Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
		 Кыргыз Республикасынын
            2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык
                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары
2006-жылдын 9-августу № 168

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

         "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

     2006-жылдын 12-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

     "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоо киргизилсин:
     1. 1-статьяда:
     экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "палаталарынын" деген сөз алып
салынсын;
     төртүнчү бөлүгүндөгү "палаталардын ар биринин" деген  сөздөр  алып
салынсын.
     2. 4-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Жогорку  Кењештин  палаталары"
деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен
алмаштырылсын,  "жибере алышат" деген сөздөр "жибере алат" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
     3. 6-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын  Жогорку
Кењешинин  палаталары"  деген  сөздөр  "Кыргыз  Республикасынын Жогорку
Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     4. 7-статьядагы  "Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту"
деген сөздөр алып салынсын.
     5. 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын регламент-
тери,  алардын  кошмо  заседаниесинин  регламенти" деген сөздөр "Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
     6. 10-статьянын  биринчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењештин палаталары"
деген сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     7. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "16-статья. 

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясы тарабынан  анын карамагына киргизилген маселелер, ошондой эле
анын ички иштерин уюштуруу маселелери боюнча токтомдорду кабыл алат.".
     8. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "19-статья. 

     Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар,  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун, Кыргыз
Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн актыларынын негизинде жана аткаруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укукта-
рынын чегинде актыларды чыгарышат.
     Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары нормативдик укук-
тук актыларды  буйрук түрүндө чыгарышат; башкаруунун коллегиялуу форма-
сындагы борбордук  аткаруу  бийлигинин органдарында нормативдик укуктук
актылар токтом түрүндө чыгарылат.
     Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомство-
лор жана аткаруу бийлигинин башка борбордук органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар,  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары
тарабынан чыгарылган  башка  аталыштагы  актылар  (жоболор, нускамалар,
көрсөтмөлөр, эрежелер жана башкалар) буйруктар же токтомдор менен беки-
тилет.
     Министрлик, мамлекеттик  комитет,  административдик ведомство жана
аткаруу бийлигинин  башка борбордук органы, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан норматив-
дик укуктук  актыларды  чыгаруу учурунда жогору турган мыйзам чыгаруучу
органдын кайсы  актысын  (анын  статьясын же пунктун) аткаруу үчүн ушул
актыны чыгарып жатканы көрсөтүлөт.".
     9. 21-статьяда:
     биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-
зам  чыгаруу  жыйыны  жана Эл өкүлдөр жыйындары мыйзамдолбоор иштеринин
пландарын иштеп чыгышат жана бекитишет" деген сөздөр "Кыргыз  Республи-
касынын  Жогорку  Кењеши  мыйзамдолбоор иштеринин пландарын иштеп чыгат
жана бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
     экинчи жана  үчүнчү бөлүктөрүндөгү "палаталарында" деген сөз "Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинде" деген сөздөр  менен  алмаштырыл-
сын.
     10. 25-статьядагы "палаталарынын" деген сөз алып салынсын.
     11. 28-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "палаталарынын" деген сөз алып
салынсын.
     12. 33-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин палаталарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     13. 39-статьянын  биринчи  бөлүгү  "басмаларда" деген сөздөн кийин
"жана Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  Интернет-порталында"  деген
сөздөр менен толукталсын.
     14. 52-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.

     2-статья.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын 
     Президенти                                              К.Бакиев