Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

                    Кыргыз Республикасынын

       2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык

                       КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Бишкек шаары

2005-жылдын 3-январы № 3

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

               Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

                          регламенти жөнүндө

 

                  (КР 2006-жылдын 17-январындагы N 5,

                    2006-жылдын 11-майындагы N 84,

                    2006-жылдын 16-июнундагы N 90,

                    2006-жылдын 29-июнундагы N 93,

                   2006-жылдын 8-августундагы N 161,

                   2007-жылдын 26-февралындагы N 20,

                     2007-жылдын 2-июлундагы N 95,

                   2007-жылдын 23-октябрындагы N 157,

                    2008-жылдын 23-июнундагы N 132,

                    2008-жылдын 28-июлундагы N 171,

                   2008-жылдын 2-октябрындагы N 203,

                   2008-жылдын 17-октябрындагы N 227,

                   2008-жылдын 15-декабрындагы N 261,

                   2008-жылдын 15-декабрындагы N 262,

                   2008-жылдын 29-декабрындагы N 277,

                    2009-жылдын 23-январындагы № 16,

                   2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

                   2009-жылдын 27-апрелиндеги № 138,

                   2009-жылдын 26-майындагы № 169

                  2009-жылдын 15-октябрындагы № 276,

                    2010-жылдын 3-мартындагы № 41

                  2011-жылдын 17-февралындагы № 1

              Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     БИРИНЧИ БӨЛҮК.  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН

                     УЮШТУРУЛУШУ ЖАНА ИШТӨӨ ТАРТИБИ

     I БӨЛҮМ.        ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

     1-глава.        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

     2-глава.        Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары

     II БӨЛҮМ.       ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

     3-глава.        Жогорку Кењештин Төрагасы жана Төраганын орун

                     басарлары

     4-глава.        Жогорку Кењештин комитеттери жана убактылуу

                     комиссиялары

     5-глава.        Депутаттык фракциялар

     III БӨЛҮМ.      ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ

     6-глава.        Жогорку Кенештин жыйналыштарын өткөруү

     7-глава.        Жањы шайланган Жогорку Кењештин биринчи жыйналышы

     8-глава.        Жыйналыштын күн тартиби

     9-глава.        Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби

     10-глава.       Электрондук тутумду пайдаланууга контроль

     11-глава.       Жыйналыштын протоколу, стенографиялык отчету жана

                     иши

     12-глава.       Парламенттик угуулар

     13-глава.       Жогорку Кењештин жыйналыштарынын тартиби жана

                     этикасы

     IV БӨЛҮМ.       МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖОЛ-ЖОБОСУ

     14-глава.       Мыйзам долбоорун Жогорку Кењешке киргизүүнүн жана

                     аларды алдын ала кароонун тартиби

     15-глава.       Мыйзам долбоорлорун кароо жана мыйзамдарды кабыл

                     алуу

     16-глава.       Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр

     16-1-глава      Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясын

                     кабыл алуу

                     жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуштарды кароо

     17-глава.       Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин

                     ратификациялоо жана денонсациялоо

     18-глава.       Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан

                     кайтарылган мыйзамдарды кайталап кароо

     19-глава.       Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын расмий чечмелөө

     V БӨЛҮМ.        ШАЙЛООЛОРДУН, КАЙРЫЛУУЛАРДЫ ЖАНА БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ

                     УГУУЛАРДЫН, ДАЙЫНДООЛОРДУН ЖАНА ОТЧЕТТОРДУ УГУУНУН

                     ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

     20-глава.       Жогорку Кењештин Төрагасын жана Жогорку Кењештин

                     Төрагасынын орун басарларын шайлоо жана кайра

                     чакыртып алуу

     21-глава.       Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун

                     басарларын, комиссиялардын төрагаларын

                     шайлоо жана кайра чакыртып алуу, комитеттердин,

                     комиссиялардын курамын бекитүү

     22-глава.       Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун,

                     Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын

                     кызматтарга шайлоо жана бошотуу, Кыргыз

                     Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз

                     Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларын жана

                     алардын орунбасарларын кызматтарга дайындоого

                     макулдук берүү

     23-глава.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү

     24-глава.       Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын

                     шайлоо, Кыргыз Республикасынын Эсептөө

                     палатасынын төрагасын жана аудиторлордун бүткүл

                     курамын шайлоо жана кызматынан бошотуу, Кыргыз

                     Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү

                     боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын

                     дайындоого макулдук берүү, Кыргыз Республикасынын

                     Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук

                     комиссиясынын курамынын жарымын шайлоого жана

                     аларды кызматынан бошотууга макулдук берүү,

                     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун

                     дайындоого жана аны сот тартибинде салынуучу жазык

                     жана административдик жоопкерчиликке тартууга

                     макулдук берүү

     25-глава.       Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын)

                     жана анын орунбасарларын шайлоо, аларды сот

                     тартибинде салынуучу жазык жана административдик

                     жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү

     26-глава.       Жогорку Кењештин өкүлдөрүн коррупция менен күрөшүү

                     боюнча улуттук кењешке сот адилеттиги иштери боюнча

                     улуттук кењешке, эсептөө палатасынын кењешине жана

                     статистика боюнча кењешке дайындоо жана чакыртып алуу

     27-глава.      Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

                     аудиторлорунун курамынын жарымын дайындоо

     28-глава.       Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуулары

                     менен билдирүүлөрүн, чет мамлекеттердин, эларалык

                     уюмдардын жетекчилеринин жана башка өкүлдөрүнүн

                     сүйлөгөн сөздөрүн угуу, Кыргыз Республикасынын

                     Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын

                     Жогорку Сотунун төрагаларынын, Кыргыз

                     Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ар

                     жылкы баяндамаларын угуу. Кыргыз Республикасынын

                     Жогорку Кењешинин төрагасынын, Кыргыз

                     Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз

                     Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын,

                     Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

                     төрагасынын, ошондой эле Жогорку Кењеш тарабынан

                     дайындалуучу же шайлануучу органдар менен кызмат

                     адамдарынын ар жылкы отчетторун угуу

     29-глава        Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар

                     жылкы отчетун угуу. Кыргыз Республикасынын

                     Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                     айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө

     VI БӨЛҮМ.       ЖОГОРКУ КЕЊЕШ ТАРАБЫНАН ӨЗҮНҮН КАРАМАГЫНА КИРГЕН

                     МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРОО

     30-глава.       Республикалык бюджетти жана анын аткарылышы

                     тууралуу отчетту бекитүү

     31-глава.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген

                     социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик

                     программасын бекитүү

     32-глава.       Согуш жана өзгөчө абал киргизүү жөнүндө

                     маселелерди кароо. Согуш жана тынчтык маселелерин

                     чечүү, согуш абалын жарыялоо жөнүндө, Кыргыз

                     Республикасынын Президентинин бул маселелер боюнча

                     жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу

     33-глава.       Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча

                     мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди

                     аткаруу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын

                     Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерлерде

                     пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени

                     чечүүнүн тартиби

     34-глава.       Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын,

                     дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана

                     башка атайын наамдарын белгилөө

     35-глава.       Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын

                     жана ардак наамдарын белгилөө

     36-глава.       Мунапыс берүү жөнүндө актыларды чыгаруу

     37-глава.       Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону

                     дайындоонун тартиби

     38-глава.       Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан

                     четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жана Кыргыз

                     Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү

     39-глава        Жогорку Кењештин депутатынын иштөө тартиби

     40-глава.       Жогорку Кењештин депутатын кол тийбестиктен

                     ажыратуунун жана Жогорку Кењештин депутатын

                     жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүнүн тартиби

     41-глава.       Жогорку Кењештин таратуунун жана өзүн өзү

                     таратышынын тартиби

     42-глава.       Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын

                     мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби

     VII БӨЛУМ.      КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН

                     ЧЕЧИМИ МЕНЕН ШАРТТАЛГАН ЖОЛ-ЖОБОЛОР

     VIII БӨЛҮМ.     ДЕПУТАТТЫК ТЕРИШТИРҮҮ. ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН

                     ДЕПУТАТТАРЫНЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨСҮ.

                     ДЕПУТАТТЫК СУРОО-ТАЛАП

     43-глава.       Депутаттык териштирүү

     IX БӨЛҮМ.       ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА ПАРЛАМЕНТТЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

     X БӨЛҮМ.        ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

     ЭКИНЧИ БӨЛҮК.   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН МЫЙЗАМ

     ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК.   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ЭЛ

                     ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН УЮШТУРУЛУШУ ЖАНА ИШТӨӨ ТАРТИБИ

     ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮК. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ  КЕЊЕШИНИН

                     РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

                     МЫЙЗАМЫН КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

 

                             БИРИНЧИ БӨЛҮК

                    УЮШТУРУЛУШУ ЖАНА ИШТӨӨ ТАРТИБИ

 

                                I БӨЛҮМ

                             ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

                                1-глава

                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

 

     1-статья.

 

     Жогорку Кењеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу

бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоочу иш-милдеттер-

ди жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши (мындан ары - Жогорку Кењеш)

партиялык тизме  боюнча беш жылдык мөөнөткө шайланган 90 депутаттан ту-

рат.

     Жогорку Кењеш өзүнө тиешелүү болгон маселелерди Кыргыз Республика-

сынын Конституциясына,  ушул  Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын дагы

башка ченемдик укуктук актыларына ылайык өз алдынча чечет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     2-статья.

 

     Жогорку Кењештин иши маселелерди ачык-айкын, эркин, жамааттык тал-

куулоо менен чечүүнүн принциптерине негизденет.

     Жогорку Кењештин  жыйналыштары ачык өткөрүлөт ушул Регламентте ка-

ралган учурларда Жогорку Кењеш жабык жыйналыштарды өткөрүүгө укуктуу.

 

     3-статья.

 

     Жогорку Кењештин  туруктуу турган жери Кыргыз Республикасынын бор-

бору - Бишкек шаары болуп саналат.

     Жогорку Кењеш мамлекеттин менчигинде турган имаратта жайгашат. Жо-

горку  Кењештин  имаратына мамлекеттик Желек жана мамлекеттик Герб или-

нет.

     Жогорку Кењештин  иштерин  камсыз кылуучуларды кошпогондо, Жогорку

Кењештин имаратына,  Жогорку  Кењештин карамагындагы жайларга, курулма-

ларга, анын  аянтына  башка  уюмдар менен мекемелерди жайгаштырууга жол

берилбейт.

     Жогорку Кењештин имараты, ошондой эле Жогорку Кењештин карамагында

турган "Алтын-Көл" пансионаты жана Жогорку Кењештин Автотранспорт ишка-

насы режимдик мүнөздөгү мамлекеттик маанилүү объектилер болуп саналат.

     Жогорку Кењештин  имаратынын  жана  ага  тиешелүү  аймактын,  "Ал-

тын-Көл" пансионатынын  жана Жогорку Кењештин Автотранспорт ишканасынын

аймактарынын, ошондой  эле  көрсөтүлгөн объекттердин имараттарында жана

аймактарында турган  адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу күзөт кызматы

тарабынан жүзөгө ашырылат.

     Жогорку Кењештин имаратында жана аймактарында, "Алтын-Көл" пансио-

натында жана  Автотранспорт  ишканасынын  аймактарында жүрүү жана болуу

тартиби жоболор менен жөнгө салынат.

     (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын,

2008-жылдын 23-июнундагы N 132 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

                               2-глава

                   Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары

 

     4-статья.

 

     Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет:

     1) Кыргыз  Республикасынын  Конституциясында  белгиленген тартипте

Кыргыз Республикасынын  Конституциясына  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор

киргизүү;

     2) мыйзамдарды кабыл алуу;

     3) өзү кабыл алган мыйзамдарды расмий чечмелөө;

     4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү;

     5) Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү киргизген республикалык бюджетти

жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;

     6) Кыргыз  Республикасынын  администрациялык-аймактык  түзүлүшүнүн

маселелерин чечүү;

     7) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо;

     8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген  социалдык-экономикалык

өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;

     9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  сунуштамасы  боюнча

Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү;

     10) Кыргыз  Республикасынын  Конституциясында  каралган  учурларда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө;

     11) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз

Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын шайлоо жана  кызматы-

нан бошотуу;

     12) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз

Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларын шайлоо жана кызматынан бошо-

туу;

     13) Кыргыз  Республикасынын  Президентинин кайрылууларын жана бил-

дирүүлөрүн угуу;

     14) Кыргыз  Республикасынын  Башкы  прокурорун дайындоого макулдук

берүү,  аны сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык  жооп-

керчиликке тартууга макулдук берүү;

     15) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо;

     16) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү  боюнча

борбордук комиссиянын төрагасын дайындоого макулдук берүү;

     17) Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиянын  курамынын жарымын шайлоо, мыйзамда каралган тар-

типте жана учурларда аларды кызматынан бошотуу;

     18) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз

Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын шайлоо жана кызматтан бо-

шотуу;

     19) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз

Республикасынын Эсептөө  палатасынын  бардык  аудиторлор курамын шайлоо

жана кызматтан бошотуу;

     20) Кыргыз  Республикасынын  Омбудсменин (Акыйкатчыны) шайлоо жана

кызматынан бошотуу, аны жазык жана сот тартибинде салынуучу администра-

циялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү;

     21) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынынын) сунушта-

масы боюнча  Омбудсмендин  орун басарларын шайлоо жана кызматынан бошо-

туу, аларды  жазык жана сот тартибинде салынуучу администрациялык жооп-

керчиликке тартууга макулдук берүү;

     22) мыйзамда  белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-

циялоо жана денонсациялоо:

     23) өзгөчө  абалды киргизүү бул маселе боюнча Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

     24) согуш  жана  тынчтык маселелерин чечүү, аскердик абалды кирги-

зүү, согуш абалын жарыялоо, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын

Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

     25) тынчтыкты  жана  коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык

келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы  болгон  учурда  Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай-

далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;

     26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-

дарын класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;

     27) Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу

наамдарын уюштуруу;

     28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

     29) чет мамлекеттердин эларалык уюмдардын жетекчилеринин жана баш-

ка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

     30) Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку сотунун төрагаларынын, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ар

жылдык баяндамаларын угуу;

     31) Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республи-

касынын Премьер  министринин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республика-

сынын Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;

     32) Кыргыз  Республикасынын  Президентине  каршы айып коюу, Кыргыз

Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү;

     Ушул статьяда  көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун

жана баяндамаларын  угуу  Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын жана

мыйзамдарынын тийиштүү  мамлекеттик органдар менен алардын кызмат адам-

дарынын өз  алдынчалуулугу жана көзкаранды эместиги жөнүндөгү жоболорун

эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

     Жогорку Кењештин  актылары мыйзам жана токтом түрүндө кабыл алынат

Жогорку Кењеш  ушул  статьянын 1-пунктунун 1, 3-6, 9, 22, 28-пунктчала-

рында каралган  маселелер боюнча мыйзамдарды кабыл алат, калган маселе-

лер боюнча,  анын  ичинде мыйзамдардын аткарылышына контролдукту жүзөгө

ашыруу боюнча  токтом кабыл алат. Жогорку Кењеш токтом формасында кабыл

алынуучу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды жасоого акылуу.

     Жогорку Кењеш  Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында  каралган  башка ыйгарым укуктарды жүзөгө

ашырат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               II БӨЛҮМ

                ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

                                3-глава

                Жогорку Кењештин Төрагасы жана Жогорку

                  Кењештин Төрагасынын орун басарлары

 

     5-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши өз курамынан  ушул  Мыйзамда

белгиленген  тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин  Төрагасын,  Жогорку  Кењештин

Төрагасынын орун басарларын шайлайт.

 

     6-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасы:

     1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат;

     2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-

го жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

     3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет;

     4) Кыргыз  Республикасында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде Жо-

горку Кењештин  агынан чыгат, Жогорку Кењештин Президент, Өкмөт, мамле-

кеттик бийликтин  аткаруу  жана  сот  бутактары, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары менен өз ара байланышын камсыз кылат;

     5) Жогорку  Кењештин  Аппаратынын  ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө

ашырат жана контролдук кылат, тийиштүү тескемелерди чыгарат;

     6) Жогорку Кењештин документтеринин жүгүртүлүшү жөнүндө жобону бе-

китет;

     7) Кыргыз  Республикасынын  Президентинин,  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн же  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бири-

нен кем  эмесинин  сунушу  боюнча Жогорку Кењештин кезексиз сессияларын

чакырат;

     8) Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын жана Жогорку Ке-

њештин комитеттеринин  төрагаларынын  кызматтык  милдеттерин  аткарышын

контролдойт;

     9) Жогорку Кењештин жооптуу кызмат адамдарынын иш сапарлары жөнүн-

дө тескеме  чыгарат,  иш сапарында аткарган иштери тууралу отчету беки-

тет, же ушул милдетти өзүнүн каалоосу боюнча Төраганын орунбасарларынын

бирөөсүнө жүктөйт;

     10) Жогорку Кењештин тапшырмаларын аткарат;

     11) Жогорку  Кењешке сунуш кылынган мыйзам долбоорлорун жана мате-

риалдарды аларды кароонун жүрүшүнө байланышкан маселелерге ылайык коми-

теттерге, депутаттык фракцияларга жиберет;

     12) Жогорку  Кењештин Аппаратынын жетекчисин жана анын орун басар-

ларын, Жогорку  Кењештин  Иш башкармалыгынын Иш башкаруучунун жана анын

орунбасарларын кызматка дайындайт жана бошотот;

     13) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөн-

дөгүлөрдү кызматка дайындайт жана бошотот:

     Аппараттын жетекчисинин  сунуштамасы боюнча Жогорку Кењештин Аппа-

ратынын, Жогорку  Кењештин Иш башкармасынын башкаруучусунун сунуштамасы

боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана алардын орунбасарларын;

     Аппараттын жетекчисинин  сунуштамасы боюнча тийиштүү комитеттердин

төрагалары менен макулдашуу аркылуу комитеттердин бөлүмдөрүнүн жетекчи-

лерин жана алардын орунбасарларын;

     тийиштүү депутаттык  фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча

- депутаттык фракциялардын бөлүмүнүн (секторунун) жетекчилерин.

     14) Жогорку Кењешке бөлүнүп берилген каражаттарды Жогорку Кењештин

бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык тескейт;

     15) Жогорку  Кењештин  жана  анын органдарынын ар-намысын жана ка-

дыр-баркын сактоо, коргоо боюнча чараларды көрөт;

     16) Жогорку Кењештин коопсуздугун камсыз кылат;

     17) Жогорку Кењештин иш тартибин жана ырааттамасын сактоону камсыз

кылат;

     18) Жогорку  Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-

теп чыгуу,  Жогорку  Кењештин  жыйналыштарында кезектеги айда каралууга

жаткан маселелердин  календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө-

рөт;

     19) имарат-жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту, ошон-

дой эле  Жогорку  Кењешке  тиешелүү болгон аймакты пайдалануу маселесин

чечет;

     20) кабыл алынган Жогорку Кењештин токтомдорунун аткарылышына кон-

тролду жүзөгө ашырат;

     21) Жогорку  Кењештин  чыгымдарынын сметасынын долбоорун иштеп чы-

гууну камсыз  кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга 3 ай калгандан кечик-

тирбестен аны Жогорку Кењештин кароосуна коет;

     22) бюджеттик жыл аяктагандан кийин бир жарым айдан кечиктирбестен

Жогорку  Кењештин өткөн жылдагы чыгымдары жана алардын Жогорку Кењештин

чыгымдарынын бекитилген сметасына туура келиши  же  андан  четтегендиги

тууралу  Жогорку  Кењештин кароосуна жазуу жүзүндө кењ кесири отчет бе-

рет;

     23) эгерде  киргизилип  жаткан  мыйзам долбоорлоруна коюлуучу ушул

Мыйзамдын талаптары аткарылбаса Жогорку Кењешке киргизилген мыйзам дол-

боорлору боюнча Жогорку Кењештин комитеттеринин корутундусунун (чечими-

нин) негизинде мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун субъекттерге кайтарып

берет;

     24) Жогорку  Кењеште  каттоодон өткөн депутаттык фракцияларга ушул

Мыйзамда көрсөтүлгөн  иш  милдеттерин  жүзөгө  ашырышына көмөк көрсөтүү

максатында бөлмөлөр, керектүү жабдуу шайман берет аларга ишенимин акта-

ган администрациялык техникалык кызматкерлерди бекитет;

     25) Жогорку Кењештин ишин уюштуруу боюнча дагы башка ыйгарым укук-

тарды жүзөгө ашырат.

     Жогорку Кењештин Төрагасынын тескемеси депутаттардын жалпы санынын

көпчүлүк добушу  менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча өз-

гөртүлүшү толукталышы, жокко чыгарылышы мүмкүн.

     Жогорку Кењештин  Төрагасы Жогорку Кењешке жоопкер жана ар жылы өз

иши жана Жогорку Кењештин Аппаратынын ишинин уюштурулушу тууралу Жогор-

ку Кењешке отчет берет.

     Төрага ушул регламенттин жоболоруна ылайык маселелерди талкуулоого

катышуу үчүн депутаттык фракцияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт.

     Жогорку Кењештин  Төрагасы  Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ушул Регламентти жетекчилик-

ке алат.  Жогорку  Кењештин жыйналышынан тышкары учурда өзү мүчө болгон

фракциянын ишине  катышууга жана фракциялык тартипке баш ийүүгө милдет-

түү.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 138

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     7-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарлары Жогорку Кењештин Төра-

гасы жокто анын ордун басышат,  Жогорку Кењештин Төрагасынын тапшырмасы

боюнча Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барышат, алардын ортосундагы

милдеттердин өз ара бөлүштүрүлүшүнө ылайык,  айрым иш-милдеттерин атка-

рышат.

 

                               4-глава

                   Жогорку Кењештин комитеттери жана

                        убактылуу комиссиялары

 

     8-статья.

 

     Жогорку Кењеш  өзүнүн депутаттарынын ичинен Жогорку Кењештин коми-

теттерин түзөт Жогорку Кењештин комитеттеринин курамынын эњ аз саны үч-

төн кем эмес депутаттан турууга тийиш.

     Жогорку Кењештин  комитеттеринин саны, алардын карамагындагы масе-

лелер, ошондой эле алардын курамы боюнча сунуштарды депутаттык фракция-

лар киргизет.

     Жогорку Кењештин комитеттерин түзүү, алардын карамагындагы маселе-

лерди аныктоо  жөнүндө токтом Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы са-

нынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     9-статья.

 

     Жогорку Кењештин комитеттери өздөрүнүн карамагына кирген маселелер

боюнча:

     1) мыйзам долбоорлорун даярдоону жана  алдын  ала  кароону  жүзөгө

ашырышат жана аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өздөрүнүн кору-

тундулары менен Жогорку Кењештин кароосуна киргизишет;

     2) Жогорку Кењеш өткөрүүчү парламенттик угууларды уюштурушат;

     3) Жогорку Кењеш анын комитеттери тарабынан кабыл алынган  мыйзам-

дардын жана чечимдердин ишке ашырылышын контролдошот;

     4) республикалык бюджеттин долбоорунун тиешелүү  бөлүмдөрү  боюнча

корутундуларды жана сунуштарды беришет;

     5) өз ишин уюштуруу маселелерин чечишет;

     6) өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлигинин

мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, ведомстволорунун жана уюмдары-

нын жетекчилери угушат;

     7) каралып  жаткан  маселелерди  талкуулоо  үчүн  башка  комитетке

берүүгө байланыштуу Жогорку Кењештин Төрагасына сунуштарды киргизишет;

     8) башка комитет тарабынан каралуучу маселе боюнча өзүнүн  пикирин

берет;

     9) мыйзамдарда каралган дагы башка маселелерди карашат.

     Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына кирген кызмат адамдарын дайын-

доо жана шайлоо,  мамлекеттик кызматка дайындоо жана кызматтан  бошотуу

үчүн  Жогорку Кењештин макулдугун берүү Жогорку Кењештин тиешелүү коми-

теттеринин корутундусу болгондо жүргүзүлөт.

 

     10-статья.

 

     Жогорку Кењеш Жогорку Кењештин компетенциясына кирген  маселелерди

чечүү  үчүн  убактылуу  комиссияларды  (мындан  ары - комиссиялар) түзө

алат.

     Комиссиялардын уюштурулушу  жана иштөө тартиби Жогорку Кењеш тара-

бынан белгиленет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     11-статья.

 

     Комитеттин, комиссиянын мүчөсү болгон  Жогорку  Кењештин  депутаты

анын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

     Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарына алардын курамына кир-

беген  Жогорку Кењештин депутаттары кењеш берүү добуш укугу менен каты-

шышы мүмкүн.

 

     12-статья.

 

     Комитеттердин, комиссиялардын  жыйналыштарына Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин  ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү,

Кыргыз Республикасынын  Өкмөт  мүчөлөрү,  ошондой эле жыйналышта мыйзам

долбоорлору каралып жаткан мыйзам чыгарууга демилге укугунун субъектте-

ринин өкүлдөрү да катышууга укуктуу.

     Комитеттердин, комиссиялардын жыйналышына эксперттер,  мамлекеттик

таламдаш органдардын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, ошон-

дой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.

     (КР 2006-жылдын 17-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     13-статья.

 

     Комитеттер, комиссиялар  мамлекеттик бийлик органдарынан, менчикте

мамлекеттин үлүшү  болгон ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан өздөрү-

нүн ишине  керек болгон документтер менен материалдарды суратып алууга,

алардын кызмат адамдарын өздөрүнүн жыйналышына чакырууга укуктуу.

     Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

ры, мамлекеттик  жана  муниципалдык  уюмдар,  ишканалар жана мекемелер,

ошондой эле менчигинде мамлекеттин үлүшү болгон башка юридикалык жактар

жана алардын  кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө Жогорку Кењештин коми-

теттерине жана  комиссияларына алар сураган документтер менен материал-

дарды берүүгө милдеттүү.

    (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     14-статья.

 

     Жогорку Кењештин комитеттери жана комиссиялары өздөрүнүн компетен-

циясындагы бардык маселелер боюнча сунуш иретиндеги же милдеттүү түрдө-

гү чечимдерди кабыл алышат.

     Жогорку Кењештин  комитеттеринин  жана  комиссияларынын чечимдерин

алышкан мамлекеттик  органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

ры, мамлекеттик  жана  муниципалдык  уюмдар,  ишканалар жана мекемелер,

ошондой эле  менчигинин  үлүшүндө мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар

башка юридикалык  жактар  аларды кароого милдеттүү Кароонун натыйжалары

же көрүлгөн чаралар тууралу Жогорку Кењештин комитеттерине же комиссия-

ларына бир  айдан кечиктирилбестен же Жогорку Кењештин комитеттери жана

комиссиялары белгилеген  башка мөөнөттүн ичинде маалымат берилүүгө тий-

иш.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     15-статья.

 

     Жарандардын укугуна  жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн бол-

гон мыйзамдарды  же  башка  ченемдик укуктук актыларды бузуулар Жогорку

Кењештин комитеттери  тарабынан табылган учурларда, эгер алар тез арада

четтетилбесе, бул  мыйзам  бузууларды  милдеттүү түрдө четтетүү жөнүндө

чечим кабыл алынат.

     Чечимде бузулган мыйзам же дагы башка ченемдик укуктук акты, бузу-

улардын мүнөзү көрсөтүлүүгө жана аны  четтетүү  боюнча  айкын  сунуштар

камтылууга тийиш.

     Комитеттин жана  Жогорку  Кењештин комиссияларынын чечими мыйзамды

же ченемдик укуктук актысын бузууга жол берген органга же кызмат адамы-

на, болбосо  баш ийүү жагынан жогору турган органга же жол берилген бу-

зууларды четтетүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамына жиберилет.

     Комитеттин жана  Жогорку Кењештин комиссияларынын чечими токтоосуз

каралууга тийиш.  Аны  кароонун  натыйжалары жөнүндө тиешелүү комитетке

жүйөлүү жооп берилет.

     Эгерде мыйзамдардын  же ченемдик укуктук актынын бузууларын четте-

түү боюнча  Жогорку Кењештин комитеттеринин жана комиссияларынын чечим-

дери мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алар-

дын кызмат  адамы  тарабынан аткарылбаса же талапка ылайык аткарылбаса,

Жогорку Кењештин  комитеттери жана комиссиялары жогору турган мамлекет-

тик органга  тартип  бузууларды  четтетүү жана колдонуудагы мыйзамдарга

ылайык кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу тууралу сунуштама киргизет.

     Эгерде жогору  турган орган да мыйзамдарды же ченемдик-укуктук ак-

тыларды четтетүү  боюнча  тийиштүү  чара кабыл албаса, Жогорку Кењештин

комитеттери жана  комиссиялары парламенттик угууну өткөзүүгө укугу бар,

парламенттик угууда  мыйзамдарды  же укуктук-ченемдик актыларды бузууга

жол берген  адамдарга  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына су-

нуштама жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.

     Бул учурда  жогору  турган  орган же кызмат адамы бир айдын ичинде

тиешелүү комитетке  жана  Жогорку Кењештин комиссияларына кабыл алынган

чечим жөнүндө билдирет.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     16-статья.

 

     Жогорку Кењештин  комитеттери өздөрүнүн контролдук ыйгарым укукта-

рын жүзөгө ашыруу максатында мыйзам бузуулардын фактысы же мыйзам жобо-

лорунун же Жогорку Кењештин дагы башка ченемдик укуктук актыларынын ат-

карылбай жатышы  жөнүндө мамлекеттик жана коомдук мааниси бар башка ма-

селелер боюнча аргандай мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча баш-

каруу органдарына  жана  Кыргыз Республикасынын аргандай кызмат адамына

кайрылууга укуктуу.

     Мыйзамдын же  Жогорку  Кењештин чечимдеринин аткарылышын текшерген

учурда комитеттер,  Жогорку Кењештин комиссиялары өздөрү өткөрүп жаткан

иш-чараларга катышууга  контролдук-көзөмөлдөө функциялары бар мамлекет-

тик контролдоо  органдарынын,  ошондой  эле мамлекеттик эмес аудитордук

кызматтардын өкүлдөрүн, айрым адистерди тартууга укуктуу.

     Мамлекеттик органдар,  жергиликтүү  өзалдынча  башкаруу  органдары

менчигинин түрүнө  карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын

кызмат адамдары Жогорку Кењештин комитеттерине жана комиссияларына мый-

зам тарабынан корголуучу мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка

сырды эске  алуу  менен  алардын  сураган документтерин, материалдарын,

маалыматтарын берүүгө жана көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                                5-глава

                         Депутаттык фракциялар

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     17-статья.

 

     Депутаттык фракция - саясий партиялардын тизмеси боюнча (б.а. пар-

тиялык негизде) Жогорку Кењешке өткөн депутаттардын ичинен түзүлгөн Жо-

горку Кењештин депутаттарынын бирикмеси.

     Депутаттык фракция Жогорку Кењештин жањы курамынын иши башталганы-

на чейин  бир күн мурун же анын ишинин биринчи күнү түзүлөт. Депутаттык

фракцияны түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымдоо тизмелик курамы менен

бирге маалымат иретинде башка депутаттык фракцияларга таратылат.

     Фракцияны депутаттык  фракциянын  мүчөлөрү шайлаган лидер башкарат

Депутаттык фракциянын  лидери фракциянын Жогорку Кењеште партиянын сая-

сатын жүргүзөт, анын ишин уюштурат жана координациялайт, Жогорку Кењеш-

тин жетекчи органдарына талапкерлерди сунуштайт, жарыш сөздөрдө фракци-

ялардын атынан  чыгып  сүйлөйт,  анын чечимдеринин аткарылышын контрол-

дойт, Жогорку Кењештин жана мамлекеттик бийликтин аргандай бутактарынын

жетекчилиги менен байланыш түзөт, депутаттык фракция кабыл алган бардык

документтерге кол  коет,  депутаттык  фракциянын бөлүмү (сектору) менен

жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.

     Депутаттык фракциялар өздөрүнүн чечимдери жөнүндө Жогорку Кењештин

Төрагасына маалымат берип турушат.

     Зарыл учурларда депутаттык фракция милдеттүү түрдө же эркин  добуш

берүү тууралу чечим кабыл алат.

     Депутаттык фракциянын ишин өзү ушул  Мыйзамга  ылайык  өз  алдынча

уюштурулат.

 

     18-статья.

 

     Депутаттык фракциялар төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу:

     1) Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартиби;

     2) Жогорку  Кењештин  комитеттерин жана комиссияларын, ошондой эле

парламенттик делегацияларды дайындоо, өзүнүн өкүлдөрүн Жогорку Кењеште-

ги пропорционалдуу  өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен алардын курамына шай-

лоо же кайра чакыртып алуу маселелери;

     3) Ар  бир депутаттык фракция түзүмү жана штаттык саны Жогорку Ке-

њештин Төрагасы тарабынан аныкталган бөлүм (сектор) тарабынан камсызда-

лат;

     4) комиссияларды, ошондой эле иштин аргандай тармактары боюнча жу-

мушчу топторду жана эксперттер топторун түзүү;

     5) парламенттик угууларды өткөрүүгө демилге көтөрүү;

     6) ушул  Мыйзамда  белгиленген  башка  маселелер боюнча сунуштарды

киргизүүгө укуктуу.

     Депутаттык фракцияларга  иштөө үчүн бөлмө жай, оргтехникасы, кењсе

буюмдары берилет  жана  алардын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл кызматтар

көрсөтүлөт.

     Ар бир  депутаттык  фракция  бөлүм  (сектор) менен камсыз кылынат,

анын түзүмү жана штаттык саны Жогорку Кењештеги фракциялардын пропорци-

оналдуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кењештин Төрагасы тарабынан

аныкталат.

     (КР 2008-жылдын  15-декабрындагы  N  261  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

                               III БӨЛҮМ

                 ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ

 

                                6-глава

                Жогорку Кењештин жыйналыштарын өткөрүү

 

     20-статья.

 

     Жогорку Кењештин сессиялары жыйналыштар түрүндө ишке ашырылат жана

сентябрдын  биринчи  жумуш  күнүнөн  тартып жана кийинки жылдын июнунун

акыркы жумуш күнүнө чейин жылына бир жолу өткөрүлөт.

     Жогорку Кењештин  сессиясы Жогорку Кењештин жыйналыштарынан, коми-

теттердин, комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жыйналыштарынан ту-

рат.

     Жогорку Кењештин  жыйналышы  өтүп жаткан учурда комитеттердин, ко-

миссиялардын жана  депутаттык  фракциялардын жыйналыштары, парламенттик

угуулар, ошондой эле шайлоочулар менен иштөө жүргүзүлбөйт.

     Жогорку Кењештин  депутаттарынын  шайлоочулар  менен иштөө мезгили

Жогорку Кењештин чечими менен аныкталат.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     21-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышын расмий тилге далма-дал которууну  кам-

сыз   кылуу   менен   төрагалык  кылуучу  тарабынан  мамлекеттик  тилде

жүргүзүлөт.

     Жогорку Кењештин депутаты,  ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку

Кењештин жыйналыштарында расмий тилде чыгып сүйлөөгө укуктуу.

     Жогорку Кењештин  жыйналыштарында чыгып сүйлөөлөр мамлекеттик тил-

ден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге далма-дал которуу

менен камсыз кылынат.

     Мамлекеттик жана  расмий  тилдерди билбеген чет мамлекеттердин жа-

рандары, ошондой эле башка адамдар тийиштүү түшүндүрмөлөрдү эркин айтып

бере ала  турган  тилде  чыгып  сүйлөй алышат. Жарандардын мындай чыгып

сүйлөөлөрү мамлекеттик  жана  расмий  тилдерге  далма-дал которуу менен

камсыз кылынат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     22-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналыштары   ойду   ачык-айкын   айтуу   менен

жүргүзүлөт  жана  массалык маалымат каражаттарында,  телекөрсөтүү менен

радио аркылуу берилип,  анын чечимдери "Кыргыз Республикасынын  Жогорку

Кењешинин Жарчысында", басма сөз массалык маалымат каражаттарында жары-

яланат жана Жогорку Кењештин расмий сайтына жайгаштырылат. Телекөрсөтүү

жана  радио  боюнча  берилүүчү кабарлардын убактысы жана көлөмү Жогорку

Кењеш тарабынан аныкталат.

     Жогорку Кењештин  чечими менен анын жыйналыштарына мамлекеттик ор-

гандардын,  коомдук бирикмелердин,  илимий мекемелердин өкүлдөрү,  экс-

перттер  жана башка адистер Жогорку Кењеш тарабынан каралып жаткан мый-

зам долбоорлору жана башка маселелер боюнча  зарыл  болгон  маалыматтар

менен  корутундуларды  берүү үчүн чакырылышы мүмкүн.  Массалык маалымат

каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку Кењеште аккредитацияланган  учурда  Жо-

горку Кењештин жыйналыштарына катыша алышат.

     Эгерде жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө сунуш Жогорку Кењештин  жый-

налышында төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз

Республикасынын Премьер-министри,  Жогорку Кењештин комитети жана депу-

таттык бирикмеси (фракциясы, депутаттык тобу) тарабынан киргизилсе, Жо-

горку Кењеш мындай чечим кабыл ала алат.

     Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим добуш берүүгө катышкан Жогор-

ку Кењештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл  алынат.

Жогорку Кењештин жабык жыйналыштарында айтылган маалыматтар жайылтылбо-

ого тийиш.

     Жогорку Кењеш мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгуучу өзүнүн бас-

ма сөз массалык маалымат каражаттарына ээ.

 

     23-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Президенти, Жогорку Кењештеги анын ыйгарым

укуктуу өкүлү,  Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү, Кыр-

гыз Республикасынын  Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Жогорку Кењештеги  туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлө-

рү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Омбудсме-

ни (Акыйкатчысы),  Кыргыз  Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Рес-

публикасынын Эсептөө  палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шай-

лоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Жо-

горку Кењештин ачык жыйналышына катышууга укуктуу.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти,  Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин Жогорку  Кењештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин  атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-

ри, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кењештеги туруктуу өкүлү,

Кыргыз Республикасынын  Омбудсмени (Акыйкатчысы) Жогорку Кењештин жабык

жыйналыштарына катышууга укуктуу.

     Башка адамдар Жогорку Кењештин жабык жыйналыштарына Жогорку Кењеш-

тин  Төрагасынын  же анын тапшырмасы боюнча орун басарынын колу коюлган

атайын чакыруу кагазы боюнча гана катыша алышат.

     Ушул статьянын  биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үчүн Жогорку

Кењештин жыйналыштар залынан атайын орундар коюлат.

     (КР 2006-жылдын 17-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     24-статья.

 

     Зарыл болгон  учурда же Жогорку Кењештин депутаттык фракциянын та-

лабы боюнча Жогорку Кењештин жыйналышында айына бир жолу Кыргыз Респуб-

ликасынын Премьер-министринин,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү-

нүн, администрациялык   ведомстволордун   жетекчилеринин, областтардын,

райондордун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин Жогорку Ке-

њештин депутаттарынын суроолоруна жооп бериши үчүн "өкмөттүк күн" өткө-

рүлөт.

     "Өкмөттүк күндүн"  маселелери  тематикасын жана ал өткөрүлчү күндү

аныктоо менен  Жогорку  Кењештин  күн тартибине киргизилүүгө тийиш. Күн

тартибинин көчүрмөсү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (Премьер-министр-

ге) күн  тартиби  кабыл алынган күндөн тартып 2 күндөн кечиктирилбестен

жөнөтүлүүгө тийиш Мында "өкмөттүк күн" өткөрүлүүчү дата күн тартиби ка-

был алынган күндөн тартып 10 күндөн мурда болбоого тийиш.

     Бул маселе боюнча  чечим  "өкмөттүк  күн"  өткөрүлгөнгө  чейин  үч

күндөн кечиктирилбестен чакырылган адамдарга жөнөтүлөт.

     "Өкмөттүк күнгө"  чакырылган  адамдар Жогорку Кењештин жыйналышына

күн тартибинде көрсөтүлгөн күнү келүүгө милдеттүү.

     Жазуу жүзүндө алдын ала суроо берген депутатка Кыргыз  Республика-

сынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволорунун жетекчилери-

нин,  областтардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жетек-

чилеринин жоопторунан кийин оозеки суроо берүүгө жана өзү берген суроо-

нун маани-мазмуну боюнча чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

     Зарыл болгон  учурда же Жогорку Кењештин депутаттык фракциянын та-

лабы боюнча  Жогорку Кењеш талкууланган маселе боюнча чечим кабыл алышы

мүмкүн.

     (КР 2006-жылдын 16-июнундагы N 90, 2008-жылдын 25-январындагы N 1,

2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     25-статья.

 

     Жогорку Кењештин кезексиз сессиясы Кыргыз  Республикасынын  Прези-

дентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же депутаттардын жалпы саны-

нын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча сунуш келип түшкөн  күндөн

тартып  үч  күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кењештин Төрагасы

тарабынан чакырылат.

     Сессиянын убагында өткөрүлгөн жыйналыштар ортосундагы тыныгуу уба-

гында Президент  мөөнөтүнөн  мурда Жогорку Кењештин жыйналыштарын чакы-

рууга жана аларда каралууга тийиш болгон маселелерди аныктоого акылуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     26-статья.

 

     Жогорку Кењештин кезексиз жыйналышында:

     1) Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүлөрү жана кайрылу-

улары;

     2) Кыргыз  Республикасынын  Президенти  же  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү тарабынан кийинкиге калтырылууга  болбойт  деп  табылган  мыйзам

долбоорлору;

     3) Кыргыз Республикасынын  республикалык  бюджети  жөнүндө  мыйзам

долбоорлору;

     4) эл  аралык  келишимдерди  ратификациялоо   жана   денонсациялоо

жөнүндө мыйзам долбоорлору;    

     Дагы башка мыйзам долбоорлору менен маселелер Жогорку Кењештин де-

путаттарынын  жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Жогорку

Кењештин чечими боюнча гана кезексиз түрдө каралышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     27-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышы катышып жаткан Жогорку  Кењештин  депу-

таттарын каттоодон башталат.

     Жогорку Кењештин  жыйналышы ага депутаттардын жалпы санынын көпчү-

лүгү катышкан  шартта укуктуу болот. Жогорку Кењештин жыйналышында кат-

тоо башталгандан  кийин 15 минутанын ичинде депутаттардын жалпы санынын

көпчүлүгү катышпаган учурда, төрагалык кылуучу танапис жарыялайт.

     Жогорку Кењештин депутаты анын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

     Добуш бере  турган  күнү каттоо ар бир танапистен кийин, добуш бе-

рээрдин алдында,  Жогорку Кењештин жыйналышынын аягында жана депутаттык

фракциялардын сунушу  боюнча жүзөгө ашырылат. Башка күндөрү каттоо жый-

налыш башталаардын  алдында  жүргүзүлөт.  Төрагалык  кылуучу жыйналышты

жаап жатып,  Жогорку Кењештин кийинки жыйналышында кайсы маселелер кан-

дай тартипте карала тургандыгы жөнүндө депутаттардын эсине салат.

     (КР 2006-жылдын 16-июнундагы N 90, 2008-жылдын 25-январындагы N 1,

2009-жылдын 23-январындагы № 16, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     28-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралып жаткан маселенин демилге-

чилери, комитеттердин  төрагалары  (өкүлдөрү), депутаттык фракциялардын

лидерлери же  фракциянын ыйгарым укуктуу депутаттары (саны 10 депутатка

чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 10дон 20 депу-

татка чейинки  фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 20дан 30

депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 30дан

40 депутатка  чейинки фракциядан - беш депутаттан ашпаган чыгып сүйлөө-

чү, саны  40тан 50 депутатка чейинки фракциядан - алтыдан ашпаган чыгып

сүйлөөчү, саны  50дөн 60 депутатка чейинки фракциядан - жетиден ашпаган

чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка чейинки фракциядан сегизден аш-

паган чыгып  сүйлөөчү, саны 70ден 80 депутатка чейинки фракциядан - то-

гуздан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 80ден 90 депутатка чейинки фракция-

дан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү) жарыш сөздөргө катышууга, талкуула-

нып жаткан маселелердин маани-мазмуну боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди

жана түзөтүүлөрдү  киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-

ралган учурларда  Жогорку Кењеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу кыз-

мат адамдарын  талапкерликке  сунуш  кылууга жана талапкерлер боюнча өз

пикирин айтууга акылуу.

     Комитеттер жана  депутаттык  фракциялар  суроо берүүгө, маалымдама

берүүгө, депутаттардын арасында Жогорку Кењештин ишине тиешелүү матери-

алдарды көбөйтүүгө  жана  таратууга,  ошондой эле ушул Регламентти жана

Жогорку Кењештин  башка актыларынан белгиленген башка укуктардан пайда-

ланууга укуктуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     29-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутаттары  Жогорку Кењештин кароосуна киргизи-

лүүчү маселелер  жөнүндө  ушул Регламент менен белгиленген мөөнөттө ка-

бардар болушат. Мыйзамдардын, Жогорку Кењештин токтомдорунун долбоорло-

ру жана башка зарыл болгон материалдар, эгерде Жогорку Кењеш башка тар-

типти караштырбаса,  Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибине кирги-

зүү жөнүндө  маселе каралганга чейин 3 күндөн кечиктирилбестен депутат-

тарга берилет.

 

     30-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышында төрагалык кылуучу:

     1) жыйналыштын жалпы жүрүшүнө  жетекчилик  кылып,  ушул  Мыйзамдын

сакталышын камсыз кылат;

     2) жыйналыштын күн тартибине ушул  Мыйзамдын  талаптарына  ылайык,

болбосо  Жогорку  Кењештин  чечими менен аныкталган дагы башка тартипке

ылайык катталган табыштамалардын келип  түшүшүнө  жараша  чыгып  сүйлөө

үчүн сөз берет;

     3) Жогорку Кењештин уюштуруу  жагындагы  чечимдеринин  аткарылышын

камсыз кылат;

     4) Жогорку Кењештин депутаттык фракцияларынын ар бир сунушун келип

түшүшүнө жараша добушка коет;

     5) добуш берүүнү өткөрөт жана анын натыйжаларын жарыялайт;

     6) Жогорку  Кењештин  жыйналыштарынын протоколдорунун жана стеног-

раммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;

     7) протоколдук тапшырмаларга кол коет.

     Төрагалык кылуучу:

     1) ушул  Регламенттин  талаптары бузулганда депутатка эскертүү бе-

рүүгө, ал эми кайталанганда - аны сөз сүйлөөдөн ажыратууга;

     2) төрагалык  кылуучунун,  башка  депутаттардын же чакырылган жана

башка адамдардын дарегине одоно, мазактаган сөздөрдү айтууга жол берген

Жогорку Кењештин депутатын сөз сүйлөөдөн эскертүүсүз ажыратууга;

     3) жыйналыштын  жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,

ушул Регламенттин ченемдерин бузуулар жөнүндө эскертүүгө;

     4) Жогорку Кењештин жыйналышынын ишине тоскоолдук кылган  чакырыл-

ган адамдарды жыйналыш залынан чыгарып салууга укуктуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     31-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналышында төрагалык кылуучу депутаттардын чы-

гып сүйлөгөн сөздөрүн комментарийлөөгө,  чыгып сүйлөөчүлөргө  мүнөздөмө

берүүгө укугу жок.

     Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш  бергенде  төрагалык

кылуучу эњ акырында добуш берет.

     Төрагалык кылуучу  ушул  Регламенттин  талаптарын үч жолу бузганда

жыйналышка катышкан  депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү менен Жогорку

Кењеш талкууланып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин баш-

ка төрагалык кылуучуну дайындоого укуктуу.

 

     32-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналыштары Жогорку Кењеш тарабынан белгиленген

убакта өткөрүлөт.

 

     33-статья.

 

     Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын жана корутунду сөздүн узак-

тыгы баяндамачылар  жана кошумча баяндамачылар менен макулдашып төрага-

лык кылуучу  тарабынан  белгиленет,  бирок баяндама үчүн - 20 мүнөттөн,

кошумча баяндама  үчүн - 10 мүнөттөн жана корутунду сөз үчүн 7 мүнөттөн

ашпоого тийиш.

     Жарыш сөздө жана мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча сүйлөгөндөр-

гө 5  мүнөткө  чейин,  жыйналышты  алып баруу тартиби үчүн, добуш берүү

жүйөөсү, талапкерлер боюнча, билдирүүлөр, суроолор, сунуштар, маалымат-

тар, маалымкаттар үчүн 2 мүнөткө чейин убакыт берилет.

     Белгиленген убакыт  бүткөндөн  кийин төрагалык кылуучу бул жөнүндө

чыгып сүйлөөчүгө эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу.

     Жыйналышка катышкан  Жогорку  Кењештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн

макулдугу менен төрагалык кылуучу жыйналыштын күн тартибине киргизилген

маселенин жалпы узактыгын, суроолорго жана жоопторго чегерилген убакыт-

ты белгилеши, сөз сүйлөөнүн убактысын узартышы мүмкүн.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     34-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналыштарында комитеттин төрагасы (өкүлү), де-

путаттык фракциянын  лидери  же  фракциянын ыйгарым укуктуу депутаттары

бир эле маселе боюнча жарыш сөзгө эки жолудан ашык чыгып сүйлөй албайт.

     Жогорку Кењештин  жыйналыштарында  бир  эле маселе каралган учурда

комитеттин төрагасы (өкүлү), депутаттык фракциянын лидери же фракциянын

ыйгарым  укуктуу депутаттары жол-жобо боюнча эки жолудан кем эмес чыгып

сүйлөй алат.

     Жогорку Кењештин  жыйналышында төрагалык кылуучунун уруксатысыз эч

ким чыгып сүйлөй албайт.

     Жарыш сөздүн токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган

комитеттин төрагасы (өкүлү), депутаттык фракциянын лидери же депутаттык

фракциянын өкүлү кол коюлган өздөрүнүн сөзүнүн текстин Жогорку Кењештин

жыйналышынын стенограммасына тиркетип коюуга укуктуу.

     Ар бир  фракция  Жогорку  Кењештеги  фракциялардын пропорционалдык

өкүлчүлүгүнө ылайык (саны 10 депутатка чейинки фракция - бир жолу, саны

20  депутатка  чейинки фракция - эки жолу жана саны 50 депутаттан ашкан

фракция - үч жолу) талкууланып  жаткан  маселе  боюнча  кезексиз  чыгып

сүйлөөгө укуктуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     35-статья.

 

     Талкууланып жаткан  маселе боюнча жарыш сөз Жогорку Кењеш белгиле-

ген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу, же Жогорку Кењештин депутаттарынын

көпчүлүгү кабыл  алган  чечим  боюнча токтотулушу мүмкүн.    

     Жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин баян-

дамачы жана кошумча баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                                7-глава

                    Жањы шайланган Жогорку Кењештин

                           биринчи жыйналышы

 

     36-статья.

 

     Жогорку Кењеш  өзүнүн  биринчи сессиясына конституциялык курамынын

үчтөн экисинен кем эмеси шайлангандан кийин 30 күндөн кечикпей чогулат.

     Жогорку Кењештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайланган учурда жа-

њы шайланган Жогорку Кењеш биринчи жыйналышына Жогорку Кењештин консти-

туциялык курамынын  кеминде  үчтөн  экиси шайлангандан кийин мөөнөтүнөн

мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен чогу-

лат.

     Жањы шайланган  Жогорку Кењештин жыйналышынын биринчи күнүнөн тар-

тып жана жањы чакырылыштагы курамдын үчтөн экисинен кем  эмес  депутат-

тардын анты алынгандан кийин мурдагы шайланган Жогорку Кењештин ыйгарым

укуктары токтотулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     37-статья.

 

     Жогорку Кењештин Аппараты депутатка ал шайлангандан кийин 3 күндөн

кечиктирбестен төмөндөгүлөрдү жиберет:

     1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

     2) Жогорку Кењештин депутатынын статусун жөнгө салуучу мыйзамды;

     3) Жогорку Кењештин Регламенти;

     4) мурдагы шайланган Жогорку Кењештин комитеттеринин тизмесин;

     5) жањы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматтар (депутаттын фами-

лиясы, аты-жөнү,  туулган жылы, партиялуулугу, билими, кесиби, кызматы,

иштеген жери, жашаган жери жана башка маалыматтар)

     6) Жогорку Кењештин депутатынын консультанты,  жардамчысы жана ко-

омдук жардамчысы жөнүндө жоболорду;

     7) Жогорку Кењештин Аппараты жөнүндө жобону;

     8) Жогорку Кењештин Аппаратынын кызмат адамдарынын  тизмесин  жана

алардын кызматтык телефондорун.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     38-статья.

 

     Биринчи жыйналышка  коюла турган документтердин долбоорлорун иштеп

чыгуу, анын ишин уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн келишине жара-

ша  Жогорку  Кењештин  жањы  шайланган  депутаттарынын  ичинен  Даярдык

көрүүчү депутаттык топ түзүлөт.

     Бул топ  Жогорку Кењешке депутаттардын мандатынын эњ көп санын ал-

ган партиянын депутаттарынын демилгеси боюнча Жогорку Кењешке шайланган

башка партиялардын  депутаттарынын пропорционалдуу өкүлчүлүк принципте-

ринин негизинде башка депутаттарды тартуу менен Жогорку Кењешке келиши-

не ылайык жањы шайланган депутаттардын ичинен түзүлөт.

     Бул топ  Жогорку Кењешке депутаттардын мандатынын эњ көп санын ал-

ган партиянын депутаттарынын демилгеси боюнча Жогорку Кењешке шайланган

башка партиялардын  депутаттарынын пропорционалдуу өкүлчүлүк принципте-

ринин негизинде башка депутаттарды тартуу менен Жогорку Кењешке келиши-

не ылайык жањы шайланган депутаттардын ичинен түзүлөт.

     Даярдык көрүүчү депутаттык топ жүргүзүлгөн иш тууралу жањы шайлан-

ган Жогорку Кењештин биринчи жыйналышына отчет даярдайт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     39-статья.

 

     Жогорку Кењештин биринчи жыйналышында төрагалык кылуучу  шайланган

депутаттардын аты-жөнүн кабарлайт.

     Жогорку Кењештин депутаттары Жогорку Кењештин алдында ант беришет:

     "Мен, ..,  Жогорку  Кењештин  депутатынын кызматына киришип жатып,

Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип,  Кыргыз Республикасынын

Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз Милдеттеримди бүткүл элдин

кызыкчылыгында аткарууга,  кыргыз мамлекетинин эгемендигин жана көз ка-

рандысыздыгын коргоого ант беремин."

     Жогорку Кењештин депутаттарынын ыйгарым укуктары ант  кабыл  алган

күндөн тартып башталат.

 

     40-статья.

 

     Жогорку Кењеш   биринчи   жыйналышын  төмөнкүдөй  күн  таритибинде

өткөрөт:

     1) убактылуу эсептөө комиссиясын шайлоо;

     2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча  убактылуу

комиссияны шайлоо;

     3) Жогорку Кењештин Төрагасын шайлоо;

     4) Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарларын шайлоо;

     5) Жогорку Кењештин түзүмүн бекитүү;

     6) Жогорку Кењештин комитеттерин түзүү;

     7) Жогорку Кењештин комитеттеринин мүчөлөрүн бекитүү;

     8) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо.

     Демейки шарттарда жањы шайланган Жогорку Кењештин биринчи жыйналы-

шынын күн тартибинин жогоруда аталган бөлүгү талкуулоону жана бекитүүнү

талап кылбайт.

     Комитеттер түзүлгөндөн кийин Жогорку Кењеш депутаттык фракцияларды

түзгөнгө, өз  ара кењешкенине, депутаттар курамына кирүүнү каалаган ко-

митеттерди тандаганына  убакыт  берүү максатында жыйналыштарга 2 күндүк

танапис жасайт.

     Жогорку Кењештин  комитеттери  түзүлгөндөн кийин төрагалык кылуучу

фракциянын лидери  менен макулдашуу боюнча депутаттардын кењешүүсү жана

комитеттердин мүчөлөрүн аныктоо үчүн жыйналышка тыныгуу жарыялайт.

     Ушул Регламентте  көрсөтүлгөн  учурларды кошпогондо, Жогорку Кењеш

тарабынан маселелердин каралышы Жогорку Кењештин тиешелүү комитеттерин-

де алар алдын ала талкуулангандан кийин жүргүзүлөт.

     (КР  2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     40-1-статья.

 

     Координациялык кењешме  Төрага тарабынан Төраганын орун басарлары-

нын, комитеттердин  төрагаларынын жана фракциянын лидерлеринин же коми-

теттердин төрагалары  жана фракциянын лидерлери болбогон учурда алардын

орун басарларынын катышуусу менен өткөрүлөт.

     Координациялык кењешмеде төмөндөгүдөй маселелер каралат:

     1) Жогорку  Кењештин  ишинин  жалпы программасынын долбоорун иштеп

чыгуу;

     2) Жогорку  Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жат-

кан маселелердин календарын түзүү;

     3) Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттердин төрагала-

рынын жана фракциялардын лидерлеринин сунушу боюнча башка маселелер.

     Координациялык кењешменин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.

     (КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 138 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

                                8-глава

                        Жыйналыштын күн тартиби

 

     41-статья.

 

     Жогорку Кењеш маселелерди Жогорку Кењештин бекитилген күн тартиби-

не ылайык  карайт.  Жогорку Кењештин күн тартиби ай сайын Жогорку Кењеш

тарабынан кабыл алынат.

     Жогорку Кењештин  жыйналышынын күн тартибине ушул Регламенттин та-

лаптарына ылайык даярдалган маселелер кирет.

     Жогорку Кењештин тиешелүү комитеттери менен депутаттык фракциялар-

ды даярдоо  жана  жеткире даярдоо үчүн өздөрүнө бекитилген маселелердин

даярдалгандыгы жөнүндө  өзүнүн корутундусун жана аларды жыйналыштын күн

тартибине киргизүү тууралу сунушун беришет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     42-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун Жогорку Ке-

њештин төрагасы  депутаттык  фракцияларга жана депутаттарга аны Жогорку

Кењеште талкуулоого чейин 3 күндөн кеч эмес берет.

     Жыйналыштан күн  тартибинин  долбооруна Жогорку Кењеш түзгөн, уюш-

турган, шайлаган,  дайындаган,  бекиткен же дайындоого макулдук берүүчү

органдардын, кызмат адамдарынын отчеттору жана баяндамалары киргизилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     43-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналышынын күн тартибинин долбоору Жогорку Ке-

њешке кароого Жогорку Кењештин Төрагасы тарабынан киргизилет жана депу-

таттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом түрүндө кабыл алы-

нат.

     Кандай гана маселе болбосун жыйналыштын күн тартибине киргизүү ту-

уралу талкуу кыскартылган жол-жобо боюнча өткөрүлөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     44-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибиндеги бекитилген  маселе-

лер аларда каралган ырааттуулуктан башкачараак каралышы, кийинкиге кал-

тырылышы,  өзгөртүлүшү же Жогорку Кењештин чечими боюнча алып  салынышы

мүмкүн.

     Күн тартибиндеги бекитилген маселелерди толугу менен башка  ыраат-

туулукта  же аларды кароону кийинкиге калтыруу жөнүндөгү чечим депутат-

тардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     Толугу менен бекитилген күн тартибинен маселелерди алып салуу туу-

ралу чечим  депутаттардын  жалпы  санынын  көпчүлүгү добушу менен кабыл

алынат.

     Бекитилген күн тартибиндеги маселени кароону андан кийинки  кезек-

теги  жыйналышка калтыруу тууралу чечим бирден ашуун жолу кабыл алынышы

мүмкүн.  Эгерде республикалык бюджетти жактыруу жөнүндөгү маселе боюнча

чечим  кабыл алууну кийинкиге калтыруу бюджеттик жөнгө салууну кыйында-

тууга алып келет деген  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  корутундусу

болсо,  ал кийинки жыйналышка калтырылбайт.  Күн тартибиндеги кийинкиге

калтырылган маселе кезексиз жыйналышта каралышы мүмкүн.

     Күн тартибине  киргизилбеген маселени жыйналышта кароо жөнүндө че-

чимди Жогорку Кењеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк  добушу  менен

кабыл алалат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     45-статья.

 

     Жуманын башталышындагы  биринчи жыйналышта (бул маселени жыйналыш-

тын күн тартибине киргизбестен) депутаттардын  кыскача  сүйлөөлөрүнө  -

сунуш киргизүүлөрүнө (атайын белгиленген тартипте киргизилүүчү учурлар-

ды кошпогондо), суроо-талаптарды, билдирүүлөрдү, маалымдоолорду жар са-

лууга  30  мүнөткө (3 мүнөткө чейин) убакыт бөлүнөт.  Бул учурда талкуу

жүргүэүлбөйт.

     Депутаттардын Жогорку Кењештин ишине тиешелүү болгон сунуштары ме-

нен билдирүүлөрүнө Жогорку  Кењештин  тиешелүү  кызмат  адамдары  жазуу

жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

 

     46-статья.

 

     Кийинкиге калтырууга  мүмкүн  болбогон  учурларда Жогорку Кењештин

сессияларынын аралыгындагы мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституция-

сына  ылайык  кезексиз сессия чакыруу тууралу маселе койгонго укугу бар

адамдардын жана органдардын  жүйөлүү  сунушу  боюнча  Жогорку  Кењештин

Төрагасы  3  күндүк  мөөнөттөн кечиктирбестен Жогорку Кењештин кезексиз

сессиясын чакырат.  Демейдеги учурларда бул сессиялардын күн  тартибине

мындай сессияны чакыруу жөнүндөгү сунуштарда көрсөтүлгөн маселелер гана

киргизилет.

 

                                9-глава

                      Добуш берүү жана чечимдерди

                          кабыл алуу тартиби

 

     47-статья.

 

     Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн пайдала-

нуучу төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

     1) Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы саны - 90 адам;

     2) шайланган  депутаттардын саны - Жогорку Кењешке шайланган депу-

таттардын саны,  мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктары  токто-

тулган депутаттарды жана добуш берүү өткөрүлгөн учурда чыгып калган Жо-

горку Кењештин депутаттарын кошпогондо;

     3) жыйналышка  катышып  жаткан  депутаттардын саны - добуш берүүнү

өткөрүүнүн алдында акыркы каттоонун учурунда катталган Жогорку Кенештин

депутаттарынын саны;

     4) квалификацияланган көпчүлүк добуштар - Жогорку  Кењештин  депу-

таттарынын жалпы саны берген добуштардын төрттөн үчүн, үчтөн экисин жа-

на башканы түзгөн добуштардын саны,

     5) көпчүлүк добуштар - Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы

санынын жарымынан ашык добуштарынын саны;

     6) жөнөкөй  көпчүлүк добуштар - жыйналышка катышкан Жогорку Кењеш-

тин депутаттарынын санынын жарымынан ашыгы берген добуштардын саны.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     48-статья.

 

     Жогорку Кенештин  чечимдери  анын жыйналыштарында ачык же жашыруун

добуш берүү менен кабыл алынат.

     Жогорку Кењештин  жыйналыштарында добуш берүү добуштарды эсептөөчү

электрондук тутумду пайдалануу,  аталган электрондук тутумду  пайдалан-

бастан, бюллетендерди пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

     Электрондук тутумду пайдалануу менен добуш берүү сандык,  рейтинг-

дик, альтернативалуу жана сапаттык түрдө болушу мүмкүн.

     Сандык добуш берүү - "макул",  "каршы" же "калыс" деген жооптордун

вариантын  тандоо.  Добуштарды  эсептөө  жана  добуштардын натыйжаларын

берүү ар бир добуш берүүнүн варианты боюнча жүргүзүлөт.

     Рейтингдик добуш берүү - ар бир депутаттын катышуусу мүмкүн болгон

ар бир маселе боюнча ырааттуу сандык добуш берүүнүн катары Мында ар бир

добуш берүү боюнча добуш берүүнүн натыйжаларын сунуш кылуу бардык масе-

лелер боюнча добуш берүү аяктаганда гана жүргүзүлөт.

     Альтернативалуу добуш  берүү - добуш берүүгө коюлган маселенин ва-

рианттарынын бири үчүн гана ар бир депутаттын добуш берүүсү. Добуштарды

эсептөө  жана добуш берүүнүн натыйжаларын чыгаруу добуш берүүгө коюлган

маселенин бардык варианттары боюнча бир мезгилде жүргүзүлөт.

     Сапаттык добуш  берүү  -  "канааттандырарлык",  "канааттандырарлык

эмес" деген эки варианттын бири боюнча добушка коюлган маселеге  сапат-

тык баа берүү аркылуу альтернативалуу добуш берүү.

     Электрондук тутумду пайдалануу менен ачык  добуш  берүү  режиминде

атын  атап  добуш  берүү  натыйжалары  камсыз  кылынат.  Экранда  добуш

берүүнүн ар бир этабынын ("макул", "каршы", "калыс") жана добуш берүүгө

катышкандардын жалпы эсеби көрсөтүлүп турат, добуш берүүнүн натыйжалары

менен тизмелер тиешелүү формада түзүлөт жана көрсүтөлөт,  депутаттардын

койгон талабына жараша аларга билдирилет.

     Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү режимин-

де  добуш берүү аяктамайынча добуш берүүнүн ар бир этабынын натыйжалары

экрандан көрсөтүлбөйт Добуш берүү аяктагандан кийин ар бир этаптын  на-

тыйжалары   жана  добуш  берүүгө  катышкандардын  жалпы  саны  экрандан

көрсөтүлөт,  бирок аты аталган тизме компьютердин эсинде сакталып  кал-

байт.

 

     49-статья.

 

     Жогорку Кењештин   жыйналышында   ачык   добуш   берүү  добуштарды

эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен же Жогорку Кењештин че-

чими боюнча электрондук тутумду пайдаланбастан эле жүргүзүлөт.

     Электрондук тутумду пайдаланбастан добуш берүү  жүргүзүүдө  добуш-

тарды  эсептөө  Жогорку  Кењеш тарабынан шайланган эсептөө комиссиясына

тапшырылат.

     Ачык добуш берүү башталардын алдында төрагалык кылуучу сунуштардын

санын айтат, алар добушка коюлат, алардын жол-жоболоштурулушун жана до-

бушка кандай ырааттуулукта коюларын тактап, чечимди добуш берүүнүн кан-

дай түрү менен (депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес до-

бушу,  депутаттардын  жалпы  санынын көпчүлүк добушу жыйналышка катышып

отурган депутаттардын көпчүлүк добуш жана дагы башка көпчүлүк добуш ме-

нен белгиленген) кабыл алса болорун эске салат.

     Депутаттык фракциялардын  лидерлеринин талабы боюнча кандай маселе

болбосун добуш  берүү башталганга чейин 15 мүнөткө созулган бир тыныгуу

жарыяланат.

     Төрагалык кылуучу добуш берүүнүн башталгандыгы тууралу жарыя  кыл-

гандан кийин жыйналышты алып баруу тартиби боюнча билдирүүлөрдөн тышка-

ры добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга эч кимдин укугу жок.

     Добуштар эсептелип чыккандан кийин төрагалык кылуучу кабыл алынган

чечим тууралу жарыя кылат ("макул" - оњ же "каршы" - терс).

     Эгерде добуш  берүүнүн натыйжаларын аныктаганда техникалык (добуш-

тарды эсептөө тутумунун иштешине байланыштуу) же жол-жобо жагынан ката-

лар аныкталса, анда кайталап добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш, антпесе до-

буш берүү анык эмес деп эсептелет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     50-статья.

 

     Жогорку Кењештин чечими боюнча  энчилүү  бюллетендерди  пайдалануу

менен атын атап добуш берүү өткөрүлүшү мүмкүн.

     Энчилүү бюллетендерди  пайдалануу  менен  атын  атап  добуш  берүү

өткөрүү  жана  анын натыйжаларын аныктоо үчүн Жогорку Кењеш эсептөө ко-

миссиясын шайлайт.

     Атын атап добуш берүүнүн натыйжалары Жогорку Кењештин стенография-

лык отчетунда чагылдырылат жана массалык маалымат каражаттарына  жарыя-

ланышы мүмкүн.

 

     51-статья.

 

     Жогорку Кењештин  мыйзамдары, токтомдору эгерде Кыргыз Республика-

сынын Конституциясында  жана ушул Регламентте аларды кабыл алуунун баш-

кача тартиби белгиленсе депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу ме-

нен кабыл алынат.

     Эгерде ушул  Регламентте башкача каралбаса, Жогорку Кењештин акты-

лары ачык добуш берүү менен кабыл алынат.

     Жашыруун добуш  берүү  добуш  берүүгө катышкан депутаттардын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу  Жогорку  Кењештин  чечими

боюнча өткөрүлөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     52-статья.

 

     Депутат добуш берүүгө болгон өзүнүн укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.

Добуш берүүдөн четтөөгө жол берилбейт.

     Добуш берүү үчүн электрондук тутумду пайдаланууда Жогорку Кењештин

депутаты жүйөлүү себептер менен ал Жогорку Кењештин жыйналышына  катыша

албагандыгына байланыштуу өзүнүн добушун Жогорку Кењештин башка депута-

тына өткөрүп берүүгө жол берилет.

     Депутат мындай учурда:

     депутаттык фракция боюнча башка депутатка жазуу жүзүндөгү арызында

көрсөтүлгөн маселелер боюнча добуш берүү укугуна ишеним көрсөтө алат;

     каралып жаткан  маселелер боюнча депутаттык фракциянын жетекчисине

өзүнүн кат  жүзүндөгү, факсимилдүү чечимин өткөрүп бере алат, бул депу-

таттык фракцияга жок депутаттын ордуна добуш берүүгө укук берет;

     Жогорку Кењештин депутатынын өзүнүн добушун башка депутатка же де-

путаттык фракциянын  жетекчисине жыйналышка катышпаган мезгилде өткөрүп

бериши жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы депутаттык бланкта катышпаганды-

гынын себептерин,  добуш  канча  убакытка берилгендигин көрсөтүү менен,

ошондой эле Жогорку Кењеште каралган маселелер боюнча добуш берүүдө до-

бушту кандай пайдаланууну көрсөтүүсү менен түзөт.

     Жогорку Кењештин Төрагасы катышпаган депутаттардын тизмесин, ошон-

дой эле  өз  добушун  башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине

тапшырган депутаттардын  тизмесин  Жогорку Кењештин жыйналышында жарыя-

лайт. Эгерде  Жогорку  Кењештин  депутаты өз добушун башка депутатка же

депутаттык фракциянын  лидерине  тапшырбаса, катышпаган депутаттын жеке

компьютери өчүрүлөт.

     Өзүнүн добушун  Жогорку  Кењештин  жыйналышына катышпаган мезгилде

өткөрүп берүү  жөнүндө  чечимин  депутат  телеграмма менен жөнөтүүгө да

акылуу.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жазуу жүзүндөгү арызы, факсимилдүү

билдирүүлөрү жана  телеграммалары эсепке алуу жана жыйналыштын протоко-

луна тиркелүү үчүн Жогорку Кењештин Төрагасына берилет.

     Добуш берүү  учурунда болбой калган депутат добуш берүүгө бөлүнгөн

убакыт бүткөндөн кийин өз добушун берүүгө укугу жок.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы N 1, 2008-жылдын 29-декабрындагы N

277 , 2009-жылдын 15-октябрындагы №276 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     53-статья.

 

     Четке кагылган  мыйзам  долбоорлорун кошпогондо,  Жогорку Кењештин

жыйналышынын учурунда каралып жаткан маселеге бир жолу  кайрылууга  жол

берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылуу бул маселе боюнча мурда кабыл

алынган чечимди жокко чыгарууну билдирет.  Каралган  маселеге  кайрылуу

жөнүндө  добуш  берүү  аны жокко чыгарган чечимди кабыл алуу тартибинде

жүргүзүлөт.  Алгачкы добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна

киргизилет жана Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулбайт.

     Жол-жобо маселелери боюнча чечим жыйналышка катышып отурган  депу-

таттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Төмөнкүлөр жол-жобо масе-

лерине кирет:

     1) жыйналыштагы   танапис,  жыйналыштын  жылдырылышы  же  жабылышы

жөнүндө;

     2) чыгып сүйлөөчүлөр үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;

     3) жыйналышка чакырылгандарга сөз берүү жөнүндө;

     4) жыйналыштын күн тартибинин маселеси боюнча жарыш сөздү кийинки-

ге калтыруу жөнүндө;

     5) жыйналыштын   күн   тартибинин   маселелерине  өтүү  (кайрылуу)

жөнүндө;

     6) маселени тиешелүү комитеттин кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;

     7) жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө;

     8) ушул  Мыйзамдын  22-статьясынын  экинчи  бөлүгүндө  көрсөтүлгөн

адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;

     9) чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

     10) добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;

     11) депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүү жөнүндө.

 

     54-статья.

 

     Ар түрдүү  маселелер  менен  сунуштар  боюнча талкуулоо жана добуш

берүү каралып жаткан маселеге карата депутаттардын көпчүлүгүнүн  чыныгы

ой-мүдөөсүн аныктагандай кылып жүргүзүлөт.

     Бир маселе боюнча чечим кабыл алынмайынча аны кароо күн  тартибин-

деги  башка маселелерди кароо менен үзгүлтүккө учурабашы керек:  эгерде

мындай болсо, күн тартибиндеги үзгүлтүккө учураган маселени кароо башы-

нан башталат.

     Талкууланган маселе боюнча чечим кабыл алуу аны кароо  аяктагандан

кийин жүзөгө ашырылат.

     Депутаттын добуш берүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз  кылуу

максатында  Жогорку Кењеш добуш берүү үчүн башка,  атайын күндү же мез-

гилди белгилеши мүмкүн.

     Добуш берүү  жол-жобосу  талкууланып  жаткан  маселе  боюнча келип

түшкөн  сунуштарды  жыйналышка  төрагалык  кылуучу  жарыялаган  учурдан

бөлүнбөйт жана добуш берүүгө коюлат,  эгерде ушундай болуп калса жыйна-

лышка төрагалык кылуучу маселени кароону токтотулган жерден улантат.

 

     55-статья.

 

     Маселени талкуулоо  аяктагандан кийин жыйналышка төрагалык кылуучу

жарыш сөздү токтотуу жана добуш берүүгө өтүү туурасында жарыялайт.

     Жыйналышка төрагалык  кылуучу добуш берүүнүн башталышын жыйналышка

катышып отурган депутаттар менен макулдашат, чечим кабыл алуу үчүн кан-

дай сандагы  добуштар  керек  экендигин, ошондой эле бул маселе боюнча,

эгерде ушул  Мыйзамдын атайын талаптары болсо же депутаттардан сунуштар

келип түшсө, добуш берүүнүн түрүн да жарыя кылат.

     Эгерде добушка коюлган мыйзам долбооруна карата жооптуу комитеттин

же депутаттык фракциянын долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор туура-

лу сунуштары  болсо,  ага  демилгечи макул болбосо анда добушка биринчи

болуп мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу субъект тарабынан сунуш кылын-

ган долбоор, андан кийин комитеттин же фракциянын сунуштары коюлат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     56-статья.

 

     Жыйналышка төрагалык  кылуучу  добуш берүүнүн башталганын жарыяла-

гандан кийин анын сөзүн эч ким бөлө албайт.  Добуш  берүү  башталгандан

тартып анын натыйжалары чыкканга чейин эч кимге сөз берилбейт.

     Добуш берүү жол-жобосу бузулса же аны өткөрүүнүн учурунда ага тос-

коолдук жасалганда дароо талкуусуз кайталап добуш берүү өткөрүлөт.

 

     57-статья.

 

     Жазуу жүзүндө келип түшкөн жана чакыртып алынбаган бардык сунуштар

менен түзөтүүлөр добуш берүүгө коюлат.

     Өзгөчө пикири болгон учурда депутаттык фракция төрагалык кылуучуга

аны жазуу жүзүндө берет, ал бул сунушту жыйналышта жарыя кылат жана до-

бушка коет.  Эгерде  депутаттык фракция өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жү-

зүндө жол-жоболоштурууга  үлгүрбөсө,  талкууланып  жаткан маселе боюнча

добуш берүү кийинкиге калтырылат.

     Эгерде сунуш кылынган текст жыйналышта талкууланган маселеге  тие-

шеси  болбосо жана Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылган тексттин маа-

ни-мазмунун кайталаса,  төрагалык кылуучу сунуштун же түзөтүүнүн демил-

гечисине  ал сунуш кылган текстти добушка коюудан баш тартылышы мүмкүн.

Буга байланыштуу жол-жобо чечими Жогорку Кењеш тарабынан  талкууланбас-

тан эле кабыл алынышы мүмкүн.

     Кабыл алынган текст боюнча чечим жокко чыгарылгандан кийин аны ка-

роо кайрадан башталган учурларды кошпогондо,  мурда кабыл алынган текст

боюнча Жогорку Кењеш четке каккан сунуштар жана  түзөтүүлөр  кайталанып

киргизилгенде  (күн  тартибинин  ошол эле маселесин кароонун жүрүшүндө)

добушка коюлбайт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     58-статья.

 

     Эгерде бир эле маселеге тиешеси бар эки же андан ашык сунуштар би-

ри-бирине карама-каршы келген учурларда (альтернативалуу сунуштар), Жо-

горку Кењеш алардын маани-мазмуну боюнча аны андан ары киргизүү  ырааты

менен  кароо  үчүн алгылыктуу деп эсептелгенин аныктайт жана сунуштарды

добушка коет.  Алгылыктуу сунушту андан ары кароо үчүн тандоо  депутат-

тардын тиешелүү добуштарынын көпчүлүгү менен жүзөгө ашырылат. Альтерна-

тивалуу сунуш болгон учурда алардын ичинен  толугу  менен  кайсы  бирин

алып салуу жөнүндө добуш берүү жүргүзүлбөйт.

     Эгерде андан ары кароо үчүн алгылыктуу деп добуш  берүүгө  коюлган

сунушка бир дагы сунуш болбосо, түзөтүү келип түшпөсө (анын ичинде жый-

налышта да),  ал толугу менен кабыл алынды деп эсептелинет; башка учур-

ларда  аны андан ары талкуулоо жана ал боюнча добуш берүү аны андан ары

кароонун ылайыктуулугун добушка коюуну  эске  албай,  жалпы  башталышта

жүзөгө ашырылат.

 

     59-статья.

 

     Эгерде добуш  берүүгө  коюлган сунуш же түзөтүү бир нече жоболорду

камтыса же бир нече жүйөлөргө тиешелүү  болсо,  болбосо  бул  же  тигил

түрдө бир нече бөлүктөрдөн туруп, алардын ар бири өзүнчө укуктук маани-

ге ээ болсо,  анда жыйналышка киргизилген сунуш боюнча добуш берүү анын

бөлүктөрү   боюнча,   андан  кийин  толугу  менен  жүргүзүлүшү  мүмкүн;

бөлүктөрү боюнча добуш берүү жөнүндө жол-жоболоштурулган чечим  талкуу-

лоосуз кабыл алынышы мүмкүн.

     Эгерде добушка коюлган бардык сунуштардын бөлүктөрү же  түзөтүүлөр

добуш  берүүнүн натыйжасында кабыл алынса же түзөтүү четке кагылса,  же

эгерде  добуш  берүүгө  коюлган  бардык   сунуштардын   бөлүктөрү,   же

түзөтүүлөр четке кагылса,  анда сунуш же түзөтүү толугу менен четке ка-

гылды деп эсептелинет.

     Сунуштарды, түзөтүүлөрдү  бөлүктөр боюнча добушка коюу чечимин ка-

был алуу аларды  толугу  менен  кабыл  алгандагыдай  эле  депутаттардын

көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат.

 

     60-статья.

 

     Сунушка киргизилген  түзөтүү сунуштун өэүнөн мурда добушка коюлат.

Эгерде сунуш кылынган түзөтүү сунушту четке кагуу максатын көздөсө, ан-

да сунуштун тексти добушка коюлат.

     Түзөтүүгө түзөтүү киргизүү негизги түзөтүүдөн мурда  добушка  кою-

лат.  Өзгөртүү  менен  толуктоонун түзөтүүсүнө түзөтүү добуш берүү жолу

менен киргизилбейт, ал өзүнчө сунуш түрүндө сунушталат.

     Сунушка эки  же  андан ашык түзөтүү киргизилген учурда добуш берүү

алгач сунуштун бардык маани-мањызын өзгөртүүчү  түзөтүүгө  андан  кийин

сунуштун маани-мањызын  көбүрөөк,  андан  соњ  - сунуштун маани-мањызын

азыраак өзгөртө турган түзөтүү боюнча добуш берилет,  ушундан  кийин  -

түзөтүү-толуктоо  боюнча  добуш  берилет жана бардык түзөтүүлөр бүткүчө

андан ары добушка коюла берет.  Эгерде бир түзөтүүнү кабыл алуунун  на-

тыйжалары  менен башка альтернативалуу түзөтүү четке кагылса,  акыркысы

добушка коюлбайт.  Сунушка түзөтүүлөр добушка коюлгандан кийин ага кир-

гизилген түзөтүүлөрү менен бирге сунуш толугу менен добушка коюлат.

 

     61-статья.

 

     Ушул сунуштарга   таандык  сунуштар  менен  түзөтүүлөрдү  кароонун

жүрүшүндө анын айрым бөлүктөрүн алып салуу  жөнүндө  сунуш  киргизилиши

мүмкүн.  Сунушту  толугу  менен  (бирок  ага түзөтүүнү эмес) алып салуу

жөнүндө добуш берүү сунуш альтернативалуу болбогондо  жана  ага  карата

түзөтүүлөр  болгон  учурда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  Алып салуу жөнүндө

чечим депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     Жогорку Кењеш  тарабынан  текстти алып салуу жөнүндөгү кабыл алына

элек сунуш четке кагылса,  аны жактыруу тууралу чечим кабыл алууну бил-

дирбейт  жана  жалпы башталышта анын маани-мазмуну боюнча талкууну жана

добуш берүүнү өткөрүүнүн зарылдыгын алып салбайт.

     Сунуштан же  түзөтүүдөн текстин бир бөлүгүн алып салуу жөнүндө су-

нуш киргизилген учурда жыйналышта төрагалык кылуучу  өз  ыктыяры  менен

аны колдогон чечим кабыл алуу үчүн түзөтүүнүн текстинин бул бөлүгүн до-

бушка коюунун санын азайтуу үчүн добушка коюшу мүмкүн.  Сунуштун демил-

гечиси  тексттин  бир бөлүгүн алып салуу жөнүндө өзүнүн сунушун ушундай

эле жол менен киргизе алат.

     Жогорку Кењеш  тарабынан  мурда  кабыл  алынган текстти алып салуу

жөнүндө чечим колдонуудагы  мыйзамдарга  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор

киргизүүнүн тартибине ылайык кабыл алынат.

 

     62-статья.

 

     Добуш берүүгө  коюла турган сунуштардын же түзөтүүлөрдүн тексттери

жарыя кылынууга тийиш;  мында текстти  киргизүүнүн  демилгечисинин  аты

аталат.

     Бири-бирине дал келбеген бир нече сунуштар  же  түзөтүүлөр  боюнча

добуш  берээрдин  алдында жыйналышка төрагалык кылуучу алардын мазмунун

ирети менен жарыялайт жана эгерде аларга сын-пикирлер болбосо,  ар  бир

түзөтүү  же  сунуш  боюнча өз алдынча добуш берүүгө өтөт.  Сын-пикирлер

болгондо талкуу өткөрүлөт.

     Ар бир  добуш берүүнүн алдында жыйналышта төрагалык кылуучу сунуш-

тун мазмунун түзөт,  ал добушка коюлат,  эгерде каршы пикирлер болбосо,

ошол замат ал боюнча добуш берүүнү сунуш кылат.

     Добуш берүү аяктагандан кийин жыйналышта  төрагалык  кылуучу  анын

толук натыйжаларын жана кабыл алынган чечимди окуп берет.

 

     63-статья.

 

     Жогорку Кењеш кабыл албаган мыйзам, токтом долбоорунун статьясы же

статьясынын бөлүгү мыйзамдын, токтомдун текстинен алып салынат. Бул ма-

селени  кароо  бүтмөйүнчө  алар  кайрадан каралбайт жана кайрадан добуш

берүүгө жол берилбейт.

 

     64-статья.

 

     Эгерде ушул Регламентте башка жагдайлар каралбаса, бир нече талап-

кер көрсөтүлгөндө  же  Жогорку  Кењеш тарабынан каралып жаткан маселени

чечүү боюнча  бир  нече  вариантты кабыл алууда Жогорку Кењештин чечими

боюнча добуш берүү үч түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.

     Биринчи турда талапкерлердин саны канча же  маселени  чечүүнүн  ар

кандай варианттары болбосун,  Жогорку Кењештин ар бир депутатынын добуш

беришине жол берилиши мүмкүн.

     Добуш берүүнүн  экинчи  туру  биринчи турда эњ көп добуш алган эки

талапкер же маселени чечүүнүн эки  варианты  боюнча  өткөрүлөт.  Экинчи

турдун  жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдин кабыл алынышы үчүн белгилен-

ген добушту алган талапкер шайланды же чечимдин варианты  кабыл  алынды

деп эсептелинет.

     Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунда эки талапкер же  эки  вариант

бирдей  сандагы  добуш  алса,  Жогорку Кењеш кайра добуш берүү өткөрөт.

Мында Жогорку Кењештин ар бир депутаты бир гана  талапкер  же  чечимдин

бир варианты үчүн гана добуш бере алат.

     Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунда эки талапкердин  же  чечимдин

варианттарынын  бири  да  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын

көпчүлүк добушун алалбаса, Жогорку Кењеш эњ көп добуш алган талапкердин

бири  боюнча  же  чечимдин  варианттарынын  бири  боюнча добуш берүүнүн

үчүнчү турун өткөрөт.

     Эгерде талапкер же чечимдин варианты Жогорку Кењештин депутаттары-

нын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгүнүн добушун алалбаса,  жањы талап-

керлерди  же  чечимдин  жаны  варианттарын  көрсөтүү  менен жањы шайлоо

өткөрүлөт.

 

     65-статья.

 

     Жашыруун добуш  берүү бюллетендерди пайдалануу менен же добуштарды

эсептөөнүн электрондук система аркылуу жүргүзүлөт.

     Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берилген учурда бар-

дык депутаттык  фракциялардын  өкүлчүлүгүн эске алуу менен 7 депутаттан

кем эмес сандагы эсептөө комиссиясы шайланат.

     Эсептөө комиссиясы өз курамынан комиссиянын төрагасын жана  катчы-

сын  шайлайт.  Өзүнүн  чечимдерин  эсептөө  комиссиясы анын мүчөлөрүнүн

көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

     Жашыруун добуш  берүүнүн бюллетендери эсептөө комиссиянын контрол-

дугу астында ал сунуш кылган жана Жогорку Кењештин чечими  менен  беки-

тилген  формадагы Жогорку Кењештин шайланган депутаттарынын санына ыла-

йык келүүчү санда даярдалат жана керектүү  маалыматты  камтыйт.  Аларды

тараткандан  кийин  эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер анын

мүчөлөрүнүн катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы  тарабынан  жок

кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүүнүн тартиби ушул

Мыйзамга ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан  белгиленет  жана  эсептөө

комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.

     Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан башкасы белгиленбесе,  жашыруун до-

буш берүү үчүн бюллетендерди берүү добуш берүүнүн башталышына бир саат-

тан кечиктирилбестен башталат; жашыруун добуш берүү добуш берүү баштал-

ган учурдан тартып 30 мүнөттүн ичинде өткөрүлөт.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     66-статья.

 

     Жогорку Кењештин ар бир депутатына бир бюллетень берилет.

     Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер Жогорку Кењештин  депутатта-

рына  Жогорку Кењештин депутатынын күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин Жогорку

Кењештин депутаттарынын тизмесине ылайык эсептөө  комиссиясы  тарабынан

берилет. Бюллетень алгандан кийин Жогорку Кењештин депутаты көрсөтүлгөн

тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна колун коет.

     Жашыруун добуш  берүү  үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы тарабынан

мөөр басылган атайын үкөккө ташталат.

     Эсептөө комиссиясы  жашыруун  добуш  берүү  үчүн депутаттарга шарт

түзүп берүүгө милдеттүү.

     Атайын үкөктү ачуу жана жашыруун добуш берүү бюллетендерин эсептөө

Жогорку Кењештин  жыйналыш  залында  ачык  жүргүзүлөт.  Жашыруун  добуш

берүүнүн  натыйжаларын  эсептеген  учурда  Жогорку Кењештин депутаттары

эсептөө комиссиясынын иштөөсүнө кийлигишпестен карап тура алышат.

     Формасы башка  бюллетендер  депутаттардын добуш берүүсүн эсептеген

учурда, ошондой эле депутаттардын ой-мүдөөсүн аныктоого мүмкүн болбогон

бюллетендер жараксыз деп эсептелинет.  Бюллетенге киргизилген толуктоо-

лор добуштарды эсептөөдө эске алынбайт. Бюллетенге кандай гана болбосун

оњдоолорду киргизүүгө жана белгилерди коюуга тыюу салынат.

 

     67-статья.

 

     Жашыруун добуш  берүүнүн  натыйжасын эсептөө комиссиясы протоколго

киргизет,  ага катышкан анын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Эсептөө комис-

сиясынын  мүчөлөрүнүн  ичинен  кимдир-бирөө  протоколго  макул болбогон

учурда өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт, ал протоколго тир-

келет жана жыйналышта жарыяланат.

     Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө  комиссиясынын

төрагасы же комиссия тарабынан аныкталган баяндамачы жыйналышта баянда-

ма жасайт, депутаттардын суроолоруна жооп берет.

     Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан кайра добуш берүү, жањы шайлоолорду

өткөрүү же кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, жыйналыш-

та төрагалык кылуучу жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча баянда-

манын негизинде эсептөө комиссиясы кабыл алган чечим жөнүндө жыйналышта

жарыялайт,  ал  зарыл  болгон учурда кошумча добушка коюлбастан Жогорку

Кењештин тиешелүү актысы катары жол-жоболоштурат.

 

     68-статья.

 

     Эгерде жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди депутаттардын жалпы

санынын жарымынан кем эмеси алышкан болсо, Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясында жана  ушул  Мыйзамда белгиленген учурларды эске албаганда,

шайлоо, дайындоо,  бекитүү  же  чечимдин вариантын кабыл алуу болду деп

эсептелинет. Жашыруун  добуш  берүү үчүн бюллетендерди Жогорку Кењештин

депутаттардын жалпы  санынын жарымынан кеми алган учурда шайлоо, дайын-

доо же бекитүү кайрадан өткөрүлөт.

     Жашыруун добуш  берүүнүн  натыйжасында депутаттардын жалпы санынын

жарымынан көбүнүн  добушун алган талапкер, Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясында жана  ушул  Мыйзамда белгиленген учурларды эске албаганда,

шайланды, дайындалды же бекитилди деп эсептелинет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     69-статья.

 

     Эсептө комиссиясы  тарабынан  добуш  берүү тартибинин бузулгандыгы

аныктала турган болсо,  бул добуш берүүнүн натыйжасы жарыяланат. Тартип

бузуулар  жөнүндө  эсептөө  комиссиясы  бузуунун  фактылары  жана добуш

берүүнүн натыйжалары боюнча териштирүү  жүргүзүүгө  жол-жоболоштурулган

чечимин  кабыл  алат  (кайталап добуш берүү же жањы шайлоолорду өткөрүү

жөнүндө чечим).

     Эгерде добуш берүүнүн натыйжаларын аныктаган учурда добуш берүүнүн

натыйжаларын аныктоо тартиби бузлса, анда Жогорку Кењештин жол-жоболош-

турулган чечими боюнча кайталап добуш берүү өткөрүлөт.

 

     70-статья.

 

     Коллегиалдуу органды шайлаган, дайындаган же бекиткен учурда жашы-

руун добуш берүү үчүн бюллетендеги тизмеге шайлоо,  дайындоо же бекитүү

үчүн зарыл болгондон көбүрөөк талапкерлер киргизилиши мүмкүн.

     Талапкерлер бюллетенге алфавиттик же  мыйзамда  белгиленген  башка

тартипте киргизилиши мүмкүн.

     Добуш берүү  жана  добуштарды  эсептөө  ар  бир  талапкер   боюнча

өз-өзүнчө жүргүзүлөт.  Зарыл сандан көбүрөөк добуш алган талапкер тизме

менен добуш берүүдө шайланды, дайындалды же бекитилди деп эсептелинет.

     Эгерде добуш  берүүнүн натыйжасында талап кылынган сандагы адамдар

шайланбаса,  дайындалбаса же бекитилбесе,  жањы талапкерлерди  көрсөтүү

менен кайра шайлоо өткөрүлөт.

     Эгерде бир нече талапкер бирдей сандагы добуш алышса, алар шайлан-

гандан,  дайындалгандан  же бекитилгенден кийин органдын талап кылынган

сандык курамы көбөйүп кетсе,  бул  талапкерлер  боюнча  кайталап  добуш

берүү өткөрүлөт.

 

     71-статья.

 

     Жогорку Кењеш  тарабынан  актылардын,  сунуштардын же маселелердин

долбоорлору боюнча бюллетендерди берүү жолу менен жашыруун добуш  берүү

өткөрүлүшү мүмкүн. Актылардын, сунуштардын же маселелердин бул долбоор-

лорун талкуулагандан кийин ушул главада айтылган тартипте  добуш  берүү

өткөрүлөт.  Актылардын,  сунуштардын же маселелердин долбоорун жашыруун

добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү жөнүндө добуш берүү жүргүзүлбөйт.

     Эгерде ушул жана башка мыйзамдарда башкасы түздөн-түз аныкталбаса,

жашыруун добушка коюлган ар бир  маселе  боюнча  (альтернативалуулуктан

башка) өз-өзүнчө бюллетень болууга тийиш.

     Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө  комиссиясынын

баяндамасы Жогорку Кењеш тарабынан эске алуу менен кабыл алынгандан ки-

йин төрагалык кылуучу кабыл алынган тууралу жарыя кылат ("макул" -  оњ,

же  "каршы"  -  терс).  Бюллетендерди  пайдалануу  менен жашыруун добуш

берүүнүн натыйжалары Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

 

                               10-глава

               Электрондук тутумду пайдаланууга контроль

 

     72-статья.

 

     Жогорку Кењештеги  электрондук тутум төмөнкүдөй максаттарга пайда-

ланылышы мүмкүн:

     1) Жогорку Кењештин депутаттарын каттоодо;

     2) депутаттар чыгып сүйлөө үчүн жазылганда,  каттоодо, алардын су-

нуштарын жана түзөтүүлөрүн киргизгенде;

     3) добуштарды эсептегенде жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныкта-

ганда;

     4) жыйналыштын жүрүшү жөнүндө маалыматтык жана статистикалык  маа-

лымдоолорду топтогондо жана оперативдүү түрдө бергенде;

     5) тизмелерди жана жыйналыштардын башка документтерин түзгөндө жа-

на басып чыгарганда;

     6) Жогорку Кењештин жыйналыштарын маалымат менен камсыз кылганда.

 

     73-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналыштарында электрондук тутумду  пайдаланууну

контролдоо  үчүн  жумушчу  топ  түзүлөт,  ал  электрондук тутумду добуш

берүүгө пайдаланууну жана контролдоону жүзөгө ашырат.

     Жумушчу топ  контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маа-

лыматтарды тоскоолдуксуз алууга укуктуу.

     Өз ишинин  карамагына кирген маселелер боюнча жумушчу топтун чечи-

ми,  Жогорку Кењештин электрондук тутумду тейлөөчү адистерин  кошкондо,

Жогорку Кењештин Аппаратынын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү.

     Жумушчу топ добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумунун оњ

экендигин текшерүүгө милдеттүү.

     Электрондук тутумунун иштөө эрежелерин жашыруун добуш берүү  режи-

минде сактоо жумушчу топ тарабынан түзүлгөн протокол менен жол-жоболош-

турулат.

     Жумушчу топ  атын  атап добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сүйлөнгөн

сөздөрдү жазып алуудагы так эместиктер жана электрондук тутумунун ишин-

деги дагы  башка  так  эместиктер  жөнүндө  Жогорку Кењештин депутаттык

фракцияларынын билдирүүлөрүнүн негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.

     Жумушчу топ өз ишине эксперттерди жана адистерди тарта алат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     74-статья.

 

     Жогорку Кењештин депутаттарын каттоонун натыйжалары, алардын чыгып

сүйлөө үчүн жазылышы,  добуш берүүнүн натыйжалары жана Жогорку Кењештин

жыйналышынын  жүрүшү тууралу дагы башка маалыматтар депутаттарга сандык

маалымат, тизме жана башка материалдар түрүндө берилет жана жыйналыштын

стенографиялык отчетуна киргизилүүгө тийиш.

     Эгерде ушул  Мыйзамда  башкасы  белгиленбесе,  бардык  маалыматтар

электрондук  тутумдун  эсинде,  ошондой  эле Жогорку Кењештин архивинде

магнит тасмаларда сакталат.

 

     75-статья.

 

     Электрондук тутумду техникалык жактан тейлөө боюнча топтун  жетек-

чиси  Жогорку Кењештин депутатына анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы бо-

юнча Жогорку Кењештин жыйналышы жөнүндөгү  маалыматтарды  берүүгө  мил-

деттүү. Жогорку Кењештин жабык жыйналыштарынын мазмуну жөнүндөгү маалы-

мат Жогорку Кењештин депутаттарынын депутаттык ишинен тышкары  пайдала-

нылышы мүмкүн эмес.

     Жогорку Кењештин депутаттарынан башка адамдарга электрондук тутум-

дун  эсиндеги  жана  Жогорку  Кењештин архивиндеги магниттик тасмаларда

сакталган маалыматты алууга уруксатты Жогорку Кењештин Төрагасы берет.

 

                               11-глава

                 Жыйналыштын протоколу, стенографиялык

                            отчету жана иши

 

     76-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналыштары протоколдоштурулат. Жыйналыштын про-

токолун  жүргүзүүнү  Жогорку  Кењештин Аппараты жүзөгө ашырат.  Жогорку

Кењештин жыйналышынын протоколуна жыйналышта төрагалык кылуучу кол  ко-

ет.

     Жогорку Кењештин жыйналышынын протоколунда төмөндөгүлөр чагылдыры-

лат:

     1) жыйналыштын өткөрүлгөн күнү, убактысы жана орду;

     2) жыйналышка катышкан депутаттардын саны;

     3) кароого коюлган күн тартибинин маселелери;

     4) ушул жыйналыш үчүн депутаттарга таратылып берилген документтер-

дин аталышы жана редакциясы;

     5) Жогорку Кењештин жыйналышына чакырылган адамдардын кызматы жана

аты-жөнү;

     6) жыйналышта   төрагалык  кылуучунун  жана  чыгып  сүйлөгөндөрдүн

аты-жөнү;    

     7) добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн

жолдору;

     8) добуш  берүүнүн  толук  натыйжасы (төрагалык кылуучу жыйналышта

аларды толук жарыя кылбаган учурда да тиркелет) жана кабыл алынган  че-

чимдер;

     9) жыйналышка катышкан депутаттардын атын атап каттоо жөнүндө маа-

лыматтар;

     10) жыйналышка  жүйөлүү  себептер  боюнча  катыша албай калгандыгы

белгилүү болгон депутаттардын тизмеси;

     11) атын атап добуш берүүнүн натыйжалары.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     77-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жыйналыштары   стенографияланат.   Стенограмманы

жүргүзүүнү  Жогорку  Кењештин Аппараты жүзөгө ашырат.  Жогорку Кењештин

жыйналышынын стенограммасы талкуунун жүрүшүн толук чагылдырууга  тийиш.

Ал ошондой эле жыйналыш өткөрүлгөн күнү,  убактысы,  орду,  жыйналыштын

күн тартиби,  жыйналышта төрагалык кылуучунун аты-жөнү жөнүндөгү маалы-

маттарды камтууга тийиш.

     Стенограммада стилистикалык так эместиктерге ж.б.у.с. жол берилген

учурда  депутат  жыйналыштан  кийинки  жумуш  күнүнүн ичинде жыйналышта

төрагалык кылуучунун атына бул боюнча сын-пикир билдире алат; талаш ма-

селелер боюнча чечимди жыйналышта төрагалык кылуучу кабыл алат. Стеног-

рамманын түп нускасынын ар бир барагына андагы жазылган текст үчүн  жо-

оптуу болгон адам (аты-жөнүн жана күнүн көрсөтүү менен) кол коет.

     Жогорку Кењештин жыйналышындагы сүйлөнгөн сөздөрдүн  жазуусу  маг-

ниттик тасмада бир жыл сакталат.

 

     78-статья.

 

     Жогорку Кењештин,  анын  комитеттери жана комиссияларынын, ошондой

эле депутаттык фракциялардын айрым жыйналыштарынын стенограммалары жана

протоколдору Жогорку  Кењеш тарабынан жүргүзүлгөн талкуу жана чечим ка-

был алуу процессин тастыктаган документтер деп саналат.

     Депутаттык фракциялар жана депутаттар стенограммалар, добуш берүү-

нүн жыйынтыктары, жыйналыштардын протоколдору жана Жогорку Кењештин да-

гы башка документтери менен эркин таанышууга жетише алышат, башка адам-

дар Жогорку  Кењештин Аппаратына жазган жеке арызына ылайык же окуу за-

лынан же Жогорку Кењештин расмий сайтынан эркин тааныша алышат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     79-статья.

 

     Жогорку Кењештин Аппараты Жогорку Кењештин ар бир жыйналышы боюнча

жыйналыштын ишин жүргүзөт, ал төмөндөгүлөрдү камтыйт:

     1) жыйналыштын делосуна кирүүчү документтердин тизмегин;

     2) жыйналыштын протоколун;

     3) жыйналыштын стенограммасын;

     4) Жогорку Кењештин чечими боюнча жыйналыштын стенограммасына кир-

бей калган атын атап добуш берүүнүн натыйжаларын;

     5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлорун;

     6) жыйналышта  каралган маселелер боюнча Жогорку Кењештин комитет-

теринин жана депутаттык фракцияларынын корутундуларын;

     7) депутаттардын сүйлөбөй калган сөздөрүнүн тексттерин;

     8) Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынган актылар боюнча депутаттык

фракциялардын өзгөчө пикирлерин;

     9) эгерде депутаттарга таркатылбаса, депутаттардын жана депутаттык

фракциялардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана аларга берилген жо-

опторду;

     10) Жогорку Кењештин Аппараты депутаттардын арасында таркаткан да-

гы башка материалдарды;

     11) ушул жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакци-

ясындагы тексттерин;

     12) Жогорку Кењештин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмеси.

     Депутаттардын жана депутаттык фракцияларынын  кайрылуулары  боюнча

жыйналыштын  делосу аларга Жогорку Кењештин Аппараты тарабынан таанышуу

үчүн берилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               12-глава

                         Парламенттик угуулар

 

     80-статья.

 

     Жогорку Кењештин  комитеттери  жана комиссиялары өздөрүнө тиешелүү

маселелер боюнча,  ошондой эле депутаттык фракциялар парламенттик угуу-

ларды өткөрүүнү демилге кылышат жана өткөрө алышат.

     Парламенттик угуулар зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1,  2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     81-статья.

 

     Парламенттик угууларда  ачык  талкууну  талап  кылган мыйзамдардын

долбоорлору; ратификациялоого сунуш кылынган эл аралык келишимдер; рес-

публикалык  бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы туурасындагы отчет;

ички  жана  тышкы  саясаттын  башка  маанилүү  маселелери  талкууланышы

мүмкүн.

 

     82-статья.

 

     Парламенттик угуулардын темасы,  аларды өткөрүү убактысы жана орду

жөнүндө маалымат парламенттик угуунун башталарына 10 күн калгандан  ке-

чиктирилбестен массалык маалымат каражаттарына берилет.

     Парламенттик угууга  чакырылган адамдардын курамы бул угууга өткө-

рүүгө демилге  көтөргөн Жогорку Кењештин комитеттери, комиссиялары жана

депутаттык фракциялар тарабынан аныкталат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     83-статья.

 

     Парламенттик угуулар,  эреже катары, массалык маалымат каражаттары

жана коомчулуктун өкүлдөрү үчүн ачык.

     Парламенттик угууларды  өткөрүү демилгесин көтөргөн Жогорку Кењеш-

тин комитеттери,  комиссиялары  жана депутаттык фракциялар жабык парла-

менттик угууларды  өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Жабык пар-

ламенттик угууларда  жашыруун  мүнөздөгү,  ошондой эле мамлекеттик жана

башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды камтыган маалыматтарды козгогон

маселелер талкууланат.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти,  Жогорку Кењештин депутаттары,

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин  атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премь-

ер-министри же  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү, Кыргыз

Республикасынын Өкмөт  мүчөлөрү,  Кыргыз Республикасынын Конституциялык

сотунун, Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, Кыргыз Рес-

публикасынын Башкы  прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы-

нын төрагасы  ачык,  ошондой эле жабык парламенттик угууларга катышууга

укуктуу. Парламенттик  угуу  демилгесин көтөргөн Жогорку Кењештин коми-

теттеринин, убактылуу  комиссияларынын  жана  депутаттык фракцияларынын

чечими боюнча  жабык  парламенттик угууга мамлекеттик органдардын башка

кызмат адамдары чакырылышы мүмкүн.

     Массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү  жабык

парламенттик угууларга киргизилбейт.

     (КР 2006-жылдын  17-январындагы N 5 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-ян-

варындагы N 1 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

     84-статья.

 

     Парламенттик угууларды  Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин, ко-

миссиясынын төрагасы  же  төраганын  орун басары, депутаттык фракциянын

лидери же ыйгарым укуктуу өкүлү алып барат.

     Төрагалык кылуучу  Жогорку  Кењештин депутаттарына жана чакырылган

адамдарга сүйлөө үчүн сөз берет, талкуунун жүрүшүнө көз салат, билдирүү

жасайт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     85-статья.

 

     Парламенттик угуулардын  узактыгын талкууланып жаткан маселелердин

мүнөзүнө жараша  Жогорку  Кењештин комитети, комиссиясы жана депутаттык

фракция аныктайт.

     Эгерде Жогорку  Кењеш  башка чечим кабыл албаса,  Жогорку Кењештин

жыйналышынын учурунда парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     86-статья.

 

     Парламенттик угуулар төрагалык кылуучунун талкууланып жаткан масе-

ленин маани-мазмуну, анын мааниси, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакы-

рылган адамдардын курамы жөнүндө маалымат берген кыскача кириш сөзү ме-

нен башталат.  Андан  кийин Жогорку Кењештин комитетинин, убактылуу ко-

миссиясынын жана депутаттык фракциянын өкүлүнө талкууланып жаткан масе-

ле боюнча  баяндама  жасоо үчүн 20 мүнөткө чейин сөз берет анын артынан

парламенттик угууларга катышып жаткан Жогорку Кењештин депутаттары жана

чакырылган адамдар чыгып сүйлөшөт.

     Чакырылган адамдардын бардыгы парламенттик угууларга төрагалык кы-

луучунун уруксаты менен гана сүйлөшөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     87-статья.

 

     Парламенттик угууларга чакырылган адамдар чыгып сүйлөгөндөн  кийин

Жогорку  Кењештин  депутаттары жана башка катышып жаткандар суроо бери-

шет,  суроолорго жооптор алынат.  Суроолор оозеки,  ошондой  эле  жазуу

жүзүндө берилиши мүмкүн.

     Чакырылган адамдар парламенттик угуулардын жүрүшүнө  кийлигишүүгө,

аны  кыйкырып,  Кол  чабуулар менен бөлүүгө укуксуз.  Төрагалык кылуучу

тартип бузгандарды залдан чыгарып жибере алат.

 

     88-статья.

 

     Парламенттик угуулардын жыйынтыгында  талкууланган  маселе  боюнча

сунуштар кабыл алынат.  Парламенттик угуулардын сунуштары угууга катыш-

кан Жогорку Кењештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн жактыруусу менен кабыл

алынат.

 

     89-статья.

 

     Парламенттик угуулар Жогорку Кењештин Аппараты тарабынан протокол-

донот жана стенографияланат.  Парламенттик угуулардын протоколуна төра-

галык кылуучу кол коет.

     Ачык парламенттик угуулардын  сунуштары  басма  сөздө  жарыяланышы

мүмкүн.

     Жабык парламенттик  угуулардын материалдары Жогорку Кењештин депу-

таттарына, Кыргыз  Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү-

нө, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнө, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн  туруктуу  өкүлүнө, ошондой эле парламенттик угууга

катышкан мамлекеттик органдардын өкүлүнө гана арналат.

     (КР 2006-жылдын 17-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

                               13-глава

                   Жогорку Кењештин жыйналыштарынын

                         тартиби жана этикасы

 

     90-статья.

 

     Жогорку Кењеш иштеп жаткан убакта депутаттар Жогорку Кењештин иши-

нин расмий  мүнөзүнө  жараша  кийимчен  жүрүүгө тийиш. Жогорку Кењештин

жыйналышы өтүп жатканда мобилдик байланыш каражаттарын пайдаланууга ты-

юу салынат.

     Жогорку Кењештин жыйналыштарында сөз сүйлөөчү өтө  орой,  кемсинт-

кен, уят  жана  сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга,  кимдир-бирөөнүн дарегине

жөнү жок күнөөлөөгө жол бербөөгө,  жалган маалыматтарды  пайдаланбоого,

мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.

     Эгерде жыйналышта төрагалык кылуучу ораторго кайрылса,  ал  өзүнүн

сөзүн дароо токтотууга тийиш, болбосо жыйналышта төрагалык кылуучу анын

сөзүн токтотуп кое алат.    

     Эгерде оратор  сүйлөө үчүн өзүнө берилген убакытты ашырып жиберсе,

талкуулангандан башка маселелерди сүйлөсө, же ага берилген сөздүн неги-

зинде сүйлөбөсө, жыйналышта төрагалык кылуучу эки жолку эскертүүдөн ки-

йин аны сөздөн ажыратат.  Сөздөн  ажырагандыгы  жарыялангандан  кийинки

оратордун сүйлөгөн сөзү жыйналыштын стенограммасына киргизилбейт

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     91-статья.

 

     Эгерде депутаттык  фракция  же  депутат  жыйналышта чыгып сүйлөгөн

адам же  төрагалык  кылуучу анын сөзүн, болбосо аракетин туура эмес тү-

шүндүрүп жатат  деп  эсептесе, ал түшүндүрмө берүү же сын-пикирин айтуу

үчүн жыйналышта төрагалык кылуучудан сөз сурап, оозеки же жазуу жүзүндө

кайрыла алат. Мындай кайрылуу боюнча жыйналышта төрагалык кылуучу депу-

татка сөздү  дароо же талкуунун акырында, бирок добушка коюлганга чейин

берет, сөз  талкуунун акырында берилсе жыйналышта төрагалык кылуучу де-

путаттан ушундай кайрылуу түшкөндүгүн жана ага сөз качан бериле турган-

дыгы жөнүндө дароо депутаттарга билдирет. Эгерде мындай маалымат, депу-

таттык фракциянын жана депутаттын пикири боюнча, Жогорку Кењештин Аппа-

раты аркылуу таратылган маалымдама материалдарда бар деп эсептесе, анда

жыйналышта төрагалык  кылуучу депутаттын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу бо-

юнча ага жыйналыштын башында же аягында сөз берет.

     Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда депутаттык фракция жана де-

путаттар сүйлөп  жаткан  адамдын сөзүнө тоскоол болгон аракеттери менен

(кыйкырып, кол  чаап,  ордунан  туруп ж.д.у.с.) сүйлөп жаткандарга жана

угуп жаткандарга жолтоо болбоого тийиш.

     Эгерде бул ораторго карата таасир көрсөтүү чараларын колдонуу  ме-

нен  байланышпаса,  жыйналышта төрагалык кылуучу ал чыгып сүйлөп жаткан

учурда үзгүлтүккө учураган болсо ошончолук убакытка узартат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     92-статья.

 

     Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кењештин жыйналы-

шын өткөрүүгө  жолтоо кылса, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага ка-

рата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:

     1) эскертүү;

     2) тартипке чакыруу;

     3) микрофонду өчүрүү жолу менен сөз сүйлөөдөн ажыратуу.

     Ушул Регламенттин  жоболору  депутат тарабынан биринчи жолу бузул-

ганда, жыйналышка төрагалык кылуучу ага эскертүү берет жана Жогорку Ке-

њештин Регламентин сактоосун суранат.

     Жыйналышты алын баруучу:

     1) анын  эскертүүсүнө көњүл бурбаган жана ушул Регламенттин бузуу-

сун токтотпогон;

     2) башка  депутаттар же жыйналышка катышуучулар менен кайым айтыш-

кан;

     3) мазактоочу сөздөрдү жана кыймыл аракетти жасаган;

     4) талкууланып жаткан темадан четке чыккан;

     5) башка  жол  менен жыйналыштын тартибин бузган депутаттарды тар-

типке чакырат.

     Жыйналышты алып баруучу чыгып сүйлөөнү токтотуу же микрофонду өчү-

рүү жолу  менен  тартипке чакыргандан кийин да жыйналыштар залында тар-

типти бузуусун  улашкан  же  болбосо өзүнүн сөзүн белгиленген убакыттан

ашык улашкан  жана  төрагалык кылуучунун сөзүн аяктоо жөнүндө суранычын

аткарбаган депутаттар сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     93-статья.

 

     Жыйналышта төрагалык  кылуучу ушул Регламентти одоно же такай буз-

ган учурда депутаттык фракциялардын кимисинин болбосун киргизген сунушу

боюнча кыскача  талкуу токтотулгандан кийин Жогорку Кењеш аны жыйналыш-

тарды алып  баруудан  эки  күндүк мөөнөткө чейин четтетүү жөнүндө чечим

кабыл алышы  мүмкүн.  Аталган мамиле жыйналыштын күн тартибине алдынала

киргизилбестен эле Жогорку Кењеш тарабынан каралышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               IV БӨЛҮМ

                       МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖОЛ-ЖОБОСУ

 

                               14-глава

          Мыйзамдардын долбоорун Жогорку Кењешке киргизүүнүн

                жана аларды алдын ала кароонун тартиби

 

     94-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти,  Жогорку Кењештин  депутаттары,

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү,  30 мињ шайлоочу (элдик демилге) мыйзам

чыгаруу демилге катары өздөрүнүн укугун Жогорку Кењешке мыйзам долбоор-

лорун  жана  мыйзам  долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүү түрүндө жүзөгө

ашырышат.

 

     95-статья.

 

     Тийиштүү мыйзам долбоор боюнча Жогорку Кењештин токтомунун долбоо-

ру Кыргыз  Республикасынын  Президенти,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,

Жогорку Кењештин  комитеттери, ошондой эле депутаттык фракциялары тара-

бынан киргизилиши мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     96-статья.

 

     Мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү иретинде Жогорку Кењешке  мыйзам

долбоорун киргизүүнүн зарыл шарты катары төмөндөгүлөрдү берүү болуп са-

налат:

     1) мыйзам долбоорунун кењири мүнөздөмөсүн,  анын максаттарын,  не-

гизги жоболорун,  колдонуудагы мыйзамдар тутумундагы ордун, ошондой эле

аны  кабыл алуунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттеринин бо-

жомолун камтыган, аны кабыл алуунун зарылдыгынын негиздемесин;

     2) толуктоолор  жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзам долбоор-

лоруна карата салыштырма таблицасы;

     3) укуктук  жөнгө  салуунун  бул  чөйрөсүндөгү  мыйзамдардын абалы

жөнүндөгү маалымдаманы;

     4) бул   мыйзам   долбоорун  кабыл  алуу  менен  жокко  чыгарууну,

өзгөртүүнү, толуктоону же кабыл алууну талап кылган мыйзам долбоорлору-

нун жана баша ченемдик укуктук актыларынын тизмесин;    

     5) финансы-экономикалык негиздемени (ишке ашыруусу кошумча матери-

алдык  жана  башка чыгымдарды талап кылуучу мыйзам долбоору киргизилген

учурда).

     Мамлекеттик бюджеттин  эсебинен  жабылуучу  чыгымдардын көбөйүшүн

караштырган, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу мыйзам долбоорло-

ру Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  каржылоо булагын аныктагандан кийин

Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

     Ушул статьянын  биринчи  бөлүгүндө аталган документтер мамлекеттик

жана расмий тилдерде мыйзам чыгарууга демилге көтөрүүнүн бардык субъек-

ттери  тарабынан  Жогорку Кењештин депутаттарынын санына барабар болгон

нускада жана электрондук түрдө берилет.

     (КР 2007-жылдын 26-февралындагы N 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     97-статья.

 

     Жогорку Кењешке киргизилген мыйзам долбоорунун текстине  төмөндөгү

жоболор түздөн-түз киргизилүүгө тийиш.

     1) мыйзамдын күчүнө киришинин мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө;

     2) бул  мыйзамдын  кабыл алынышына байланыштуу мурда кабыл алынган

мыйзамдарды  жана  башка  ченемдик  укуктук  актыларды  жокко  чыгаруу,

өзгүртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө;

     3) өздөрүнүн укуктук актыларын жањы кабыл алынган мыйзамдарга ыла-

йык  келтирүү  жөнүндө  Кыргыз  Республикасынын  Президентине,  Жогорку

Кењешке сунуш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма.

 

     98-статья.

 

     Эгерде берилген  мыйзам  долбоорунун  формасы мыйзам долбоорлордун

жана ушул  Мыйзамды  даярдоонун  тартибине тийиштүү болгон мыйзамдардын

талаптарына жооп  бербесе же ушул Регламенттин 96-статьясында көрсөтүл-

гөн зарын  материалдар берилбесе, мындай мыйзам долбоору Жогорку Кењеш-

тин тийиштүү  комитетинин сунушу (чечими) боюнча Жогорку Кењештин Төра-

гасы тарабынан  мыйзам долбооруна карата белгиленген талаптарды аткаруу

үчүн анын демилгечисине кайтарып берилүүгө тийиш.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     99-статья.

 

     Мыйзам долбоору Жогорку Кењештин Аппаратында каттоодон өтөт, андан

кийин Жогорку Кењештин Төрагасы тиешелүү комитетке, депутаттык фракция-

ларга жана Жогорку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматына жөнөтөт.

     Комитет бир айдан кечиктирбестен мыйзам долбоорун Жогорку Кењештин

кароосуна киргизүүгө милдеттүү.

     Мыйзам долбоору бир нече комитеттерге  жөнөтүлгөн  учурда  Жогорку

Кењештин  Төрагасы  алардын ичинен мыйзам долбоору боюнча жооптуу коми-

тетти  аныктайт.  Резолюцияда  төрагасынын   аты-жөнү   биринчи   болуп

көрсөтүлгөн комитет жооптуу комитет деп эсептелинет.

     Жогорку Кењеш мыйзам долбоорун кароонун кезегин же жүйөлөштүрүлгөн

четке кагууну бир айлык мөөнөттө аныктайт.  Мыйзам долбоорлорунун кара-

лышын контролдоону Жогорку Кењештин Төрагасы жүзөгө ашырат.

     Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан кечиктирилгис деп аныкталган мыйзам долбоорлору тиешелүү  ко-

митет жана Жогорку Кењеш тарабынан кезексиз каралат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     100-статья.

 

     Мыйзам долбоорлорунун даярдалышынын жана каралышынын тартиби коми-

тет жөнүндөгү жобонун жана ушул Регламенттин негизинде Жогорку Кењештин

жооптуу комитети тарабынан өз алдынча аныкталат.

     Мыйзам долбоору менен иштөө,  айрым маселелерди  даярдоо,  изилдөө

үчүн комитеттер жумушчу орган түзө алышат.

     Эгерде мыйзам долбоору бир нече комитететтерде карала турган  бол-

со, алар тарабынан биргелешкен жумушчу орган түзүлүшү мүмкүн.

     Жумушчу органдын курамына Жогорку Кењештин аталган  комитететтери-

нин,  комиссияларынын  мүчөлөрү болбогон депутаттары,  Жогорку Кењештин

Аппаратынын жооптуу кызматкерлери,  мыйзам  чыгарууга  демилге  көтөрүү

укугунун тиешелүү субъектинин өкүлдөрү,  ошондой эле мамлекеттик бийлик

органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий мекемелердин өкүлдөрү, экс-

перттер жана адистер киргизилиши мүмкүн.

     Эгерде бир эле маселе боюнча бирден ашуун мыйзам долбоорлору  бол-

со, алар комитет тарабынан бир учурда каралат.

 

     101-статья.

 

     Жогорку Кењештин жооптуу комитетинин чечими боюнча мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө,  Кыргыз  Республикасынын  Омбудсменине

(Акыйкатчысына), тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго, мамлекет-

тик органдарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге, мекемелер ме-

нен   уюмдарга  корутунду  берүүгө,  ошондой  эле  илимий  экспертизага

жөнөтүлүшү мүмкүн.

 

     102-статья.

 

     Мыйзам долбоорун Жогорку  Кењештин  комитеттеринде  талкулоо  ачык

өтөт, массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз

Республикасынын Президентинин  атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн туруктуу  өкүлү, ошондой эле мыйзам долбоору экспертиза берүүгө

жөнөтүлгөн башка  мамлекеттик органдардын, саясый партиялардын, коомдук

бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорун кароо-

до жана аны биринчи окууга киргизүү жөнүндө маселени чечүүдө комитеттин

жыйналыштарына катышууга укуктуу.

     Мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кењештин ко-

митеттери корутунду түрүндө чечим кабыл алат.

     (КР 2006-жылдын 17-январындагы N 5, 2008-жылдын 25-январы N 1 Мый-

замдарынын редакцияларына ылайык)

 

                               15-глава

                    Мыйзам долбоорлорун кароо жана

                        мыйзамдарды кабыл алуу

 

     103-статья.

 

     Мыйзамдар жана Жогорку Кењештин дагы башка ченемдик укуктук  акты-

лары  Жогорку  Кењештин  тиешелүү комитеттери ал долбоорлорду алдын ала

карагандан кийин кабыл алынат.

     Мыйзамдар Жогорку  Кењеш  тарабынан  толугу менен эки же үч окууда

кабыл алынат.  Мыйзам долбоорлорун кароо Жогорку Кењештин күн тартибине

ылайык жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору боюнча окуулардын ортосундагы убакыт

аралыгы Жогорку Кењеш тарабынан аныкталат.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     104-статья.

 

     Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењештин комитетинин жыйналышына Жогор-

ку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматынын корутундусу болгондо кир-

гизилет жана каралат.

     Жогорку Кењеш  мыйзам  долбоорун биринчи окууда караганда анын не-

гизги жоболорун,  аны  кабыл алуунун зарылдыгын талкуулайт, мыйзам дол-

боорунун концепциясына жалпы баа берилет.

     Талкуу мыйзам  долбоорунун  демилгечисинин баяндамасы жана Жогорку

Кењештин жооптуу комитетинин кошумча баяндамасы менен башталат.

     Эгерде мыйзам  долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кењештин бир нече ко-

митетине тапшырылса жана алар анын ар кайсы концепциясын киргизсе, анда

жооптуу комитеттин концепциясына макул болбогон комитеттердин баяндама-

лары да угулат.

     Мыйзам долбоорун кароо убагында депутаттык фракциялардын өкүлдөрү-

нүн (саны  10  депутатка чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүй-

лөөчү, саны 10дон 20 депутатка чейинки фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып

сүйлөөчү, саны  20дан  30  депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган

чыгып сүйлөөчү,  саны 30дан 40 депутатка чейинки фракциядан - беш депу-

таттан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 40тан 50 депутатка чейинки фракция-

дан -  алтыдан  ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 50дөн 60 депутатка чейинки

фракциядан -  жетиден  ашпаган  чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка

чейинки фракциядан - сегизден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 70ден 80 де-

путатка чейинки  фракциядан  -  тогуздан  ашпаган  чыгып сүйлөөчү, саны

80ден 90  депутатка  чейинки фракциядан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү)

Кыргыз Республикасынын  Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорун талкуулоого ка-

тышуу үчүн  чакыртылган  башка  адамдардын сунуштары жана сын пикирлери

угулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     105-статья.

 

     Мыйзам долбоорун  талкуулоонун  жыйынтыктары  боюнча Жогорку Кењеш

төмөндөгүдөй чечимдердин бирин кабыл алат.

     1) мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алуу жана айтылган сунуш-

тар менен  сын-пикирлерди эске алуу менен ишти дагы улантуу Мыйзам дол-

боорун биринчи  окууда кабыл алуу мыйзам долбоорун толугу менен талкуу-

лоону жана мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөр түрүндөгү сунуштарды жа-

на сын-пикирлерди  эске  алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантууну жана

аны экинчи окууга коюуну билдирет;

     2) мыйзам  долбоорун  кайталап кароого тийиштүү комитетке кайтарып

берүү;

     3) мыйзамды толугу менен кабыл алуу.

     Эгерде мыйзам  долбоору  толугу  менен кабыл алынбаса, кайра кароо

үчүн тиешелүү  комитетке  кайтарылып берилбесе же окуулардын биринде да

кабыл алынбаса, анда ал четке кагылды деп эсептелет.

     Четке кагылган мыйзам долбоору Жогорку Кењеш тарабынан 6 ай өткөн-

дөн кийин кайталап каралышы мүмкүн.

     Конституциялык мыйзамдар конституциялык мыйзамдарды чечмелөө боюн-

ча мыйзамдар  конституциялык  мыйзамдарга  өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизүү жөнүндө  мыйзамдар, мамлекеттик чегараны өзгөртүү жөнүндө мый-

замдар статьялар боюнча талкуулоо менен кароого жатат. Мыйзамды статья-

лар боюнча талкуулоо менен кабыл алуу мыйзам долбоорунун ар бир статья-

сын талкуулоо менен аны толугу менен кабыл алууну билдирет.

     Жогорку Кењеш  мыйзам  долбоорун бүткүл элдик талкуулоого коюу жө-

нүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

     Бир эле  маселе  боюнча  бирден  ашык  мыйзам долбоору киргизилген

учурда Жогорку  Кењеш андан аркы кароого алардын кайсынысын негиз кылып

алуу жөнүндө чечим кабыл алат.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     106-статья.

 

     Мыйзам долбоорун статьялар боюнча караганда  жазуу  жүзүндө  келип

түшкөн бардык сунуштар угулат, алар талкууланат жана добуш берүүгө кою-

лат.

     Четке кагылган   сунуш   жооптуу   комитетке   жеткире   иштетүүгө

жөнөтүлөт,  ал макул болбогон учурда өзүнүн сунушунун  вариантын  сунуш

кылат.

     Добуш берүүгө  биринчи комитеттин, андан кийин депутаттык фракция-

нын сунуштары  коюлат. Эгерде сунуштардын бири да Жогорку Кењеш тарабы-

нан колдоого алынбаса, статья четке кагылды деп эсептелет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     107-статья.

 

     Жогорку Кењеш тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу

жөнүндө чечим  кабыл  алынганда,  Жогорку  Кењештин тийиштүү комитетине

текст түрүндө  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  мыйзам долбоорунун айкын

статьяларына же  айкын  пункттарын  же  айкын пункттарды, бөлүктөрдү же

мыйзам долбоорунун статьяларын алып салуу сунуштары киргизилет.

     Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна түзөтүү жөнүндө жа-

зуу жүзүндөгү сунушту Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кењеш-

тин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизүүгө укуктуу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     108-статья.

 

     Жогорку Кењештин жооптуу комитети  түзөтүүлөр  жөнүндө  сунуштарды

иликтейт  жана  жалпылайт.  Комитет  түзөтүүлөр жөнүндө сунуштар Кыргыз

Республикасынын Конституциясына жана конституциялык мыйзамдарга  ылайык

келүү  жүйөсүн  билүү үчүн аларды көз карандысыз экспертизага жөнөтүүгө

укуктуу. Түзөтүү киргизген адамдар аларды комитетте талкуунун жүрүшүндө

тактоого укуктуу.

     Мыйзам долбоорунун  статьялары  боюнча  топтоштурулган  түзөтүүлөр

жөнүндөгү сунуштар комитеттин жыйналышында каралууга тийиш, комитет аны

менен макул болушу жана аларды мыйзам долбоорунун текстине киргизиши же

Жогорку  Кењешке  түзөтүүлөрдү  четке  кагуу  тууралу  сунуш  киргизиши

мүмкүн. Комитеттин жыйналышында каралгандан кийин жеткире иштелген мый-

зам долбоору Жогорку Кењеш тарабынан каралуучу маселелерди экинчи окуу-

да кароо календарына киргизүү үчүн Жогорку Кењешке берилет.

     Комитет же  анын  тапшыруусу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу

комитет тарабынан экинчи окууга даярдалган мыйзам долбоорунун  текстине

ылайык   мыйзамдын   кабыл  алынышына  байланыштуу  жокко  чыгарылуучу,

өзгөртүлүүчү же толукталуучу ченемдик укуктук актылардын тизмесин  тек-

шерет жана ага тактоолор киргизет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     109-статья.

 

     Жогорку Кењештин комитети экинчи окууга даярдалган мыйзам  долбоо-

рун  комитет  түзөтүүлөрдүн  таблицасы менен бирге кабыл алган же четке

каккан сунушун Жогорку Кењештин Төрагасына, мыйзам долбоорун сунуш кыл-

ган мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүүгө укуктуу субъектке жөнөтөт.

     Жогорку Кењештин  Төрагасы экинчи окууга даярдалган мыйзам долбоо-

рун Жогорку  Кењештин  күн  тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат

жана Жогорку Кењештин Аппаратына зарыл материалдарды парламенттик фрак-

цияларга жана депутаттарга таратып берүүнү тапшырат.

     Мыйзам долбоорун  жокко  чыгарууга,  өзгөртүүгө же толуктоого тие-

шелүү болгон мыйзам актыларынын тизмеси,  ага карата түзөтүүлөрдүн таб-

лицасы жана мыйзам долбоору боюнча корутунду менен бирге,  эреже катары

Жогорку Кењеш тарабынан экинчи окууда каралаарда 3 күн  мурда  кечикти-

рилбестен депутаттарга берилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     110-статья.

 

     Экинчи окууда  мыйзам  чыгаруу демилгеси субъектисинин долбоорунун

жоболоруна жазуу жүзүндө түшкөн сунуштар гана каралат.

     Жогорку Кењештин  мыйзам долбоорунун экинчи окуусу башталганда Жо-

горку Кењештин жооптуу комитетинин өкүлү баяндама жасайт.

     Жооптуу комитет кабыл алган түзөтүүлөргө же түзөтүүлөрдү четке

кагуу тууралу жооптуу комитеттин сунушуна каршы пикирлер жок болгон

учурда, жооптуу комитеттин чечими кабыл алынды деп эсептелинет.

     Жооптуу комитет тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөргө  каршы  пикир

же  жооптуу комитет четке каккан түзөтүүлөргө жактыруу айтылганда добуш

берүү өткөрүлөт.

     Эгерде түзөтүүлөрдүн долбоору кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп

эсептелинет.  Бул учурда  түзөтүүлөр  жөнүндө  сунуш  болгон  статьянын

бөлүмү,  главасы,  статьясы же статьянын бөлүгү,  пункту биринчи окууда

кабыл алынган мыйзам долбоорунун редакциясында сакталат, ал эми Жогорку

Кењеш кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт.

     Түзөтүүлөрдүн долбоору кабыл алынган учурда төрагалык кылуучу  жо-

оптуу  комитет  тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү же жооптуу

комитет тарабынан четке  кагуу  сунуш  кылынган  түзөтүүлөрдү  жактыруу

жөнүндө маселени добушка коет. Жооптуу комитеттин чечимин Жогорку Кењеш

бекиткен учурда Жогорку Кењеш кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт.

     Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан тиешелүү комитеттин сунушу бекитил-

бесе,  түзөтүүлөрдүн долбоору четке кагылды деп эсептелинет. Бул учурда

түзөтүү  киргизилген статьянын бөлүмү,  главасы,  статьясы же статьянын

бөлүгү, пункту биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорунун редакци-

ясында сакталат.

     Жогоруда аталган чечимдердин бардыгы депутаттардын  жалпы  санынын

көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     Жогоруда аталган түзөтүүлөрдү  кароонун  жол-жоболору  аяктагандан

кийин  мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө маселе добушка

коюлат. Эгерде ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бер-

се, чечим кабыл алынды деп эсептелинет.   

     Эгерде мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынбаса,  ал четке ка-

гылды деп эсептелинет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     111-статья.

 

     Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору Жогорку Кењештин жооп-

туу комитетине Жогорку Кењештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн катышуу-

су менен экинчи окууда мыйзам долбоорунун текстинин өзгөртүлүшүнө  бай-

ланыштуу ички карама-каршылыктардын болуп калуу мүмкүнчүлүгүн четтетүү,

статьялар менен редакциялык түзөтүүлөрдү өз ара туура айкалыштыруу үчүн

жөнөтүлөт.

     Мыйзам долбоорлору  боюнча  жыйынтыктоочу  добуш  берүүнүн алдында

жооптуу комитет  тарабынан Жогорку Кењештин Аппаратынын тиешелүү бөлүм-

дөрүнүн катышуусу менен мыйзам долбоорунун текстиндеги ички карама-кар-

шылыктарды четтетүү  үчүн  жана  статьяларды  өз ара туура айкалыштыруу

үчүн редакциялык түзөтүү жүргүзүлөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     112-статья.

 

     Мыйзам долбоорун мыйзам иретинде кабыл алуу максатында Жогорку Ке-

њеш жыйынтыктоочу добуш берүү үчүн аптанын ичинде атайын күн дайындайт.

     Бул учурда  ага  түзөтүүлөр  киргизүүгө жана толугу менен же айрым

статьялары, главалары,  бөлүмдөрү  боюнча  кайрадан талкууга жол берил-

бейт.

     Өзгөчө учурларда Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  жалпы  санынын

көпчүлүгүнүн  талабы  боюнча  төрагалык кылуучу мыйзам долбоорун экинчи

окууга коюу жол-жобосуна кайра кайрылуу жөнүндө маселени добушка коюуга

милдеттүү.

     Жогорку Кењеш кабыл алган мыйзамдын текстине Жогорку Кењештин  че-

чимисиз түзөтүү киргизүүгө болбойт.  Мыйзамдын текстинин акыркы вариан-

тынын Жогорку Кењеш кабыл алган текстке дал  келиши  үчүн  жоопкерчилик

Жогорку Кењештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлөт.

     Эгерде депутаттардын сунуштары менен сын-пикирлерин эске алуу  ме-

нен Жогорку Кењеш кабыл алган ченемдик укуктук актынын акыркы варианты-

нын даярдалышына жана чыгарылышына жооптуу болгон Жогорку Кењештин  Ап-

паратынын  тиешелүү  түзүмдүк  бөлүмү  тарабынан  даярдоо  жумуштарынын

жүрүшүндө бул түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктарына кирбеген карама-кар-

шылыктар жана дагы башка маселелер белгилүү болсо,  алар боюнча чечимди

Жогорку Кењеш кабыл алат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     113-статья. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)       

 

     114-статья.

 

     Конституциялык мыйзамдар,  конституциялык мыйзамдарды чечмелөө жө-

нүндө мыйзамдар,  конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизүү жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик чегараларды өзгөртүү туура-

лу мыйзамдар  Жогорку  Кењеш  тарабынан  кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн

кийин Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  жалпы санынын үчтөн экиден кем

эмес добушу менен кабыл алынат.

     Өзгөчө жана  аскердик абал учурунда конституциялык мыйзамдарды ка-

был алууга жол берилбейт.

     Сөз жана  басма  сөз  эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга

жол берилбейт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     115-статья.

 

     Жогорку Кењеш  тарабынан кабыл алынган мыйзам бир айдын ичинде кол

коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.

 

     116-статья.

 

     Эгерде мыйзамды колдонууга киргизүүнүн  тартиби  мыйзамдын  өзүндө

эскертилбесе,  мыйзам кабыл алынгандан кийин аны колдонууга киргизүүнүн

тартиби жөнүндө мыйзам кабыл алынат.

     Мыйзамда аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:

     1) статьяларды же мыйзамды  толугу  менен  колдонууга  киргизүүнүн

мөөнөттөрү айкындалып жана колдонууга киргизүүнүн жолдору аныкталат;

     2) мыйзамга караштуу актыларды иштеп чыгуу боюнча тиешелүү  орган-

дарга  жана  кызмат  адамдарына айкын тапшырмалар берилет,  мыйзамдарды

өркүндөтүү,  аны кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү  үчүн  тиешелүү

мөөнөттөр аныкталат.

 

                               16-глава

                Кыргыз Республикасынын Конституциясына

             өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

                           сунуштарды кароо

 

     117-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясынын жањы  редакциясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогор-

ку Кењештин  депутаттарынын  жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен

Кыргыз Республикасынын  Президенти  дайындаган  референдум (жалпы элдик

добуш берүү) аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын үчүнчү-сегизинчи главала-

рынын жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин, Жогорку  Кењештин сунушу боюнча же 300 мињден кем эмес шай-

лоочунун демилгеси боюнча кабыл алынышы мүмкүн.

     Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Кон-

ституциясына өзгөртүүлөр  жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциялык сотунун корутундусу болгон учурда каралышы мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинен  Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз

Республикасынын Конституциясына  өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизүү

жөнүндө мыйзамдын  долбоору келип түшкөн күндөн үч айдан кечиктирбестен

корутунду берет.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  соту тарабынан Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциясына  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жө-

нүндө мыйзамдын  долбоору  боюнча терс корутунду чыгарылган учурда мый-

замдын бул  долбоору  Жогорку Кењеш аркылуу анын демилгечисине кайтарып

берилет Мыйзамдын  кабыл  алынбаган долбоору Жогорку Кењешке бир жылдан

эрте эмес мезгилде кайра киргизилиши мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     118-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кору-

тундусун эске  алуу менен ал боюнча Кыргыз Республикасынын Конституция-

лык сотунун корутундусу келип түшкөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбес-

тен Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алат.

     Жогорку Кењештин  депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк депутатта-

рынын талабы  боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор  киргизүү жөнүндө Мыйзам "Кыргыз Республикасынын рефе-

рендуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык

референдумга алып чыгарылышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     119-статья.

 

     Мыйзам долбоорун  кароонун  жүрүшүндө Жогорку Кењеш конституциялык

ар бир түзөтүү боюнча демилгечинин баяндамасын, тиешелүү комитеттин ко-

шумча баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу

өкүлүнүн же Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адам-

дын, ошондой  эле  депутаттык фракциялардын лидерлеринин, эксперттердин

жана башка  адамдардын  Жогорку Кењештин чечими боюнча талкууга катышуу

үчүн чакырылган адамдардын сүйлөгөн сөздөрүн угат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     120-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын   Конституциясына   түзөтүүлөрдүн   ар бири

өз-өзүнчө талкууланат жана ушул Регламентте каралган тартипте ар бирине

өзүнчө добуш  берилет. Эгерде Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы са-

нынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе, түзөтүү кабыл алынат.

 

     121-статья.

 

     Статьялар боюнча  талкуудан  жана  добуш  берүүдөн кийин эгерде ал

үчүн Жогорку  Кењештин  депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем

эмес көпчүлүгү  добуш  берсе,  жана окуунун аралыгында үч айдан тыныгуу

берилүү менен  экиден  кем  эмес окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кењеш

сунуш кылынган мыйзамды толугу менен кабыл алат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     122-статья.

 

     Конституцияга өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө Мый-

замдын долбоорунун  тексти Жогорку Кењеште талкуулоо учурунда Конститу-

циялык соттун  корутундусунун  негизинде  жана анын демилгечинин расмий

макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

     123-статья.

 

     Кабыл алынбаган сунуш Жогорку Кењешке бир жылдан кийин гана кайта-

лап киргизилиши мүмкүн.

 

                              16-1-глава

                Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

                      жањы редакциясын кабыл алуу

 

                        (Кыргыз Республикасынын

          2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Мыйзамына ылайык

                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

 

     123-1-статья.

 

    

 

     123-2-статья.

 

    

 

     123-3-статья.

 

    

 

     123-4-статья.

 

    

 

     123-5-статья.

    

 

                               17-глава

             Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин

                   ратификациялоо жана денонсациялоо

 

         (Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын

          25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

     124-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  ратификацияланууга  тийиш  болгон эларалык

келишими, эларалык  келишимге  Кыргыз  Республикасынын кошулушу жөнүндө

чечим, аны ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору, түшүндүрмө кат, эла-

ралык келишимге  кол коюунун же ага кошулуунун алдында Жогорку Кењештин

тиешелүү комитети менен макулдашылгандыгы жөнүндөгү маалыматтан тартып,

дагы башка  керектүү документтер жана материалдар менен Жогорку Кењешке

киргизилет.

     Жогорку Кењештин  Төрагасы  кароого келип түшкөн эларалык келишим-

дин, Кыргыз  Республикасынын эларалык келишимге кошулушу жөнүндө чечим-

дин мазмунуна  таянып,  аларды Жогорку Кењештин ратификациясына даярдоо

боюнча жооптуу комитетти аныктайт.

     Ушул маселе  боюнча корутундуларды даярдоого башка комитеттер жана

депутаттык фракциялар тартылышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     125-статья.

 

     Жогорку Кењештин жоошуу комитети Жогорку Кењештин тиешелүү комите-

тинин же депутаттык фракциясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик органдарынан ратификациялоого сунуш кылынган эларалык кели-

шимге тиешелүү  кошумча маалыматты, эларалык келишимге Кыргыз Республи-

касынын кошулушу  жөнүндө  чечимди  суратып  алышы, бул маалыматты жана

эларалык келишимдин текстин баалоого көз карандысыз эксперттерди тарты-

шы мүмкүн.

     Жогорку Кењештин  тиешелүү комитети Жогорку Кењештин жооптуу коми-

теттерине эларалык  келишим  боюнча  корутундуларды, эларалык келишимге

Кыргыз Республикасынын  кошулушу жөнүндө чечимди даярдоого алардын ком-

петенцияларына ылайык көмөк көрсөтөт Эларалык келишимди кароодо жооптуу

комитет Жогорку  Кењештин  жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча ко-

миссияларды түзүшү мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     126-статья.

 

     Жооптуу комитеттин жыйналышында ратификациялоого сунуш кылынган эл

аралык келишим жөнүндө, эларалык келишимге Кыргыз Республикасынын кошу-

лушу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу

өкүлүнүн, Кыргыз  Республикасынын Президентинин агайын өкүлүнүн же Кыр-

гыз Республикасынын  Өкмөтү  ыйгарым  укук берген адамдын, парламенттик

фракциянын өкүлдөрүнүн сөзү угулат.

     Эларалык келишимди  ратификациялоо жөнүндө маселени, эл аралык ке-

лишимге Кыргыз  Республикасынын  кошулушу  жөнүндө  чечимди талкуулоого

башка комитеттердин  чакырылган  мүчөлөрү,  Жогорку Кењештин Депутаттык

фракцияларынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка адамдар катыша алышат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     127-статья.

 

     Түшкөн сунуштарды  эске  алуу  менен талкуунун жыйынтыктары боюнча

жооптуу комитет  корутунду жана ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун

сунуш кылат.  Комитеттин корутундусунда эларалык келишимди ратификация-

лоо, ушул  маселе боюнча эларалык келишимге кошулуу же киргизилген мый-

зам долбоорун  четтетүү  жөнүндө  сунуш,  ратификациялоону же кошулууну

эларалык укукта  жол берилүүчү мүмкүн болгон декларациялар, билдирүүлөр

же эскертме, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши кабыл алуучу тапшыр-

малар менен коштоо зарылчылыгы тууралу сунуштар камтылат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     128-статья.

 

     Жогорку Кењеш эларалык келишимдерди ратификациялоо, эларалык кели-

шимге Кыргыз  Республикасынын  кошулушу  жөнүндө  маселени башка мыйзам

долбоорлорун карагандай эле тартипте карайт жана чечим кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  чегарасын белгилеген эларалык

келишимдерди (макулдашууларды)  ратификациялоо  жөнүндө мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењеши  тарабынан экиден кем эмес окуу

өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн

экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

     129-статья.

 

     Эгерде Жогорку  Кењеш эл аралык келишимди ратификациялоо же элара-

лык келишимге  кошулуу жөнүндө маселени кароону кийинкиге жылдыруу туу-

ралу чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     130-статья.

 

     Жогорку Кењеш  тарабынан  ратификацияланган эл аралык келишимдерди

денонсациялоону Жогорку Кењеш мурда кабыл алган же кошулган келишимдер-

дей эле жүзөгө ашырат.

     Жогорку Кењештин  Төрагасынын  тапшырмасы боюнча тиешелүү комитет,

ал эми зарыл болгон учурда Жогорку Кењештин башка комитеттери да денон-

сациялоо үчүн киргизилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин

алдын ала  карашат жана кабыл алынышына тиешелүү болгон эл аралык кели-

шимдерди денонсациялоо  менен шартталган документтердин жана актылардын

долбоорлорунун негизинде корутунду беришет. Ушул маселе боюнча корутун-

ду депутаттык  фракциялардан сурап алынат. Ушул маселе боюнча корутунду

депутаттык фракциялардан сурап алынат.

     Жогорку Кењеш эл аралык келишимдерди денонсациялоо жөнүндөгү масе-

лелерди  башка мыйзам долбоорун карагандай эле тартипте карайт жана че-

чим кабыл алат.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137,

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

                               18-глава

              Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан

                кайтарылган мыйзамдарды кайталап кароо

 

          (Главанын аталышы КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1

                    Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     131-статья.

 

     Жогорку Кењеш  кабыл  алган  мыйзам бир айдын ичинде кол коюу үчүн

Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти мыйзамды алгандан кийин бир ай-

дан кеч  эмес  кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кењешке

кайталап кароо үчүн жөнөтөт.

 

     132-статья.

 

     "Кыргыз Республикасынын  Президенти  тарабынан  кайтарып  берилген

мыйзамдар Жогорку  Кењеш  тарабынан үч айдан эрте эмес каралууга тийиш.

Эгерде Жогорку  Кењеш Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири

менен макул болсо, мындай эреже колдонулбайт.

     Эгерде мыйзам  мурда  кабыл алынган редакциясында кайра кароо учу-

рунда Жогорку  Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем

эмес көпчүлүк  добушу  менен  жактырылса  ал эми Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын  4-пунктунда каралган мыйзамдар Жогорку

Кењештин депутаттарынын  жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмес көпчүлүк

добушу менен жактырылса Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ке-

лип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде мыйзамга кол коюлууга тийиш.

 

     133-статья.

 

     Эгер мыйзам  кайра кароодо мурда кабыл алынган редакциясында үчтөн

экиден кем  эмес көпчүлүк добуш менен жактырылса, ал эми Кыргыз Респуб-

ликасынын Конституциясынын  65-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мый-

замдар Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем

эмес көпчүлүк  добушу менен кабыл алынса, мыйзам келип түшкөн 14 күндүн

аралыгында Кыргыз  Республикасынын  Президенти  тарабынан  кол коюлууга

тийиш.

     (КР  2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     134-статья.

 

     Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган мыйзамга белгиленген

мөөнөттө кол коюлбаса мыйзамга кол коюлду деп эсептелинет жана жарыяла-

нууга тийиш.

     (КР  2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

                               19-глава

          Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын расмий чечмелөө

 

          (Главанын аталышы КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1

                    Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     135-статья.

 

     Жогорку Кењеш конституциялык мыйзамдарын жана колдонуудагы мыйзам-

дарды, алардын ченемдик мүнөздөгү айрым жоболорун расмий чечмелөөнү жү-

зөгө ашырат.

     Мыйзамды же  анын айрым жоболорун расмий чечмелөө мыйзам менен ка-

был алынат.

     Мыйзамды расмий  чечмелөө мыйзамдын өзүнө, колдонуудагы башка мый-

замдарга карама-каршы келбөөгө тийиш жана жањы укук мамилелерин түзбөө-

гө тийиш.

     (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     136-статья.

 

     Колдонуудагы мыйзамды  же  анын айрым жоболорун расмий чечмелөөнүн

тексти Жогорку Кењеш тарабынан мыйзам  долбоорун  кабыл  алуунун  жалпы

тартибинин  жол-жобосу  боюнча  кабыл  алынат.  Мында  расмий  чечмелөө

жөнүндөгү мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби  тууралу  өзүнчө  мыйзам

кабыл алынбайт.

     Мыйзамды же анын айрым жобосун расмий чечмелөөнүн колдонулушу чеч-

меленген мыйзам  же  ага  жараша  чечмеленген  айрым жобо күчүнө кирген

учурдан тартып пайда болуучу коомдук мамилелерге жайылтылат.

     Конституциялык мыйзамдарын  же алардын айрым жоболорун расмий чеч-

мелөө жөнүндөгү  мыйзам  Жогорку  Кењештин депутаттарынын жалпы санынын

үчтөн экисинен  кем  эмеси добуш берсе, кеминде эки окуудан кийин кабыл

алынат; талкуу толук көлөмдө жүргүзүлөт.

     Мыйзамдын же анын айрым жоболорун расмий чечмелөө жөнүндөгү мыйзам

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ка-

был  алынат,  талкуулоо  кыскартылган  жол-жобо боюнча жүзөгө ашырылышы

мүмкүн.

     (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

                                V БӨЛҮМ

            ШАЙЛООЛОРДУН, КАЙРЫЛУУЛАРДЫ ЖАНА БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ

              УГУУЛАРДЫН, ДАЙЫНДООЛОРДУН ЖАНА ОТЧЕТТОРДУ

                         УГУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 

                               20-глава

                Жогорку Кењештин Төрагасын жана Жогорку

              Кењештин Төрагасынын орун басарларын шайлоо

                       жана кайра чакыртып алуу

 

     137-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасы жана Төраганын орун басарлары  бюллетен-

дерди пайдаланып, жашыруун добуш берүү менен шайланышат.

     Жогорку Кењештин  Төрагасынын жана анын орунбасарларынын кызматына

талапкерлер Жогорку Кењештин жыйналышында депутаттык фракциялар тарабы-

нан көрсөтүлөт  Талапкерлер  көрсөтүлгөндөн  кийин Жогорку Кењеш аларды

талкуулоого өтүү жөнүндө чечим кабыл алат.

     Жогорку Кењештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо  масе-

леси Жогорку Кењештин комитеттериндеги даярдыкты талап кылбайт.

     (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     138-статья.

 

     Талапкерлер жыйналышта  алдыдагы  иштеринин  программалары тууралу

баяндамалар менен  чыгып сүйлөшөт жана суроолорго жооп беришет (алардын

талапкерлиги көрсөтүлүшүнө  жараша).  Депутаттык фракциянын өкүлдөрүнүн

чыгып сүйлөгөнүндө бардык талапкерлер бир учурда талкууга алынат.

     Депутаттык фракциянын  өкүлдөрү талапкерлерге суроо берүүгө, алар-

дын программалары,  саясий,  ишкердик  жана  жекече  сапаттары  жөнүндө

ой-пикирлерин айтууга,  алардын  ар бири үчүн жактап же каршы үгүттөөгө

укуктуу. Жыйналышта  төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчү депутаттардын ке-

зегин эске алуу менен ар бир талапкерлерди жактап сүйлөөчүлөр үчүн бир-

дей мүмкүнчүлүк берет. Корутунду сөзүндө ар бир талапкер жашыруун добуш

берүү үчүн  бюллетенге өзүн киргизүүгө макулдугун берет, өз талапкерли-

гин алып таштоо жөнүндө билдирүү жасайт, өзүнүн талапкер болбой турган-

дыгы жөнүндө  каалаган убакта билдире алат, бул үчүн жыйналышта төрага-

лык кылуучу ага кезексиз сөз берет.

     (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     139-статья.

 

     Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге өзү талапкер болбой турганды-

гын билдирген адамдардан тышкаркы Жогорку Кењештин Төрагасынын кызматы-

на талапкерликке көрсөтүлгөн бардык талапкерлер киргизилет.  Өз  талап-

керлигин алып салуу добуш берүүсүз кабыл алынат.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган  талапкер Жогорку Кењештин төрагалык кызматына шайланды деп эсепте-

линет.

     Жогорку Кењештин Төрагасынын кызматына эки талапкер көрсөтүлсө жа-

на алардын бири да биринчи турда шайлануу үчүн талап кылынган добуштар-

ды  алалбаса,  эњ  көп  сандагы  добуш  алган бир талапкер боюнча добуш

берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

     Эгерде талапкер  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын жа-

рымынан көбүнүн добушун алалбаса,  жањы  талапкерлерди  көрсөтүү  менен

жањы шайлоо өткөрүлөт.

     Эгерде Жогорку Кењештин Төрагасынын кызматына экиден ашуун  талап-

керлер  көрсөтүлсө  жана алардын бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган

добуштарды алалбаса, эњ көп сандагы добуш алган эки талапкер боюнча до-

буш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Мында Жогорку Кењештин ар бир депу-

таты бир талапкер үчүн гана добуш бере алат.

     Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунда эки талапкер добуштардын бир-

дей санын алса, Жогорку Кењеш кайрадан добуш берүү өткөрөт.

     Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунда эки талапкердин бири дагы Жо-

горку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун  алалбаса,

Жогорку  Кењеш  эњ  көп  добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн

үчүнчү турун өткөрөт.

     Эгерде талапкер  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын жа-

рымынан көбүрөөк добушун алалбаса,  жањы талапкерлерди  көрсөтүү  менен

жањы шайлоо өткөрүлөт.

     Жогорку Кењештин Төрагасын шайлоо Жогорку Кењештин  токтому  менен

жол-жоболоштурулат.

 

     140-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасынын өтүнүчү боюнча,  ошондой эле бул кыз-

матта анын канааттандырарлык эмес иштөөсүнө байланыштуу же анын өз мил-

деттерин аткаруусуна мүмкүнчүлүк бербеген башка жагдайлардан улам кайсы

убакта болбосун Жогорку Кењеш тарабынан кайра чакыртып алынышы  мүмкүн.

Жогорку  Кењештин Төрагасынын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн

мурда токтотулушу менен бир эле учурда Жогорку Кењештин Төрагасы катары

анын ыйгарым укуктары да токтотулат.

     Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу тууралу сунуштар:

     1) Жогорку  Кењештин Төрагасы тарабынан анын жазуу жүзүндөгү арызы

боюнча;

     2) бир депутаттык фракциянын талабы боюнча;

     Жогорку Кењештин Төрагасын чакырып алуу жөнүндөгү маселени Жогорку

Кењештин жыйынынын  күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим Жогорку Кењеш-

тин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     141-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени Жогор-

ку Кењештин жыйналышынын ырааттамасында бул маселе жыйналыштын күн тар-

тибине киргизилгенден кийин 3 жумуш күнүнөн ашырбастан каралат. Жогорку

Кењештин  Төрагасын кайра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе жыйналышта ка-

ралганга чейин жыйналышты  алып  барууну  Төраганын  орун  басарларынын

бирөөсү жүзөгө ашырат.

     Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып  алуу  жөнүндөгү  маселе

анын арызына байланыштырылбастан каралганда,  Жогорку Кењештин Төрагасы

аны кайра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе жыйналыштын күн тартибине кир-

гизилгенден кийин онунчу жумуш күндөн ашырбастан өз ишинин бардык масе-

лелери боюнча Жогорку Кењешке отчет берет, ал Жогорку Кењештин Аппараты

тарабынан маселе жыйналышта каралганга чейин үчүнчү жумуш күнүнөн ашыр-

бастан депутаттарга таратылат.

     Зарылчылыкка жараша  Жогорку Кењештин Төрагасы отчеттун маалыматын

чогултуу жана текшерүү үчүн Жогорку Кењештин комиссиясын түзөт.

     Жогорку Кењеш:  депутаттардын,  депутаттык  фракциялардын өкүлүнүн

баяндамасын жана баяндамачынын суроолорго берген жоопторун (эгерде кай-

ра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе депутаттардын демилгеси боюнча жүзөгө

ашырылса); Жогорку  Кењештин  комиссиясынын кошумча баяндамасын (эгерде

ал ушул маселе боюнча түзүлсө), кошумча баяндамачынын суроолорго берген

жоопторун; Жогорку Кењештин Төрагасынын ушул кызматтагы иши боюнча сүй-

лөгөн сөзүн,  Жогорку  Кењештин Төрагасынын суроолорго берген жоопторун

угат. Депутаттык фракциянын өкүлдөрү кызмат адамы катары Жогорку Кењеш-

тин Төрагасынын  жүргүзгөн иши жөнүндө суроолорду берүүгө, анын саясий,

ишкердик, жеке сапаттары тууралу пикир айтууга, анын талапкерлигин жак-

тап же  ага каршы үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Жыйналышка төрагалык кылуучу

сөз сүйлөө  кезегин эске алуу менен Жогорку Кењештин Төрагасы болуп са-

налган адамды  "макул" же "каршы" сөз сүйлөөчүлөр үчүн бирдей мүмкүнчү-

лүктөрдү түзүп берет.

     Жогорку Кењештин  Төрагасын  кайра чакыртып алуу жөнүндөгү Жогорку

Кењештин чечими төмөндөгүдөй кабыл алынат:

     1) эгерде  Жогорку  Кењештин  Төрагасын  кайра  чакыртып алуу анын

өзүнүн арызы боюнча жүзөгө ашырылып жатса,  Жогорку Кењештин депутатта-

рынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен;

     2) Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу анын өзүнүн  де-

милгеси  боюнча каралбаган учурда,  бюллетендерди пайдаланып,  жашыруун

добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу ме-

нен.

     Жогорку Кењештин аталган бул токтомунда Жогорку Кењештин Төрагасын

кайра  чакыртып алуунун себептери тууралу маалыматтар камтылууга тийиш,

ал анын эмгек китепчесине жазылат. Ушул эле токтом менен ал өзү аныкта-

ган Жогорку Кењештин комитетине мүчө болуп шайланат; бул маселе талкуу-

ланбайт жана Жогорку Кењештин комиссияларындагы алдын ала даярдыкты та-

лап кылбайт.

     Жогорку Кењештин  Төрагасынын өзүнүн кайра чакыртып алуу жөнүндөгү

жеке арызы  Жогорку  Кењеш тарабынан канааттандырылбаса, ал Жогорку Ке-

њештин Төрагасынын  милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Эмгек

кодексинде белгиленген  тартипте токтотууга укуктуу. Мында ага депутат-

тын эмгек  акысы  төлөп  берилет жана ушул Регламент менен депутат үчүн

белгиленген шарттарга ылайык депутаттык милдеттерди аткарууга байланыш-

кан төлөп берүүлөр жүзөгө ашырылат.

     Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алганда же анын депутат-

тык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жыйналышты Жо-

горку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     142-статья.

 

     Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Төрагасын шайлоо үчүн белгиленген мөөнөткө жана  тар-

типте шайланышат.

     Жогорку Кењештин Төрагасынын орун  басарлары  депутаттардын  жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими ме-

нен кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

 

                               21-глава

              Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун

             басарларын, комиссиялардын төрагаларын шайлоо

        жана кайра чакыртып алуу, комитеттирдин, комиссиялардын

                            курамын бекитүү

 

     143-статья.

 

     Комитеттердин төрагаларын  жана  алардын орунбасарларын депутаттык

фракциялардын сунушу  боюнча  жашыруун  добуш менен депутаттардын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш шайлайт.

     Жогорку Кењештин  комитеттеринин  курамы  депутаттык фракциялардын

макулдугу менен  куралат. Бул боюнча добуш берүү талапкерлердин бирдик-

түү тизмеси боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.

     Жогорку Кењештин ар бир депутаты Жогорку Кењештин бир гана комите-

тинде болот  Жогорку  Кењештин Төрагасы жана анын орунбасарлары Жогорку

Кењештин комитеттеринин курамына кириши мүмкүн эмес.

     Эгерде депутаттык  фракциялардын саны бардык комитеттерге мүчө бо-

лушту камсыз кыла албаса, анда ошол депутаттык фракцияга Жогорку Кењеш-

тин эки  комитетине мүчө болууга уруксат берилет, бул учурда ошол фрак-

циянын мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добушу бар бир мүчөдөн ашпоого тийиш.

     Жогорку Кењештин  комитеттерин түзүү боюнча Жогорку Кењештин чечи-

ми, алардын курамын түзүү Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболошту-

рулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     144-статья.

 

     Комитеттин төрагасы  же анын орун басары, комиссиянын төрагасы Жо-

горку Кењеш  тарабынан  кайсыл  убакта  болбосун кайра чакыртып алынышы

мүмкүн.

     Комитеттин төрагасын  же  анын орун басарын, комиссиянын төрагасын

кайра чакыртып алуу жөнүндөгү сунуш:

     1) комитеттин  төрагасынын же анын орун басарынын, комиссиянын тө-

рагасынын жеке арызы боюнча;

     2) депутаттык фракция тарабынан;

     3) (КР   2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137 Мыйзамына ылайык алынып

салынды)

     Жогорку Кењештин комитетинин төрагасын же анын орун басарын комис-

сиясынын төрагасын  кайра  чакыртып  алуу  Жогорку Кењештин Төрагасынын

орун басарын кайра чакыртып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

     Эгерде бул маселе боюнча Жогорку Кењеш башкача чечим кабыл албаса,

комитеттин төрагасын же анын орун басарын, комиссиянын төрагасын кызма-

тынан кайра чакыртып алганда, ал ошол эле комитеттин же комиссиянын мү-

чөсү бойдон калат.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы  N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137

 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     145-статья.

 

     Комиссиялар Жогорку  Кењеш тарабынан коюлган маселени иликтөө мак-

сатында депутаттык фракциялардын сунушу боюнча түзүлөт. Комиссиялар Жо-

горку Кењештин  депутаттарынын ичинен алардын Жогорку Кењештин комитет-

терине мүчө болгонгондугуна карабастан түзүлөт. Комиссиянын жеке курамы

буга макулдук берген депутаттык фракциялардын сунуштары боюнча куралат.

Комиссиянын эњ аз сандык курамы үч депутаттан кем эмес болушу керек.

     Комиссиянын жеке курамы боюнча сунуш депутаттык фракциялар тарабы-

нан ушундай  комиссияны түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан

кийин эки күндүк мөөнөттө кечиктирилбестен берилет.

     Жогорку Кењештин  комитетинин  төрагасы комиссиянын төрагасы болуп

шайланышы мүмкүн эмес.

     Комиссиянын курамына шайланган депутат бул комиссияда иштеп жаткан

мезгилинде өзү  мүчө  болуп турган комитеттеги ишин убактылуу токтотушу

мүмкүн жана  ушул  себепке байланыштуу анын катышпай калышы комитеттеги

кворумга таасирин тийгизбейт.

     Комиссиянын алдына  коюлган максаттар жана милдеттер аткарылгандан

жана максатына жеткенден кийин комиссия өзүнүн ишин токтотот.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               22-глава

            Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун,

           Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын

        кызматтарга шайлоо жана бошотуу, Кыргыз Республикасынын

        Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку

            сотунун төрагаларын жана алардын орунбасарларын

                 кызматтарга дайындоого макулдук берүү

 

         (Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын

          25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     146-статья.

 

     Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-

ларынын кызмат  орундарына  шайлоо жөнүндө маселени бир жыныстагы адам-

дардын өкүлдөрүнүн  анын  курамында жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу

менен жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын жана

Төрагасынын орун  басарын  дайындоого  макулдук  берүү жөнүндө маселени

Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алынган учурдан тартып

14 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун судьяларын кызматка

шайлоо, Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык  сотунун Төрагасын жана

Төраганын орунбасарын  кызматка дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү ма-

селелер Жогорку  Кењештин  жыйналышынын  күн тартибине өзүнчө маселелер

катары киргизилет.

     (КР 2008-жылдын  25-январындагы N 1, 2008-жылдын 17-октябрындагы N

227 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     147-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун  судьяларынын  кызматына шайланууга, Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциялык  соттун Төрагасынын, төраганын орун басары-

нын кызматына дайындалууга макулдук алган талапкерлер корутунду даярда-

ган комитетте алдын ала талкууланат, комитет ар бир талапкер боюнча ко-

рутунду даярдайт Талапкерлер комитеттин жыйналышына чакырылышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     148-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышында тиешелүү комитеттин  төрагасы  сунуш

кылынган талапкерлер боюнча комитеттин корутундулары менен депутаттарды

тааныштырат.

     Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун  судьялык кызматына шайланууга, Кыргыз Республи-

касынын Конституциялык сотунун Төрагасынын жана Төраганын орунбасарынын

кызматына дайындалууга  макулдук  алууга сунуш кылынган ар бир талапкер

талкуудан кийин жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     149-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутаттарынын  жалпы  санынын  көпчүлүк добушун

алышкан адамдар  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык

кызматына шайланды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төра-

гасынын жана  Төраганын  орунбасарынын кызматтарына дайындоого макулдук

алды деп эсептелинет.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун судьяларынын кызма-

тына шайлоо,  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын

жана Төраганын  орун  басарынын кызматына дайындоого макулдук берүү Жо-

горку Кењештин  токтому  менен жол-жоболоштурат. Аталган токтомду кабыл

алуу боюнча атайын добуш берүү талап кылынбайт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     150-статья.

 

     Эгерде Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын

кызматына шайлоого, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төра-

гасынын жана  Төраганын  орунбасарынын кызматына макулдук берүүгө сунуш

кылынган талапкерлер талап кылынган добуштардын санын албай калса, анда

бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөт-

тө Жогорку Кењешке жањы талапкерлерди сунуш кылат.

     Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-

ларын шайлоо,  Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын

жана анын  орунбасарын кызматка дайындоого макулдук берүү үчүн сунушта-

лып жаткан  жањы  талапкер  боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин

сунуштамасын Жогорку Кењешке сунуштамалар келип түшкөн күндөн тартып он

күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.

     Бул талапкерлер боюнча талкуу жана добуш берүү ушул главада карал-

ган тартипте өткөрүлөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     151-статья.

 

     Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялангандан кийин Жогорку Кењештин

Төрагасы Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызма-

тына шайланган адамдардын ант бере турган убактысын жарыялайт.

     Төрагалык кылуучу  Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык сотунун

судьялык кызматына  шайланган адамдарды жыйналыштар залынын трибунасына

ант берүүгө  чакырат, анын тексти Кыргыз Республикасынын Конституциялык

сотунун ишин жөнгө салуучу мыйзамда каралат.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун судьялыгына шайлан-

ган адам  Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын текстине колун коюп,

тикесинен туруп, анттын текстин угуза айтат.

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун  судьяларынын  антын

жыйналыштар залында олтургандардын бардыгы орундарынан туруп угушат.

     Ант берүү Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  сотунун  судьясы

тарабынан  ант  берилген  күндү  көрсөтүү менен анттын текстинин аягына

анын кол тамгасы коюлуп ырасталат.  Документ Жогорку Кењеште сакталууга

калат.

     Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык

сотунун судьяларын кыэматына кириши менен куттуктап,  аларга сот бийли-

гинин символу катары мантия берет.

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары ант бериш-

кенден кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни угулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     152-статья.

 

     Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-

ларын кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин сунуштамасы боюнча кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун судьяларын мөөнөтү-

нөн мурда  кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кењештин депутатта-

рынын жалпы  санынын  үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен

кабыл алынат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     153-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун судьяларын шайлоо, аларды

ант берүүгө чакыруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку согунун Төрагасынын

жана Төраганын  орунбасарларынын  кызматына  дайындоого макулдук берүү,

ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматы-

нан бошотуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн белгиленген

тартипте жүргүзүлөт.

     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун, Кыргыз Республика-

сынын Жогорку  сотунун судьяларын кызматынан бошотуунун башкача тартиби

конституциялык мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               23-глава

           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     154-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  түзүмүн  Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 69-статьясына ылайык Жогорку Кењеш бекитет.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү, эгерде ага Жогорку Кењеш-

тин депутаттарынын  жалпы  санынын  тењинен көбү добуш берсе, бекитилди

деп эсептелинет.

 

                               24-глава

       Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо,

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын жана

          аудиторлордун бүткүл курамын шайлоо жана кызматынан

        бошотуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

           өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын

       дайындоого макулдук берүү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо

        жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

           курамынын жарымын шайлоого жана аларды кызматынан

        бошотууга макулдук берүү, Кыргыз Республикасынын Башкы

        прокурорун дайындоого жана аны сот тартибинде салынуучу

          жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга

                            макулдук берүү

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     155-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасынын  Улуттук банкынын төрагасын

шайлоо жөнүндөгү  маселени карайт жана Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин сунуштамасын  алган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен

чечим кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти тарабынан тиешелүү комитеттерде

сунушталган талапкер  алдын  ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча

корутунду даярдайт.  Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм-

күн.

     Жогорку Кењештин  жыйналышында  тиешелүү  комитеттердин төрагалары

депутаттарды сунушталган  талапкер  боюнча  комитеттердин корутундулары

менен тааныштырат.  Талкуулоо процессине депутаттык фракциялардын өкүл-

дөрү катышат.

     Талкуудан кийин  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык

кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган адам  Кыргыз  Республикасынын  Улуттук банкынын төрагалык кызматына

шайланды деп эсептелинет.

     Эгерде Кыргыз  Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб-

ликасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына сунушталган талапкер Жо-

горку Кењеш  тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президенти

жањы талапкерди кайра кароо үчүн сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кай-

ра кароо ушул статьяда белгиленген тартипте Жогорку Кењеш тарабынан ти-

ешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт.

     Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына дайын-

доо жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

 

     156-статья.

 

     Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын

жана Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бүткүл

курамын, бир  жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жетимиш пайыздан ашпоосун

эсепке алуу  менен Кыргыз Республикасынын Президентинен сунуштама алын-

ган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде шайлайт.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти тарабынан сунушталган талапкер-

лер тиешелүү  комитеттерде  алдын ала талкууланат, алар ар бир талапкер

боюнча корутунду даярдайт. Талапкерлер комитеттин жыйналышына чакырылы-

шы мүмкүн.

     Жогорку Кењештин  жыйналышында  тиешелүү  комитеттердин төрагалары

депутаттарды сунушталган талапкерлер боюнча комитеттердин корутундулары

менен тааныштырат. Талкуулоо процессинде депутаттык фракциялардын өкүл-

дөрү катышат.

     Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалык жана аудитор-

дук кызматтарына талапкерлер талкуулангандан кийин жашыруун добуш берүү

үчүн бюллетенге киргизилет.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган адамдар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  төрагалык  жана

аудитордук кызматтарына шайланды деп эсептелинет.

     Кыргыз Республикасынын  Эсептөө  палатасынын  аудиторлору  "Кыргыз

Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мында каралган мөөнөткө шайланат.

     Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторло-

рунун кызматына Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкер

Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен-

ти кайрадан кароо үчүн жањы талапкерди сунуш кылууга укуктуу. Талапкер-

лерди кайрадан  кароо ушул статьяда белгиленген тартипте тийиштүү сунуш

Жогорку Кењешке келип түшкөндөн кийинки күнү жүргүзүлөт.

     Кыргыз Республикасынын  Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторун

кызматынан бошотуу  тууралу маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин

сунуштамасы боюнча  Жогорку  Кењешинин жыйналышында депутаттардын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен чечилет.

     Кыргыз Республикасынын  Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторун

кызматка дайындоо  же  кызматынан бошотуу жөнүндө маселе боюнча Жогорку

Кењеш токтом кабыл алат.

     (КР 2008-жылдын  17-октябрындагы  N  227  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     157-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-

рүү боюнча  борбордук комиссиясынын төрагасын дайындоого Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин  сунуштамасы алынган күндөн тартып 14 жумуш кү-

нүнөн кечиктирбестен макулдук берет.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти  тарабынан сунушталган талапкер

тиешелүү комитеттерде  алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча

корутунду даярдайт.  Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм-

күн.

     Жогорку Кењештин  жыйналышында  тиешелүү  комитеттердин төрагалары

депутаттарды сунушталган  талапкер  боюнча  комитеттердин корутундулары

менен тааныштырат.  Талкуулоо процессине депутаттык фракциялардын өкүл-

дөрү катышат.

     Талкуудан кийин  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өт-

көрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагалык кызматына талапкер жашы-

руун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган адам  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын  төрагалык  кызматына  дайындоого макулдук алды

деп эсептелинет.

     Эгерде Кыргыз  Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб-

ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

төрагалык кызматына  дайындоого макулдук алуу үчүн сунушталган талапкер

Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен-

ти жањы талапкерди кайра кароону сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кай-

ра кароо Жогорку Кењеш тарабынан ушул статьяда белгиленген тартипте ти-

ешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиясынын  төрагалык кызматына дайындоого макулдук берүү жө-

нүндөгү маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

     Жогорку Кењеш  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-

рүү боюнча  Борбордук  комиссиясынын  курамынын  жарымын  бир жыныстагы

адамдардын өкүлдөрүнүн  жетимиш  пайыздан ашпоосун эске алуу менен шай-

лайт.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиясынын  мүчөлүгүнө  шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Ке-

њештин депутаттары,  Бишкек, Ош шаардык кењеши, саясый партиялар, коом-

дук бирикмелердин  республикалык  органдары сунуш кыла алышат, алар Жо-

горку Кењешке тиешелүү чечимин жөнөтүшөт.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндөгү маселе Жогорку  Кењеши-

нин жыйналышынын күн тартибине өзүнчө маселе болуп киргизилет.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоого сунуш кылынган талапкерлер бо-

юнча тиешелүү комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап-

керлердин тизмесин түзөт.

     Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин төрагасы тарабынан сунуш кы-

лынган талапкерлер  боюнча комитеттин корутундусун Жогорку Кењешке маа-

лымдайт. Талапкерлерди  талкуулоого  депутаттык  фракциялардын өкүлдөрү

катышат.

     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  бор-

бордук  комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн сунуш кылынган талапкерлер

боюнча жашыруун добуш берүү өткөрүлөт.  Добуш берүү бир же эки этап ме-

нен өткөрүлүшү мүмкүн.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган адам  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды деп эсептелинет.

     Эгерде бир бош орунга бирден ашык талапкер көрсөтүлбөсө, добуш бе-

рүү бир  этап  менен  өткөрүлөт.  Добуш  берүү  ар  бир талапкер боюнча

өз-өзүнчө бир тур менен өткөрүлөт.

     Эгерде талапкер добуштардын керектүү санын алалбай калса, жањы та-

лапкерлер көрсөтүлөт.

     Эгерде бир бош орунга эки талапкер көрсөтүлсө, добуш берүү бир не-

че тур менен өткөрүлүшү мүмкүн. биринчи турда добуш берүүнүн натыйжала-

ры боюнча  калтырылган  талапкерлердин саны бош орундун санынан ашпаган

бюллетендер жарактуу деп табылат.

     Биринчи турда  Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо   жана   референдум

өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясынын мүчөлөрүнүн бардыгын шайлоого

жетишилбесе, экинчи (зарыл болсо - үчүнчү) тур өткөрүлөт, ага добуштар-

дын бирдей санын алган талапкерлер чыгышат.  Эњ аз добуш алган талапкер

талапкерлердин катарынан чыгарып салынат.

     Эгерде экинчи  жана  үчүнчү турларда талапкерлердин бири да добуш-

тардын зарыл  болгон санын алалбай калса, жањы талапкерлер көрсөтүлүүгө

тийиш.

     Эгерде ар  бир  вакансияга  экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, добуш

берүү эки этапта өткөрүлөт.

     Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-

рүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо боюнча жашыруун до-

буш берүүнү өткөрүү үчүн тизмеге (бюллетендерге) талапкерлерди киргизүү

үчүн жашыруун добуш берүү өткөрүлөт

     Биринчи этаптагы  добуш  берүүнүн  жыйынтыктары боюнча добуштардын

көпчүлүк санын  алган  талапкерлер  экинчи этапка чыгышат, алардын саны

бир ваканттык орунга экиден ашпоого тийиш.

     Биринчи турдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча ваканттык орун-

дардын санынан  ашпаган талапкерлердин саны калтырылган бюллетендер жа-

рактуу деп табылат.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиянын  мүчөлөрүнүн  бардыгы биринчи турда шайланбай калса,

экинчи (зарыл болсо үчүнчү) тур өткөрүлөт, ага добуштардын бирдей санын

алышкан талапкерлер, ал эми эгерде андайлар жок болсо - добуштардын кө-

бүрөөк санын  алгандар  чыгышат. Добуштардын эњ аз санын алган талапкер

талапкерлердин санынан чыгарып салынат.

     Экинчи жана  үчүнчү  турлардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча

калтырылган талапкерлердин саны калган ваканттык орундардын санынан аш-

паган бюллетендер жарактуу деп табылат.

     Эгерде экинчи жана үчүнчү турларда бир да талапкер добуштардын ке-

ректүү санын алалбаган учурда, жањы талапкерлер көрсөтүлүүгө тийиш.

     Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-

бордук комиссиясынын  мүчөсүн  шайлоо  Жогорку  Кењештин  токтому менен

жол-жоболоштурулат.

     (КР 2008-жылдын  17-октябрындагы  N  227  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     158-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого

Кыргыз Республикасынын Президентинен сунуштама алынган күндөн тартып 14

жумуш күнүнөн кечиктирбестен макулдук берет.

     Кыргыз Республикасынын  Президенти  тарабынан сунушталган талапкер

тиешелүү комитеттерде  алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча

корутунду даярдайт.  Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм-

күн.

     Жогорку Кењештин  жыйналышыњда  тиешелүү  комитеттердин төрагалары

депутаттарды сунушталган  талапкер  боюнча  комитеттердин корутундулары

менен тааныштырат. Талкуулоо процессинде депутаттык фракциялардын өкүл-

дөрү катышат.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун кызматына талапкер тал-

куулангандан кийин жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-

ган адам Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына дайындоого

макулдук алынды деп эсептелинет.

     Эгерде Кыргыз  Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб-

ликасынын Башкы  прокурорунун кызматына дайындоого сунушталган талапкер

Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен-

ти кайра  кароо  үчүн жањы талапкерди сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди

кайра кароо  Жогорку Кењеш тарабынан ушул статьяда белгиленген тартипте

тиешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына дайындоого ма-

кулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурору Жогорку Кењештин макулдугу

менен сот тартибинде салынуучу жазык же административдик жоопкерчиликке

тартылышы мүмкүн.

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасынын Башкы прокурорун жоопкерчи-

ликке тартууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын

Башкы прокурорунун орунбасарынын тиешелүү сунуштамасы болгондо гана ка-

райт.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынын сунуштама-

сын кароо  үчүн  ушул  Регламентте  каралган тартипте териштирүү боюнча

комиссия түзүлөт.

     Аталган комиссия  сунуштаманы алган күндөн тартып 21 күндөн кечик-

тирбестен аны  карайт.  Зарылчылык  болсо  Кыргыз Республикасынын Башкы

прокурорунун орунбасарынан кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы  прокурорун  жазык  жоопкерчилигине,

ошондой эле  сот  тартибинде  салынуучу административдик жоопкерчиликке

тартууга макулдук  берүү жөнүндөгү маселени караган учурда, аталган ко-

миссия Кыргыз  Республикасынын  Башкы прокурорунун орунбасарын, ошондой

эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.

     Териштирүү боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Башкы прокурорун жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот

тартибинде салынуучу  административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук

берүү жөнүндө  маселенин  чечиминин долбоору түзүлгөндөн жана жарыя кы-

лынгандан кийин  Жогорку  Кењештин жакын арадагы күн тартибине киргизи-

лет.

     Ушул маселени,  ошондой эле сунушталган чечимдин долбоорун караган

учурда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, аларга баа бе-

рүү же  тактоо  менен чектелет. Чечимдин долбоору боюнча жарыш сөздөргө

териштирүү боюнча  комиссиядан баяндамачы, Кыргыз Республикасынын Башкы

прокурорунун орунбасары,  ошондой эле маселеси чечилип жаткан адам, де-

путаттык фракциялардын өкүлдөрү катышышат.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынын сунуштама-

сын канааттандыруу  жөнүндөгү  чечим  жашыруун  добуш берүү менен кабыл

алынат жана  ага  Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын тењинен

көбү добуш  берсе,  кабыл алынды деп эсептелинет. Бул акт Жогорку Кењеш

тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үч күндүк мөөнөт ичинде

Жогорку Кењештин жүйөлөштүрүлгөн чечими жөнүндө кабардар кылынат.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасы иш боюнча өндүрүш аяк-

таган күндөн  тартып  үч күндүк мөөнөт ичинде териштирүүнүн же ишти ка-

роонун жыйынтыктары тууралу Жогорку Кењешке билдирүү жасоого милдеттүү.

     Жогорку Кењештин  Кыргыз  Республикасынын  Башкы  прокурорун жазык

жоопкерчилигине, ошондой  эле сот тартибинде салынуучу административдик

жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу сот тартибинде са-

лынуучу административдик жоопкерчиликти караган кылмыш иши боюнча адми-

нистративдик укук  бузуулар боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдай бо-

луп эсептелинет.

 

                               25-глава

           Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын)

        жана анын орунбасарларын шайлоо, аларды сот тартибинде

         салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке

                        тартууга макулдук берүү

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     159-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) кызматына талап-

керлер Кыргыз  Республикасынын Президенти, депутаттык фракциялар, ошон-

дой эле  саясый партиялар жана коомдук бирикмелер тарабынан сунуш кылы-

нат.

     Ар бир талапкер боюнча Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин жүйө-

лүү корутундусу берилет.

     Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) беш жылдык мөөнөт-

кө шайланат.

 

     160-статья.

 

     Жогорку Кењештин чечими боюнча сунуш кылынган талапкерлерди талку-

улоо жүргүзүлүшү мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменинин  (Акыйкатчысынын)  кызматына

шайлоо жөнүндөгү маселе Жогорку Кењеш тарабынан депутаттардын жалпы са-

нынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен чечилет.

 

     161-статья.

 

     Сунуш кылынган  талапкерлерди шайлоо бирдиктүү тизме боюнча жүргү-

зүлөт. Эгерде  биринчи турда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добу-

шун эч кимиси албаса, анда экинчи тур өткөрүлөт жана экинчи турга бары-

нан көпчүлүк  добуштун  санын  алган  2  талапкер чыгат. Добуш берүүнүн

экинчи турунун  жыйынтыгы  боюнча  депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк

добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

     Эгерде экинчи  турдун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин бири да шай-

лануу үчүн добуштардын жетиштүү санын ала албаса, добуш берүү убактысы-

нан тартып  7  күндөн  эрте эмес жана 14 күндөн кеч эмес убакытта кайра

шайлоо өткөрүлөт. Бул учурда жањы талапкерлер көрсөтүлөт.

 

     162-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсмени (Акыйкатчысы) өзүнөн мурдагысы-

нын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө отуз күн калганда шайланат.

     Белгиленген тартипте ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

учурда Кыргыз  Республикасынын  жањы  Омбудсменин (Айкыкатчысын) шайлоо

бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

 

     163-статья.

 

Кыргыз  Республикасынын  Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), анын орун

басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  тууралуу ма-

селе "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени  (Акыйкатчысы)  жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясында каралган негиз болгондо Жогор-

ку Кеңеш тарабынан каралат.

Кыргыз  Республикасынын  Омбудсменин (Акыйкатчысын), анын орун  ба-

сарларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн негиздин  бар  экендиги  Жогорку

Кеңештин атайын комиссиясынын корутундусу  менен  ырасталышы,  ал  үчүн

бул комиссиянын жалпы санынын үчтөн экисинен  кем  эмеси  добуш  бериши

керек.

Омбудсмендин (Акыйкатчынын), анын орун басарларынын ыйгарым укукта-

рын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим Жогорку  Кеңештин депутат-

тарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл  алынат  жана  токтом

менен жол-жоболоштурулат.

(КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

164-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы), анын  орун  басар-

лары шайланган кызматка киришүү үчүн Жогорку Кеңештин  жыйналышында ант

беришет.

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы), анын  рун  басары

ант бергенден кийин Жогорку Кеңештин Төрагасы ага күбөлүк  жана  ал кол

койгон анттын текстинин көчүрмөсүн тапшырат.

(КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

     165-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басар-

ларынын кызматына  талапкерлер  Жогорку  Кењешке Кыргыз Республикасынын

Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) сунуштамасы боюнча киргизилет.

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басар-

ларын шайлоо жөнүндөгү маселе Жогорку Кењештин жыйналышынын күн  тарти-

бине өзүнчө маселе болуп киргизилет.

     Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин төрагасы сунуш кылынган  та-

лапкерлер боюнча комитеттин корутундусун Жогорку Кењешке маалымдайт.

     Жогорку Кењештин чечими боюнча сунуш кылынган талапкерлерди талку-

улоо жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

     166-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун басар-

лары Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) шайлоо үчүн бел-

гиленген шартта жана тартипте жашыруун добуш берүү  менен  беш  жылдык

мөөнөткө шайланат.

     Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орун  басар-

ларынын  кызматына  шайлоо жөнүндөгү маселе депутаттардын жалпы санынын

көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан чечилет.

(КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     167-статья. (КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамына

                  ылайык күчүн жоготту)

 

     168-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орун-

басарларын кызматка  шайлоо же кызматынан бошотуу жөнүндө маселе боюнча

Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

 

     169-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын   Омбудсменине   (Акыйкатчысына)  жана анын

орунбасарларына карата  жазык  иши жана административдик укук бузуу жө-

нүндө иш Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголу-

шу мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орун-

басарларын сот  тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине, ошондой эле

административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Башкы прокурору Жогорку Кењешке сунуштама киргизет.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо үчүн

ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт.

     Аталган комиссия сунуштаманы алган күндөн тартып 21 күндөн  кечик-

тирбестен  аны  карайт.  Зарылчылык  болсо Кыргыз Республикасынын Башкы

прокурорунан кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орун-

басарларын сот  тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине, ошондой эле

административдик жоопкерчиликке  тартууга макулдук алуу жөнүндөгү масе-

лени караган учурда, аталган комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы про-

курорун, ошондой  эле  маселеси чечилип жаткан адамдарды угууга милдет-

түү.

     Комиссия тарабынан  маалымкат  түзүлгөндөн  жана чечимдин долбоору

жарыя кылынгандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсменин

(Акыйкатчысын) жана  анын  орунбасарларын  кылмыш-жаза жоопкерчилигине,

ошондой эле сот тартибинде тарттырылуучу административдик жоопкерчилик-

ке тартууга макулдук алуу жөнүндө маселе Жогорку Кењештин жакын арадагы

жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

     Бул маселени,  ошондой эле сунушталган долбоордогу чечимди караган

учурда, сунуштамада  көрсөтүлгөн  фактыларды чечмелөө, аларга баа берүү

же тактоо  менен гана чектелет. Чечимдин долбоору боюнча жарыш сөздөргө

териштирүү боюнча  комиссиядан баяндамачы, Кыргыз Республикасынын Башкы

прокурору, ошондой  эле  маселеси  чечилип  жаткан  адамдар, депутаттык

фракциялардын өкүлдөрү катышышат.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун сунуштамасын канааттан-

дыруу жөнүндө  чечим  жашыруун добуш менен кабыл алынат жана эгерде ага

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын тењинен көбү добуш берсе,

кабыл алынды  деп  эсептелинет.  Бул акт Жогорку Кењеш тарабынан токтом

түрүндө кабыл алынат.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасы Жогорку Кењештин жүйө-

лүү чечими жөнүндө үч күндүк мөөнөттө кабардар болот.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасы иш боюнча өндүрүш аяк-

таган күндөн  тартып  үч күндүк мөөнөттө териштирүүнүн же ишти кароонун

жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кењешке кабар берүүгө милдеттүү.

 

                               26-глава

              Жогорку Кењештин өкүлдөрүн коррупция менен

             күрөшүү боюнча улуттук кењешке сот адилеттиги

          иштери боюнча улуттук кењешке, эсептөө палатасынын

           кењешине жана статистика боюнча кењешке дайындоо

                         жана чакыртып алуу

 

       (Главанын аталышы КР 2 2009-жылдын 26-майындагы №169

                Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     170-статья.

 

     Сот адилеттиги иши боюнча улуттук Кењештин курамынын төрттөн бирин

Сот адилеттиги  иши  улуттук  Кењештин курамына төрт депутатты дайындоо

жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши түзөт.

     Сот адилеттиги  иши  боюнча  улуттук Кењештин курамына талапкерлер

депутаттык фракциялар  көрсөткөн депутаттардын ичинен тиешелүү комитет-

тер аркылуу сунуш кылынат жана депутаттардын жалпы санынын жашыруун до-

буш берүүсү менен көпчүлүк добуш менен үч жылга дайындалат.

     Сот адилеттиги  иши  боюнча  улуттук кењештин курамына дайындалган

депутаттар "Кыргыз  Республикасынын  Сот  адилеттиги иши боюнча улуттук

Кењеш жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер бо-

юнча ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушат.

     Сот адилеттиги  иши  улуттук кењештин курамынан анын мүчөсү чыккан

учурда, Улуттук  Кењештин жањы мүчөсү Сот адилеттиги иши улуттук кењеш-

тин курамынын ыйгарым укугунун калган мөөнөтүнө эки айдан кеч эмес мөө-

нөттө жиберилиши керек.

     Сот адилеттиги иши боюнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындоо же бо-

шотуу жөнүндөгү маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

 

     171-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењеши  мамлекеттик кызмат боюнча

Кењештин эки  мүчөсүн дайындайт, анын бири Кењештин төрагасынын орунба-

сары болот.

     Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин курамына талапкерлер депутаттык

фракциялар көрсөткөн  депутаттардын  ичинен тиешелүү комитеттер аркылуу

сунуш кылынат.

     Мамлекеттик кызмат  боюнча Кењештин мүчөлөрүн жашыруун добуш берүү

менен депутаттардын  жалпы  санынын  көпчүлүк  добушу  менен депутаттык

фракциялардын сунушу боюнча Жогорку Кењеш дайындайт.

     Депутаттар мамлекеттик  кызмат  боюнча  Кењештин курамына 1 жылдык

мөөнөткө дайындалат.

     Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин курамына дайындалган депутаттар

депутаттардын жалпы  санынын  үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынган

Жогорку Кењештин чечими аркылуу чакыртылып алынышы мүмкүн.

     Мамлекеттик кызмат  боюнча  Кењештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө же

бошотуу жөнүндөгү  маселе  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

токтом кабыл алат.

 

     172-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кењеши Эсептөө палатасынын Кењеши-

нин эки мүчөсүн дайындайт.

     Эсептөө палатасынын   Кењешинин   курамына  талапкерлер депутаттык

фракциялар сунуш кылган депутаттардын ичинен тийиштүү комитет тарабынан

сунушталат жана  Жогорку  Кењеш  тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу

депутаттардын жалпы  санынын  көпчүлүк добушу менен эки жылдык мөөнөткө

дайындалат.

     Эсептөө палатасынын  Кењешинин курамына дайындалган депутаттар де-

путаттардын жалпы  санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынган Жогорку

Кењештин чечими боюнча кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

     Эсептөө палатасынын  Кењешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө же бошо-

туу жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кенеш токтом кабыл алат.

     (КР 2008-жылдын  15-декабрындагы  N  262  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     173-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кењеши Коррупция менен күрөшүү бо-

юнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындайт.

     Коррупция менен  күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына талапкер

депутаттык фракциялар  сунуштаган депутаттардын ичинен тиешелүү комитет

тарабынан көрсөтүлөт  жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жа-

шыруун добушу  менен Жогорку Кењеш тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайын-

далат.

     Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук кењештин курамына дайындал-

ган депутат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ка-

был алынган Жогорку Кењештин чечими аркылуу чакырылып алынышы мүмкүн.

     Коррупция менен  күрөшүү  боюнча улуттук кењештин мүчөсүн дайындоо

же бошотуу маселеси боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

     (КР  2009-жылдын 26-майындагы №169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     174-берене.

 

     Статистика боюнча кењештин курамына Жогорку Кењештин өкүлү Жогорку

Кењеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-

нан аныкталат.

     (КР  2009-жылдын 26-майындагы №169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

                               27-глава

              Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатысынын

               аудиторлорунун курамынын жарымын дайындоо

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

                               28-глава

        Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуулары менен

         билдирүүлөрүн, чет мамлекеттердин, эларалык уюмдардын

       жетекчилеринин жана башка өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн

      угуу, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз

         Республикасынын Жогорку Сотунун төрагаларынын, Кыргыз

        Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ар жылкы

          баяндамаларын угуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку

          Кењешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы

         прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

        төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

           төрагасынын, ошондой эле Жогорку Кењеш тарабынан

           дайындалуучу же шайлануучу органдар менен кызмат

                 адамдарынын ар жылкы отчетторун угуу

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     180-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин кайрылуулары

менен билдирүүлөрүн,  чет мамлекеттердин, эларалык уюмдардын жетекчиле-

ринин жана  башка өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн, Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрага-

ларынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ар жылкы

баяндамаларын угат жана алар боюнча токтом кабыл алат.

     Жогорку Кењеш  Жогорку  Кењештин Төрагасынын иши, Жогорку Кењештин

жана анын  органдарынын  ишин  уюштуруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын

Башкы Прокурорунун,  Кыргыз  Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы-

нын, Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө  палатасынын Төрагасынын ар жылкы

отчетторун, Жогорку  Кењештин комитеттеринин төрагаларынын, ошондой эле

Жогорку Кењеш  тарабынан дайындалуучу же шайлануучу органдар менен кыз-

мат адамдарынын отчетторун угат жана алар боюнча токтом кабыл алат.

 

     181-статья.

 

     Депутаттарга Жогорку  Кењештин Төрагасынын отчетунун тексти жыйна-

лышта каралганга чейин бир жума мурда берилет.

     Отчетту талкуулоонун  жыйынтыктары боюнча Жогорку Кењештин Төрага-

сынын ишине  баа  берилет. Жогорку Кењештин Төрагасынын ишине баа берүү

жөнүндө токтом Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү-

нүн жашыруун добушу менен кабыл алынат.

     Эгерде Жогорку Кењешинин Төрагасынын иши канааттандырарлык деп та-

былса, анда  ал  кийинки  жылга  Жогорку Кењештин Төрагасынын кызматына

шайлоого катыша алат.

 

     182-статья.

 

     Жогорку Кењештин комитеттеринин төрагаларынын отчетторун угуу жана

алар боюнча  чечимдерди  кабыл  алуу  ушул Регламенттин 181-статьясында

белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

     Эгерде Жогорку Кењештин комитеттеринин төрагаларынын ишмердиги ка-

наатандырарлык деп  табылса, анда алардын талапкерлиги депутаттык фрак-

циялар тарабынан кийинки жылга Жогорку Кењештин комитеттеринин жана ко-

миссияларынын төрагасынын кызматына сунуш кылышы мүмкүн.

 

     183-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Башкы  прокурору,  Кыргыз  Республикасынын

Улуттук банкынын  төрагасы,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

төрагасы өздөрүнүн отчетторунун текстин Жогорку Кењешке алар жыйналышта

каралганга чейин бир жумадан кечиктирбей беришет.

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын  төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы-

нын төрагасынын  отчеттору жыйналышта каралганга чейин Жогорку Кењештин

тийиштүү комитеттерине корутунду чыгаруу үчүн берилет.

 

     184-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын  төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы-

нын төрагасынын  отчетторун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењеш

алардын ишине баа берүү менен токтом кабыл алат.

     Ишине баа  берүү  жөнүндөгү  токтом  депутаттардын  жалпы  санынын

көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен кабыл алынат.

     Эгерде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республи-

касынын Улуттук  банкынын  төрагасынын,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасынын төрагасынын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, Жогорку

Кењеш бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине кабарлайт.

 

     185-статья.

 

     Жогорку Кењеш  ушул  Регламенттин 181-статьясында белгиленген тар-

типте Жогорку  Кењеш дайындоочу же шайлоочу органдардын жана башка кыз-

мат адамдарынын отчетторун угат.

 

                               29-глава

           Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар жылкы

          отчетун угуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө

                           ишеним көрсөтпөө

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     186-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министринин Кыргыз

Республикасынын өкмөтүнүн иши жөнүндөгү ар жылкы отчетун угат.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетунун тексти Жогор-

ку Кењештин жыйналышында ал караларына 7 күндөн кечиктирилбестен Жогор-

ку Кењешке киргизилет.

     Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин  отчету жыйналышта ка-

ралганга чейин  Жогорку Кењештин тийиштүү комитеттерине корутунду чыга-

руу үчүн жана депутаттык фракцияларда кароого берилет.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Жогорку Кењештин

бардык курамында каралганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-минис-

три депутаттык фракцияларда алдын ала сүйлөй алат.

     Жогорку Кењеште Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун

кароонун жүрүшү боюнча комитеттердин төрагалары жана депутаттык фракци-

ялардын лидерлери чыгып сүйлөөгө укуктуу.

 

     187-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун кароонун жыйын-

тыктары боюнча  Жогорку  Кењештин  токтомунда  баа берилиши жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн  ишине  ишеним көрсөтүлүшү мүмкүн, ал Жогорку

Кењештин депутаттарынын  жалпы  санынын  көпчүлүк добушу менен жашыруун

добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар жылкы отчетун кароо-

нун жыйынтыгы боюнча  Жогорку  Кењештин  депутаттарынын  жалпы  санынын

үчтөн  биринин  демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ишеним

көрсөтпөө жөнүндө маселе каралышы мүмкүн. Ишеним көрсөтпөө жөнүндө ток-

том боюнча добуш берүү жашыруун жүргүзүлөт.

     Добуш берүүнүн  жыйынтыгы  боюнча  Жогорку Кењештин депутаттарынын

жалпы санынын  көпчүлүк  добушу  менен  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө

ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом кабыл алынат.

     Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе

Кыргыз Республикасынын  Президентин кезектеги шайлоого чейин 6 айда Жо-

горку Кењеш тарабынан каралууга тийиш эмес.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  ишеним көрсөтпөө болгондон кийин

Кыргыз Республикасынын  Президенти  Өкмөттүн отставкасы тууралу чечимди

кабыл алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

     Эгерде Жогорку Кењеш 3 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нө ишеним  көрсөтпөө  жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, Кыргыз

Республикасынын Президенти  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүн отставкага

жиберет же Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

     Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө ише-

ним көрсөтпөө билдире алат.

 

     188-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жа-

шыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча токтом ка-

был алынат.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө Жогорку Кењеш та-

рабынан ишеним  көрсөтүлбөгөн  учурда Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн отставкага жиберүү тууралу че-

чим кабыл  алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укук-

туу.

     Эгерде Жогорку Кењеш 6 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса, Кыргыз

Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүн отстав-

кага жиберүүгө милдеттүү.

 

                               VI БӨЛҮМ

                    ЖОГОРКУ КЕЊЕШ ТАРАБЫНАН ӨЗҮНҮН

                  КАРАМАГЫНА КИРГЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРОО

 

                               30-глава

              Республикалык бюджетти жана анын аткарылышы

                       тууралуу отчетту бекитүү

 

         (Главанын аталышы КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 137

                    Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     189-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген  республикалык

бюджет  тууралу  мыйзам  жана  анын  аткарылышы жөнүндө отчет,  социал-

дык-экономикалык жактан өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик  программалары  Жо-

горку  Кењеш  тарабынан  каралууга  тийиш жана эгерде алар үчүн Жогорку

Кењештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгү жактап  добуш

беришсе, кабыл алынды деп эсептелинет.

 

     190-статья.

 

     Келерки финансы  жылына  бюджетти кабыл алуунун жүрүшү Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.

     Республиканын учурдагы  жана  болжолдонгон  социалдык-экономикалык

абалын эске алуу менен, Жогорку Кењештин комитеттери Кыргыз Республика-

сынын  Өкмөтүнүн  бюджеттик комиссиясы тарабынан өнүгүүнүн индикативдик

планынын негизги көрсөткүчтөрүн эске алуу  менен  иштелип  чыккан  орто

мөөнөттүү  бюджеттик  негизинде келерки жылга бюджеттин долбоорун иштеп

чыгуу боюнча өз сунуштарын иштеп чыгышат жана  аларды  үстүдөгү  жылдын

май  айынын  аягынан  кечиктирбестен бюджет маселесин тейлеген тийиштүү

комитетке жөнөтүшөт.

     Бюджет маселелери  менен  иш  алып барган тиешелүү комитет келерки

жылга республикалык бюджеттин негизги багыттары  (бюджеттик  резолюция)

жөнүндө  токтом долбоорун иштеп чыгат жана аны үстүдөгү жылдын 15-июну-

нан кечиктирбестен Жогорку Кењештин кароосуна киргизет.

     Бюджеттик резолюция жалпы жонунан мамлекеттин бюджетинин андан ар-

кы мезгилге артыкчылыктарын  аныктайт,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү

үчүн республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууга багыт болот.

     Жогорку Кењеш келерки жылга республикалык бюджеттин негизги багыт-

тары  (бюджеттик  резолюция) жөнүндө токтомду 1-июлга чейин кабыл алат.

Бюджеттик резолюциянын долбоорун кароодон мурда Жогорку  Кењеш  төмөнкү

маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угат:

     1) үстүдөгү жылдын бюджетинин аткарылыш абалын;

     2) кийинки 3 жылга бюджеттин орто моөнөттүү болжолун.

 

     191-статья.

 

     Салыктардын жањы  ставкалары  жана  республикалык  бюджетке  башка

төлөөлөр,  ошондой эле мамлекеттик  бюджеттин  киреше  бөлүгүнө  таасир

берүүчү  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына башка өзгөртүүлөр мыйзам

кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап гана күчүнө  ки-

рет.

 

     192-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  республикалык  бюджеттин долбоорун

Жогорку Кењештин кароосуна 1-сентябрдан кечиктирбестен берет. Бюджеттин

долбоору бюджеттик резолюциянын талаптарын сактоо менен иштелип чыгууга

тийиш,  ал  эми  андан  четтеп   кетүүлөр   өзүнчө   көрсөтүлүшү   жана

жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

 

     193-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  тарабынан киргизилген "Кыргыз Рес-

публикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замынын долбоору Жогорку Кењештин жыйналышында үч окууда каралат.

 

     194-статья.

 

     Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууга коюу үчүн Жогорку

Кењештин тийиштүү  комитеттеринде  жана депутаттык фракцияларында кароо

20 күндүн ичинде бүтүрүлүшү керек жана алардын корутундулары бюджет ма-

селесин тейлеген комитетке жиберилиши керек.

     Бюджет маселесин  тейлеген  комитет 10 күндүн ичинде республиканын

бюджетинин киреше бөлүгүн тактоо боюнча Жогорку Кењештин башка комитет-

теринин корутундуларын  эске алуу менен келерки жылга "Кыргыз Республи-

касынын республикалык  бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

нын долбоорун Жогорку Кењештин кароосуна киргизет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     195-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын  долбоорунун  республикалык бюджеттин кирешелер

бөлүгү боюнча  биринчи  окууда  кароонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењеш

республикалык бюджеттин  долбоорунун төмөндөгү негизги параметрлери бо-

юнча токтом кабыл алат:

     - республикалык  бюджеттин кирешелеринин ички дүњ продуктуга (ИДП)

карата салыштырма салмагы жана алардын абсолюттук суммасы;

     - республикалык  бюджеттин  чыгашаларынын  ИДПга карата салыштырма

салмагы жана алардын абсолюттук суммасы;

     - республикалык бюджеттин тењдемсиз (дефицитинин) өлчөмү ИДПга ка-

рата абсолюттук сан жана пайыз менен:

     - бюджеттин тартыштыгын жабуунун булактары.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     196-статья.

 

     "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын  Мыйзамынын  долбоору  четке кагылган учурда Жогорку Кењеш

төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

     - Жогорку  Кењештин комитеттеринин корутундуларында баяндалган су-

нуштамаларды жана Жогорку Кењештин депутаттык фракцияларынын сунуштарын

эске алуу менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин негизги

параметрлеринин такталган  вариантын  иштеп  чыгуу  үчүн аталган мыйзам

долбоорун бюджет маселесин тейлеген тиешелүү комитетке берет;

     - мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө кайтарып берет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     197-статья.

 

     "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда четке кагылган  учурда,

бюджет  маселесин  тейлеген  тиешелүү  комитет  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү менен бирдикте 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын республи-

калык  бюджетинин долбоорунун негизги параметрлеринин такталган вариан-

тын иштеп чыгат жана Жогорку Кењештин кароосуна киргизет.

 

     198-статья.

 

     "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын  Мыйзамынын  долбоору биринчи окууда жеткире иштеп чыгууга

кайтарылган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджет маселесин  тей-

леген тиешелүү комитеттин корутундусунда баяндалган сунуштарды жана су-

нуштамаларды эске алуу менен мыйзамдын такталган долбоорун 10 күн ичин-

де Жогорку Кењештин кароосуна киргизет.

 

     199-статья.

 

     Жогорку Кењеш  экинчи окууда "Кыргыз Республикасынын республикалык

бюджети жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун респуб-

ликалык бюджеттин чыгашаларынын түрлөрү боюнча бюджеттик квалификацияга

ылайык бөлүмдөргө,  топторго, топчолорго бөлүп карайт жана токтом кабыл

алат.

     Үчүнчү окууда мыйзамдын долбоорун статьялар боюнча кароонун жыйын-

тыгы боюнча Жогорку Кењеш "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз  Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө токтом ка-

был алат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     200-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү өткөн жылдагы республикалык бюджет-

тин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кењешке берген отчетун түшүндүрмө маалы-

мат  менен коштоп,  отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктир-

бестен киргизет.

 

     201-статья.

 

     Республикалык бюджеттин  аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кењештин

жыйналышында 1-июлга чейин каралууга тийиш. Жыйналышта Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана бюджет ма-

селелерин караган  тийиштүү комитеттин корутундусу, депутаттык фракция-

лардын лидерлеринин  чыгып сүйлөгөн сөздөрү угулат. Талкуулоонун жыйын-

тыгы боюнча  Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы

жөнүндө отчетту бекитүү тууралу мыйзам кабыл алынат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     202-статья.

 

     Республикалык бюджеттин   аткарылышы  жөнүндө  отчет  бекитилбеген

учурда Жогорку Кењеш мамлекеттик органдардын  жана  аткаруу  бийлигинин

кызмат  адамдарынын жоопкерчилиги тууралу маселени карай алат,  ошондой

эле эгерде отчетту караган учурда республикалык бюджет тууралу мыйзамды

бузуулар аныкталган болсо,  аларга байланышкан башка маселелерди да че-

чиши мүмкүн.

 

                               31-глава

                Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген

                социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы

                   мамлекеттик программасын бекитүү

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     203-статья.

 

     Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  жалпы мамлекеттик программасынын

долбоорлору (мындан  ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-

рабынан Жогорку Кењешке киргизилет.

     Жогорку Кењештин  Төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген

социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  жалпы мамлекеттик программасынын дол-

боорлор алдын  ала  кароо  жана алар боюнча корутундуларды даярдоо үчүн

Жогорку Кењештин бардык комитеттерине жөнөтөт.

     Жогорку Кењештин комитеттери өздөрүнүн сын-пикирлери жана сунушта-

ры менен Жогорку Кењештин токтомунун жалпыланган долбоорун даярдашат.

     Кыргыз Республикасынын   Өкмөтү   киргизген социалдык-экономикалык

өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын долбоорлору боюнча материал-

дар сын-пикирлер жана сунуштар менен бирге депутаттарга таратылып бери-

лет.

     Кыргыз Республикасынын   Өкмөтү   киргизген социалдык-экономикалык

өнүгүүнүн жалпы  мамлекеттик  программасын  Жогорку Кењеш депутаттардын

жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жактырат.

 

                               32-глава

          Согуш жана өзгөчө абал киргизүү жөнүндө маселелерди

       кароо. Согуш жана тынчтык маселелерин чечүү, согуш абалын

        жарыялоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин

               бул маселелер боюнча жарлыктарын бекитүү

                           же жокко чыгаруу

 

     204-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын аймагына же анын бир бөлүгүнө согуш, өзгөчө

абал режими киргизилген,  согуш жана тынчтык маселелерин  чечүү,  согуш

абалы жарыяланган учурда:

     1) Жогорку Кењеш өзүнө берилген согуш же өзгөчө абал режимин  кир-

гизүү,  согуш  жана  тынчтык  маселелерин чечүү,  согуш абалын жарыялоо

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын 24 сааттын ичинде

карайт;

     2) Жогорку Кењеш  сессияларынын  аралыгындагы  мезгилде  согуш  же

өзгөчө абал режимин киргизүү, согуш жана тынчтык маселелерин чечүү, со-

гуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлы-

гын ал кабыл алынган учурдан тартып 72 сааттан кечиктирилбестен карайт.

     Эгерде табигый кырсыктардан,  жењүүгө мүмкүн болбогон  дагы  башка

кыйынчылыктардан  улам  депутаттар тез арада (3 күндүн ичинде) Бишкекке

Жогорку Кењештин кезексиз жыйналышына келе алышпаса,  же жыйналышты Жо-

горку  Кењештин  имаратында  өткөрүү  мүмкүн болбосо,  Жогорку Кењештин

Төрагасы жыйналышты өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан башка имаратты, болбо-

со Кыргыз Республикасынын башка шаарын тандайт,  бул тууралу депутаттар

массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка жол менен кабардар кылы-

нат.

 

     205-статья.

 

     Согуш жана өзгөчө абал,  согуш жана тынчтык маселелерин чечүү туу-

ралу, согуш абалын жарыялоо жөнүндө маселелер Жогорку Кењештин кароосу-

на Жогорку Кењештин комитеттеринде алдын ала даярдалбастан коюлат.

     Согуш же өзгөчө абал режимин киргизүү,  согуш жана тынчтык маселе-

лерин чечүү,  согуш абалын жарыялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин Жарлыгын бекитүү же четке кагуу жөнүндө чечим,  ошондой  эле

Жогорку  Кењеш  тарабынан согуш же өзгөчө абал режимин киргизүү тууралу

чечим кабыл алынды деп эсептелинет,  эгерде депутаттардын жалпы санынын

көпчүлүгү ал үчүн добуш беришсе.

 

     206-статья.

 

     Жогорку Кењеш  согуш  же өзгөчө абал режимин киргизүү,  согуш жана

тынчтык маселелерин чечүү, согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Респуб-

ликасынын  Президентинин  Жарлыгын жана ал тарабынан каралган чараларды

толук бойдон, айрым бөлүгүн бекитиши же четке кагышы мүмкүн.

     Согуш же өзгөчө абал режимин киргизүү,  согуш жана тынчтык маселе-

лерин чечүү,  согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин  Жарлыгын жана ал тарабынан каралган чараларды Жогорку Кецеш

жактырган учурда,  Жоюрку  Кенеш  тарабынан  жактырылган  жоболор  гана

күчүнө кирет.

     Жогорку Кењеш кабыл алган чечими  жөнүндө  Кыргыз  Республикасынын

Президентин токтоосуз түрдө (3 сааттын ичинде) кабардар кылат жана мас-

салык маалымат каражаттары аркылуу билдирүү жасайт.

 

     207-статья.

 

     Эгерде согуш жана өзгөчө абал режимин киргизүү, согуш жана тынчтык

маселелерин чечүү, согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ушул  мый-

замдын 204-статьясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган мөөнөттө бекитпесе,

ал өз күчүн жоготот.

 

                               33-глава

               Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча

            мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди

          аткаруу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын

            Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерлерде

              пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени

                            чечүүнү тартиби

 

     208-статья.

 

     Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык кели-

шимдик  милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгон учурда Кыргыз Республика-

сынын Куралдуу Күчтөрүн анын аймагынын чегинен тышкары жерлерде  пайда-

лануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин сунушу боюнча Жогорку Кењеш тарабынан каралат.

     Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык кели-

шимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы туулган учурда Кыргыз Респуб-

ликасынын  Куралдуу  Күчтөрүн  анын  аймагынын чегинен тышкары жерлерде

пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан  Кыр-

гыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн су-

нушу, ошондой эле өзүнүн демилгеси боюнча каралат. Тынчтыкты жана кооп-

суздукту  колдоо  боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди

аткаруу  зарылдыгы  туулган  учурда  Кыргыз  Республикасынын   Куралдуу

Күчтөрүн   анын   аймагынын   чегинен  тышкары  жерлерде  пайдалануунун

мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Жогорку Кенештин кароосуна Кыргыз Республи-

касынын Президентинин корутундусу болгондо гана коюлушу мүмкүн.

 

     209-статья.

 

     Жогорку Кењеш  тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекет-

тер аралык келишимдик милдеттемелерди аткаруу зарылдыгы туулган  учурда

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын аймагынын чегинен тышкары

жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү  жөнүндө  маселени  кароого  Кыргыз

Республикасынын  Президентинин  ал  өзү көтөрүп жаткан демилгесинин не-

гиздүүлүгүн камтыган кайрылуусун алгандан кийин киришет.

     Алынган кайрылууну  Жогорку  Кењештин  Төрагасы тиешелүү комитетке

корутунду даярдоо үчүн дароо жөнөтөт.

 

     210-статья.

 

     Тиешелүү комитеттин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин ыйгарым  укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турук-

туу өкүлү,  коргоо,  коопсуздук, тышкы иштер, юстиция маселелери боюнча

иш алып  барышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Кыр-

гыз Республикасынын  Коопсуздук кењешинин жана башка кызыкдар органдар-

дын өкүлдөрү чакырылат.

     Тиешелүү комитеттин корутундусу мыйзам долбоору комитетке жөнөтүл-

гөн учурдан тартып 3 күндөн ашпаган мөөнөттө даярдалышы керек.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     211-статья.

 

     Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык кели-

шимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы туулган учурда Кыргыз Респуб-

ликасынын Куралдуу  Күчтөрүн  анын  аймагынын  чегинен тышкары жерлерде

пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо үчүн Жогорку Кењештин

жыйналышы мыйзам  долбоору  Жогорку Кењешке келип түшкөн учурдан тартып

беш күндөн кечиктирилбестен чогулат.

     Жогорку Кењеш  өзүнүн жыйналышына Кыргыз Республикасынын Президен-

тин, Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын

Коргоо министрин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта-

бынын начальнигин,  коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, юстиция маселелери

боюнча иш  алып  барышкан мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой

эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешинин жана башка кызыкдар ор-

гандардын өкүлдөрүн чакырат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     212-статья.

 

     Жогорку Кењештин жыйналышында тынчтыкты жана  коопсуздукту  колдоо

боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы

туулган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын  аймагынын

чегинен  тышкары  жерлерде  пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени

кароо  бул  маселенин  демилгечисинин,  болбосо  анын  ыйгарым  укуктуу

өкүлүнүн баяндамасы менен башталат.

     Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан башка чечим кабыл  алынбаса,  тынч-

тыкты  жана  коопсуздукту  колдоо  боюнча мамлекеттер аралык келишимдик

милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы туулган учурда Кыргыз  Республикасы-

нын  Куралдуу Күчтөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары

жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Жогорку Кењештин жа-

бык жыйналышында талкууланат.

 

     213-статья.

 

     Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык кели-

шимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы туулган учурда Кыргыз Респуб-

ликасынын  Куралдуу  Күчтөрүн  Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен

тышкары  жерлерде  пайдалануунун  мүмкүнчүлүгү  жөнүндө  чечим  Жогорку

Кењештин  депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алы-

нат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жол-жоболоштурулат.

     Эгерде бул  маселе  боюнча  мыйзам Жогорку Кењештин депутаттарынын

жалпы санынын көпчүлүгүнүн колдоосуна алынбаса, анда Кыргыз Республика-

сынын Куралдуу  Күчтөрү республиканын аймагынан тышкары пайдаланылбайт,

бул Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

     Мыйзам же  Жогорку  Кењештин  токтому кабыл алынган учурдан тартып

бир күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

     Кабыл алынбаган  мыйзам  долбоору Жогорку Кењешке бир жыл өткөндөн

кийин кайталап киргизилиши мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               34-глава

              Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын,

            дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана

                    башка атайын наамдарын белгилөө

 

     214-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, диплома-

тиялык рангдарын,  класстык чендерин жана башка атайын наамдарын мыйзам

түрүндө белгилейт.

     Аскердик жана  атайын наамдар, дипломатиялык рангдар жана класстык

чендер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин сунуштамасы боюнча белгиленет.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алдын ала Жогорку

Кењештин тиешелүү  комитетинде  каралат  жана каралгандан кийин Жогорку

Кењештин жыйналышынын  кароосуна  киргизилет,  ал эми бул маселе боюнча

Жогорку Кењеш  депутаттардын  жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим

кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын аскердик жана атайын наамдарын, дипломатия-

лык рангдарын  жана класстык чендерин ыйгаруунун тартиби Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдары менен аныкталат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

                               35-глава

            Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын

                     жана ардак наамдарын белгилөө

 

       (Глава Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     215-статья.

 

     Кыргыз Республикасына сињирген көрүнүктүү жана өзгөчө эмгегин бар-

ктоо үчүн  Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын

жана ардак наамдарын белгилейт.

     Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамда-

рын белгилөө жөнүндө Жогорку Кењеш мыйзам кабыл алат.

     Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын аталышы мамлекет-

тик тилде белгиленет.

     Мамлекеттик сыйлыктарга,  белгилердин, ордендик китепчелердин жана

күбөлүктөрдүн сыпаттамасы  жана  үлгүлөрү, ошондой эле аларга көрсөтүү-

нүн, тапшыруунун,  тагып  жүрүүнүн жана сактоонун тартибине байланышкан

жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

 

                               36-глава

                Мунапыс берүү жөнүндө актыларды чыгаруу

 

     216-статья.

 

     Мунапыс берүү  жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кењешке киргизи-

лет жана ал мыйзам долбоорлорун киргизүү жана кароо үчүн ушул  Мыйзамда

белгиленген тартипте каралат.

     Жогорку Кењеш мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды Жогорку Кењештин  де-

путаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

     Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга Кыргыз  Республикасынын  Президенти

кол коет жана элге жарыя кылынат.

 

                               37-глава

                  Кыргыз Республикасынын Президентин

                     шайлоону дайындоонун тартиби

 

     217-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын   Президентин   шайлоону  дайындоо  Жогорку

Кењештин карамагына кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү ма-

селени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтагы иштөө

мөөнөтүнүн бүтүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн

ыйгарым укуктарын аткарууну мөөнөтүнөн  мурда  токтотушу  негиз  болушу

мүмкүн.

 

     218-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Президентин  мөөнөтүнөн  мурда шайлоо анын

арызы боюнча  кызматынан  кеткенде, Кыргыз Республикасынын Конституция-

сында каралган  тартипте  кызматынан четтетилгенде, ошондой эле ыйгарым

укуктарын ооруп  калгандыгына же кайтыш болгондугуна байланыштуу аткара

албаган учурда Жогорку Кењеш дайындайт.

     Мында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан  оорусунан  улам

өзүнүн  милдеттерин  жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк болбогондо Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеши өзү түзгөн мамлкеттик медициналык комиссия-

нын   корутундусунун   негизинде   Кыргыз  Республикасынын  Президентин

мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кењештин депутаттарынын  жалпы

санынын кеминде үчтөн эки добушу менен чечим кабыл алат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     219-статья.

 

     Жогорку Кењеш  депутаттардын  жалпы  санынын көпчүлүк добушу менен

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө токтом ка-

был алат,  ага Жогорку Кењештин Төрагасы дароо кол коет жана эки кален-

дардык күндүн ичинде массалык маалымат каражаттарында расмий жарыялану-

уга тийиш.

 

                               38-глава

             Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан

             четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жана Кыргыз

            Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү

 

      (Главанын Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

220-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Президенти Жогорку Кењеш тарабынан коюлган

мамлекеттик чыккынчылык жөнүндөгү айыптын негизинде же Кыргыз Республи-

касынын Президентинин  иш-аракеттеринде айыптоонун белгилеринин болгон-

дугу жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын корутундусу

жана айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндөгү Кыргыз

Республикасынын Конституциялык  сотунун  корутундусу  менен далилденген

башка өзгөчө оор кылмыш жасаганда гана кызматтан четтетилиши мүмкүн.

     Кыргыз Республикасынын  Президентин кызматтан четтетүү жөнүндө Жо-

горку Кењештин  Президентке  каршы айып коюлган чечими Жогорку Кењештин

атайын комиссиясынын корутундусу болгондо Жогорку Кењештин депутаттары-

нын жалпы  санынын  демилгеси  боюнча үчтөн экисинин добушунан кем эмес

көпчүлүгү менен кабыл алынууга тийиш.

     Кыргыз Республикасынын  Президентин кызматтан четтетүү жөнүндө Жо-

горку Кењештин  чечими  Кыргыз  Республикасынын Президентине каршы айып

коюлгандан кийин  үч  айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кењештин

депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнүн добушунан кем эмес көпчүлү-

гү менен кабыл алынууга тийиш. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кењештин че-

чими кабыл алынбаса, айып коюу четке кагылды деп эсептелинет.

 

     221-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик чыккынчылык же башка

өзгөчө оор  кылмыш  жасаган учурда Жогорку Кењеш аны кызматтан четтетүү

үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коет.

     Айып коюу  жөнүндөгү  сунушта Кыргыз Республикасынын Президентинин

күнөөсүн айыптаган кылмыштын белгилери ачык-айкын көрсөтүлүүгө, ошондой

эле анын бул кылмышка катышы бар экендигине негиздеме болууга тийиш.

 

     222-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Президентине каршы айып коюу жөнүндөгү су-

нуш жол-жобо эрежелеринин сакталышына баа берүү жана коюлган айыптын иш

жүзүндө негиздүүлүгүн  тактоо үчүн Жогорку Кењеш тарабынан түзүлгөн Жо-

горку Кењештин атайын комиссиясына корутунду алуу үчүн жөнөтүлөт.

     Курамында төрага жана комиссиянын 9дан кем эмес мүчөсү Жогорку Ке-

њеш тарабынан  шайланат  Комиссиянын курамы депутаттардын жалпы санынын

көпчүлүк добушунун  жалпы тизмеси менен алардын пропорционалдык өкүлчү-

лүгүн эске алуу менен комитеттердин, депутаттык фракциялардын сунуштары

боюнча Жогорку Кењеш тарабынан шайланат.

 

     223-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Президентине каршы айып коюу жөнүндө сунуш

жана комиссиянын корутундусу Жогорку Кењештин жыйналышында каралат.

     Бул маселени талкуулоого ушул сунуштун демилгечилеринин ичинен ый-

гарым укуктуу  депутат,  комиссиянын төрагасы, депутаттык фракциялардын

өкүлдөрү, ошондой эле бул үчүн берген баалары жана көрсөтмөлөрү олуттуу

мааниге ээ  болгон эксперттер, чакырылган башка адамдар катышышат. Кыр-

гыз Республикасынын  Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө кезексиз сөз

берилет.

 

     224-статья.

 

     Талкуулоонун жыйынтыгы  боюнча  Жогорку  Кењеш депутаттардын жалпы

санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентин кызматтан  четтетүү үчүн мамлекеттик чыккынчылык кылгандыгы же

башка өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы боюнча ага каршы күнөө коюу жөнүндө

жашыруун добуш менен токтом кабыл алат.

     Жогорку Кењеш  бул  токтомду  Кыргыз Республикасынын Президентинин

иш-аракеттеринде кылмыштын  белгилеринин бар экендиги жөнүндө корутунду

алуу үчүн  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана айып коюу-

нун белгиленген  тартиби сакталгандыгы жөнүндө корутунду алуу үчүн Кыр-

гыз Республикасынын Конституциялык сотуна үч күндүк мөөнөттө жөнөтөт.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республика-

сынын Конституциялык соту Жогорку Кењеш тарабынан берилген токтомду жа-

на башка документтерди карашат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-

да белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өз корутундуларын беришет.

     Эгерде Кыргыз  Республикасынын Президентине каршы айып коюу жөнүн-

дөгү сунуш депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлү-

гүнүн колдоосуна алынбаса, Жогорку Кењеш айып коюудан баш тартуу жөнүн-

дө токтом кабыл алат.

 

                               39-глава

              Жогорку Кењештин депутатынын иштөө тартиби

 

     225-статья.

 

     Жогорку Кењештин депутатынын Жогорку Кењеште жана анын комитеттери

менен убактылуу  комиссияларындагы,  депутаттык  фракцияларындагы иштөө

тартиби Кыргыз  Республикасынын Конституциясы, Жогорку Кењештин депута-

тынын статусун жөнгө салуучу мыйзам, ушул Регламент жана башка ченемдик

укуктук актылар менен белгиленет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     226-статья.

 

     Депутаттар бирдей  социалдык-тиричилик шарттар,  баарына бирдей иш

жайлары,  Жогорку Кењештин жыйналыштар залында өзүнө таандык жеке  орун

менен камсыз болушат.

 

     227-статья.

 

     Сессия мезгилиндеги депутаттын иши өзүнө:

     1) Жогорку Кењештин жыйналыштарына катышууну;

     2) депутаттын  Жогорку Кењештин жыйналыштарынан тышкары ишин, анын

ичинде: комитеттердеги,  комиссиялардагы, депутаттык фракциялардагы иш-

терин, Жогорку Кењештин жана анын органдарынын тапшырмаларын аткарышын,

Жогорку Кењештин  мыйзам  долбоорлорунун, документтеринин үстүндө иште-

шин, депутаттык  териштирүү жүргүзүүдөгү, мыйзамдуулукту бузуу фактыла-

рын четтетүү боюнча ал өз укуктарын жана милдеттерин аткаруудагы, чогу-

луштарга, конференцияларга,   талкууларга,   дагы  башка коомдук-саясий

иш-чараларга катышуудагы иштерин камтыйт.

     Жогорку Кењештин  шашылыш  тапшырмаларын аткарган учурларды кошпо-

гондо,  ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-пунктундагы көрсөтүлгөндөн

тышкаркы  депутаттын  иши Жогорку Кењештин жыйналыштарынын аралыгындагы

мезгилде жүзөгө ашырылат.

     Жыйналыштардан тышкаркы убактыларын жана өргүү мезгилин депутаттар

өз кесибин өркүндөтүүгө,  тажрыйба алмашууга,  шайлоо округунда иштөөгө

жана  депутаттык  ыйгарым укуктарын аткарууга байланышкан башка иштерге

өз каалоосу боюнча пайдаланат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     228-статья.

 

     Жогорку Кењештин жана анын комитеттери менен комиссияларынын  жый-

налыштарына катышуу Жогорку Кењештин жана анын комитеттери менен комис-

сияларынын тапшырмаларын аткаруу, депутаттын бардык башка кызматтык иш-

терин кийинкиге калтыра турууга негиз болуп саналат.

     Депутаттык ыйгарым  укуктарын  жана Жогорку Кењештин жана анын ор-

гандарынын тапшырмаларын  аткаруу  үчүн  депутаттык  иш сапар жөнүндөгү

(анын макулдугу менен) чечимди Жогорку Кењештин Төрагасы, ал эми ал жок

болуп калган  учурда  -  комитеттин, комиссиянын, депутаттык фракциянын

сунушу боюнча  Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын бирөө ка-

был алат жана белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     229-статья.

 

     Депутаттын Жогорку  Кењештин  жана  өзү шайланган анын комитеттери

менен комиссияларынын  жыйналыштарына,  депутаттык фракциялардын жыйна-

лыштарына катышпай калуусуна жүйөлүү себептер боюнча гана жол берилет.

     Депутаттын Жогорку  Кењештин же анын комитеттери менен комиссияла-

рынын, депутаттык  фракциялардын тапшырмаларын аткаруусу, эгерде мындай

тапшырмалар жөнүндө  алар  тарабынан  тийиштүү  чечимдер  кабыл алынса,

алардын Жогорку Кењештин же анын комитеттери менен комиссияларынын, де-

путаттык фракциялардын жыйналыштарынын расписаниесине ылайык өткөрүлүү-

чү жыйындарына катышпай калуусуна негиз болуп саналат.

    Демейдеги жагдайларда депутаттын катышпагандыгынын жүйөлүү себептери

төмөнкүлөр болуп саналат:

- убактылуу ишке жарамсыздык;

- кош бойлуулугу жана төрөт боюнча, баланы асырап алууга байланыш-

туу өргүү;

- эмгек акысы  сакталбаган  өргүү  (үй-бүлөлүк  жагдайлар  боюнча,

никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн

учурларда);

- парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен окуу өргүүсү, иш

сапарында болуу, кат жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик салтанаттарга

жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана  башка

иш-чараларга катышуу;

- тийиштүү документтер менен ырасталган транспорттук тоскоолдуктар.

     Ушул статьяда көрсөтүлгөндөн тышкаркы ар бир учурда депутаттын ка-

тышалбай калышынын  себебин  жүйөлүү деп табуу комиссия тарабынан чечи-

лет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1,

 2009-жылдын 15-октябрындагы №276  Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

     230-статья.

 

     Бир же кийинки бир нече жыйналышка катыша албай турган депутат се-

бептерин көрсөтүү  менен алдын ала бул тууралу жазуу жүзүндө депутаттык

фракциянын лидерине, ал эми комитеттин же комиссиянын жыйналышына каты-

шууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, ошол комитеттин же комиссиянын төрагасына

кабарлап коюшу  керек  Депутат тарабынан бул коюлган талап аткарылбаган

учурда ал  бул  тууралу тийиштүү комитетке жазуу жүзүндө түшүндүрмө бе-

рет.

     Жогорку Кењештин  жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катышпай кой-

гон депутатка Жогорку Кењештин  Төрагасы  төмөндөгүдөй  жаза  чараларын

колдонот:

     - Жогорку Кењештин жыйналышына катышпай калган ар бир күнү үчүн ай

сайын төлөнчү депутаттык акынын 1/22 бөлүгүн кармап калууну;

     - массалык маалымат каражаттарында аты-жөнүн көрсөтүү менен маалы-

мат жарыялоо.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     231-статья.

 

     Белгисиз себептер  боюнча Жогорку Кењештин жыйналыштарына катышпа-

ган депутаттар жөнүндө маалыматтар Аппарат тарабынан ай  сайын  Жогорку

Кењештин Төрагасына берилип турат.

 

                               40-глава

              Жогорку Кењештин депутатын кол тийбестиктен

              ажыратуунун жана Жогорку Кењештин депутатын

               жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүнүн

                                тартиби

 

     232-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутаты  өзүнүн  ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн

акырына чейин кол тийбестик укугуна ээ.

     Жогорку Кењештин  депутатын кылмыш, ошондой эле сот тартибинде са-

лынуучу административдик  жоопкерчиликке  тартууга, ал тарабынан өзгөчө

оор кылмыштарды жасалганды кошпогондо, Жогорку Кењештин макулдугу менен

гана жол берилет.

     Жогорку Кењештин    депутаты    депутаттык    ишине    байланыштуу

сүйлөгөндөрү же Жогорку Кењештеги добуш берүүнүн  натыйжасы  үчүн  жана

депутаттык статуска ылайык башка аракеттери,  анын ичинен ыйгарым укук-

тарынын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча да куугунтуктоого алынбайт. Депутаттык

кол тийбестик анын турак жайына,  кызматтык жайларга, жүгүнө, жеке жана

кызматтык транспорт каражатына,  кат алышууга,  ал пайдаланган байланыш

каражаттарына, ошондой эле ага тиешелүү документтерге таркатылат.

     Жогорку Кењештин депутаты оор же өзгөчө оор  кылмыш  жасап  жаткан

жеринен  кармалгандан  тышкары  учурларда кармалышы же камакка алынышы,

тинтүү жүргүзүлүшү,  суракка алынышы же жекече текшерилиши мүмкүн эмес.

Бул  учурларда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору бир күндүн ичинде

депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга  макулдук  алуу  үчүн  Жогорку

Кењешке  сунуштама жиберет.  Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Башкы

прокурорунун сунуштамасын кезексиз тартипте үч  күндүн  ичинде  карайт.

Эгерде  Жогорку  Кењеш  Башкы прокурордун сунуштамасын үч күндүн ичинде

карабаса, депутат Жогорку Кењештин депутаттарынын тобунун кепилдиги ас-

тында бошотулат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     233-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутатына карата кылмыш ишин Кыргыз Республика-

сынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

     Депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү маселе - Кыргыз Рес-

публикасынын Башкы прокурорунун Жогорку  Кењешке  жиберген  сунуштамасы

боюнча, администрациялык укук бузуу боюнча, жекече коюлган күнөөлөр бо-

юнча - ишти карап жаткан соттун (судьянын) сунуштамасы боюнча чечилет.

     Жогорку Кењештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине, ошондой эле сот

тартибинде салынуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга  макулдук

алуу үчүн ишти карап жаткан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору бол-

босо соту (судьясы) Жогорку Кењешке сунуштама  киргизет.  Жекече  күнөө

коюу  иши боюнча Жогорку Кењештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тар-

тууга макулдук алуу үчүн ишти карап жаткан сот (судья) Жогорку  Кењешке

сунуштама киргизет.

 

     234-статья.

 

     Депутатты кол  тийбестиктен ажыратууга тиешелүү жекече коюлган кү-

нөө боюнча ишти карап жаткан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун,

сотунун (судьясынын)  сунуштамасын кароо үчүн ушул Регламентте каралган

тартипте териштирүү жүргүзүү боюнча депутаттык комиссия түзүлөт.

     Аталган комиссия  сунуштаманы  бир  айлык мөөнөттөн кечиктирбестен

карайт.  Зарылчылык болгондо Кыргыз Республикасынын Башкы  прокурорунан

жана соттон (судьялардан) кошумча материалдар суратылып алынышы мүмкүн.

     Аталган комиссия депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү ма-

селени кароодо маселенин чечилүүгө тийешеси болгон депутатты,  прокура-

туранын өкүлүн же арыз берүүчүнү (жекече айыптоочуну) угууга милдеттүү.

 

     235-статья.

 

     Комиссия жүргүзүлгөн териштирүүнүн маалымдамасын,  ошондой эле де-

путатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү маселени чечүүнүн долбоорун

түзгөндөн жана жарыялагандан кийин Жогорку Кењештин жакын арадагы  жый-

налышынын күн тартибине киргизилет.

     Ушул маселени, ошондой эле сунуш кылынган чечимдин долбоорун каро-

одо  сунуштамадагы  көрсөтүлгөн  фактыларды  гана  интерпретациялоо баа

берүү же тактоо менен чектелет.  Чечимдин долбоору боюнча  жарыш  сөзгө

маселени  териштирүү  жүргүзгөн  комиссиянын баяндамачысы жана маселеси

чечилип жаткан Жогорку Кењештин депутаты катышат.

     Эгерде Жогорку  Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси-

нен кем эмеси ага добуш берсе,  Башкы прокурордун же соттун  (судьянын)

сунуштамасын канааттандыруу жөнүндөгү чечим кабыл алдынды деп эсептели-

нет. Жогорку Кењештин мындай актысы чечим түрүндө кабыл алынат.

     Башкы прокуратурага,  сотко  (судьяга)  үч күндүк мөөнөттө Жогорку

Кењештин жүйөлөштүрүлгөн чечими жөнүндө кабар берилет.

     Жогорку Кењеш  негиздердин болушуна жараша өзүнүн чечимин кайрадан

карай алат.

     Депутатты жазык  жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салы-

нуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн Жогор-

ку Кењештин  баш  тартышы кылмыш иши боюнча ушул депутатка карата өндү-

рүштү же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликти кара-

ган укук бузуулар боюнча өндүрүштү жокко чыгарган жагдай болуп саналат.

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же соту (судьясы) иш боюнча

өндүрүш  аяктагандан кийин үч күндүк мөөнөттө териштирүүнүн же ишти ка-

роонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кењешке билдирүүгө милдеттүү.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     236-статья. (Статья КР 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 137 Мыйзамына

                 ылайык алынып салынды)    

 

                               41-глава

                   Жогорку Кењештин таратуунун жана

                     өзүн өзү таратышынын тартиби

 

         (Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын

          25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     237-статья.

 

     Президент Жогорку  Кењешке төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда

шайлоо дайындайт.

     Жогорку Кењеш өзүн өзү таратканда,

     эгерде Жогорку Кењеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституция-

сында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер

көрсөтүлбөсө;

     эгерде Жогорку  Кењеш үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса.

     Жогорку Кењеш  өзүн  өзү таратуу жөнүндөгү чечим боюнча таратылышы

мүмкүн. өзүн  өзү таратуу жөнүндөгү чечим Жогорку Кењештин депутаттары-

нын жалпы  санынын  кеминде  үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл

алынышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     238-статья. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)   

 

                               42-глава

             Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын

                 мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби

 

      (Главанын Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                  N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

     239-статья.

 

     Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Жогорку Кењештин ый-

гарым укуктарынын токтотулушу менен бир мезгилде токтотулат.

     Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда

мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

     1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жү-

зүндө арыз бергенде;

     2) жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкондо же башка жарандыкты

кабыл алганда;

     3) башка  ишке  өткөндө  же депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга

шайкеш келбеген ишин таштабаганда;

     4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

     5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга чыгып

кеткенде;

     6) сот тарабынан депутат аракетке жөндөмсүз деп табылганда;

     7) аны дайынсыз жок болду, кайтыш болду, же депутатты өлдү деп жа-

рыялоо жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

     8) депутатка  карата  соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кир-

генде;

     9) Жогорку  Кењештин жыйналыштарына бир сессиянын ичинде 30 же ан-

дан коп жумуш күнү себепсиз катышпаганда;

     10) мыйзамга ылайык өзү шайланган саясий партиядан депутат чыккан-

да же чыгарылганда;

     11) мыйзамга  ылайык  депутат болуп шайланган саясий партиянын иши

токтотулганда.

     Жогорку Кењештин  депутатынын  ыйгарым  укуктарын мөөнөтүнөн мурда

токтотуу белгиленген  тартипте  негиз пайда болгон күндөн тартып 30 ка-

лендардык күндөн  кечиктирилбестен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана  референдум  өткөрүү  боюнча Борбордук комиссиясынын чечими

менен жүзөгө ашырылат.

 

     240-статья.

 

     Ушул Регламенттин 239-статьясынын 9-пунктунда каралган негиз боюн-

ча Жогорку  Кењештин  депутатынын  ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда

токтотулушу Жогорку  Кењештин  Төрагасынын тиешелүү сунуштамасынын жана

Жогорку Кењештин тиешелүү комиссиясынын корутундусунун негизинде Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын чечими менен жүзө-

гө ашырылат.

     Депутат Жогорку  Кењештин жыйналышында бир сессиянын ичинде себеп-

сиз 30  же андан көп күн жок болгондо Жогорку Кењештин Төрагасы аталган

факты белгилүү болгон күндөн тартып 7 күндөн кечиктирбестен Жогорку Ке-

њеш тарабынан түзүлгөн комитетке жана тиешелүү депутаттык фракцияга де-

путаттын ишин кароо жана баа берүү үчүн сунуш киргизет.

     Комитет 14  календарлык күндүн ичинде депутаттын ыйгарым укуктарын

мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жөнүндө сунуштун негиздүүлүгүн текшерет, су-

нушка негиз  болгон фактыларды, тийиштүү документтерди карап чыгат жана

өзүнүн жыйналышында  маселеси  чечилип  жаткан депутаттын өзүн, ошондой

эле депутаттык фракциялардын өкүлдөрүн жана башка адамдарды угат.

     Комитет мүчөлөрүнүн  жалпы  санынын  көпчүлүк добушу менен депутат

тарабынан депутаттык  ыйгарым  укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушу жө-

нүндө сунушка  негиз болгон иш жүзүндөгү шарттардын бар экендиги же жок

экендиги жөнүндө корутунду кабыл алат.

     Депутат тарабынан  депутаттык  ыйгарым  укуктарын мөөнөтүнөн мурда

токтотушу жөнүндө  сунушка  негиз  болгон  иш  жүзүндөгү шарттардын бар

экендиги же  жок  экендиги  жөнүндө комитеттин тиешелүү корутундусу күн

тартибине кезексиз тартипте кароо үчүн киргизилет.

     Депутаттын депутаттык  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

же андан баш тартуу жөнүндөгү токтом депутаттардын жалпы санынын көпчү-

лүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

 

                               VII БӨЛҮМ

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК

              СОТУНУН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ШАРТТАЛГАН ЖОЛ-ЖОБОЛОР

 

     241-статья.

 

     Жогорку Кењештин компетенциясына кирген маселелер  боюнча  Жогорку

Кењештин  сунуштамасы же башка юридикалык жана жеке жактардын демилгеси

менен козголгон иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык  со-

тунун чечимдери менен корутундулары, анын ачык жыйналыштарында каралат.

Аларды кароо кийинкиге калтырылбастан дароо жүзөгө ашырылат.

 

     242-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими же корутунду-

су менен Жогорку Кењеш алдын ала таанышып чыгат, ал корутунду түзүү жа-

на сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кењештин адистерин жана комитет-

терин тарта алат.

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин же  кору-

тундуларын Жогорку Кењештин кароосуна коюу жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын Конституциялык сотунун тиешелүү чечимдери  же  корутундулары  келип

түшкөндөн кийин 3 күндүн ичинде депутаттарга билдирилет.

 

     243-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзам актыларынын же анын

айрым жоболорунун ылайык келбегендиги аныкталган Конституциялык  соттун

чечимдери  Жогорку  Кењешке келип түшкөндөн кийин бир айдан кечиктирил-

бестен жыйналышта каралат.  Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-

нун чечимин кароого байланышкан материалдар жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин

10 күндөн кечиктирилбестен депутаттарга таратылат.

 

     244-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери дароо  ат-

карылууга тийиш.  Жогорку Кењештин бул маселелер боюнча чечимдери "Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысына" жана массалык маалымат

каражаттарына жарыяланат.

 

     245-статья. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

                              VIII БӨЛҮМ

                ДЕПУТАТТЫК ТЕРИШТИРҮҮ. ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН

               ДЕПУТАТТАРЫНЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨСҮ.

                        ДЕПУТАТТЫК СУРОО-ТАЛАП

 

                               43-глава

                         Депутаттык териштирүү

 

     246-статья.

 

     Комитеттердин же  депутаттык  фракциялардын  демилгеси боюнча жана

депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Жогорку

Кењештин чечими  боюнча Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына кирген кан-

дай гана маселе болбосун депутаттык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

     Бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары депутаттык териш-

тирүү жүргүзүүгө зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.  Алар Жогорку

Кењештин депутатынын же териштирүү жүргүзгөн депутаттык комиссиянын та-

лабы боюнча маселени объективдүү иликтөө үчүн зарыл болгон маалыматтар-

ды  жана документтерди тоскоолсуз берүүгө милдеттүү.  Депутаттык териш-

тирүү жүргүзгөн депутаттарга түшүндүрмөлөрдү берүүдөн четтөөгө эч  ким-

дин укугу жок.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     247-статья.

 

     Депутаттык териштирүү жүргүзүү үчүн депутаттардын арасынан Жогорку

Кењештин курамындагы депутаттык ар түрдүү фракциялардын өкүлчүлүгүн эс-

ке алуу  менен комиссия дайындалат. Териштирүү боюнча депутаттык комис-

сия түшүнүк алуу үчүн ар кандай адамды чакырууга укуктуу.

     Териштирүүнүн натыйжалары  боюнча  териштирүү боюнча убактылуу ко-

миссиянын жүйөлөштүрүлгөн  корутундусу түзүлөт, ал Жогорку Кењешке маа-

лымдалат, Жогорку  Кењештин жыйналышында талкууланат жана депутаттардын

жалпы санынын  көпчүлүк добушу менен кабыл алынган токтом менен бекити-

лет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     248-статья.

 

     Жогорку Кењештин депутатынын статусун жөнгө салуучу Мыйзамга ылай-

ык шайлоочулар менен байланышты үзбөө максатында Жогорку Кењештин депу-

таты шайлоочулардын  каттарына  жооп  берет, аларды кабыл алат, алардан

келип түшкөн  сунуштарды жана даттанууларды иликтейт, шайлоочулар менен

жолугушууга барат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     249-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутаттарынын шайлоочулар менен иштешинин жалпы

тартиби, бул депутаттардын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдын-

ча башкаруу  органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайры-

луу жол-жобосу, депутаттык ишке кепилдик берүү, материалдык жактан кам-

сыз кылуу  жана депутаттарды тейлөө маселелери Жогорку Кењештин депута-

тынын статусун  жана  саясий  партиялардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдар

менен аныкталат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     250-статья.

 

     Жогорку Кењештин  депутаты  аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарына  жана  алардын кызмат адамдарына суроо-талап менен

кайрылууга укугу  бар, алар суроо-талапка бир айдан кечиктирбестен жооп

берүүгө милдеттүү. Жогорку Кењештин жыйналыштарынын учурунда депутаттар

тарабынан жазуу же оозеки түрдө аткаруу бийлик органдарына жана алардын

кызмат адамдарына  берилген  суроо-талаптары стенограмма боюнча Жогорку

Кењештин Аппараты  тарабынан  жол-жоболоштурулат,  депутат жеке өзү кол

коет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жо-

горку Кењештин Аппараты тарабынан аткаруу бийлик органдарына жана алар-

дын кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

     (КР 2008-жылдын 2-октябрындагы N 203 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

 

     251-статья.

 

     Депутат жазуу  жүзүндөгү  суроо-талап менен кайрылган ар бир орган

же кызмат  адамы  бир  айлык мөөнөттө Жогорку Кењештин депутатына жазуу

жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     252-статья. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

 

     253-статья. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы

                 N 1 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

                               IX БӨЛҮМ

                      ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА ПАРЛАМЕНТТЕР

                          АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

 

     254-статья.

 

     Жогорку Кењеш зарылчылык болгон учурда,  башка мамлекеттердин пар-

ламенттери жана эл аралык парламенттик уюмдары менен парламенттер  ара-

лык кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзө алат.

     Жогорку Кењештин чечими боюнча башка мамлекеттердин парламенттери-

нин жетекчилерине,  мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына, парла-

менттик делегациялардын жетекчилерине Жогорку Кењештин жыйналышында сөз

сүйлөө мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн.

 

     255-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген

мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын сунуш  кылган  мыйзам

актыларын карайт,  аларды ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алат. Су-

нуш кылынган мыйзамдык актылар Жогорку Кењештин тиешелүү комитеттеринде

алдын ала каралат.

 

     256-статья.

 

     Жогорку Кењеш  жыл  сайын башка мамлекеттердин парламенттери менен

кызматташуу тууралу  программаларды  кабыл алат. Мындай программалардын

долбоорлору башка комитеттердин жана депутаттык фракциялардын ой-пикир-

лерин эске алуу менен тиешелүү комитеттер тарабынан даярдалат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     257-статья.

 

     Жогорку Кењештин  жооптуу  комитети Жогорку Кењеш тарабынан белги-

ленген программаларга ылайык Жогорку Кењештин  депутаттык  фракциялары-

нын,  башка комитеттердин, ошондой эле депутаттык достук топторунун ку-

рамынын сунуштарын эске алуу менен  Жогорку  Кењештин  Төрагасынын  бе-

китүүсүнө Жогорку Кењештин чет өлкөлөргө жиберилүүчү парламенттик деле-

гацияларын, алардын жетекчилерин жана орун басарларын, ошондой эле пар-

ламенттер аралык кызматташтык маселелери боюнча Жогорку Кењештин парла-

менттик комиссияларынын,  парламенттик жана жумушчу топторунун курамда-

рын сунуш кылат.".

     (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын,

2008-жылдын 28-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

     258-статья.

 

     Башка мамлекеттердин  парламенттери менен эки тараптуу кызматташуу

боюнча парламенттер  аралык комисссиялар (парламенттик, жумушчу топтор)

жөнүндө жобо,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамле-

кеттер Шериктештигине  кирген өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблея-

сына, ОБСЕнин Парламент аралык Ассамблеясына баруучу парламенттик деле-

гациялары тууралу  жобосу  депутаттардын  жалпы санынын көпчүлүк добушу

менен токтом түрүндө Жогорку Кењеш тарабынан бекитилет.

     Жогорку Кењештин депутаттарынын Парламенттер аралык Союздун  ишине

катышуусу  парламенттик топтун жалпы чогулушу менен кабыл алынуучу Кыр-

гыз Республикасынын парламенттик тобу жөнүндөгү жобосу.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     259-статья.

 

     Жогорку Кењеш  Кыргыз  Республикасындагы  чет өлкөлүк парламенттик

делегацияларды, ошондой  эле  парламент аралык комиссиялардын алкагында

же Жогорку  Кењештин делегацияларынын курамында чет өлкөлөргө бара тур-

ган Жогорку  Кењештин депутаттарынын жана депутаттык фракциялардын про-

токолдук, каржы жана уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуунун бирдик-

түү тартибин бекитет.

 

     260-статья.

 

     Эл аралык  жана  парламенттер  аралык кызматташтыкты активдештирүү

жана чыњдоо максатында Жогорку Кењеш чет өлкөлөрдө  коомдук  башталышта

өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө ээ болот.

     Жогорку Кењештин коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу  өкүлдөрүнүн

иши  Жогорку  Кењеш тарабынан бекитилүүчү атайын жобо менен жөнгө салы-

нат.

 

     261-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 3-пунктунун

4-пунктчасына  ылайык чет өлкөлөрдө жана эл аралык уюмдарда (мындан ары

- дипломатиялык өкүлдөр) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлдөрүн

дайындоо  Жогорку  Кењештин  тиешелүү  комитети менен консультацияларды

өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын  Президенти  тарабынан  жүзөгө

ашырылат.

 

     262-статья.

 

     Жогорку Кењештин  тиешелүү  комитети өзүнүн компетенциясына ылайык

белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрлигинин

сунуштамасы  боюнча  дипломатиялык  өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө маселени

карайт.

     Жогорку Кењештин  тиешелүү  комитети дипломатиялык өкүлдү дайындоо

үчүн талапкер жөнүндө кошумча маалыматтарды сурап алууга укуктуу.

     Жогорку Кењештин  тийешелүү  комитети  өзүнүн жыйналышында (Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин макулдугу боюнча) дипломати-

ялык  өкүлдү  дайындоо  үчүн талапкердин катышуусу,  ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер  министрлигинин  өкүлүнүн  катышуусу  менен

дипломатиялык  өкүлдү  дайындоо  жөнүндө сунуштаманы карайт жана өзүнүн

корутундусун берет, ал Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин жыйналышы-

нан  кийин  үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине жана

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.

 

                                X БӨЛҮМ

                  ЖОГОРКУ КЕЊЕШТИН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

 

     263-статья.

 

     Жогорку Кењештин, Жогорку Кењештин Төрагасынын, анын орун басарла-

рынын, комитеттердин  жана комиссиялардын, депутаттык фракциялардын де-

путаттардын, ишин укуктук, уюштуруучулук, документтик, маалыматтык жак-

тан жана  башкалар  менен камсыз кылууну Жогорку Кењештин Аппараты, Жо-

горку Кењештин  ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз

кылууну Жогорку Кењештин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.

     Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын  кызматкерлери-

нин укуктары,  милдеттери жана жоопкерчиликтери Жогорку Кењеш тарабынан

бекитилген Аппарат жана Иш башкармасы жөнүндө жобо менен аныкталат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     264-статья.

 

     Жогорку Кењештин Аппаратынын курамына бөлүмдөр жана башка түзүмдүк

бөлүкчөлөр, комитеттердин бөлүмдөрү, депутаттык фракциялардын бөлүмдөрү

(секторлору) кирет.

     Аппараттын жана  Иш  башкармасынын түзүмү, штаттык саны, анын кыз-

маткерлерин материалдык-техникалык  жактан камсыз кылуу шарттары, ошон-

дой эле аны күтүүгө кеткен чыгымдар Жогорку Кењеш тарабынан Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында  белгиленген  эмгек акы төлөө шарттарын эске

алуу менен аны күтүүгө кеткен чыгымдардын сметасынын чегинде аныкталат.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     265-статья.

 

     Жогорку Кењештин  Аппаратынын жооптуу кызматкерлерин кызматка дай-

ындоо жана кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жүргүзүлөт.

     Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүм-

дөрүнүн жетекчилерин жана алардын орунбасарларын кызматка дайындоо жана

кызматтан бошотуу  ушул  Регламенттин жоболорун эске алуу менен Жогорку

Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын жетекчисинин сунуштамасы бо-

юнча Жогорку Кењештин Төрагасынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат.

     Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүм-

дөрүнүн кызматкерлерин  кызматка  дайындоо  жана кызматтан бошотуу ушул

Мыйзамдын жоболорун  эске  алуу менен Жогорку Кењештин Аппаратынын жана

Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунушта-

масы боюнча Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын жетекчи-

синин тескемеси менен жол-жоболоштурулат.

     Жогорку Кењештин  депутатынын  консультантын жана жардамчысын кыз-

матка дайындоо  жана  кызматтан бошотуу тиешелүү депутаттын сунуштамасы

боюнча Жогорку   Кењештин   Аппаратынын   жетекчисинин  тескемеси менен

жол-жоболоштурулат.

     Жогорку Кењештин  ыйгарым  укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, Жогорку

Кењеш мөөнөтүнөн  мурда  таркатылган учурда жана Жогорку Кењештин депу-

таттарынын жањы курамы шайланганда, депутаттардын жардамчыларынан, кон-

сультанттарынан жана  депутаттык  фракциялардын  бөлүмүнүн (секторунун)

кызматкерлеринен башка,  Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкарма-

лыгынын мамлекеттик кызматчыларынын иши токтотулбайт.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     266-статья.

 

     Жогорку Кењештин  Аппаратынын  кызматкерлерине  эмгек  акы  төлөө,

аларды социалдык-тиричиликтик, медициналык жана материалдык жактан кам-

сыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринин

тиешелүү категориясына тењештирилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     267-статья.

 

     Жогорку Кењештин ишин материалдык-техникалык жана  финансылык-чар-

балык  жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашы-

рылат.

     Жогорку Кењештин, анын органдарынын, Жогорку Кењештин Төрагасынын,

анын орун  басарларынын,  депутаттык  фракциялардын, депутаттардын жана

Жогорку Кењештин  Аппаратынын ишине байланышкан чыгымдардын сметасы де-

путаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан

бекитилет.

     (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын,

2008-жылдын 23-июнундагы N 132 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

   

 

     268-статья.

 

     Депутаттык ишти жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүлөр түзүлөт:

     республикалык бюджетте  каралган  каражаттардан  түзүлгөн  Жогорку

Кеңештин Төрагасынын резервдик фонду;

     депутаттык ишти  каржылоо  үчүн  бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын

чегинде жыл сайын түзүлүүчү депутаттык фракциялардын фонду.

     Ар бир фракция Жогорку Кењеш тарабынан бекитилген депутаттык фрак-

циялардын фондун кошуп алганда, жылдык бюджетке ээ болот, алардын өлчө-

мү Жогорку Кењештеги фракциялардын сандык өкүлчүлүгүнө жараша болот.

     Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фонду жана депутаттык фрак-

циянын фондунун өлчөмү, бул каражаттарды төлөөнүн жана чыгымдоонун тар-

тиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жоболор менен белгиленет.

     Жогорку Кењешти автотранспорт, анын ичинде кызматтык автотранспорт

каражаттары менен  камсыз кылуунун тартиби жана шарттары Жогорку Кењеш-

тин Төрагасы тарабынан бекитилүүчү Жогорку Кењешти транспорт менен кам-

сыз кылуу жөнүндөгү жобо менен аныкталат.

     (КР  2008-жылдын 25-январындагы N 1, 2011-жылдын 17-февралындагы

№ 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

                             ЭКИНЧИ БӨЛҮК

            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН МЫЙЗАМ

           ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНЫН УЮШТУРУЛУШУ ЖАНА ИШТӨӨ ТАРТИБИ

 

               (ушул Регламенттин 326-статьясына ылайык

            2005-жылдын 27-мартынан тартып күчүн жоготкон)

 

                             ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК

          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ЭЛ ӨКҮЛДӨР

               ЖЫЙЫНЫНЫН УЮШТУРУЛУШУ ЖАНА ИШТӨӨ ТАРТИБИ

 

               (ушул Регламенттин 326-статьясына ылайык

            2005-жылдын 27-мартынан тартып күчүн жоготкон)

 

                            ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮК

               "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН

              РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

                 МЫЙЗАМЫН КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ

 

     326-статья.

 

     ушул Регламенттин  экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү жањы шайланган Жо-

горку Кењештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып күчүн жоготот.

     ушул Регламент расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев

 

     2004-жылдын 14-июнунда             Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                        Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

                                        тарабынан кабыл алынган