Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\59d1f805-3a0c-45e3-a3b6-23f2208fa244\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 25-майы № 73

Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген экономикалык эркиндиктерин, жөндөмдүүлүктөрүн жана мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен тыюу салынгандардан башка ар кандай экономикалык иштер үчүн эркин пайдалануу укуктарын ишке ашырууга багытталган.

Ушул Мыйзам чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жана өнүктүрүү жагындагы жалпы жоболорду аныктайт, чакан ишкерликтин субъекттеринин иштерин жөнгө салуунун жана мамлекеттик стимулдаштыруунун формаларын жана методдорун белгилейт.

Менчиктин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, ушул Мыйзам чакан ишкерликтин бардык субъекттерине карата колдонулат.

 

1-статья. Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоону укуктук жөнгө салуу

Кыргыз Республикасында чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленбесе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

2-статья. Чакан ишкерликти колдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды ажыратуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын башкаруусуна Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерликти мамлекеттик колдоонун жалпы принциптерин, артыкчылыктуу багыттарын жана методдорун аныктоо, чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жагындагы мамлекеттик органдарды түзүү жана алардын иштөө тартибин белгилөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддорунун эсебинен каржылануучу чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн республикалык бюджетке жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддоруна төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө тиешелүү болот.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарына ылайык чакан ишкерликти колдоо жагындагы бардык маселелерди чечишет, анын ичинде өз каражаттарынын жана ресурстарынын эсебинен чакан ишкерликти колдоо боюнча кошумча чараларды көрө алышат.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Чакан ишкерликтин субъекттери

Чакан ишкерликтин субъекттери катары юридикалык жакты түзбөстөн, ишкерлик менен алектенген жеке адамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен каралган кошумча наркка салык боюнча жылына каттоо чегинен ашпаган дүң акчанын көлөмүндөгү экономикалык ишти жүзөгө ашырышкан жана алардагы жумушчулардын орточо саны отчеттук мезгил ичинде төмөндөгү жогорку деңгээлден ашпаган (кичи ишканалар) коммерциялык уюмдар менен ишканаларды түшүнүү керек:

өнөр жайында - 35 адам;

курулушта - 75 адам;

транспортто - 35 адам;

айыл чарбасында - 50 адам;

илимий-техникалык чөйрөдө - 25 адам;

дүң соодада - 30 адам;

чекене соодада жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө - 25 адам;

калган тармактарда жана иштин башка түрлөрүн ишке ашырууда - 25 адам.

Төмөндөгүдөй иштерди жүзөгө ашырышкан жекече ишкерлер менен юридикалык жактар чакан ишкерликтин субъекттери катары тааныла алышпайт:

иши баңги заттарынын каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү менен байланышкан;

акцизделүүгө тийиш болгон продукцияны өндүрүү жана(же) дүңүнөн сатып өткөрүү;

(4-абзац КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

оюн-зоок жана шоу-бизнес чөйрөсүндөгү иштер;

сертификация, метрология жана сапатты башкаруу жагындагы иштер;

нефти, мунайзат, газ, электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иштер;

радиоактивдүү материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштер;

банк иши (же болбосо банк операцияларынын айрым түрлөрү) жана камсыздандыруу рыногундагы иш (камсыздандыруу агентинин ишинен башка);

аудитордук иш;

баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иш.

Чакан ишкерликтин субъекттеринин уставдык капиталындагы мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш. Бир же бир нече чакан ишкерликтин субъектиси болуп саналбаган юридикалык жактарга таандык болгон чакан ишкерликтин субъектисинин уставдык капиталынын үлүшү 20 пайыздан ашпоосу керек.

Иштин бир нече түрү менен (көп тармактуу) алектенген чакан ишканалар үлүшү жылдык жүгүртүүнүн көлөмүндө же жылдык кирешенин көлөмүндө эң көп болуп саналган иштин түрү боюнча аныкталуучулардын катарына кирет.

Чакан ишкананын жумушчуларынын отчеттук мезгил ичиндеги орточо саны анын бардык жумушчуларын, анын ичинде жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча жана чыныгы иштеген убактысын эске алуу менен башка жерде иштегендигин, ошондой эле аталган юридикалык жактын, өкүлчүлүктөрдүн, филиалдардын жана дагы башка өзгөчөлөнгөн бөлүмчөлөрүнүн жумушчуларын эсепке алуу менен аныкталат.

Эгерде чакан ишкана иштегендердин санын ушул статьяда белгиленгенден ашырып жиберсе, аталган ишкана көрсөтүлгөн ашып кетүүгө жол берилген мезгилге жана андан кийинки алты айга колдонуудагы мыйзамдарда каралган жеңилдиктерден ажыратылат.

(КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоо

Чакан ишкерликтин субъекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген үлгүдөгү арызын берген учурдан тартып каттоодон өтөт жана тиешелүү статус алат.

Каттоочу орган чакан ишкерликтин субъекттерин каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга кошумча шарттарды белгилөөгө укугу жок. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоодон качууга же мамлекеттик каттоодон негизсиз баш тартууга белгиленген тартипте сотко даттануусу мүмкүн, эгерде чечим анын пайдасына чечилсе, доогерге алгачкы төлөнгөн мамлекеттик алым төлөп берилет. Көрсөтүлгөн алым жоопкерден өндүрүлөт.

Каттоочу органдын мыйзамсыз аракеттери сот тарабынан таанылганда соттун чечиминин негизинде аны каттагандан кийин чакан ишкерликтин субъектинин эсебине которулуучу чыгымдарды каттоочу орган төлөп берет.

 

5-статья. Чакан ишканалардын отчет берүү тартиби

Чакан ишканалардын мамлекеттик статистикалык жана бухгалтердик отчеттору салык салуу маселелерин чечүү үчүн гана керектүү маалыматты камтыган отчеттун жол-жобосун жана формасын жөнөкөйлөштүрүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте берилет.

 

6-статья. Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо

Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо төмөндөгүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат:

чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн инфраструктурасын калыптандыруу;

чакан ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттин финансылык, материалдык-техникалык жана маалыматтык ресурстарынан, ошондой эле илимий-техникалык иштеп чыгуулардан жана технологиялардан пайдалануусуна жеңилдетилген шарттарды түзүү;

чакан ишкерликтин субъекттерин каттоонун, алардын иштерин лицензиялоонун, алардын продукцияларын тастыктоонун, мамлекеттик статистикалык жана бухгалтердик отчет берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин белгилөө;

чакан ишкерликтин субъекттеринин тышкы экономикалык иштерин колдоо, анын ичинде алардын чет өлкөлүк чарбакер субъекттер менен соода, илимий-техникалык, өндүрүштүк, маалыматтык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

чакан ишканалар үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ага баш ийген министрликтер жана мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин дагы башка борбордук органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликти мамлекеттик колдоого багытталган саясатты жүргүзгөн учурда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:

чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат;

чакан ишкерликтин абалына жана аны мамлекеттик колдоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүшөт, чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн божомолдорун жана ага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана формалары боюнча сунуштарды даярдашат;

чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурушат, ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукцияларды жөнөтүүгө, жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга катышуусун камсыз кылышат;

чакан ишкерликтин субъекттерине салык салуу боюнча жеңилдиктерди жана башка жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө, ошондой эле чакан ишкерликти колдоо үчүн республикалык бюджеттин жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарын пайдалануу тууралу сунуштарды даярдашат;

чакан ишкерликти колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүшөт;

мамлекеттин катышуусу менен чакан ишкерликти колдоону жүзөгө ашырып жаткан адистештирилген уюмдар менен мекемелердин иштерин координациялап турат.

