Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\759024e9-c820-45d8-8c4e-1b463432d029\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 25-декабры № 706

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы" дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы" дарылоо мекемеси түзүлсүн, жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Сельповская көчөсү, 76.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы" дарылоо мекемеси жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "дарылоочу мекемелеринде," деген сөздөр алып салынсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүмө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абылгазиев

 

 

"Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 25-декабрындагы
№ 706 токтомуна
тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ

 

Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\Toktom\26cb007f-e0d6-49c6-b20a-bdd7511e7659\document.files\image000.gif