ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 200
2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Билим берүү системасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-аракеттер планын аткарууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча милдеттүү чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган отчетту берип турсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 29-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 270 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Премьер-министр |
У.А.Марипов | |
|
| ||
2-тиркеме
2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү
программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата
ИШ-АРАКЕТТЕР
ПЛАНЫ
№ |
Милдеттер/чаралар |
Индикатордун аталышы |
Индикаторлор |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары | |||
Базалык |
2021-жыл |
2022-жыл |
2023-жыл | |||||
1-бөлүм. Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо | ||||||||
1.1-багыт. Сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун жеткиликтүүлүгү | ||||||||
1 |
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды талдоо жана жаңылоо |
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түрлөрүн кеңейтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү |
Иштелүүдө |
Бекитүү |
Ишке ашыруу |
Ишке ашыруу |
БИМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формалары жөнүндө жобонун болушу |
Иштеп чыгуу |
Апробациялоо, толуктап иштеп чыгуу, 50 китепкананын базасында пилот жүргүзүү |
Бекитүү жана ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Ар түрдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуз окутуучу чөйрөнү түзүү үчүн кайрадан каралып чыккан жана бекитилген санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана эрежелердин болушу |
ССӨМ 2020-жылдын 27-февралында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана эрежелерди кайра карап чыгуу жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түздү |
Бекитүү |
Колдонуу |
Колдонуу |
ССӨМ, БИМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
2 |
Мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай программалары менен балдарды камтууну кеңейтүү |
Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борборлорунун болушу |
100 |
+50 |
+50 |
+50 |
ММСЖСМ, БИМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
3-5 жаштагы балдар үчүн кыска мөөнөттүү бала бакчалардын болушу |
120 |
Долбоорду ишке киргизүү |
100 |
180 |
БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Мектепке чейинки билим берүү секторунда толуктап иштелип чыккан жеке-мамлекеттик өнөктөштүк механизмдеринин болушу |
Ченемдик укуктук базага жана механизмдерге болгон керектөөлөрдү талдоо |
Иштеп чыгуу |
Бекитүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - ББМГӨ (ДБ), ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Наристе жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн алтернативдүү окуу программасы катары бекитилген телеберүүнүн болуусу (Керемет көч) |
Керемет көч - мектепке чейинки курактагы балдар үчүн окутуучу ТВ программасы |
Кайрадан карап чыгуу жана апробациялоо |
Бекитүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ММСЖСМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Гендердик жана инклюзивдик мамилени эске алуу менен балдардын, маргиналдык топтордун өнүгүү маселелери боюнча ата-энелердин потенциалын күчөтүү боюнча бекитилген программанын болуусу |
Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү |
Иштеп чыгуу жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ССӨМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Эрте өнүктүрүүнүн бардык формалары менен камтылган 0 жаштан 3 жашка чейинки курактагы балдардын үлүшү |
4% |
4,5% |
5% |
6% |
БИМ, ММСЖСМ, ССӨМ |
Республикалык жана жергиликтүү бюджет | ||
Мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтылган 3-7 жашка чейинки балдардын үлүшү |
42% |
45% |
50% |
55% |
БИМ, ММСЖСМ, ТАККМ, макулдашуу боюнча - донор агенттиктер |
Республикалык жана жергиликтүү бюджет | ||
Мектепке даярдоо менен камтылган 5,5-7 жаштагы балдардын үлүшү |
82% |
85% |
87% |
90% |
БИМ |
Республикалык бюджет | ||
1.2-багыт. Стандарттардын/эрте/мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо программаларынын сапаты | ||||||||
3 |
Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жаңылоо |
Кыргыз Республикасынын бекитилген жана жаңыланган "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамстандартынын жана жаңыланган программалардын болушу. Жаңы стандартты, жаңы программаларды колдонууга окутулган бала бакчалардын педагогдорунун болушу |
"Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" жаңы мамстандарттын болушу |
Бала бакчалардын педагогдорун даярдоо жана кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу программаларын жаңы мамлекеттик стандартка ылайык келтирүү |
Нускалоо жана жайылтуу, педагогдорду окутуу |
Колдонуу |
БИМ, ЮНИСЕФ ДБ менен - макулдашуу боюнча |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча китепканачыларды окутуу үчүн уюштурулган системанын болушу |
Тренингдик модулду иштеп чыгуу |
Пилоттоо |
Бекитүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ММСЖСМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
4 |
Республиканын билим берүү системасында интеграциялоонун жана коомдун биримдигинин, ошондой эле тилдик ар түрдүүлүктү колдоо каражаты катары Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү колдоо |
Көп тилдүү билим берүү программалары менен иш алып барган бала бакчаларды методикалык колдоо. Көп тилдүү билим берүүнүн инклюзивдүү программаларын туруктуу ишке ашырып жаткан Бишкек ш. бала бакчалардын саны |
30 |
45 |
55 |
60 |
БИМ, "Сорос-Кыргызстан" Фонду - макулдашуу боюнча |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
1.3-багыт. Башкаруу, мониторинг жана каржылоо | ||||||||
5 |
Мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик колдоону күчөтүү |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын көлөмүн башталгыч класстардын мугалимдеринин эмгек акысынын көлөмүнө теңдөө бөлүгүндө, ошондой эле бала бакчалардын кызматкерлери үчүн стимулдаштыруучу грантты түзүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун болушу |
- |
Ченемдик укуктук актыларды талдоо |
Иштеп чыгуу, талкуулоо жана жеткире иштеп чыгуу |
Бекитүү |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет |
Балдарды камтуунун пайызына жараша мектепке чейинки билим берүүгө бөлүнүүчү каражаттардын суммасы |
42% камтууга 2,7 млрд. сом |
45% камтууга 3 млрд. сом |
50% камтууга 3,3 млрд. сом |
55% камтууга 3,7 млрд. сом |
ЭФМ, БИМ |
Республикалык бюджет | ||
Мектепке чейинки билим берүүдө ченемдик каржылоонун жаңыланган моделинин болушу |
40 бала бакчанын базасында пилоттоодон өткөн ченемдик каржылоонун моделин талдоо |
Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу |
Бекитүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ЭФМ, макулдашуу боюнча - ДБ, ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
2-бөлүм. Мектептик билим берүү | ||||||||
2.1-багыт. Мазмунду өзгөртүү аркылуу билим берүүнүн сапаты | ||||||||
6 |
Мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо |
Мектептик жалпы билим берүүнүн жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандартынын болушу |
Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген |
Жаңылоо жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Жаңыланган предметтик стандарттардын жана окуу программаларынын болушу |
1-4-класстар үчүн стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү |
5-11-класстар үчүн стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү (анын ичинде профилдик окутуу) |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен | |||
2.2-багыт. Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча жаңыланган система | ||||||||
7 |
Мектептерди жаңы муундун окуу-методикалык комплекстери менен камсыздоо |
Кайрадан каралып чыккан стандарттардын негизинде 1-4-класстар үчүн иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстердин болушу |
|
Конкурс жарыялоо, иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү |
Апробациялоо жана жеткире иштеп чыгуу |
Нускалоо |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет |
Кайрадан каралып чыккан стандарттардын негизинде 5-9-класстар үчүн иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстердин болушу |
Иштеп чыгуу, апробациялоо, экспертизалоо, нускалоо (бир катар предметтер боюнча) |
Экспертизалоо, жеткире иштеп чыгуу, нускалоо (бир катар предметтер боюнча) |
Экспертизалоо, жеткире иштеп чыгуу, нускалоо (бир катар предметтер боюнча) |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет жана донорлордун каражаттарынын эсебинен | |||
2.3-багыт. Билим берүүнү санариптештирүү | ||||||||
8 |
"Жаңы мектеп - келечектин мектеби" программасын ишке ашыруу |
Мектептерде маалыматтык-коммуникативдик технологиялар инфратүзүмүн өнүктүрүү. Заманбап компьютердик техникага карата талаптарга ылайык келүүчү 1 компьютерге мектеп окуучуларынын саны |
28/1 |
28/1 |
27/1 |
26/1 |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Ылдамдыгы 10 МБ сек. кем эмес Интернет тармагы жана локалдык тармактык инфратүзүмү менен мамлекеттик мектептерди камтуу |
99% |
100% |
100% |
100% |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Окутууда электрондук материалдарды колдонуу үчүн жабдылган электрондук китепканалардын жана класстардын болуусу (проектор, компьютер, экран же башка гаджеттер) |
60 |
- |
+300 |
+500 |
БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Башталгыч жана орто мектептин негизги предметтери үчүн санариптик кошумча окуу материалдарынын болуусу |
- |
- |
1-4-класстар үчүн санариптик окуу материалдарынын базасын толуктоо |
Орто мектеп үчүн санариптик окуу материалдарынын базасын толуктоо |
БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Табигый илимдер боюнча (химия, физика, биология) электрондук лабораториялык иштердин жана практикалык материалдардын болушу |
- |
Адаптациялоо |
Адаптация-оо |
Ишке киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
2.4-багыт. Мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасы | ||||||||
9 |
Мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасын түзүү |
Башталгыч мектепти бүтүрүү учурунда билим берүүдөгү жетишкендиктерди жыйынтыктап өлчөө үчүн стандартташтырылган куралдарды ишке киргизүү. Өлчөө менен камтылган 4-класстардын окуучуларынын үлүшү |
3-класста диагностикалык тестирлөө |
20% (пилот) |
100% |
100% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Класстын деңгээлинде окуучулардын математикалык, табигый-илимий багыттардагы сабаттуулугунун (STEM - предметтер боюнча), текстти окуунун жана түшүнүүнүн калыптанышын текшерүүчү-өлчөөчү материалдардын болушу. Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн методикалык сунуштардын болушу |
- |
6-класс үчүн тесттик тапшырмалар базасын иштеп чыгуу |
7-класс үчүн тесттик тапшырмалар базасын иштеп чыгуу |
8-класс үчүн тесттик тапшырмалар базасын иштеп чыгуу |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Негизги предметтер боюнча онлайн компьютердик тесттердин болушу (PISA тесттер) |
- |
5-6-класстар үчүн тесттерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
7-8-класстар үчүн тесттерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
Бардык мектептерде иш жүзүндө тесттерди колдонуу |
БИМ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Өлкө боюнча ЖРТнын орточо баллынын көрсөткүчтөрү |
120 балл |
121 балл |
122 балл |
123 балл |
БИМ |
Республикалык бюджет | ||
2.5-багыт. Педагогдорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү | ||||||||
10 |
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу |
Мугалимдерди жыл сайын квалификацияны жогорулатуу программалары менен камтуу |
12% |
15% |
20% |
20% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын, квалификацияны жогорулатуу курстарынын угуучуларынын каражаттарынын эсебинен |
Иштелип чыккан окуу программалары боюнча табигый-илимий циклдин (анын ичинде STEM-предметтер) предметтерин (орто мектеп); коррекциялоочу окууга жана түшүнүүгө (башталгыч мектептердин мугалимдери), анын ичинде электрондук форматта окутуу методологиясына окутулган педагогдордун саны |
- |
Программаларды иштеп чыгуу жана апробациялоо |
4000 педагог үчүн ишке киргизүү |
5000 педагог үчүн ишке киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө методикалык колдоо көрсөтүү маселелери боюнча окуудан өткөн мектеп администраторлорунун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин саны |
- |
3500 |
- |
3500 |
БИМ, макулдашуу боюнча - ЮСАИД |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Иш алып баруу, ошондой эле турмуштук оор абалда калган балдарга таасир этүү жана абалдын алдын алуу боюнча окуудан өткөн социалдык педагогдордун саны (гендердик зомбулук учурларына басым жасоо менен) |
21 |
300 |
600 |
- |
БИМ, макулдашуу боюнча - ЮНИСЕФ |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
11 |
Балдарды орто жалпы билим берүү менен шаарларда жана айыл жергесинде камтуу (7-17 жаштагы калктын пайыздык санынан) - 1-4-класстарды камтуу; - 5-9-класстарды камтуу; - 10-11-класстарды камтуу |
7-17 жаштагы мектепке барган балдардын калктын санынан үлүшү, пайыз менен |
97,8%
Аныктоо зарыл |
98%
Аныктоо зарыл |
98%
Аныктоо зарыл |
98%
Аныктоо зарыл |
БИМ |
Республикалык бюджет |
12 |
Окуучуларга көп тилдүү билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү |
Көп тилдүү билим берүү программалары боюнча иш алып барган мектептерди методикалык жактан колдоо. Көп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашырган мектептердин саны |
80 |
90 |
95 |
100 |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Тилдик түрдүүлүктү колдоо каражаты катары көп тилдүү билим берүүнүн инклюзивдүү программаларынын ар кандай формалары ишке ашырылган өзбек жана/же тажик тилинде окутуучу мектептердин саны |
30 |
40 |
50 |
50 |
БИМ, макулдашуу боюнча - "Сорос-Кыргызстан" фонду |
Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
13 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган мектептерди жана педагогдорду кызыктыруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
Иштелип чыккан кызыктыруу системасынын болуусу |
- |
Иштеп чыгуу |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
14 |
Мамлекеттик мектептерде 1-11-класска чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камтуу |
Индивидуалдуу пландар жана адаптивдүү программалар боюнча 1-11-класска чейин билим алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үлүшү |
4% (2020-жылда 7-18 жашка чейинки курактагы катталган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 2020-жылга карата санынан - 10200 адам) |
6% |
8% |
10% |
БИМ, ЭФМ, ССӨМ |
Республикалык бюджет |
2.7-багыт. Окуучулардын саламаттыгын камсыздоо | ||||||||
15 |
Мектеп медицинасын өнүктүрүү |
Мектептерге медайым штаттык бирдигин киргизүү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыны бекитүү |
- |
Иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
ССӨМ, ЭФМ, БИМ |
Республикалык бюджет |
Мектептерде медициналык тейлөө стандартын жана керектүү жабдуулардын тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү. Мектептеги медициналык кабинетти жабдуу үчүн мектептерди керектүү жабдуулар жана буюмдар менен камсыздоо |
- |
Иштеп чыгуу, бекитүү, камсыздоо |
Камсыздоо |
- |
ССӨМ, ЭФМ, БИМ, макулдашуу боюнча - ДБ |
Республикалык бюджет. Донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
2.8-багыт. Башкаруу, мониторинг жана каржылоо | ||||||||
16 |
Бюджеттик каржылоонун минималдуу ченемдерине ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын тармагынын иштешин камсыздоо |
Каржылоону камтуунун пайызы |
94,3% |
100% кем эмес |
100% кем эмес |
100% кем эмес |
ЭФМ, БИМ |
Республикалык бюджет |
Мектептерди бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарынын ченемдерин жогорулатууну кайра карап чыгуу |
1 окуучуга карата бюджеттик каржылоонун минималдык стандарты индексацияланган эмес |
Тиешелүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет | ||
3-бөлүм. Мектептен тышкаркы билим берүү | ||||||||
3.1-багыт. Сапаттуу мектептен тышкаркы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү | ||||||||
17 |
Мектептен тышкаркы билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды талдоо жана жаңылоо |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобону бекитүү |
Колдонуудагы документ олуттуу жаңылоону талап кылат |
Иштеп чыгуу жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет |
Мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн жолун улантуучулукту эске алуу менен ийримдердин жана студиялардын типтүү программасын бекитүү |
Колдонуудагы документ олуттуу жаңылоону талап кылат |
Иштеп чыгуу жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет | ||
18 |
Мектеп спортун өнүктүрүү боюнча "Мектеп лигасы" долбоорун ишке киргизүү |
Керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды киргизүү (артыкчылыктуу багыттар: футбол, баскетбол, волейбол) |
- |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
ММСЖСМ, ЭФМ, БИМ |
Республикалык бюджет |
4-бөлүм. Башталгыч кесиптик билим берүү | ||||||||
4.1-багыт. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү | ||||||||
19 |
Башталгыч кесиптик билим берүүдө жаштардын катышуусун жогорулатуу |
Эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн суроо-талапка ээ болуусунун үлүшү (окууну аяктагандан кийин, биринчи жылда ишке орношкон жана бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү маалыматына ылайык бир жылдын ичинде орун алган бүтүрүүчүлөрдүн саны) |
65% |
70% |
75% |
80% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Өндүрүштүн тармактарын көрсөтүү менен кесиптик лицейлердин жалпы санынан дуалдык окутуунун (өндүрүштө окутуу) элементтерин киргизген кесиптик лицейлердин үлүшү |
5% |
8% |
10% |
12% |
БИМ, макулдашуу боюнча - ишканалар жана тармактык уюмдар |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен | ||
Тобокелдик тобунан адамдардын үлүшү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жетимдер/жарым жетимдер, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү, кесиптик лицейлерде билим алгандар) |
2,3% (жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) |
3% (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жетимдер, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары) |
3,5% (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жетимдер, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары) |
4% (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жетимдер, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары) |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен жана окуу жайлардын каражаттарынын эсебинен | ||
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окутуунун ыңгайлуу инфратүзүмүн жана чөйрөсүн түзгөн кесиптик лицейлердин үлүшү |
50% |
52% |
53% |
55% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен жана окуу жайлардын каражаттарынын эсебинен | ||
4.2-багыт. Билим берүүнүн мазмуну | ||||||||
20 |
Билим берүүнүн мазмунун жаңылоо |
Иштелип чыккан жана бекитилген мамлекеттик билим берүү стандартынын болушу |
- |
2 |
3 |
5 |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
4.3-багыт. Квалификацияны жогорулатуу | ||||||||
21 |
Педагогикалык персоналдын жана башкаруучу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу |
Билим берүү программаларын жана модулдарды иштеп чыгуу боюнча квалификациясын жогорулаткан педагогикалык кадрлардын пайызы |
10% |
12% |
12% |
15% |
БИМ |
Республикалык бюджет |
Адистиги боюнча квалификациясын жогорулатуудан өткөн педагогикалык кадрларынын үлүшү (анын ичинде иш берүүчүлөрдүн өндүрүштүк базасында) |
5% |
+2% |
+3% |
+5% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен жана кесиптик лицейлердин, угуучулардын каражаттарынын эсебинен | ||
Квалификациясын жогорулаткан уюмдардын жетекчилеринин үлүшү |
15% |
20% |
25% |
30% |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен жана кесиптик лицейлердин, угуучулардын каражаттарынын эсебинен | ||
4.4-багыт. Билим берүүнү санариптештирүү | ||||||||
22 |
Санариптик жана мультимедиялык технологияларды киргизүү |
Компьютердик техника менен камсыз болгон кесиптик лицейлердин үлүшү |
50% |
52% |
53% |
55% |
МОН |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын жана кесиптик лицейлердин каражаттарынын эсебинен |
4.5-багыт. Баалоо | ||||||||
23 |
Баалоонун заманбап жана объективдүү ыкмаларын киргизүү |
Пилоттук программалар боюнча көз карандысыз сертификациянын болуусу |
2 |
2 |
4 |
6 |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
24 |
Билим берүүнүн сапатын камсыздоонун ички жана тышкы системасын киргизүү |
Колдонуудагы билим берүүнүн сапатын камсыздоонун ички жана тышкы системасынын болуусу |
- |
Сапатты камсыздоонун ички жана тышкы системасынын модели, кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу куралы катары World Skills Kyrgyzstan конкурсунун концепциясы иштелип чыкты |
Конкурска катышууга даярдануу. Сапатты кепилдөө системасын апробациялоо |
Сапатты кепилдөө боюнча ички системанын модели апробацияланды жана алдыңкы тажрыйба борборлорунда ишке киргизилди. World Skills Kyrgyzstan биринчи конкурсу өткөрүлдү |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
5-бөлүм. Орто кесиптик билим берүү | ||||||||
5.1-багыт. Орто кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү | ||||||||
25 |
Кесиптик билим берүүдө өнөктөштөрдүн катышуусун жогорулатуу |
Жумуш ордунда билим алуу принцибин ишке ашырган окождордун саны |
3 |
5-артыкчылыктуу тармак боюнча |
12-артыкчылыктуу тармак боюнча |
15-артыкчылыктуу тармак боюнча |
БИМ |
Республикалык бюджет, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
26 |
Системаны натыйжалуу каржылоону жана анын ачык-айкындуулугун камсыздоо |
Ченемдик (жан башына) каржылоо системасын ишке киргизген уюмдардын саны |
Ченемдик каржылоо модели иштелип чыкты |
8 окож |
Долбоорду кеңейтүү |
Долбоор кеңейтилди |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары |
5.2-багыт. Инклюзивдүү билим берүү | ||||||||
27 |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу үчүн шарттарды камсыздоо |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окутуунун ыңгайлуу инфратүзүмү жана чөйрөсү түзүлгөн билим берүү уюмдарынын үлүшү |
- |
2% |
5% |
10% |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары |
5.3-багыт. Эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоо | ||||||||
28 |
Билим берүүнүн мазмунун жаңылоо |
Жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартынын болушу |
- |
Кайрадан карап чыгуу |
Кайрадан карап чыгуу |
Билим берүү программалары (анын ичинде окуу пландары) жаңыланды |
БИМ |
Республикалык бюджет |
29 |
Орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн алдыңкы тажрыйба боюнча окуу борборлорун түзүү |
Окуу борборлорунун болушу |
Тандалып алынган окождордо оңдоо иштерин жүргүзүү |
Тандалып алынган окождордо оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү |
Алдыңкы тажрыйба боюнча окуу борборлорунун ишин апробациялоо |
Апробацияны көңүлгө алуу менен алдыңкы тажрыйба боюнча окуу борборлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - АӨБ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен |
30 |
Ишкердикке окутуу ыкмаларын киргизүү |
Ишкердикке окутуу боюнча модулдардын болушу |
Ишкердикке окутуу боюнча кредиттердин санын аныктоо |
Окутуучу модулдарды иштеп чыгуу |
Окуу программаларына окутуучу модулдарды киргизүү |
Окутуучу модулдарды пилоттоо |
БИМ, макулдашуу боюнча - АӨБ |
Республикалык бюджет жана донорлордун каражаттарынын эсебинен |
5.4-багыт. Квалификацияны жогорулатуу | ||||||||
31 |
Педагогдордун потенциалын жогорулатуу системасын түзүү |
Педагогдордун потенциалын жогорулатуу программаларынын болушу |
Иштеп чыгуу |
Апробациялоо |
Бекитүү |
Ишке киргизүү |
БИМ, макулдашуу боюнча - АӨБ |
Республикалык бюджет, донорлордун жана окуу жайлардын каражаттарынын эсебинен |
5.5-багыт. Билим берүүнү санариптештирүү | ||||||||
32 |
Санариптик жана мультимедиялык технологияларды ишке киргизүү |
Электрондук окутуу боюнча ченемдик укуктук базаны түзүү |
- |
Иштеп чыгуу |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары |
Компьютердик техника менен камсыздалган окуу жайлардын үлүшү |
50% |
52% |
53% |
55% |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары | ||
6-бөлүм. Жогорку кесиптик жана жождон кийинки билим берүү | ||||||||
6.1-багыт. Жождордун дүйнөлүк рейтингине катышуу үчүн республиканын алдыңкы жождорун өнүктүрүү | ||||||||
33 |
Жождордун рейтингинин улуттук моделин иштеп чыгуу жана аны апробациялоо |
Жождордун рейтингинин апробацияланган улуттук моделинин болушу |
- |
Иштеп чыгуу |
Жождордун улуттук рейтингге катышуусу |
Жождордун улуттук рейтингге катышуусу, рейтингдин жыйынтыктарын талдоо |
БИМ |
Республикалык бюджет |
34 |
Жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу жана эл аралык рынокто анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу |
Үлүшү: - Кыргыз Республикасынын жождорунда билим алган чет өлкөлүк студенттердин; - Кыргыз Республикасынан чет өлкөнүн жождорунда билим алган студенттердин; - туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын жождорунда окуткан чет өлкөлүк профессорлордун; - чет тилдерде (англис) окуткан магистрдик программалардын; - чет өлкөлүк жождордо стажировкадан жана окутуудан өткөн окутуучулардын |
КРнын жождорунда чет өлкөлүк студенттер 22% |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ, ТИМ |
Республикалык бюджет, жождордун каражаттарынын эсебинен |
35 |
PhD программаларын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу. PhD программаларын аккредитациялоо |
Ченемдик укуктук актынын жана аккредитацияланган PhD программаларынын болушу |
- |
Иштеп чыгуу |
Кыргыз Республикасында PhD докторлорун даярдоо боюнча алынган лицензиялардын саны |
PhD даярдоо боюнча аккредитациядан өткөн жождордун саны |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары |
6.2-багыт. Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын түзүмү жана мазмуну | ||||||||
36 |
Жогорку кесиптик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү |
Улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун муктаждыгын көңүлгө алуу менен ар кандай типтеги бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларын түзүүгө мүмкүндүк берген Улуттук квалификациялык алкакты, кесиптик стандарттарды эске алуу менен иштелип чыккан, жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын болушу |
- |
Иштеп чыгуу жана бекитүү |
Ишке киргизүү |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет |
37 |
Илимди колдонмо изилдөөлөргө кайра багыттоо жана изилдөөчүлүк ишин, ошондой эле иштердин жыйынтыгынын экономикалык натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча "Улуттук жождук илим" долбоорун иштеп чыгуу жана пилоттоо |
Иштелип чыккан жана пилоттолуучу долбоордун болуусу |
- |
Долбоорду жана анын компоненттерин иштеп чыгуу (илимий долбоорлордун түрлөрү, каржылоо моделдери, стартаптарды колдоо, бизнес менен биргеликте венчурдук фонддорду түзүү, жождордун алдында стартаптарды, креативдүү лабораторияларды жана илимий борборлорду түзүү) |
Долбоордун бардык тийиштүү программалары иштелип чыкты жана бекитилди |
Билим берүү системасы пилоттоо үчүн даярдалды, Улуттук илимий цитаталоо модели иштелип чыкты |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын каражаттары |
6.3-багыт. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу | ||||||||
38 |
Жождун профессордук-окутуучу курамынын квалификациясын жогорулатуу |
Акыркы жылда жождун профессордук-окутуучу курамынан квалификацияны жогорулатуудан өткөн кызматкерлердин орточо үлүшү |
25%дан кем эмес |
25%дан кем эмес |
25%дан кем эмес |
25%дан кем эмес |
БИМ |
Окуу жайлардын жана угуучулардын каражаттары |
Профессордук-окутуучу курамдын ишке ашырылган виртуалдык мобилдүүлүк моделинин болушу |
- |
Санариптик технологияларды колдонуу менен квалификацияны жогорулатуу үчүн техникалык шарттар түзүлдү |
Профессор дук окутуучу курамдын виртуалдык мобилдүүлүгү үчүн шарттар түзүлдү |
Виртуалдык мобилдүүлүктү көңүлгө алуу менен окутуунун натыйжаларын камсыздоочу ченемдер иштелип чыкты жана кабыл алынды |
БИМ |
Окуу жайлардын жана угуучулардын каражаттары | ||
6.4-багыт. Жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасы | ||||||||
39 |
Билим берүүнүн сапатын камсыздоонун натыйжалуу системасы (көз карандысыз аккредитациялоо, агенттиктердин ишмердигин мониторингдөө жана контролдоо системасы) |
Аккредитациядан өткөн окуу жайлардын/ программалардын саны. Көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен аккредитациялык агенттиктердин ишмердигине жүргүзүлгөн мониторингдин болушу. Аккредитациялык агенттиктердин ишин мониторингдөөнүн натыйжаларын талдоо |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ, макулдашуу боюнча - көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер |
Окуу жайлардын эсебинен |
7-бөлүм. Эрезеге жеткендерге билим берүү | ||||||||
7.1-багыт. Эрезеге жеткендер үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү | ||||||||
40 |
Кыргыз Республикасында эрезеге жеткендерге билим берүү жана окутуу жөнүндө концептуалдык документти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу |
Бекитилген жана ишке ашырылуучу документтин болушу |
Абалды талдоо |
Иштеп чыгуу |
Бекитүү |
Ишке ашыруу |
БИМ, макулдашуу боюнча - "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду |
Республикалык бюджет жана донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Формалдуу эмес жол менен жана кесиптик иш тажрыйбасынын негизинде ээ болгон квалификацияларды, билимдерди жана жөндөмдөрдү расмий таануу системасынын моделинин болушу |
- |
- |
- |
Моделди иштеп чыгуу |
БИМ, ССӨМ |
Республикалык бюджет | ||
41 |
Эрезеге жеткендер үчүн үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу |
Эрезеге жеткен калк үчүн курстарды уюштурууга карата берилген лицензиялардын саны |
- |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ |
Республикалык бюджет |
Кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган кесиптик лицейлердин пайызы |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын эсебинен | ||
Кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган окождордун пайызы |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын эсебинен | ||
Кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган жождордун пайызы |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
БИМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын эсебинен | ||
8-бөлүм. Билим берүүдөгү башкаруу, мониторинг жана стратегиялык пландоо | ||||||||
8.1-багыт. Билим берүүнү башкаруу жана каржылоо системасын өркүндөтүү | ||||||||
42 |
Финансылык талдоонун негизинде билим берүү бюджетинин керектөөлөрүн аныктоо үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде ченемдерди колдонуу |
Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде ченемдик каржылоонун болушу |
Мектептерди, кесиптик лицейлерди жана жождорду ченемдик каржылоону ишке ашыруунун алкагында колдонулат. Финансылык талдоо жүргүзүүнү баштоо |
Окождор үчүн каржылоонун ченемдерин иштеп чыгуу |
Бала бакчалар үчүн каржылоонун ченемдерин иштеп чыгуу |
Талдоо жана каржылоону башкаруу механизмдерин тиешелүү түрдө кайра карап чыгуу |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет, окуу жайлардын эсебинен |
8.2-багыт. Адам потенциалын жогорулатуу | ||||||||
43 |
Адам ресурстарын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү |
Билим берүү уюмдарынын (жождордон тышкары) жетекчилерин конкурстук тандоо системасынын болушу |
- |
КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу |
Ишке киргизүү |
БИМ |
Республикалык бюджет |
44 |
Региондорду педагогикалык кадрлар менен камсыздоо |
Ишке орношуунун жана бюджеттин эсебинен билим алган педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн кесипте кармап калуунун пайызы. |
72% |
74% |
76% |
78% |
БИМ, ЭФМ |
Республикалык бюджет |
- 3 жылдын ичинде |
- |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
||||
- 5 жылдын ичинде |
- |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Факт боюнча |
Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси:
PhD |
- |
фиолософия доктору; |
PISA |
- |
окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа; |
STEM |
- |
илим, технологиялар, инженерия жана математика; |
АӨБ |
- |
Азия өнүктүрүү банкы; |
ДБ |
- |
Дүйнөлүк банк; |
Жож |
- |
жогорку окуу жайы; |
БИМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
БМГӨ |
- |
Билим берүү максаттары үчүн глобалдык өнөктөштүк; |
ЖРТ |
- |
Жалпы республикалык тестирлөө; |
ММСЖСМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
ССӨМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ТИМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
Окож |
- |
орто кесиптик окуу жайы; |
ЭФМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги; |
ЮНИСЕФ |
- |
БУУнун Балдар фонду; |
ЮСАИД |
- |
Эл аралык өнүгүү боюнча Америка Кошмо Штатынын агенттиги. |