Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 30-марты № 722

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде уруксат берилет:

- Борбордук аппаратта - нөөмөттүк автотранспорттун 4 бирдигине чейин;

- ведомстволук бөлүнүштө (пробация органы) - бир административдик-аймактык бирдикке бирден (райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар).".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:

- 15-пункту "жана анын түзүмдүк" деген сөздөрдөн кийин "аймактык" деген сөз менен толукталсын;

- 16-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.";

19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Департаменттин кызматкерлери жана персоналы менен болгон эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Министрликтин актыларына ылайык ишке ашырылат.".

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттордун белгиленген лимитине ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарды каржылоону камсыздасын;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2019-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тийишүү өзгөртүүлөрдү карасын.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууга донордук каражаттарды жана каржылоонун башка булактарын издеп тапсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментин автотранспорттук каражаттар менен камсыздоо маселесин иштеп чыксын;

- ушул токтомдун 2 жана 3-пункттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттарынын алкагында ишке ашырсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев

 

 

 

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\9f3e6165-aeee-45c4-aef5-c5081cde5040\document.files\image000.gif