Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 26-февралы № 16
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
              "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
         жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
                    жана өзгөртүү киргизүү тууралу
 
2008-жылдын 18-январында               Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган
 
     1-статья.
 
     "Жарандардын кайрылууларын  кароонун  тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын  Мыйзамына  ("Эркинтоо"   гезити,   2007-жылдын   22-майы)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
     1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар  менен  толук-
талсын:
     "6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;
     7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.".
     2. 7-статьяда:
     1-бөлүгүндөгү "жарандарды"  деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-
дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
     статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
     "7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар  кезексиз
кабыл алынуу укугуна ээ.".
     3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
     "6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган
кайрылууну карап  жаткан  жетекчи  же  адам  кайрылуунун  мањызын  жана
жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-
на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-
нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-
ныша албай калса,  кайрылууну андан ары кароо токтотулат,  бул  тууралу
арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.".
 
     2-статья.
 
     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 
     Кыргыз Республикасынын
          Президенти                                 К.Бакиев