эсептөө палатасынын негизги иш милдеттери

 

31-статья. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча аудитти жүзөгө ашырат.

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылуу процессинде акча каражаттарынын толук жана өз учурунда түшүп тургандыгын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бекитилген көрсөткүчтөрү менен салыштырганда бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын иш жүзүндөгү чыгымдалышын изилдейт жана талдайт, алардын талдоосун жүргүзөт, эреже бузууларды табат жана аларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

 

32-статья. Мамлекеттик ички жана тышкы карыздын абалы жана кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы төмөнкүлөр үчүн аудитти жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызын башкаруу жана тейлөө үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен чарба жүргүзүүчү субъекттер алган чет өлкөлүк кредиттерди, заемдорду жана гуманитардык жардамды пайдалануунун мыйзамдуулугу, сарамжалдуу пайдаланылышы жана натыйжалуулугу үчүн;

3) кайра кайтарылуучу негизде бөлүнгөн борбордоштурулган финансы ресурстарды жайгаштыруунун натыйжалуулугу үчүн;

4) мамлекеттик кредиттердин берилишине, ошондой эле чет мамлекеттерге жана эларалык уюмдарга каражаттардын акысыз негизде берилиши үчүн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттик ички жана тышкы карыздын абалы жана кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча аудит жөнүндө отчетту жана башка отчетторду даярдайт.

 

33-статья. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын чыгымдары боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жана республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик уюмдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин чыгымдарына алардын чыгымдалышынын көлөмү, түзүмү, максаттык багыты жана максатка ылайыктуулугу боюнча аудитти жүзөгө ашырат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын чыгымдары боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

 

34-статья. Мамлекеттик инвестициялык иш боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы аудитти жүзөгө ашырат:

1) экономиканы инвестициялоо үчүн каралган каражаттарды мамлекеттик башкаруу органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер максатка ылайык пайдаланышы үчүн;

2) менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик инвестициялык каражаттардын пайдаланылышы үчүн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы инвестициялык иш боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

 

35-статья. Бюджеттен тышкаркы каражаттар боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын карамагында болгон валюталык каражаттарды түзүүгө жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудитти жүзөгө ашырат.

Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар бул максаттар үчүн атайын түзүлгөн ишканалардын, уюмдардын жана бирикмелердин карамагында болгон бюджеттен тышкаркы каражаттардын кирешелерине жайылтылат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы бюджеттен тышкаркы каражаттар боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

 

36-статья. Атайын каражаттардын эсептери боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы атайын каражаттардын аудитин жүзөгө ашырат.

Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын эсептери түзүлгөн ишканалардын, уюмдардын жана бирикмелердин ушул каражаттарга аудит бөлүгүндө кирешелерине жана чыгашаларына таркатылат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы атайын каражаттардын аудити боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти тескөөдөн республикалык жана жергиликтүү бюджетке келип түшүүлөр боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы алынган каражаттардын республикалык жана жергиликтүү бюджетке келип түшүшүнө аудитти жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү тескөөдөн жана башкаруудан (анын ичинде аны менчиктештирүүдөн, сатуудан жана арендага тапшыруудан);

2) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттик жана муниципалдык менчикти тескөөдөн республикалык жана жергиликтүү бюджетке келип түшкөн каражаттар боюнча аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

38-статья. Мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү чоң болгон ишканалар жана уюмдар боюнча аудит жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

Эсептөө палатасы мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү чоң болгон ишканаларга жана уюмдарга аудитти жана аудиттин натыйжалуулугун жүзөгө ашырат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү чоң болгон ишканалар жана бирикмелер боюнча аудит жөнүндө отчетту жана башка отчетторду даярдайт.

 

39-статья. Менчигинин түрүнө жеке жана башкача болгон, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды алган ишканалардын жана уюмдардын иш-чараларынын аудитинин натыйжалуулугу жөнүндө отчеттор жана башка отчеттор

 

Эсептөө палатасы менчигинин түрүнө жеке жана башкача болгон, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды алган ишканалардын жана уюмдардын иш-чараларына аудиттин натыйжалуулугун жалаң гана ушул каражаттарга байланыштуу жүзөгө ашырат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча Эсептөө палатасы менчигинин түрүнө жеке жана башкача болгон, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды алган ишканалар жана уюмдар боюнча аудиттин натыйжалуулугу жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду даярдайт.

Эсептөө палатасы мамлекеттин тапшырыгы боюнча товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген жеке ишканалардын аудитин жүргүзбөйт, бирок мүмкүн болгон эреже бузуулар жөнүндө негиздүү пикир болгон учурларда гана товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар.

 

40-статья. Консультацияларды жана сунуштоолорду берүү

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, аудит объекттерине, мамлекеттик органдарга, укук коргоо органдарын кошкондо, айрым жана өзгөчө маселелер жагынан консультацияларды жана сунуштарды берет.

Эсептөө палатасы аудит объектине анын операциялык ишин өркүндөтүү боюнча чараларды сунуш кылат.

Эсептөө палатасына туура маалымат берген жана өздөрүнө берилген консультацияларды жана сунуштарды туура пайдаланган аудит объектинин кызмат адамдары жана кызматкерлери, кийин бул маселе боюнча административдик жаза чараларына дуушарланышы мүмкүн эмес.

 

41-статья. Эсептөө палатасынын башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана алардын ведомстволук бөлүмдөрү, башка мамлекеттик органдар Эсептөө палатасынын ишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Жогоруда аталган уюмдар, өзгөчө укук коргоо органдары жана соттор, аларга берилген иштер боюнча териштирүүнүн жүрүшү тууралу маалыматты берип турууга милдеттүү.

Жогоруда аталган уюмдар, айрыкча укук коргоо органдары жана соттор, аларга Эсептөө палатасы тарабынан берилген иштер боюнча териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-статья. Эсептөө палатасынын аудит объектисинин ички аудит кызматы менен өзара мамилеси

 

Эсептөө палатасы аудитти жүргүзүүдө аудит объектисинин ички аудит кызматы бар болгондо, анын ишин жана отчеттуулугун талдоону жүргүзө алат.

Эсептөө палатасы ички аудит кызматы даярдаган отчетторго өз каалоосу боюнча ишене алат, ошондой эле аудитти өзүнчө пландаштырууну жана ички аудиттин баасынын натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктерге баа берүүнү колдоно алат.

 

43-статья. Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилеси

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аудитинин натыйжалуулугун жүргүзөт, республикалык бюджетти тейлөө жана алтын-валюта резервдерин пайдалануу жагынан отчет даярдайт.

Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укугу жок:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) коммерциялык банктарды жөнгө салуучу катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын иликтөөгө;

3) коммерциялык банктар тууралу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болгон купуя маалыматты суратууга;

4) пайыздык ставкаларды же акча саясатын аныктоо жагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин иликтөөгө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын натыйжалуулугунун аудити анын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген иш-аракет максаттарын жана милдеттерин, көз карандысыздык статусун жана маалыматтардын купуялуулугун эсепке алуу менен, ошондой эле борбордук банктарга аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

V Глава
Стандарттар жаатындагы эсептөө палатасынын иш милдеттери

 

44-статья. Аудиттин стандарттары

 

Өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Эсептөө палатасы аудиттин эларалык стандарттарын колдонот.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

45-статья. Финансы отчеттуулугунун стандарттары

 

Өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Эсептөө палатасы финансы отчеттуулугунун эларалык стандарттарын жана бухгалтердик эсептин эларалык стандарттарын колдонот.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI Глава
Маалыматты чогултуу жана жашырындык жаатындагы эсептөө палатасынын иш милдеттери

 

46-статья. Маалымат алуу жаатындагы Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана кызматкерлеринин ыйгарым укуктары

 

Эсептөө палатасы маалыматты чогултуу жаатындагы ыйгарым укуктарга ээ.