 

7-статья. Чакан ишкерликти колдоонун мамлекеттик программалары

Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан иштелип чыгуучу Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык аймактык, тармактык (тармактар аралык) чакан ишкерликти колдоо программаларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын республикалык бюджетти сунуш кылар алдында Чакан ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.

Республикалык бюджетте жыл сайын аны ишке ашырууга ассигнованиелерди бөлүү караштырылат.

Чакан ишкерликти мамлекеттик жана аймактык колдоонун программалары төмөндөгү негизги жоболорду өзүнө камтыйт:

чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн республикалык, областтык жана райондук деңгээлдеги инфраструктураларын калыптандыруу боюнча чараларды;

чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын жана чакан ишкерликтин субъекттеринин иштеринин артыкчылыктуу түрлөрүн;

чакан ишкерликтин түрлөрүн өнүктүрүүнү жана негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн көрүлгөн чараларды;

ишкерликке социалдык жактан коргоого алынбай калган калктын катмарларын, анын ичинде майыптарды, аялдарды, жаштарды, запаска (отставкага) чыккан аскер кызматчыларын, жумушсуздарды, камактан чыккан адамдарды тартуу боюнча чараларды;

салык жеңилдиктерин белгилөө жана тийиштүү бюджеттерден жыл сайын чакан ишкерликти колдоого каражаттарды бөлүү боюнча сунуштарды;

чакан ишкерликтин субъекттерине илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштердин натыйжаларын, ошондой эле жаңычыл программаларды берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды;

чакан ишкерликтин субъекттерине курулушу бүтпөй калган жана бош калган объекттерди, ошондой эле пайда алып келбеген жана чыгашалуу ишканаларды жеңилдетилген шарттарда өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды;

чакан ишкерликтин субъекттерине алар ижарага алган кыймылсыз объекттерди аталган объекттерге жумшалган каражаттарды эсепке алуу менен биринчи кезекте сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча чараларды.

Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат жана калкты ишке тартуу, миграция саясатын ишке ашыруу, экология маселелерин чечүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнүн мамлекеттик программаларына тиешелүү болууга тийиш

Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана аймактык программаларын финансы жагынан камсыз кылуу республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Жыл сайын милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджеттен чыгаша бөлүгүндө өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

Аталган программаларды каржылоонун көлөмү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен тийиштүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын сунуштамасы боюнча өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан, ишканалар, мекемелер, уюмдар, коомдук бирикмелер өз алдынча чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгууга жана шпке ашырууга, чакан ишкерликти колдоо фонддорун түзүүгө, ошондой эле аткаруу бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым долбоорлорду жана иш-чараларды чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана аймактык программаларына киргизүү жөнүндөгү сунуштарды кийирүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджеттин долбоорун сунуш кылардын алдында Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерликтин абалы жана өнүгүшү жөнүндө жана аны мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө, республикалык бюджеттен чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо максатында берилген каражаттарын пайдалануу тууралу отчетту кошуп баяндама берет.

 

8-статья. Чакан ишкерликти колдоо фонддору

Чакан ишкерликти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды каржылоо максаттарында бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелерди, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу төлөмдөрүн, баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан түшкөн кирешелерди, ошондой эле чакан ишкерликтин субъекттерине конкурстук негизде бөлүнгөн жеңилдетилген кредиттердин пайыздарынан алынган кирешелерди топтоо аркылуу түзүлгөн коммерциялык эмес уюм чакан ишкерликти колдоо фонду болуп саналат.

Чакан ишкерликти колдоо фонду юридикалык жак болуп саналат.

