Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Кыргыз Республикасынын

2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары
2007-жылдын 15-январы № 3

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"
                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                       өзгөртүү киргизүү тууралу

    2006-жылдын 30-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

     "Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., №
12, 1009-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     7-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун
                тартиби

     Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү ал дайындалган он  төрт  жу-
мушчу күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.".

     2-статья.

     Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын 
     Президенти                                            К.Бакиев