Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

 

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2021-жылдын 4-майындагы
№ 200 токтомуна)

2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү
ПРОГРАММАСЫ

1. Киришүү

Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жашоонун жаңы шарттарына ыңгайлашуу жолунда турат. Ата мекендик билим берүү системасы ыңгайлашуу шарттарында маанилүү ролду ойнойт, анткени адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн өзгөрүп туруучу шарттарга келечекте ийгиликтүү өнүгүү жана ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүгүн аныктайт.

2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына (мындан ары - Стратегия) киргизилген реформаларды ишке ашырууну улантуу максатында иштелип чыккан жана программалык документ болуу менен тиешелүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты аныктайт.

Программа, анын милдеттери жана индикаторлору ТӨМдүн жаңы аныкталган индикаторлорун, ошондой эле прогресске мониторинг жүргүзүү боюнча максаттуу көрсөткүчтөр, чыгымдар жана милдеттенмелер менен катар сектор үчүн узак мөөнөттүү максаттарга жана стратегиялык багыттарга жетишүүнү колдоо боюнча механизмдер жана иш-чаралар баяндалган тиешелүү иш-аракеттер пландарын даярдоодо кайрадан каралып чыгат.

2. Учурдагы абалды жалпы баалоо

Программанын негизги багыттарын түзүүчү негизги тенденциялар катары төмөнкүлөр бөлүнүп чыгарылат:

1. Демографиялык тенденциялар.

Стратегияны ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны болжолдуу 1 млн. адамга өскөн.

3 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны отчеттук мезгилди кошуу менен 28,7%дан 30,4%га чейин жогорулаган жана 2 млн. 17 миң адамды түздү.

Бул балдардын төрөлүүсүнүн туруктуу демографиялык өсүүсүнө байланыштуу - 2012-жылы тирүү төрөлгөн балдардын саны 155 миң болсо, 2020-жылы - 158 миңге чейин жеткен.

БУУнун маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда калктын акыркы 74 жылдагы максималдуу өсүшү болот, ал 5,92% түзөт. Демек, 2028-жылдан тартып бала бакчаларга жүктөм максималдуу түрдө болот, ал эми 2032-жылдан баштап олуттуу жүктөм Кыргыз Республикасынын мектептерине болот.

Тиешелүү түрдө демографиялык кырдаал, өзгөчө шаарларда калктын өсүү ылдамдыгынан артта калган билим берүү системасынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө өсүүчү басым кылат, ошондой эле балдардын жана калктын билим берүү системасы менен камтылышын сактоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн социалдык объекттерди куруунун алдыга озуучу саясатын түзүүнү талап кылат. Окуучулардын санынын көбөйүшү сөзсүз окутуучуларга болгон жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келет, ал сандык гана эмес, ошондой эле сапаттык көрсөткүчтөр боюнча педагогикалык кадрларды тартуу жана даярдоо саясатын алдын ала жүргүзүү зарылчылыгын пайда кылат.

2. Глобалдаштыруу.

Глобалдаштыруу шарттарында билим берүү системасы эл аралык билим берүү чөйрөсүнө кошулууда жана ата мекендик да, ошондой эле глобалдык эмгек рыногунда да суроо-талапка ээ болуучу адистерди даярдоого багытталууга тийиш. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим берүүнүн сапатына карата талаптар жогорулайт; билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде социалдык-эмоциялык/ийкемдүү көндүмдөрдү калыптандырууга муктаждык жогорулайт; билим берүүнүн мазмунуна глобалдык жарандуулук, толеранттуулук, маданияттар аралык коммуникациялар, көп тилдүү билим берүү ж.б. сыяктуу окутуунун натыйжалары киргизилет.

3. Технологияларды өнүктүрүү - санариптештирүү.

Жаңы технологияларды өнүктүрүү жаңы технологиялардын потенциалын өздөштүрүүнү, санариптик көндүмдөргө окутууну талап кылат. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын алдында окутуучулардын жана окуучулардын арасында компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу, санариптик технологияларды эске алуу менен билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү, өзгөрүп туруучу технологиялык чөйрө аркылуу аралыктан жана башка формада билим берүүнү күчөтүү зарылдыгы жогорулайт.

4. Социалдык-экономикалык дифференциация.

Кирешелеринин деңгээлдери жогору жана төмөн болгон калктын ортосундагы ажырым өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тереңдеп жатат. 2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 31%га чейин жогорулаган, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 11%га жогору. Аталган көйгөйгө таасир этүү боюнча максаттуу саясат ар кандай категориядагы балдарга (анын ичинде майып балдарга, аялуу категориядагы үй-бүлөлөрдүн балдарына) билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жалпысынан жогорулатышы керек.

3. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр

Стратегияны ишке ашыруу мезгилинде билим берүү менен камтуу боюнча төмөнкүдөй натыйжалар жетишилди:

- 7-24 жаштагы калкты билим берүү менен камтуунун жыйынды коэффициенти 2012-жылы 69,5%дан 2020-жылы 78,9%га чейин жогорулаган;

- типтүү бала бакчалардын саны 2012-жылы 819дан 2020-жылы 1648ге чейин жогорулады, алардагы камтуу - 16,1%дан тиешелүү түрдө 22,2%га чейин (115 миң баладан 196 миң балага чейин);

- 2012-жылдан тартып тиешелүү курактагы балдарды мектептик билим берүү менен камтуу (1-11-класстар) 88,7%дан 2020-жылы 97,8%га чейин (1 млн. 12 миң окуучудан 1 млн. 357 миң окуучуга чейин) жогорулаган, ал эми мектептердин саны 2201ден 2296 мектепке чейин өстү;

- башталгыч кесиптик билим берүү деңгээлинде кесиптик лицейлердеги билим алуучулардын контингенти 29-32 миң билим алуучу диапазонунда туруктуу болуп келген, бул 15-17 жаштагы калктын дээрлик 10% түзөт. Ошол эле учурда кесиптик лицейлердин саны жалпы контингентти сактоо менен 110дон 99га чейин оптимизацияланган;

- орто кесиптик билим берүү системасында колледждердин деңгээлинде контингент 2012-жылы 83 миң студенттен 2020-жылы 95 миң студентке чейин өскөн (17-20 жаштагы калктын 24%). Орто кесиптик окуу жайлардын саны 132ден 138ге чейин жогорулаган (105 - мамлекеттик жана 33 - мамлекеттик эмес). 11,6 миң студент бюджеттик негизде, 84,3 миң студент - контракттык негизде билим алат;

- республикада 57 жогорку окуу жай иштейт - 40 мамлекеттик жана 17 мамлекеттик эмес. Студенттердин жалпы контингенти - 214 миң студентти түзөт (17-24 жаштагы калктын жалпы санынын 26,5%). Студенттердин жалпы санынын 12,1% бюджеттик негизде билим алат;

- 2012-жыл менен 2020-жылды салыштырмалуу педагогикалык курам боюнча:

мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээлинде педагогдордун саны 4053 адамдан 8301 адамга чейин жогорулаган;

мектептик билим берүү деңгээлинде - 75 миң мугалимден 82 миңге чейин;

кесиптик лицейлердин деңгээлинде педагогдордун саны системаны оптимизациялоонун эсебинен 3920дан 3403кө чейин төмөндөгөн;

окождордун деңгээлинде - педагогдордун саны 6343дөн 7299 адамга чейин жогорулаган;

жождордун деңгээлинде - педагогдордун саны 12633дөн 12197 адамга чейин төмөндөгөн.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Стратегиянын иш-чараларын ишке ашыруунун таза пайызы 84,3% түздү, ал эми жарым-жартылай аткаруунун пайызы (16,6%дан 97,9%га чейин) 15,6% түздү. Тиешелүү түрдө Стратегиянын толугу менен жана жарым-жартылай аткарылган иш-чараларынын пайызын эске алуу менен - аткаруунун жалпы пайызы 91% түздү.

Жарым-жартылай аткарылган иш-чараларга бюджеттин тартыштыгынан улам аягына чыгаруу мүмкүн болбогон, ошондой эле пандемия мезгилинде окутуунун реалдуу мезгили болбогон шарттагы иш-чаралар киргизилди.

2012-2020-жылдардагы негизги жетишкендиктерге төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:

- мектепке чейинки билим берүү жеткиликтүү болбогон 5,5-7 жаштагы 100 миң бала үчүн 4000 класстын базасында жылдык (күнүнө 3 сааттан) мектепке чейинки программа түзүлдү. Типтүү балдар бакчаларына барган балдарды эске алуу менен - өнүктүрүү программаларына 3-7 жаштагы балдарды жалпы камтуу 2020-жылы 40% түздү. Мектепке чейинки программалардын окутуунун натыйжасына тийгизген позитивдүү таасири 2017-жылдагы ОБЖУБдун жыйынтыгы менен тастыкталууда, алар мектепке чейинки билим алган балдардын индексинин орточо 26,2 баллга, математика боюнча - 21,6 баллга, мекен таануу боюнча - 14,2 баллга жогорулагандыгын көрсөтүүдө;

- биринчи жолу мектепке чейинки билим берүү деңгээли үчүн мамлекеттик билим берүү стандарты, ошондой эле компетенттүүлүк негизде мектептик билим берүү үчүн мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыккан;

- өлкө боюнча жеке менчик бала бакчалардын санынын өсүүсүнө түрткү берүү үчүн лицензия берүүдө мектептерде жана бала бакчаларда окутууну/багууну уюштуруу шарттарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар, өрт коопсуздугунун эрежелерине карата талаптар жеңилдетилген, ошондой эле мыйзам деңгээлинде жеке балдар бакчаларын жана мектептерди сатуудан, пайдага жана кошумча наркка салыктан бошотуу жөнүндө ченемдер киргизилген;

- "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек" жана "Биринчи класска электрондук каттоо" демилгелери ишке ашырылды;

- биринчи жолу мектептик билим берүү үчүн предметтик стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иши башталган;

- "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасы түзүлгөн;

- көп тилдүү билим берүүнүн пилоттук механизмдери ишке киргизилген - бала бакча - мектеп - жож;

- окуу китептери менен камсыздоо 49,6%дан 72%га чейин жогорулаган;

- мугалимдерди аттестациялоонун жана аларга квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төлөөнүн жаңы тартиби киргизилген;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту түзүлгөн;

- мектептерде ысык тамак берүү системасы түзүлгөн, аны менен 1635 мектеп камтылды жана Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы № 135 "Мектептеги тамак-аш жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган;

- үч параметр: физикалык, экологиялык, психологиялык коопсуздук боюнча коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн стандарттары бекитилди;

- Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди, биринчи жолу Борбордук Азияда инклюзивдик мамиле боюнча адистерди системалуу түрдө даярдоо үчүн Инклюзивдик билим берүү лабораториясы ачылган;

- окуу китептерин ижарага берүү системасы жаңы форматта кайтарылган, аны администрациялоо үчүн "Жаңы китеп" мамлекеттик мекемеси түзүлдү;

- ата мекендик авторлордун окуу китептерин даярдоо боюнча демилгелер киргизилүүдө;

- Кыргыз Республикасынын бардык мектептери, кесиптик лицейлери жана жогорку окуу жайлары жан башына (ченемдик) каржылоо менен камтылды, мындай пилот орто кесиптик жана мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээлинде жүргүзүлгөн;

- буга чейин жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджетке өткөрүлгөн;

- мектептердин техникалык абалын 100% инвентаризациялоо жүргүзүлдү;

- "1 компьютерге 50 окуучу" көрсөткүчү 1 компьютерге 28 окуучуга чейин жакшыртылды;

- окутууда Интернетти колдонуучу мектептердин көрсөткүчү 2,4%дан 99%га чейин жогорулады, тоолуу аймактардагы калган 20 мектеп Интернетке туташтыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Илим-бокс жабдуусу менен камсыздалды, ал локалдык зымсыз байланыштын жардамы менен билим берүү ресурстарын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет;

- кесиптик билим берүү деңгээлинде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жаңы макеттери, даярдоо багыттарынын, адистиктердин жана окутуунун ченемдик мөөнөттөрүнүн жаңы тизмелери, жаңы муундун мамлекеттик стандарттары иштелип чыкты;

- башталгыч жана орто кесиптик билим берүүдө пилоттук алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлдү;

- жождорго гранттык орундарды иш берүүчүлөрдөн өтүнмөлөр болгондо гана бөлүп берүү боюнча механизм киргизилген;

- жогорку кесиптик билим берүүнүн бакалавриат жана магистратура - эки деңгээлдүү түзүмү, ошондой эле PhD квалификациясы киргизилди;

- 2014-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде жалпысынан (мөөнөтсүз лицензия күчүнө кирген учурдан тартып) 1443 юридикалык жакка эрезеге жеткен калкка 5884 кошумча (формалдуу эмес) билим берүү программасы боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берүүчү лицензия берилген;

- Квалификациялардын улуттук системасы иштелип чыкты;

- жождордун алдында 7 илимий-изилдөө институту түзүлгөн, интеграциялоо жөнүндө меморандумдарга 6 жож жана 17 илимий-изилдөө институту кол койгон;

- лицензиялоо жана аккредитациялоо процедуралары бөлүштүрүлдү, аутсорсинг принциптеринде көз карандысыз аккредитациялоо киргизилди;

- Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы, тиешелүү индикаторлор жана программалык камсыздоо иштелип чыкты.

Билим берүүгө карата мамлекеттик бюджеттин көлөмү 2012-жылы 21,7 млрд. сомдон 2020-жылы 39,9 млрд. сомго чейин өстү (алардын ичинен республикалык бюджет - 34,3 млрд. жана 5,6 млрд. сом - жергиликтүү бюджет). Бул эки факторго - окуучулардын контингентинин көбөйүшү жана мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу.

Эгерде 2012-жылы мугалимдин орточо эмгек акысы айына 3500 сомду түзсө, 2020-жылы - айына 17 миң сомго жогорулаган. Эмгек акыны жогорулатуу мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин кыскартууга өбөлгө түздү: 2012-жылга чейин жетишсиздик жылына 3,5-4 миң адамды түзсө, 2020-жылы дээрлик 700 адамды түзгөн. Билим берүүгө бюджеттен бөлүнүүчү жалпы суммадан 93% - бул мугалимдердин эмгек акысына карата каражаттар жана Соцфонд, болгону 7% - өнүктүрүүгө багытталат.

Кризиске каршы пландоонун алкагында COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланыштуу кырдаалга реакция кылууда төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылды:

- билим берүү системасынын жалпысынан аралыктан билим берүү форматына өткөрүү жана системаны 12 ай өткөндөн кийин реалдуу убакыт режиминде окутууга кайтарып келүү;

- окуучулар үчүн да, ошондой эле педагогдор үчүн да электрондук билим берүү платформаларын, электрондук платформаларды, мектеп окуучуларын онлайн тестирлөө платформаларын түзүү жана толтуруу, мектепке чейинки жана мектептик деңгээлдер үчүн 7 миң видео сабактарды тартуу жана телевидениелердин платформаларына жайгаштыруу, алардын бир бөлүгүн сурдокотормо менен камсыздоо;

- атайын түзүлгөн платформада мугалимдердин квалификациясын аралыктан жогорулатууну уюштуруу, квалификацияны жогорулатууну модернизациялоо жана 128 программаны иштеп чыгуу, алардын ичинен 35 - онлайн курстар;

- кесиптик билим берүү деңгээлдеринде абитуриенттерди кабыл алуу системасын онлайн форматка өткөрүү;

- педагогикалык адистиктер боюнча билим алган студенттердин стипендиясынын көлөмүн эки эсе көбөйтүү: жождордун студенттерине айына - 1600 сомго чейин, окождордун студенттерине айына - 1440 сом.

Позитивдүү жылыштарга карабастан, төмөндө көрсөтүлгөн бир катар көйгөйлөр актуалдуу бойдон калууда.

1. Мектепке чейинки билим берүү деңгээлинде:

- балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук эмес камтуу көйгөйү чечиле элек - 3-5 жаштагы балдардын 77,8% толук күн болуучу типтүү бала бакчаларда орундардын жоктугуна байланыштуу мектепке чейинки билим берүү жеткиликтүү эмес;

- шаар менен айылдын ортосунда мектепке чейинки билим берүү менен камтууда олуттуу айырма байкалууда: 2020-жылы шаарларда балдардын 36% камтылган учурда айылдарда мектепке чейинки билим берүү менен балдардын 19,4% камтылган;

- иштеп жаткан бала бакчаларда 28 миң бала ашык (бала бакчаларда 168 миң орун болгон учурда аларга 196 миң бала барат) - бул ар бири 280 орундуу 100 типтүү бала бакчанын жетишсиздигин билдирет. Азыркы учурда 1 тарбиячыга 60-80 бала болгон тайпалар бар жана бул баланын өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө;

- мектепке чейинки билим берүүдөгү ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүү жана баалоонун натыйжалуу системасынын жоктугу;

- балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ата-энелердин маалымдуулугунун начардыгы.

2. Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде:

- өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга жана бөлүнүп берилүүчү ресурстардын өсүүсүнө карабастан коомдун билим берүүнүн сапатына канааттанбагандыгы. Шаардагы жана айыл жергесиндеги жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун, окутуу ар кандай тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин ортосундагы окутуунун сапатынын олуттуу айырмасы байкалууда. Мисалы, 2017-жылы ОБЖУБ боюнча базалык деңгээлден төмөн балл алган 4-класстын окуучуларынын пайызы Бишкекте 43%дан облустук борборлордо жана кичи шаарларда 60%дан айыл жергесиндеги мектептер 70%га чейин түзгөн. Билим берүүдөгү жетишкендиктердин эң төмөн деңгээли табигый-математикалык циклдин предметтери боюнча байкалууда;

- мектептердин компьютердик жабдуулар менен камсыздалышынын начардыгы, педагогдорду санариптик көндүмдөргө окутуу программаларынын, санариптик материалдардын, аралыктан билим берүү платформаларынын жетишсиздиги окутуу процессин санариптештирүү жолунда тоскоолдук болуп саналат;

- билим берүү менен камтуунун төмөндөп кетүү коркунучу: балдардын мектепке барбагандыгынын себептеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети негизинен майыптуулук, үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктар, иштөө зарылдыгы, үй-бүлөдөгү жагдайларды белгилөөдө. Балдардын ата-энелеринин физикалык жактан жанында болбогондугу да баланын мектепке барбай калуу коркунучун туудурат. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Кыргызстандагы балдардын 12% атасы же энеси эмгек мигранттарынын катарына кирет жана чет өлкөдө болууда;

- бир окуучуга карата чыгымдар сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана ар бир мектепте заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн дагы да болсо жетишсиз бойдон калууда. Мындан тышкары өлкө боюнча мектептик билим берүүдөгү бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарын камтуунун жетишсиздиги жыл сайын дээрлик 500 млн. сомду түзөт. Системалуу түрдө жетишсиз каржылоо мектептик жыйымдар көйгөйүн жаратууда. Ошол эле учурда чогултулган каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкын эмес болушу коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылууда;

- мектептерге базалык ресурстардын жеткиликтүү болуусу боюнча көйгөйлөр бар: компьютер менен камсыз болуу минималдуу керектөөдөн 42,1% түзөт; мектептердин 25,7% таза суу жеткиликтүү эмес; мектептердин 74,4% ички санитардык түйүндөр (ажатканалар) жок; мектептердин 68,2% ысык суу менен камсыздоо системасына кошулган эмес. Акыркы маселе 1-4-класстардын окуучуларын ысык тамак менен толук эмес камтуу көйгөйүн жаратууда. Мектептерди эмерек жана лабораториялар менен жабдуу республикалык бюджеттен каржыланбайт;

- көптөгөн мектептерде инфратүзүмүнүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келүүдө, ошол эле учурда башка имараттар жок болгондуктан, аларда окутуу улантылууда. Алсак, 245 мектеп авариялык абалда деп таанылган, имаратты бузуу жана ордуна жаңы мектеп куруу талап кылынат. 457 мектептин чатырын, фундаментин, дубалдарын капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж, суу, канализация ж.б. менен камсыздоо талап кылынат;

- шаар жергесиндеги мектептердин ашыкча толтурулушу ички миграциянын кесепети: 2012-жылдан бери 3 нөөмөт менен иштеген мектептердин саны эки эсе өскөн (83 мектептен 151ге чейин), ал эми 37 миң бала 3 нөөмөт менен окуйт, буга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык тыюу салынат;

- педагогикалык кесиптин жагымдуулугунун жетишсиздиги жана анын натыйжасы катары билим берүү системасына потенциалдуу алсыз кадрларды топтоо; кесиптик өнүгүү системасынын жана педагогдорду кесиптик колдоонун ийкемдүү системасынын жоктугу; усулчуларды максаттуу даярдоонун жоктугу;

- педагогдордун ишмердигине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча жаңылоону талап кылган система;

- мектептерге ашыкча жүктөм мугалимдерге ашыкча жүктөм түрүндө чагылдырылат жана мында педагогикалык кадрлардын кетүүсү боюнча тобокелдикти эске алуу да маанилүү, анткени Кыргызстандагы педагогдордун эмгек акысынын деңгээли ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча орточо көрсөткүчтөн 3 эсе төмөн.

3. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү деңгээлинде:

- Кыргыз Республикасында унификацияланган стандарттардын жок болгондугунан улам иш берүүчү тарабынан эмгек рыногуна жаңыдан кирген кесиптик лицейлердин жана колледждердин бүтүрүүчүлөрүнө карата так талаптардын жоктугу;

- башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын унификацияланган макеттери түрүндө кесиптик билим берүүнүн баскычтарынын ортосундагы жолун улантуучулук, окуу процессинде кредиттик технологияларды колдонуу системасы түзүлгөн эмес;

- кесиптик билим берүү системасынын, анын ичинде территориалдык жактан балансталбагандыгы байкалууда: кесиптик лицейлердин көп бөлүгү айыл жергесинде жайгашкан (56%); колледждердин көп бөлүгү - шаарларда (96%), ошондуктан, Кыргыз Республикасынын бир катар облустарындагы кесиптик лицейлер тарабынан берилүүчү кесиптердин ушул эле региондун колледждери тарабынан берилүүчү кесиптер менен байланышы жок, ошондон улам өз адистиги боюнча кийинки баскычта билим алууну улантуу үчүн лицейлердин бүтүрүүчүлөрү көчүп кетүүгө же адистигин/специализациясын алмаштырууга мажбур болууда;

- иш берүүчүлөр менен болгон начар байланыш да кесиптик лицейлердин жана колледждердин деңгээлинде берилүүчү программалардын санынын жана мазмунунун эмгек рыногунун түзүмүнө ылайык келбешине алып келет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын экономикалык активдүү калкынын 50% айыл чарба тармагында жеке ишкердик менен алектенсе да, бир нече колледж гана калктын бул конкреттүү сегменти үчүн багытталган программаларды сунуштайт. Кесиптик лицейлердин жана колледждердин көптөгөн билим берүүчү программаларындагы теориялык материал практикалык компетенттүүлүктөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө үстөмдүк кылат;

- региондук өлчөөдө эмгек рыногу боюнча божомолдоочу изилдөөлөрдү жүргүзүү куралынын жана методологиянын жоктугу. Экономиканын туруктуу эмес болгондугуна байланыштуу экономиканын кадрларга болгон муктаждыгынын узак мөөнөттү божомолу жок, ал даярдалган кадрлардын санын жана аларды окутуунун натыйжаларын бүгүнкү эмгек рыногунун талаптары менен салыштырууга мүмкүндүк бербейт;

- башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ресурстардын жетишсиздиги. Ресурстардын көп бөлүгү социалдык жардам берүүгө жана системанын инфратүзүмүн колдоо үчүн жумшалат да, түздөн-түз билим берүү процессине жана анын материалдык-техникалык камсыздалышына чектелген каражаттар калат, бул билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасынын эскириши сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө алып келет. Эскилиги жеткен жабдуулар менен иш алып баруу бир катар кесиптердин бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунда зарыл болгон кесиптик көмпетенттүүлүктөргө ээ болууга мүмкүндүк бербейт, ошондон улам бул жумушсуздукка же жеке каражаттардын эсебинен же иш берүүчүлөрдүн эсебинен кайра даярдоодон өтүүгө алып келет;

- квалификациялуу педагогикалык кадрлардын/өндүрүштүк окутуу мастерлеринин жетишсиздиги квалификациялуу педагогикалык курамдын физикалык улгайышы менен, окутуучулар жана өндүрүштүк окутуу мастерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши жана көптөгөн педагогдордо/өндүрүштүк окутуу мастерлеринде азыркы күндө ишканаларда орнотулган заманбап жабдууларда иш алып баруу тажрыйбасынын жоктугу менен байланышкан;

- натыйжасыз башкаруу, анткени көптөгөн кесиптик окуу жайлардын администрациясы пландоо тармагындагы заманбап башкаруу көндүмдөрүнө ээ эмес. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдары эмгек рыногунун өзгөрүүлөрүнө чыгармачыл жана ийкемдүү таасирденүү үчүн жетишээрлик башкаруу автономиясына ээ эмес.

4. Жогорку кесиптик жана жождон кийинки билим берүү деңгээлинде:

- ресурстарды ашыкча чыгым кылган "кетип бара жаткан" экономика үчүн эскирген адистиктер боюнча кадрларды даярдоо;

- эскилиги жеткен окутуу ыкмалары, окутуучу курамдын инновацияларды кабыл алуунун төмөн болушу да билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизет, анткени ал эмгек рыногунун талаптарына жана коомдун суроо-талаптарына ылайык келбейт;

- жогорку билим берүүдөгү паракорчулук билим берүүнүн баалуулугун жогорку билими жөнүндө дипломдун баалуулугуна алмаштырды;

- жождордун ишмердүүлүгүндөгү илимдин үлүшүнүн аздыгы жана илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүнүн төмөндүгү. Илимге карата бөлүнүүчү каражаттардын көлөмү ИДПнын 0,08% түзөт;

- жождордун эскилиги жеткен материалдык-техникалык базасы заманбап технологиялардын өсүү темпине ылайык келбейт;

- жождордун өздөрүндө, анын ичинде билим берүүнүн мазмуну жана башкаруу маселелериндеги жетиштүү болбогон автономия жождорго өзгөрүүчү шарттарга ыкчам таасирденүүгө мүмкүндүк бербейт.

5. Эрезеге жеткендерге билим берүү деңгээлинде:

- мыйзам чыгаруучу базанын жетилбегендиги;

- мамлекеттик бюджеттен эрезеге жеткендерге билим берүү программаларын каржылоо каттоодон өткөн жумушсуздар үчүн гана ишке ашырылат;

- эрезеге жеткендерди мектептик билим берүү деңгээлинде окутуу үчүн мамлекеттик каржылоонун жоктугу (кечки, алыстан, нөөмөттүк мектептер жана класстар);

- туруктуу даярдоо жана кайра даярдоо системасынын жоктугуна байланыштуу эрезеге жеткендерге билим берүү жаатында кесипкөй башкаруучу жана педагогикалык кадрлардын жоктугу;

- формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү секторунун ортосунда өнөктөштүк механизмдеринин жетишсиздиги;

- формалдуу эмес жол менен ээ болгон кесипкөй тажрыйбанын жана компетенттүүлүктөрдүн таанылышын камсыздаган сертификациялоо борборлорунун жоктугу;

- суроо-талапка ээ болгон программаларды сунуштаган провайдерлердин жоктугунан улам региондордо эрезеге жеткендердин билим алуусуна жеткиликтүүлүктүн чектелиши;

- коомдо "өмүр бою билим алуу" маданиятынын жоктугу;

- эрезеге жеткен калктын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын окууга болгон муктаждыгын талдоо боюнча методологиянын жоктугу;

- мамлекеттик үлгүдөгү документтер берилбеген, формалдуу эмес билим берүүгө тартылган жарандар жөнүндө статистикалык маалыматтардын жоктугу.

4. Максаттар жана милдеттер

Заманбап билим берүү системасына коюлуучу бардык негизги тенденцияларды, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын эске алуу менен 2040-жылга карата билим берүү системасынын көз карашы, максаттары жана милдеттери төмөндөгүдөй белгиленди.

2040-жылга карата билим берүү системасы: 2040-жылы билим берүү системасы адамга кайсыл куракта болбосун өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык жана эмоционалдык дараметин ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо мүнөзүн жана бакубатчылыгын камсыздоо жана жашаган жеринин географиясына, гендердик таандыгына, динине, ден соолугунун абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан, өлкө боюнча жарандардын ар кандай категориясы үчүн бирдей билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт. Мында артыкчылык билим берүү системасында адам ресурстарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү инновацияларга, өзүнүн өнүгүүсү, мобилдүүлүгү, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуу үчүн жоопкерчилик алууга жөндөмдүү адамды калыптандыруучу сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө берилет. Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн булагы жана катышуучулары катары мамлекет гана эмес, ошондой эле жалпы коом чыгат.

2040-жылга карата билим берүү системасынын максаты болуп мамлекеттин жана коомдун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо, ошондой эле башкаруу системасын модернизациялоо аркылуу жеңил ыңгайлашуучу жана кыймылдуу социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү адамдын чыгармачыл жана саламат потенциалын калыптандыруу саналат.

Алдыга коюлган максатка жетишүү негизги үч милдетти чечүүгө багытталган саясаттын тиешелүү чаралары аркылуу ишке ашырылат:

1. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

2. Сапатты камсыздоо;

3. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Алдыга коюлган бардык үч милдетти ишке ашыруу билим берүүнүн бардык деңгээлинде каралган жана ар бир милдеттин алкагында негизги артыкчылыктар каралган.

5. Артыкчылыктар

1. Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо:

- билим берүү системасынын бардык деңгээлинде билим берүү менен камтуу;

- билим берүүнүн инклюзивдүүлүгүн жана анын көп тилдүү болушун камсыз кылуу;

- коопсуз жана натыйжалуу окутуу чөйрөсү.

2. Сапатты камсыздоо:

- билим берүүнүн мазмунун анын бардык деңгээлинде модернизациялоо;

- билим берүүнү санариптештирүү;

- педагогдорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү системасы;

- окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун эффективдүү жана объективдүү системасы;

- сапаттуу окуу материалдары.

3. Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо:

- билим берүү чөйрөсүн башкаруунун жана билим берүү саясатын пландоонун системалуу мамилесин камсыздоо үчүн адам ресурстарын башкарууну, уюштуруучулук, техникалык жана административдик потенциалды жакшыртуу;

- билим берүүнүн бардык деңгээлинде ченемдик каржылоого өтүүнү жана билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн деңгээлинде ресурстарды башкаруудагы көбүрөөк өз алдынчалыкка өтүүнү чыңдоо;

- аккредитациялоо жана лицензиялоо, билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жана алардын натыйжаларына керектүү көзөмөл жүргүзүү;

- билим берүү системасынын ишинин натыйжаларына жана натыйжалуулугуна туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

- билим берүүнү башкаруу системасын автоматташтыруу.

6. Саясий чаралар

Программадагы саясий чаралар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын төмөнкү түзүмүнө ылайык билим берүү системасынын туруктуу иштөөсүн камсыздоого багытталат.

1-сүрөт

Эрезеге жеткендерге билим берүү

Курак

Класс

Жождон кийинки кесиптик билим берүү (изденүүчүлүк, аспирантура, адъюнктура жана докторантура, PhD)

Өмүр бою билим алуу принциптеринин негизинде кошумча кесиптик билим берүү (кесиптик билимге ээ адамдар үчүн)

26 жана андан жогору

25

24

23

Жогорку кесиптик билим берүү (магистратура)

Эрезеге жеткендерге формалдуу эмес билим берүү (өзүн-өзү жакшыртуу максатында)

22

Жогорку кесиптик билим берүү (бакалавриат, белгилүү бир адистиктер үчүн специалитет)

21

20

19

18

9 жана 11-класстардын базасында кесиптик билим берүү

Милдеттүү билим берүү

17

11

Орто жалпы билим берүү

Кечки мектептер (курагы боюнча чектөөсүз)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектептер

16

10

15

9

Негизги жалпы билим берүү

14

8

13

7

12

6

11

5

10

4

Башталгыч жалпы билим берүү

9

3

8

2

7

1

6

0

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн мектепке чейинки даярдоо

5

4

3

2

0,6-1

Мектепке чейинки билим берүүдө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнүн жана балдарды эрте өнүктүрүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү. Мамлекет мектепке даярдоо программасын колдойт жана кыска мөөнөттүү бала бакчалар, эрте өнүктүрүү борборлору жана балдар чыгармачылыгы борборлору, дем алыш күн борбору ж.б. сыяктуу мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формалары аркылуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кеңири тармагын түзүүгө түрткү берет;

- мектепке чейинки билим берүү программаларынын мазмунун модернизациялоо жана балдарды өнүктүрүү стандарттарына ылайык келтирүү, башталгыч мектепте окутуу программасы менен жолун улантуучулукту камсыздоо;

- көп тилдүү билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүү, ал эрте окутууну параллелдүү түрдө ар кандай тилде киргизүүгө мүмкүндүк берет;

- мектепке чейинки билим берүүчү педагогдор үчүн санариптик билим берүү материалдарын жана мектепке даярдоо программаларын өнүктүрүү;

- педагогдорду үзгүлтүксүз өнүктүрүү системасын киргизүү, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү системасы үчүн методикалык кадрларды максаттуу даярдоо;

- коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү, мектепке чейинки балдарды багууну камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү аркылуу сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, анын ичинде тамак-ашты, санитарияны, гигиенаны уюштурууга карата талаптарды иштеп чыгуу үчүн ар кандай типтеги бала бакчалардын жабдылышынын стандартын жана мектепке чейинки даярдоо программаларын иштеп чыгуу;

- мектепке чейинки билим берүүнү ченемдик бюджеттик (жан башына) каржылоо системасын ишке киргизүү, ал каражаттарды бирдей жана ачык-айкын бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт жана мектепке чейинки уюмдардын альтернативдүү формаларын өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт;

- балдардын ар кандай жааттар боюнча (физикалык өнүгүү, социалдык компетенттүүлүк, эмоционалдык жетилүү, тилдик жана таанып-билүүнү өнүктүрүү, коммуникативдик көндүмдөр жана жалпы билимдер) өнүгүүсүнө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын деңгээлинде да, системанын деңгээлинде да байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуу куралдарын колдонуу менен үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү ишке киргизүү.

Мектептик билим берүүдө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык 2022-жылдан тартып жалпы билим берүүчү мектептер, кесиптик лицейлер жана колледждер аркылуу милдеттүү орто жалпы билим берүүгө өтүү;

- жаңы мектептерди куруу, иштеп жаткандарды капиталдык оңдоо жана иштеп жаткан мектептерге кошумча имараттарды куруу аркылуу мектептердин инфратүзүмүн жакшыртуу;

- физикалык, психологиялык/социалдык, маалыматтык жана экологиялык коопсуздукту кароочу натыйжалуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү;

- жалпы билим берүүчү мектептерде ысык тамакты камсыздоо, гигиенаны жана сергек жашоо мүнөзүн колдоо үчүн шарттарды жакшыртуу;

- майып балдардын керектөөлөрүн эске алып, адистештирилген мектептерди сактоо менен жалпы билим берүүчү мектептердин системасында инклюзивдүү билим берүү принциптерин киргизүү;

- аялуу үй-бүлөлөр категорияларындагы балдарды колдоо, ошондой эле билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүндө гендердик теңдик принциптерин сактоо;

- мектепте да, ошондой эле үй шартында да санариптик чөйрөнү, санариптик окутууну өнүктүрүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;

- бирдиктүү, жолун улантуучу, педагогикалык багыттагы процесс катары тарбиялоо саясатын жана практикасын түзүү, ошондой эле ата-энелерди жана коомчулукту тарбиялоо, билим берүү, таанып-билүү процесстерине жана окуучуларды социалдык-эмоционалдык өнүктүрүүгө тартуу;

- ар бир окуучунун билимдерин жана компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо;

- адамдын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү;

- окуу китептеринин окуу материалдарынын сапатын жакшыртуу, предметтер боюнча окуу китептери менен камсыздоонун деңгээлин 100% жеткирүү;

- педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу жана кесиптик колдоо жана стимул берүү системасына байланыштуу педагогдордун кесиптик жана карьералык өсүүсүнүн натыйжалуу моделин киргизүү;

- ишмердүүлүктүн натыйжаларын баалоого жана компетенцияларга негизделген кадрларды тандоо жана жайлаштыруунун ачык-айкын процессин түзүү үчүн мамилелерди жаңылоо;

- окутуунун натыйжаларын баалоонун бирдиктүү системасын түзүү жана мектептик билим берүүнүн сапатын улуттук жана эл аралык изилдөөлөргө туруктуу катышуу;

- билим берүү системасынын иш алып баруусун жана өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн бюджеттик каржылоонун минималдуу стандартын акырындык менен жогорулатуу, педагогдордун эмгек акысын системалуу түрдө жогорулатуу;

- мектептерди профилдештирүү, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттары (STEM-предметтер) боюнча.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүдө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- коомдун суроо-талапка ээ болгон жумушчу кесиптерге, даярдоонун техникалык багыттарына, татаал илимий сыйымдуу адистиктерге мамилени өзгөртүүгө багытталган жаштарга кесиптик багыт берүү;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, турмуштук оор абалда калган үй-бүлөлөрдүн балдарын жана жетим балдарды социализациялоо үчүн кесиптик билим берүү системасында инклюзияны күчөтүү;

- кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана кесиптик стандарттардын негизинде анын мазмунун жаңылоо;

- иш берүүчүлөр бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана билим берүүнүн мазмунун, стажировкалар жана практикалар базасын, окутуунун натыйжаларын түзүүдө алар үчүн стимулдаштыруучу факторлорду камсыздоо;

- кесиптик билим берүү уюмдарынын билим алуучулары, окутуучулары жана администраторлору үчүн заманбап билимдерди, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды берүү үчүн аянтча катары алдыңкы тажрыйба борборлорун өнүктүрүү;

- кесиптик билим берүүнүн сапатын көз карандысыз баалоо системасын өнүктүрүү, анын ичинде бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясын Квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде баалоо жана сертификациялоо, валидациялоо жана көз карандысыз аккредитациялоо;

- кесиптик билим берүүнү эл аралык интеграциялоону өнүктүрүү, анын ичинде аны экспортоонун өсүүсүн камсыздоо, эл аралык кесиптик мелдештерге катышуу үчүн;

- башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү системасын оптималдаштыруу эмгек рыногунун жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жооп берген системаны дээрлик мобилдүү кылууга, финансылык ресурстарды эффективдүү колдонууга жана эки деңгээлдин ортосундагы жолун улантуучулукту кароого мүмкүндүк берет;

- кесиптик билим берүүнү чыгымдарга негизделген каржылоодон ченемдик бюджеттик каржылоого өткөрүү.

Жогорку кесиптик жана жождон кийинки билим берүүдө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- жаштарга кесиптик багыт берүү системасын жакшыртуу;

- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана анын мазмунун эл аралык тенденцияларга жана бүтүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүнө карата дайыма өзгөрүп туруучу талаптарга ылайык модернизациялоо, бул иш берүүчүлөрдү процесске кеңири тартууну карайт;

- мамлекеттик билим берүү стандартынын мазмунун негизги аныктоочу жана жөнгө салуучу ролун лицензиялык жана аккредитациялык талаптарды милдеттүү сактоо шарты менен жождорго берүү;

- Кыргыз Республикасынын Квалификациялардын улуттук системасы менен Адистиктердин тизмесин жөнгө салууга акырындык менен өтүү;

- жождорду эл аралык рейтингдерге катышууга даярдоо үчүн баштапкы аянтча катары жождордун рейтингинин Улуттук моделин түзүү;

- агенттиктердин ишмердүүлүгүн мониторингдөөнүн жыйынтыгы боюнча көз карандысыз аккредитациялоо системасын жакшыртуу;

- жождордогу илимий түзүүчүнү жогорулатуу, илимди колдонмо изилдөөлөргө кайра багыттоо, изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн сапатын жана илимий иштердин натыйжаларынын экономикалык эффективдүүлүгүн жакшыртуу, жождордун креативдүү лабораторияларды, стартаптарды, илимий жана инновациялык борборлорду түзүүсү.

Эрезеге жеткендерге билим берүүдө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- формалдуу эмес жол менен жана кесиптик ишмердүүлүктөгү тажрыйбанын негизинде ээ болгон квалификацияларды, билимдерди жана жөндөмдөрдү расмий таануу системасын түзүү;

- угуучулардын реалдуу контингентине жана окутуунун аныкталган багыттарына карата буйрутмага ылайык кошумча билим берүү боюнча билим берүү уюмдарынын экономиканын реалдуу сектору менен байланышын жакшыртуу;

- Кыргыз Республикасынын Квалификациялардын улуттук системасына ылайык сапат кепилдиги системасын түзүү;

- Эрезеге жеткендерге билим берүү жаатындагы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү.

Башкаруу, мониторинг жана стратегиялык пландоо чөйрөсүндө Программа төмөнкү саясий чараларды ишке ашырууга багытталат:

- натыйжага багытталган билим берүүнү башкаруу, мониторингдин маалыматтарына негизделген чечимдерди кабыл алуу, келечектеги тенденцияларды эске алуу менен билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү долбоорлоо;

- коомдук ишенимди жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында башкаруу органдарынын жана билим берүү уюмдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу;

- билим берүүнүн бардык деңгээлинде административдик кадрлардын потенциалын ачуу максатында адам ресурстарын башкаруу процессин модернизациялоо;

- колдо болгон ресурстардын шарттарында финансылык менеджмент принциптерин натыйжалуу колдонууну кароочу билим берүү системасын каржылоого карата оптималдуу мамилелерди калыптандыруу;

- билим берүүнү башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча билим берүү системасынын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, талдоонун жана божомолдоонун негизги куралы катары;

- негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн билим берүү чөйрөсүндө туруктуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын баалоо;

- системаны жана билим берүүнү башкаруунун түзүмүн оптималдаштыруу үчүн системалуу функционалдык талдоо.

7. Күтүлүүчү натыйжалар - аткаруу индикаторлору

Begin_nocompare

Индикаторлор

Базалык жыл
(2020-ж.)

Божомол
(2023-ж.)

Божомол
(2030-ж.)

Божомол
(2040-ж.)

Маалымат булагы

1

1-6 жаштагы балдарды камтуунун % ылайык мектепке чейинки билим берүүгө карата чыгымдардын суммасы (ТӨМ 1.а.)

мектепке чейинки билим берүү менен 22,2% камтууга 3,5 млрд. сом

25%га 3,9 млрд. сом

32%га 5 млрд. сом

42%га 6,6 млрд. сом

ЭФМ

2

5,5-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо программалары менен камтуу (ТӨМ 4.2.)

82%

90%

95%

95%

УСК

3

Балдарды жынысы жана аймак боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (1-6 жаш тиешелүү курактык топко карата пайыз менен) (ТӨМ 4.2.)

22,2%

25%

32%

42%

УСК

4

Шаардагы жана айыл жергесиндеги балдарды орто жалпы билим берүү менен камтуу (калктын 7-17 жаштагы бөлүгү пайыз менен) (ТӨМ 4.1.)

97,8%

98,8%

98,8%

98,8%

УСК

5

7-18 жаштагы катталган ДМЧ балдардын ичинен 1-11-класстагы мамлекеттик типтүү мектептерде окутуунун жеке пландары жана адаптациялык программалар боюнча билим алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үлүшү

4%

(2020-жылга 10200 адамдан)

10%

22%

42%

БИМ

6

Өлкө боюнча орточо эсеп менен компьютерлер/окуучулардын санынын катышы (ТӨМ 4.а.)

1/28

1/26

1/15

1/13

БИМ

7

Мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин өлчөө системасынын болушу (ТӨМ 4.1.)

11-класс - ЖМАны туруктуу өткөрүү,

9-класс - ЖМАны пилоттук апробациялоо, ОБЖУБ - 2017 маалыматтары

9 жана 11-класстар - ЖМАны туруктуу өткөрүү, ОБЖУБ - 2021 маалыматтары

9 жана 11-класстар - ЖМАны туруктуу өткөрүү, улуттук жана эл аралык изилдөөлөр

9 жана 11-класстар - ЖМАны туруктуу өткөрүү, улуттук жана эл аралык изилдөөлөр

БИМ

8

ЖРТнын баллынын өлкө боюнча орточо көрсөткүчү жана PISAга катышуунун натыйжалары (ТӨМ 4.1., ТӨМ 4.6.)

120 балл

123 балл

130 балл

145 балл

2040-жылга карата PISAнын натыйжалары - 15 пунктка жогору

БИМ

9

Өлкөнүн жождорунун педагогикалык адистиктерине тапшыруучу абитуриенттердин ЖРТ боюнча орточо баллы

130 балл

135 балл

145 балл

160 балл

БИМ

10

Мугалимдин орточо эмгек акысын экономика боюнча орточо эмгек акыга теңдештирүү

1,3

(24,2 миң/
18,7 миң сом)

Факт боюнча

Факт боюнча

Факт боюнча

УСК, ЭФМ, БИМ

11

Башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы дуалдык окутуунун принциптери боюнча ишке ашырылуучу окуу программаларынын үлүшү

-

12%

20%

30%

БИМ

12

Квалификацияны жогорулатуудан үзгүлтүксүз өтүүчү башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн персоналынын үлүшү

-

15%

50%

100%

БИМ

13

Жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасы (аккредитациялык агенттиктер, ар кандай факторлорду айкалыштыруу аркылуу жождорду ранжирлөө)

Агенттиктердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү

Мониторингдин натыйжаларын талдоо жана ЧУАларды жакшыртуу. Ранжирлөө системасын киргизүү (жождордун рейтингин түзүү)

Жождордун улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусу

Жождордун улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусу

БИМ

14

Жогорку кесиптик билим берүүнү интернационалдаштыруунун көрсөткүчтөрү

Үлүшү: КРдин жождорундагы чет элдик студенттердин, КРдин жождорундагы чет элдик педагогдордун, чет тилдеги магистрдик программалардын, чет өлкөдө КЖ/стажировкадан өткөн ПОКтун

Үлүшү: КРдин жождорундагы чет элдик студенттердин, КРдин жождорундагы чет элдик педагогдордун, чет тилдеги магистрдик программалардын, чет өлкөдө КЖ/стажировкадан өткөн ПОКтун

Үлүшү: КРдин жождорундагы чет элдик студенттердин, КРдин жождорундагы чет элдик педагогдордун, чет тилдеги магистрдик программалардын, Чет өлкөдө КЖ/стажировкадан өткөн ПОКтун

Үлүшү: КРдин жождорундагы чет элдик студенттердин, КРдин жождорундагы чет элдик педагогдордун, чет тилдеги магистрдик программалардын, Чет өлкөдө КЖ/стажировкадан өткөн ПОКтун

БИМ

15

Ченемдик бюджеттик каржылоо

Мектептер, кесиптик лицейлер, жождор

+ МЧБУ, окождор

Билим берүүнүн бардык деңгээлинде

Билим берүүнүн бардык деңгээлинде

БИМ, ЭФМ

16

Формалдуу эмес жол менен жана кесиптик ишмердүүлүк тажрыйбасынын негизинде ээ болгон квалификацияларды, билимдерди жана жөндөмдөрдү расмий таануу системасы

-

Моделди иштеп чыгуу

Ишке киргизүү

Ишке ашырылууда

БИМ

8. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар

Программаны ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүүдө таасирин тийгизүүчү төмөнкү мүмкүн болуучу тобокелдиктер бар:

- экономиканын өсүү темпинин төмөндөшү, өлкөгө инвестициялардын агымынын төмөндөшү, бюджеттин тартыштыгынын пайда болушу билим берүү системасынын иш алып баруусу жана өнүгүүсү үчүн каржылоонун төмөндөшүнө же жетишээрлик каражаттарды ала албай калуусуна алып келет;

- саясий туруксуздук, жаратылыш кырсыктары, техногендик кыйроолор, коррупция балансталган мамилеге жана алдыга коюлган милдеттердин бардыгын аткарууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн;

- коомду мүмкүн болуучу радикалдаштыруу конфессиялар аралык карама-каршылыкка жана билим берүү менен камтуунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн;

- жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн маанилүүлүгүн түшүнбөстүк жана тиешелүү түрдө айрым демилгелерди жана чечимдерди ишке киргизүүнү кечиктирүү, коомчулуктун билим берүү саясатын ишке ашырууга катышууга кызыкдар болбогондугу;

- билим берүү системасында жана калкта заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн жана киргизүүнүн ылдамдыгынан адам потенциалынын артта калышы;

- оор демографиялык кырдаал жана ички, тышкы миграцияга карата көзөмөлдүн жетишсиздиги.

9. Мониторинг жана баалоо

Бул Программада баяндалган максаттар, милдеттер, саясий чаралар жана индикаторлор белгиленген мөөнөттө тиешелүү аткаруучулардын конкреттүү натыйжаларга жетишүүсүнө багытталган Программаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-аракеттер пландары аркылуу ишке ашырылат.

Стратегиялык багыттарды ишке ашырууда иш-аракеттер планын ишке ашырууга туруктуу мониторинг жүргүзүү Программаны ишке ашыруунун ажырагыс элементи болуп саналат. Бул Программанын максаттарынан, милдеттеринен, саясий чараларынан мүмкүн болуучу четтөөлөрдү алдын ала жокко чыгарууга жана ар бир кийинки планга керектүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Ар бир Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тиешелүү жылга карата каралган каражаттардын алкагында мамлекеттик органдардын бюджеттик ассигнованиелеринин алкагында республикалык бюджеттин каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан, анын ичинде эл аралык өнөктөш-уюмдар тарабынан берилүүчү каражаттар багытталат.

Ошол эле учурда иш-аракеттер пландарын сапаттуу ишке ашыруу аларда көрсөтүлгөн иш-чараларды талаптагыдай жана өз убагында каржылоодон көз каранды болорун белгилей кетүү зарыл.

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

PhD

-

философия доктору;

PISA

-

окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа;

STEM

-

илим, технологиялар, инженерия жана математика;

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

БУУ

-

Бириккен улуттар уюму;

ЕАЭБ

-

Евразия экономикалык бирлиги;

ЖМА

-

жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖРТ

-

Жалпы республикалык тестирлөө;

КЖ

-

квалификацияны жогорулатуу;

КМШ

-

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги;

ПОК

-

профессордук-окутуучу курам;

ОБЖУБ

-

окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо;

Окож

-

орто кесиптик окуу жайы;

ТӨМ

-

туруктуу өнүктүрүү максаттары;

УСК

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;

ЭФМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

ЮНИСЕФ

-

БУУнун балдар фонду.