Чакан ишкерликке колдоо көрсөтүү фонддун ишинин негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:

чакан ишкерликке жана атаандаштыктын өнүгүшүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана чакан ишкерлик жагындагы максаттуу программаларды, долбоорлор менен иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансы ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун негизинде рынок мамилелерин калыптандыруу жагынан көмөк көрсөтүү;

экспертизаны жана конкурстук тандап алууну иштеп чыгууга, өткөрүүгө, ошондой эле чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн республикалык, аймактык, тармактык программаларын, чакан ишкерлик жаатындагы долбоорлорду, экономиканы монополиялаштыруудан ажыратууну, атаандаштыкты өнүктүрүүнү, товарлардын рыногун толтурууну, жаны жумуш орундарын түзүүнү ишке ашырууга катышуу;

чакан ишкерлик жагындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган рынок инфраструктурасын калыптандырууга катышуу;

чакан ишкерликтин структураларынын жаңычылдык иштерин,, продукциянын принципиалдуу жаңы түрлөрүн иштеп чыгууну жана өндүрүүнү стимулдаштырууну колдоо, жаңы технологияларды жана ойлоп табууларды өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү;

атаандаштык чөйрөнү түзүү жана чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;

салык салуу жана мыйзам ченемдерин колдонуу маселелери боюнча консультацияларды уюштуруу.

Чакан ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча фонддордун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

колдонуудагы мыйзамдарга ылайык атаандаштыкты өнүктүрүү жана товарлардын рыногун толтуруу максатында монополиялаштыруудан ажыратуу, өндүрүштү кайрадан профилдештирүү программаларын жүзөгө ашырган учурда төлөп берүүчү жана төлөнбөй турган негизде финансылык жардамдарды берүү;

чакан ишкерликтин субъектинин милдеттенмелери боюнча күрөө берүүчүнүн, кепилдин, кепил болуучунун иш-милдеттерин аткаруу;

рынок инфраструктурасынын өнүгүшүн камсыз кылуучу чарбакер субъекттерди түзүүгө жана алардын иштешине, чакан ишкерликти жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө, керектөө экспертизасынын системаларына жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоого колдоо көрсөтүүгө, адистештирилген консультациялык уюмдар менен маалымат системаларына үлүштүк катышуу;

чакан ишканалар үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жаңы экономикалык структураларды колдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо;

илим изилдөөлөрдү, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, кеңешмелерди, анын ичинде аталган фонддордун иштери менен байланышкан эл аралык иш-чараларды да каржылоо;

ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарын тартууга жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде конкурстарды, аукциондорду, көргөзмөлөрдү өткөрүү, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо;

чакан ишкерликтин субъекттери үчүн кызыкчылык туудурган укуктук, патенттак-лицензиялык жана башка маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, ички рыноктун конъюнктураларын изилдөө, чакан ишкерлик жагындагы программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууда консультациялык жана уюштуруу-методикалык жактан жардамдарды берүү;

белгиленген тартипте тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу, чакан ишкерлик жагындагы эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу.

Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоону финансылык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт республикалык бюджеттин каражаттарынан;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу ченемде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардан;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду берген кредиттерден жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардан;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондуна жөнөтүлүүчү чакан ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк инвесторлордон келип түшкөн кредиттерден, гранттардан жана башкалардан;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун чарбалык иштеринен түшкөн кирешелерден;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чегерүүлөрдөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын тапшырыкчысы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун чакан ишкерликти колдоонун аймактык жана башка фонддорунун ортосундагы өз ара аракеттери катышуучулардын теңчилдигинин, өз ара экономикалык таламдарынын жана жоопкерчиликтеринин принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун, чакан ишкерликти колдоонун аймактык жана башка фонддорунун иштеринен түшкөн кирешелер алардын карамагында калат ушул Мыйзамда каралган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунан жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддорунан каражаттарды бөлүү жана бул каражаттардын эсебинен чакан ишкерликтин субъекттерине кепилдиктерди берүү тартиби, чакан ишкерлик жагындагы программалардын, долбоордун жана иш-чаралардын техника-экономикалык негиздемелери болгондо аталган фонддор тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддору чакан ишкерликтин субъекттерине банк иштерине лицензиясыз эле чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген кредиттерди, үстөк пайызсыз ссудаларды, кыска мөөнөттүү карыздарды берүүгө укуктуу.

Чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддорунун милдеттери жана иш-милдеттери тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ушундай фонддорду түзүүгө ыйгарым укуктуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү алардын жоболорунда аныкталат.

Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондуна жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддоруна тиешелүү бюджеттерден каражаттарды чегерүүнүн жана аталган каражаттарды пайдаланууга контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тийиштүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерине салык салуу

Чакан ишкерликтин субъекттерине салык салуу, салык төлөөдөн бошотуу, аларды төлөөнү кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Тездетилген амортизация

Чакан ишкерликтин субъекттери тийиштүү негизги өндүрүштүк фонддор үчүн белгиленгенден эки эсе ашык ченемдерди өндүрүшкө кеткен чыгымдарга чегерүү менен негизги өндүрүштүк фонддордун тездетилген амортизациясын колдонууга укуктуу.

Чакан ишкерликтин субъекттери тездетилген амортизация механизмин колдонуу менен бирге амортизациялык чегеримдер катары иштөө мөөнөтү үч жылдан ашкан негизги фонддордун алгачкы наркынын 50 пайызга чейинкисин эсептен кошумча чыгара алышат.

Чакан ишкана каттоодон өткөн учурдан тартып бир жылга жетпеген мөөнөттө өз ишин токтоткон учурда кошумча чегерилген амортизациянын суммасы аталган чакан ишкананын балансылык кирешелеринин көбөйүшүнүн эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.

 

11-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү

Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүү тиешелүү айырманы кредиттик уюмдардын чакан ишкерликти колдоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен компенсациялоо менен жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүүнү жүзөгө ашырган кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат.

Чакан ишкерликти колдоо фонддору кредиттик уюмдардын чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берген учурда алардын алынбай калган кирешелерин толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу.

Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары кредиттик уюм менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

 

12-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору

Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору аталган коомдун катышуучуларынын убактылуу бош турган каражаттарын аларга финансылык жардам көрсөтүү максатында чогултуу үчүн түзүлөт.

Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору:

өзүнүн резервдерин башкарууну банкка - депозитарийге же башка кредиттик уюмдарга тапшыра алышат;

аталган коомдордун катышуучуларынын аманаттарынын (акыларынын) көлөмүн, мезгилдүүлүгүн жана салуу тартибин, ошондой эле аларга финансылык жардам көрсөтүүнүн жеткен чектерин, мөөнөттөрүн жана шарттарын аныктай алышат;

аталган коомдордун катышуучулары болбогон жеке жана юридикалык жактарга акча каражаттарын берүүгө укугу жок.

 

13-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандыруу

Чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандыруу жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат, мында чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу уюмдары колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат.

Чакан ишкерликти колдоо фонддору камсыздандыруу уюмдарына чакан ишкерликтин субъекттерин жеңилдетилген шарттарда камсыздандырган учурда алардын толук алалбай калган кирешелерин толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу.

Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары камсыздандыруу уюму менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

 

14-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө катышуусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукциялардын жана товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүн өндүрүүгө жана жөнөтүүгө чакан ишкерликтин субъекттери үчүн тапшырыктардын белгилүү үлүштөрүн резервдөөнү, стимулдаштыруучу гранттарды берүүнү алдынала караштырат.

Мамлекеттик тапшырык берүүчүлөр тапшырыктарды түзгөндө жана жайгаштырганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин муктаждыктары үчүн түрлөрү боюнча артыкчылык берилген продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга жана жөнөтүүгө мамлекеттик контракттарды түзгөн учурда чакан ишкерликтин субъекттеринин ортосунда өндүрүлө турган продукциянын аталган жөнөтүүсүнө конкурстардын негизинде анын бул түрүнө болгон мамлекеттин муктаждыгы үчүн жалпы көлөмдүн кеминде 20 пайызын чакан ишкерликтин субъекттерине жайгаштырууга милдеттүү.

 

15-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин тышкы экономикалык иштерин колдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чакан ишкерликтин субъекттеринин экспорттук-импорттук операцияларга катышуусун кеңейтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, ошондой эле бул субъекттердин тышкы экономикалык иштер жагындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, алардын эларалык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуусуна көмөктөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Тышкы экономикалык иштерди колдоо менен байланышкан чыгымдардын көлөмдөрү, компенсациялоонун тартиби жана шарттары чакан ишкерликтин субъекттеринин жана чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

 

16-статья. Маалымат чөйрөсүндө чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери алардын натыйжалуу өнүгүшүнө керек болгон экономикалык, укуктук жана башка маалыматтарды алуу максатында жана алардын ортосунда аталган маалымат менен алмашуу максатында тиешелүү маалыматтык инфраструктураны түзүү боюнча чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

Чакан ишкерликтин субъекттерин маалыматтык тейлөө колдонуудагы мыйзамдарда каралган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине маалыматтык кызмат көрсөтүүчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат.

Чакан ишкерликти колдоо фонддору чакан ишкерликтин субъекттеринин аларды маалыматтык тейлөө менен байланышкан чыгымдарын толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу.

Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары чакан ишкерликтин субъекти менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

 

17-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттерин заманбап жабдуулар жана технологиялар менен камсыз кылууга, чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо максатында түзүлүүчү сервистик тейлөө түйүндөрүн, өндүрүштүк-технологиялык борборлорду жана инфраструктуранын дагы башка объекттерин түзүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери үчүн адистештирилген жабдууларды жана продукциянын башка түрлөрүн өндүрүү жана жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу боюнча чакан ишкерликтин субъекттеринин продукцияларынын адистештирилген дүң базарларын, жарманкелерин, анын ичинде имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана өндүрүштүк кызматтык жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктү берүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу ишкана, мекеме жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат.

(КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жагынан чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерлик үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасынын өнүгүшүн камсыз кылышат.

Чакан ишкерлик үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу мекемелер жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат.

 

19-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтери (ассоциациялары)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн алда канча ыңгайлуу шарттарын, ак ниеттүү атаандаштыкты, чакан ишкерликтин субъекттеринин жоопкерчилигин жана компетенциясын жогорулатууну, алардын кызыкчылыктарын бийликтин мамлекеттик органдарында жамааттык коргоону камсыз кылуу максатында коомдук бирикмелер катары белгиленген тартипте түзүлүүчү чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтерин (ассоциацияларын) уюштурууга жана алардын иштешин камсыз кылууга колдоо көрсөтүшөт.

Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин мамлекеттик колдоо аталган бирликтердин (ассоциациялардын) жана алар тарабынан түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерине көмөктөшүү аларды имарат жайлар жана байланыш каражаттары менен жеңилдетилген шарттарда камсыз кылуу жолу менен, ошондой эле уюштуруу жана эл катышкан иш-чараларды өткөрүү, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) өкүлдөрүн мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программаларын даярдоого тартуу, чакан ишкерликтин идеяларын кеңири жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн берүү менен жүзөгө ашырылат.

Чакан ишкерликке мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы ишкерлердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн ичинен чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин координациялоо максатында чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлүшү мүмкүн, алардын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

 

20-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин коммерциялык эмес бирикмелери

Чакан ишкерликтин субъекттеринин иштеши жана өнүгүшү менен байланышкан биргелешкен милдеттерди чечүү максатында чакан ишкерликтин субъекттери коммерциялык эмес бирикмелерди түзө алышат, алар өндүрүштүк жана өздөрүнүн гана уставдык милдеттерин ишке ашыруучу дагы башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

 

21-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2007-жылдын 12-июнунда № 42 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал расмий жарыяланган учурдан тартып алты айдын ичинде:

белгиленген тартипте мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К.Бакиев