Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2007-жылдын 25-июну № 90

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                     өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
 
     2007-жылдын 15-майында              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган
     1-статья.

     "Аскер кызматкерлерин  пенсия  менен  камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1993-ж.,  №  8, 179-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизил-
син:
     32-статьянын 3-бөлүгүндөгү  "а)"  пунктчасында  "же  16 жашка толо
элек" деген  сөздөр "же 18 жашка толо элек" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын, "жалпы орто (толук) жана башталгыч кесиптик билим берүү мекеме-
лери менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин студен-
ттери бул окуу жайларын аяктаганга чейин, бирок 21 жаш куракка жеткенге
чейин эсептелет"  деген сөздөр "күндүзгү окуу формасы боюнча окуган би-
лим берүү  уюмдарынын  окуучулары окуу мөөнөтүн аяктаганга чейин, бирок
23 жаштан ашпаган курак эсептелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

     2-статья.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев