Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы
№ 302 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Баалуу металлдар департаменти жөнүндө

жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин (мындан ары ‒ Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Департамент баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы иштетүү менен байланышкан операцияларды эске албаганда), пайдалануу, жүгүртүү, эсебин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияны ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Департамент өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен бирге аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.

6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгилүү үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналыктын өздүк эсептери бар.

Уюштуруу укуктук формасы ‒ оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.

7. Департаменттин толук фирмалык аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти”;

‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.

8. Департаменттин кыскартылган аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: “Баалуу металлдар департаменти”;

‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов”.

9. Департаменттин юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тазабек Саманчин көчөсү, 6.

 

2. Департаменттин ишинин максаты

 

10. Департаменттин ишинин максаты болуп баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы иштетүү менен байланышкан операцияларды эске албаганда), пайдалануу, жүгүртүү, эсебин жүргүзүү чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат.

 

3. Департаменттин милдеттери

 

11. Департаменттин негизги милдеттери:

1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарын толуктоону жана түзүүнү камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;

3) Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды алып чыгууда мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу;

4) баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышын камсыздоо;

5) баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо, анализдөө жана эн тамгалоо.

 

4. Департаменттин функциялары

 

12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:

‒ белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзөт;

‒ баалуу металлдарды, баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондусунан чыгарууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

‒ жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын инвентаризациялоодон өткөрөт;

‒ конфискацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону белгиленген тартипте ишке ашырат;

‒ сырье түрүндө Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдарды, алардан жасалган буюмдарды жана металл сыныктарын кайра иштетүүнү аффинаждоочу жана башка ишканалар менен келишимдик негизде жүргүзөт;

‒ ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алынып келинген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка буюмдарды мамлекеттик эн белги менен эн тамгалоону, анализдөөнү жана пробалоону жүргүзөт;

‒ белгиленген тартипте баалуу металлдардын жана асыл таштардын экспорту, импорту боюнча лицензияларды алууга эксперттик корутунду даярдайт;

‒ баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчеттуулукту берүү тартибин иштеп чыгат;

‒ баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын каттоого алуу жана каттоого коюунун тартибин иштеп чыгат;

‒ зер буюмдарын жана баалуу металлдардан жасалган башка буюмдарды жасоочулардын аттарын каттоонун жана эсепке алуунун (реестрдин) тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

‒ баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын жана башка буюмдарды жасоочулардын аттарын каттайт жана жүргүзөт (реестр);

‒ бекитилген ставкаларга ылайык баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка буюмдарды пробалоо, анализдөө жана мамлекеттик пробалык эн белги менен эн тамгалоо үчүн пробалык жыйымын алат;

‒ өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ченемдик жана башка маалыматтар менен алмашуу аркылуу Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары аркылуу эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;

‒ өзүнүн компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузууларга карата жаза салуу жана кошумча укуктук кесепеттерин колдонуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

‒ иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгуунун сертификаттарынын бланктарын эсепке алуу, сактоо жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

‒ Кимберли процессинин сертификаттарынын бланктарын даярдоону, эсепке алууну жана сактоону ишке ашырат;

‒ Кимберли процессинин сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгууга сертификат берүү жана тариздөө тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

‒ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын эскиздерин бекитет;

‒ баалуу металлдардан зер жана башка буюмдарды пробалоо, анализдөө, экспертизалоо, идентификациялоо жана эн тамга басуу боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет;

‒ асыл таштарды экспертизалоо жана идентификациялоо эрежелерин жана тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

‒ баалуу металлдарды жана асыл таштарды алып чыгууга жана ташып кирүүгө мамлекеттик контролдун эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

‒ баалуу металлдардын камтылышын аныктоо жана асыл таштарды идентификациялоо боюнча жабдуулар менен иштөө методикасын иштеп чыгат жана бекитет;

2) жөнгө салуу функциялары:

‒ буюмдарда, куймаларда, жарым фабрикаттарда, чөгүндү, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн экспертиза жана контролдук анализди жүргүзөт;

‒ зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробалык эн белгилерге экспертиза жүргүзөт;

‒ Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иштетилбеген баалуу металлдарды, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кендерди жана баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлардын концентраттарын чыгарууда баалуу металлдарды эсепке алууну ишке ашырат;

‒ мамлекеттик уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, ошондой эле менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюмдардан, ишканалардан өндүрүү, аффинаждоо, сатып өткөрүү жөнүндө белгиленген формалар боюнча, приборлордо, жабдууларда жана реактивдерде камтылганы жөнүндө, металл калдыктары, түшүүлөр жана сарптоолор тууралуу, ошондой эле металл сыныктары жана металл калдыктары түрүндө кайра иштетүүгө тапшыруу жөнүндө белгиленген формалар боюнча баалуу металлдар жөнүндө отчётторду кабыл алат жана анализди жүргүзөт;

‒ көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алынбаган баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт;

‒ асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлды камтыган сырьелук товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө алып чыгууда Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролдоо актысын берет;

‒ Кимберли процессинин сертификациялоо эл аралык схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген алмаздарды ташып чыгууга сертификат берет;

‒ кум түрүндөгү алтынды (алтын камтылган концентратты) сатып алууга уруксат берет;

3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

‒ баалуу металлдардын чен, стандарт жана стандарттык эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;

‒ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;

‒ баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;

‒ чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык суроо-талабынын негизинде баалуу металлдар жана баалуу таштар, алардан жасалган зергер буюмдар (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу адамдардын ишин текшерет жана зарыл болгон учурда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу контролдоо (көзөмөлдөө) ишин камсыз кылуу максатында аларга көмөктөшөт;

‒ асыл таштарды аныктайт жана экспертизасын өткөрөт;

4) колдоо функциялары:

‒ баалуу металлдарга жана асыл таштарга, аларды колдонуу менен даярдалган буюмдарга мамлекеттер аралык, улуттук стандарттардын жана техникалык шарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

‒ алтын кен казып алуучу тармакты, зергердик өндүрүштү өнүктүрүү жана республиканын баалуу металлдар рыногун калыптандыруу программаларынын долбоорлорун жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;

5) кызмат көрсөтүү функциялары:

‒ кум түрүндөгү алтынды, алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүчү бланктарды даярдайт, эсепке алат жана сактайт;

‒ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.

 

5. Департаменттин укуктары жана жоопкерчилиги

 

13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;

2) баалуу металлдар, асыл таштар менен болгон операциялардын чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликке киргизүүгө;

3) бекитилген сметанын чегинде негизги фонддорго таандык болгон жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды жеткирип берүү үчүн чарбалык келишимдерди түзүүгө;

4) Министрлик менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;

5) адистерди Департаменттин ишине байланыштуу маселелер боюнча кызматтык иш сапарларга, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберүүгө.

 

6. Департаменттин ишин уюштуруу

 

14. Департаментти Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары ‒ министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.

Департаменттин директору түздөн-түз министрге баш иет.

15. Директордун орун басары министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.

16. Департаменттин директору:

1) Департаменттин ишин уюштурат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;

2) белгиленген эмгек акы фондунун жана чектүү штаттык сандын чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун министрге бекитүүгө киргизет;

3) белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

4) Департаменттин ишинин ар жылдык планын бекитет;

5) өз компетенциясынын чегинде жогору турган органдар менен кийин макулдашып, иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат.

17. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.

18. Департаменттин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде министр бекитет, ал Департаменттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында жаңы директордун дайындалышы Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

19. Департамент өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.

 

7. Корутунду жоболор

 

20. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

21. Департаменттин иши токтотулган учурда Департаменттин документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.