Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a854b371-4f00-4962-9584-9b8e924bde1f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 31-июлу № 116

Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Мыйзамдын Преамбуласы 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 КР Мыйзамы менен ылайык күчүн жоготту деп таанылган)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Салттуу билимдерди коргоонун укуктук тартиби

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди коргоонун укуктук тартибин белгилейт.

Бул Мыйзам фольклордун жана прикладдык көркөм өнөрдүн объектилерине карата колдонулбайт.

Генетикалык ресурстарды пайдалануу жаатындагы укуктук мамилелер жана Кыргыз Республикасынын генетикалык ресурстарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

1-1-статья. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

Ушул Мыйзам салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары - салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдерди бекемдейт.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

салттуу билимдер - убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар;

салттуу билимдердин ээлери - салттуу билимдерге ээ болушкан, уюштуруучу укуктук формасы жана менчигинин түрү ар кандай жергиликтүү шериктештиктер, жеке жана юридикалык жактар;

жергиликтүү шериктештик - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын  жарандарынын жыйындысы;

генетикалык ресурстар - ал өзүнө салттуу билимдердин ээлери ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү иш натыйжаларын алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, жердеги жана сууда жана башка жакта болуучу бүткүл жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтыйт.

фонд - ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү болбогон уюм.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-глава
 Салттуу билимдерди мамлекеттик жөнгө салуу

 

3-статья. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана милдеттери

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары салттуу билимдерди укуктук коргоо, сактоо жана адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында кеңири колдонууга, салттуу билимдерди, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүндө генетикалык ресурстарда негизделгендерди пайдаланууга көмөктөшүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн объектилерди андан ары коммерциялаштыруу болуп саналат.

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуу буларды камтыйт:

1) салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемдүү эмес патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдерди маалымат базаларына киргизүү аркылуу алдын-ала механизмди түзүү;

2) салттуу билимдерди жергиликтүү шериктештиктин пайдалануусунан алынган пайданы акыйкат бөлүштүрүү;

3) салттуу билимдерди пайдалануудан жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган каражаттан жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү үчүн фондуну түзүү;

4) (КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) салттуу билимдер жана иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүнө карата болгон генетикалык ресурстар боюнча илимий изилдөөлөрдү өткөрүү, анын ичинде:

- айлана-чөйрөнү коргоого олуттуу салым киргизе ала турган генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдердин тармагында изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө;

- генетикалык ресурстарды пайдалануунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди инвентаризациялоо максатында изилдөө иштерин өткөрүү;

- жалпыга белгилүү жана кеңири колдонулуучу салттуу билимдерди белгилөө.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-глава
 Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери

 

5-статья. Укуктук мамилелердин субъектилери

Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери болуп мамлекет, жергиликтүү шериктештиктер, ар кандай уюштуруу-укуктук формаларынан жана менчик формаларынан көз карандысыз жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар эсептелишет.

6-статья. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү

Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктары белгилүү жердеги салттуу билимдердин ээлери түзгөн жеке жана/же юридикалык жактардын коомдук уюмунун уставынын жана мамлекеттик каттоонун негизинде иштеген ушундай коомдук уюм тарабынан өкүлдөнүшү мүмкүн.

Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарына жеке жана юридикалык жактардын өздөрү, ошондой эле алар тарабынан аныкталуучу өкүлдөр да өкүлчүлүк кылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн ушул Мыйзамга ылайык өздөрүнүн расмий өкүлдөрү аркылуу ишке ашырууга укуктуу.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого таандык болгон башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава
 Салттуу билимдер тармагын коргоого берүү

 

7-статья. Салттуу билимдерди укуктук коргоо

Адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулат.

Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле курчап турган чөйрөгө чыныгы же кыйыр түрдө залал келтире турган салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулбайт.

Салттуу билимдерди укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоонун же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө киришинин негизинде келип чыгат.

Салттуу билимдер салттуу билимдердин ээлери болуп эсептелишкендердин менчик формасына карабастан, бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди коргоо максатында, аларды маалымат базасына киргизүү, салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөр мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди каттоо мөөнөтсүз.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөө

Кыргыз Республикасында салттуу билимдер болуп саналган объектилерди патенттөөгө жол берилбейт.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөөдө өтүнүүчү өтүнмөнүн материалдарында прототип же оригинал катары пайдаланылган салттуу билимдердин келип чыгышын милдеттүү түрдө көрсөтүшү керек. Өтүнүүчү жалпыга маалымат үчүн салттуу билимдер өздөштүрүп алынган булактарды көрсөтүшү керек.

Салттуу билим катталган күбөлүктүн ээси, салттуу билимди пайдалануу менен жараткан ойлоп табууга патент ээсинен сыйакы (эмгек акы) алууга укуктуу.

Ойлоп табууну жаратуу максатында салттуу билимди пайдалануу үчүн сыйакы (эмгек акы) төлөөнүн тартиби салттуу билимдерге күбөлүктүн ээси менен ойлоп табуунун патент ээсинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

Мында макулдашуу салттуу билимдерди пайдалануу үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна милдеттүү түрдө төлөмдөрдү чегерүүнү караштырат.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемсиз патенттөөдөн алдын алуу үчүн патент берилүүчү объектилерге экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылуучу салттуу билимдер боюнча маалымат базасы түзүлөт.

Маалымат базасын калыптандыруу жалпыбызга жеткиликтүү болгон катталган салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын жана салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын негизинде ишке ашырылат.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-глава
 Салттуу билимдерди каттоо

 

9-статья. Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же мурда катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө

Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) өтүнүүчүнүн өзү же анын кызыкчылыгын билдирген, өз ишмердүүлүгүн мыйзам менен белгиленген тартипте өтүнүүчү берген ишеним каттын негизинде ишке ашырган өкүлү (өкүлдөрү) аркылуу берилет.

Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Өтүнмөдө булар болушу керек:

1) өтүнүүчүнү, ошондой эле анын турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү менен салттуу билимди каттоо жөнүндө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыз;

2) билдирилген салттуу билимдердин так жана толук баяндоосу, аны менен кошо:

- салттуу билимдин жаралган жери (географиялык объектинин чек аралары),

- салттуу билимдер менен байланышта пайдаланылуучу генетикалык ресурстун баяндоосу;

- пайдаланылуучу тармактар жана жетишилген өз натыйжалар;

- өтүнмө берилген салттуу билимдердин каттоо жөнүндө, мурда басылып чыккан жарыялоолор жөнүндө маалыматтар өтүнмөгө булар тиркелиши керек:

1) Салттуу билимди иш жүзүндө пайдаланууга жарактуулугун, ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө аны пайдаланган учурда өз жыйынтыгын ырастаган компетенттүү органдын берген расмий документи;

2) өтүнүүчү жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү экендиги же салттуу билим ага таандык болуп саналган географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу.

Салттуу билимди каттоого өтүнмө мамлекеттик орган тарабынан берилген учурда аталган корутунду талап кылынбайт.

3) Чет өлкөлүк өтүнүүчү үчүн салттуу билим жаралган өлкөдө анын укугун ырастоочу документ.

Өтүнмөнүн документтерине карата коюлган талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Өтүнмөнү карап чыгуу

Өтүнмөнү карап чыгуу ал ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып үч айдын ичинде жүргүзүлөт өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө зарыл документтердин топтому, аларды жол-жоболоштуруунун тууралыгы текшерилет, каттоого билдирилген салттуу билимдин ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарга ылайык келиши каралып чыгат.

Өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча салттуу билимди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат

Өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган шарттарды аткарбоо негиз болуп эсептелет.

11-статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү

Салттуу билимдерди каттоо жана маалыматтарды киргизүү алым төлөнгөн шартта оң чечимдин негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) салттуу билимдерди колдонуу укугун каттоо же берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби жана анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча Реестрге киргизилген салттуу билимдерди каттоого таандык болгон маалыматтар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жарым-жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер купуялуулук режиминде сакталат.

Алым өтүнмө ээси салттуу билимди каттоо жана/же аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айдын ичинде төлөнөт.

Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк белгиленген тартипте берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Күбөлүк берүү расмий бюллетенде жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Салттуу билимди пайдаланууга укук берилген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү

Күбөлүк өтүнмө берилген датадан тартып он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көбөлүк ээсинин арызы боюнча белгиленген алым төлөө шарты менен узартылышы мүмкүн.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз күбөлүктүн жарактуулугун акыркы жылынын ичинде берилет.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү ар бир жолу он жылга узартылат.

Күбөлүк ээсинин расмий өтүнүчү боюнча күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча алым төлөө шарты менен кошумча түрдө алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө жазуу Реестрге жана күбөлүккө киргизилет.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Реестрге жана күбөлүккө өзгөртүү киргизүү

Күбөлүк ээси ыйгарым укуктуу органга салттуу билимдин каттоосуна жана аны пайдалануу укугун алгандыгына тийиштүү өзүнүн аталышы, фамилиясы, аты же атасынын аты, ошондой эле каттоого жана салттуу билимди пайдалануу укугу берилишине тиешеси бар башка өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.

Өзгөртүү жөнүндө жазуулар Реестр менен күбөлүккө алым төлөө шарты менен киргизилет.

Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн эмес кетирилген талашсыз жана техникалык каталарга оңдоо салттуу билимдин катталгандыгы жөнүндө же аны пайдалануу укугу жөнүндө Реестр менен күбөлүккө алым төлөнбөстөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилет.

14-статья. Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим

Салттуу билимдин ээси болбогон жакка ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталган салттуу билимдин пайдалануу укугу аны менен салттуу билимдин ээсинин ортосунда келишим түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн.

Келишим боюнча салттуу билимдин ээси экинчи жакка салттуу билимди пайдалануу укугун келишимде макулдашылган көлөмдө, мөөнөттө, аймакта жана төлөө тартибинде берет. Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Келишим белгиленген алымды төлөөнү жүзөгө ашыруу шартында катталууга жатат.

Келишимде салттуу билимди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондусуна төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө жобо милдеттүү түрдө каралышы керек.

Мында келишимде каралган салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна төлөмдөрдү чегерүү жыйырма пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш.

 (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

15-статья. Алымдар

Салттуу билимди каттоо же пайдалануу укугун берүү менен байланышкан юридикалык маанилүү аракеттерди жасаганы үчүн алымдар төлөнөт.

Аларды жасаганы үчүн алымдар алынган аракеттердин тизмеги, алардын өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн азайтуунун жана кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Алымдар өтүнмө ээси, күбөлүктүн ээси же алар менен макулдашуу боюнча кандай гана болбосун жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Фондулар

Салттуу билимдердин ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын салттуу билимдерин сактоо жана жергиликтүү шериктештиктин аларды пайдалануудан түшкөн пайданы акыйкат бөлүштүрүү максатында Жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү фондусу түзүлөт.

(Бөлүк КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Фондду каржылоонун булактары болуп келишимдер боюнча салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чегерүүлөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган дагы башка булактар саналат.

 (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

17-статья. Салттуу билимдерди пайдалануу

Салттуу билимдерди жана аларды камтыган жана алардын негизинде түзүлгөн объектилерди пайдалануу деп аларды даярдоо, колдонуу, ташып келүү, таратуу, сатууга сунуштоо, сатуу жана чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат.

Салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануу деп салттуу билимдердин ээлери менен келишим түзбөстөн коммерциялык максат менен өндүрүштө пайдалануу таанылат.

Салттуу билимдер булактарын көрсөтүү менен билим берүү жана илимий-изилдөө максаттарында, ошондой эле дээрлик жеке максаттарда пайдаланыла турган болсо аны салттуу билимдердин ээсинен макулдук албастан пайдаланууга жол берилет.

Катталган салттуу билимдерди күбөлүк ээлери пайдаланбаган же жетишсиз пайдаланган учурда, күбөлүк берилген күндөн тартып, үч жылдын ичинде корголгон салттуу билимдерди пайдаланууну каалаган кайсы жак болбосун, эгер ушул жак менен түзүлгөн практикага ылайык шарттарда салттуу билимдерди пайдаланууга күбөлүктүн ээси келишим түзүүдөн баш тартса, салттуу билимдерди пайдаланууга ага уруксат берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Эгер күбөлүк ээси салттуу билимдерди пайдаланбагандыгы же жетишсиз пайдалангандыгы жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын аныктап бере албаган учурда, сот пайдалануунун ченемдерин, өлчөмүн, мөөнөтүн жана төлөмдөрдүн тартибин белгилөө менен уруксат берет.

Салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү практикада түзүлгөнгө ылайык белгилениши керек.

Өзгөчө кырдаалдарда (күтүлбөгөн кырсыктар, катастрофалар, ири авариялар), ошондой эле улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күбөлүк ээсине өлчөмдөш компенсация төлөө менен салттуу билимдерди пайдаланууга уруксат берүүгө укугу бар; мында салттуу билимдерди пайдалануунун көлөмү жана пайдалануунун узактыгы аларга уруксат берилген максаттар менен чектелет. Ушундай пайдалануудан келип чыккан талаш-тартыштар сот аркылуу чечилет.

18-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаштарды карап чыгуу

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

19-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев