Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2007-жылдын 31-июлу № 117

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине
                       өзгөртүү киргизүү жөнүндө

     2007-жылдын 26-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган
     1-статья.

     Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору,  1998-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
     165-статья. төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "165-статья. Банкроттук (кудуретсиздик) учурунда эмгек акы төлөө

     Уюм кудуретсиз деп жарыяланган учурда кызматкерлердин эмгек акысын
төлөө боюнча талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.".

     2-статья.

     Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев