ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КӨҢҮЛ
БУРУҢУЗДАР!
КР 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамы менен киргизилген
өзортүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты
ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 28-декабры № 213
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224, 2017-жылдын 18-мартындагы № 47, 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү укугун жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштеринде маалыматтардын толук ачыктыгына, маалымдуулугуна жана айкындыгына жетишүү ушул Мыйзамдын максаттары болуп саналат.
2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, туруктуу негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, ошондой эле толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган, милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууну жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылган уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын ишмилдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик мамлекеттик органдар катары таанылат.
Өкүлчүлүктүү, аткаруучу жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү жамааттар тарабынан түзүлгөн органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишмилдеттерин же иш милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары катары таанылат.
"Мамлекеттик орган" жана "жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы" терминдери ар кандай мекемени, анын толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк бирдигин жана мамлекеттик бийликти же жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ишмилдеттерин аткаруу менен байланышпаган саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелерин, маалыматтык, статистикалык, консультациялык, кредит берүү боюнча мекемелери да камтылат.
3. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылганда келип чыгуучу мамилелерге;
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүсүнө байланышкан мамилелерге;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алуу чектелген маалыматтарды берүү менен байланышкан мамилелерге.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Маалыматка жетүү эркиндигинин кепилдиктери жана принциптери
Ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү укугу кепилденет.
Жалпыга жеткиликтүүлүгү, объективдүүлүгү, өз убагында берилиши, ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат.
Мамлекет ар кимдин маалыматты издөө, алуу, изилдөө, өндүрүү, берүү жана таратуу укуктарын коргойт.
Маалыматка жетүүгө жана таратууга чектөөлөр мыйзамдарда гана белгиленет.
4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы, айкындыгы жана маалымдуулугу
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөндөн башка учурларда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө ар кандай чектөөлөрдү коюуга тыюу салынат.
3. Маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган негиздер боюнча гана жүйөлөнүүгө жана негизделүүгө тийиш.
4. Маалыматка жетүүгө чектөө коюуга негиз болгон чечим менен тааныштыруудан баш тартуу мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн болгон маалыматтарды камтыган документтердин жана материалдардын андай маалыматтарды камтыбаган бөлүктөрүндө гана берилет.
5-статья. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр
1. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:
1) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо;
2) калктын ден соолугун же адеп-ахлагын сактоо;
3) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо.
2. Жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй маалыматтарга карата белгиленет:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзам менен аныкталган мамлекеттик сырлар жөнүндө;
2) жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзам менен аныкталган жеке мүнөздөгү;
3) изин суутпай издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштери тууралуу, мыйзам менен белгиленген учурларда кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жөнүндө;
4) мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган.
3. Купуя маалыматтарга кирген маалыматтардын тизмеги "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалыматтарын камтыган төмөнкү маалыматтар ушул Мыйзамдын максаттарында купуя болуп таанылат:
1) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуунун уюштуруу-техникалык эрежелерине гана таандык болгон;
2) жабык угуулардын жана жыйналыштардын конкреттүү мазмунун, ошондой эле жабык кеңешме өткөрүүдө же добуш берүүдө кызмат адамынын жеке позициясын чагылдырган.
5. Эгерде мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу аларга белгилүү болгон купуя маалыматтарды ачыкка чыгарышса, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Маалымат берүү ыкмалары
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалыматтарды берүүлөрүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр:
1) тийиштүү материалдарды, анын ичинде расмий же адистештирилген сайтта жарыялоо жана таратуу;
11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2) жеке жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптарынын негизинде маалыматтарды берүү;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын документтерине жана материалдарына тикелей жетүүнү камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына тикелей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз иши жөнүндө калкты кабардар кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай ыкмаларды да колдонууга укуктуу.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз иши жөнүндө маалыматтарга жетүүнүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуусу башка ар кандай мыйзамдуу ыкма аркылуу маалымат берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт.
4. Ушул статьянын 1-пунктунун 11-пунктчасында көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар ушул статьянын 1-пунктунда каралган ыкмалар менен аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-ГЛАВА
ООЗЕКИ ЖЕ ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ
СУРОО-ТАЛАПТЫН НЕГИЗИНДЕ МААЛЫМАТ БЕРҮҮ
7-статья. Маалымат тууралу суроо-талап жөнөтүүнүн формалары
1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына маалымат тууралу суроо-талаптар төмөнкү формада жөнөтүлүшү мүмкүн:
- оозеки тикелей же телефон аркылуу кайрылуу;
- тикелей берүү, почта, чабарман менен же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилген жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар.
2. Суроо-талапка жооп ошол суроо-талап жөнөтүлгөн формада жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган документ бир нече тилде болгон учурда, ал документ маалымат сураган адам кайрылган тилде берилүүгө тийиш.
8-статья. Маалымат берүү жөнүндө оозеки кайрылуу
1. Маалымат алуу үчүн оозеки кайрылганда же телефон аркылуу кайрылганда тийиштүү маалымат оозеки берилет.
2. Маалымат берүүгө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу кыскача маалымдамалар оозеки берилет. Маалымат берүүгө жоопкерчиликтүү адам суроо-талаптын негизин түзгөн суроолор боюнча сураган адамдарга оозеки кепкеңеш берүүгө милдеттүү эмес.
3. Эгерде суроо-талапка оозеки жооп аны сураган адамды толук канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.
4. Ар бир оозеки кайрылуу журналга (катталууга) тийиш, анда кайрылуунун автору, телефон номери, үй дареги, кайрылган күнү жана убактысы, кайрылуунун предмети же маселеси, ошондой эле кайрылуу боюнча жооп берген мамлекеттик же муниципалдык кызматкер жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Журналдын формасы жана аны толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
9-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну
Жазуу жүзүндөгү суроо-талапта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) суроо-талапты алуучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышы жана (же) анын кызмат адамынын фамилиясы;
б) жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери (почта дареги); юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) үчүн - юридикалык жактын (анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн) толук аталышы, башкаруу органынын жайгашкан жери (почта дареги), юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, жазуу жүзүндөгү суроо-талапка кол койгон адамдын фамилиясы жана кызматы;
в) суроо-талаптын кандай маалымат берилиши керек экени жөнүндө так ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү предмети.
Суроо-талап жөнөткөн адам өз суроо-талабынын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес. Маалымат сураган адам суроо-талапка өзүнүн байланыш телефонунун номерин, ошондой эле анын ою боюнча суроо-талапты аткарууга көмөк көрсөтүүчү башка маалыматтарды кошууга укуктуу.
Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы маалымат берүүгө карата суроо-талаптардын типтүү бланктарынын формаларын иштеп чыгат жана алардын мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жайгашкан жерлерде жана байланыш бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Маалымат берүү жөнүндө суроо-талап бланкынын арткы бетинде бланкты толтуруу тартибинин түшүндүрмөсү, ошондой эле маалымат берүүнүн мөөнөтү, аны алуунун жана ага акы төлөөнүн тартиби көрсөтүлөт.
Суроо-талаптын маңызын түзүүдө бардык зарыл документтердин же материалдардын дайындарын так көрсөтүү талап кылынбайт. Эгерде суроо-талаптын маңызы тактоону талап кылса, жооп даярдоого жоопкер адам өз демилгеси боюнча байланыш телефону аркылуу өтүнүч ээсинен суроо-талаптын предметин тактоого укуктуу. Байланыш телефону жок болгон учурда жооп даярдоого жоопкер адам суроо-талаптын маңызын өзалдынча тактайт.
Маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жаран тарабынан почта, чабарман, электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлүшү же мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өзү тикелей бериши мүмкүн.
10-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөтү
Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоошу почта байланыш бөлүмүнө же автордун өзүнө, же анын чабарманына же өкүлүнө берген же электрондук байланыш каналдары боюнча жөнөтүү катталган күнү аяктайт.
Эгерде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык суроо-талап башка мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына кайра жиберүүгө муктаж болсо, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүгө милдеттүү башка мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн башталат.
Эгерде эки жумалык мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен бул тууралу суроо-талап жиберген адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу эки жумалык мөөнөттөн ашпоосу тийиш.
Суроо-талапка ушул статьяда белгиленген мөөнөттө жооп бербөө же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарландырбоо суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.
11-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароо жана канааттандыруу тартиби
1. Маалымат берүү жөнүндө ар бир суроо-талап мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен каттоого алынат:
- суроо-талап алынган күн;
- суроо-талап жөнөткөн адам жөнүндө маалыматтар;
- суроо-талаптын кыскача мазмун-маңызы;
- жооп даярдоого жоопкер адамдын аты-жөнү жана кызматы;
- маалымат берүүдөн баш тартуунун жүйөсү (эгер ал болсо);
- суроо-талапка жооп даярдоонун акысынын (эгер акы төлөө зарыл болсо) өлчөмү;
- суроо-талапты башка мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына кайра жөнөтүү жөнүндө маалыматтар;
- суроо-талап түзгөн адамга жооп жөнөтүлгөн күн;
- суроо-талапка жооп даярдоонун негизги этаптарын чагылдырган башка маалыматтар.
2. Маалымат алуу жөнүндө суроо-талап катталгандан кийин, ал жооп даярдоого жоопкер адамга жиберилет. Жооптуу адам зарыл документтерди жана материалдарды издеп табат, алардын көчүрмөсүн алат жана жооп берүү үчүн документтердин топтомун түзөт.
3. Маалымат алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талапка берилген жооп кызыкдар адамдын ошол эле суроо-талап боюнча кайталап кайрылуусунун зарылдыгын болтурбоо үчүн толук мүнөздө болушу керек. Суроо-талапты аткаруучу ушуну менен бирге маалымат алууга кызыкдар адамга талап кылынган документтерди жана материалдарды колдонуунун тартиби жөнүндө кепкенеш берүүгө милдеттүү эмес.
4. Суроо-талапка берилген жооп өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) суроо-талаптын кыскача мазмун-маңызы, берилүүчү документтердин тизмеси, суроо-талапты аткаруучунун фамилиясы жана кызмат орду, жоопко кол коюлган күн камтылган жооптуу кызмат адамынын суроо-талашы аткаруу жөнүндө көрсөтмөсү;
2) эгерде андай маалымдамалар же тексттердин бөлүгү суроо-талапты канааттандыргыдай маалыматтап турса жана документтердин тексттеринин ордуна аларды берүүгө суроо-талашын мүнөзүнө ылайык жол берилсе, берилүүчү документтердин тексттери же болбосо алар же документтердин тексттеринин бир бөлүгү жөнүндө маалымдамалар;
3) чыгымдалуучу материалдардын жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын прейскуранты, ошондой эле суроо-талап жөнөткөн адам жашаган калктуу конуштун аймагында турган, жарандардын укуктарын коргоону жана аларды маалыматтык жана китепканалык тейлөөнү, ушул Мыйзамдын негизинде аларга маалымат берүүнү жүзөгө ашыруучу негизги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аталыштарынын тизмеси жана байланыш маалыматтары.
12-статья. Маалымат алуунун кошумча кепилдиктери
1. Эгерде мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында ушул Мыйзамга ылайык суратылган документтер жана материалдар болбогон жана болушу милдеттүү болбогон учурда бул тууралу сураган адамга билдирилет.
2. Эгерде суратылган документтер башка мамлекеттик органда же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында болуусу милдеттүү болсо, анда суроо-талап ошол суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү тийиштүү органга кайра жөнөтүлөт. Эгерде суроо-талапта байланыш телефону же башка байланыш каражаттары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн болсо, суроо-талапты аткаруучу сураган адамга суроо-талапты кайра жөнөткөндүгү жөнүндө билдирет жана бул тууралу жазуу жүзүндөгү суроо-талапка белги коет.
3. Эгерде суратылган документтер элге жарыя кылынган болсо, анда суроо-талашы аткаруучу өзү берген жоопто маалыматты элге жарыя кылуунун тийиштүү булагына шилтеме кылууга акылуу. Ошону менен бирге суроо-талапка берилген жоопто милдеттүү документтерден тышкары маалыматты элге жарыя кылуунун тийиштүү булагынын дайындары көрсөтүлөт.
13-статья. Маалымат берүүгө байланышкан чыгымдар
1. Жарандардын жана уюмдардын суроо-талаптарына жоопторду даярдоо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан, ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда, акысыз жүзөгө ашырылат.
2. Маалымат берүү жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап жиберген адам суроо-талапка берилген жоопту жеткирүү боюнча почтанын кызматына атайын белгиленген акы төлөйт.
3. Маалымат берүү жөнүндө 5 беттен ашкан көлөмдөгү документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн көчүрмөлөөнү талап кылган суроо-талаптар үчүн тийиштүү көчүрмөлөө кызматына алардын өздүк наркынан ашпаган акы төлөөнү карайт. Көчүрмөлөө кызматынын наркынын бирдиктүү прейскуранты жана аларды төлөө шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары калктын социалдык жактан корголбогон категориясына кирген адамдарды маалымат алгандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотууга укуктуу.
14-статья. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар
1. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө түшкөн маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөрү болсо документтерди тийиштүү формасында жиберүү аркылуу канааттандырылат.
2. Эгерде суроо-талап электрондук почта менен алынган болсо, анда суроо-талапка берилүүчү жооп маалымат сураган адамдын электрондук почтасынын дарегине жиберилет. Эгерде суратылган документтин электрондук варианты жок болсо, анда маалымат ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык башка формада жана маалымат алуунун башка ыкмалары менен берилет. Сурооталапка берилген жоопко суратылган документтердин файлдары тиркелиши мүмкүн же документтер менен материалдардын жеткиликтүү ааламдык түйүндөрдөгү электрондук версияларына айкын жана так шилтемелер көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде маалымат берүү тууралу суроо-талап факс менен алынса, суроо-талапты канааттандыруу үчүн талап кылынган документтердин көлөмү тоскоолдук кылбаса, ага жооп факс менен жөнөтүлүшү мүмкүн. Башка учурда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жоопто суроо-талап боюнча башка формада жана башка ыкмалар менен маалымат алуунун тартиби көрсөтүлөт.
4. Электрондук почта же факс боюнча алынган суроо-талапка берилген жоопту каттоо жана даярдоо жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
15-статья. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери
1. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн төмөнкү негиздер болгон учурда баш тартылышы мүмкүн:
1) суратылган маалыматтар мыйзамдардын жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын негизинде алууга чек коюлган маалыматтардын категориясына киргизилген документтердин бөлүктөрүндө камтылса;
2) суроо-талап ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарды бузуу менен түзүлсө;
3) бир эле маселе боюнча ошол адамдын суроо-талабы борбордук органдын же анын ведомстволук бөлүмүнүн кароосунда турса, ошондой эле мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында же алардын ведомстволук бөлүмдөрүндө тийиштүү документтер болбосо жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык алардын болушу милдеттүү болбогон учурларда.
2. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы кайта суроо-талап түшкөнгө чейин 3 айлык мезгилге тете убакытта ошол эле адамга суроо-талап боюнча берилген маалыматка дээрлик дал келген суроо-талап боюнча маалыматты берүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Маалымат берүүдөн баш тартуу төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) маалымат берүүдөн баш тартууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине конкреттүү шилтемелер көрсөтүлгөн жүйөө;
2) маалымат берүүдөн баш тартууга карата даттануунун ыкмалары жана тартиби.
3-ГЛАВА
МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН
ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫ ЭЛГЕ
ЖАРЫЯЛОО
16-статья. Расмий маалыматтарды берүү
1. Расмий маалымат мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын Интернеттеги сайтында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка сайтта элге жарыялоо аркылуу берилет. Расмий маалыматка жетүүнүн башка ыкмалары кошумча каралышы мүмкүн.
2. Расмий маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдү жарыялоо аркылуу жүргүзүлөт:
1) белгиленген жарыялоо тартибин жана мөөнөттөрүн сактоо менен ченемдик укуктук актыларды;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын учурдагы чечимдери жана расмий окуялары жөнүндө маалыматтарды;
21) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык түшүндүрүүлөрдү;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иш жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык баяндамаларын;
31) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылардын мониторингинин натыйжалары жана алардын үзүрдүүлүгүнө баа берүү жөнүндө ар жылдык отчетторун, ошондой эле мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жөнүндө отчетторун;
32) процесстик мыйзамдарда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган соттук актылардын тексттерин;
4) башка маалыматтык материалдарды.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө тиешеси бар расмий маалыматтарды элге жарыялайт:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кызматка киришүүсүнө же кызматтан бошотулушуна;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кабыл алууга, республикалык жана жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын, анын ичинде коммуналдык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн жана төлөө тартибин өзгөртүүгө;
3) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алууга;
4) жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;
5) толугу менен же жарым-жартылай четөлкөлүк юридикалык жактын менчигинде турган объекттерди курууга байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;
6) эларалык келишимдерди түзүүгө жана аларды аткаруунун жүрүшүнө;
7) адамдардын өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн көрүлгөн чараларга.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоонун басылмалык, аудиовизуалдык каражаттарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө башка маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө укуктуу.
3. Социалдык маанилүү чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар алар жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалык, аудиовизуалдык ресурстарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен милдеттүү тартипте түшүндүрүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Иштин жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык баяндамалар
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын элине ар жылдык кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө баяндамаларын элге жарыялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан камсыз кылынат.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары отчеттук мезгил ичиндеги өз иштери жөнүндө баяндамаларды элге жарыялайт, аларда отчеттук мезгил ичинде социалдык-саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап айтканда төмөнкүлөр: бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү, рыноктун айрым секторлору боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн көлөмү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, калктын миграциясы, экология, ошондой эле иштердин башка маанилүү багыттары чагылдырылат.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
181-статья. Соттук актыларды элге жарыялоо
1. Ар бир адам иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган жана сот тарабынан эл алдында жарыя кылынган соттук актыларды кандай ыкма менен болсо да, анын ичинде аларды басма сөз басылмаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жыйнактарды же маалыматтардын электрондук базаларын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жарыя кылууга укуктуу.
2. Эгерде бул басылманын максатын актаса, соттук актылар кыскартылган түрдө жарыяланышы мүмкүн.
3. Соттук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды басма сөз басылмаларында жарыялоо кошумча күбөлөндүрүүсүз жүргүзүлөт.
4. Соттук актынын кандай гана болбосун цитата келтирилген тексти анын мазмунун бурмалоого тийиш эмес.
5. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды жарыялоо ушул Мыйзамдын башка талаптарына да жооп берүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
182-статья. Соттук актыларды элге жарыялоого карата негизги талаптар
1. Иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган жана эл алдында жарыяланган соттук актылардын тексттери жалпыга жеткиликтүүлүк үчүн ачык жана ушул статьянын 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган талаптарды эске алуу менен жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин жана корутундуларынын тексттери толук көлөмдө элге жарыяланат.
2. Жалпыга жеткиликтүүлүк үчүн ачык соттук актылардын тексттеринде жакты (жеке жана юридикалык жакты) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар жарыяланбайт. Мындай маалыматтар инициалдар, литердик же санариптик белгилер менен алмаштырылат.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
1) жеке адамдардын аты, атасынын аты, фамилиясы;
2) жарандардын (жеке жактардын) жашаган же турган жеринин дареги, телефондорунун же башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтасынын даректери;
3) паспорттук маалыматтар, жеке номерлер (коддор) жана жеке жактардын жарандык абалынын актыларынын жазууларына тийиштүү маалыматтар;
4) транспорт каражаттарынын техникалык паспортунун маалыматтары;
5) ага каршы соттук талаптар сот тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз деп таанылган юридикалык жактын аталышы жана идентификациялык номери;
6) жакты идентификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү башка маалымат.
4. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарга төмөнкүлөр кирбейт:
1) соттук актыны кабыл алган судьянын же соттук коллегиянын курамынын фамилиясы жана инициалдары;
2) эгерде прокурор жана адвокат соттук териштирүүгө катышса, алардын фамилиялары жана инициалдары;
3) өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу менен соттук териштирүүгө катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын фамилиялары жана инициалдары;
4) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган жарандардын (жеке жактардын) аты-жөнү (бар болсо), фамилиялары;
5) юридикалык жакка каршы соттук талаптар сот тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган юридикалык жактын аталышы жана идентификациялык номери.
5. Соттук актылардын реквизиттерин, киришүү жана резолюциялык бөлүктөрүн кошпогондо, териштирүү жабык соттук жыйналыштарда жүргүзүлгөн иштер боюнча чыгарылган соттук актылардын тексттери элге жарыялоого жатпайт.
6. Териштирүү жарым-жартылай жабык соттук жыйналыштарда каралган иштер боюнча чыгарылган соттук актылардын тексттеринде жабык соттук жыйналыш үчүн негиз болуп саналган маалыматтар элге жарыяланбайт.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Маалыматтык материалдарды элге жарыялоо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлик органдарынын түзүмү жана алардын иштөө тартиби жөнүндө топтолгон маалыматтык материалдарды элге жарыялайт. Топтолгон маалыматтык материалдарда мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн сыпатталышы, анын ичинде алардын негизги ыйгарым укуктары жана тескөөчү иштери, ошондой эле жетекчи кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин фамилиялары, алардын жумушчу телефоидору, кызматтык даректери, калк менен иштөө режими камтылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшыруусу боюнча башка аткаруу бийлик органы тарабынан маалымдама (жыйнак) түрүндөгү расмий маалыматтык материалдарды элге жарыялоо каржыланат. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары расмий маалымдама басылмаларда башка мамлекеттик органдардын иш чөйрөсү, аталыштары жана даректери, ошондой эле коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык консультациялар, нотариустар, китепканалар, окуу жайлары, коммуналдык кызматтар, ишинин максаты жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, тейлөө болуп саналган жана башка уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылат. Расмий маалыматтык басылмалардын кайра басыла турган мөөнөтү аларда камтылган маалыматтардын актуалдуулугунун сакталып турушуна жараша эсептелет. Маалымдамалардын нускасы мурдагы басылышында таратылган санына негизделүү менен аныкталат. Маалымдамалар жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарын чекене сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү болууга тийиш.
20-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат таратууну камсыз кылуу боюнча милдеттери
1. Соттордон тышкары, мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы төмөнкүлөр камтылган маалыматтарды жыл сайын жана жеткиликтүү формада элге жарыялоого милдеттүү:
1) өздөрүнүн ишмилдеттери жана алар жүзөгө ашыруучу маселелер, ыйгарым укуктары, милдеттери жана жылдык бюджети;
2) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жана сыпатталышы;
3) ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аракеттерине жарандар жана уюмдар пайдаланышы мүмкүн болгон суроо-талаптарды же даттанууларды карап чыгуунун жана канааттандыруунун тартиби, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарынын, даттанууларынын же башка аракеттеринин болжолдуу үлгүсү;
4) материалдарды документтөө тутуму, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын карамагындагы маалыматтардын түрлөрү жана формалары, маалыматтын категориялары жөнүндө маалыматтар жана маалымат жөнүндө суроо-талапты тариздөө жол-жоболорунун сыпатталышы;
5) башкаруу органдарынын жана алардын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин сыпатталышы жана алардын чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору;
6) мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан өздөрүнүн ишмилдеттерин аткарышы жөнүндө маалыматтарды камтыган жетектеме, эрежелер, жыйнактар жана колдонмолор;
7) жарандар жана уюмдар алардын жардамы менен ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын саясатын түзүүгө же ыйгарым укуктарын аткарышына таасир этүүчү же өз пикирлерин билдирүүчү ар кандай механизмдер же жолжоболор;
8) жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына келип түшкөн кайрылуулары тууралу, андай кайрылууларды карап чыгуунун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпыланган маалыматтарды;
9) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын карамагындагы жалпы пайдалануудагы маалымат тутумдарынын, маалымат банктарынын, реестрлердин, регистрлердин тизмеги, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги;
10) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчилеринин жана расмий өкүлчүлүктөрүнүн расмий визиттери жана иш сапарлары тууралу маалыматтар;
11) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы уюштуруучу расмий ишчаралар, анын ичинде жыйналыштар, жолугушуулар, брифингдер, коллегиялар жөнүндө маалыматтар;
12) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы уюштуруучу расмий ишчараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар;
13) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын иш пландары жөнүндө маалыматтар;
14) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу адамдарынын расмий билдирүүлөрүнүн жана сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттери;
15) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы иштеп чыккан максаттуу жана башка программалардын, концепциялардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар;
16) тапшырыкчысы же аткаруучусу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы болгон максаттуу жана башка программалар жөнүндө маалыматтар: программалардын аталышы, максаттары жана негизги милдеттери, тапшырыкчылары жана негизги аткаруучулары, ишке ашыруу мөөнөттөру жана күтүлгөн натыйжалары, каржылоонун көлөмү, аларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү;
17) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматтар;
18) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана ишчаралар боюнча техникалык жардамдардын (көмөктөшүүлөрдүн) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар;
19) аналитикалык баяндамалар, иш жөнүндө отчеттор, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө маалымат мүнөзүндөгү баяндамалар;
20) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын компетенциясына кирген чөйрөлөрдөгү кырдаалды жана алардын өнүгүү динамикасын мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар;
21) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан даярдаган болжолдоолор;
22) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан чогултулган жана иштелип чыгылган расмий статистикалык маалыматтарды;
23) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан өткөрүлүүчү ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер, экспертизалар жана башка ишчаралар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде:
- аларды өткөрүү шарттары;
- аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартиби;
- мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды берүүгө (иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) конкурстарды өткөрүү үчүн конкурстук комиссиялардын курамдары;
- конкурстук комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдору;
- мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алган чечимдерге даттануунун тартиби;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын формалары;
25) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан алардын компетенцияларынын чектеринде жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жана мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар;
26) калкты жана аймактарды чукул кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө, болжолдонгон жана пайда болгон чукул кырдаалдар жөнүндө, алардан калкты коргоонун ыкмалары жана жолдору жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан жарандарга жана уюмдарга жеткирилүүгө тийиш болгон башка маалыматтар;
27) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан башка жеке жана юридикалык жактар менен түзгөн жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдердин тизмеги;
28) жарандар ушул мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтар:
жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү тартиби;
мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат орундарынын, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмеги;
мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерге карата кесиптик даярдык талаптары;
мамлекеттик кызматтын бош мамлекеттик кызмат ордун, муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө карата конкурстардын шарттары жана жыйынтыктары;
29) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эларалык уюмдар менен өзара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтар;
30) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын четөлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык органдарынын, аларга караштуу уюмдардын жетекчилери жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты-жөнү, өмүр баяндык маалыматтары - көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча);
31) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын түзүмдөрү, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана ишмилдеттери жөнүндө маалыматтар, почта дареги, маалымдама кызматтарынын телефондору жана даректик реквизиттери, анын ичинде электрондук почта дареги, алардын кызматкерлеринин саны жана эмгек акы фондунун көлөмү;
32) мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына караштуу уюмдар жөнүндө маалыматтар: уюмдардын тизмеги, алардын почта жана юридикалык даректери, телефондору; алар аткаруучу милдеттердин жана ишмилдеттердин тизмеги, аларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө маалыматтар, алардын кызматкерлеринин саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү, эмгек акы фондунун көлөмү;
33) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн телефондору жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почта дареги, ал бөлүмдөрдүн иштөө тартиби жөнүндө маалыматтар;
34) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын четөлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн тизмеги, телефондору жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почта дареги;
35) мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы ишине катышкан эларалык уюмдардын тизмеги;
36) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана эларалык кызматташтык программаларын жүзөгө ашырууга катышуусу тууралу маалыматтар.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
201-статья. Маалыматты таратууну камсыз кылуу боюнча соттордун милдеттери
1. Соттор өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат жана элге жарыялоого милдеттүү:
1) соттун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жана соттун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка актылардын тексттерин;
2) сотко кайрылууда пайдаланылуучу документтердин формасына жана мазмунуна карата коюлуучу талаптарды жана (же) бул документтердин үлгүлөрүн, көрсөтүлгөн документтерди сотко берүүнүн тартибин;
3) сотто каралууга жаткан иштердин категориялары боюнча мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби жөнүндө маалыматтарды;
4) соттук жыйналышты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен, сотто турган иштерди угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды;
5) соттук актыларга даттануу тартибин;
6) эл аралык укуктук мамилелерге байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоо тартибин;
7) соттор тарабынан ишти кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөнү, жалпылоону жана баяндамаларды, соттордун иши жөнүндө баяндамаларды;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун, илимий-консультациялык кеңештердин, Судьялардын окуу борборунун иштери жөнүндө маалыматтарды;
9) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын басылмаларынын электрондук версияларын;
10) соттун бюджети, анын чыгымы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды;
11) соттордун жетекчилеринин жана соттордун расмий делегацияларынын расмий визиттери жана жумушчу сапарлары жөнүндө маалыматтарды.
2. Соттун расмий сайтында, ал эми ал болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине ар кандай кийлигишүү, анын ичинде судьяга кандай формада болбосун сатып алуу, коркутуу, ошондой эле процесстен тышкары кайрылуунун башка формаларында кысым көрсөтүү жолу менен кийлигишүү жөнүндө маалымат жайгаштырылат.
Конкреттүү соттук иш же соттун (судьянын) өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки формада келип түшкөн кайрылуу, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, башка органдын, уюмдун, кызмат адамынын же жарандын кайрылуусу же болбосо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик мыйзамдарда каралбаган формадагы кайрылуусу процесстен тышкары кайрылуу деп түшүнүлөт.
Процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий маалыматтарды таратуу
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын басмасөз кызматтары, ошондой эле калк менен маалыматтык иш алып барууга жооптуу кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жана чечимдери жөнүндө маалыматтар жана материалдар менен жабдууга, кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кайрылуу, жазуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин актуалдуу маселелери боюнча алардын позицияларын расмий түшүндүрүүлөр менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жигердүү катышкан кызматкерлерди кубаттоого милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-ГЛАВА
МАМЛЕКЕТТИК
ОРГАНДАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ДОКУМЕНТТЕРИНЕ ЖАНА
МАТЕРИАЛДАРЫНА ТИКЕЛЕЙ ЖЕТҮҮНҮ КАМСЫЗ КЫЛУУ
22-статья. Тикелей жетүүнү камсыз кылуу формалары
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын документтерин жана материалдарын тикелей алуу:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалыматтарынын фонддору;
2) расмий маалыматтардын китепканалык фонддору;
3) Интернеттеги сайттар аркылуу камсыз кылынат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддорунун коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддорун түзөт.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддоруна жеткиликтүүлүк жарандарды аларды тийиштүү орган жайгашкан жерде түздөнтүз өздөрүн тааныштыруу жолу менен камсыз кылынууга тийиш.
3. Укуктук актылар, башка документтер жана материалдар расмий маалымат фондуна киргизилет жана аларга кол коюлган же тийиштүү документтерди жана материалдарды кароого байланышкан актыларга кол коюлган күндөн тартып, бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн жеткиликтүү болуп калат.
4. Купуя маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн ал документтер менен материалдардын жеткиликтүүлүгү чектелген бөлүгүн аныктоочу экспертиза жүргүзүлөт. Документтер менен материалдардын купуя маалыматты камтыбаган бөлүктөрү тийиштүү документке кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн даярдалууга жана жеткиликтүү болууга тийиш. Коомчулукка тааныштыруу үчүн даярдалган документте же материалда эксперттин фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
5. Документтер менен материалдарды алууну камсыз кылуу максатында таанышуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында көктөмөлөр, ошондой эле документтер менен материалдардын көзөмөлдүк нускалары бар көктөмөлөр түзүлөт. Көктөмөдөгү документтер менен материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Таанышуу үчүн түзүлгөн көктөмөлөрдө камтылган документтер менен материалдар кеминде айына бир жолу тизмелөөдөн өткөрүлөт. Зарыл документтерди издөөнү ыңгайлаштыруу үчүн тизме көктөмөлөрдө жайгаштырылат. Документтер менен материалдардын көктөмөлөрүнүн тизмесинин маалыматтары каталогдорго бириктирилиши мүмкүн.
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары көктөмөдө камтылган документтер менен материалдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптарды белгилөөгө милдеттүү.
7. Көктөмөлөр менен иштөө үчүн документтер менен материалдардан үзүндүлөрдү алууга, ошондой эле алардан көчүрмө жасоого мүмкүндүк берүүчү шарттары бар атайын орундар жабдылат. Документтер менен материалдарды көчүрүүгө берүүнүн шарттарын жана тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары белгилейт.
24-статья. Расмий маалыматтын китепканалык фонддоруна жеткиликтүүлүгү
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн карамагында турган расмий баяндамаларды, маалыматтык материалдарды, расмий маалымдама басылмаларын жана башка документтер менен материалдарды китепканаларга жөнөтөт.
2. Алынган документтер менен материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын китепканаларында расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддору түзүлөт.
25-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Интернеттеги сайттары
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалыматтарын жайгаштыруу үчүн Интернетте сайттарды түзүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайты дегенде Интернет аркылуу аларга жетүү жүзөгө ашырылган жана "KG" домен зонасындагы бир дарек менен бириктирилген маалыматтардын жыйындысы түшүнүлөт.
2. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайтында ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган маалымат жайгаштырылат.
3. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайты сайтта жайгаштырылган материалдар жана документтер менен акысыз таанышууну жана акысыз электрондук көчүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайтында жайгаштырылган документтердин жана башка расмий маалыматтардын электрондук версияларынын аныктыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары сайттарды түзүүгө жана колдоого адистештирилген уюмдарды келишимдик негизде тартууга укуктуу. Адистешкен уюм тарабынан камсыз кылынган маалыматтын тууралыгы, толуктугу жана актуалдуулугу жана ушул Мыйзамдын башка талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоопкерчилик тартат.
5. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуудагы бардык ченемдик укуктук актылардын толук тизмегин жана тексттерин камтыган расмий маалыматтардын борбордоштурулган тутумун түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылат. Расмий маалыматтардын борбордоштурулган тутумуна жетүү ушул статьяда белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-ГЛАВА
МАМЛЕКЕТТИК
ОРГАНДАРДЫН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЫЙНАЛЫШТАРЫНЫН
ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ
26-статья. Жыйналыштардын ачыктыгы
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жабык жыйналыштарынан башка жыйналыштары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
2. Жыйналыштардын ачыктыгы тиешелүү жыйналыштарга катышууга билдирме берген жарандардын аларга катышууларына мүмкүнчүлүк берүү менен кепилденет.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жабык жыйналыштары ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык маалыматтарынын жеткиликтүүлүгү чектелүү болуп саналган маселелерди талкуулоо учурунда өткөрүлөт.
4. Соттук жыйналыштарга кирүү процесстик мыйзамдарда же соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган тартипте камсыз кылынат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Коомчулукту жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө кабарландыруу
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ай сайын жыйналыштарды өткөрүү планын, жыйналыштардын күн тартибин, ошондой эле аны өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына же өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрү жайгашкан жерде маалымат такталарын жабдыйт, анда жыйналыш күнүнө чейин бир жумадан кечиктирбестен анын күн тартиби, убактысы, ошондой эле жыйналышты өткөрүүнүн ачык же жабык режими жөнүндө маалымат жайгаштырылат. Жыйналыш жабык режимде өткөрүлгөн учурда маалымат тактасында жыйналышка коомчулукту кирүүсүн чектөөгө негиз болгон чечим жайгаштырылат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-статья. Жыйналыштарга катышууну уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагынын өкүлү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жыйналыштарына катышууга укуктуу. Жыйналыштарга жарандардын жана (же) юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органда же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында тийиштүү жыйналышка катышууну каалагандарды жазуу жүргүзүлөт. Келүүчүлөр жөнүндө маалыматтын жазылуусу жана анын инсанын тастыктаган документтин болушу жыйналышка кирүүгө негиз болуп саналат. Жазууда жарандын фамилиясы, аты-жөнү, ал эми юридикалык жактын өкүлү үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, ошондой эле, ээлеген кызматы камтылууга тийиш. Башка маалыматтарды же документтерди көрсөтүүнүн кажети жок.
2. Жыйналыштарды өткөрүү залында келүүчүлөр үчүн орундар жабдылат. Келүүчүлөр үчүн орундардын саны жазылгандардын санына жараша эсептелет, бирок алар үчүн орундардын жалпы саны мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарында бештен аз болбоого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жыйналыштарында ондон кем болбоого тийиш. Келүүчүлөрдүн сандык чектөөсү ашып кеткенде жана алардын кимдир-бирөө келбей калган учурда жыйналышка катышуу артыкчылыгына, биринчиден, жыйналышта кабыл алынуучу чечим укуктарына жана эркиндиктерине түздөнтүз тийиштүү болушу мүмкүн болгон жарандар, экинчиден, бул органдын жыйналыштарына мурда катышпаган же башка жазылгандардан көбүрөөк катышпаган жарандар, үчүнчүдөн, жыйналышка катышууга башкалардан мурда жазылган жарандар ээ болушат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүү орган жайгашкан жердеги башка орунжайларда орнотулган телекабылдагычтарга түз трансляциялоо аркылуу жыйналыштардын жеткиликтүүлүгүн кошумча уюштурууга укуктуу.
29-статья. Келүүчүлөрдүн жыйналыштарга катышуу тартиби
1. Соттук жыйналыштарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына келүүчүлөрдүн катышуу тартиби тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын иш регламентинде аныкталат. Жыйналышка катышуунун белгиленген тартибин бузган учурда төрагалык кылуучу эреже бузуучуга эскертүү жасайт, ал эми кайталап эреже бузган учурда аны жыйналыш залынан сыртка чыгарып жиберет.
2. Жыйналышка соттук жыйналыштарды кошпогондо, катышып жаткан келүүчүлөр жазууларга, ошондой эле эгерде бул жыйналышты өткөрүүгө тоскоолдук кылбаса, фотосүрөт тартууга, аудио- жана көрмөжазууларды жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-ГЛАВА
МАМЛЕКЕТТИК
ОРГАНДАРДЫН ЖЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КАРАМАГЫНДА ТУРГАН
МААЛЫМАТТАРДЫН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮҮГҮН УЮШТУРУУ
30-статья. Маалыматты алууга көмөктөшүү боюнча уюштуруу чаралары
1. Маалыматка жеткиликтүүлүктү уюштуруу үчүн мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын түзүмүндө адистешкен кызмат түзүлөт, ага белгиленген тартипте тиешелүү ишмилдеттер жана ыйгарым укуктар берилет, же аталган ишмилдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын түзүмүндөгү башка кызматка же бөлүмгө, же конкреттүү кызмат адамына жүктөлөт.
2. Маалымат сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча ишмилдеттер тийиштүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жөнүндө жоболордо аныкталууга тийиш.
3. Маалымат сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча ишмилдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштерди аткаруучу адистешкен кызматтардын, бөлүмдөрдүн, кызмат адамдарынын укуктары, милдеттери жана жоокерчилиги ушул кызматтар жана бөлүмдөр жөнүндө белгиленген тартипте бекитилген жоболордо жана кызматтык нускоолордо белгиленет.
4. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ыктыярына жараша келишимдик шарттарда маалыматтык кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар тартылышы мүмкүн. Бул уюмдардын дайындары: уюмдун атылышы, почта дареги, телефон номери жана факс номери, электрондук почта дареги, тармактык дареги жалпыга жеткирилүүгө тийиш.
5. Маалымат алуу жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу эрежелери мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан ушул Мыйзамга ылайык белгиленет.
6. Ушул статьянын 5-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерде маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөн тийиштүү уюмдардын, кызматтардын, бөлүмдөрдүн аталышы жана иштөө режими; же кызмат адамдары жөнүндө кабарлар; берилүүчү маалыматтын категориялары, аны берүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (анын ичинде автоматташтырылган маалымат тутумуна жетүүнүн тартиби), бул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн тартиби жана жеткиликтүүлүктүн башка шарттары камтылууга тийиш.
31-статья. Маалымат тутумдарындагы маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн уюштуруу
1. Маалымат тутумдарындагы маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарын электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментине кошушат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарындагы маалыматтарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Интернеттеги сайттарында ачык маалыматтар форматында жайгаштыруу ну уюштурушат;
- жарандар жана уюмдар үчүн оңой жеткиликтүү жерлерде: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын имараттарында, мамлекеттик жана муниципалдык китепканаларда, почта бөлүмдөрүндө жана мыйзамдарда аныкталган башка жерлерде Интернетке туташтырылган абоненттик пункттарды түзүшөт;
- суроо-талаптарды алуу жана суралган маалыматты берүү үчүн электрондук почта дарегин бөлүп беришет;
- расмий серверде (сайт, порталда) жайгаштырылган маалыматтын мазмуну, тактыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде ушул документтер үчүн бардык маалым даректердин көрсөтүлүшү милдеттүү. Маалымат электрондук түрдө берилген учурда анын тактыгы электрондук кол тамга же мыйзамда бекитилген учурларда жана тартипте башка электрондук ыкма менен ырасталат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын милдеттери
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык жана башка шарттарды түзүүгө;
- ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон маалыматтарды камтыган расмий документтерди, алар кабыл алган актыларды, ошондой эле өздөрү укук мураскери болуп саналган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын актыларын белгиленген мөөнөт ичинде сактоого;
- берилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын камсыз кылууга;
- расмий документтерди элге жарыялоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин сактоого.
2. Эгерде берилген маалыматтар так эмес же толук эмес маалыматтарды камтыса, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары маалыматты сураган адамдын жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү арызы боюнча, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок арызды алгандан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирбестен, берилген маалыматтарды тактоого же толуктоого милдеттүү.
3. Мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрү жалпыга жеткирүүгө милдеттүү болгон расмий документтердин реестрин жүргүзүшөт. Реестр ар бир чыгарылган документтин аталышын, кабыл алынган күнүн, номерин жана аны элге жарыялоо жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Ресстрди жүргүзгөн органдар бул реестрге карата башка милдеттүү талаптарды белгилей алышат.
4. Иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган бардык соттук актылар жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү соттор үчүн он күндүн ичинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн он беш күндүн ичинде Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
5. Жетүүсү чектелген соттук актыларды кошпогондо, Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актылар, адистештирилген сайтта күнү-түнү акысыз жетүү үчүн ачык болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-ГЛАВА
УШУЛ МЫЙЗАМДЫ ИШКЕ
АШЫРУУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ
33-статья. Уюштуруу кепилдиктери
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:
- өздөрүнүн курамында калкка маалыматты берүүнү түздөнтүз камсыз кылуу милдеттери жүктөлгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү уюштурушат жана жооптуу адамдарды дайындашат;
- ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруунун тартиби жаатында, анын ичинде маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптын маңызын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштөө режимин, расмий маалымат фонддору менен таанышуу тартибин тактоо жаатында телефон аркылуу акысыз кыскача маалымдамаларды берүү мүмкүнчүлүгүн уюштурушат.
2. Соттордун карамагында турган маалыматка жетүүнү камсыз кылууну контролдоону соттордун төрагалары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырат. Маалыматка жетүүнү камсыз кылууну контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салган актылар менен белгиленет.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-статья. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу жөнүндө коомчулукка маалымдоо
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары калк арасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен маалыматтарды алуунун ушул Мыйзамда берилген мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруунун натыйжалары жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан даярдаган баяндамалар жыл сайын жарыяланат.
35-статья. Маалымат берүүдөн баш тартууга даттануу
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат берүүдөн баш тартышына, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузган башка аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
(КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-статья. Маалымат берүү боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Маалымат берүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, тартипке келтирүү же материалдык жоопкерчиликке тартылат.
37-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунуштарды киргизсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан уюштуруу чараларын чечүүгө багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведостволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ченемдик укуктук актыларынын ушул Мыйзамга ылайык келтирилишин камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн, ошондой эле өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |