Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2023-жылдын 3-марты115

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү мөөнөтсүз мүнөздө болору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулары;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү чечимдери же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери кабыл алынганга чейин колдонулары.

4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашырууда:

1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун сакталышын камсыз кылсын;

2) алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

- 1-пунктчасында:

"Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

", буга ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын веб-сайттары кирбейт" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 3-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:

- 546-пункттагы "административдик регламенттерин" деген сөздөр "стандарттарын жана административдик регламенттерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-майындагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 26-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;

23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

30) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 6-пункту;

31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

32) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

33) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

34) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

35) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;

36) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

37) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

38) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 19 (3468) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына
өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын
тизмеси

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбаган бөлүгүндө) өткөрүп берилсин:

1. Кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кийим формасын (аскердик, атайын (укук коргоо органдары), ведомстволук) кийүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына кийим формасынын сүрөттөлүшүн, айырмалоо белгилеринин үлгүлөрүн жана кийим формасынын фурнитураларын, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бекитүү чөйрөсүндө.

2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жеке жана юридикалык жактарга тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин бекитүү боюнча.

21. Мамлекеттик органдарга жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү чөйрөсүндө.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) жол тармагы чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди;

2) автомобиль жана темир жол тармактары чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, концепцияларды;

3) суу транспорту чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, методикаларды, программаларды, колдонмолорду, тартиптерди.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин;

2) бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары боюнча, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү адистиктери, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы предметтер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын (жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерин, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кошпогондо).

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын стажировкадан өтүү тартибин;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарды жүргүзүүсү боюнча эрежелерди;

3) жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону;

4) ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону;

5) нотариустар болбогон калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (айыл өкмөттүн) кызмат адамдарынын нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;

6) нотариустук иш-аракеттерди, нотариустук күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүлүүчү документтердеги күбөлөндүрүүчү жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын;

7) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобону;

8) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобону;

9) жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартибин;

10) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо арызынын формаларын;

И) ченемдик укуктук актыларды тариздөө жана Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына берүү тартибин;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы) жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы;

13) пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин;

14) пробация органдарына волонтерлорду тандоонун жана алардын иштөөсүнүн тартибин.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясын;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө талаптарды;

3) мамлекеттик сектордо финансылык башкаруу, ички контролдоо жана ички аудит боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди;

4) электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартибин;

5) ички аудит боюнча колдонмону;

6) кепилдик программаларын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;

7) ички аудиторлорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программаларын жана материалдарын;

8) мамлекеттик сектордун ички аудиторлорун сертификациялоону;

9) мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын тобокелдиктерин баалоо жана башкаруу боюнча колдонмону;

10) салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун формаларын;

11) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускамаларды;

12) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктары менен иштөө жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде эсепке алуу тартиби жөнүндө нускамаларды.

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

2) аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортунун формасын жана аны толтуруу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү;

3) адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын ченемин;

4) министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча методикалык сунуштамаларды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү;

5) министрликтин аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле банктардын филиалдары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдары тарабынан жумушка орноштурууга пассивдүү жана активдүү көмөктөшүү чараларын төлөө тартибин;

6) жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамаларын;

7) жетекчилердин, адистердин жана кызматчылардын кызмат орундарынын бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын;

8) бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин;

9) эмгек келишиминин үлгү формаларын;

10) уюмдун эмгек тартиби боюнча типтүү жоболорду;

11) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Майыптуулукту баалоодо дене-боюнун иштешин, турмуш-тиричилигинин чектелишин жана ден соолугун эл аралык классификациялоо жана церебралдык шал оорусу менен ооруган балдарды реабилитациялоо программаларын колдонуу боюнча планды.

9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо эрежелерин;

2) музей иши жаатындагы нускамаларды, жоболорду;

3) китепкана иши жаатындагы нускамаларды, жоболорду, стандарттарды;

4) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартибин;

5) Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;

6) спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;

7) окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери тарабынан спорт жабдуулары жана инвентарлары менен камсыздоонун минималдуу социалдык стандарттарын;

8) Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү тартибин;

9) мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдардын ишин координациялоонун тартибин;

10) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүнүн тизмесин;

11) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүн үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстардан өтүү тартибин;

12) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерацияларды таануунун тартибин;

13) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча ардактуу спорттук наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды ыйгаруунун тартибин жана шарттарын;

14) паралимпиадалык спорттун уюмдарында судьялардын атайын даярдыктан же кайра даярдыктан өтүү тартибин;

15) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окутуу-машыктыруунун типтүү программаларын;

16) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер тартибин;

17) Кыргыз Республикасынын антидопинг эрежелерин.

10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) экономикалык болжолдоо боюнча методологиялык документтерди;

2) республиканы, региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон формаларды жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин;

3) стратегиялык пландоону жана ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди иштеп чыгууга карата бирдей ыкманы ишке киргизүү боюнча методологияны;

4) берилген жана кабыл алынган шайкештик сертификатынын реестринин формаларын;

5) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы;

6) "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын алкагында иштердин типтүү регламентин;

7) мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды;

8) шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештиги жана берилген шайкештик тастыктамалары жөнүндө катталган декларациялардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин.

11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) медициналык жана фармацевтика кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевтикалык билим алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга медициналык же фармацевтикалык ишке уруксат берүү жөнүндө жобону;

2) Кыргыз Республикасындагы түрдүү категориядагы жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин формасын;

3) саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу жөнүндө жобону;

4) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык тейлөөнүн тартибин жана шарттарын;

5) профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн, тартибин, каттоону жана талаптарды, ошондой эле медициналык документтердин жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификатынын формаларын;

6) базистик бааларды эсептөө методикасынын негизинде дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программалары жаатындагы жүргүзүлүүчү дары-дармек каражаттарына базистик бааларды;

7) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн критерийлерин жана эрежесин;

8) Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмесин түзүүнүн критерийлерин жана эрежесин;

9) сүт жана башка бирдей баалуу тамак-аш азыктарын, ошондой эле дарылоо-профилактикалык тамак-аш берүү ченемдерин жана эрежелерин аныктоо тартибин;

10) саламаттык сактоо уюмдарында предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон таасири күчтүү дары-дармек каражаттарынын тизмегин.

12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобону;

2) жарандык абалдын актыларын каттоо, Мекенине кайтуу жөнүндө күбөлүктөр, нотариустук иш-аракеттер боюнча маселелер, визалык стикерлер боюнча жана Кыргыз Республикасынын башка дипломатиялык кызмат органдары пайдалануучу башка катуу отчеттуулуктагы бланктарды алуунун, сактоонун, эсептен чыгаруунун тартибин;

3) жүргүзүлгөн консулдук иш-аракеттер боюнча документтерди кабыл алуу жана берүү тартибин, эрежелерин;

4) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин узак мөөнөттө чет өлкөгө иш сапарында болгон кызматкерине кошумча акчалай акы төлөнбөгөн өзгөчө учурлардын тизмегин;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке коюунун жана консулдук эсептен чыгаруунун тартибин;

7) эки же андан көп чет тилин билгендиги үчүн үстөк акы төлөөнүн тартибин.

13. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) жайыт комитетин түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;

2) жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;

3) айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

4) айдоо аянттарына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобону;

5) топуракты изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;

6) геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;

7) көлмөлөрдүн абалын жана балыкты жана башка сууда жашоочу организмдерди көбөйтүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш-чараларды жүргүзүүнүн тартибин;

8) суу объекттеринин балык чарба мелиорациясын жүргүзүүнүн тартибин;

9) балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо эрежелерин, балык коргоо боюнча штаттан тышкаркы жана коомдук кызматкерлерди уюштуруунун жана ишинин тартибин;

10) Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартибин;

11) балыктардын баалуу эмес жана начар түрлөрүн мелиорациялык кармоонун, балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо участокторун тазалоонун тартибин;

12) табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык байырлоо ченемдерин белгилөөнүн тартибин жана балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иштерди жүргүзүүнүн тартибин;

13) көлмөдөн алынган же көлдө, садокто жана көлмөдө өстүрүлгөн балыкты жана балык продукттарын эсепке алуунун тартибин;

14) балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана балык чарбаларда товардык балыктарды жана балык өндүрүүчү материалдарды өстүрүүнүн эрежелерин;

15) балык өнөр жайын, ихтиологиялык мониторингди жана балык запастарын кайра өндүрүүнү уюштуруунун тартибин;

16) илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартибин;

17) илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерин жана билеттерин;

18) балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин;

19) балыкчылык, балык өстүрүү жана балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартибин;

20) балык уулоо жана балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда егердик кызматты уюштуруунун жана иштетүүнүн тартибин;

21) балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык иштерди жана балыкты контролдук уулоонун тартибин;

22) балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарбалык потенциалы жөнүндө балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүүнүн тартибин;

23) Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициттердин жана агрохимикаттардын каталогун;

24) карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө жобону;

25) карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн;

26) жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аны түшүрүү ыкмаларын;

27) зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

28) карантинге алынган объекттерде жөнгө салынуучу зыянда организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөөгө багытталган карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

29) карантинге алынган продукцияларды жана объекттерди текшерип кароо боюнча нускамаларды;

30) салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүү эрежелерин;

31) Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүү эрежелерин;

32) аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;

33) көлмө жана бассейндик балык чарбалары үчүн пландоого жана буфердик зоналарга карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;

34) товардык балыкты жана балык өндүрүүчү материалды өстүрүү боюнча жаңы балык чарбаларын долбоорлоого жана иштеп жаткан балык чарбаларын реконструкциялоого карата балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды;

35) токой чарба чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду;

36) жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана талаптарды;

37) Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жобону.

14. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) топторго киргизилүүчү аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилүүчү уюмдардын тизмесин;

2) авариялык-куткаруучу иштердин кошумча түрлөрүнүн тизмесин жана авариялык-куткаруучу кызматтарды, авариялык-куткаруучу кошуундарды аттестациялоонун тартибин;

3) мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндө методикалык документтерди;

4) материалдык-техникалык каражаттарды тынчтык мезгилинде чыгымдоо (жабдуу) ченеми (буюм кызматы боюнча);

5) Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү методикалык көрсөтмөлөрдү, сунуштамаларды, нускамаларды, эрежелерди, ченемдерди, талаптарды, жоболорду, регламенттерди, программаларды, концепцияларды, тартиптерди, колдонмолорду жана методикаларды.

15. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, прейскуранттарды, ченемдерди, тартиптерди, талаптарды, методикаларды, жетектөөчү жана методикалык көрсөтмөлөрдү, технологиялык карталарды, маалымдамаларды бекитүү боюнча.

16. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар же кырдаалдар болгондо аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин;

2) чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча алынуучу (келүүчү) курал-жаракты жана аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн тартибин;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыздоонун тартибин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлерине аттестация өткөрүүнүн жана категорияларды ыйгаруунун тартибин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде аскер кызматчыларын дарылоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин;

4) тынчтык мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин медициналык техника, мүлк жана медикаменттер менен жабдуунун тартибин;

5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштерди уюштуруунун тартибин;

6) куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дарыларды иштеп чыгуу, өндүрүү, эксплуатациялоо, оңдоо, сактоо, утилдештирүү жана куралдарды категорияларга бөлүштүрүү боюнча эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды;

7) куралдардын, аскердик техниканын, башка продукциянын жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тизмесин;

8) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курал-жарактарынын, аскердик техникаларынын, ок-дарыларынын жана материалдык-техникалык каражаттарынын белгиленген запастарын түзүүнүн, топтоонун жана чыгымдоонун ченемдерин.

17. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) кен казуу тармагындагы геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, колдонмолорду жана коопсуздук эрежелерин;

2) кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамаларды, колдонмолорду, жоболорду жана эрежелерди;

3) конкурска чыгарылууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин;

4) Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону;

5) пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин;

6) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна геологиялык отчетторду, географиясына байланыштыруу менен сынамык маалыматтар базасын берүү формасын;

7) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жайларында геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөө тартибин;

8) жер астындагы сууларды каттоо жана мамлекеттик эсепке коюу тартибин;

9) жер казыналарын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында техникалык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартибин;

10) көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөөнүн тартибин;

11) мергенчилик чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды.

18. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасындагы радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктардын ыйгарылышын Эл аралык электр байланышы союзуна маалымдоо жана каттоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

2) тармактар аралык биригүү боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин;

3) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эксплуатациялоого киргизилүүчү электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүү тартибин;

4) аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрүн, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын шайкештигин камсыздоо боюнча талаптарды;

5) почта байланышы жаатындагы жоболорду, нускамаларды, эрежелерди;

6) архивдик иш жана иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, тартиптерди, методикалык сунуштамаларды, регламенттерди, стандарттарды.

19. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн тартибин;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде буюм мүлкүнүн, курал-жарактын (анын ичинде атайын каражаттардын), аскердик (күжүрмөн) техниканын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын белгиленген запастарын түзүүнүн, топтоонун жана чыгымдоонун ченемдерин.

20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы курулуш ченемдерин жана эрежелерин, эрежелердин жыйындыларын, нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, техникалык чечимдердин каталогдорун, мындай документтердин тизмелерин, көрсөткүчтөрүн, коэффициенттерин жана ченемдерин;

2) атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;

3) курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндөгү жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, сметаларды нормалоодогу коррекциялоочу индекстерди;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине эксперименталдык объекттерди долбоорлоодо жана курууда чечимдерди кабыл алуу боюнча.

21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) жергиликтүү кеңештин төрагасынын ордуна иштегенде жергиликтүү кеңештердин коомдук башталышта иштеген төрагаларынын жана төраганын орун басарларынын ишин бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобону;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү регламентин;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги.

22. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) түзөтүү мекемелеринин аймагында жана анын жанындагы, режимдик талаптар белгиленген аймактарда болгон адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү тартибин;

2) жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын бөлүмү жөнүндө жобону;

3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону.

23. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн адамдардын документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек араны контролдоо органдары тарабынан текшерүү боюнча нускаманы;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн адамдардын документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек араны контролдоо органдары тарабынан жалпы жана атайын текшерүү жүргүзүү боюнча колдонмону;

3) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек араны контролдоо органдары тарабынан транспорт каражаттарын кароо (текшерүү) боюнча колдонмону;

4) атайын каражаттар менен камсыздоо ченемдерин, аларды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, берүүнүн, эсептен чыгаруунун жана жокко чыгаруунун, аскер кызматчыларын атайын каражаттарды колдонууга жана аларды колдонууда зарыл болгон коопсуздук чараларына байланыштуу аракеттерге даярдоону уюштуруунун тартибин;

5) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну уюштуруу боюнча колдонмосун. 1-бөлүк (жашыруун);

6) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар жана чек ара отряддары боюнча аймактык башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоону уюштуруу боюнча колдонмону. 2-бөлүк (жашыруун);

7) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча колдонмону. 3-бөлүк (жашыруун);

8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мамлекеттик коргоо боюнча чек ара наряддардын кызматын уюштуруу жана өтөө боюнча колдонмону.

24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу бирдейликти камсыздоо үчүн аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;

2) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду жана колдонмолорду, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү.

25. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан ташып өткөрүлүүчү товарларды жеке пайдалануу үчүн товарларга киргизүү критерийлерин белгилөө боюнча.

26. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди бекитүү боюнча.

27. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, анын жеке, анын ичинде электрондук документ формасындагы маалыматтарын топтоого жана текшерүүгө жеке маалыматтар субъекттин макулдугун алуу тартибин;

2) үчүнчү тарапка, анын жеке маалыматтарын берүү фактысы жөнүндө, жеке маалыматтар субъектке билдирүүнүн тартибин жана формасын;

3) тарыхый, социологиялык, медициналык жана башка илимий максаттар үчүн айрым субъекттердин жеке маалыматтарын ээсинен ажыратуу тартибин.

28. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик ишканалар жана чарбакер коомдор үчүн бюджеттерди түзүү жана аткаруу, коомдордун финансылык-чарбалык ишин талдоо жана коомдордун кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча методикалык документтерди;

2) мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтерди;

3) мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен типтүү келишимди;

4) мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруу органдарында мамлекеттин атынан чыгуу менен типтүү келишимди;

5) "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин эсепке алуу жана каттоо" электрондук порталы аркылуу иштөөнүн эрежелерин жана мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин түзүү укугуна электрондук соода жүргүзүүнүн эрежелерин;

6) электрондук соода аянтчасы менен иштөөнүн эрежелерин жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук тооруктарды жүргүзүүнүн эрежелерин.

29. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

1) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү жөнүндө жобону;

2) аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону;

3) аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобону;

4) аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө отчётту берүүнүн тартибин;

5) аудитордук уюмдарды рейтингдик баалоо жөнүндө жобону.