Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b6cce751-1a54-4ce4-acff-846cc44fe424\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылдын 3-январы № 2

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(КР 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178, 2009-жылдын 9-февралындагы № 43, 2009-жылдын 24-июлундагы № 242,
2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-статья.

(КР 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-статья.

"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж, № 8, 179-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, чек ара" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3-статья.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 242 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4-статья.

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына (Эркин-Тоо газетасы 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрүнүн, бөлүктөрүнүн жана бирикмелеринин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин соттолгондорду жана камакка алынгандарды кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча атайын бөлүмчөлөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген башка мекемелердин аскер кызматчыларына жайылтылат.".

2. 15, 16 жана 17-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын Башкы башкармаларынын жана башкармаларынын зардалдары жана аларга теңештирилгендер аскер кызматчыларына карата бирикменин командиринин тартипке салуу бийлигине ээ.

16. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана башка кызматтарынын жетекчилеринин орунбасарлары аталган министрликтер менен кызматтардын жетекчилерине берилүүчү укуктардан бир баскычка төмөн болгон тартипке салуу бийлигине ээ.

17. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын жетекчилери аскер кызматчыларына карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартипке салуу бийлигине ээ.".

3. 20-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "м" пунктчасы менен толукталсын:

"м) ведомстволук сыйлыктар (медаль) менен сыйлоо.".

4. 27-пункт "Уставдын" деген сөздөн кийин " 2-пунктунун "м" пунктчасынан башка" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 28-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:

"е) ведомстволук сыйлыктар (медаль) жана аскердик төш белгилер менен сыйлоо.".

 

5-статья.

(КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-статья.

(КР 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

7-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев