Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0dead1ca-ad31-427a-80c7-df76a03bfc22\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-ноябры № 599

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жаштар саясатын, дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 2-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "жана 2019-жылдардын" деген сөздөр "жылдын" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 7-пунктунун 1-пунктчасында:

"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;

"Күтүлүүчү натыйжалар" графасындагы "Кабыл алынган мыйзамды жүзөгө ашыруудагы" деген сөздөр алып салынсын;

"Ишке ашыруу формасы" графасындагы ", КРдин Өкмөтүнүн "Жаштар волонтердук иштери жөнүндө" токтому" деген сөздөр алып салынсын;

2) жогорудагы аталган токтомдун 4-тиркемесинде:

- 2-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы ", 2019-жылдардын" деген сөздөр "жылдын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасында:

- 5-главасынын 40-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинин 6-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 2-пунктунда:

3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;

3-пунктчасынын "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу" деген сөздөр "Практикалык иш аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-2020-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунда:

2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын III кварталы" деген сөздөр "2022-жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын ичинде" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 13-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын IV кварталы" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-2019-жылдар" жана "2019-жылдын ичинде" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев