ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 415
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" пилоттук долбоорун ишке ашырууга 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө каражат карасын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен тиешелүү макулдашууларды түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) педагогикалык даярдоо программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларына жана кесиптик орто окуу жайларына атайын каражаттардын эсебинен мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндө практикалык лабораторияларды түзүүнү тапшырсын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен биргеликте (макулдашуу боюнча) бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзсүн, анын натыйжалуулугуна баа берсин жана жыл сайын 1-декабрга чейинки мөөнөттө жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын иштелип чыккан дидактикалык материалдарды, оюнчуктарды жана эмеректерди өндүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөөдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына менчиктин кандай гана болбосун формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууда донорлордун, меценаттардын каражаттарынын эсебинен тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну белгиленген тартипте камсыз кылуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымдарын ыйгаруу.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 55-13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен мамлекеттик жер пайдалануучунун колдонуусунда турган жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүгө укуктуу:
- бир миллиард сомдон ашык салымы менен социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу үчүн;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн 0,75 га чейин.".
9. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-августундагы № 69 (3518) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты болуп Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (макулдашуу боюнча), Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча).
6. Долбоордун сыпаттамасы. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейтүү жана Долбоордун алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууну камсыз кылуу максатында 2024-жылы коммерциялык банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын курууга, иштеп жаткан имараттарды капиталдык оңдоого/реконструкциялоого, ошондой эле жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча негизги каражаттарды сатып алууга берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн 2024-2028-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын чыгымдарын субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн тартиби коммерциялык банктардын ички ченемдик документтерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди кайтарууга байланышкан бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар өзүнө алат, зайымчыларды тандоо алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
10. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, капиталдык оңдоону/реконструкциялоону, ошондой эле негизги каражаттарын сатып алууну жана жаңылоону "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдиктеринин катышуусу менен каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар (мындан ары - коммерциялык банктар) зайымчыларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредит бере алат:
Begin_nocompare
№ |
Жеңилдетилген кредиттин параметрлери |
Эскертүү |
1 |
Максаттуу багыты |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда, капиталдык оңдоо/реконструкциялоодо, негизги каражаттарды сатып алууда жана жаңылоодо ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү |
2 |
Кредиттөөнүн, субсидиялоонун суммасы жана мөөнөтү, сом менен |
Кредиттин суммасы жана мөөнөтү: 1) 70,0 млн. сомго чейинки суммада 60 айлык мөөнөткө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу; 2) 50,0 млн. сомго чейинки суммада 60 айлык мөөнөткө капиталдык оңдоо/реконструкциялоо (негизги каражаттарды эске алуу менен); 3) 10,0 млн. сомго чейинки суммада 36 айлык мөөнөткө негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо |
3 |
Күрөөлүк камсыздоо |
Төмөнкүлөр күрөөлүк камсыздоонун предмети болушу мүмкүн: - зайымчынын менчигинде турган жер участок; - кыймылсыз мүлк; - күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда коммерциялык банк менен "Кепилдик фонду" ААКнын ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттарында "Кепилдик фонду" ААКнын кепилдиги кабыл алынышы мүмкүн |
4 |
Берүү формасы |
Курулушка же капиталдык оңдоого/реконструкциялоого берилген смета жумуштарды жүргүзүү этаптарына бөлүнүшү керек, ага ылайык зайымчы зайымдык каражаттарды өздөштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Зайымчы бул милдеттенмелерди аткарбаган учурда, Банк кредиттин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу |
5 |
Курулушка карата жалпы талаптар |
Зайымчыда: - өзүнүн жер участогунун же ушул Долбоордун алкагында ошол жер участогу карамагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же мамлекеттик органдар тарабынан берилген жер участогунун болушу; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, персоналын, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-планынын болушу; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, күтүлүшүнө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтеринин болушу (ыйгарым укуктуу органдын экспертизасынын оң корутундусунун болушу); - сметага эмеректерди, идиш-аяктарды, шейшептерди, оюнчуктарды, окуу материалдарын жана башка шаймандарды сатып алууга да чыгымдарды киргизүү талап кылынат. Курулуш иштеринин сметасынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш, мында сметаны түзүүчүнүн квалификациялык сертификаты болууга тийиш. Жумуштарды жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 кв. метр үчүн имарат куруунун максималдуу наркы 63 миң сомдон ашпоого тийиш. Курулуштун максималдуу мөөнөтү - курулушка биринчи транш берилген учурдан тартып 18 айдан ашпашы керек |
6 |
Капиталдык оңдоого/реконструкциялоого карата жалпы талаптар |
Зайымчыда: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, персоналын, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-планынын болушу; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, күтүлүшүнө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле имаратты капиталдык оңдоо/реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтеринин болушу |
7 |
Негизги каражаттарын сатып алууга жана жаңылоого карата жалпы талаптар |
Зайымчыда эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана сатып алуу же жаңылоо фактысын ырастаган башка документтердин болушу зарыл |
8 |
Жеңилдетилген кредит берүү субъекттери |
1. Финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жак болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти. 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда тиешелүү түрдө катталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Долбоорго катышууга макулдук алган ишкердик субъекти/жеке жак. 3. Кредиттин жалпы суммасынан 30%га чейинки өлчөмдөгү өздүк каражаттардын болушу. 4. Зайымчы төлөөгө жөндөмдүү болууга тийиш, кирешелери коммерциялык банктын ички ченемдик документтерине ылайык келиши керек |
9 |
Акыркы пайыздык ставка |
Төмөнкүдөй ставкалар белгиленген: 1) курулуш - 10%; 2) капиталдык оңдоо/реконструкциялоо - 10%; 3) негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо - 10%. Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык пролонгациялоодо же реструктуризациялоодо кредит боюнча пайыздык ставка коммерциялык банктар тарабынан пролонгациялоо учуруна карата берилген кредиттер боюнча ставкалардын өлчөмүндө белгиленет |
10 |
Жеңилдетилген мезгил |
Курулуш мезгилинде негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил берилет, курулуштун мөөнөтү берилген күндөн тартып 18 айдан ашпоого тийиш. Карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу - 60 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен берилген кредиттер боюнча 18 айга чейин |
11 |
Айып санкциялары |
Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда зайымчы кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө милдеттүү |
End_nocompare
Ошол эле учурда коммерциялык банктар зайымчыларга кошумча талаптарды коюуга укуктуу.
12. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулуп жаткан имараты, курулуш мезгилинде жана андан кийин зайымчынын менчигинде турган жер участогу да күрөө мүлкү болушу мүмкүн.
13. Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, алар коммерциялык банк менен Кепилдик фондунун ортосунда түзүлгөн шарттарда кепилдик алуу жөнүндө арыз менен "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна кайрылууга укуктуу.
2. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
14. Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 15 күндүк мөөнөттө субсидиялоонун сунушталган ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүп, республиканын облустарына бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш (өтүнмөнүн формасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат), ошол эле учурда субсидиялоонун ставкасы жылына 11,41 пайыздан ашпашы керек.
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, аны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мезгили/убактысы жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялардын суммасын эсептик коэффициенттерге ылайык эсептейт жана субсидиялардын траншын коммерциялык банктарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
18. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү айдын аягына чейин которулат.
19. Коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүзөгө ашырат.
20. Коммерциялык банктар квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалымат берет.
21. Пайыздык ставкалар боюнча субсидияларды берүүдө коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга карата маалыматтарына ылайык коммерциялык банктарды ай сайын берген кредиттеринин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан субсидиялоонун ставкасы жылына 11,41 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 34,38 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,28 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2025-жылы 9,84 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2026-жылы 6,44 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2027-жылы 3,91 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2028-жылы 3,91 эсептик коэффициент боюнча которулат;
3)36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 20,44 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,14 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2025-жылы 7,83 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2026-жылы 2,47 эсептик коэффициент боюнча которулат.
22. Берилген кредиттер боюнча субсидияларды эсептөөнү колдонуу үчүн жана кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда субсидияларды кайра эсептөө (кайтаруу) үчүн мөөнөт жана ай боюнча бөлүштүрүүдө Долбоор боюнча субсидиялардын коэффициенттеринин эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилет.
23. Субсидиялоонун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялоо ставкасын өзгөртө алат.
24. Эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан өткөн айда иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, субсидиялар ар бир айдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
25. Коммерциялык банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн зайымчылардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди алып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгерде кезектеги траншты алгандан кийин алар боюнча субсидиялар алынган мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер болсо, коммерциялык банк мындай кредиттер боюнча субсидияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып бериши зарыл.
5. Тобокелдиктер жана коркунучтар
26. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
27. Аталган тобокелдикти азайтуу коммерциялык банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банктар тиешелүү акт түзүүгө жана зайымчыдан кредиттик каражаттарды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга тийиш. Бул учурда коммерциялык банктар кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган мезгилде эсептелген субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
29. Ижарага алынган жер участогунда зайымчылар тарабынан кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталганда жер участогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ижарага берүүчүгө кайтарып берилет.
30. Коммерциялык банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) коммерциялык банктар берилген кредиттер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин берип турат;
2) коммерциялык банктар тарабынан субсидиялануучу кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мындай кредиттер боюнча мурда саналып өткөн субсидиялардын транштарын калыбына келтирүү менен андан аркы субсидиялоону бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу.
31. Зайымчылар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди субсидиялоо боюнча тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, түзөтүү жана кайтарып берүү механизмин карайт.
32. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокелдиги:
1) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ай аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидиялардын биринчи траншынын суммасын коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияларды которуу тартибине ылайык которот;
2) субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын төлөө үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунда каралат.
33. Кредиттик каражаттарды толук эмес тандоо тобокелдиги. Долбоорго коммерциялык банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жыйынды көлөмү гана чектелет.
34. Табигый катаклизмдерге, саясий же аскердик аракеттерге байланыштуу зайымчылардын кредиттерди кайтарбоо тобокелдиги келип чыккан учурда коммерциялык банктар аны азайтуу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча көрөт.
Коммерциялык банктар мындай кредиттерди эсептен чыгарган учурда кредиттерди эсептен чыгаруу боюнча тарткан чыгымдарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине субсидиялардын орду толтурулбайт.
6. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
35. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланууга коммерциялык банктар тарабынан мониторинг төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- кредитти алган учурдан тартып 18 айдын ичинде зайымчылар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документалдуу ырастоолорду (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери жана башка) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш.
Кредиттин максаттуу пайдаланылуу фактысын ырастаган документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сертификациялоонун милдеттүү түрдө болушу менен курулуш (курулуш-монтаждоо иштери) үчүн зарыл болгон материалдарга төлөө фактысын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
2) сатып алынган материалдар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө фактысын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчет менен бирге берилүүгө тийиш);
3) кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастаган башка документтер.
36. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин) коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жерине баруу менен комиссиялык түрдө зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануусуна мониторингди төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча жүзөгө ашырат:
- курулуш/реконструкциялоонун же капиталдык оңдоонун аяктоо пайызы (курууда, реконструкциялоодо/капиталдык оңдоодо);
- негизги каражаттар жаңыланды же сатып алынды (негизги каражаттарды сатып алууда же жаңыртууда).
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эки жуманын ичинде отчет таризделет.
37. Зарыл болгондо карыз алуучулар тарабынан кредиттик каражаттардын эсебинен курулуштун же реконструкциялоонун жүрүшүнө автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүлөт.
7. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
38. Зайымчылар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты пайдаланууга берилгенден кийин кредит төлөнгөн күнгө чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берип турууга (имаратты максаттуу пайдалануу, өзүн-өзү актоо ж.б.);
- курулган оңдолгон/реконструкцияланган имаратты пайдаланууга берилгенден кийин 20 жылдан кем эмес мөөнөткө максаттуу багыты боюнча пайдаланууга.
39. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын жерине баруу менен комиссиялык түрдө төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзүлөт:
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында курулган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
2) оңдоп түзөлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
4) сатып алынган окуу-дидактикалык материалдарынын саны жана сапаты;
5) сатып алынган, жаңыртылган негизги каражаттардын саны жана түрү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги отчетту тариздейт жана аны 1-декабрдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.
Begin_nocompare
|
Кыргыз
Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн
бөлүнгөн участоктордун
ТИЗМЕСИ
№ |
Дареги |
Жердин аянты |
Курулуш үчүн объект |
Кубаттуулугу |
Эскертүү |
Бишкек шаары | |||||
1 |
Көк-Жар конушу, Чар көчөсү |
0,1547 га |
Атайын бала бакча |
45-50 орун |
|
2 |
Түштүк пландоо зонасы, Түштүк Чоң Чүй каналынын түндүк тарабы |
1,1167 га |
Бала бакча |
280 орун |
|
3 |
Арча-Бешик конушу, Эр-Тайлак менен Айылчиев көчөлөрүнүн кесилиши |
0,299 га |
Бала бакча |
75 орун |
|
4 |
Кара-Жыгач конушу, Кара-Жыгач менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилиши |
0,34 га |
Бала бакча |
85-95 орун |
Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
5 |
Арча-Бешик конушу, Садыбакасов менен Кызыл-Адыр көчөлөрүнүн кесилиши |
0,28 га |
Бала бакча |
70-75 орун |
Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
6 |
Ак-Өргө конушу, Ашар көчөсү |
1,71 га |
Бала бакча |
480 орун |
Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
7 |
Арча-Бешик конушу, Ак-Таң менен Ак-Марал көчөлөрүнүн кесилиши |
0,268 га |
Бала бакча |
67-70 орун |
|
8 |
Ала-Тоо конушу, Айбийке көчөсү |
0,536 га |
Бала бакча |
140 орун |
|
9 |
Ак-Ордо конушу, Ак-Болпон менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилиши |
0,41 га |
Бала бакча |
115 орун |
|
10 |
Ак-Өргө конушу, Ак-Шоокум менен Жолон көчөлөрүнүн кесилиши |
0,39 га |
Бала бакча |
95-105 орун |
|
11 |
Ак-Өргө конушу, Кыбыла менен Найман көчөлөрүнүн кесилиши |
0,34 |
Бала бакча |
85-95 орун |
|
12 |
Мурас-Ордо конушу |
1,6 га |
Бала бакча |
460 орун |
Долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүүдө |
13 |
Бугу-Эне-Багыш конушу |
0,92 га |
Бала бакча |
260 орун |
|
14 |
Бугу-Эне-Багыш конушу |
0,67 га |
Бала бакча |
185 орун |
|
15 |
Ак-Тилек конушу, Ак-Шоокум көчөсү |
0,2179 га |
Бала бакча |
50 орун |
Долбоорлоо үчүн техникалык тапшырма даярдалууда |
16 |
Учкун конушу, Чүй проспекти менен Аксы көчөсүнүн кесилиши |
0,392 га |
Бала бакча |
95 орун |
Долбоорлоо боюнча иштер башталууда |
Жалал-Абад облусу | |||||
17 |
Ала-Бука айыл өкмөтү, Ала-Бука айылы, Көлмө, Алма-Бак, Акурча участоктору |
2,4 га |
4 бала бакча |
480 орундуу |
Жер трансформацияланган |
18 |
Ак-Коргон айыл өкмөтү, Ак-Коргон Сафед-Булан айылдары |
1,2 га |
2 бала бакча |
240 орундуу |
Жер трансформацияланган |
19 |
Базар-Коргон району, Акман айыл өкмөтү, Жараке айылы |
0,4 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
20 |
Базар-Коргон району, Акман айыл өкмөтү, Таш-Булак айылы |
0,40 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
21 |
Тогуз-Торо району, Атай айыл өкмөтү, Атай айылы |
0,4 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
22 |
Токтогул шаары, Шамшыкал көчөсү |
0,75 га |
Бала бакча |
75 орундуу |
Жер трансформацияланган |
23 |
Кара-Көл шаары |
0,21 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган, муниципалдык менчикте турат |
Ысык-Көл облусу | |||||
24 |
Балыкчы шаары, Кулакунов көчөсү |
0,50 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
25 |
Ак-Суу району, Теплоключенка айылы (жаңы конуш) |
0,84 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
26 |
Ак-Суу району, Теплоключенка айылы (пост МАИ) |
1,09 га |
Бала бакча |
60 орундуу |
Жер трансформацияланган |
27 |
Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, "Арча" МЧБУ аймагы, Чикаев көчөсү |
0,08 га |
Бала бакчага кошумча имарат |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
28 |
Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, "Ливада" кичи району |
0,82 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
29 |
Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, 2-кичи район |
1,0 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
30 |
Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Кара-Ой конушу |
2,0 га |
Бала бакча Мектеп |
150 орундуу 700 орундуу |
Жер трансформацияланган |
31 |
Түп району, Түп айылы, Элебесов көчөсү |
1,50 га |
Бала бакча |
250 орундуу |
Жер трансформацияланган |
32 |
Түп району, Түп айылы, Кирпичный көчөсү |
1,20 га |
Бала бакча |
275 орундуу |
Жер трансформацияланган |
Чүй облусу | |||||
33 |
Чүй району, Чүй айылы, "Жаңы-Конуш" жаңы конушу |
0,20 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
34 |
Кант шаары |
0,62 га |
Бала бакча |
250 орундуу |
Жер трансформацияланган |
35 |
Сокулук району, Романовка айылы |
1845 м2 |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
36 |
Сокулук району, Арал айылы |
5956,0 м2 |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
37 |
Сокулук району, Сокулук айылы |
0,48 га |
Бала бакча |
120 орундуу |
Жер айыл өкмөтүнүн балансында, трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
38 |
Сокулук району, Кашка-Баш айылы |
1 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер айыл өкмөтүнүн балансында, трансформацияланган |
39 |
Сокулук району, Шопоков шаары |
0,5 га |
Бала бакча |
140 орундуу |
Жер трансформацияланган |
40 |
Панфилов району, Курама айыл өкмөтү, И.В.Панфилов атындагы айыл, Центральная көчөсү |
0,2 га |
Бала бакча |
50 орундуу |
Жер трансформацияланган |
41 |
Токмок шаары, Дружба көчөсү, 50 |
0,85 га |
Бала бакча |
200 орундуу |
Жер трансформацияланган |
42 |
Москва району, Александровка айыл өкмөтү, Александровка айылы |
0,5 га |
Бала бакча |
250 орундуу |
Жер трансформацияланган |
43 |
Москва району, Ак-Суу айыл өкмөтү, Төмөн-Суу айылы, Ленин көчөсү, 10 |
0,70 га (0,80 сотых) |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
44 |
Москва району, Беловодское айылы, Шевченко көчөсү, 28 |
0,80 сотых |
Бала бакча |
250 орундуу кошумча корпус |
|
Ош шаары | |||||
45 |
Ош шаары, А.Саралаев көчөсү, Төлөйкан контуру, 100 |
4,272 (анын ичинен 0,785 сервитут) |
Мектеп, бала бакча, оорукана |
|
Жер трансформацияланган эмес, жер участогу айыл чарба багытында |
46 |
Ош шаары, Маматеминов көчөсү, 54 (Жапалак айыл аймагынын башкармалыгы) |
0,165 |
Бала бакча, ФАП |
|
Жер участогу Ош шаарынын мэриясынын башкы муниципалдык балансында турат |
Нарын облусу | |||||
47 |
Ак-Талаа району, Баетов айылы, С.Аркабаев көчөсү, н/ж |
1,05 га |
Бала бакча |
240 орундуу |
Участок айылдын аймагында жайгашкан |
48 |
Ак-Талаа району, Баетов айылы, А.Асаналиев көчөсү, н/ж |
0,45 га |
Бала бакча (кошумча корпус) |
54 орундуу |
Участок айылдын аймагында жайгашкан |
49 |
Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, "Улан" жаңы конушу |
0,50 га |
Мектеп, бала бакча |
500 орундуу |
Объекттерди куруу курулуштун башкы планында каралган |
50 |
Жумгал району, Байзак айылы, К.Акиев көчөсү, 98 |
0,25 га |
Бала бакча |
120 орундуу |
Жер трансформацияланган, бала бакча куруу үчүн даяр долбоор бар |
51 |
Кочкор району, Кочкор айылы, "Стадион" участогу |
0,7 га |
Бала бакча |
120 орундуу |
Жер трансформацияланган |
52 |
Нарын району, Миң-Булак айыл өкмөтү, Миң-Булак айылы |
4 га |
Социалдык шаарча куруу (мектеп, бала бакча, ФАП, мечит) |
150 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча |
Жер трансформацияланган |
Баткен облусу | |||||
53 |
Лейлек району, Раззаков шаары, 1-кичи району |
0,37 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
54 |
Лейлек району, Раззаков шаары, Пулон-2 конушу |
0,37 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
55 |
Лейлек району, Раззаков шаары, 2-кичи району |
0,24 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Жер трансформацияланган |
56 |
Лейлек району, Раззаков шаары, Могол-Тажикент участогу |
0,32 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
57 |
Лейлек району, Раззаков шаары, Орто-Дон участогу |
0,24 га |
Бала бакча |
100 орундуу |
Жер трансформацияланган |
58 |
Баткен шаары, Базар-Башы кварталы |
0,40 га |
Бала бакча |
140 орундуу |
Жер трансформацияланган |
59 |
Баткен шаары, Чет-Булак кварталы |
0,50 га |
Бала бакча |
140 орундуу |
Жер трансформацияланган |
60 |
Баткен шаары, Тамаша-Жай участогу |
0,35 га |
Бала бакча |
140 орундуу |
Жер трансформацияланган |
61 |
Кызыл-Кыя шаары, Күңгөй-2 участогу |
2,4 га |
Бала бакча |
150 орундуу |
Трансформациялоо иштери аяктоо алдында |
62 |
Кадамжай району, Айдаркен шаары |
0,60 га |
Бала бакча |
140 орундуу |
Жер трансформацияланган |
63 |
Кадамжай шаары, Кара-Жантак участогу |
2,0 га |
2 бала бакча |
180 орундуу 150 орундуу |
Курулуштун башкы планында бар |
64 |
Кадамжай шаары Набережная көч. |
0,50 га |
ФАП, 1 бала бакча |
90 орундуу |
Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт даярдалган |