Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\NKN\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\759024e9-c820-45d8-8c4e-1b463432d029\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 24-августу № 434

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жер казынасын пайдалануунун үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-1-пунктундагы "2020-жылдын 1-сентябрынан" деген сөздөр "2021-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы ", филиал же өкүлчүлүк" деген сөздөр алып салынсын;

- 13-пунктунун биринчи абзацы "аккредитацияланат жана" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынан тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 76 жарыяланды

 

Премьер-министр

К.А. Боронов