Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

         КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык
                 2017-жылдын 1-январынан тартып
                         КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-июлу № 110

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

          "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги

         принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

     2006-жылдын 2-июнунда           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                     Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-статья.

 

     "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик  укуктун  негизги  принциптери

жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку  Кењешинин  Ведомосттору,  1998-ж.,  №  10,  374-ст.)  төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

     15-статьяда:

     жетинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "Жергиликтүү бюджеттердин,  ошондой эле ишин токтотпогон  чарбакер

субъекттердин  республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча бересе-

лерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењеши

менен  макулдашуу  боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат,  ал

эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү

жөнүндө чечимдерди   -  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруу-

чу-тескөөчү органдары айылдык,  поселоктук жана шаардык кењештер  менен

макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссуда-

лар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү  жөнүндө  чечимдерди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген

ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди - жергиликтүү

өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары айылдык, поселоктук

жана шаардык кењештер менен макулдашуу боюнча  кабыл  алышат.";

     статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:

     "Юридикалык жак банкроттукка  байланыштуу  жоюлган  учурда  Кыргыз

Республикасынын  Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик)

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте  кредитор-

дун талаптары аткарылат.";

     сегизинчи-он үчүнчү  бөлүктөр иретине жараша тогузунчу-он төртүнчү

бөлүктөр деп эсептелсин.

 

     2-статья.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                         К.Бакиев