Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 25-апрели N 65

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн (мындан ары - администрациялык-аймактык түзүлүш) түшүнүгүн, принциптерин, администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүүнүн тартибин, администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүдө жана жоюуда, алардын чегараларын аныктоодо жана өзгөртүүдө, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алуу жана каттоо маселелерин, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүшкө байланышкан башка маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү;

администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

калктуу конуштар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурулган шаарлар, шаар тибиндеги кыштактар, айылдар жана башка калктуу конуштар;

калктуу конуштардын категориялары - мыйзамда белгиленген белгилүү статуска ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктердин жыйындысы;

область - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу областтык маанидеги шаарлардын аймактарын, ошондой эле ушул областын аймагында жайгашкан райондордун аймактарын бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик;

район - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу, ушул райондун белгиленген чектеринде жайгашкан айылдарды, кыштактарды жана/же райондук маанидеги шаарларды бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик;

шаар - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар, ошондой эле шаар тибиндеги поселок түрүндөгү админстрациялык-аймактык бирдик;

айылдык округ - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу бир же бир нече айылдан турган администрациялык-аймактык бирдик;

шаар тибиндеги поселок (поселок) - бул аймагында экономикалык маанилүү объекттери (өнөржай ишканалары, курулуштар, темиржол станциялары ж.б.) жайгашкан, ошондой эле эгерде бул калктуу конуштар ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишсе, калкынын саны 2 миң адамдан кем эмес болсо, дарылык мааниге ээ жерлерде жайгашкан калктуу конуш;

айыл - ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуш.

2-берене. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн түшүнүгү

Администрациялык-аймактык түзүлүш - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркиндиктерин, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынын администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнүшү.

3-берене. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн негизги принциптери

Администрациялык-аймактык түзүлүш төмөнкү принциптерге негизделет:

Кыргыз Республикасынын аймагынын бирдиктүүлүгү жана ажыратылгыстыгы;

жалпы мамлекеттик кызыкчылыктар менен тийиштүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарынын шайкештиги;

мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чекараларынын чегинде жүзөгө ашыруусу;

администрациялык-аймактык бирдиктердин өнүгүүсүнүн тең салмактуулугу жана комплекстүүлүгү;

бир кыйла ири администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын курамына бир кыйла кичирээк администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын кошулуусу;

администрациялык-аймактык бирдиктердин укуктук статусун алардын багыттарына, жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлине жана башка факторлорго ылайык аныктоо;

администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин чечүүдө ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу.

4-берене. Администрациялык-аймактык бирдиктер

Администрациялык-аймактык бирдик мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары бир же бир нече калктуу конуштардын же башка калк отурукташпаган аймактардын чектеринде мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырган алардын аймактарынан турат.

Администрациялык-аймактык бирдиктерге:

область;

район;

шаар;

айылдык округ кирет.

Область - бул жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу областтык маанидеги шаарлардын аймактарын, ошондой эле ушул областын аймагында жайгашкан райондордун аймактарын бириктирген администрациялык-аймактык бирдик.

Район - бул жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу, ушул райондун белгиленген чектеринде жайгашкан айылдарды, кыштактарды жана/же райондук маанидеги шаарларды бириктирген администрациялык-аймактык бирдик.

Шаар - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар, ошондой эле шаар тибиндеги поселоктор түрүндөгү админстрациялык-аймактык бирдик.

Айылдык округ - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу бир же бир нече айылдан турган администрациялык-аймактык бирдик.

Тийиштүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын мейкиндиктик чектерин аныктоо максаттарында ар бир администрациялык-аймактык бирдик үчүн аталышы, чегарасы жана администрациялык борбору белгиленет.

Республикалык маанидеги шаарлардын аймагы жарандардын социалдык-маданий жана тиричиликтик керектөөлөрүн канааттандырууга, укук тартибин жана мыйзамдуулукту сактоого байланышкан чечимдердин аткарылышын ургалдуу уюштуруу максаттарында зарылдыгына жараша өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелбеген райондорго бөлүнөт.

5-берене. Калктуу конуштар

Жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргыз Республикасынын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү калктуу конуш болуп саналат.

Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт.

Шаардык калктуу конуштарга шаарлар (республикалык, областтык жана райондук маанидеги, шаар тибиндеги поселоктор), айылдыкка - алардын администрациялык баш ийүүсүнө карабастан, айылдар кирет.

Убактылуу маанидеги жана калкынын курамы туруктуу болбогон же кызматтык багыттагы объекттер болуп саналган, анча чоң эмес конуштар (токойчулардын үйлөрү, талаа стандар, метеостанциялар, жол оңдоочулардын үйлөрү, алыскы жайыттардагы чабан үйлөрү ж.у.с.), ошондой эле жалгыз үйлөр өз алдынча калктуу конуш болуп эсептелбейт жана чарбалык, администрациялык жана аймактык жактан байланышкан калктуу конуштардын эсебине киргизилет.

Калктуу конуштар жашаган калкынын санына жана өнүгүү деңгээлине, өндүрүшүнүн жана социалдык-маданий инфратүзүмүнүн адистештирилгенине жараша белгилүү категорияларга кирет.

Тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикти башкарууну жүзөгө ашыруу ыйгарым укугу берилген мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары жайгашкан калктуу конуштар администрациялык-аймактык бирдиктердин администрациялык борбору болуп саналат.

6-берене. Калктуу конуштардын категориялары

Мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ же өнүккөн өндүрүштүү жана социалдык инфратүзүмдүү, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон республикалык маанидеги администрациялык, экономикалык же маданий борбор болуп саналган калктуу конуш республикалык маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн. Мындай шаарлар да жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчө ыкмасы белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары башка калктуу конуштардагы жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан айырмаланышы ыктымал жана алардын мамлекеттик бийлик органдары менен мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот.

Республикалык маанидеги шаардын статусу мыйзам менен аныкталат.

Администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш областтык маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн.

Администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн.

Аймагында экономикалык маанилүү объекттер (өнөржай ишканалары, курулуштар, темиржол станциялары ж.б.) жайгашкан, ошондой эле эгерде бул калктуу конуштар ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишсе, калкынын саны 2 миң адамдан кем болбосо, дарылык мааниге ээ жерлерде жайгашкан калктуу конуштар шаар тибиндеги поселоктордун категориясына киргизилиши мүмкүн.

Өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана андан аркы экономикалык өсүшү жана калкынын саны көбөйүшү жакынкы келечекте боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар, шаар тибиндеги поселоктор категориясына киргизилиши мүмкүн.

Ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.

Өзгөчө учурларда алыс жана баруу кыйын болгон, калкынын саны аз конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн.

7-берене. Аймактык бирдиктер

Мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары түзүлбөгөн калктуу конуштар, ошондой эле пайдалануунун атайын режиминдеги аймактар (коруктар, улуттук парктар, заказниктер, тарыхый эстеликтердин жана жаратылыш эстеликтеринин аймактары, коргонуу маанисиндеги аймактар жана башкалар) аймактык бирдиктер болуп саналышат.

8-берене. Администрациялык-аймактык бирдиктерде аймактык өнүктүрүүнү пландоо

Администрациялык-аймактык бирдиктердин чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте, түзүлгөн социалдык, экономикалык, экологиялык, шаар куруу жана башка шарттарды комплекстүү эске алуунун негизинде калктуу конуштарды жана жалпы эле администрациялык-аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнү пландоо жүзөгө ашырылат.

2-глава
Администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

9-берене. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

Жогорку Кеңештин компетенциясына:

- администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү жана жоюу;

- алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу;

- администрациялык-аймактык бирдиктердин чегараларын белгилөө жана өзгөртүү;

- калктуу конуштардын категорияларын аныктоо;

- администрациялык-аймактык бирдиктердин аталыштарын жана кайра аталыштарын бекитүү кирет.

10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары

Өкмөт:

- Жогорку Кеңешке администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, калктуу конуштардын категорияларын, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарын жана кайра аталыштарын аныктоо тууралу сунуштарды киргизет;

- Жогорку Кеңешке калктуу конуштарды республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын категориясына киргизүү тууралу сунуштарды киргизет;

- Өкмөттүн алдында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссия түзөт;

- Өкмөттүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссиянын корутундуларынын негизинде тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелери боюнча сунуштарды киргизет.

11-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары

Областтын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы:

- тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, өкмөткө тийиштүү областтын чектеринде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, алардын аталыштарын жана кайра аталыштарын, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;

- ушул беренеге ылайык райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын сунуштарын карайт.

Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, областтын жергиликтүү мамлекеттик администрациясына тийиштүү райондун чектеринде админстрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, админстрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталышын жана кайра аталышын, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет.

12-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары

Жергиликтүү кеңештер:

- жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен өкмөткө тийешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун чектеринде админстрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, админстрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталышын жана кайра аталышын аныктоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;

- ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык областтын же райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына өз сунуштарын киргизет.

13-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн зарыл керектүү документтер жана материалдар

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн Өкмөт Жогорку Кеңешке:

- киргизилип жаткан сунуштун максатка ылайыктуулугунун тийиштүү негиздемесин жана сунуштамасын, өзгөртүлчү аймактын өлчөмү, ушул аймакта жашап жаткан калктын саны, негизги ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын тизмеги, алардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, ар биринде иштегендердин саны, жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын түзүмү жана штаттык саны, кайра уюштурууга байланыштуу алардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды, аталышынын жана кайра аталышынын маселелерин, ошондой эле маселени маңыздуу чечүү үчүн керектүү бардык башка маалыматтарды жана каралып жаткан маселе боюнча тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирлерин камтыган сунуштаманы; - администрациялык-аймактык бирдиктердин жаңы чегаралары, маселени маңыздуу чечүү үчүн мааниси бар башка географиялык маалыматтар көрсөтүлгөн схемалык картаны. Картага өкмөттүн өкүлү, ошондой эле аймакты кабыл алуучу жана өткөрүүчү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын жетекчилери кол коюшат, коюлган колдор мөөрлөр менен ырасталат;

- жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун илимий калысбаасынын жана экономикалык эсептөөлөрүнүн актысын тапшырат.

3-глава
Администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштарды атоо, кайра атоо, эсепке алуу жана каттоо

14-берене. Администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо

Администрациялык-аймактык бирдиктерди жана башка калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды, географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричиликтик жана башка шарттарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

15-берене. Администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды эсепке алуу жана каттоо, аларды эсептик маалыматтардан чыгаруу

Өзүнө бекитилген аймагы жана анда туруктуу жашаган калкы бар администрациялык-аймактык бирдиктер жана калктуу конуштар эсепке алынууга жана каттоого алынууга жатат.

Администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды эсепке алуу жана каттоого алуу, ошондой эле аларды эсептик маалыматтардан чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

Шаарлардын, кыштактардын же айылдардын курамына кошулган жана алардын бөлүгү болуп калган калктуу конуштар, ошондой эле тургундары кетип калган же жер которуп кетишкен конуштар өзалдынча администрациялык-аймактык бирдик статусун жоготушат жана эсептик маалыматтардан чыгарылып салынат.

Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алуу жана каттоо үчүн көрсөтүлүүчү документтердин тартиби жана тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталат.

16-берене. Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсеби

Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебин администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерин эсепке алуу маалыматтарынын негизинде мамлекеттик статистика органдары жүргүзүшөт.

17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 13-майында N 33 жарыяланды

Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып айылдык кеңештердин админстрациялык-аймактык бирдиктери айылдык округдардын админстрациялык-аймактык бирдиктери болуп эсептелсин.

Өкмөт бир айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

"Кыргыз ССРинин администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1981-жылдын 22-сентябрындагы N 1808-Х Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1981-ж., N 18, 151-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2008-жылдын 6-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган