Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 23-июну № 312

Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:

- 2-пункттун үчүнчү абзацында "(толук)" деген сөз алып салынсын;

- 5-пунктта "мамлекеттик аккредитация жөнүндөгү күбөлүк" деген сөздөр "аккредитация жөнүндө күбөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пунктта "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пунктта "БКББ тарабынан", "БКББнын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан", "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "толук орто" деген сөздөр "орто жалпы" деген сөздөргө алмаштырылсын, "негизги" деген сөздөн кийин "жалпы" деген сөз менен толукталсын;

- 16-пунктта "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-пунктта "(толук)" деген сөз алып салынсын;

- 31-пунктта:

"(толук)" деген сөз алып салынсын;

"жалпы билим жөнүндө аттестат" деген сөздөр "орто жалпы билим жөнүндө аттестат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 32-пунктта "Билим берүү жана илим министрлигинин" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 41-пунктта "КТБМАнын директорунун" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"43. Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайынын ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана ээлеген кызмат ордунан бошотулуучу директор жүзөгө ашырат.";

- 45-пунктта "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын директору" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:

"47-1. Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайынын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери аттестациялоодон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте өтүшөт.";

- 52-пункттун экинчи абзацында "баштапкы кесиптик билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

- 1.2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.5-пунктта "мамлекеттик аккредитациялоодо (аттестациялоодо)" деген сөздөр "аккредитациялоодо" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен студенттерди коождорго окууга кабыл алуунун көлөмү жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

- 2.2-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.7-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.8-пункттун үчүнчү абзацында:

"Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы)" деген сөздөр "Аккредитациясы" деген сөзгө алмаштырылсын;

"Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.9-пунктта "Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы)" деген сөздөр "Аккредитациясы" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 3.10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3.10. Коождон чыгарылган студентке билими жөнүндө документтин түп нускасы жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат финансылык жана материалдык карыздары жоюлгандан, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда бюджеттик негизде окуу наркынын орду толтурулгандан кийин берилет.";

- 4.3-пункттун экинчи абзацында "(начальниги)" деген сөз алып салынсын;

- 4.4-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4.4. Коожго түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте уюштуруучу тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу директор жүзөгө ашырат. Директор кеңештин төрагасы болуп саналат.";

экинчи, төртүнчү, бешинчи абзацтарда "(начальник)" деген сөз алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Коождун директору кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам бир эле коождо он жылдан ашык директордун ишин жүзөгө ашыра албайт.";

- 4.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4.5. Мамлекеттик коож Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. Мамлекеттик эмес коож уюштуруучу тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. Коож аккредитациянын жыйынтыктары боюнча да белгиленген тартипте кайра уюштурулат жана жоюлат.";

- 5.1-пунктта "(начальниктин)" деген сөз алып салынсын;

- 5.9-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.11-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жободо:

- 2-пунктта "кесиптик-техникалык билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктта "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;

- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"42. Директор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 49-1-пункт менен толукталсын:

"49-1. Кесиптик окуу жайдын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери аттестациядан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өтүшөт.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 15-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин, ошондой эле Министрликтин ведомстволук башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;".

6. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул токтом күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин, директордун кызмат ордун бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген мамлекеттик окуу жайларында конкурс өткөрүүнү уюштурсун.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров