Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 № 1 Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 20-сентябры № 399 буйругу

 

“Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго жер казынасын коргоо бөлүгүндө жана корутунду тариздөө жагында экспертиза жүргүзүү эрежелери

Жалпы жоболор

Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго жер казынсын коргоо бөлүгүндө жана корутунду тариздөө жагында экспертиза жүргүзүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) жер казынасын коргоо, корутунду тариздөө жагында экспертизаларды жүргүзүүгө жана бекитүүгө экспертизанын тартибине карата талаптарды белгилейт.

Жер казынасын коргоо бөлүгүндө экспертизаларды жүргүзүүдө экспертизанын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

пайдалуу кен чыккан жерлеринде жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу;

фабрикаларда же заводдордо жана башка бардык зарыл инфраструктураны ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, пайдалуу кен аянттарынан тышкары, же кондициялык эмес же төмөнкү сапаттагы пайдалуу кен тилкелеринде жайгаштыруу;

жер казынасында калган запастардын өнөр жай баалуулугун азайтуу менен пайдалуу кендердин байыраак тилкелерин тандап алып иштетүүгө жол бербөө;

запастардын мамлекеттик балансынан пайдалуу кендердин чалгындалган запастарын  алып чыгуунун толуктугу;

алынуучу жана сыйымдуу породаларды, пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу;

минералдык чийки затты кайра иштетүүдө коштолгон пайдалуу компоненттерди комплекстүү алуу.

Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) бөлүмүнүн тийиштүү эксперти өзүнө жүктөлгөн функцияларына ылайык экспертиза жүргүзөт.

Эрежелер төмөнкүлөргө аткарууга милдеттүү болуп саналат:

 ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкер адамдары тарабынан;

арыз ээлери тарабынан.

 

Негизги аныктамалар

 

Ушул Эрежелерди ишке ашыруу максатында төмөнкү аныктамалар колдонулат.

Жер казынасын коргоо бөлүгүндөгү мамлекеттик экспертиза – экспертиза объектисинин Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарында коюлган талаптарга жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн аныктоо максатында жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлө турган экспертизанын түрү.

Экспертизанын объектилери:

пайдалуу кендерди иштеп чыгууга долбоордук-техникалык документация;

пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө долбоордук-техникалык документацияга тактоо жана толуктоо киргизүү;

тоо өндүрүштүк объектилеринин консервациялоого, жоюуга жана реконструкциялоого долбоордук документация;

пайдалуу кендерди иштетүүгө байланыштуу эмес жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого долбордук документ (мунайды, газды жана башка заттарды жана материалдарды сактоо, зыян заттарды көмүү, жердин жылуулугун жана башка муктаждыктарды колдонуу).

Экспертизанын корутундусу – экспертиза объектинин жер казынасын коргоо талаптарына ылайык келүүсү же келбөөсү жөнүндөгү негизделген жыйынтыктар камтылган документ.

Эксперт – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитенинин 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 393 буйругу менен бекитилген түзүмдүк бөлүм жөнүндөгү жобого ылайык долбоордук документацияларга экспертиза жүргүзүү функционалдык милдеттери жүктөлгөн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамы.

Арыз ээси – экспертиза жүргүзүү арызы менен кайрылган жеке (жеке ишкер) же юридикалык жак, руданы кайра иштетүү боюнча фабриканын же заводдун ээси.

 

 Экспертизаны жүргүзүү тартиби

 

Экспертиза жүргүзүү үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн толук жана кыска аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы жана жайгашкан жери көрсөтүлгөн арызын, ошондой эле арызга тиркеле турган экспертизаны жүргүзүүгө керектөө материалдарды жана документациялардын тизмегин (түшүндүрмө каты, тексттик тиркемелер, графикалык тиркемелер) берет.

 Түшүндүрмө каты, тексттик тиркемелер, графикалык тиркемелер кагаз жүзүндө бир нускада жана электрондук түрдө (формат pdf) берилет.

Документтердин көчүрмөлөрү арыз ээсинин колу жана мөөрү менен ырасталууга тийиш. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген маалыматтын аныктыгына жооп берет.

Материалдардын титулдук бетинде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: уюм – кен пайдалануучу, кендин (тилкенин) аталышы, жайгашкан району, материалдар түзүлгөн жери жана жылы көрсөтүлгөн материалдардын толук аталышы. Түшүндүрмө каты брошюра түрүндө барактарына номер коюлуп, титулдук бетине ишкананын-кен пайдалануучунун колу коюлат, коюлган колдор ишкананын-кен пайдалануучунун мөөрү менен ырасталат.

Түшүндүрмө катына тексттик (таблица) тиркемелери түшүндүрмө каты менен бирдиктүү брошюра түрүндө жана өзүнчө да берилет. Брошюрага батпаган тексттик тиркемелерге жооптуу кызматкер жактардын колу коюлат, алардын коюлган колдору ишкананын-кен пайдалануучунун мөөрү менен ырасталат.

Графикалык материалдарда жооптуу кызматкер жактардын колу болууга тийиш, коюлган колдор ишкананын-кен пайдалануучунун мөөрү менен ырасталат.

Материалдар катуу мукаба папкаларынаа салынат. Ар бир папкада ички эсепке алынууга тийиш.

Экспертиза жүргүзүүгө арыз берүү мөөнөттөрү:

жалпы мамлекеттик маанидеги  жер казына объектилерине – техникалык долбоорду түзүү каралган лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү бүткөнүнө үч ай калгандан кечиктирбестен;

 башка бардык жер казына объектилери үчүн - техникалык долбоорду түзүү каралган лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү бүткөнүнө бир ай калгандан кечиктирбестен.

Арыз ээси тарабынан аталган мөөнөт сакталбаган учурда, берилген материалдар жана документация техникалык долбоорду түзүү каралган лицензиялык макулдашуунун иш-аракет мөөнөтүн узартууга жатпайт.

Экспертиза жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөндөгү маалыматтарды берүүгө тийиш:

арыз ээси жана экспертиза объекти жөнүндөгү маалыматтарды;

пайдалуу кенди иштетүүгө техникалык долбоорду түзүү методикасына коюлган талаптарга ылайык долбоордук-техникалык документацияны;

лабораториялар, тажрыйба-өнөр жай же руданы жарым өнөр жайлык сыноолору жөнүндөгү отчеттор;

руданы кайра иштетүүнүн технологиялык регламенти.

Экспертизаны жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан бир же зарылдыгына жараша квалификациялуу эксперттердин тобу дайындалат.

Эксперттер тобу тарабынан экспертиза жүргүзүлгөн учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан эксперттердин тобунун ишинин жыйынтыгына жооп берген жетектөөчү эксперт дайындалат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн долбоорго экспертиза жүргүзүүдө чыгуучу геологиялык маалыматты (запастарды ырастоо протоколу, геологиялык пландар жана тилкелер) жана анда төмөндөгү маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерди жана алардын негиздүүлүгүн изилдөө зарыл:

кендин же анын бөлүгүнүн өнөр жай өздөштүрүүгө даярдыгы;

пайдалуу кендерди сарамжалдуу, комплекстүү пайдалануу жана жер казынасын коргоо боюнча долбоордук чечимдерди кабыл алуу үчүн геологиялык маалыматтардын жетиштүүлүгү;

тандоо боюнча актыда аныкталган шахтанын, кендин, карьердин, тилкенин, байытуучу фабриканын, алтын алуу фабриканын жана калдык заттар көмүлүүчү жайлардын өнөр жай жобосуна шайкеш келүүсү;

Запастар боюнча мамлекеттик комиссия, Запастар боюнча аймактык комиссия тарабынан бекитилген алынган пайдалуу кендердин запастарын жер казынасынан казып алуу деңгээли;

баланстагы жана баланстан тышкары запастардын категорияларындагы запастарды пайдалануу;

жер казынасынан пайдалуу кендерди толугураак казып алууну камсыздоочу пайдалуу кендерди иштетүүнүн ыкмаларын жана системасын колдонуу;

бай кен тилкелерин же ыңгайлуу тоо-геологиялык шарттагы тилкелерди тандап алып иштетүүнү жок кылуу;

иштелип жаткан жана кошуна жайгашкан кендерди бузууга жол бербөө; кен жатактарын суу каптоодон, суу басуудан, өрттөн, ошондой эле термоэрозиядан, карсто болуудан жана пайдалуу кендин сапатын жана кендердин өнөр жай баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү оорлотуучу жоготууларга алып келген башка терс экзогенндик процесстерден коргоо;

курулуш түшкөн аймактардагы пайдалуу кендин запастарын консервациядан чыгаруу;

казылып алынган пайдалуу кендерди эффективдүү комплекстүү кайра иштетүүгө даярдоо;

казылып алынган башка да, убактылуу пайдаланылбаган  пайдалуу кендерди жана компоненттерди, ошондой эле баланстан тышкаркы запастарды сактоо;

ачылган жана сыйымдуу породаларды, пайдалуу кендердин кайра иштетилген калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу, аларды жайгаштыруу, топтоо жана сактоо;

ишкананы куруу жана эксплуатациялоо процессинде жер казынасын геологиялык изилдөө (кен жерин куруу мезгилиндеги алдын ала чалгындоо, эксплуатациялык чалгындоо ж.б.);

пайдалуу компоненттерди казып алуунун оптималдуу толуктугун камсыздоочу, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн прогрессивдүү технологиялык схемаларын колдонуу;

кендерди тажрыйба-өнөр жайлык иштетүүнүн натыйжаларын колдонуу;

долбоордо кабыл алынган кайра иштетүү технологиясы жана анын аппаратуралык тариздөөсү, негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр;

негизги жана кошумча товардык продукцияны, продукциянын түрлөрүн чыгарууга каралган мүнөздөмө;

пайдалуу кендерди толук казып алуу менен казып алуу жана кайра иштетүү технологиясын тандап алуу;

лабораториялар, тажрыйба-өнөр жайлык же жарым өнөр жайлык руда сыноолору жөнүндөгү отчеттор;

руданы кайра иштетүүнүн технологиялык регламенти.

Долбоорду кароодо тоо бөлүгүнүн такталган чектерин негиздөөгө, тик бурчтуу координаттарды алардын бурчтук жайларын аныктоого өзгөчө көңүл коюлат.

Жер казынасын коргоо бөлүгүндөгү экспертиза жүргүзүү мөөнөтү:

жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына объектилерине – долбоордук-техникалык документация келип түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде;

башка бардык жер казына объектилери үчүн - долбоордук-техникалык документация келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде.

Зарылдыгына жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордук объектиге чыгып келүү менен экспертиза жүргүзөт.

Долбоордук объектиге экспертиза жүргүзүүдө эксперттер иш жүзүндөгү жоболорду долбоордук маалыматтарга ылайык келүүсүн текшеришет.

 

 Экспертизанын корутундусун тариздөө талаптары

 

Экспертизаны жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бланкында корутунду түзүлөт.

Экспертизанын корутундусунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

жер казынасын коргоо жаатындагы негизги ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен экспертиза корутумунун аталышы;

экспертизанын максаты;

экспертиза жүргүзүү үчүн негиз, арыз ээси жана объект тууралуу маалыматтар камтылган кириш бөлүгү (жалпы маалыматтар);

экспертиза объектилеринин аталыштарынын тизмеги жана экспертиза объектилеринин кыскача мүнөздөмөлөрү;

негизги кабыл алынган долбоордук чечимдер жөнүндө кыскача маалыматтар;

сын-пикирлер жана сунуштар;

жер казынасын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына туура келүүсүнө жана туура келбөөсүнө жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары менен кортундулоочу бөлүгү.

Экспертиза корутундусу оң жана терс болушу мүмкүн.

Оң экспертиза корутундусунда экспертиза объектисинин жер казынасын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келүүсү жөнүндөгү жыйынтыктар камтылат.

Оң экспертиза корутундусунда сын-пикирлер/сунуштар болбойт.

Терс экспертиза корутундусунда айтылган сын-пикирлер жана сунуштар боюнча экспертиза объектисин жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө жыйынтыктар камтылат. Терс экспертиза корутундусу бериле турган болсо, корутундулоочу бөлүгүндө жер казынасын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына туура келбөөсү жөнүндөгү негизделген жыйынтыктар камтылат.

Экспертиза корутундусу эки нускада түзүлөт жана эксперттердин колдору коюлат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен ырасталат жана эсепке алуу журналына катталат.

 

Жоопкерчилик

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери, ушул Эрежелерди сактабаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген бүтүмдөрдү берген учурда мыйзам менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.