Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
			Кыргыз Республикасынын
            2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык
                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-февралы №18

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

     «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө»
     Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу
                                   
     1-статья. «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук  актылары
 жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
 Жогорку  Кенешинин  Ведомосттору 1996-ж., №7,  101-ст.)  төмөнкүдөй
 толуктоолор киргизилсин:
     
     6-статьяда:
     
     2-бөлүктөгү  «Жогорку  Кењеши» деген сөздөрдөн  кийинки  «жана»
 деген  сөз үтүр белгиси менен алмаштырылып, «Кыргыз Республикасынын
 Өкмөтү»   деген  сөздөрдөн  кийин  «жана  жергиликтүү  өз   алдынча
 башкаруу органдары» деген сөздөр менен толукталсын;
     
     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толуктолсын:
     
     «3.   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын,  мыйзамдарынын
 жана  башка  нормативдик  укуктук актыларынын  мамлекеттик  тилдеги
 тексти  расмий  тилдеги текстине туура келбеген учурда  мамлекеттик
 тилдеги текст түп нуска деп эсептелет.».
     
     2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
 кирет.
     
     
     
     
   Кыргыз Республикасынын
     Президенти                                         К.Бакиев