Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 148 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\5a318449-47a8-4204-9e35-edd4aae7eed1\document.files\image001.jpg

2007-жылдын 10-августу № 147

Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө

Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жагындагы коомдук мамилелерин жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын репродуктивдик ден соолугун сактоого карата кызыгуусун жана жоопкерчилик менен мамиле кылуусун күчөтүүгө багытталган.

1-глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

көмөкчү репродуктивдик технологиялар - адамдын репродуктивдик иш-аракеттерин (функциясын) оңдоп-түзөөгө багытталган медициналык иш чаралардын комплекси;

имплантация - уруктандырылган ургаачынын клеткаларын жатындын көңдөйүнө салуу;

инсеминация - эркектердин жыныстык клеткаларын жатындын көңдөйүнө жасалма жол менен салуу;

контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу методдору жана каражаттары;

жасалма жол менен уруктандыруу - тукумсуздукту дарылоо методдору, мында бойго бүтүү жана эмбриондун алгачкы өнүгүшүнүн айрым же бардык этаптары организмден тышкары жүзөгө ашырылат.

пациент - саламаттык сактоо уюмдарында же тиешелүү медициналык документация менен жол-жоболоштурулган өзалдынча иш алып барган медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөн адам;

үй-бүлөнү пландаштыруу - белгилүү бир сандагы балалуу болууну жана тарбиялап өстүрүүнү, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты сактоону, ошондой эле жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоону жарандардын аң-сезимдүү тандап алуусуна багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чараларынын системасы;

репродукция - тукум улоо;

репродуктивдик ден соолук - алты саны аман, акыл-эси жайында жана анын тукум улоо жөндөмдүүлүгүн аныктай турган жана бакубат турмушта жашаган адам;

репродуктивдик укуктар - жарандардын тукум улоо, алардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана никеде турган же никеден тышкары балдардын төрөлүшүнө, же балдардын төрөлүшүнөн баш тартууга карата чечимдерди эркин кабыл алуу, ошондой эле бул чөйрөдөгү медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алуу укуктары;

карын эне - анын жатынынын көңдөйүнө донордук эмбрион салынган, донордук эмбриондун түйүлдүгүн көтөрүп жүргөн аял;

хирургиялык стерилдештирүү - хирургиялык кийлигишүү, анын натыйжасында адам тукум калтыруу жөндөмдүүлүгүнөн ажырайт.

2-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасындагы дагы башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эларалык келишимдерден турат.

3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жана иштери жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.

2-глава
 Жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашырууну уюштуруунун негиздери

 

4-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат

Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө багытталган:

- үй-бүлө институтун ар тараптан чыңдоого;

- балдардын төрөлүшү үчүн ата-энелерде жоопкерчилик сезимин тарбиялоо жолу менен ден соолугу таза, эңсеген балдардын төрөлүшүнө жарандардын аң-сезимдүү мамиле кылуусун калыптандырууга;

- жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

- үй-бүлөлүк милдеттерди тандап алууда жана ишке ашырууда ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин камсыз кылган жана артыкчылыктарын, улуттук жакшы каада-салттарды сактаган гендердик өнүгүүнү кеңири киргизүүгө жана жигердүү жайылтууга.

Кыргыз Республикасында жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:

- репродуктивдик укуктарын ишке ашырган учурдагы адам укуктарынын сакталышынын артыкчылыгы;

- репродуктивдик көйгөйлөрдү чечкен учурдагы гумандуулук, сый мамиле жасоо, маалыматтын купуялуулугу;

- репродуктивдик саламаттык сактоону уюштуруунун бардык баскычтарындагы медициналык - санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;

- мамлекеттик программалардын Кыргызстандагы демографиялык өнүгүүнү жакшыртууга багыт алышы болуп саналат.

5-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктер

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекет төмөндөгүдөй кепилдиктерди берет:

- Кыргыз Республикасынын демографиялык жактан өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууга, кабыл алууга жана каржылоого;

- жарандардын репродуктивдик саламаттык сактоо стандарттарын иштеп чыгууга жана аткарууга;

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, алардын репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап методдор менен технологияларды киргизүүгө;

- репродуктивдик саламаттык сактоо жагынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө;

- мамлекеттик программалардын чегинде юридикалык, социалдык, маалымат-методикалык жактан колдоо көрсөтүүлөрдү камсыз кылууга;

- репродуктивдик ден соолукту сактоо жагынан менчиктин бардык түрүндөгү кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн акниет атаандаштыктын бирдей шарттарын түзүүгө;

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууну көзөмөлдөөнү жана координациялоону жүзөгө ашырууга;

- репродуктивдик саламаттык сактоо боюнча кепилдик берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүүгө.

6-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу жагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын репродуктивдик укуктары жагынан:

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы мамлекеттик жалпы саясаттын негизги багыттарын аныктайт;

- жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана кабыл алат;

- жарандардын репродуктивдик укуктары жагындагы мамлекеттик органдардын ишине көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

- репродуктивдик саламаттык сактоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча мамлекет тарабынан кепилдик берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитет.

7-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

- репродуктивдик укуктарды коргоо жагынан мамлекеттик жалпы саясатты жүргүзөт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын репродуктивдик саламаттыгын сактоо маселелери боюнча ченемдик-укуктук актыларды чыгарат;

- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;

- жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү чаралары аныктайт;

- репродуктивдик ден соолук жагындагы маалыматтык жана агартуучулук ишти камсыз кылат;

- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле медициналык практикага лицензиясы бар жеке жактардын калкка көрсөткөн медициналык кызматтарынын сапатына жана ачыктыгына контролду жүзөгө ашырат;

- жарандарга химиялык стерилдештирүүнү, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну, донорлукту жасоонун жана жыныстык клеткаларын сактоонун, көмөкчү репродуктивдик методдор менен технологияларды колдонуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.

8-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктары жагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

Жергиликтүү мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жагындагы аймактык программаларды иштеп чыгышат, бекитишет жана каржылашат;

- жыл сайын бюджетте жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого жумшалуучу акчалай каражаттарды караштырышат;

- жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жагындагы мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоонун, өкмөттүк эмес уюмдардын жүзөгө ашырган иштерин координациялайт жана контролдойт;

- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү аркылуу жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы үчүн шарттарды камсыз кылышат.

3-глава
 Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери

 

9-статья. Репродуктивдик тандап алууга болгон укук

Жарандар никеде турганда же никеден тышкары канча балалуу болушу жана алардын качан төрөлүшү жана эне менен баланын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон төрөттөрдүн ортосундагы аралыктар жагында эркин жана жоопкерчилик менен чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Мамлекет жарандардын репродуктивдик эркин тандап алуу укугун ишке ашыруусуна кийлигишпөө кепилдигин берет.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү.

Жарандар өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырышы менен байланышкан органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын жасаган аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн репродуктивдүү укуктарын коргоого укуктуу.

10-статья. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо

Жарандар жынысына жана жаш курагына карабастан репродуктивдик ден соолугун пайдалануунун бардык түрлөрүнөн, атап айтканда, сексти пайдалануудан, сойкулуктан жана күчкө салуу коркунучунан коргонууга укуктуу.

Жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук жана ээн-эркин билдирген макулдугусуз репродуктивдик ден соолук менен байланышкан медициналык эксперименттерге кириптер болууга тийиш эмес. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолук менен байланышкан медициналык эксперименттерге катышуусуна балдардын жана өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн, ата-энелеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен гана жол берилет.

Улуттук каада-салттар, үрп-адаттар жана башка психологиялык факторлор жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо, репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча тийиштүү кызматтарга кайрылуу укугун чектөөгө тийиш эмес.

11-статья. Репродуктивдик ден соолукту сактоо боюнча маалыматтарды алуу укугу

Жарандар:

- өзүнүн репродуктивдик ден соолугунун абалы жана сакталышы жөнүндө;

- контрацепция методдору жөнүндө;

- репродуктивдик ден соолукту сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу шарттары жана методдору жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматтарды алууга укуктуу.

12-статья. Репродуктивдик ден соолукту сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугу

Жарандарга репродуктивдик ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле медициналык практикага лицензиясы бар жеке адамдар тарабынан көрсөтүлөт.

Репродуктивдик ден соолукту сактоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кепилденген кызмат көрсөтүүлөр саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык жактан коргоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык көрсөтүлөт.

13-статья. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик укуктарды сактоо жагындагы укуктары

Балдар менен өспүрүмдөр өздөрүнүн репродуктивдик ден соолугун сактоо, ошондой эле жыныстык жана репродуктивдик саламаттык, үй-бүлөлүк жашоо-тиричилигине даярдоо чөйрөсүндө билим алууга жана тарбияланууга укуктуу.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жыныстык жана репродуктивдик ден соолугу жагындагы билим деңгээлин жогорулатууга ата-энелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары жооптуу. Окутуу өспүрүмдөрдүн керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана билим берүү органдары тарабынан бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат.

Медициналык жактан ар кандай кийлигишүү өспүрүмдөрдүн жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өз ара макулдугу менен жашыруун сырды сактаганда жана балдар менен өспүрүмдөргө боорукер мамиле жасаганда жүзөгө ашырылат.

Балдарга жана өспүрүмдөргө репродуктивдик ден соолугун сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акысыз көрсөтүлөт.

14-статья. Эне болуу укугу

Аял эне болууга, кош бойлуу мезгилинде ден соолугун сактоого, төрөгөн учурда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугу, түйүлдүктүн жана көз жарган ымыркайдын ден соолугу үчүн тобокелчиликти азайтуучу методдорду колдонуу менен медициналык жардам алууга укуктуу.

Кош бойлуу кезиндеги медициналык ар кандай кийлигишүү жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Кош бойлуу аялдын өмүрү үчүн коркунучтуу жагдайларда чечим медициналык мекеменин тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат.

Аялдын кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурлануусу мүмкүн эмес. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек.

Аялдарды буларга мажбур кылышкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

15-статья. Тукумсуздуктан дарылануу укугу

Жарандар тукумсуздуктан коопсуз жана натыйжалуу методдор, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды пайдалануу менен дарыланууга укуктуу. Пациенттер алып жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугу жана натыйжалуулугу, колдонуунун алгылыктуу мөөнөттөрү, мүмкүн болгон өтүшүп кетүүлөр, медициналык жана укуктук кесепеттери тууралу бардык жана толук кабарларды жана алардын организмге тийгизе турган таасирине тиешелүү дагы башка маалыматтарды алуулары тийиш.

Катталган никеде турушкан жарандар өз ара макулдашуу менен гана репродуктивдик көмөкчү методдорду жана технологияларды пайдаланууга укуктуу.

Репродуктивдик көмөкчү методдор менен технологияларды пайдаланууга макулдук беришкен жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болочок балага карата аны тарбиялоо жана багуу боюнча ата-энелердин бирдей укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.

Көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонуу менен тукумсуздукту дарылоо мындай медициналык практикага лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.

16-статья. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу укугу

Мөөнөтү 12 жумадан ашпаган кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу (бойдон алдыруу) операциясы аялдын каалоосу боюнча жасалат. Социалдык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу кош бойлуулук 22 жумага чейинки мөөнөттө жубайлардын экөөсүнүн же никеде турбаган аялдын макулдугу менен, ал эми медициналык көрсөткүчтөр боюнча - кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабастан жүргүзүлө берет.

Саламаттык сактоо уюмдары кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу тууралу же медициналык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулукту токтотуудан баш тартуу тууралу чечим кабыл алган аялга анын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө айтууга милдеттүү.

Жашы жетелектердин кош бойлуулугун жасалма жол менен токтотуу жашы жетелектердин өз ара, ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык иштин мындай түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотконго чейин жана андан кийин аялдарга милдеттүү түрдөгү медициналык-социалдык консультациялар берилүү менен кийинчерээк каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу каражаттарын тандоо жүргүзүлөт.

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну жүргүзүүнүн шарттары менен тартиби жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ал эми социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуунун белгиленген тартибин бузуу мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.

17-статья. Контрацепцияны пайдалануу укугу

Жарандар зарыл болгон учурда контрацепция методдорун, аларды пайдаланууну, ошондой эле алардан баш тартууну тандап алууга укуктуу.

Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу методдорун жекече тандоо боюнча медициналык-социалдык жардамдар жаман нерсеге алып келүүчү кесепеттер жөнүндө эскертүү менен ден соолугунун абалын, жаш курагын жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр болгон учурда жарандар колдонулуп жаткан программанын алкагындагы каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу каражаттарын ала алышат.

18-статья. Карын эне методун пайдалануу

Зарыл болгон учурда жарандар карын эне методун пайдалануу менен ата-эне болуу укугуна ээ болушат.

Карын эне методун пайдалануу нотариуста күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана болушу мүмкүн. Эгерде карын эне никеде турса келишим түзүүгө жубайынын макулдугу керек болот. Келишим жубайлардын ортосунда же алардын таламдарын билдирген өкүлдөр менен түйүлдүктү көтөрүү жана бала төрөө максатында эмбрионду имплантациялоого макулдук берген аялдын (карын эненин) ортосунда, баланын төрөлүү мөөнөтүнө карабастан түзүлөт.

Жашы 20дан 35ке чейинки, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу таза, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн аял карын эне боло алат.

Карын эне жаңыдан гана боюна бүткөндө (12 жумага чейин) медициналык көзөмөлдө турууга, үзгүлтүксүз көрүнүп турууга жана врачтын сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма кам көрүүгө, тамеки чегүүдөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алкогол ичимдиктерин кабыл алуудан баш тартууга, жубайлардан бөлөк жашаган учурда кош бойлуулуктун өтүшү жөнүндө аларга айтып турууга милдеттүү.

Эмбрионду карын энеге имплантациялоого макулдук берген жубайлар келишимге ылайык кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды көтөрүшөт.

Өз ара никеде турушкан жана боюна көтөрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзгөн адамдар, бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энелери болуп жазылышат.

Карын эне менен келишим түзгөн жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу китебине аны өздөрүнүн атына каттаткан учурга чейин баладан баш тартууга акылары жок.

Жубайлардын ата-эне катары жазылуудан баш тартуусу карын эне тарабынан ал баланы кабыл алууга макулдугун берген учурда гана болушу мүмкүн. Мында жубайлар ага келишимде белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөп беришет.

Бала өлүү төрөлгөндө же болбосо карын эне менен келишим түзгөн адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берүү менен байланышкан кандайдыр бир материалдык чыгымдарды, ошондой эле эгерде сыйакы болсо - ал сумманы кайра талап кылууга акылары жок.

Карын эне төрөлгөн баланы аны менен келишим түзгөн жубайлардан башка эч кимге берүүгө акысы жок.

Карын эне баланы ата-энесине бергенден кийин ал балага карата бардык укуктарын жоготот. Андан кийин балага жана анын ата-энесине карата ар кандай аракеттери үчүн карын эне Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

19-статья. Жыныс клеткаларынын донорлору

Медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөн, соматикалык жана психикалык жактан ден соолугу таза 20дан 35 жашка чейинки курактагы жарандар жыныс клеткаларынын донорлору болууга укуктуу.

20-статья. Жасалма жол менен уруктандыруу

Жарандар зарыл болгон учурда жасалма жол менен уруктандыруу методдорун - инсеминацияны, эмбрионду имплантациялоону жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдалануу менен балалуу болуу укугуна ээ болушат.

Нике жашына толгон аял медициналык жагдайлар боюнча терс көрсөткүчтөрү болбогон учурда жасалма жол менен уруктандыруу укугуна ээ.

Жасалма жол менен уруктандыруу жубайлардын, болбосо никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мында оорунун өтө тукум куучулук ыктымалдуулугу билинген учурду кошпогондо, болочок баланын жынысын тандоого жол берилбейт.

Жасалма уруктандыруунун жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт.

Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донорду медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн жыйынтыктары, донордун тышкы сын-сыпаты жана улуту жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Тийиштүү маалыматтар медициналык кийлигишүүнү жүзөгө ашырган дарыгер тарабынан берилет.

Конкреттүү адамдын тукум улоосун кошпогондо, адам эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөржайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.

21-статья. Жыныс клеткаларын сактоо жана пайдалануу

Нике жашына толгон жарандар жыныс клеткаларын сактоо укугуна ээ болушат.

Адам өлгөндөн кийин тукум улоо максатында сактоодо турган анын жыныстык клеткаларын пайдалануу укугуна анын жакын туугандары (күйөөсү, аялы, апасы, атасы, бир тууган ага-ини, эже-сиңдилери) ээ болушат.

22-статья. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугу

Каалабаган кош бойлуулуктун ыктыярдуу алдын алуунун хирургиялык методун пайдалануу укугуна (хирургиялык стерилизациялоого) нике жашына толгон жана өзү үчүн репродукция маселесин чечкен жарандар ээ болушат.

Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алган учурда хирургиялык стерилизациялоо методу репродуктивдик функциясын аткарууга тоскоолдук кылган өтө оор ооруу менен ооруган жарандарга да колдонулушу мүмкүн.

Жарандар хирургиялык стерилизациялоонун кайра кайталанбай тургандыгы тууралу кабардар болуу укугуна, хирургиялык стерилизациялоодон баш тартуу укугуна ээ болушат.

Хирургиялык стерилизациялоону өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилизациялоону өткөрүү үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

Хирургиялык стерилизациялоо жарандын же саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарындагы алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

Хирургиялык стерилизациялоонун белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

4-глава
 Корутунду жоболор

 

23-статья. Жарандардын репродуктивдик укуктарынын сакталышын камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ишин каржылоо

Жарандардын репродуктивдик укуктарынын сакталышын камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ишин каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган дагы башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат.

24-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда жоопкерчилик тартышат.

25-статья. Зыяндын ордун толтуруу

Өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырган учурда жарандардын репродуктивдик ден соолугуна зыян келтирген учурларда күнөөлүү адамдар жабырлануучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө жана тартипте зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Зыяндын ордун толтуруу аталган адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

26-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 230-ст.);

- "Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 272-ст.).

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-жыл, № 10, 760-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К.Бакиев