Эсептөө палатасы алган маалыматты отчетторду жана комментарийлерди даярдоо үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн жана ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

 

47-статья. Операциялык көзкарандысыздыкты коргоо

 

Эсептөө палатасы негиздемеси менен жазуу жүзүндөгү суроо-талап келгенде гана маалымат берет.

Маалымат берүү жөнүндө суроо-талапты Эсептөө палатасы өз каалоосу боюнча четке кага алат, мында четке кагуунун себептери суроо-талаптын булагына же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине билдирилүүгө тийиш.

 

48-статья. Имарат-жайларга кирүү

 

Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматкерлери документтердин жана активдердин аудитин жүргүзүү максатында имарат-жайларга кирүүгө укуктуу.

Имарат-жайларга кирүү расмий жумуш убактысынын ичинде жүзөгө ашырылат. Эсептөө палатасынын төрагасы, аппаратынын жетекчиси жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өтө зарылчылык болгон учурда (мисалы, жазууларды, активдерди жана башкаларды жок кылуу коркунучу бар болгондо) башка убакытта кирүүгө уруксат берүүгө укугу бар.

 

49-статья. Документтерге жеткиликтүүлүк

 

Документтердин ар кандай түрлөрү: кагаз, электрондук, микротасмадагы документтер жана башкалар аудитке алынышы мүмкүн.

Зарылчылык болгон учурда Эсептөө палатасы аудит объектинин кызмат адамы виза койгон бардык документтердин көчүрмөсүн жасай алат, ошондой эле кызмат адамдарын, кызматкерлерди жана акционерлерди сурай алат.

Кылмыш жагынан олуттуу шектенүүлөр болгон учурда Эсептөө палатасынын төрагасы, аппаратынын жетекчиси же аймактык бөлүмдүн жетекчиси документтердин түпнускаларын, файлдарды, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюуга тескеме бере алат. Мында алып коюлган маалыматтын, документтердин жана жабдуунун тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөлөрү аудит объектине берилүүгө тийиш.

Менчигинин түрү мамлекеттик эмес аудиттин объекттеринде файлдар, компьютерлерди кошкондо, аудит объектисинин кызмат адамынын макулдугу менен алынат, макулдашууга жетишпеген учурларда аудит жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды камтыган файлдар, дискеттер жана жабдуулар сот чечим кабыл алганга чейин мөөр басуу менен бекитилет.

 

VII Глава
Аудит жана аудиттин натыйжалуулугу

 

50-статья. Аудиттер

 

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин финансы отчеттуулугунун, эсептеринин жана башка маалыматынын аудитин жүргүзөт.

Аудит аяктагандан кийин Эсептөө палатасы жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет даярдайт жана Эсептөө палатасынын Кеңеши аны бекиткенден кийин бир жуманын ичинде Эсептөө палатасынын расмий сайтына аны жайгаштырат.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

51-статья. Аудиттин натыйжалуулугу

 

Аудиттин натыйжалуулугунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үнөм, натыйжалуулук, операциялык таасирдүүлүк же административдик ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн отчетту иликтөөнү жүргүзүү жана даярдоо, ошондой эле бюджеттик укукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүү саналат.

Отчеттун маалыматтары төмөнкүдөй маселелерди камтышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ага карата аудитордук артыкчылыкты аныктаган мамлекеттик сектордун административдик ишинин таандуулугун;

2) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын олуттуу бузууну;

3) эсепти жүргүзүүнүн жалпы кабыл алынган тажрыйбасынан четтеген бухгалтердик жана башка жазууларды;

4) мамлекеттик (муниципалдык) каражаттарды же аудит объектинин каражаттарын туура эмес эсепке алууну;

5) эсепке алуучу жана башка жазуулардын жетишсиздигин же төмөнкүлөр үчүн жол-жоболордун жетишсиздигин:

а) мамлекеттик (муниципалдык) менчикти же аудит объектисинин менчигин коргоону;

б) акча каражаттарын жана төлөмдөрүн чогултууга жана жайгаштырууга аудиттин натыйжалуулугун камсыз кылууну;

в) бюджеттик ресурстарды талаптагыдай пайдаланууну;

г) операциялардын же программалардын натыйжалуулугу боюнча канааттандырарлык мониторингди, өлчөөнү жана отчеттуулукту камсыз кылууну;

д) отчет берүүнүн алгылыктуу стандарттарын сактоону камсыз кылууну.

6) аудит объектисинин бүтүмдөрүнүн же анын кандай кызмат адамы болбосун жүргүзгөн бүтүмдөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана тууралыгына тиешелүүлүгүн;

7) административдик процессти, тутумду же аудит объектисинин ички тажрыйбасын өзгөртүү боюнча сунуштарды;

8) мамлекеттик сектордун административдик иш-аракеттеринин үнөмүн, натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн.

 

52-статья. Отчеттуулукка тиешелүү жалпы жоболор

 

Отчеттор - баштапкы усул, ал аркылуу Эсептөө палатасы ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылат. Эсептөө палатасы даярдаган отчеттор жана сунуштоолор төмөнкүлөргө берилет:

1) аудит объектине;

2) мамлекеттик органга же аудит объектисинин карамагында турган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине;

4) Кыргыз Республикасынын Президентине.

 

53-статья. Сунуш кылынган отчеттор боюнча комментарийлер

 

Сунуш кылынган отчеттор боюнча комментарийлер аудит объекттерине жана башка таламдаш жактарга аудиттин жана аудиттин натыйжалуулугунун натыйжасы болуп калган бардык сунуш кылынган отчетторду иликтөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Сунуш кылынган отчеттор боюнча комментарийге өз жообун Эсептөө палатасына берүү үчүн аудит объектине 21 күн берилет.

Эсептөө палатасы аудит объектинин ортосундагы пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечет, сунуш кылынган отчет боюнча макулдук болбогон учурда бул маселе сотко кайрылуу жолу менен жөнгө салынат.

Эсептөө палатасы аудит жөнүндө отчетту жарыялоодо отчеттогу талаш-тартыш маселелерди белгилөөгө укуктуу.

 

54-статья. Отчетторго киргизилүүгө тийиш болбогон маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн Эсептөө палатасынын отчеттору коммерциялык сыры бар маалыматты же мамлекеттин таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматты камтууга тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мындай түрдөгү маалыматты киргизбөө жөнүндө чечимди көпчүлүк добуш менен четке кага алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши альтернатива катарында алар бул маалыматты билүүгө тийиш экендигин чече алат, бирок ошол эле учурда ал коомго жарыя кылынууга тийиш эмес.

Эсептөө палатасы аудит объектинин кызмат адамдары ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же Эсептөө палатасынын сунуштоолорун сактабаган учурда кызмат адамдарынын аты-жөнүн, аудит объекттеринин аталыштарын ачыкка чыгарууга укугу бар.

 

VIII Глава
Эсептөө палатасынын көзкарандысыз аудитору

 

55-статья. Көз карандысыз аудитор

 

Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити көз карандысыз аудитор тарабынан 3 жылда бир жолу жүзөгө ашырылат.

Аудит жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалат.

Көз карандысыз аудиторду тандоо тендердик негизде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

Бир эле аудитор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан катары менен экиден ашык бекитилүүгө тийиш эмес.

Көз карандысыз аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралат.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

56-статья. Маалыматты жарыялоо жана ачуу жаатындагы көзкарандысыз аудитордун ыйгарым укуктары

Көзкарандысыз аудитор Эсептөө палатасы сыяктуу эле маалымат чогултуу ыйгарым укуктарына ээ.

Көзкарандысыз аудиторго Эсептөө палатасы сыяктуу эле маалыматты ачуу жагынан чектөөлөр белгиленет.

Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин натыйжасы Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралат жана ал боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

57-статья. Аудит

 

Көзкарандысыз аудитор Эсептөө палатасынын финансы отчеттуулугунун аудитин аудиттин эларалык стандарттарына ылайык жүргүзөт.

Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити жөнүндө отчет финансылык отчеттуулукка таандык болгон календардык жылдан кийинки жылдын 20-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүгө тийиш.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

58-статья. Аудиттин натыйжалуулугу

 

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

IX Глава
Отчеттор жана жарыялоолор

 

59-статья. Ар жылдык отчеттор

 

Эсептөө палатасы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жана аудиттин натыйжалуулугу жөнүндө ар жылдык отчетту даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберет.

Эсептөө палатасы жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорунун аткарылышы боюнча аудит жана аудиттин натыйжалуулугу жөнүндө маалыматты жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

 

60-статья. Атайын отчеттор

 

Эсептөө палатасы өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн атайын отчет даярдайт.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

61-статья. Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчеттор

 

Эсептөө палатасынын төрагасы жыл сайын Эсептөө палатасынын иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик, анын ичинде укук коргоо органдарына сунуштоолорун берген учурда, отчетто бул жөнүндө, ошондой эле бул сунуштоолор аткарылгандыгын жана аларды турмушка ашыруу үчүн кандай иш-аракеттер жасалып жаткандыгы тууралу маалымат чагылдырылат.

(КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

62-статья. Жарыялоолор

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген бардык отчеттор бир айдын ичинде жарыяланышы керек.

Эгерде жарыялана турган маалымат аудит объектинин купуялыгын бузбаса, Эсептөө палатасы маалыматты коомчулук үчүн жарыялоого укугу бар. Бирок аудит объектинин кызмат адамы тарабынан кылмыш жасалгандыгын күбөлөндүрүп көрсөткөн учурлар болгондо, мындай маалымат купуялуулуктун негизинде жарыялоодон коргоно албайт.

Эсептөө палатасы милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына дайыма берип турат.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык журналдарды жана башка басылмаларды атайын ушул максаттарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарга басып чыгарууга укугу бар.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

X Глава
Каржылоо

 

63-статья. Алдынала баа берүү

 

Эсептөө палатасы республикалык бюджеттен жана башка каражаттардан каржыланат.

Эсептөө палатасы өзүнүн ишин каржылоо үчүн бюджеттин долбоорун жыл сайын даярдайт. Бюджеттин бул долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жиберилет.

Эгерде Эсептөө палатасынын төрагасы жактырылган сумманы Эсептөө палатасы өз милдеттерин аткара алышы үчүн жетишсиз деп эсептесе, Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бюджеттин кошумча долбоорун сунуш кылууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

64-статья. Кошумча каржылоо

 

Эгерде чыгымдар маанилүү жана кечиктирилгис мүнөздөгү иш менен байланышкан болсо жана Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун даярдоо учурунда алдынала көрө билүү мүмкүн болбосо, Эсептөө палатасы кошумча каржылоону суроо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине кайрылууга укуктуу.

Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана аудитордук иштин жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн Эсептөө палатасын күтүүгө кеткен чыгашалардын суммасынын 10 пайыз өлчөмүндө атайын фонд түзүлөт. Бул фондду пайдалануу тартиби Эсептөө палатасынын тиешелүү Регламенти тарабынан жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

65-статья. Бюджеттик каражаттардын болушунун кепилдиги жана каржылоо

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эсептөө палатасынын операциялык ишин адекваттуу каржылоо менен камсыз кылуу үчүн каражаттарды бөлүүгө кепил болот.

Эсептөө палатасын каржылоо үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттар Эсептөө палатасына өз учурунда бөлүнүүгө тийиш. Каралган каражаттарды создуктурууга же өлчөмүн өзгөртүүгө жол берилбейт жана жол берилгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

 

66-статья. Эсептөө палатасынын мүлкү

 

Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон имараттар, транспорттук каражаттар, байланыш каражаттары жана башка мамлекеттик мүлк, Эсептөө палатасынын оперативдүү башкаруусунда болот жана башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

 

XI Глава
Корутунду жоболор

 

67-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзамдын 68-статьясында каралган жоболордон тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин, анын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде:

1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

2) ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1996-жылдын 19-октябрындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 1998-жылдын 29-декабрындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

68-статья. Ушул Мыйзамдын айрым жоболорунун күчүнө кириши

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев