Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары
2007-жылдын 22-марты № 36

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

             "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык
                зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
                  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

     2007-жылдын 23-январында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-статья.

     "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин
Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 90-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
     1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Эркин экономикалык зоналардын субъекттерине алардын катталуу  да-
тасына  карабастан  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына ылайык Кыргыз
Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында салык жана ба-
жы  төлөмдөрүн  төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө,  сактоого,
өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.".

     2-статья.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.

     3-статья.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, алып келинген акциз-
дик товарларды сатуу бөлүгү - 90 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын 
     Президенти                                           К.Бакиев