Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\78c7e5ae-a09a-46c0-a04e-23c34f5adae9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2005-жылдын 25-июну № 82

Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2015-жылдын 26-январындагы № 26,
2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Укук бузуулардын алдын алуу түшүнүгү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын, эмгек жамааттарынын, кызмат адамдарынын жана жарандардын укукка каршы жосундардын жасалышына түрткү берүүчү себептер менен шарттарды табууга, изилдөөгө, жоюуга жана жок кылууга, жашоо тиричиликтин ыңгайлуу шарттарын камсыз кылууга жана аракеттеринде коомго каршы багытталгандыгы байкалган айрым адамдардын категорияларын жекече тарбиялоого, жарандардын жүрүм-турумдарында мыйзамды сактоого түрткү берүүчү факторлорду активдештирүүгө жана укуктук жана социалдык-экономикалык, уюштуруу, тарбиялоо, атайын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча дагы башка чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга багытталган иш аракеттери укук бузуунун алдын алуу деп түшүнүлөт.

2-статья. Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негиздери

Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана укук бузуулардын алдын алууга тиешеси бар Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

3-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери

Ушул Мыйзам жарандардын жана мамлекеттин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылат, укук бузуулардын болушунун себептери менен шарттарын жоюуга жана жок кылууга багытталган социалдык-экономикалык, уюштуруу-башкаруу, маданий-тарбиялоо, укук бузуулардын жасалышынын себептери менен шарттарын четтетүүгө багытталган атайын жана башка чаралардын укуктук негиздерин белгилейт, мамлекеттик органдардын, жарандардын коомдук бирикмелеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын арасындагы жана алардын кызмат адамдарынын ортосунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруучу мамилелерди жөнгө салат, жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтап жана сактоо рухунда тарбиялоого таасирин тийгизет.

4-статья. Укук бузуулардын алдын алууну уюштуруу принциптери

Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу - ырааттуулук, максаттуу-программалык мамилеге, тарбиялоо жана укуктук таасир берүү, алдын алуу иштерин контролдоо жана эсепке алуу чараларын айкалыштыруу принциптерине негизденет жана анын негизги багыттарын иштеп чыгуу, финансы, укуктук, материалдык-техникалык каражаттарды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу аркылуу кылмыштуулук боюнча прогноз түзүү менен камсыз кылынат.

5-статья. Укук бузуулардын алдын алуу объекттери

Алдын алуу аракеттери:

- мамлекеттик жана коомдук органдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин социалдык-экономикалык жана уюштуруу-башкаруу иш-аракеттериндеги;

- адамдардын жана социалдык топтордун жашоо-турмуштарындагы;

- инсандардын жеке өз ара мамилелериндеги укук бузуулардын жасалышынын себептери жана шарттары болуп саналган терс көрүнүштөрдүн жана процесстердин алдын алууга багытталат.

6-статья. Алдын алуунун субъекттери

Алдын алуунун субъекттери болуп: мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер, коомдук уюмдар, коомдук алдын алуу борборлору (мындан ары - КААБ), бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер, кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар саналышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм
 Алдын алуунун субъекттеринин ыйгарым укуктары

7-статья. Укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери

Мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча иш-аракеттери укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери тарабынан уюштурулат жана координацияланат.

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери областтык, шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлөт. Зарыл болгондо ошондой эле Координациялык кеңештер айыл өкмөтүнүн алдында түзүлөт.

Укук коргоо органдарынын укук бузуулардын алдын алуу боюнча бардык деңгээлдеги Координациялык кеңешмелери ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана башка чечимдеринин негизинде аракеттенишет.

Укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери:

- укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди уюштурушат;

- укук коргоо органдарынын, эмгек жамааттарынын, коомдук бирикмелердин, КААБдын жана жарандардын укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерин координациялашат;

- криминологиялык иликтөөлөрдү даярдоону, өткөрүүнү жана алардын жыйынтыктарынын негизинде - укук бузуулардын алдын алуунун комплекстүү жана башка программаларын иштеп чыгышат жана алардын ишке ашырылышына контролду жүзөгө ашырышат;

- калк арасында, анын ичинде КААБ аркылуу укуктук окууларды жана юридикалык жардамдарды уюштурушат;

- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык укук бузуулардын алдын алуу боюнча дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Укук коргоо органдары жана сот адилеттиги органдары

Укук коргоо органдары, соттор, юстиция органдары жана мекемелери Кыргыз Республикасынын ушул органдар жөнүндөгү мыйзамдарына жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, жекече алдын алууга жаткан адамдардын контингентинин кыймылдары жөнүндө бири-бирине кабарлоо менен укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырышат.

9-статья. Билим берүү тармагынын органдары жана окуу жайлары

Билим берүү тармагынын органдары жана окуу жайлары:

- окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана КААБ менен өз ара байланышта аракеттенишет;

- окуучуларды укуктук жактан окутууну жана тарбиялоону, калк арасында юридикалык билимдерди жайылтууну камсыз кылышат;

- укук бузууга жол берген окуучулар (студенттер), балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарышпаган жана аларга терс таасирин тийгизип жаткан ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) тууралу ички иштер органдарына кабарлап турушат;

- ички иштер органдары менен бирдикте алдын алуу боюнча каттоого алынган окуучулар (студенттер) жана ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар) менен жекече алдын алуу чараларын жүзөгө ашырышат;

- тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар менен өспүрүмдөр үчүн атайын окуу-тарбиялоо жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана атайын кесиптик-техникалык окуу жайлардын ачылышын жана иштешин камсыз кылышат;

- окуудан баш тарткан мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү окууга тартуу боюнча чараларды көрүшөт;

- зарыл учурларда өспүрүмдөр менен жаштарга социалдык жактан жардам берүү фонддорун түзүшөт жана алардын иштерине катышышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери

Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери:

- менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн иш аракеттери менен элдин ден соолугуна зыян келтирип же ага коркунучтуу шарт түзүп жаткан ишкана, мекемелерди, уюмдарды аныкташат. Мыйзамдуу негиз болгон учурда кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонушат;

- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды, жыныстык жугуштуу дарттар жана СПИД оорулуу, акыл-эси кемчил оорулууларды аныкташат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте каттоого алышат;

- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды белгиленген тартипте дарылоону камсыз кылышат;

- укук бузууну алдын алуунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында алкоголь, баңги жана психотроптук заттарды колдонууга байланыштуу административдик укук бузганы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамдарды белгиленген тартипте өз учурунда аныктоо, текшерүү жана экспертизалоо чыгымдарын кийин укук бузуучулардын эсебинен ордун толтуруу менен бюджеттик каражаттын эсебинен жабууга көмөк көрсөтүшөт;

- жашы жете элек куракта токсикомания, наркомания, өнөкөт алкоголизмдин айынан ооругандарды чоңдордон башка шартта дарылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылышат;

- таламдаш ведомстволор менен бирдикте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн медициналык-педагогикалык кеңеш берүү, анын ичинде купуя кеңеш берүү иштерин уюштурушат;

- кызыкдар ведомстволор, КААБ жана башка коомдук уюмдар менен бирдикте үй-бүлөлүк зомбулукка алдын ала эскертүүгө жана алдын алууга катышат;

- калк арасында медициналык билимдерди жайылтышат;

- социалдык жактан жардам берүү фонддорунун иштерине катышышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Социалдык коргоо жана калкты ишке орноштуруу органдары

Социалдык коргоо жана калкты ишке орноштуруу органдары:

- үйсүз жана жашоо каражаттарысыз калган адамдарга баш калка жайларын, үй-интернаттарын уюштурушат;

- ишсиз жана жашоо каражаттарысыз калган адамдарга социалдык жактан колдоолорду көрсөтүшөт;

- эркинен ажыратылган жайлардан чыгышкан, тууган-туушкандары менен байланыштарын жоготуп коюшкан жана турак-жайсыз адамдарды ишке орноштуруу чараларын көрүшөт;

- кароосуз калган жашы жете элек жетим балдар жана эркинен ажыратылган жайлардан бошоп чыгышкан, тууган-туушкандары менен байланыштарын жоготуп коюшкан жана турак-жайсыз адамдар үчүн баш калка жайларын, көнүгүшүү жана калыбына келтирүү борборлорун түзүшөт;

- жетишсиз камсыз болушкан үй-бүлөлөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүшөт.

12-статья. Коомдук уюмдар

Коомдук уюмдар:

- өзүнүн жоболоруна (уставдарына) ылайык өз алдынча алдын алуу иштерин жүргүзүшөт;

- мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен бирдикте укук бузуулардын алдын алуу маселелеринде биргелешип аракеттенишет;

- мамлекеттик органдардын укук бузуулардын алдын алууну өркүндөтүү боюнча чечимдерин иштеп чыгууга катышышат;

- өзүнүн фонддорун түзөт же социалдык жактан жардам көрсөтүү боюнча башка фонддорду түзүүгө жана алардын иштерине катышышат;

- жашы жете элек жетим балдарга жана эркинен ажыратылган жайлардан бошоп чыгышкан, тууган-туушкандары менен байланыштарын жоготуп коюшкан жана турак жайсыз адамдар үчүн баш калка жайларын, көнүгүшүү жана калыбына келтирүү борборлорун түзүүгө укуктуу.

121-статья. Коомдук алдын алуу борборлору

Коомдук алдын алуу борбору - коммерциялык эмес коомдук уюм, ал укук бузуулардын алдын алуу ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын биргелешип катышуусун камсыз кылуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында түзүлөт.

КААБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жана айыл аймактарында түзүлөт.

КААБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

- юридикалык жак катары түзүлүүгө, банктарда эсеп ачууга, тийиштүү реквизиттерге, мөөргө жана бланктарга ээ болууга;

- жалпы максаттарга жетүү үчүн ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө;

- ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга;

- гранттарды жана башка трансферттерди алуу, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ар түрдүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга.

КААБдын иш-аракети төмөнкүдөй булактардан каржыланышы мүмкүн:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

- гранттардан жана башка акысыз жана кайтарылбас жардамдардан;

- кайтарылып берилүүчү жана орду толтурулуучу ар кандай формадагы карыз алууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү кошпогондо, КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер КААБдын оперативдүү башкаруусуна мыйзамда белгиленген тартипте берилүүгө жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүнүн, анын ичинде укук бузуулардын алдын алуунун айрым маселелерин аткарууну ошол маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же финансылоо булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен бирдикте КААБга берүүгө укуктуу. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин өткөрүп берүү, аларды финансылоону аныктоо жана өткөрүп берүү жөнүндө чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тийиштүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен кабыл алат.

КААБдын уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген КААБ жөнүндөгү документтердин типтүү үлгүлөрүнүн негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат жана бекитет, бул документтер юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынууга жатат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары

Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамынын талаптарынын чектеринде жалпыга маалымдоо каражаттары:

- укук билимдерин жайылтууну жүргүзүшөт, калкты республикадагы укук тартибинин абалы туурасында кабарландырышат;

- укук коргоо органдарынын иштери жана алардын алдын алуу ишмердиктери жөнүндө объективдүү коомдук пикирди түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.

14-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз аймагында:

- укук бузуулардын алдын алуу ишине жана анын субъектерине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

- КААБдын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүшөт жана алардын иш-аракеттерин координациялайт;

- КААБдын жетекчилеринин өз аймагындагы алдын алуу ишинин абалы жөнүндө отчетторун угат;

- социалдык-экономикалык өнүгүү пландарында укук бузууларды алдын алуу боюнча иш чараларды караштырышат;

- укук бузуулардын алдын алуунун комплекстүү жана башка программаларын бекитишет;

- бюджет каражаттарын бөлүштүрүүдө КААБдын алдындагы аксакалдар сотуна, аялдар кеңештерине жана башка коомдук курамдарга алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө материалдык жана башка жардамдарды караштырышат;

- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин укук бузууларынын себептерин жана шарттарын жоюуга (токтотууга) өбөлгө түзүүчү экономикалык, маданий жана башка иштердин формаларын өнүктүрүшөт;

- эркинен ажыратылган жайлардан бошоп чыккан адамдар үчүн социалдык жактан калыбына келтирүү борборлорун түзүшөт жана алардын иштөөлөрүн камсыз кылышат;

- социалдык коргоо, камкордук жана көзөмөлдүк, билим берүү органдарынын жашы жетелектердин иштери боюнча комиссия менен бирдикте кылмыштуулук, баңгилик, СПИД жана алкоголизм менен күрөшүү боюнча ар түрдүү акцияларды өткөрүүнү камсыз кылышат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө жана башка ыйгарым укуктарды турмушка ашырышат;

- өздөрүнүн административдик аймактарында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттер

Менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер:

- укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышышат, алардын жасалышына түрткү болуучу себептерди жана шарттарды жоюуга чаралар көрүшөт;

- ички иштер органдары менен бирдикте каттоодогу адамдар менен жекече алдын алуу иштерин жүргүзүшөт;

- өткөрүлгөн алдын алуу иштери тууралу Координациялык кеңешмелерге жана таламдаш органдарга кабар кылышат.

16-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары

Жарандардын укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуулары ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Жарандар:

- өз алдынча же мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КААБ, коомдук уюмдар аркылуу укук бузуулардын алдын алууга, анын жүзөгө ашырылышын контролдоого катышууга;

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык укук коргоо органдарына, фонддорго көмөктөшүү боюнча коомдук кошуундарды түзүүгө же укук бузууларды токтотууга байланышкан зыяндардын жана чыгымдардын ордун толтуруу боюнча башка социалдык фонддорду түзүүгө жана алардын иш-аракеттерине катышууга укуктуу.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик жана башка субъекттердин негизги милдеттери

Ушул Мыйзамдын 6-статьясында аныкталган мамлекеттик жана башка субъекттердин негизги милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:

- өз компетенцияларынын чектеринде укук бузуулардын алдын алуу, жалпы жана жекече алдын алуу чараларын жүзөгө ашырууда укук коргоо органдары менен бирдикте иш жүргүзүү, алардын суроо-талаптары боюнча укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтарды берүү;

- өз алдынча фонд түзүү же социалдык жардам көрсөтүүнүн башка фонддорунун иштерине катышуу;

- тармакта же башкаруу чөйрөсүндө алдын алуу иштерин камсыз кылуунун ресурстук (финансылык, метериалдык-техникалык жана башка) камсыз кылынышын уюштуруу.

III бөлүм
 Укук бузуулардын алдын алуунун түрлөрү

Укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу ыкмасы жалпы жана жекече болуп бөлүнөт.

18-статья. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу

Укук бузуулардын жалпы алдын алуу республикадагы укук бузуулардын себептери менен шарттарын жоюуга (токтотууга) багытталган.

Укук бузуулардын жалпы алдын алуу төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

- укук бузуулардын конкреттүү түрлөрүн социалдык терс көрүнүш катары аныктоо жана изилдөө;

- айрым укук бузуулардын себептерин жана алардын жасалышына ыңгай түзүүчү шарттарды табуу жана жоюу, укук-бузуулардын жасалышына объективдүү мүмкүндүк берүүчү же жасалышын оңойлотуучу кырдаалдарды жоюу;

- укук бузуулардын алдын алуунун комплекстүү пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- укук коргоо органдарынын тергөөсүнүн жана сот акыйкаты органдарынын териштирүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган айрым укук бузуулардын жана кылмыштардын жасалышына түрткү болгон себептер менен шарттарды жоюу;

- укук бузуу маселелери боюнча укуктук билимдерди жайылтуу, калкты окутуу жана тарбиялоо, укук бузуулардын алдын алууга тийиштүү коомдук пикирди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарын, кызмат адамдарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн, жарандардын каттары менен арыздарын изилдөө;

- айрым кылмыш иштерин кароо боюнча соттун көчмө жыйналышын калктын кеңири катмарын катыштыруу менен кылмыш жасалган жерде өткөрүү;

- укук бузууларга түрткү болгон себептер менен шарттарды аныктоо, алдын алуу иштеринин абалын аныктоо жана тийешелүү иш-чараларды иштеп чыгуу максатында ишкана, мекеме, уюмдарда текшерүүлөрдү өткөрүү;

- калк алдында мезгил-мезгили менен укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аткарылган иштер туурасында ички иштер органдарынын отчетторун өткөрүү;

- оперативдүү алдын алуунун комплекстүү иш-чараларын өткөрүү;

- турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча жардамдарды көрсөтүү.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Укук бузууларды жекече алдын алуу

Жекече алдын алууну жүзөгө ашыруу укук коргоо органдарынын гана компетенциясы болуп саналат.

Жекече алдын алуу чаралары мурда укук бузган жана кылмыш жасаган, ошондой эле коомго каршы жүрүм-туруму боюнча укукка каршы жосундарды жасашынын күтүлүүсү мүмкүн болгон адамдарга багытталган.

Жекече алдын алуу төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:

- алдын алуу чараларын колдонууга муктаж болгон адамдарды каттоо;

- алдын алуу чараларын көрүү укугуна ээ органдарга чакыруу, болбосо органга расмий түрдө алып келүү менен алдын алуу аңгемелешүүлөрүн өткөрүү;

- укукка каршы жүрүм-турумдун жол берилбестиги жана анын кесепеттери туурасында расмий эскертүү;

- адамдын жашаган, иштеген, окуган жеринде жашоо ыңгайын, жүрүм-турумун текшерүү;

- ушул Мыйзамдын 21-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган административдик көзөмөлдү коюу.

Жашы жете электерге төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:

- ушул Мыйзамдын 21-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган алдын алуу көзөмөлдүгү;

- дарылоо-тарбиялоо мекемелерине, атайын мектептерге жана атайын кесиптик-техникалык училищаларга, жашы жете электер үчүн көнүгүү жана калыбына келтирүү борборлоруна жиберүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укук бузууларды алдын алуунун башка чаралары.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Укук бузууларды жекече алдын алуу чараларын колдонуунун негиздери

Ушул Мыйзамдын 18-статьясында каралган чараларды төмөнкү адамдарга колдонууга ошондой укукка ээ органдын тийиштүү чечимди кабыл алуусу жалпы негиз болуп саналат:

- уюшкан кылмыштуу топтордо, кылмыштуу шериктиктерде (кылмыштуу уюмдарда), куралдуу топтордо (бандаларда) тургандарга;

- атайын жасаган кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган жана жоюлбагандарга;

- атайын кылмыш кылган, бирок коомдук таасир көрсөтүүнүн, болбосо административдик жаза берүү чаралары колдонулгандыгына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулгандарга;

- атайын кылмыш кылганы үчүн айыпталган, бирок тергөө учурунда камакка алынбагандарга;

- эркинен ажыраткан байланышы жок жазалоо чараларына соттолгондорго, алардын ичинде шарттуу соттолгондорго;

- эркинен ажыратуучу жайлардан мөөнөтүнөн мурда шарттуу же мунапыс боюнча бошонгондорго;

- календарлык жыл ичинде эки же андан көп административдик укук бузуу жасагандарга;

- спирт ичимдиктерин такай ичкендерге, анын ичинде аракечтиктен дарылоо курсунан өткөн жана коомдук тартипти бузгандарга, баңги заттар кошулган дары-дармектерди врачтын руксаты жок пайдалануучуларга, саламаттык сактоо мекемелеринде каттоодо турган (кол салуу ниети барларга) психикалык жактан оорулууларга;

анын ичинде жашы жете электерге карата:

- кылмыш жообуна тартылуу курагына жете электе коомдук коркунучтуу иштерди жасагандарга;

- үй-бүлөсүн уруксаты жок таштап кеткен 16 жашка чейинкилерге же атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринен уруксатсыз такай качып кетүүчүлөргө;

- коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

- үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга жана коргоо ордерин алгандарга.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Алдын алуунун жекече чаралары жана аларды колдонуунун тартиби

Жекече алдын ала каттоо - ушул Мыйзамдын 20-статьясында аталган адамдарга таасир этүүнүн - жекече алдын алуу чарасы.

Жашы жете электерге карата алдын алуу көзөмөлдүгү облустук, райондук, мамлекеттик администрациялар жана башка өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жашы жетелектердин иштери боюнча комиссиялар дайындаган коомдук тарбиячылар тарабынан ишке ашырылат.

Администрациялык көзөмөл - Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу таасир берүүнүн жекече-алдын алуу чарасы.

Ушул Мыйзамдын 19 жана 20-статьяларында көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга карата жекече алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруунун тартиби жана механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдан келип чыгуучу актылары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органынын ведомстволук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Ички иштер органдарынын административдик көзөмөлү

Укук бузууга жол берген адамдардын жүрүм-турумуна, жашоо ыңгайына ички иштер органдарынын административдик көзөмөлү адамдардын кылмыш кылуусунун алдын алуу максатында 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

Административдик көзөмөлдүн коюлушу жана анын жүргүзүлүшү прокуратура органдары тарабынан санкцияланат.

Административдик көзөмөл өзүнө алдын алуу ишинин башталышын, көзөмөлдөгү адамдын жүрүм-туруму, жашоо ыңгайы жана ниети тууралу маалыматтарды чогултууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдан келип чыгуучу актылары аныкталуучу тартиптеги тарбиялоо мүнөзүндөгү иш-чараларды пландоону жана жүзөгө ашырууну камтыйт.

Административдик көзөмөлдө турган адам тарабынан административдик көзөмөл эрежеси бузулса Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV бөлүм
 Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү мыйзамдарды бузганы үчүн жоопкерчилик

23-статья. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

Ушул Мыйзамдын талаптарын так аткаруудан баш тарткан же өз учурунда аткарбаган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Жекече алдын алуу чараларын колдонуу укугуна ээ болгон кызмат адамдары аларды негизсиз колдонгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

24-статья. Жарандардын жоопкерчилиги

Өздөрүнө колдонулган жекече алдын алуу чараларын аткаруудан атайлап баш тартканы үчүн күнөөлүү жарандар, ошого тете эле мындай чараларга активдүү каршылык көрсөткөндөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

25-статья. Алдын алуучу таасир берүү чараларын колдонуу жөнүндөгү чечимдердин үстүнөн даттануунун тартиби

Алдын алуучу таасир берүүнүн чараларын колдонуу жөнүндөгү чечимдин үстүнөн ал чечим чыккандан кийин тийиштүү адам соттук жана административдик тартипте даттана алат.

V бөлүм
 Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

26-статья. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

Кыргыз Республикасы катышкан жана тийиштүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу маселеси боюнча эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү аткарылуусу тийиш.

27-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин

аткаруучу                

 

К. Бакиев